Чөнтөк дептер

Алик Акималиевдин эшек дептериби, жөн дептериби, айтор аны Жолдошбек Зарлыкбеков таап алыптыр. Ичин ачса, кайдагынын баары жүрөт дейт. Жазуучулар чөйрөсү жөнүндө бирдеңкелерди чиймелеп баштаган узун тизмедегилер Жокебиздин көңүлүн көбүрөк бурган экен. Себеби А.Акималиев түзгөн тизме: «Менин устаттарым – баландай-түкүндөй аттуу-баштуулар. А замандаштарым – баландай-түкүндөй итибай-чотубайлар» менен бүтүптүр. Кызыгы, «Менин шакирттерим» деген узун тизменин аягында Жолдошбек Зарлыкбеков бар экен. Аны көргөн Жокебиз: «Ким-кимге устат экен! Жок дегенде, замандаштарым баландай-түкүндөй итибай-чотубайлар дегенге кошпойт беле!» деп бырсылыктап күлөр эле.

Элмирбек чоңколордун тукуму

elmishАмантай Кутманалиев кызуу болсо эле жатаканада жашаган Элмирбек Иманалиевдин эшигин тээп келе берчү экен. Бирок келген сайын Элмирбек үйүндө жок. Акыры бир күнү жолугушат. Амантай адатындай алагүү болуп келип:

— Келсем эле сени таппайм. Деги үйүңө токтойсуңбу?

— Ооба, өткөндө мен жокто келипсиң… — десе Амантай баштайт:

— Эмне жаныңды жейсиң? Малик (Аликеев) сени үйүндөле жүрөт деп айтпадыбы… — деп таза айласын кетиргенде, Элмирбек суроо узаткан экен:

— Элмирбек деген ат эмнеден башталат? Айтчы.

— Эл.

— Малик деген ат эмнеден башталат?

— Мал.

— Анан ошол малга ишенесиңби же элгеби?

— МАЛга да, ЭЛге да ишенбейм.

— Анан кимге ишенесиң?

— Өзүмө.

— А өзүңдүн атың эмнеден башталат?

— ???

Амантайды ой басып, ичинен күбүрөнөт. Бир кыйладан кийин өзүнүн ысымы кандай башталары тил учуна келгенде: жарпы жазыла каткырган экен.

 

Торайгырдын кулуну

Акын Кыялбек Урманбетовго журналист Султан Жумагулов телефон чалат:

— Кыке, келбейсиңби. Акча көп, арак ичебиз.kyyalbek

— Мага таптакыр болбойт!

— Койчу, эй! Качантан бери ичпей калдың эле?

— Мен эми мындан ары аракты оозго албай турган болдум.

— Анчалык эмне болду?

— Врачтар өтүмдү алып салып, эми мен анык Торайгырдын кулуну болдум. (Өзү Ысыккөлдүн Торайгырынан)

Жылкыда өт жок экенин мал киндиктүү атбашылык Султан досу ошондо биринчи жолу билиптир. Досуна арак алып бергис болот. Бирок кийин Кыялбек анда-санда «сеп» этип коюп жүргөнүн бир күнү көрүп калган Султан:

— Эй, сен ит турбайсыңбы. «Экинчи оозума арак алгыс болдум» деп жүрбөдүң беле… — десе, Кыялбектин жообу:

— Ичкиликти итчилик деп сен эми,
Ичкиликти ичпей койгуң келеби.
Ичкиликти иттер ичпейт илгертен.
Мен ичемин, ит эмесмин себеби, — деген экен.

 

«Хобби»

dujshon-kerimovАкын-жазуучулар үчүн Дүйшөн Керимов жүргөн жер шаңдуу. Өзү колунда бар чынжырлуу байлардан деле эмес. Бирок капчыктуу байлардай жүрөт. Кенен жүрөт. Пейлин белине байланып алган. Кыргызча жашайт. Ал кишинин «арак ичебиз, кел» деп телефон чалып турмайы бар. Жалаң мыктыларга сый көрсөткөн жагынан алдына киши салбайт. Халтурщиктерди жанына жуутпайт. Жакшы жазгандар менен гана чөйчөк кагыштырат. Чөйчөктөр сүзүшкөн жерде ыр окулат, арак ичилет. Жакшы ичилет. Көп тамаша айтылат. Чер жазылат. Кадимки «Байдылданын батальону» топтолгондой…

Үйдөн жеңебиз «сен тапканыңдын 85-90 процентин жалаң акын-жазуучуларга арак апергенге коротосуң» деп тилдесе, «бул менин – хоббим, – дейт экен. – Алардан акчамды аяп, көпөс болгондон эмне табам?» дейт экен. «Акын-жазуучуларды аракка азгырмайын, эч кимиси сырын ачпаган эл. Кимдин ким экени аракка тойгондон кийин билинет» деп какшайт экен жеңебизге. «Ушул алтымыш жашка келип, мен бир нерсени түшүндүм, чыгармачыл адамдын көңүлүн алып туруш керек» деп атып катынынын тиягынан чыгып, биягынан чыгып алдап, акыры семейный бюджетти шыпырып алып баса берет экен.

 

«Кашайгырлар» көп экенomor

Ошол Дүйшөн Керимов айтат: Омокеме (Султанов) салам айтып, босогону аттасаң эле «о, кашайгыр» деген жаман кеби бар. «Бир жолу бирөөлөр менен шахмат ойноп отуруптур. «Сайрандап келбейлиби» десем, азыр деп отуруп, дагы эки сааттай ойноду» дейт. Омоке акыры көчүгүн көтөрүптүр. Тоо жакка бармай болуп, машинеге отурушуптур. Бираз жылганда эле: «О, кашайгыр, мен эртеден бери тамак ичелек турбаймбы» дегенинен кафеге кайрылдык» дейт. «Ал күнү жакшы сайрандадык, – дейт. – Бирок Омокем «кашайгыр» дегендин эртеси көз доктурга көрүнөм деп барып, ооруканага жатып калдым. Ошондо чыныгы кашайгандарды ооруканадан көрүп, Омокенин каргышы элдин көбүнө тийген экен дедим. Андан бери Омокеге барбай жүрөм, көзүм ооруп жүрөт», – дейт…

 

«Тажата элекминби?»

Мурзаке (Гапаров) менен ичкен ырахат эле дейт Дүйшөн Керимов күрсүнүп. «Жыргал эле. Хэмингуэйди баштап кой, бүттү. Анын мастерлигин айтып түгөтө албайт. Жакшы жери – канча көп сүйлөсө да, тажатпайт эле. Андай аңгемени кызыктуу курган масты көрө элекмин, – дейт. – Мас болуп отурса да, жанындагылардан «тажата элекминби?» деп сурай берчү. Бирок тажатчу эмес. А кишинин тазалыгы ушунчалык эле, – дейт. – Бир жолу алдыман чыкканынан «ассолом алейкум» десем эле менден шарт бурулду. «Эмне балээ болду!» деп турсам, арыкта аккан сууга колун чайкап, чөнтөгүнөн таза жүз аарчысын алып чыкты. Колун таза сүрткөндөн кийин анан амандашып турганы, – дейт: «Сен менин жакшы көргөн үкамсың. Сенин эле алдыңда сааттай болуп бир «ит» салам айтканынан, колумду карматып койдум эле. Сага эми мынабу таза колумду берейин» дептир. Андан соң аракка кирдик» дейт.gaparov1

«Арак ичкен киши Мурзакедей ичсин. Кыргызда андай арак ичкен киши жок. Өмүрү шаштырбайт. Башкалар ичтери кызыганча алдыдагыдан көздөрүн тарталбай «кел, мелтиретпей алып жиберели» деп шаштырып турат. А Мурзаке майдалап ичип, майын чыгарып сүйлөгөндү жакшы көрчү. Ошентип отургандын өзүнөн ырахат алчусуң. Сөз арасында улам, «э үкам, тажаткан жокмунбу?» деп калат. «Ой, жок, Мурзаке, улай бериң» десең, анан бал тилин кайрайт. Сөз арасында өтүп бараткан жакшынакай кыздарга алакты болуп, көз салганды жакшы көрчү. Анан мынтип калчу дейт: «Үкөм, сен мага капа болбо. Мен чырайлуу кыздарды тиктегенди жакшы көрөм…»

ern

Анан акын-жазуучулардын арасынан аракты эң жакшы көтөргөндөрдөн Эрнис Турсуновго
киши жетпейт эле дейт Керимов. «Эң кыйыны Эрнис байкебиз эле» дейт асылдарды өксүп жоктоп. «Башкалары бак сүзгөн бойдон тамтаңдап үйлөрүнө кетет. А Турсунов канчалык мас болбосун, боюн зыңкыйта карманчу. Дагы бир мыктылыгы – жандуу энциклопедия эле. Адабий чөйрө эмес, театр жаатын да жакшы билчү. Башкаларды көтөртмө мас, жинди мас, чырлуу мас, уктама мас, жээликме мас, жөөлүмө мас, арамзаа мас деген түрлөргө бөлөм» деп жүрөт Керимов.

Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *