Каныбек ИМАНАЛИЕВ

Аңгеме

Ар шаршемби күнү экинчи сабактан кийинки чоң танаписте мектептин адаттагы «линейкасы» болор эле. Аны тарбия завучу Күкүн эжей өткөзүп, окуу, тазалык, тарбия боюнча жума жыйынтыгы чыгарылчу. Алдын ала дүйшөмбү күнү эле эжейибиз тазалык сектору менен бирдикте ич кийимдерди текшерип, кимден канча бит чыкса, фамилиясы окулуп, алар «линейкага» чыгарылып, катарга тизилген окуучулар алдында уяткарылчу.

Бүгүн да баягы эле фамилиялар:

— Туралиев Канжар, 5-«б» класс, үч бит, эки сирке, Туралиева Дамира 9-класс,  эки бит, Туралиев Тайырбек 7-класс, алты бит, бир сирке.

— Молтоев Мирбек 6-«а» класс, эки бит, үч сирке, Молтоева Анара 8-класс, бир бит.

– Кадыровдор баары биригип он үч бит, төрт сирке.

Биттердин эле саны өзгөрбөсө баягы эле фамилиялар кайра окулду. Күкүн эжебиз баарын эки кадам алдыга чыгарып бир сыйра катуу тилдеди. Биз «линейка» бүткөнчө шаштык.

Ал ортодо классташ кызыбыз Анара агасы Германияда аскерде кызмат өтөп келген Жыпарадан оозундагы сагызын эки күнгө чайнап берейин деп карызга сурап жатты.

Чыныбек болсо тапшырма жазган орус тил дептерин унутуп коюптурмун деп үйүнө кеткен. Танаписте кар менен урушуп ойноп азыр эле класска кирип, орус тил эжейибизди күтүп отурганбыз.

Бир колуна көк дептерин, бир колуна ортосу кесилген чоң боорсок көтөрүп, оозу чала маймаңдаган Чыныбек класска шашып кирип келип эле:

— Энең… Ит атарлар келип, дүкөндүн жанына токтошту, — деди.

— Кана, жаныңды жебечи, — деп Сыргак обдулуп сурады.

— Өлүп кетейин, Кожондукундай машине менен келип дүкөндүн жанына токтоп, мылтыктарын октоп атышат.

Сыргак, Азамат болуп бир далай классташтарыбыз сыртты көздөй дуу коюшту. Класста жалаң кыздар, анан кыздай жоош Салмоорбек калды. Мен да кетейин дедим, бирок мугалимдин баласы болгондуктан анте албадым.

Аңгыча эле тык-тык басып орус тили эжейибиз кирип келди. Класста жарым-жартылай парталар бош экенин көрүп:

— Где остальные ребята? – дегенде Анара аттуу тазалык активист классташыбыз:

— Ит атарлар келип ошоякка кетишти, — деп жооп берди.

— Причем здесь «ит атарлар», кто они такие?

– Байланбай бош жүргөн иттерди атып кетишет эжей, мен да барып келсем болобу, итибиз бош болчу, — деп алдыңкы партада отурган Салмоорбек суранганда классташ кыздарыбыз жалпы күлүп жиберишти.

Аңгыча мектептин терезеси жактан мылтыктын «тарс» эткен үндөрү менен кошо иттердин бирде абалап үргөнү, бирде ок тийип каңшылаганы угулуп турду. Биздин айылда бирин-экин эле иттер байланбаса, калганы дээрлик бош жүрөөр эле. Айлыбыз чакан. Баары бири-бирин тааныйт. Иттер да бири-бирин таанып, өзүнүн мерчемдүү жерин билгендей жүрүшөт.

Биздин Агала деген итибиз да көчөдөн чоочун кишилер өтсө үрүп чыга калчу эле. Аны эстеп эжейден сурангым келди. Бирок, итимди байлап келем десем, шаардан келген орус чалыш неме түшүнгүдөй эмес. Андыктан, ит атарларга кеткен классташ балдарды чакырып келейин деп сурандым.

— Ну ладно, только быстрее вернитесь, — деди.

Мен үйгө жеткиче эле он чакты ирет мылтыктын үнү жаңырды. Үйгө келсем Агаланы ырас мал короого киргизип камап коюшуптур. Эзели байланып көрбөгөн Агала эми сырттан чыккан мылтыктын үнүнө короодон туруп үрүп атпайбы. Үрбөй алаксысын деп короонун эшигинин жылчыгынан нан сындырып таштап койдум. Өзүм болсо ит атарларды көздөй баратсам жолдо Кара дөбөтүн атып кетип Азамат ыйлап алыптыр. Апасын «Эмне байлап койбойсуңар» десе, апасы кайра аны урушуп:

— Атып кеткени кайра ырас болду. Итиң менен ойноп эле сабагыңды окубай аттың беле…

Келсем ит атарлардын машинеси дүкөндүн жанындагы чоң жолдо экен. Бир далай классташтарым машинени тегеренип, атылган иттерди машинанын үстүнө ыргытып атканын карап турушуптур. Сыргак ошоякта экен:

— Оомий, Ачондордун Таргылын көзгө атыптыр.

— Мобу Оңолдуктун Кирешеси окшойт, мээси агып калыптыр. Бул үрбөйт деле болчу. Капчу деле эмес, муну атып эмне кылышат? — деди Сампый.

Мылтыктын үндөрү эми туура көчөдөн, аркы адейлердин көчөсүнөн удаа чыгып атты. Сыягы ит атарлар көчө-көчөгө бөлүнүп кетишсе керек.

Өлгөн иттерди жүктөгөн машинанын ичиндеги экөөсү тең чоң резина өтүктөрдү, үстүлөрүнө күпшүйтүп чоң тумак, чоң тондорду кийип алышыптыр. Машинанын кабинасында болсо түзүгүрөөк кийинген толмоч бирөө жана кыргыз шоопуру бар.

Атылган иттерди жүктөп бүтөрү менен сакалчаны берки жапалдаш бойлууракка кайрылып:

— Бухарик, теперь  пойдем вниз, там еще не были, — деди.

— Ну давай шефу скажем, — деп кабинаны ачса, шоопур арак куюп, шефи колбаса, нан, пияз, сало менен закуска кылып жаткан экен. Өзүн ыңгайсыз сезе түштү:

— Ребята, давайте по двести грамм, за первые удачи, а то замёрзли.

Бухариги кабинанын жанына келип, бир стаканды толтура басып ийди. Жапалдаш бойлуусу башын чайкап койду.

Кыргыз шоопур болсо кабинадан түшүп келип, кнопкасын басып койсо өзү «шак» деп ачылма макисин көрсөтүп, биз менен сөзгө аралашты.

— Байке, иттерди атып алып эмне кыласыңар?

— Терисин тери фабрикасына өткөзүшөт…

— А эттеринчи?

— Эттерин билбейм, бири андан самын жасайт дейт, бири жер семирткич жасайт дейт.

— Ой ата, кантип эле иттин этинен самын жасасын.

— Байке, анан тери фабрикасынан кийим тигеби, — деп Азамат сурады.

— Ооба, кымбат шубалар ушундан тигилет да.

— Аа, жанагы чоңдордун катыны кийгенби?..

— Ии, — деп шоопур чын дилинен күлдү.

— Оо анда, Азаматтын итинин жүнү укмуш жылтырак. Мындан Брежневдин катынына шуба тигишет болуш керек, — деп Сыргак айтса, шоопур ого бетер каткырды.

Активист чалыш Шекербек деген классташыбыз:

— Эжейибиз Ленин менен Брежнев жөнүндө жаман айтпагыла дебеди беле, — десе, Сыргак кайра:

— Брежнев ит атарларды кайдан таанып коюптур, — деди.

Аңгыча кабинадагы «шефи» машинадан түшүп келип, чогулуп турган бизди карап:

— Эй, пацаны, «пырс» отсюда, — деп туруп, мылтыгын артына асынып, какырынып-түкүрүнүп койду. Биз машинадан алыстай түштүк.

Бир аздан кийин тиги кыргыз шоопурдун жанына кайрадан чогулдук.

Шекербек баягы суроосун улантты:

— Байке, силерди Брежнев жиберди да ээ, ит атып келгиле деп.

— Брежнев тигилерди жиберди, — деп шефи отурган кабина тарапты башы менен жаңсап койду да:

— Мени өзүбүздүн эле чоңдор жиберди.

Жанатан бери машиненин бортунан чыгып турган кара дөбөтүнүн куйругун көрүп Азамат шоопурга кайрылып:

— Байке, могу куйругу көрүнүп турган менин дөбөтүм, өлүгүн үйгө апкетсем болобу?

— Кантип апкетесиң?

— Чана менен сүйрөп эле…

— Аны шефтен сураш керек, — деп өзүнө ишенип-ишенбей жооп берди.

— Эмне, өлгөн итиңдин этин согум кылып жейсиңерби, — деди оңбогон Сыргак.

Анын сөзүнө демейде каткырчу элек. Азыр эч ким күлбөдү.

Аңгыча саруу көчөсүнөн классташыбыз Күмүшбек күйүгүп чуркап келди.

— Биз жакта иттин баарын кырып салышты, Жетимиштин итин, Эшенкулдун тайганын, Самакелердин эки итин тең, биздин күчүк үрүп чыкса аны да жайлашты. Нурматтардын сары кандегин качып баратканда кулак түпкө атты. Өлүктөрдү жолдун жээгине жыйып коюшту. Өзүнчө эле бир машина болот го…

— Азыр каякка кетишти? — деп сурадык.

— Азыр үчөө биздин айдоо менен ак жол тарапка кетишти.

Адей көчөсүнүн балдары сууга баратыптыр, ал көчөнүн да иттерин кырып салды деп айтышты. Классташыбыз Айсалкындардын да төрт көз, кулагы кесик ити бар эмеспи, аны болсо байланып турган жеринен атыптыр, — деди Күмүшбек күйүккөнүн жазалбай.

Аңгыча дүкөндүн артынан эки балдакчан Өмүросмон чал чыга калды. Өзү дүкөндө кароолчу. Үйү жок. Дүкөндүн складынын бир бурчун үй кылып алып, ошоякта жашайт. Байбичеси Бүбү кемпирдин өлгөнүнө эки жыл болду. Багып алган жалгыз баласы Бакыт болсо аскерде.

Өмүросмон чал качан болсо колунан тамекиси анан эки балдагы түшпөйт. Кышында да эскилиги жеткен качанкы үстү бырышкан шляпасын башынан түшүрбөйт. Чийбаркут кемсели да кыштыр-жайдыр үстүндө. Болгону жалгыз бутундагы түгөйү жок крым өтүгүн жалтыратып тазалап алат. Өңү кара, кашы кара. Бети кичине. Бир караган кишиге кыбыңдаган эле көздөрү, анан ыш баскан ак саргыл муруту көрүнөт. Сүйлөсө эч бир тиши жок, кыймылдаган кызыл тили эле көзгө урунат.

Артынан ээрчип калбаган кара кандеги чыга келди. Кабинада мүлжүңдөп бирдеме чайнаган ит атарлардын шефи машинадан түшпөй туруп, терезесинен мээлеп кош оозу менен басып алды. Кара кандек каңшылап барып тоголонуп түштү. Аппак карга кызыл кан жайыла берди.

Кароолчу чал эмне болуп кеткенин анча аңдай бербей, артын бир карап, итине чейин чолоңдоп барып, балдагы менен кандегин бир чукулап көрүп, анан машинадан түшүп келаткан ит атарды көздөй умтулду.

— Эй сволуч, эми дүкөндү ким кайтарат, акмактын баласы, — деп туруп, бир балдагы менен кайыта урду. Урду да таянарга эч нерсе жок өзү карга тайгаланып учуп түштү. Тигил болсо шашпай чалды көздөй мылтыгын мээлеп атат.

Биз чын эле чалды атып ийет го деп чочудук.

— Если надо, и тебя тоже завалю как собаку, — деп ызырынды да, кайра өзүн токтотуп машинени көздөй артка бурулду.

— Эй, если ты мужик, давай убей меня, если не можешь, я буду стрелять, — деди Өмүросмон чал кадимкидей орусча сүйлөп, үнү каргылдана.

Тиги мылтыктын затворун артка тартып, кош оозду чалды көздөй тууралаганда шоопур жанына жүгүрүп келип:

— Не надо, он же старик, — деп ачуусун баскан болду.

— Муратик, смотри, если сейчас этого хромого отсюда не уберёте, я сам уберу… Старый баран… — деп сөгүндү.

Жанатан бери Кеша Зөөкүрдүн үйү жымжырт болуп турган. Эми кичине соолугуп, эсине келсе керек. Аны көргөн Чыныбек:

Кеша байке келатат. Эми ит атарлардын өзүн жайлайт, — деди.

Биз да аны күттүк. Аны аскерде морфлотто кызмат кылган дешет. Чала кызуу болгондо орусча ырдап, матросторчо эки бутун колу менен чапкылап бийлеп калчу. Бу Чоң-Кеминде буга тең мергенчи жок. Бир учурда малдан арбын төл алып жакшы көтөрүлүп, Москвага чейин барган. Кайра ичип кетип, койдон совхозго карыз болуп калып, андан өзүмдүк малын кошо өткөзүп атып араң кутулган. Ичип алса мындан өткөн баатыр таба албайсың. Бул айылда кичине балдарды «Кеша келатат» деп коркутушат. Былтыр эле тегирментилик бир койчуну мылтык менен жарадар кылып, араң кутулган. Биздин айылда Кеша тууралуу «Кеша адегенде тооруйт, анан ичип алып ырдайт, анан бийлейт, анан атат» деп коюшат. Үйүндөгү мылтыгы качан болсо октолуу. Эми дагы адатынча ырдап, бийлеп калган учуру экен, эки бутун чапкылап:

— Ракетчику матросу,

Любого корабля.

Ложится на погоны

Высокая забота  —  деп ырдап бизди көздөй келатат.

Итинин өлүгүнүн жанында шаабайы сууп карда отурган Өмүросмон чалга келип:

— Оо чал эмне болду, Гитлер менен дагы атыштыңбы?

— Короочуну тээтиги акмактар атып кетти. Эми дүкөндү ким коруйт… — деп даттанып, машина тарапты көрсөттү.

— Чал, кейибе. Үч итимдин бирөөн сага берем. Керек болсо тайганымды берем. Жүрүчү андан көрө дүкөнчү жеңеге барып бирдеме алчы. Айлыгыңдан карызга жаздырып, анан сага көңүл айталы.

— Кеша байке, тээтиги шефи экен, ошол атты, менин итимди да атты, — деп Азамат машинанын кабинасы жакты көрсөттү.

-Ал кандай эме экен, өтүн сууруп алайын, — деп кабинага жүткүнө бергенде, ит атарлардын шефи эшигин ачып, тигинин кызуу экенин билип:

— Байке, плановая чистка бродячих собак. Давайте лучше по двести, — деп сүйлөп бүтө электе эле, кептин ал-жайын алдын-ала түшүнгөндөй:

— Старика нельзя обижать. Солдат, давай пить да пить, — деп ишенген Кеша байкебиз ага кошулуп кетти. Биздин маанайыбыз сууй түштү.

Шоопур бала болсо бизге келип:

— Тиги аксакалды ордунан тургузуп, үйүнө жеткизип койгула, балдар, — деди.

Бизден 2-3 класс улуураак балдар Өмүросмон чалды сүйөп-таяп үйүнө апкетишти.

Машинанын тумшугуна бир бөтөлкө арак коюп алып, Кеша зөөкүр менен ит атарлардын чоңу удаа-удаа арак ичип атышты.

Кеша зөөкүр сало, пияз, нан аралаш закуска кылып атып:

— Во-он там, в той улице были или нет, там много собак, — деп адейлердин көчөсүн көрсөтүп жатты.

— Да, почти уже там почистили, — деп өзүнө ыраазы болуп жылмайып койду беркиси.

Бир кезде төмөнкү көчөдөн арыкчырай ит атары чуркап келип:

— Муратик, трофеи надо загрузить. Почти там все почистили…

Аны карап шефи:

— Муратик, туда езжай, пока здесь я с байке поговорю, еше выпить оставь — деп кош ооз мылтыгын асынып, ок чонтоюн бизге көрсөтүп оңдомуш болду.

Ак жол көчөсү тараптан келген Эмил болсо сөгүнүп-сагынып айтып атты:

— Буларың жан койчудай эмес. Азыр келген эң кичүүсү окшойт. Өлгөн иттерди ошол чогултуп атты. Сакалчаны отура калып атат экен, бир итти да соо койберген жок.  Жусуп чалдын Ак дөбөтүн бирөөсү сүйрөй албай, экөөлөп араң жолго чейин сүйрөп келишти. Ак жолдун иттеринин өлүгүн мончонун жанына чогултушту. Мен эле он жетини санадым. Ниязбектин, Саруунун көчөсүндө эки үймөк болду.

Кызыл ала кан болбогон көчө калбады. Дүкөнгө кеткен жол да кан. Мектепке кеткен жол да кан. Мүрзөгө кеткен жол да кан.

— Адей жактан да бир он чактыны жайлашкан окшойт, — деп Марат кошумчалады.

— А силердин котур көчөдөн канчаны атты, — деп Темиш сураганда, Чыныбек:

— Котур көчөгө машина чыга албайт. Көбүбүз иттерди короого камап, жетишип калдык. Атса бир жети-сегизди атты, — деп жооп айтты.

«Газ-66» дүрүлдөп от алып, алиги келген жаш ит атарды салып иттердин өлүгүн жүктөгөнү кийинки көчөгө кетишти.

Кеша зөөкүр менен шеф болсо бөтөлкө менен закусканы таштын үстүнө коюп, удаа-удаа арактан басып атышты.

Үчүнчү класста окуган Маку аңгыча тоңгон суунун жээгине музга эле заара кылып кирди да, башын тескери буруп алып:

— Мен сийген жокмун, бака сийди… Мен сийген жокмун бака сийди, — деп атат. Анда классташы Тилек:

— Эй сууга сийбе, апаңдын эмчегине жара чыгат, — деди.

Маку болсо ошол замат жообу табылып:

— Ошон үчүн мен «Мен сийген жокмун, бака сийди» деп атпаймбы, — деди.

— Эй, кышында кайсы бака сени укмак эле, — деди Тилек.

Макунун жаагы жап болуп, заарасын да токтотту.

Биз болсо ит атардын мылтыгына кызыгып аттык.

— Оомий, кундагы «четкий» экен, — деп Сампый айтса, Сыргак:

— Мындай мылтык менен мен деле соройто атат болушум керек. Бул чоңдордун мылтыгы да. Атамдын да орус досу ушундай мылтык менен келчү охотага.

Балдардын мылтыкка кызыкканын сезе түшкөн ит атарлардын шефи мылтыгынын затворун артка тартып бутакта конуп отурган карганы атты. Анан дүкөндүн үстүнөн учуп чыккан эки көгүчкөндү удаа атып түшүрдү. Биз көгүчкөндүн өлүгүн көздөй чуркап, аны талашып калдык.

— Даана көзгө атар мерген ушу турбайбы, — деди Азамат.

— Буларды атайын шаарда окутушат, — деп Сыргак билген киши болду.

Эки көгүчкөндүн өлүгүн баарыбыздан күлүгүбүз Алек жетип алган экен, тиги орус аны көрүп:

— Давай сюда, пацан, на ужин чего-нибудь приготовим, — дегенде чуркап алып барып берди.

Кеша зөөкүр болсо булдуруктап сүйлөп:

— Төшкө тийген тура, төшүн тытып кеткен тура…

Аңгыча Чыныбектер менен Кеша Зөөкүрдүн үйүнүн ортосунан үйүгүшкөн жети-сегиз ит чыга калса болобу. Арасында биздин Агала да жүрөт. Кантип короодон чыкканын билбейм. Канчыкты Кеша Зөөкүрдүн Таргылы, Тайганы баш болуп, Субан байкелердин кандеги да кошулуп ээрчип, эң артында Чыныбектердин сокур ити да жүрөт, чолоңдоп.

— Башкасы го, башкасы, Чыныбектердин чолок итине эмне жок, — деди Сыргак какшыктап.

Чыныбек болсо:

— Ал деле мужик да, — деди.

Жерден таш ала калып Чыныбек экөөбүз иттерибизди ары качыралы деп ургуладык. Ит атар болсо аларды көрө калып дароо төрт итти сулатты. Таргыл гана качып барып жыгылып, чала жан болду. Кеша Зөөкүрдүн үйү менен короосунун ортосуна канчык кире качты. Канчык менен аны ээрчиген сары кандекти да атмакка ит атар артынан сая түштү. Майтаңдап чуркап аттап үй менен короонун ортосундагы жылчыкка жете берээрде дүкөн тараптан «тарс» деген үн жаңырды. Ит атар капталдап барып сулап түштү. Эмне болгонун адегенде анча аңдай бербедик. Дүкөндүн складынын бурчунан Өмүросмон чал чыга келип «чып этме» мылтыгын кайра октоп:

— Калгандары кана, энең… Баарын сулатайын. Бир башка бир өлүм! – деп ачууланды.

Биз коркуп да, сүйүнүп да аттык. Сыргак биринчи болуп:

Даана атыптыр, желкеге тийиптир.

Кеша Зөөкүр эми көзү умачтай ачылып, соолуга түшкөндөй:

— Чал, качпасаң эми тигилер келип сени атып салат…

— Атса атышабыз. Гитлерге барып атышып өлбөгөн, эми өлмөк белем, энең!..

— Чал, качпасаң болбойт. Ат таап берейин.

— Өз айлымдан кайда качмак элем. Камаса камасын!

Тоңкойгон кишинин өлүгүнүн жанында дагы беш-алты иттин өлүгү жатты. Жердин баары кызыл ала кан. Кандан кар да ысып жаткандай сезилди. Иттин каны менен кишинин каны чуңкурча жерге агып келип кошулуп бир уюп калды. Адам менен айбан канынын эч айырмасы жоктой.

Заматта аялдар ошол жерге чогула калышты. Эки-үчөө Өмүросмон чалды жетелешип үйүнө алып кетишти. Бизди болсо, «майда балдар ары кеткиле, оо жубарымбектер» деп улам кууп атышты. Биз болсо, өлүктү милийса келип текшерип, анан иттин өлүктөрүнүн үстүнө салып, машина шаарга кеткенче акмалап карап турдук.

Эртеси биринчи сабакка класс жетекчибиз менен окуу бөлүмүнүн башчысы кирип келди. Мукан агай олуттуу үнү менен:

— Кечээгини уктуңар да, окуучулар. Өмүросмон аксакал ит атарлардын чоңун атып өлтүрүп, анан үйүнө барып өзүн-өзү атынып алыптыр.

«Өзүн-өзү атынып алыптыр» дегенди укканда кечээки балдар бири-бирибизди карап, шалдая түштүк.

— Маркумдун жалгыз баласы аскерде эмеспи, ага кабар берилди. Топурак салганга жетишип-жетишпей калабы белгисиз. Өлүгү Кеңеш байкенин (Кеша зөөкүрдүн өз аты ушундай) үйүнөн чыкмак болду. Түнү менен бозүй тигилди. Киши кара көз көргөзгөнү келсе бозүйдүн жанында өкүрүп турганга балдар керек болуп атат. Кимиңер бара аласыңар?

Адегенде эле Сыргак «Мен барам» деп колун көтөрдү. Азамат, Чыныбек үчөөбүз бири-бирибизди карап, анан биз да баралы дедик.

— Бир, эки, үч, төртөөңөр барасыңар, Жумалиев сен «старший» болосуң, — деди Сыргакка.

Сыргак болсо:

— Агай, анан эки күн сабакка келбей койсок болобу? — деди.

— Сөөк эртең коюлат. Бүрсүгүнү сабакта болгула.

Төртөөбүздүн үйүбүз тең айылдын өйдө жагында эле. Бир жагынан сабактан бошогонубузга сүйүнүп, бир жагынан Өмүросмон чалдын өзүн-өзү атып алганына ичибиз ачышып бозүй тигилген Кеша Зөөкүрдүн үйүнө жөнөдүк.

Жолдон Чыныбек:

— Кантип өкүрөбүз, мен өкүргөндү билбейм, — десе,

— Мен атам өлгөндө бозүйдүн жанында туруп өкүргөм. Бир эле ыйлап алсаң, анан көз жаш өзү эле келе берет, «атаке» деп өкүрөбүз, — деди Сыргак.

— Көзүбүздөн жаш чыкпасачы… – деп калды Азамат.

— Көзүңдөн жаш чыкпаганын ким карап атыптыр, өкүрсөк болду да үн чыгарып, — деп Чыныбек кошумчалады.

— Агай айткандан кийин чындап ыйлаш керек, — дедим мен.

Биз бозүйгө келсек эл өкүрүп келип баштаптыр. Көтөргөн сумкаларыбызды жыйылып турган отундун үстүнө коюп, биз дароо эле «Эсил кайран, атакелеп» өкүрүп баштадык.

Ошол жерде жүргөн Кеша Зөөкүрдүн кошунасы Субан байке «кайрат кылгыла» деп бизди сооротумуш болду да, колубузга суу куюп жатып акырын:

— Силерди өкүргөнү жибердиби, мугалимдер жибердиби, ии, — деди, биз башыбызды ийкеген соң.

Бозүйдүн аркасына барып төртөөбүз сүйлөшө кеттик:

— Сыргак, сен көзүң жашылданып чындап ыйлаган окшойсуң? — деп Чыныбек баштады.

— Анан ыйлабаганда, атамды эстедим. Азаматтын деле көзү кызарыптыр. Сен деле чындап ыйлагансың го.

— Чыныбек элди айтып коюп өзүң деле көзүңдүн жашы билинип турат.

— Мен да итимди эстедим, – деди Чыныбек.

Сыргак анда:

— Ой ата, бир көзү сокур, бир буту чолок итиңе эмне ыйлайсың. Соо ит болсо бир жөн.

Чыныбек ардана:

— Койчу сен эле кыйынсың. Сенин эле итиң кыйын…

— Ишенбесең сурачы, биздин Жолборс Адилдердин кара дөбөтүн талап салган.

Аңгыча өкүрүк чыкты. Төртөөбүз тең кайра «атакелеп» бозүйдүн түбүндө өкүрүп калдык.

Өкүрүп атып эмнеге көзүмдөн жаш чыкты деп ойлодум. Же итиме ич ачыштыбы, же кечээ эле тирүү жүргөн Өмүросмон атагабы, же өкүрүк чыккан сайын ошого жашыдымбы, же Мукан агай «өкүрүп бергиле» деп суранган үчүнбү, билбейм. Бирок, көзүмөн кадимкидей жаш чыкты.

Бозүйдүн тегерегинде кызмат кылгандар көп. Бири отун таарып, самоор кайнатып, бири казан асып атат. Апалар, жеңелер болсо боорсок бышырышып, ар нерсени күбүрөп-шыбырап жүрүшөт. Кары күрөлүп, тазаланып калган окчунураак жерде төрт-беш киши бирдемелерди сүйлөшүп жатышты. Бири чалдын өлгөнүнө кейийт, бири бөөдө өлүм деп ит атардын өлүмүнө кейийт. Арасында мурда айылда башкарма болуп иштеген Белек байке минтип айтып атканын кулагым чалды:

— Иттен көп эме жок дегилечи. Бирок, Кешанын Ак тайганы кадимки Осоке мергендин Ак тайганынын тукуму болчу. Аны да жайлашкан тура. Айылдагы акыркы жападан жалгыз кыргыз  тайганы ушу калган эле… Илгери биргад болуп жүргөндө жайында койчуларды кыдырып жүрсөм Көк-Жардын астынан иттин абалаганы басылбайт. Бастырып барсам Осокенин Ак тайганы жарга эликти камап алыптыр. Осоке өзү болсо уй кайтарып жүрүп, уйлар сайгактаганынан ошоякка кетиптир. Кеч бешим болуп Осоке өзү келгенге чейин эликти камап, кетирбей турбадыбы…

— Эми ажал жетсе ит эмес, адам өлүп атпайбы, — деп Зарлык байке кесе сүйлөп койду.

Биз келгендерге кошулуп өкүргөнүбүз менен, кээде барып самоорго чок салып, очоктун жанындагы отко жылынып, ара-чолодо улуулардын сөздөрүн тыңшап аттык.

Айрыкча, Кеша Зөөкүрдүн тажаал келини келип ар кимди эле каарып, эч кимди жактырбай күбүрөнүп-шыбыранып атты. Бизге да бир тийип өттү:

-Мобу чечектерге эмне жок. Бала деген баладай болот дечи эле. Балдарга окшоп муз тээп ойноп жүрө беришпейби. Тим эле өз атасы өлгөнсүп, «атакелеп» өкүрүшөт. Уу-у, бооруңарды жеп калгырлар…

— Эми, Өмүросмон чалдын өз уулу жок болсо, анан буларга  чоң атасындай эле болуп калган да, чоң аталап өкүрүп атышат да. Арбагы ыраазы болоор, — деп Күлүмкан чоң апабыз бизге болуша кетти.

Мектептен балдар сабактан тарап, чоң класстын балдары да бозүйгө өкүрүп келишип, көз көргөзүшкөн болушту.

Анча-мынча буттун үшүгөнү эле болбосо, бозүйдүн жанында биз өзүбүздү бой жеткен курактагыдай сезе баштадык. Келгендер менен учурашып аттык. Бирин-экин чал бетибизден өөп, батасын беришти. Болгону жанагы кирип-чыгып сүйлөгөн келиндин сөзү эле кыжырыбызды кайнатты.

— Өлүгү биздин үйдөн чыккандай чолоктун эмне эмгеги өтүп кетиптир бизге…

— Кой антпе, эл угат, өз үйү жок болсо, анан жакын коңшусу силер болсоңор… Бир күнгө чыдагыла, — деди ошо жерде күнгө кактанып отурган Күлүмкан чоң апа.

— Эми кечте эл келип эт тартылса идишибиз жетпейт. Аны кайдан чогултам эми, кара баскырдыкы. Карасаң, Чолоктун бир да дүйнөсү корогон жок. Унду дүкөнчү берди, малын болсо эл чыгарды…

— Ушу байкуштун эмне дүйнөсү бар дейсиң, — деди ар жакта жумуш жасап жүргөн Майраш жеңе.

— Оо, өлүмүш болуп алып ушундайлар дүнүйөкор, сараң болушат. Жок дегенде идиши кантип болбосун. Эми ага дүкөнчү катын ээ болуп алат да. Өлүгү биздин үйдөн чыгып, түйшүгүн биз тартып атсак, идиш жетишпей атса…

Бир аз тымтырс боло калып, баарын баамдап турган Күлүмкан чоң апа:

— Мунуң туура. Өлүк ушул үйдөн чыгып аткандан кийин көп түйшүк ушул келинге түшөт. Анда барып, Өмүросмон чалдын үйүнөн калган-каткан идиш-аягын биякка алып келсеңер, өз идиши өзүнө кызмат кылсын.

Ушуну гана күтүп тургансып тигил өңү сумсайган, жаак чүкөлөрү чыгып турган, арыкчырай сары келин бизге карап:

— Ай чечектер, боздоп эле өкүрө бербей, жүргүлө идиш-аяк көтөрүшүп келгиле, — деди.

Дагы бир келин кошо ээрчийин деди эле, кызгандыбы, быякка эле кал дегендей кылып, кагып койду.

Төртөөбүз тең дагы тилдеп ийбесин деп бөйпөңдөп артынан ээрчидик.

Өмүросмон чалдын үйүнө киргенде эле муздак мештин үстүндөгү сыртын ыш баскан чөөгүн көзгө урунду. Үстөлдүн үстүндө бир бузулган арак, жарым кесилген нан, бир кыры сынган чыны калыптыр.

— Чечектер, силер тиги складын карагыла, мен бул жагын бир ирээттеп коёюн, — деп шыпшынды.

Төртөөбүз чыга бериштеги склад бөлмөсүнө кирдик. Толтура жашиктер, бош бөтөлкөлөр. Бул дүкөндүн складыбы же чалдыкыбы түшүнбөдүк.

Кирээрибиз менен кагаз жашиктин артынан каңшылаган күчүктүн үнү угулду. Ак төш күчүк экен. Сүйүнүп кеттик. Күчүктү Чыныбек биринчи барып колуна алып:

— Меники, — деди.

Сыргак сөөмөйүн оозуна тосуп, «чүш» деп тиги жеңе билбесин дегендей ишарат берди. Бири-бирибизди айттырбай түшүндүк. Эң жакын үй Чыныбектики болгондуктан Сыргак экөө кийиминин ичине колтуктап алышып «чү» коюшту.

Алар кайра келгенден кийин дагы тиги жеңебиз бир далай ирээттемиш болуп, тинтип бүтүп идиш-аякты чака, чарага салып бизди көтөртүп келди.

Эми бозүйдүн жанында өкүрө бергенибиздин кызыгы кетип, төртөөбүз келген эл суюлуп, өкүрүк чыкпай калса эле күчүк жөнүндө сүйлөшөбүз.

Сыргак:

— Бул чоңойсо дөбөт болот. Кара дөбөттүн тукумунан окшойт.

Анда Азамат:

— Төшү ак, кулагы шалпайып турбайбы. Бул деген Ак тайгандын баласы…

— Кулагынан чоюп көтөрүп көрөлү да. Эгерде кыңшылабаса кыйын ит болот, — деп мен да билгенимди айттым.

Чыныбек болсо кепке келбей:

— Эмнеси болсо да күчүк меники, мен биринчи таптым…

— Жоок болбойт, төртөөбүз тең кирбедикпи, — дедим мен.

Азамат болсо:

— Чогуу чоңойтуп, кийин төртөөбүз тең күчүк алабыз, — деди.

Оңбогон Сыргак:

— Бул күчүк чоңоюп, анан бой жетип тууганча төртөөбүз тең Өмүросмон чалча «капут» болуп калбайбызбы, андан көрө чүчүкулак кармайлы, — дейт.

Ичимде мен деле Агаланын ордуна ушуну күчүк кылып багып алайын дейм:

— Бизди бул жакка Мукан агай жиберген. Ошон үчүн Мукан агайга барып сурабайлыбы. Күчүк таап алдык, эмне кылабыз деп, — дедим.

Менин айтканыма Сыргак көнбөй:

— Муну кара, агай жакшы окуйт деп мага берет деп ойлоп атасыңбы. Эй, андан көрө эркек бекен, болбосо мен албайм. Иттин баарын үйүгүштүрүп үйдө жүрсө…

Чыныбек:

— Жана көтөрүп баратканда көргөн жоксуңбу, кыз турбайбы…

— Ургаачы болсо мен албайм, — деп Сыргак баш тартты.

Кеч күүгүмдө өкүрүп келгендер деле азайды. Ошо түнү айылда демейдегидей ит үрбөдү. Анда-мында гана өкүрүк чыкканы болбосо, айыл жымжырт болуп турду. Төртөөбүз боорсокко тоюп алып, Чыныбектин короосуна кирип, акырда чөптүн ыпырына жылууланып жаткан күчүккө боорсок бердик.

Биз келгенге чейин үйүндөгүлөр сүт беришсе керек. Оозунда сүт агып жүрөт. Боорсокту ыргыткан сайын борсулдап үрүп коёт.

Азамат:

— Күчүктү мен үйгө апкетейин, силердин короодон үшүп калат, — деди.

Чыныбек:

— Мен деле үйгө киргизмекмин. Элдер билип калса, анан же Кеша талашат, же дүкөнчү талашат, же милисасы талашат.

Амалкөй Сыргак ошондо:

— Чын эле, азыр айылда бирөө билсе талашкандар көп болот. Элдин баары иттери атылып ити жок калды. Муну тоого алпарып багыш керек.

— Каякка алпарабыз? — дедим мен.

— Кашка-Суудагы Дердеңбай байкеникине алпарабыз. Тоодо малчылардан башка эч ким жок. Жайга чейин багып беришсе, жайда барып алабыз да…

— Ким алат? — деди Чыныбек.

— Мына мен албайм дебедимби. Жайда үчөөңөр чүчүкулак кармагыла. Кимге тийсе ошонуку. Мага ургаачы иттин кереги жок.

— Анда келе кол алышалы, — дедим мен.

Адегенде Азамат мага кол берди. Анан Сыргак колун биздин колубуздун үстүнө койду. Эки жакка карап туруп, болбосо биринчи атаман Сыргактан таяк жээрин сезген Чыныбек да болор-болбос колун берди.

Эртеси сөөк коюлгандан кийин төртөөбүз күчүктү алмак-салмак койнубузга катып алып, кышында жети-сегиз чакырым Кашка-Суу кыштоосуна жөө-жалаңдап жөнөдүк.

Кайра келатып айылдын тушундагы тоонун бетине бутубуз менен  карды таптап «Ак төш» деп бадырайтып жазып койдук. Этегине болсо төртөөбүз тең ак карга саргайтып заарабыз менен өз аттарыбызды жаздык. Азаматтыкы өз атын жазганга жетпей калып, акыркы эки тамгасын Чыныбек кошумчалады.

Андан бери жыйырма беш жыл өтүптүр. Ошондон бери ит атарлар бир да жолу айлыбызга кайрылып келген жок. Автобус айдагандар биздин айылды «Ит атарды аткан айыл» деп коюшат. Баягыда мектепти бүткөнүбүздүн жыйырма жылдыгына чогулуп, өткөн-кеткенди эскердик. Көрүстөнгө барып ыраматылык классташтарыбыз Салмоорбек менен Алманбеттин бейитине куран окуп, анан Өмүросмон чалдын мүрзөсүн таба албай коюп, жалпы эле арбактарга куран окуп кайттык. Ал күчүк кийин чойоюп эмне болгонун, кимде калганын эстей албадык. Болгону айылыбызда кыргыз тайгандын тукуму үзүлбөй, азыр да тайган салгандар бар экен.

2008-жылдын 7-февралы,

Көк-Жар айылы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *