Татар жомогу

Күнү да, түнү да үч кызын кем-каржы кылбай өстүргөн мээнеткеч эне болуптур. Анын ай десе айдай, күн десе күндөй ажарлуу үч кызы бирине бири чабалекейдей окшошуп, тез эле бойго жетет. Кийин биринин артынан бири турмушка кетет.

Далай жылдан кийин алардын энеси картайып, катуу дартка кабылат. Анан ал бир күнү өзүнүн жакын курбусундай сары тыйын чычканды үч кызына жөнөтмөк болот:

– Курдашым, абалымды көрүп атасың, кыздарым мага тезинен келсин.

Энесинин оору абалын уккан улуу кызы:

– Ай-иий, жан дилим менен барат элем, бирок мынабул эки чылапчынымды тазалай коюшум керек, – дейт.

– Эки чылапчын сага энеден да кымбат болуп калса, ылайым ошол чылапчындарың менен жабышып жүрүп өт! – деп тыйын чычкан ачууланары менен эки чылапчын үстөлдөн кулап түшөт. Анын бири кыздын жонуна; бири бооруна жабышып, кыздардын улуусу чоң таш бакага айланып калат.tri-sestry-skazka-39

Тыйын чычкан кемпирдин экинчи кызынын келет.

– Кап, ай-е! Барат элем, бирок колум бошобой атат, көрсөтмөгө алып барганы сайма сайып отурдум эле.

Тыйын чычкан:

– Ылайым эле жаның тынбай, өмүр бою саймаңды сайып отура бер, – деп айтаары менен экинчи кызы желеге айланып калат.

Тыйын чычкан кемпирдин үчүнчү кызынын каалгасын какса, ал камыр жууруп аткан болот. Бирок ал кабарды угары менен эч сөз айтпайт. Колун да тазалабастан, энесине барууга шашылганына ыраазы болгон тыйын чычкан:

– Айланып кетейиним, ылайым ушиндай жароокер бол. Ошондо сенин балдарыңа, неберелериңе чейин көп адамдардын алкышы тиет. Өмүрүң узун болсун! – дептир.img_07

Айткандай эле кемпирдин үчүнчү кызы көпкө жашап, ага элдин баары урмат-сый кылчу экен. Кийин картайып, көз жумарында бакма аарыга айланып кетет.

Ал аары дайыма жайлы жайлай күн сайын асел жыйнап, кышкысын жылуу уясында уктайт. А ойгонсо, алдында асел менен шекер дайыма даяр турат. Ал эми мындай кыштын суугунан аарыдан башка жандыктын көбү тоңуп өлүшөт экен.

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *