«Ханга сыйынган адам хан үчүн өлүп бергенге да, хандын түбүнө жеткенге да даяр».

Бернард ШОУ

Эстүүдөн экмет

Эл ыйгарган ысмы менен улуу инсан катары тарыхта калып, бүт дүйнө ызат кылган даанышмандар анча деле көп эмес. Бизге кеңири белгилүү болгон адамдардын ичинен үчөөнү айта кетсек жетиштүү. 2500 жыл илгери төрөлгөн ханзада Сиддхартха Гаутама азыр бизге Будда (чындыкты түшүнгөн) деген ысым менен белгилүү. Индиялык саясий ишмер Мохандас Ганди тарыхка Махатма (улуу жан, улуу рух) Ганди болуп келди. Үчүнчүсү Мустафа Кемал Ататүрк. Түрк атасы! Эл атасы! Оңой менен адамды ынандыра албаган мынчалык зор урматка татыктуу болуу мүмкүнбү? Ушул собол акыл менен сезимди жиреп турганы ачык. Цинизмге капталган бүгүнкү күңүрт заманда аны аңдабай кое албайсың. 

Бийликке кулдук уруп, куру даңаза, ченемсиз кошомат кылуу жагынан чыгыш элдери алдына эч кимди чыгарган эмес. Айрыкча мусулман өлкөлөрүндө өкүмдардын даражасын көкөлөтүүнүн түркүн түрлөрүн издеп, сабаттуу кошомат кылган малайлар аны таап да чыгышкан. Мусулман жамаатынын башчысы болгон халифти адегенде Мухаммед пайгамбардын орунбасары деген деңгээлге көтөрүп, кийинчерээк омеяддар заманында ага да ыраазы болбой, Раббинин (Алла тааланын) бул жалган дүйнөдөгү түздөн-түз орунбасары дегенге чейин барган. «Падышах худо эмас, худодон жудо эмас» деген жалган түшүнүк калың элге кылымдар бою таңууланып жүрүп, аң-сезимге сиңирилген.

Кызматка, жасалма урматка, наамга, сыйлыкка, белекке «татыктуу» болууга далбас ургандар – акындардан аалымдарга чейинкилер өкүмдардын алдынан өтүш үчүн бири-бирин жөөлөп, тепсеп, кызыл тилин бүлөп, падышаларды, хандарды ай менен күнгө теңеп, аларга өздөрүндө жок асыл сапат, бийик адамгерчилик, терең акыл, чексиз кудурет ыйгарып отуруп, натыйжада орточо эле жай адам да залкар инсан, элге теңир өзү тартуулаган таберик катары «кайрадан сыйкырдуу жаралып» чыга келген. Падыша болсо өзүнө карата айтылган апыртма мактоолорду улам уккан сайын акырындап ишенип, алардын чын-калпын айра албай, акыры өзүн теңдешсиз көсөм катары эсептеп калган. Анын ырын ырдагандар урмат-сыйга бөлөнсө да, бир жеринен жаза тайса, каарга учурап, курмандыкка чалынган. А эл болсо, чөйрөнүн кулу болуп, «эч нерсе көрбөгөн, эчтеке укпаган, эч кимге, эч нерсе айтпаган» момун, өкүмдардын айтканын эки кылбаган ооматоп бойдон кала берген.

Мындай кейиштүү абал чексиз бийлик, укуксуз алака, көзкаранды турмуш, сабатсыз коом алкагында кылымдар бою уланып келген. Андай абал бүгүн да айрым өлкөлөрдө өкүм сүрүп келатканын көрүп да, угуп да жүрөбүз.

А балким, Ататүрк да ушундай абалдын туундусу, өкүмдардын этегин өпкөн кулчулук менталитеттин натыйжасы болуп жүрбөсүн? Жок, анын жайы тап-такыр башка. Ататүрк көз жумгандан берки жарым кылым ашуун мезгил анын ким экенин, инсандык дидарын, элине өтөгөн кызматынын өлчөмүн да, наркын да даана көрсөттү. Муну мен бекеринен айтып отурганым жок. Ататүрктүн өмүрү, ал жашаган доордогу дүйнөлүк абал, Европадагы геосаясий бурулуштар менен бирге Осмон империясынын тарыхый тагдыры, Түрк Республикасынын жаралышын кайрадан эске салып, бир сыйра талдап көргөндөн кийин өз ойлорумду ортого салууга даап отурам.

Мустафа Кемал 1881-жылы Осмон империясына караштуу Македония жергесиндеги Салоник шаарында ортодон төмөн айлыгы бар кенже кызматкердин үйбүлөсүндө көз ачкан. Атасы Али Реза бажыда иштеп, турмушу оңолбой бизнеске өткөн. Бирок түрк бийлигине нааразы маанайдагы жергиликтүү гректер ишин жүргүзбөй, талоончулукка алып, акыры андан да сүрүп чыккан. Кызматынан эч өйдөлөй албай, соопчулук фондунда эптеп оокатын өткөргөн.

Апасы Зүбейда динге ишенген, такыба, табиятынан зээндүү болгону менен чаласабат, эптеп окуганды, жазганды араң үйрөнгөн экен. Уулун динге багыштап, Куранды жатка билген хафиз кылсам деген тилеги орундалбай, Мустафа ары-бери толгонуп жүрүп, акыры Осмон империясында туруктуу да, айлыгы да түзүк болгон аскерий мансапты тандап, анын ар бир баскычын басып өткөн. Көп тараптуу терең билим берген даңазалуу университетте окуган эмес.

Мустафа өмүр бою өзүнүн тек-жайын жашырган эмес. Аксөөк тукумунан болбогонуна арданып, кайнаса каны кошулбаган башка тектүүлөргө жармашууну өзүнүн табият тартуулаган жөндөмүн, жеке артыкчылыгын кордоо деп түшүнгөн.

Тополоң-тоздуу мезгил, эл тагдырындагы сейрек келе турган чукул бурулуш көп адамды сыноо элегинен өткөрүп, доордун талабына төп келгенин сууруп чыгып, анын алдына тарыхый вазипа коет. Аны аткарып, ишеничтүү актоо үчүн аалым болуштун деле кереги жок. Аны турмуш университетин бүткөн, эли дуушар болгон кыйынчылыкты өз башынан өткөрүп, ысыгына күйүп, суугуна тоңгон, проблемаларды сырттан эмес, ичинен, өзөгүнөн көрүп, анын себептерине көзү жеткен акыл-парасаттуу, кайраттуу, эл тагдырын жеке азгырыктардан жогору койгон инсан гана татыктуу чече билет. Ататүрк ошондой инсан болгон.ata

18-кылымдан баштап «Европанын бейтап адамы» деген атка конгон Осмон империясы барган сайын алдан-күчтөн тайып, ыдырап, акыры келип кулап калышынын нечен себептерин Ататүрк өз керт башынан өткөрүп, акылы менен талдап, жүрөгү менен туюп жүргөн. Ошондуктан ал көп кырдуу себептердин өзөгү – Түркиянын саясий түзүлүшү, экономикалык жана социалдык системасы эскиргенинде, билим менен маданият жагынан өнүккөн өлкөлөрдөн артта калганында, бир кезде энергиясы ташкындаган элдин рухий кайраты мокоп, майнапсыз эски каада-салтка байланып, көңдөй иллюзияга жетеленип, алдыга багыт бербей артка кылчактаткан керилик (регрессчил) аң-сезиминде экенин жакшы түшүнгөн. Батышты көрүп, чет элдиктер менен аралашып жүрүп, өз өлкөсүнүн мүчүлүштөрүнө, дүйнөлүк агымдан тышкары калганына көзү жеткен.

Далай ирет ыза да болгон, түрк өлкөсүн кайрадан куруп, элди үзүрлүү жолго салууга башын сайып, кыска өмүрүн бүт күрөшкө арнаган. Эгерде анын аскерий таланты, дипломатиялык чеберчилиги, алдын көрө билген кыраакылыгы болбогондо, элине ишенич берип, аны ээрчитип, койгон максатын аткарууга шыктандырган жөндөмү болбогондо, жүзүндө көңүл жылыткан жылдызы жанып турбаганда, керектүү кезде сак болуп, улуттун тагдыры кылга илинип калганда эч коркпой, устарадай курч, майтарылгыс кайрат көрсөтүп, элинин демине дем кошкон түркүк болуп бербегенде, түрк калкы азыр кандай абалда болот эле, аны эч ким болжой албайт.

Азыр ээлеп турган топурагынын канчасы башка өлкөлөргө өтүп, канчасы түрктөрдүн өз колуна тиер эле, аны да эчким билбейт. Европанын улуу державалары өтө маанилүү стратегиялык орунду ээлеп турган Осмон империясын кулатып, жиликтеп бөлүп алууну уктаса түшүндө, ойгонсо кыялында эңсешкен. Бирок мынчалык чоң олжону алар бири-биринен кызганып, жекече кол салууга даабай жүргөн, акыры олжонун тагдыры чечилчү ыңгайлуу мезгил-султан режими экинчи дүйнөлүк согушка олдоксон кирип, жеңилип калганда келген. Империя эле эмес, Түркия өзү да парчаланып, азыркыдан кыйла кичине өлкө болуп калышы толук мүмкүн болучу.

Бирок Ататүрк элин боштондук согуш майданына көтөрүп, өлкөсүн сактап калды. Бүгүнкү Түркия Республикасы Ататүрктүн чымырканып тынымсыз кылган аракетинин түздөн-түз натыйжасы, урпактарына калтырган баа жеткис мурасы. Муну Ататүрктүн эң маанилүү жеңиши десе болор. Өлкөнү сактап калгандан кийин ал экинчи, бирок биринчисинен өтө татаал максатты көздөгөн. Ал максат – түрк улутун калыптоо, өлкөнү жаңы доордун агымына ылайыктап өнүктүрүү, Европага багыт алдыруу максаты болчу. Кылымдар бою Чыгыштын, исламдын каада-салтына көнгөн элге таптакыр башка саясатка өткөрүү тозок иш эле. Аны Ататүрк жакшы түшүнгөн, бирок башка жол да жок эле. Ал цивилизация үчүн күрөшүбүздү аяктамайынча, Чыгыштан ажырап кол үзмөйүнчө өзүбүздү куткарып кете албайбыз деп эсептеген.

Чыгыштан кол үзүү деген – элди артка тарткан эски системаларды, көнүмүштү, жашоо нормаларын өзгөртүү, европалык алдыңкы маданиятты өздөштүрүү деген эле. Оболу саясий системаны өзгөртүш керек болду. Согуштан кийинки жаңы шартта султанат да, халифат да түрк элинин келечегине кызмат кылып бере алмак эмес. Халифтик бийик даражалуу титул болгондуктан кээ бир адам ага азгырылышы да мүмкүн эле. Ататүрк андай арзан даңазага жийиркенич менен карап, бул бийлик орундарын жойду да, өлкөгө республика системасын киргизип, динди мамлекеттен бөлүп, лайык (светский) коомго өтүүгө жетишти. Ататүрк атеист болгон эмес. Балким агностиктир. Исламга принциптүү каршы чыккан эмес.

Деген менен турмуштагы диндин оң таасирин да, залакасын да даана билгендиктен адеп-ахлак жагдайына тийбей, бирок саясий куралга айланып кетишине бөгөт койгон, прогресске кедерги болгон диний уюмдардын, бир тараптуу фанатиктердин үгүт-насаатын, аракеттерин кескин токтоткон. Панисламизм жана пантүркизм идеологиялык агымдары жаңы шартта түрк элине эч пайда алып келбей, тескерисинче, аны курулай иллюзияга алагды кыларына көзү жетип, алардан да баш тарткан.

Ататүрк түрк элин улут катары калыптап, улуттук өзтаанымын, патриоттук сезимин ойготууну көздөгөн. Мындай кенен стратегиялык вазипаны тарыхта биринчи болуп япондор гана 19-кылымдын ортосунда коюп, ишке ийгиликтүү ашырган.

Экономикалык саясатта да Ататүрк өз түшүнүгү, стратегиясы менен тактикасы болгон. Ачык маркеттин (рыноктун) маанисин башкалардан кем эмес деңгээлде түшүнсө да, өлкөдө экономикалык алакага мамлекеттик көзөмөлдү катуу коюп, биринчи иретте улуттук ишкерлердин аягына туруп кетишине көмөк берип, экономиканын пайдубалын ошолор түзүш керек деген ойдо болгон.

Ататүрк элинин алдына койгон зор вазипалардын бир канчасы ал тирүү кезинде, калганы кийинчерээк ишке ашты. Алардын жыйынтыгын көрүп отуруп, Ататүрктүн өзгөчө сапаттарына көңүл бөлбөй кое албайсың.

Турмушта билимдүү, акылдуу, тажрыйбалуу, кайраттуу, энергиялуу адамдар көп эле учурайт. Ататүрктө да бул сапаттар болгон, бирок анын артыкчылыгы башкада. Турмуш айлампасы аны Түркиянын өтө курч проблемалары менен жаш кезинен кагыштырып, намысын курчутуп, жүрөгүнө партриоттук чок салган. Ошол чок Ататүрктүн жүрөгү сокпой калганча алоолонуп, ага тынчтык бербей, улам бир жаңы аракетке түртүп турган. Бала кезинде Салоникиде башка улуттардын түрктөргө кылган мамилеси аны далай ойго салган. Кийин Софияда аскерий атташе болуп иштеп жүргөндө түрк офицерлерге болгарлар кыздарын ыраа көрбөйт деген сөздү угуп да ыза болгон.

Ататүрк өтө чечкиндүү болсо да ар нерсени алдын ала талдап, жети өлчөп бир кескен. Өзү универсалдуу билими болбогон менен адистердин пикирине кулак төшөп, аны тез илип алып, ишке ашырууга киришкен. Түндө кол коюлган буйруктарын эртеси дагы бир сергек көз менен карап, аны аткарууга жөнөтчү экен. Макулдашып чогуу чечилген маселени аткарбай же илең-салаң орундап койгондорду, көпчүлүктүн казынасына кол салгандарды эч аяган эмес.

Мамлекеттин, улуттун тагдырына байланыштуу маселелерде Ататүрк көпчүлүккө жага турган, элдин көңүлүн ала турган популисттик ишке барган эмес. Тескерисинче, көп учурда көнүмүш көзкарашка же массалык маанайга каршы келген иштерди жасаган. Эскичилик менен күрөшүүдө ал элди ээрчип кетпей, кайра ээрчитип, анын ыгын таап, керектүү мезгил менен ылайыктуу жерде чечкиндүү аракет кылган. Элинин артыкчылык сапаттары менен бирге өксүк көнүмүштөрүн, керилик аң-сезимин да жакшы билгендиктен, эмнеден кечип, эмнени колдоп, эмнени жаңыдан киргизүү керек дегенге келгенде ал бет алган жагынан кайткан эмес. Бүгүн бирди айтып, эртең башкача сүйлөгөн эмес.

Ататүрктүн бул сапаттарынан улам аны диктатор болгон дешет. Ал да туура, бирок анын өз себептери бар.

Ататүрккө чейин деле түрк коомунда эски режимди жаңылабаса өлкө огобетер чөгөлөй берет деп, европалык багыттагы реформа жүргүзүүгө аракет кылгандар көп эле болгон. «Танзимат» аттуу реформадан кийинчерээк (1876) жаңы Конституция жарыяланган. Бирок реформа ишке ашкан эмес. Султандын айланасы, чиновниктер, дин кызматкерлери ал жаңылыктарга каршы болуп, акыры аларды жокко чыгарып, житирип тынган.

Ошондуктан Ататүрк бул жолу же чечкиндүү реформа жасалат же түрк эли кайра эле баягы таз кейпин кийип калат дегендей жыйынтыкка келип, өз элин жаңы жолго күч менен чыгарган. Муну түшүнсө да, актаса да болот. Себеби, Ататүрк бийликти өзү үчүн, өзүнүн жек-жааты, жан-жөкөрлөрү үчүн пайдаланган эмес. Элинин муң-зарын, арманы менен арзуу тилегин акыл-жүрөгүнөн өткөрүп, улуттун ар-намысы үчүн азап-тозокко кайыл болуп, ок аралап, өрт кечип, ажал менен саат сайын беттешип жүрүп, керт башына кам көрүүгө убактысы деле, ниети деле болгон эмес.

Албетте, Ататүрк да адам. Адам болгон соң өзүнчө кемчиликтери болбой койбойт. Анда да пендечилик мүчүлүштөр болгон. Бирок алар бу инсандын эл тагдырын өзгөрткөн укмуш улуу иштеринин жанында көзгө көрүнбөй калат. Бу да болсо жетекчи адамдардын кылган ишинин натыйжасына байланыштуу. Кээ биринин артында даңаза калат, сый калат, кээ биринин артында каргыш калат, ый калат. Арийне, Ататүрктүн жасагандарын биз ал жасагандай жасай албайбыз, андай жасоонун кереги да жок. Себеби, мезгил башка, шарт башка. Ошондой болсо да Кемалдын өзгөрүштөрүн үйрөнүү, салыштырып көрүү пайдадан башка зыян кылбайт.

Ишенбай АБДУРАЗАКОВ 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *