Аңгеме-жанытма

Ак калпагын баса кийип, калаанын өзгөргөнүнө таңыркай келаткан. Ананчы, өзгөрөт да, анда Прунзе эле, эми Бишкекпи, Быштакпы, иши кылып башкача болуптур. Болгону курусун – жазууларын түшүнбөйт. Машиналары да, кишилери да бөлөкчө болуп кетиптир.

«Күп!» Бир убакта ал суу түтүктөрүн алып өткөндөр текшерип туруу үчүн атайын койгон чуңкурчага – орого түшүп кетти. Өзү да билбей калды кантип түшүп алганын. Ушунчалык сасык экен – «фу!». Таштанды толтура, табактай гана жерден асман көрүнөт. Буердин асманы да башка, киргилт, суз.

Төбөдөн көз албайт, кимдир бирөө көрүп, чыгарар бекен дейт. Кашайып, киши келбейт. Бу чуңкур менен эчкимдин иши жоктой.

Бир убакта башына бирдеке тийди. Жумшак экен, үргүлөп отурган, ойгонуп кетти. Караса, топ. Орого тигиле тиктеген баланын башы көрүндү, ага бир нерсе деп айткыча ал бакырып жөнөдү. Анан эле бала апасын ээрчитип келди. Аялдын башы көрүнө электе сөзү угулду:

— Тентиген селсаяк, алкаш, баланын жүрөгүн түшүрүп!.. Бөтөлкөнүн түбүндө өлбөйсүңбү?!.

— Мен … ушинтип… ушинтип, — деп келатканда эле ажаан аял:

— Сотко берем! Тентиген! Түрмөдө чиритем! Сени элеби! – Аптаматын кое берген бойдон аялдын доошу сынды.

«Үх!» деп үшкүрүнүп койду орго түшүп кеткен киши.

Эртеси болду. Бир убак бирөөлөр шыбырт алдырбай жакындады. Беттеринен мурда шапкелери көрүндү. Биринин ошол кызыл шапкеси аны көздөй учуп түштү. Айбаны катуу шапке экен, туштап келип мээсин оёо койду, ошентсе да тил катты:

— Мени чыгарып койгулачы, байболгурлар?..

— Кимсиң?! Каяктан келгенсиң?! Уурусуңбу?!

— Мен… ушинтип… ушинтип…

— Паспортуң барбы?!

— Жок эле…

— Анда жашаган жериңен справка алып кел?!

— Чыгарып койгула, алып келем.

— Акчаң барбы?

Киши чөнтөгүн сыйпалады, кудай жалгап бар экен. Сүйүнүп кетти.

— Бар экен.

Тигилер күбүр-шыбыр болушту. Баштары көрүнбөй калды. Анан эле жип ыргытышты да, кыйкырышты:

— Чөнтөгүңдөгүлөрдүн баарын ушуга байла! – Кызыл шапкелердин сөзүн эки кылмак беле, чөнтөк-пөнтөгүн бүт аңтарып, дасормолуна пукталап байлап жиптин учуна илди. Тигилер тартып кетишти. Ородогу киши эми чыгарат деп күтүп калды.

— Эй, нашааң бар турбайбы, камаласың! – Асмандан катуу үн чыкты.

— Аның эмне?

— Макоолонбо! СИЗОдо билесиң эмне экенин! Өйдөсү «вышка», бержагы сегиз жыл, камдана бер, тууган!

— Ай, чыгарып койгулачы, үкалар? – Ородогу киши жалынып ийди, асмандан дасормолу каалгый түшүп, бетин жаап калды…

Күндөр өттү. Булдуруктап сүйлөгөн, көз айнегинин алкагы жарк-журк эткен бирөөлөр эле бир күнү анын оросуна баш багат. Алар кишини көрүп эле тилмечини чакыртты. Анысы суроо узатты:

— Эй, эмне жатасың?

— Мен… ушинтип… ушинтип… Чыгарып алгылачы, анан айтайын?

— Биз деген чыгарбайбыз. Биз чет өлкөлүк инвесторлорбуз. Сиз балким камакта жаткандырсыз?

— Ой, кайдагы камак! Келатып эле түшүп кеттим.

— Түшүп кетсең, анда англисче билесиңби?

— Аның эмнең?

— Рус тил знаешь?

— Да!

— Да болсо, жаз. Проект жаз! Сени ородон чыгарып алуунун проектисин жаз, сметасын түз, анан аны обосновать эт, ошоякта англисчеге которт, 8 нускада компьютерде бастыр, дискетин кошо бизге бүгүн түшкө чейин тапшыр!

— Ой мени ушул жерден чыгарып эле койгулачы, байболгурлар, башкасынын кереги жок.

— Биз деген конокпуз. Өлкөнүн ички ишине кийлигише албайбыз. Сени чыгарыш-коюш ал өлкөнүн ички иши. Андан көрө жакшылап проект жаз, о’кей! – Алтын алкак көз айнекчендер да көздөн кайым болду.

Түн кирди. Бирөөлөр ордун оозуна жакын келишти. Аял-эркектей көрүндү. Эми карайт деп үмүт кылды чуңкурдагы киши, карашпады. Уят сөздөрү чала-була угулду.

— Эй, үстүңөргө буудай толгур адамдар, ыракым кылгыла?!

Үндөн чочуп кеткен аял-эркек экөө тең обдула оронун ичине үңүлдү.

— Чыгарып койгулачы?! – Араңжан кыйкырды тереңден.

Бир убакта караңгы асмандан шуулдап бирдеке келаткансыды. Сүйүнүп кетти. Тартып алар жипти таштады го деп ойлонгончо маңдайына чалп этип былжыр нерсе жабышты. Маңдайы жарыла жаздады. Жабышкан нерсени үрүл-бүрүл жарыкка тосо берип араң көрдү, балдар майрамда үйлөп алчу шарбы деди, окшобойт, узунураак, мындайды көрбөптүр, шардын мүйүздөрү жүрөт, ичине түкүрүп-шилекейлеп коюшкандай.

Ошентип алар да кетип калышты.

Күндөрдүн биринде төрө попорос соргон папкачан бирөө көрүндү.

— Эй, эмне жатасың?

— Мен… ушинтип… ушинтип эле… түшүп кеттим.

— А жакшы болуптур! Биздин фирма ушинтип ор казып коет, терең казат, а сага окшогон башы жоктор түшүп кетет, жат эми, жата бер!

Орого түшүп кеткен киши жанталашып кыйкыра берди. Бир келин астейдил карады.

— Ой, кызым, ушу сен чыгарып койчу?

— Чыгармак элем ата, базарга шашып атам. Бүгүн «Дордойдон» оптом өтүк алып Сургутка кетип атам. Азыр убакыт жок, ата, келем, көп акча алып келем, карагай тарткан аркан сата келем, ошондо сизди чыгарып алам, сөзсүз, күтүңүз ата, чыгып кетпеңиз, күздө келем, күздө! — Келин доошу үзүлүп-үзүлүп өчтү.

Бир күнү дагы уйкудан ойгонсо, папке көтөрүп керсейген бирөө турат. Чочуп кетти. Төш чөнтөгүнөн кызыл күбөлүгүн ордун түпкүрүнө карай көрсөттү.

— Мамлекеттик салык инспекциясынанмын.

— Ой, чыгарып койчу?

— Эмне? Салыктан качтыңбы? Фамилияң ким? Кайсыл салык инспекциясында катталгансың?

— Ой, мен деген орого түшүп кеттим! -Салыкчы түпкүрдөгү кишинин сөзүн укпай эле, чөнтөгүнөн чогултма темирден жер өлчөгүчүн алып оронун узун, туурасын ченеп кирди.

— Та-ак, сиз канчадан бери буерде жашайсыз?

— Ой, көп болду. Кокус түшүп кетип эле…

— Көп болгондо канча?

— Билбей калдым. Күн санамай жок.

— Эмне аерде гезит жокпу?

— Жок.

— Телевизорчу?

— Жок. Буер деген оро.

— А-а, оробу? Буер деген мамлекеттик оро, демек, сиздин менчигиңиз эмес! А сиз ородо жашап, жан багып атасыз, туурабы? Жаныңыздан ысык суу өтөт, канализация өтөт, андан пайдаланасыз, туурабы?

— Туура, туура.

— Демек, сиз налог төлөшүңүз керек! Баса, канчадан бери жашап атам дейсиз?

— Билбейм! Билбей калдым.

— А канчага чыктыңыз?

— Алтымышка!

— Алтымышка, та-ак. — Салыкчы чөнтөк калькуляторун алды да, санап кирди. – Демек сиздин НДСиңиз 625 миллион эски рубль, 67 миң кыргыз сому, подоход налогуңуз 48 миң, суу, жер, жол салыктарыңыз 106 миң, ысык сууга 13 миң. Төрт күндөн калбай төлөңүз, биздин эсеп-кысап мына! — Жигит эңкейип бир кагаз ыргытты. Кетип калып кайра келди.

— Эй, налогоплательшик, азайтам десең, акырын өзүм менен сүйлөш, «пополам» кылабыз! — Кытмыр күлдү да, басып кетти.

— Хел-ло! — деди бир күн келген бир топ киши тосток көздөрүн, жайнаган каллаларын сунулта. – Биз жапон журналисттерибиз.

— Мени ородон тартып койгулачы, буудай толгурлар?

Микрофондор сунулду. Камералар тартып кирди. Фотоаппараттар жаркылдайт, чакылдайт.

— Биз болгону бир саат убактыңызды алабыз.

— Алгыла! Алгыла! Мен бошмун да! Сурай бергиле! Ушерден чыгарып эле койсоңор болду.

— Айтыңызчы, сиз азыр өзүңүздү кандай сезип атасыз?

— Жакшы! Эң жакшы! – Ородогу киши өчөшүп кыйкырды. Тигилер шашыла жазып кирди.

— Сизге жашаган жериңиз жагабы?

— Оо, абдан!

— Гуд! Гуд! Кыргыз туусунда күнкараманын тартылганы жапон-кыргыз боордоштугунун символу эмеспи?

— Ой, билбейм!

— Гуд! Гуд! Сизге ким окшош, жапондорбу, орустарбы?

— Жапондор! – Тигилер баары каткырып кол чаап ийишти.

— Баткен согушу кимдин айыбынан башталган?

— Менин! – Ородогу киши жини келип кетти. Тигилер коштошпой шашып жөнөп калышты.

Ородогу киши эми ыйлай берди. Көз жашы соолгуча ыйлады.

Бирөө байкап калды. Орого карады. Чачтары үрпөйгөн араккор экен.

— Аякта бош бөтөлкө жокпу?

Киши жан-жакабелин карады. Бөтөлкө сыныктары толтура.

— Бүтүнү жок.

— Мм… А сен эмне аерде жатасың?

— Түшүп кеттим.

— Кантип? Бөтөлкө издеп келаттың беле?

— Тартып алчы? Чыгарып койчу? Жок дегенде сен аячы мени?

— Буяка чыкканда эмне? Жата бер! Сеники жыргал, баш жазам менен ишиң жок. Ородон чыксаң эле эмне, буяк деле оро. Сеники кичине оро. Өзүң гана сыясың, сенден эч ким талашпайт. А буяк чоң оро, ошончо чоң оро болсо да адамдар батышпайт, сыгылышып-тыгылышып ит болушат. Мен ошон үчүн ичем.

— Эй чыгарып койчу, арак деле алып берейин?

— Чыгара албайм. Чыкпа. Андан көрө бирөө бош бөтөлкө ыргытса сындырбай тутуп ал да, кайра мага бер. Кой, кеттим, баш ооруду, «пахмел» кылайын. Хоп.

Дагы бир күнү кишилер ары-бери өтүп дүпүрөп калышты.

— Жапкыла! Жапкыла! – деп кыйкырды бирөө.

— Ой, адам бар экен мында! – Экинчиси төмөндү тигиле карады.

Анысы узун бойлуу, калдайган кара шляпа кийген орус экен, жалкоолоно күлө карап:

— Биздин шаарда мындай өңгүл-дөңгүлдөр, чуңкурлар, оро-соролор болбош керек, жакында шайлоо келатат, — деди да чөнтөк телефонунан бирөөгө каткыра күлдү. Анан ородогу кишиге карап:

— Артиссиңби?

— Жок.

— Бийчисиңби?

— Жок.

— Кикбоксер эмессиңби?

— Жок.

— Анда жата бер. Ме, караңгыда муну жагып тур, гумпомошь! – деди да бир ширеңке ыргытты.

Оронун оозун жаап жатып, бирөө төмөнгө кыйкырды:

— Тууган, караңгыда чыдап жатып тур. Он эле мүнөт, он мүнөт. Президентиби, премьериби, бири өтөт экен. Уят болбойлу. Сен эми эптеп чыда?

Ааламды караңгылык басты. Көп өтпөй машиналар чымын-куюн өткөндөй болду.

Оронун капкагын бирөө көтөрдү да, төмөн кыйкырды:

— Капкакты алып кеттик, президент өтүп бүттү, эми кайра кайтарда алып келип коебуз.

Ородогу киши ага унчукпады. Чыгарып ал деп да айтпады. Дагы бир күн тили чулдур дагы бирөөлөр келишти. Ородогу кишини көпкө тигилип турушту, чамасы өң-алеттен кетип, адамдыгы билинбей калганбы:

— О ушу жарайт! — деди. Анан бөтөлкө ыргытты. Ородогу аны сындырбай кармап калды.

— Ич! Ич! – дешти. Кандай ичишти, кандай сүйлөштү үйрөтүштү. Тигилер видеого тартып атышты. Эриндеринен куюлтуп пиво жутту, анан тамшана:

— Пивка попьем! – деп койду тигилердин үйрөткөнүн кайталап.

— Гуд! Гуд! – дешти өйдөдөгүлөр кол чаба. А ородогу киши рекламалык роликке тартылганын, эми аны саат сайын көрсөтөрүн билген жок. Тигилер акча таштап коюшту, буякта акчаңдын кимге кереги бар, же дүкөнү болбогондон кийин.

Бир күнү эле каракомок болуп жабалактаган сансыз көп бет ородогу кишини күндөн калкалап калышты.

— Биз деген партияларбыз! – дешти көпчүлүк бир ооздон. Киши унчукпады. Чынында партиясын түшүнгөн жок, партиядан коркчу, илгери коркуп калган.

— Эй, сен коммунистсиңби?

— Республикачысыңбы?

— Кы-Ды-Кесиңби?

— Социал-демократсыңбы? – Иши кылып билбеген сөздөрдү сурай беришти.

— Мен эч нерсе эмесмин! Орого түшүп кеткен кишимин. Кыргызбаймын! – Жаны чыга ачуулуу кыйкырды ал.

— Кайсыл партияны каалайсың? – Анан алар аарыдай ызылдап программаларын окуй башташты. Кызык экен, кызыгып калды. Өлө жакты. Ичи жылып:

— Ким мени ородон чыгарып койсо ошонуңарга өтөм!

Асмандан кагаздар жаады.

— Не кылам?                                                                                                                                                                                   — Кол кой! Кол кой! Колуңду эле кой!

Баарына кол кое берди. Өйдөдөгүлөр жөнөй башташты. Жан талаша кыйкырды:

— Менчи?! Мени чыгарып кеткиле?

— Жата тур, азырынча сенин керегиң жок! Жакында депутаттык шайлоо болот, президенттик шайлоо болот, ошондо керек болосуң! – Асмандагылар ашыгып кетип калды.

Күндөр өтүп, күүгүм аралаш бети таанылбаган, доошу корулдаган бирөө шырп алдырбай  пайда болду да, адегенде шыбырап үн катты:

— Гражданин, эмне жатасыз?

Жаткан киши тура калды, ушундан үмүт кылды:

— Мен ушинтип орого түшүп кеттим… Чыгарар киши жок…

— Ой, сакалың бар турбайбы?

— Ооба, сакал өсүп кетти. Жүн менен тырмак өсө берет экен…

— Шылдыңдаба! Мен деген ЭС-ЭН-БИнин полковниги болом.

— Аның эмнең?

— Эмнесин көрсөтөм сага, террорист-экстремист, вахабист! —                                        Ородогу киши тигинин сөзүн түшүнбөдү, урушуп атканын гана боолгоду.

— Баткенге басып киргениңер үчүн миңдегениңерди түрмөгө чиритебиз! Айтчы, кайсы террористтик уюмга мүчөсүң? «Аль-Жихаддансыңбы»? «Таллибандансыңбы»? «ИКЖПдансыңбы»? «ОТОдонсуңбу»? « Товбадансыңбы»? «Хизбут-Тахрирденсиңби»? Усама Бен Ладенди тааныйсыңбы? Жума Намангани тууганы эмеспи? Сен буерде улуу урматтуу Президентибизге террористтик акт жасаганы жатасыңбы? Кана куралың? — Ородогу киши коркуп кетип, чын эле куралым бар окшойт деп жан-жагын караштырды. Кудай жалгап, акыр-чикир, заң-паңдан башка эчтеке жок. Үстүндөгү күпүлдөк атып салат экен деп коркту, бирок ал аткан жок, баш бармагы менен мурдун басып ыйынды эле чимкириги атып чыгып, ородогу кишинин бетине жабышты. Дагы бир-эки жолу какырынып, жөтөлүп төбөдөгү киши бир жакка басып кетти.

Кой деп ойлоду ородогу киши, өйдөгө чыкпай эле коеюн, андан көрө бирөөлөр келсе аялымды чакыртайын, анан аны да орого түш дейин, экөөбүз ушул жерде балалап, Алтымышбай, Жетимишбайларды жаратып, көбөйө берели, бул жакка көнүп да калдым, ором да болсо – үйүм, үйүмбү, гөрүмбү, ушундан өтөөр жай ааламда калбай калыптыр.

Анан үнүн баарынча катуу кыйкырды:

— Эй, мени – Кыргызбайды, ородон чыгарбагыла!…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *