Аңгеме

Кыш чилдеси эле. Нарында «түү» деген түкүрүк жерге түшпөй музга айланып турган.

Айтылуу «Долон» ашуусун өрдөгөндөн эле түнкү автобустун ичиндеги магдыраткан жылуулук суугансып, Керээздин бутунун баштары чымырап үшүй баштады. Дагы эки саатча жүрүшсө, вокзалга жетип калышат. Бираз таң атаарын күтүп отура турса, айылга кетчү таксилер келет. Анан уулуна жетет. «Кара жаным ий, кандай болуп калды экен» деп ичинен жалынып, жалбарып алат. Эки жарым жылдан бери көрө элек. Андан бери баласы бир күн да оюнан кеткен жок. Эки жарым жыл, эки жарым кылымдай эле болду. Энесинен ажыраарын туйгансып, ошо күнү көзү жабышып жатса да уктабай, эмчектин үрпүн бекем тиштеп, өзүнүкүнө окшош узун кирпиктүү көздөрү менен телмире тиктеп, улутунганычы.

Машинага отурганча уулу менен коштошкон бөлмөнүн кичинекей форточкасынан чыңырып чыккан үнү, ааламды астын-үстүн кылгансып, күнү бүгүнкүдөй кулагына жаңырып турат. Келиндин не жүрөгү, не эмчеги экени белгисиз, көкүрөгү туташ сайгылашып, кандайдыр бир жагымсыз сезим дене боюн аралап өттү.

Канчайым байбиченин жалгыз кызынан калган керээзи Керээз керилген татынакай кыз болуп чоңойду. Окуусун да жакшы окуп, мектептин «активисткасы» аталып жүрдү. 11-классты бүтүрүп, Бишкекке Манас Университетине тапшырмак болуп камынып жатканда аны өзүнөн төрт жаш улуу Мухтар аттуу жигит алакачып кетти. Бул мындан алты жыл мурда болгон окуя эле. Артынан кууп келген тайяке, таажеңелери: «Эми окуу бүтүп келген татынакай эле жигит экен. Ата-энеси кадыр сыйлуу адамдар экен. Бардары жакшы турушат экен. Булардын каргыш-илгиши деген да болот. Отуруп эле кал, багыңдан көрөрсүң. Окутуп алабыз деп жатышпайбы, кечке долулана бербе!» дешип, ой-боюна койбой отургузуп, кийитин кийип, «ачуу басарын» алып кудуңдап кете беришкен. Кечикпей эле боюна болуп, маалына жетип Арсланы төрөлдү.

Бала тамтуң басып калган кезде кошуна келин келип, Керээзге бир суук кабар угузду. Анын айтымында, Мухтар айылдын кеңсесинде өзү менен бирге иштеген кара далы кыз менен жүрүп, анысынын боюна болуп калган имиш. Мындай шумдукту күтпөгөн жаш келиндин заманасы куурулуп, жанын коерго жер таппай кайсалап калды.

Кечинде төркүлөп кеткен кайненеси келет. Эки көзү тоодой болгончо ыйлаган келининен окуянын чоо жайын угат. Анан биринчи угуп жаткандай түр көрсөтүп, Керээзге мунун баары тиги анын күйөөсүн сүйүп, бирок жетпей калган кошуна келиндин ойлоп тапкандары экенин айтып ынандырат. Акыры Мухтар чындыкты Керээзге өзү айтат: «Сен экөөбүз ажырашабыз, ушундай болуп калды. Тигиге үйлөнбөсөм, депутат агасы мени түрмөнүн түбүндө чиритет. Сен мени сүйгөн эмессиң, мен сени алакачып алгам. ЗАГСыга каттала элекпиз, баланы өзүм чоңойтом. Сен да өз бактыңды тап». Ушундан кийин Керээз менен Мухтардын ата-энеси ары кетип, бери кетип, Мухтардын тукуму Арслан атасы менен калмак болот.

Мына эми, диплом алып, үйлүү болгондон кийин баланы келишүү жолу менен алууга сүйлөшкөнү бараткандагысы. Мындай кеңешти бир кезде өзү юриспруденциядан сабак алган сүйүктүү эжейи берген. Макул болушпаса, сот аркылуу аракет кылышмак.

Керээздин баланы алганы келатканы жөнүндө кабар айылга кечээ эле жеткен. Жусуп ата таңдан бери жанын коерго жер таппай, ээгиндеги суйдаң сакалын кайра-кайра имерип, чоң санаага түшкөн. Бир эсе жандай көргөн небересин «энесине эле берип салсамбы» деп да кетет. Эртең менен чай үстүндө уулуна:

– Ээ-эй, тигинин энеси келатат экен, алып кетем деп. Эмне кыласың?..

– Келип эле көрсүн!.. – деп тура качкан.

Андан акыл калчаган мунаса сөздү күткөн деле эмес. Кемпири каза болгондон бери көзү мындай болсо эле бу келин небересин какыс-кукус кылып жиберет. Анысы да кенжелерин ыркыратып, чыркыратып суу куйду тентек чыкты. Тилинин таттуусун айтпа, аталап артынан калбайт, эмнени кармаса кошо кармалап, жанында жүрөт, койнуна жатат. Мындан ажыраса эле күнү каран болчудай.

«Таак, Керээз Бишкектен бүгүн чыгып, Нарынга жетип эжесиникине консо, эртең эрте келип калат. Өзү жалгыз келбес, милийса-силийсасын ала келер бекен же баягы жулкунган таяке-таажеңеси менен келеби? Же өзү эле келеби? Эмне кылсам, баланы алып, өйүзгө Бакыныкына (кичүү уулунукуна) качсамбы? Балким Керээз жөн эле учурашканы… Жо-ок! Кеткен келин учурашканы келмек беле, балага келатат…» – Ушул жерден Жусуптун ичинде кара шайтан ойноду. Ордунан ыргып туруп, эшикке атып чыкты. Гаражды ачып, күздөн бери айдала элек жигулисин от алдырууга киришти. Тоңуп калыптыр, радиаторуна кайнак суу куюп, пояльный лампа менен аяк-биягын кактап, эки саатка чамалуу асылып атып от алдырды. Аңгыча уйкусу канып тура калган Акусу да топоюп жанына келе калды:

– Ата, кайда баябыш, коноко баябшбы?

– Ооба, конокко барабыз. Бас… үйгө кирип, жаңы сапошкаңды, курткаңды кий.

Кышкы күн бат эле батып, иңир кирип келаткан. Эртең менен асман чайыттай ачык болчу. Эми түнөрүп, ырайын бузуп калыптыр. Жусуп шаша-буша ичигин көтөрүп, түлкү тебетейин баса кийип, баласын жанына отургузуп, короодон чыкканда батыш тараптан жаңы кардын какаары келатты.

Эски машиненин печкасы эчак иштен чыккан, айнек тазалагыч да тоңуптур. Кар бурганагынан жолдун нугу араң көрүнөт. Жол жүргөндөрүнө жарым сааттай болду. Баламды үшүтүп албагай элем деп кыйпычыктайт. Мынабу бет алдыда турган бөксө тоону ашса эле уулунукуна кирип барат. Белге чыга бергенде айылдын түнкү алсыз жарыктары ар кай жерден жылт-жулт көрүнө калат. Аңгыча улуп-уңшуп, тайгаланып-туйгаланып араң тартып бараткан машиненин мотору аптыгып барып өчтү. Тормосту житире тээп, кайра-кайра от алдырып көрдү, от алган жок. Кол тормосту тарта калып, шаша-буша жерге түшкөн карыя кар чапчып жүрүп эки тоголок таш таап, машинени октос бердирбеске арткы эки дөңгөлөккө такады. Капотун ачып, бензин соргучун текшерип, карбюратор, аккумулятор, радиятор дегендерин карап, кармалап-сермелеп дагы далай аракетин кылды. Бирок машине от албады. Канча убакыт алпурушканын ким билсин, баласы үшүп, бүрүшүп-чүрүшүп, бутун каккылап ыйлактай баштады:

– Папам түйтшө эле от алып кетмек. Эмне аны ала кеткен жокшуң? Эми ач кайышкый келше кантебиш? – деп уруша баштады.

Жусуптун жүрөгү опкоолжуп, эмне кыларын билбей алдастап калды. Анын бир эле үмүтү – кан жол эмеспи, бирөө жарым келип калар дегенде турду. Кашайып дегеле бир караан көрүнбөйт. Уулун койнуна катып, бир топ отургандан кийин, эсине бир нерсе кылт эткенде:

– Ии-ий, баса, отура турчу балам! – Машинеден ыргып чыкты.

Арткы дөңгөлөктөрдөгү таштарды тээп чыгарып, шаша-буша тормозду ажыратып, артка жылганда зажигателди кошуп от алдырып көрмөй болду. Турган ордунда таш болуп уюп калгандай, эңкейиште турса да машине ордунан жылган жок. Эми эмне кылат?.. Айласы куруган карыя баланы жонуна, ичиктин ичине көтөрүп, жөө жөнөмөк болду. Кар бурганагы орой чалып, көз ачырбайт. Демигип-самыгып кырга чыгышканда, баягы жылтылдаган жарыктар да көрүнбөй калыптыр. Жонундагы баласы:

– Атаа-а, муйдум, бетим ооюп кеттиии, кокатаам, машнеге кетейичи, – деп бакыра баштады.

Бул кебетелери менен адашып, чындап эле карышкырга жем болуудан коркту Жусуп карыя. Дароо артка тартты. Кар малтап, карыш жердеги машинени таппай дагы бир топко буйдалышты. Эшигин чала жаап кетпесе, анык талаада калышмак окшойт. Машиненинн ичи бурганактан калканч болгону менен эшиктегиден айырмасы жок суук эле. Калтырап-титиреп ыйлаган баласын сооротумуш болгону менен өзү деле ыйлай турган абалда. Карандай какшаган суук бети-колун кайырат.

Таң атканча көп бар, кантип да болсо баласын тоңдурбай калуунун амалын ойлоно баштады. Ширенкеси болсо мынабу отургучтардын кабын алып чыгып, «костер» жагышат эле. Ал түгөнсө, дөңгөлөктөрдү жага башташмак. Эми үстүндөгү ичигине ишенгенден башка аргасы калбады. Анан тынымсыз кыймылдаганга аракет кылыш керек. Баласы экөөнө «бокус» оюнун баштады, бир топко чейин бокусташып, мушташып жылыгансып калышты. Бирок буттары сезбей баратат. Уктайм деген баласын койнуна катып, ичигинин өңүрү мене орой кучактап, буттарын каккылап, бешик ырын ырдады. Баласы бат эле бышылдап уктап калгансыды. «Атаң айланып кетсин сенден, айланып кетсин. Кудайым бар, аман калаарбыз, таң супа салайын деп калды. Бирөө жарым келип калар»…

Дегени менен ичинен калтырак басып, жаны көшүп, көздөрү жабышып баратты. Уйку-соо ортосунда «суук уктатып алат» деген эскилердин кеби эсине келди. Обдулуп, ойгоноюн деди, бирок таттуу уктап калгансыган баласын козгогусу келген жок.

Эсенгул каникулга келген кызын Бишкектин таксисине салганы Нивасын айдап эртелеп жолго чыккан. Бөлтөктүн белин эңкейгенде эле кар баскан жигулини көрдү. Өзүнүн машинеси да калың карды жиреп араң келаткан. Жанынан өтө бергенде караса, руль жагында адам көрүнбөйт. Арткы эшиктин айнегинин жарымын кар басып калыптыр. Алды-артында адам изи деле байкалбайт. Андан ары бара түшүп, кескин тормуз баскан Эсенгулдун жүрөгү бир жамандыкты туйгандай түпөйүл боло түштү.

Көзүң жамандыкты көрбөсүн, арткы орундукта отурган суйдаң сакал кишинин кебетесинде тирүүлүктүн белгиси байкалбайт. Алдында бала бар окшойт, тор топунун төбөсү көрүнөт. Эшикти тартты эле, ачыла турган эмес. Айнекти катуу каккылады, тигилерде кыймыл жок. «Тоңуп өлүшүптүр» деген ой үрөйүн учурду. Бул жер кышкысын ушундай опурталдуу, машине чыкпай калат.

Эсенгул райборборго кабар айтып келгенден кийин туугандары, доктуру, милийсасы болуп бат эле айтылган жерге жетип барышты. Ың-жың жаны бар баланы ооруканага жеткирип, жан таслим болуп отурган бойдон таштай каткан карыянын денесин үйүнө алып барып, ызы-чуу түшүп калышты.

Эшигинин алдына бозүй тигиле баштаган үйгө батынып кирип баралбай турган Керээзге бул жолку суук кабарды да баягы эле кошуна келин угузду. Керээз дароо ооруканага чуркады. Бала жандандыруу бөлүмүндө экен. «Мен мамасымын» десе да киргизбей жатышып, акыры башкы дарыгердин уруксаты менен киргизмек болушту. Өзүнө аялуу тигилген көздөрдөн өзөгү өрттөнүп, баласы жаткан жерге араң жетти келин. Койканы тегеректегендер мындай боло беришти.

– Баламм-м! Арсланчик?! Эмне болду сага, берекем-мм!

Арсландын эти от менен жалын болуп, жөөлүп чабалактап жаткан экен.

– Мамаа-а! – деди кыңылдай энесинин үнүн таанып, көзүн ачпаган бойдон. Колтугу көтөрүлгөнү менен чыканактан ылдый кара көк тарткан колдору көтөрүлгөн жок, эки буту да көгөрүп бир башкача. Баласына боюн таштап, ботосунан айрылган боз ингендей боздоп жиберди Керээз. Бышактаган медайымдар анестезиологдун ишараты менен келинди эки колтугунан сүйөй кармап далиске алып чыгышты.

Жан бөлөк болсо да ичтен кан өткөргөн кайгыга түтөт экен го адам баласы. Керээз бир айдан бери ооруканада баласынын жанында. Өзү болжогондой эле Арсландын үшүк алган колу менен бутун «ампутатция» кылышкан. Эки күндөн бери тезирээк бүтөт деп, бинттерин алып коюп жатышат. Кичине эле көңүлү ачыла калса:

– Мама, менин коюм менен бутум качан өшөт эми? Доктуй айтпады бейе, бат эле өшөт дебеди бейе… – Бала муну дамамат сурайт.

– Айтса, өсөт, чыдай тур… – дейт эне кургур түгөбөгөн көз жашын көрсөтпөй сыдырып. Анын көңүлүндө болсо дайыма: «Арсландын убалына ким калды?» деген суроо турат. Эч кимди укпай туруп, ошондо эле ала кетпей баласынын убалына өзү калдыбы?! Же бузулган аялдын капканына түшкөн Мухтар калдыбы убалга? Же түркөйлөнүп түн ичинде бузук машине менен жолго чыккан кайнатасы калдыбы?..

Арсландын врачы кезектеги обходго кирди:

– Ии, Арслан баатыр, иш кандай? Түндө кандай уктадың, мамаңды кыйнаган жоксуңбу? –деди бажаңдай. Арслан колу-бутун карматпай, бир топко мурчуюп, анан барып:

– Менин койумду, буттайымды кешип шайып, өшүңөй койу бутуңай менен жүйөшүнөйбү? – деди көздөрүнүн жашын каканактатып.

Врач баладан демейки суроону күтсө дагы, мындай кескин дооматты күткөн эмес. Саамга мукактана калып:

– Арслан! – деди кайраттана, чоң киши менен сүйлөшүп жаткансып олуттуу, – илим өнүгүп жатат, буюрса, сен жакынкы жылдарда ысыкка да, суукка да күйбөгөн, чыдамдуу латундан жасалган буту-колдуу болосуң. Алар сенин каалаганыңдын бардыгын аткара алышат. А балким, жакында адамдын бардык органдарын трансплантациялоого мүмкүнчүлүк алабыз…

Врачтын жообуна түшүнүп койгондой, баланын көздөрүнөн кубанычтын учкундары чачырап жандана түштү.

– Уктуңушбу? –деди көз жашы жүзүн жууп жаткан мамасына мээримин чача, мулуйган колдорун сунуп.

Эне-бала көпкө кучакташты.

Гүлмайрам СААЛАЕВА  

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *