АРСТАНБЕК

Замана ырын ырдайлы,
Илгеркинин санатын
Артыбызда сөз калсын,
Бирден терип сындайлы,
Сөз жакшысын ылгайлы.
Уламадан улаган,
Улуулар сөздү кураган.


Илгеркинин жакшысы,
Олуя сындуу бакшысы,
Өңү сары, көзү көк,
Орус чыгат деп айткан,
Узун чөптүн баарысын
Оруп чыгат деп айткан,
Кыска чөптүн баарысын
Коруп чыгат деп айткан.
Эки башын кайкайтып,
Кайык чыгат деп айткан.
Мейил кадыр болом деп,
Зайып чыгат деп айткан.
Калем алып кат жазган,
Безер чыгат деп айткан.
Калпты чындай сүйлөгөн,
Эсер чыгат деп айткан.
Акыр заман кишиси
Башка болот деп айткан.
Адеби жок сүйлөгөн,
Кашка болот деп айткан.
Конушу такыр, чөбү жок,
Ташка конот деп айткан.
Эгиндин нурку азайып,
Ачка болот деп айткан,
Акыр заман адамы –
Бакыл болот деп айткан,
Эгини өнүп, чөп чыкпай,
Такыр болот деп айткан.
Андан кийин замана
Акыр болот деп айткан.
Акыр заман адамы
Аалым болот деп айткан.
Аяттын сөзүн бек тутпай,
Заалым болот деп айткан.
Аганын тилин ини албай,
Жайыл болот деп айткан.
Капыр менен аралаш
Ошондо айыл конот деп айткан.
Замананын адамы
Молдо болот деп айткан,
Акыр заман жакындап,
Келип калды деп айткан.

Оо армандуу дүнүйө,
Булут минсең жетпейсиң,
Мурункунун наркына,
Буркурайсың түтүндөй,
Бул замандын артына.
Байыркынын мингени
Кылтылдаган ат болгон,
Кыргызга ким чак болгон?
Баатырлары көп болгон,
Байыркыга сөз болгон,
Кыраандары көп болгон,
Кылым арта сөз болгон.
Жомогу жолдо айтылган,
Жоругу жолдо камтылган.
“Манасын” айтып баптаган,
“Семетейин” септеген,
Анча-мынча ырчыны
Ашка-тойго келтирбей,
Ана-мына дедирбей,
Боз балдар эле эптеген.

Кыргыз кырда ырдаган,
Кыз-кыркыны сындаган,
Тоо башында ырдаган,
Топ карыя сындаган.
Ашка, тойго чакырып,
Аземдеп күлүк чабуучу.
Ырчылар чыгып ортого
Сөз гүлүгүн табуучу.
Мурункунун наркында
Казак, кыргыз калкында,
Миң жылкыда жорго жок,
Миң түтүндө молдо жок,
Кызыл кагаз пулу жок.
Эки бөлөк үйү жок,
Элүү башы бийи жок.
Араба менен чана жок,
Торпок менен тана жок,
Жасоол деген балаа жок,
Ыстарчын деген жалаа жок,
Набакты деген тамы жок,
Үйөз башы чоңу жок,
Болуш деген бийи жок,
Суу башында бекет жок,
Карагай башы зымы жок,
Кагаз жазар пезер жок,
Калп айтуучу эсер жок,
Нечен түрдүү кесел жок,
Шарият сөздү билбеген,
Адамды көзгө илбеген,
Орус деген осол жок,
Каары катуу каапыр жок,
Кайкалап баскан майыр жок,
Жасалоочу соту жок,
Жазаңды берчү оен жок,
Калктын болчу көңүлү ток.
Байырыда кыргыздын
Баласы бараң атчы эле,
Баракатта жатчы эле.
Кыздары кымкап кийчи эле,
Кылыгы журтка тийчи эле.
Не бир азаматтар бар эле,
Бала жолборс баштанган,
Кылычынан кан тамган,
Каңгайга чейин жол салган,
Не бир байбичелер бар эле,
Сарамжалы сан эле,
Салтанаты мол эле.
Эми баатырлары пас болду,
Балакет каапыр кас болду.
Кымкап кийген кыздардын
Тал-талдап өргөн чачтары,
Осмо койгон каштары
Түйдөктөлүп жүн болду.
Эндик жапкан беттери
Кызылы өчүп, боз болду,
Кыйын заман кез болду.
Каса элечек байбиче
Кара жоолук салынып,
Казан кармар күң болду.
Кайсы бирин айтайын,
Кадеми кетип кыргыздын
Кандай гана күн болду?
Кайран өткөн илгерки
Жарды-байы белгисиз,
Кунан-тайы мингисиз,
Кулу-бийи белгисиз,
Маңдайлашып жоону алган,
Таңдайлашып доону алган.
Эми жыты кетти жалбыздын,
Баасы кетти кундуздун,
Байымы кетти кыргыздын,
Барбардигер кудурет,
Пааналаган пендеңе
Кандай күндү туугуздуң?

Эми кайран заман куурулар,
Капыр менен мусулман
Камырдай болуп жуурулар.
Кайран гана кыргыздын
Кылычы кетер кынынан,
Кыздары кетер сынынан,
Келиндер кетер келбеттен,
Уландар кетер уяттан,
Катындар кетер наркынан,
Карылар кетер баркынан.
Эми заман бузулду,
Кыл жоргоң жоор ат болду,
Кыл торко тонуң бөз болду.
Мурункудан барк кетти,
Каада-нуска нарк кетти.
Кулалы болду болушуң,
Кыйын го кыргыз оңушуң.
Наркы кетти карынын,
Урматы кетти уулдун,
Кымбаты кетти кызыңдын,
Кыябы кетти узуңдун,
Кайран заман бузулдуң.
Кызыл-тазыл көчүң жок,
Кымкап кийген кызың жок,
Кылымга кетер сөзүң жок,
Кылычың чабар баатыр жок,
Оо армандуу дүнүйө,
Байыркыны ойлосом,
Байтерек түгүл, чырпык жок,
Байыр кылар бийиң жок,
Баш калкалар ийин жок,
Ынтымак курган айыл жок,
Ызаат кылар байың жок,
Карагайда чайыр жок,
Каран тутар жайың жок.
Айта берип эрте-кеч
Арстанбектин ичи чок.

Кыйытып айтар сөз келди,
Кыйын заман кез келди.
Бир күнү айтар солдат деп,
Колуңдагы балаңды
Колмо-кол мага кармат деп,
Анда кандай кыласың,
Ошондо чыгар жыласың.
Асты заман бузулду,
Беш убак намаз усулду,
Бейили менен окубай,
Пендең көрөр кусурду.
Азаматтан ал кетти,
Аргымактан жал кетти,
Адырга толгон мал кетти,
Айры өркөчтүү нар кетти,
Желе толгон бээ кетти,
Короодогу кой кетти,
Козу, улагы тең кетти,
Калың берип, кыз албай,
Каада-салтты буза албай,
Же колунда малы жок,
Кокуйлап жигит бой кетти.
Мындай заман кез келди,
Арстанбек айтар сөз келди.
Кокондуктун сарттары
Кокуй ишти баштады,
Кой көтөрүп, пул берип,
Эки кылып эсебин
Эсиңди жаман кетирди,
Чом минген сартың эсирди.
Байыры кыргыз көрбөгөн,
Пул жыйнаган эсерди.
Аргымак азып жооруду,
Азамат көөнү ооруду.
Күлүгүң азып жооруду,
Гүлдөй көңүл ооруду.
Боз балдарың муңайды,
Баштагыдай көркү жок,
Кыз-кыркының чунайды.
Оо армандуу дүнүйө,
Тоо-ташыңдын көркү жок,
Өөрүп жүрчү түлкү жок,
Өргө толгон мүлкү жок,
Күмүш кармар зергер жок,
Күлүк чабар эрлер жок.
Кайберен атар мерген жок,
Калк арасы бөксөрдү,
Арстанбек айтып теңселди.
Көркү кетти жериңдин,
Мүлкү кетти элиңдин,
Күлкүсү өчтү эриңдин.
Аргымак ат мине албай,
Алгы сөздөн биле албай,
Саны кетти жашыңдын,
Сыны кетти башыңдын,
Сыйы кетти ашыңдын.
Тар заман келди такымдап,
Заманың келди закымдап
Тайган иттей такымдап
Азапка калган кайран эл
Эми гана кайда жашындың?

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *