Жапон жомогу

Илгерки заманда калаада жашаган бир жуучу болуптур. Ал керээлдин кечке уулуна колукту издечү экен. Бир курдай ал отуз беш жаштагы уулу үчүн он беш жаштагы кызга жуучу түшүп барат. Барганда да уулунун жаш курагын жашырганычы. Бирок көп өтпөй эле кыздын ата-энеси күйөөнүн картаң экендигин угуп калышат.

– Кызыбызды эч качан картаң күйөөгө бербейбиз, экөөнүн жаш курагынын айырмасы жыйырма жаш болуп атса, карасаң шумпайды, – дешет.

Жуучу эмне кылалмак? Казыга[1] даттанмай болот. Казы эки тарапты тең чакыртып, кыздын ата-энесине кайрылат:

– Өзүңөр башында сөз берипсиңер, а эми не шылтоо менен айтканыңардан баш тартасыңар?

– Жуучу бизди алдаптыр. Күйөө болчу неме кызыбыздан жыйырма жашка улуу экен: ошондуктан макул эмеспиз. Эч болбосо жашы эки эсе улуу болсо, мейли деп кызыбызды бермекпиз.

– Макул, силер каалагандай болсун. Анда кызыңарды беш жылдан кийин бергиле, ага чейин болочок күйөө күтүп турууга милдеттүү. Ал убакта ал кыркка, кызыңар жыйырмага чыгып калат. Ошондо күйөө балаңар кызыңардан тупа-туура эки эсе улуу болот.

Казы минтип чечкен соң, эки тарап тең кечирим сурашып чыгып кетишет. Чындыгында бу акылдуу чечим да!

Көк тамырлуу көчөт

Кожоюн бир жактан көк тамырлуу көчөт алып келип бакчасына отургузуп коёт. Анысы эң сейрек кездешүүчү өсүмдүк түрү болуптур. Кожоюн аны күнүгө бапестеп өзү сугарчу экен. Бирок анын бир жакка барып келер иши чыгат. Бир жумага. Анан ал үй кызматчысын чакырып айтып турганы:

– Мынабул көчөттү жакшылап кара, көзүңдү ачып. Күнүгө сугар. Эң башкысы – кошуналардын бейбаш балдары ордунан козгоп же тебелеп коюшпасын.

– Жарайт, – дейт үй кызматчы, – кадырыңыз жам болсун кожоюн.

Кожоюн кетет бейкапар. Бир жумадан кийин келип, бакчасын көргөнү жөнөйт. Көчөт ордунда турганы менен таптакыр соолугансып шөлбүрөп калганын байкайт.

– Эй, сен муну сугарбаган окшойсуң? – кожоюндун ачуусу мурдунун учуна чыгат.foto4

– Жок, сугардым, кудум сиз айткандай. Карап аттым, көзүмдү алганым жок, – дейт үй кызматчы. – Мен таңатпай балконго чыгып, каш карайган күүгүмгө чейин карап аттым. А караңгы киргенде, көчөттү жулуп үйгө алып кирип, жашикке жашырып коюп жүрдүм, – дептир.

Кыргызчалаган О.ШАКИР

[1] Казы – сот.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *