Новелла

– Ураа! Мен жарала баштадым!..

Менин жаңыдан гана түйүлдүккө айланып, апакемдин курсагында чоңоё баштаганымды эч ким биле элек. Жадагалса апам да… Мен жөнүндө билгенде апакем абдан сүйүнсө керек… А атамчы?.. Ал ким болду экен? Буюрса тогуз айдан соң жарык дүйнөгө келип, баарын кубанычка салам го деп ойлойм… Кандай гана бактылуумун! Мындай бакыт баарына эле буюра бербесе керек…

* * *

Жарала баштаганыма жыйырма күн болду. Бүгүн апакем мен жөнүндө билди. Бирок мен күткөндөй кубанган жок… Кабагы ачылбайт… Жаздыкка башын катып көпкө ыйлады… Түшүнбөй жатам… Эмнеге ыйлайт?

* * *

Шашып бир жакка баратат. Кайда барары мага кызык. Менин бар экенимди бирөөгө сүйүнчүлөйттүр?.. Бир жигитке жолукту. Ооба, мен жөнүндө айтты. Бирок экөө тең кубанышмак түгүл… Урушуп жатышат. “Жогот! Мени ушинтип байлап алам деген турасыңбы?! Курсагың чоңоё электе алдыртып сал! Жок десең, өзүңдөн көр! Мага кийин жалдырап келчү болбо! Жалдырамак түгүл бутума жыгылсаң да, сени менен да, курсагыңдагы менен да алпуруша албайм!”

Бул ким өзү, апакеме кыйкырган?! “… алпуруша албайм!” дегени эмнеси? А “алдырып сал!” дегеничи?! Көп нерсеге түшүналбай турганымды кара! Колуман эч нерсе келбегени өкүндүрөт… Апакеме кыйкырганга эч кимдин акысы жок да! Анын көңүлүн ооруткан, ага жаман айткан ар бир киши менин да душманым…

* * *

Эхх!!! Эми түшүндүм… Апакеме кыйкырган атам турбайбы… Мен ага эмне жамандык кылдым экен?! Мени көрө элек жатып неге мынча жек көрөт? Жарык дүйнөгө келгенимде апама эч кимди жаман айттырбайм! Жадакалса атама да!!! Апакеме кыйкырганга эч кимдин акысы жок…

* * *

Ухх!!!  Апакем дагы эле ыйлап жатат… Атакеме таарынып, көз жашын көлдөтүп алды… Ал неге мени каалабай турганын түшүнө албай койдум. Менин ага керегим жокпу?..

Мына, дагы бирөөлөргө жолукту. Алар апама жаман айтышкан жок. Сооротуп жатышат… Булар – апакемдей эле сулуулар экен. Бирок менин апам алардан да сулуу, акылдуу… Мен да кийин апамдай болом. Мени атам жаман көрсө да, мен аны жакшы көрөм… Ал мени көрө элек болгону үчүн жакшы көрбөй атат. Мен кийин ага жардам берем… Апам, атам менен жетелешип… Мен төрөлгөндөн кийин сүйүп кетишет… Мен бул оюма чын дилим менен ишенем!

* * *

Ой! Мага эмне болду?! Жаман болуп турам… Апам да негедир башкача… Жаңы эле ыйлап аткан. Азыр каткыра күлүп, даңылдаган музыкага кошулуп ырдап, жанындагы өзүндөй сулуулар менен бийлеп кирди. “Апа, абайла, курсагыңда мен бар!” деп кыйкыргым келди. Мен өзүмдү жоготуп баратам…

* * *

Апакем күнүгө бир нерселерди иче баштады… Мен билбейм, анын эмне экенин… Бирок ошондон кийин алсызданып, өсүүм токтоп калгандай… Мага күчтүү, даамдуу тамак-аш керектигин апакем түшүнбөй атса керек… А менин колуман эч нерсе келбейт. Кандай гана өкүнүчтүү! Апакем эмне менен азыктанса, көңүлү кандай болсо, бардыгы мага таасир берет да… Эмне кыларымды билбейм. Айлам жок, апакемдин кылгандарына көнө берем. Башка эмне кыла алат элем?

* * *

Жаралганыма үч ай болуп калды. Жүрөгүм сого баштаган. Апакемдин ар бир кыймылын, ыйын, күлкүсүн, кайгысын, кубанычын сезип калдым. Ал ыйласа кошо ыйлачу болдум. Анын ар дайым кубанып жүрүүсү мага канчалык кымбат экенин билет болду бекен?.. Сөзсүз билсе керек… Анткени менин апакем баарынан акылдуу, баарынан мээримдүү жан! Тегерегиндегилер жаман адамдар окшойт. Ошолордун туура эмес кеңештеринен, жаман жолго барып жүрөт да. Мен жарык дүйнөгө келгенден кийин баары башкача болот. Мени көрөрү менен туура эмес кылгандарына өкүнүп, жакшы жолго барат деп ишенем.

* * *

Бүгүн бир жерге келди… Бул жерде аппак халат кийген эже-байкелер бар экен. Баардыгы мага жагып турушат… Кийимдери өздөрүнө татынакай болуп жарашыктуу. Мен да кийин ушул эже-байкелердей аппапак кийинип, апамды кубандырам…

Иий… Апам кайра ыйлай баштады… Эмне деп атышат?.. “Азыр кеч болуп калды… Эртерээк ойлонбойт белең! Азыр балаңды боюңан алдыртам десең, аны кескилөөгө туура келет!” Сөз мен жөнүндөбү?! Мени кескилейбиз дейби?! Бул эмнеси?!

Жүрөгүмдүн кагуусу катуулап баратат! Мен коркуп жатам! Чын эле мени кескилешеби?! Апаке, мени кескилетпечи! Сен мени көрө элек болсоң дагы, мен сени көрүп, сезип… Сен дүйнөдө эч кимге теңдеши жок асылзат ЭНЕ экениңди кантип…

* * *

Өх! Ал жактан кеткенден кийин эс ала түштүм… Менин оюмду апакем сезди окшойт. Мени кескилетпей калды… Жарык дүйнөнү көрө элек мага баары, баары кызык… А бирок менин жарык дүйнөгө келишимди жактырбагандар көбүрөөкпү дейм. Бул эмнеси?

Үйгө келээр менен курсагын катуу таңып салды! Менин демим кыстыгып жатат! Кыйналып кеттим! Апаке! Мени бошотчу! Мен кенен жаткым келет! Мен канчалык кыйналбай жатсам, ошончо бат торолом да! Жок! Жок! Мени бошотчудай эмес! Кыймылдаганга да шайманым жетпей баратат!..

Дагы бир нерсесин ичти көрүнөт! Ошондон кийин чоңойгонум таптакакыр токтоп калгандай… Бул эмнеси?! Буту-колум кыймылга келбей калды! Башым да тумандап турат…

* * *

Апакеме бирөө келди… Ал дайыма апамдын жанында… Бул ким өзү? Апамдай сулуу… Бирок анын бир да ыйлаганын көргөн жокмун. Ал апамдан бир нерсе тууралуу сурап жатат… “Дары ичтиңби?.. Кандай эле жардам бералбай койду? Канчалардын боюнан ушул дарыдан соң бат эле түшүп калчу… Сеники бир укмуш окшойт…” Шыңкылдап күлүп жатат. Апакемдин кабагы кайрадан бүркөлө түштү. “Мени кыйнап бүттү… Мындан кантип кутулам? Обортуң асмандын башын сурап жатканын карабайсыңбы?! Бат эле чоңоюп кетээрин этибар албай, ушуга жеттим…” Сөздөрү мен жөнүндө… Мен чын эле апакемди кыйнап атамбы? Эмне кылып? Түшүнбөйм… Мен кубандырам деп жаралбадым беле?! Эмне ичет десем – дары тура! Апаке! Мен сени кыйнабайм! Кийин чоңойгондо сени багам да! Сени менен дайыма чогуу болом! Мен сага эч кимди жаман айттырбайм! Менден кутулуунун жолун издебей эле койчу! Мен азыр өзүмдүн эркек бала экенимди билип калдым. Көрөсүң го, мен төрөлөрүм менен сага жагып кетем! Мага ак сүтүң берип эмизесиң… Мага бешик ырын ырдап бересиң… Капаң жазылып кетет… Атам болсо?..  Ал да мени сүйүп кетээрине ишенип турам…. Азыр ал мени тааный элек да! Ал кайрылып келип, сенден кечирим сурайт… Апа, дары ичпечи!

* * *

Апакемдин курсагында жатканыма жети ай болуп калды. Апакем мени да, өзүн да абдан кыйнады. Бардык мүчөм жетилип, төрөлөрүмө аз эле калды. Бирок… Тогуз ай жатууга чамам жетпей барат. Апакемдин иче берген дарысынан, байлап салган курсагынан өтө эле алсыз болуп калдым… Менин бар экенимди баарынан жашырат… Эмнеге?! Мен апакеме, апакем мага керек экенин түшүнө элекпи?!

* * *

– Ыңаа! Ыңаа!

Бүгүн жарык дүйнө менен учураштым … Апакеме жардам берип, мени тосуп алган ак халатчан эжеке, мени өйдөлөтүп көтөрдү да: “Сүйүнчү! Уулдуу болдуң!” – деди. Апам көзүнөн жашын куюлтуп, нары карады. Мени көргүсү да жок… Бул эмнеси?! Менин ыңаалаган үнүмөн корктубу? Тарбалаңдаган колу-бутуман корктубу? Менин жаралганыман корктубу? Келечекте ага мен гана тирөөч болуп, колуна кол, бутуна бут болорумду сезбей турат ээ?

“Ай, кыз! Сен көзүңдү тоодой кылып ыйлай бербей, балаңды жакшылап кара. Эмчегиңди оозуна салсаң…  Ууз сүтүңдү тоё эмсин!” Мени апакемдин курсагына жаткырып, оозума эмчегин салды. Апакем жийиркенгендей, денесин жыйырып алды. “Мага бул баланын кереги жок… Эмизбей эле коеюнчу…” – деди оозун араң кыбыраткан апакем.

“Ок! Бул эмне дегениң?! Төрөй элек жатып, кереги жок деп… Мурун ойлонбойт белең?!” Ак халатчан эжеке, үнүн катуу чыгарып, апакемди урушту. Анын сөзү кулагына кирдиби, кирбедиби – ким билет, айтор, апакем үндөбөй, көз жашын мөлтүлдөтүп, нары карады. Мен апакемдин денесинин жылуулугуна маңдырадым. Эмчегин оозума алып, жылуу ууздун даамын таттым. Сүттүн даамы жагып турду. Апакем кайрадан денесин жыйырып, мени көкүрөгүнөн алыстата түрттү. Ошондогу ызаланганымчы! Жарык дүйнөгө келгенимде сүйүнүчтөн ыңааласам, азыр ызаман ыңаалап, ыйлап жибердим.

“Мени көргөндө сүйүп кетет!” деген оюмдун аткарылбай турганына, мени жериген апакеме, жаралбай деле койсом болмок деген ойлорго эзилдим… Көптөгөн жаман ойлор мени кыйнап жиберди. “Ыңаа! Ыңаа!” деп чырылдагандан башка колуман эч нерсе келбеди. Акыркы үмүтүм ак халатчанда калды. Анын мээримдүү жүзү, мени аярлай көтөргөндөгү  жылуу колдорунун илеби жүрөгүмө жакын болуп: “Менин апакем сиздей болгон адам болсо, жакшы болор беле?!” деп биринчи жолу, өз апакемди жээрип кеттим. Биринчи жолу апакемди жаман көрдүм. Биринчи жолу өз апама таарынып, анын мынчалык мерездигине жүрөгүм ооруп турду…

Ак халатчан эжеке, эмнегедир ыйлап жиберди. Колуна мени алды да, акырын гана бетиме бетин тийгизип, жыттап койду. Таң калып кеттим. Апакем бербеген мээримди бул бейтааныш эжекенин бергени мен үчүн күтүүсүз эле. Мени колунда ары-бери терметип турду да, кайрадан апакемдин көкүрөгүнө жаткырды. Эжеке да негедир ыйлап жиберди. Апакеме карап: “Айланайын, сиңдим! Татынакай жан экенсиң… Кудайдын берген белегин жээрип турганың эмнең? Билесиңби, эне болуу бактысын баардык эле аялзатына буйура  бербегенин? Канчалаган бактысыз аялзаты балага жетпей кор болуп, Кудайга жалбарып, ыйлап жүрүшөт?! А сен!.. Бул кылганың туура эмес!”

Апакем эжекенин сөзүн уккусу келбегендей, көздөрүн жумду… Бирок… Ким билет?! Мүмкүн, сыртынан билдирбегени менен ичинен тагдырына таарынып, өзүнүн алсыздыгына арман кылып: “Алдырт! Кереги жок мунуңдун!” деп кыйкырган атакемдин боору таш мамилесине ызаланып тургандыр…

Жарык дүйнө менен таанышкан күнүм ушундайча башталды…

* * *

Мени жээригенденби же өзүнүн ден-соолугунун начарынанбы, айтор апакемдин эмчегине сүт келбей, мени да, өзүн да кыйнады. Врачтардын айткандарына караманча көнбөй, эки көзү кыпкызыл болгончо бүк түшүп ыйлаганын баспай койду.

Мени башка бөлмөгө алып кетишти. Курсагымдын ачканына чыдабай, чыркырап ыйлай баштадым. Мени жарык дүйнөгө келгенимде биринчи болуп кол сунуп тосуп алган эжеке гана жанымдан чыкпай айланчыктап, мени эмнегедир сүйүп турду.

“Айланайын, балапан! Сени төрөй элек жатып, кереги жок деген апаңа түшүнбөйм… Менин сендей болгон балапаным болсо кана! “Бирөөгө кор, бирөөгө зар” деген ушу турбайбы… Менде сүт болсо эмне… Аянбай өзүм эмизип, өзүм бала кылып албайт белем…” Негедир эжекенин сөзүнөн жүрөгүм солк дей түштү. Апакемсиз каларымды кичинекей, муштумумдай болгон жүрөгүм сезгендей булкунуп алды. Апакемен айрылгым келбегенин айткым келди. Бирок да негедир бул мээримдүү эжекеге эркелегим, баштагыдай бетиме бетин тийгизгендеги жылуу илебин самадым.

Дагы ошол мүнөттөгүдөй эркелетүүсүн, колуна алып  терметүүсүн кааладым. “Ыңаалап”  кайрадан ыйлай баштадым. Карбаластап жүгүргөн эжеке  бир нерсени оозума жакындатканынан, курсагымдын ачынан, аны жалмалап жибердим. Апакемдин сүтүнүнө  окшош… Даамы деле сонун… Бирок апакемдин көкүрөгүнө жатып, жылуу илебине мас болуп, эркелеп эмген ууз сүттү самадым… Анын эркелеткенин каалап турдум! Эч качан эркелетпесе да, кантип эркелетерин сезип турдум. Аттиң ай! Ошондогу  акыбалымды сөз менен жеткире албайм! Ошондогу кусалыгымды, сагынычымды, ошол эле мезгилде апамдын мамилесине болгон ызамды эч кимге ыраа көрбөйт элем…

Ошентип менин жашоо үчүн күрөшүүмдүн биринчи күндөрү башталды….

* * *

Апакемди экинчи ирет кайрадан көргөн жокмун… Сагындым, ыңаалап ыйлап, анын мага мээримин төгүп келип калуусун миң самадым… Бирок да менин тилегим, менин оюм аткарылбады.  Тек гана ак халатчандардын мага боор ооруй караган көзкараштары жүрөгүмө жетип, улам бирине-бири таштанды бала экенимди айткан сөздөрү кулагыма жаңырып туруп алды. Мени көкүрөгүнө кыса эркелетип, башыман сылаган, эмчегин эмгизип, энелик мээримин төккөн жан болбоду. Жөн гана таштанды балага айландым да, кала бердим. Анда-санда гана ыңаалаган үнүм жашап жатканыман белги бербесе, менин бул жашоодо жашап жатканым, кичинекей жүрөгүм  жылуулукту эңсеп, түрс-түрс согуп жатканын эч ким этибар албагандай….

* * *

Жок, жок…  Мен күткөндөй эмес…  Мага жүрөгү ооруп, мени сүйүп турган бирөө бар экен… Мурунтан таанып, кастарлап, сагынып тапкан наристесиндей мээримин төккөн, мени жарык дүйнөгө келгенимде тосуп алган ак халатчан эжекем! Айланчыктап жаныман кетпей, кээде ыйлап, кээде бир нерсеге сүйүнүп, мени менен сүйлөшөт… “Мен сени эч кимге бербейм! Канча жылдап ушул жерде иштеп жүрүп, сендей баланы кездештирбептирмин. Сени Кудай өзү мага алып келген окшойт… Сен менин алдейим болосуң! Мен сенин апакең болом! Экөөбүз эң сонун жашайбыз…”

Ал менин ар бир дем алганыма чейин аярлай тыңшап, мээрим төккөн көзкарашы менен эркелетип турду… Ошондогу менин акыбалым… Же кубанычым эмес, же өз апакемдин мээриминен ажырагандагы кайгыруу эмес… Жөн гана түшүнүксүз ойлор көкүрөгүмдү эзип турду. Бул жарык дүйнөнүн бирде мээримдүү, бирде таш боор мамилесине түшүнө албай, ыңаалап ыйлап жаттым….

* * *

Күндөр айга, айлар жылга алмашты. Баягы мен – татынакай болуп чоңойуп калган кезим. Мени сүйүп багып алган апакемдин колунда өстүм. Ал менин багып алган апакем экенин унутуп да койгомун. Ал мен үчүн өз апаман артык жан! Ыйласам сооротуп, оорусам көзүм менен тең айланып, Кудайга жалбарып, миң мертебе рахматын айтып, мени эркелетип өстүрдү… Ошондой күндөрүндүн биринде келди “өз апам”. Өз деп айткым келбеди. Апакеме жалдырап, баягы кездегидей көз жашын он талаа кылып ыйлап турду. “Мага бер баламды. Мен ал кезде түшүнбөптүрмүн. Жаштык кылып койдум. Сизге миң мертебе рахматымды айтам. Канча десеңиз да берейин…”

Санаам санга бөлүндү. Апакемдин жообун күттүм. Берип коёбу деп кичинекей жүрөгүм катуулап согуп, ыйлап жибердим. Апам менин неге ыйлаганымды түшүнгөн жок. Колуна көтөрүп, адатынча бетине бетин тийгизип, эркелетип койду. Анан “өз апамды” карап турду да, ойлоно түштү. “Мейли, алсаң алып кет. Мен ушул 2 жылда балам деп жүрүп, карып да кеттим. Мунун оорусун күнүгө көрө берип кыйналдым… Алып кетсең, аз-аздап унутуп коёрмун,”деди. Апамдан мындай жооп болот деп күткөн эмес элем. Мойнунан кучактап, ыйымды күчөттүм. Апамдын мындай жообун уккан “өз апакем”: “Мен кийинчерээк келейин. Азыр сиздин жоопту гана угайын дедим эле”- деп жөнөп кетти. Ошондогу менин акыбалым сөз менен айтып бералгыс эле. Кимге таарынарымды билбей, апакемди жалооруган көздөрүм менен карадым. Апакем мени кучагына кысып, бетимен өпкүлөп: “Сени эч кимге бербейм. Мунун жеңил ойлуу экенин билгенимден ушинтип койдум. Сенин оорулуу экениңди укканда жаа бою качарын кантип сезбейин. Кудай сактасын, сен ооруганча мен ооруйун! Алтыным менин, эркетайым менин!” дебеспи…

2015-ж.

Нурайым ШАРШЕНБАЕВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *