Чоюн ӨМҮРАЛЫ уулу 

ДӨӨЛӨТ

 Көчмөндөр өнүгүүнүн диалектикалык мыйзамынан кабарсыз сырт калышкан деген миф мээбизди али чытырман жыш басып тургандыктан ушуга келели эми. Тек, диалектика деген термин Батыш-Чыгышка байма-бай таралып калган себептүү аталган терминди аралаш колдоно барабыз. Оң-Солдун ички агым-кыймылына, анын көчмөнтаанымда аңдалган өзгөчөлүгүнө атайын токтололу. Диалектика өзү кыймылдын мыйзамы болгон үчүн олуттуу стереотиптерди бузуп, биз да обол тамаша өңүттөн чыгалы.

Кылоо, кылоо торпогум,
Алдыга кетсең ууру алат,

Артта калсаң бөрү жейт,

Орто жолдон чыкпай жүр,

Кылоо кылоо торпогум.

Бул диалектикалык кыймылдын уюлу: Же алтын ордонун /ортонун/ философиясы, «Теңирчиликте» «Тянь» жана «Теңир» угумдардын теги-жайы тууралуу ой толгоп анын миң сырлуу маанисинин балким бир жер себеби «тең» деген уңгуда катылган деген болжол ой айткан элек. Аал, Көк себеби — биздин ыкыбалда эмес. Ошол «ТЕҢ» маани Теңирчилик философиясынын өзөгүн түзүп турат. Бу универсал идеянын сүрөттөлүшүн мисалы, бозүй сыпатында берсе болот.

Оң тарабы эр жак,

Сол тарабы эпчи жак,

Борбору – түндүк же Орто /Алтын Ордо/.

Жарымы Кара, Жарымы Ак; Жарымы Күн, Жармы Түн; Жарымы Эр, Жарымы Үр, Жарымы Асман, Жарымы Жер – бүткөн чулу бир Дүйнө! Бая айтылган Дао-Дүйнө ушуга окшойт, монадалык белгиси да ушуга дал, таразанын эки тарабы бирдей, ТЕҢ. Дүңүнөн — абсолют тең. Антпесе, Ак ийгиби, Кара ийгиби? – ким айтат? Күн ийгиби, Түн ийгиби, ким сүйлөйт? Бийик кайда, жапыз кайда ким билет? Бирисиз бири жок, көрксүз, сыңар, жарты, кем… Бирок Теңиртаанымдын гениалдуулугу ушунда: ал экөөнү абсолют да барабарлабайт. Абсолют барабарлык – ал салмаксыздык, кыймылсыздык, каткандык дейт. Демек – өлүм, тыйпыл жок.

Мына ушул жуп барабарлыкка ЖОЛ деп аталган бир керемет маани кошуу менен Теңиртааным экөөнүн бирөөнө Теңирий артыкчылык ыйгарат да кыймылсыздыкты кыйратат! Кыймыл жаратат! «Төп төгөрөктү» түз сызыкта как жарып жара тилбейт, бир бирине ээрчитип ийри тилет («Оң-Сол» белгини караңыз). Кыймыл чыгат. Биринин Жолу улуу, экинчисиники ага Кичүү. Айталы, Теңир бийик, идеал, дух, андыктан анын Жолу, жапыз жана материалий Жер Жолунан улук саналат. Демек, Бийикти Жапыз ээрчимек шарт. Оңду Сол уламак шарт. Бирок бул, каткан сенек мамиле эмес. Бийиктин да Жапызга бой сунмагы бар, Улуктун да Кичикке кол сунмагы бар. Эки мамиле ТЕҢ Ортодо табышып гармония жарланат.

Мына ушундан соң гана башаламан чачкын дүйнө ирээттелген, тыткын хаос ыраатталган. теңирдин эркин таануу деген ушул! Арийне, сырттай караган көзгө мунун баары, тек, орун алмашкандай, механикалык кыймылдай, метафизикадай баамдалат (Аристотель да ушуну айткан эмеспи). Чынында, андай эмес. Бул түбүндө Дүйнөтөгөрөктүн, же Даонун ички карама-каршылыктын биримдигинен төрөлгөн кыймыл – «самодвижение». Анан да, даанышман айтымда, бул кыймыл бар болмушка бирдей таандык. Руханий да, материалий да кубулуш-затка тең таралган. Универсал мааниге ээ. Муну токтоол таппай Учтан Түпкө удургуган Эстин Жолу деп билсең да эп. Ички кыймылынан азыктанып өргө ыңгыранган материянын өнүгүү мыйзамы ирээти карасаң эп. Жалпылыгы – кыймыл булагы өзүндө.

Бая айтылган, үзүлбөс кыймыл тайгаланып баратып бир ирмеминде как жарылып тең-түгөйгө ажырымдалган да, кайра чексиз түгөйлөшүп бир бүтүндөлгөн да биримдик ушул. Аккан Дүйнө… Төп Төгөрөк… Жараткан… Өр алган жеринде Оңго айланат, пас түшкөн жеринде Солго айланат. Жапыз бийиктейт, Бийик жапыздайт. Карама-каршылыктын же Кош Түгөйдүн теңдиги, бая айткандай, абсолют барабар, демек өлүү, сенек, кыймылсыз калбашы үчүн, жашоо-тирлик маңызы атынан ишке чегилген ички улуу мыйзам ченем ушул – «Жолу улуу». Муну кыргыз, «Ак менен Кара жарышат, Акка Кудай болушат» деп бир шилтеп айткан. Же Даонун табиятына кайрылсак: «бар тарапка багыт алган – Жолу ачык, Оңу дагы Солу ачык, Түбөлүктүн түбүнө арылдаган, жок, түбү ансайын аңылдаган, жан жагына жайылып кеткен, жок, жайылып атып жыйылып бүткөн…», ичке- тышка тебилген, Чегин жоюп Жээк жемирген, бууракан сапырылган бу азоо кыймыл артылып Хаос түр күтүп, өз башынан алыс кетип (кудум, Толубайдын чаар атындай!), өзүн өзү түгөтүп төгүп бүтпөс үчүн да аган гармония жарлаган ушул табигый Жол буйрулган. А демек, Түптүн Түгү өзү түбүндө, аң-сезимдүү (Жараткан, Эгем, – мировой разум) башталма…

Аң-сезимдүү… Антмеги анын жарлаганы — Бийик Жол! Хаос эмес! Теңирдин Жолу, Жарыктын Жолу, Күндүн Жолу, Актын Жолу… «Не голое отрицание, не зрящное отрицание, не скептическое отрицание, колебание, сомнение характерно и существенно в диалектике, – которая, несомненно содержит в себе элемент отрицания и притом как важнейший свой элемент, – нет, а отрицание как момент связи, как момент развития, с удержанием положительного, т.е. без всяких колебаний, без всякой эклектики».

Теңиртаанымдагы «Жолу улуу» деген маани материалист жазган дал ушул карама-каршылыктын бир тарабы өр алып / демек Бийикке өтүп/ оң – положительныйга айланган учуруна, каран калгыр, канчалык бап айтылган! Бая айткан диалектиканын ички маңызы – «Сүйүү» деген сөздүн мааниси ушул жерден бир жанаар.

Тек бир айырма; аалымдардын бир даары (марксистер) бул кыймылдын аавал булагын материянын табиятына ооштуруп, анын мезгил-мейкинде ачылган жашоо формасы ирети айтса, экинчилери (Гегель) духтун табияты, дух башталыштын өзүн-өзү таануу процесси катары сунуштайт. Аал, Теңиртаанымда болсо, түбөлүк бир биринде оожалып оошуп жаткан, бирок артыкчылык — «жолу улуу» Теңирге калтырылган тепчилген, аккан төгөрөк Төпчүл сыпатта көрүнөт. Же муну кыргыз кылычтай бир шилтеп айткан: «БАР, качааган – тутулбайт, ЖОК, качааган – кутулбайт!» Кыргыздын бүткүл дүйнө таанымы ушул Уч менен Түптү өтмө катар (!) ТЕҢ (момент связи, момент развития), «төп төгөрөк» (оң-сол) аталган бир алкакка ийирип салган. АККАН ДҮЙНӨ дегениң ушул.

Аккан дүйнө мыйзамында уюган эки миз макал-лакабы ушул!

«Малың болсо дооң бар,
Башың болсо жооң бар».

Эки башка (сырт, ич) маани айтып келип ортосунан жанган от тапкан ыры ушул:

Күкүктөп суусу ташыган,
Күкүгү бакта таңшыган,

Күкүктүн үнүн укканда ээй,

Күйүттүү пенде жашыган.

 

Булагы сайда ташыган,
Булбулу бакта таңшыган,

Булбулдун үнүн укканда аай,

Муңдуу бир пенде жашыган…

Жан жагын ортого уюткан жасалга-колдонмо өнөрү ушул: (Скиф айбанат стили, шырдак, алагийиз, сайма ж.б.).

Улуу-кичүү, эркек-аял, демек, Жер-Теңир принцибине негизделип, түзүлгөн этикасы да ушул – Теңирчилик! Алтын Ордо мыйзамы ушул. Алтын Ордо демекчи, аган кайрылаар алдын Гегель жөнүндөгү кепти бүтүрөлү. Ошентип сөз башында айтылган диалектикалык таанымдын түп данегине акылман Гегель Батышка караганда Чыгыштан байма-бай канган сыягы бар. Ал эң башкы удулунда — дао маңызына дал. Ал эми дао идеясынын түп түйүлдүгү Түндүктү байырлаган байтак көчмөн журтта көз жарышы мүмкүн эле деген ой «Теңирчиликте» кең айтылган. Акыйкатта, Дүйнө акканы атчан баамга гана айкын урунган. Көчмөн атка мингенде Дүйнө акканын көргөн.

А демек диалектика өзөгүн да көчмөн жашоо мүнөз гана көзөй көрмөк. Табияттан киндик үзбөй Дүйнө өзөгүнө (дао) өткөн өмүр таанымак. Учсуз-кыйырсыз Улуу Жолдо самсыган көч гана ийгисин алып, ийрисин танып, жарамдуусун алып, жарамсызы калып, алып-калып… калып-алып… азбас-тозбос Алтын Корго айлантып бармак. Улам-улам… Улам-улам… Ушунда гана дүйнөтааным өз уңгусунда престелмек. Артын жыйып, Алдыга кайгуул салмак. Данек калмак. Жандуу, тирүү, кыймылдуу… Айтөгөрөктөлмөк! Таанымдын табияты ушул. Диалектиканын диалектикасы ушул! Андай болсо, о дүйнө, «абсолюттук духтун» атасы көчмөндухта жатпайт бекен!… Эми «Алтын Ордо» мыйзамын айта берсек болот.

Бая айтылган «торпокко кылоо» — Алтын Ордонун жайын жалпы айтканы. Мунун кеңдиги кеп кызытса ачылат. Байыркы акылмандар, журт башкарган дааналар ушул мыйзамдын уңгусуна уюп, көзүнө чөмүлгөн. Бул — алар чыныгы диалектик болгон деген сөз. «Узунсуз кыска болбойт, улуусуз нуска болбойт» деп турган жеринде меселдеткен кыргыз, мисалы, дагы минтет: «Ач – тоюнат, көпкөн – жарылат» дейт. Же ушуга жандырмак катар: «Барга – канаагат, Жокко – сабыр» деп да коет. Арийне, бу жөпжөнөкөй, даостой жупун кийим, бас айтылган чындыкка кимдир бирөө чычая калып: мунда кайсыл ашынып кеткен диалектика? – дээр. Эмесе дагы бир даочындык менен жарыштыра кеп салалы:

«Теңир менен Жер түбөлүк. Алар өзүлөрү үчүн жашабайт, андыктан экөө бирдей Тең түбөлүк..

Өзүлөрү үчүн жашабаганы – бир-бирине умтулганы. Жердин Асманмаңызга канып, Асманмаңыздын Жермаңызда кулпунганы, сызылып Орун алмашканы. Бул механикалык кыймыл, метафизика эмес, диалектиканын өзү! Теңирди ээрчип жашаган Даанышман жолу да ошондой. «Чын Даанышман элдин соңун көздөйт, ошон үчүн озгун. Жанын бөпөлөбөйт, «ошон үчүн жашоосу узак». Же өз маңызын Түгөйүнөн (батышча: карама-каршысынан) тапкан Жер-Теңир сымак Даанышман да айтөгөрөктүн бир чегинде жашап жатып, анын экинчи ченемине өткөн. Күңгөйдө туруп тескейди билет, тескейде жүрүп күңгөйгө күйөт. Эки ченем чекти бир жашайт. Айтөгөрөк толгону ошол, Дүйнө өзөгүндө калганы ошол. Ал ачтын тогу, бардын жогу бар экенин билет, андыктан сабыр кармайт, көпкөндүн жарыларын билет, андыктан канаагат жарлайт. Кырбууну ашпай, кызуукан жанталашпай ийрилип ичке – Алтын Ордого оролот. Дүйнө өзөгү – төп-төгөрөктө толуп жашайт, толук жашайт. Асман-Жерди жалт уюткан «Айкөл» деген бир аттын биринчи жандырмак учугу ушуякта.

Демек ал баспай туруп баарын тааныйт. Жумшак туруп таш кесет. Карабай туруп көзөй көрөт. Суурулуп чыкпайт, бирок озгун. Ишаратынан иш бүтөт. Бул демек, Аккан Дүйнөнүн өзөгү менен өзөктөшүп, жүлүнүнө жүлүнүн кошту деген сөз. Жүрөк тамыры жүрөгүнө туташып, лукулдап бир какты деген сөз. Б.а. Күн өзөгүнөн Түндү көрдү, Түн көзөмүнөн Күндү көрдү. Карама-каршылыктын биримдигин тааныды. Бир-бирине кайнашып, агылып, салаалашып бараткан жигин билди, түгөйлүү (ак, кара) Дүйнөнун түбүнө түштү. Улуу чындыктын уңгусун илди деген сөз. Анан даос диалектиканын атасы эмей эмине! Оң, – Солдун Сырын чечип кош кулагынан кулундай чыңыртып кармаган Манас Айкөл бу ай ааламды буй кылган жалгыз шери эмей ким! Ооба, Айкөл деген касиеттин учугу ушунда. Манастын символу ушунда:

Асман менен Жериңдин,
Тирөөсүнөн бүткөндөй,

Алтын менен Күмүштүн

Ширөөсүнөн бүткөндөй.

Айың менен Күнүңдүн

Бир өзүнөн бүткөндөй. 

 Өзөгү өзгөчө Сыр. Өзүнчө сөз…

Бая, Даанышман Орду Оң Солдун Уюлу – Алтын Түндүк Ордодо дедик. Бирок бул чок ортодо кыймылсыз уюган да Орун эмес. Кыймылдуу. Ушерден ал эки канатын тең кармайт. Зарылына карай бир канатынан экинчи канатына күч ооштуруп, салмагын оойт. Минтмеги, бая айткандай, Турмуштун, Өмүрдүн, Жашоонун Жолу өзү түбүндө өр (оң – ян) беттеп Теңирге – Идеалга умтулган. Демек, чын Даанышман да дамамат турмуш агымынан Башкы Багытын кармайт. Кайсы учурда эмне иштээрди кыраа аңдайт, адам жолун, коом жолун будурларда буйтатып, Түпкүлүктүү Жолго далдайт. Айталы, эл, мамлекет Жолу өр алганда ал таманынан сүйөп таянычтуу өбөлгө түзөт, дагы алга сүрөйт, мамлекетти күчтөйт.

Мамлекет Жолу төмөн чалганда аны чөгөрбөс үчүн алдыдан каршыккан тоскоол табат. Мамлекетти алга жирейт, түбүнөн тирейт. Кечээги калк кызыкчылыгындагы эң прогрессивдүү нерсе эртең башка шарт учурга жараша, балким, регресске айланышы ыктымал. Болбосо, эл Оң Жолуна оогондо анын табиятына таянган радикализм мамлекет чыңаар. Терс Жолуна оогондо ошол тейде улана берген радикализм, балким, зыянга чабаар. Анткени бул учурда эл табиятына кайчы кадам, же волюнтаризмге ооп калат. Айтса, азыркы биздин реформатор башчылардын бейдиалектик, бейдарек осол кадамдары дал ушуган окшойбу?). Андыктан чын Даанышман мындайда жана айткандай заман будуңунан Башкы Багытты айра таанып көзөй көрөт да өзүн ошого маштайт, элди билги баштайт.

Анте албаса «чыныгы» аты бекер, же чын диалектик эмес. «Коммунисты должны приложить все усилия чтобы направить рабочее движение и общественное развитие вообще самым прямым и самым быстрым путем к Всемирной победе Советской власти и диктатуре пролетариата. Это бесспорная истина. Но стоит сделать маленький шаг дальше – казалось бы, шаг в том же направлении – и истина превратится к ошибку». Лениндин соңку сөзү ушу учурга кандай гана таамай дал! Гегелдин казанында кайнап чыккан диалектиктин да бир айтканы мобул: «Диалектика требует всестороннего исследования данного общественного явления в его развитии и сведения внешнего, кажущегося к коренным движущим силам, к развитию производительных сил и к классовой борьбе».

Материалисттик маанайдагы бул пикир да ушул ирмеминде бая «Даанышман тарыхый кырдаалга карай кош канаттан күч ооштуруп бир жагына, Башкы Багытка («к коренным движущим силам») салмак оойт» дегенге төп үндөшпөйбү?! Минтип чыныгы диалектик гана айтат. Тек, материалист Лениндин мында дайымкы, өзгөргүс, башкы (же «жолу улуу» учур) кыймылдаткыч күч катары өндүргүч күч жана тап күрөшүн эсептеп койгону, ал башка cөз. Анткени адам руху, нравасы алдыга суурулган традициялуу Чыгыш коомунда тарыхтын белгилүү бир мерчеминде өңдүргүч күч эмес, өндүрүштүк мамиле, тап күрөш эмес жалпыулут кызыкчылыгы башкы планга чыгат, «внешний, кажущийся» менен «кореннойдун» орду бир-бирине жылышат.

Чыныгы диалектикалык ыкма менен тишине чейин куралданган жан гана практикада замандар таң калгандай иш бүткөрөт. Ленин – ошол даанышман! Суроо туулат: Анда эмне үчүн ал негиздеген дүйнөдөгү биринчи социалисттик мамлекет байтеректей карс сулады? Байтүбү бошоң чыкты? Ашкан диалектик өмүрүн сайган иш кейиштүү бүттү? Диалектигиң ушубу?

Ошентип – Төп Төгөрөк – Оң-Солдун мыйзамынын бузулушу акыры түбү эмнеге согот деген да суроого утур бардык. Асмандан Жерге түшөөр, теориядан практикага жанаар да кез келди.

Бул эриккендин, же өткөндү эңсегендин суроосу эмес. Мейли дос, душман болсун, ашкан цивилдүү авторитет болсун, анын ар бир айтканын «хуп, майли» деп куптай бербей биз өзүбүз ар бирибиз кара башыбыз менен ойлонуп-толгонуп, түбүнөн түшүнүп чыгышыбыз керек болгон «судьбоносный» суроо бул. Себеби, бул, социализмдин гана маселеси эмес, диалектиканын маселеси! Себеби, социализм идеясы — адам баласы менен ТЕҢ жаралган идея! Себеби, социализм тууралуу кайнаса каны кошулбас пикирлер эсил СССРдин өлүмүнөн соң иттин кара капталынан өрүп кетти. Акыркы жолу бизде да мамлекеттик деңгээлде башка эмес, дал Президенттин оозу менен расмий пикир айтылды. «Бул окуянын философиясы чындыгында башкада: 17-жылдын октябрында Россия империясынын бардык элдери үчүн большевиктер тарабынан тандалып алынган коомдук өнүгүүнүн социалисттик жолу, тилекке каршы, акыры келип туюкка такалды. Жаркын коммунисттик келечек идеясы куру кыялга айланды».

Чын эле ушундайбы? Эгер мындай болсо анда бул «окуянын философиясын» жана эмне үчүн «туюкка такалганын», «куру кыял» экенин да аңдап чыгуу зарылдыгы бар. Арийне, Дүйнөлүк ургундай тенденция социализмди биттей ушалап күч алган азыркы кырдаалда алакандай Кыргызстанда арал социализм куруш үчүн эмес, кайталайм, баятан башталган диалектикалык ыкма тууралуу ойду конкрет темада улантыш учун зарыл. Артылып алдыга жол чалыш үчүн зарыл.

Коммунизм – өксүгөн теңиризм

Жанараак Гегелдин диалектикасын марксизм материя кыртышка ооштуруп, аягы-башын оодарганы болбосо диалектика тааным, негизи, чыпчыргасы чылк калганы айтылды. Бул жалпыга белгилүү чындык. Бирок ким билет, марксизмдин жарака беришиндеги эң биринчи ийне көзүндөй жылчык себеп, ахилл таман талуусу да анын дал ушул материяны биротоло кудайлаштырып салганында, ошондон улам андан табигый уланган тарыхый материализминде объективдүү фактор такай чечүүчү күчкө айланып, анын каршысында руханий-субъективдүү фактордун өз даражасында (!) ага атаандаш (!) кезмектеш-салмакташ (!) деңгээлинде баа албай калганында чыгаар. Салмак борбору бирөңчөй сыртка тебилип, материя тегиздигине ооп, улуу мыйзамченем негизинен бир тарап материя тилкесинде калып, потенциалы кемип, дух ааламы ээрчиме сөлөкөт, экинчи чагылыш катары, активдүү айлампадан четтеп, бара-бара итийленип, натыйжада, баары түбү айланып барып диалектиканын өзүнүн шайкештикке умтулган мыйзамына зак кеткенден эмес бекен. Ким билет… Бул ыңгайдан алганда, эки учу кошулуп, айтөгөрөктөлгөн Гегель «төптөгөрөктө» толуп, толук жашап калган бакшы менен даос сыңар, байыраак…

Бирок Маркстын бу ахилл талуусу акырындап, жай буралган мина сыңар, ал өлгөндөн кийин, дагы жүз жыл өтүп, Ленинди, Сталинди карытып, кийин-кийин ачылат. Балким анын абалкы талуусун соңку акылмандардын «учение Маркса всесильно, потому что оно верно» (Ленин В.И.) деп кудайлаштырып айтып койгон бир сөзүн пир тутпай, жаңы тарыхый шартка жараша улам айыктыра, улам байыта барышы да зарыл эле. Мындай мүмкүнчүлүк бар эле. Анын айкын мисалы – кытайлашкан марксизм. Бирок бул вазийфатты аткарууга дайымкы аңыздалган «русская душанын» руханий потенциалы жетпей калды. Эмне үчүн? Мунун башатын түшүнүш үчүн кайрадан социализм идеясынын тегине келүүгө туура келет.

Социализм идеясы адам баласына боор эт менен бүткөн дедик. Бирок ал социалдык илим катары Батышта гана көз жармак, жетилмек. Байыркы нарк жамаатчыл, теңчил рух, боордошчул гумманизмден тумтак кол жууп, жүрө-жүрө индивидуализмдин сазына чыккыс баткан, эго сайрандаган, өзүнөн да өндүрүштөн да жатыркап, табийгат заңынан тумтак өгөйлөнгөн жан гана, алар түзгөн коом гана байыркы акчайыт балалыгын, бешик ыр, ата жомогун, пенделик теңчилигин биологиялык муктаждык катары зарылдамак, эңсеп кусаланмак. Тушунда марксизмдин илим катары жаралышына Батыш турмушу бардык объективдүү шарты менен өнүгүп жетти, өбөлгө түздү. Тарыхый-социалдык кыртыш даярдады. Бирок бул идея Маркс вариантында да Батышта эч качан ишке ашмак эмес. Анткени миң жылдар бою тынымсыз, тынымсыз калыптанган өзгөргүс жеке менчикчил менталитет, материалдык байлыкка кумар ышкы, тамырын айыккыс дарт чалган индивидуализм, баары бир, өз сөзүн айтмак.

Социалисттик революция географиялык Евразия гана эмес рухий Евразия да болуп саналган Россияда гана ишке ашмак. Анткени ал бир жагы, капитализмдин күрдөөл жолуна түшкөн европалык өлкө катары Батышта көз жарган идеяны өздөштүрүүгө ыңгайы жетик болсо, экинчи жагы, азиялык өлкө катары өз кыртышында общиналык түзүлүш, жамаатчыл маанай, боордошчул духту мол сактаган, өзүлөрүнүн сөзү менен айтканда «русская душанын» менталитети социализм үчүн үрөнгө даяр токкыртыш маанайын эч качан жоготкон эмес. Мунун биринчисине басым салып, экинчисин анча элебеген, а тургай жериген Ленин өзү да кезегинде минтип моюндоого аргасыз болгон: «Россия в очень многих и очень существенных отношениях, несомненно, представляет одно из Азиатских государств и притом одно из наиболее диких, средневековых, позорно отсталых азиатских государств». Кылым башындагы шарты жетилген бууракан Россияны, табият-менталитети татаал, «позор» Россияны социалисттик революциянын жеңиштүү жээгине чебер теоретик, чечкин практик, акылман стратег, шамдагай тактик, элестүү айтканда Алтын Ордодо ар бир жолу өзүнүн ээлер Ордун жаңылбай-жазбай аныктаган диалектик гана баштап чыга алмак. В.И.Ленин заманындагы ошол адам болду.

Аал, социализмдин СССРде кыйрашына келсек мунун да түпкү фалсафий себеби бар, жана бул дагы анын ириде евразиялык тагдырында катылган. Биринчиден; анын бая айткандай материяны кудайлаштырып салган диамат жана объективдүү факторду субъективдүү факторго, базисти надстройкага туруктуу үстөм алып чыккан истмат маанайы орус духунда бар европалык прагматизмине жуурулуш тереңдеди. Экинчиден; толук кандуу азиялык менталитеттен сырт тагдыры б.а. руханий Алтын Ордонун чыныгы ээси эместиги да анык диалектика – Оң-Солдун сырын чечүүгө кудуретсиздик кылды. Аны алдастап издеген Бердяев сындуу аалымдар өлкөгө өгөйлөндү.

Духмейкин тарып теңсалмак бузулду. Коомдун бир танабын «көңкөкүрөктүк» («бездуховность») басты. Учурунда улуттар жана орус маданиятында кайра жанданган — тарыхка зор кызыгуу, «деревенская проза» аталган феномен, Чыгыш философиясына артылган ышкы, ар кандай жашырын диний секталардын тымызын күч алышы ошол көңкөкүрөк оорунун белгиси жана аган каршы азоо духтун стихиялуу бунту эле. Ушундай шартта мамлекетти чечкин жетелеп кетээр заман бийигиндеги Ленин, Сталиндей чыныгы теоретик да, практик да даанышман диалектиктер бийликте жок болду. Баса, орус духунан табылат беле ал… (?) Эки фактор биригип, дүйнөлүк зор державаны жолдон чыгарды. Ахиллталуу акыры найза жеди.

Арийне, башка да экинчи катардагы ич себептери бар, биз биерде, тек, ошонун баарын чечип кетээр потенциалды алып жүргөн эң башкы себепти айттык. Ал, сырткар себепке келсек; өзөгү көңдөлгөн байтеректи саатын күткөн кексе жоо добулдай кагып түшпөйт бекен!.. Жанаша-жарыша куралданууну таңуулап. Экономий алсыраткан-кансыраткан экинчи дүйнөлүк зор держава тапатандан, таламандын тал түшүндө, тапанчадан бир ок чыгарбай туруп, жалаң идеологий айла-амалда кебез менен мууздап салды! Талп кыйратып!

Ошентип, «материалистический метод превращается в свою противоположность, когда им пользуются не как руководящей нитью при историческом исследовании, а как готовым шаблоном, по которому кроят и перекраивают исторические факты» деген Энгельстин кылым мурунку диалектикачыл кыйкырыгы угулган жок. Марксизмди догма кылбай, башка тарыхый шартта, бөлөк кыртышта байыткан, чындап келсе марксизмге күч берип «ахиллтаманын» эмдеген окуу – Маонун «кытайлашкан социализм» тууралуу теориясы Энгельс эскерткен догматиктер тарабынан (Ленин, Сталинден кийинки) каршы алынды, «Марксизмди ревизиялоо», «идеализм», «субъективизм» катары жокко чыгарылды. Мао кытай чылапчынга киринткен баланы Советте «гегемонизм» аталган суу менен кошо төгүп жиберишти. Ал эми Маонун теориясынын эң башкы өзөгү, бая, биз кайра-кайра кан какшап аткан, ошонун түп маңызын түшүнүш үчүн гана аргасыз ушунча сабак сөз чубаган диалектикалык таанымдын данеги – оң-сол (инь-янь) идеясына негизденгенинде эле. Акыйкатта СССР – Кытай жолунун ачаланышы да, көбүбүз алиге жаңылыш түшүнүп жүргөндөй, Сталин-Хрущев окуясында эле эмес, анын чыныгы тамыры аржакта, Мао теориясынын, мамлекет философиясынын кыртышы менен тамырлаш жаткан тагдырына байланышкан. «Марксизм должен принять национальную форму, прежде чем он можеть быть применен. Не существует такого понятия, как абстрактный марксизм, существует только конкретный марксизм. То, что мы называем конкретным марксизмом, – есть марксизм, который принял национальную форму… Китаизация марксизма – так это следует назвать – означает, что во всех своих проявлениях он (марксизм) исходит из китайской специфики, применяется в соответствии с этими особенностями, становится проблемой, которую вся партия должна понять, и безотлагательно решить.»

Маонун 1938-жылкы, Кытай социалисттик революциясынан алда канча мурунку ушул сөзү Энгельстин жогорку осуятын эске салбайт бекен.

Ал эми Кытай өзгөчөлүгү деген эмне? Эң жалпылай айтканда ал тегинде традициялуу коом. Жамаатчыл коом. Улуу Теңиризм идеясын көчмөндөрдөн ооштуруп, уңгусуна уютуп алган коом. Рух башталыш менен материя башталышты эриш-аркак согуп, бир-бирине демөөр сүйөп турган коом. Чыныгы диалектика мыйзамы – «Төп Төгөрөк» өзөгүндө жанар бугуп жаткан коом. Даос тоом. Ал Маркс жашаган ашынган прагматик Батыш эмес, дух континенти эки айрылган (же евро эмес, же азия эмес) Россия да эмес (Россиянын бир трагедиясы да ушунда, анын улуттук бирдиктүү чулу менталитети ирип калган. Азыр биздеги «биз да евразиатпыз» деп кыргыз ичинен корооз талпынгандар ушунун караңгы түпкүрүн аңдашабы?), миңдеген жылдар бою философиялык-идеялык бир кыртышта уюган, руханий кордо чыңалган бирдиктүү чулу менталитет.

Мао анын мына ушул эң башкы табиятын – азиялык бай кыртышын, аавалкы диалектизмин тааныган да марксизмди Кытай кыртышта маңыздаган! Коомдук кубулуштарды түшүндүрүүдө жалаң бир тарап (кээде сенек) материалисттик ыңгайдан (т.а. Батыш менталитетинен) чыга бербей «Төп Төгөрөктүн» (оң-сол, инь-янь) маңызын методологиялык курал кармап башкы планга алып чыккан, объективдүү факторго катарлаш субъективдүү факторго Оң-Солдогу ээлеген таразалаш Ордун табыштап, тарыхый кырдаалга карай зарылдык туулса ага активдүү роль да ыйгарган, коомду көрөсөн баштоо үчүн Даанышмандын, мамлекет башчысынын ар бир жолу Алтын Ордодон ээлер ар башка Салмак-Ордун нускап, анык диалектикага негизденген саясат багытын аныктаган. Кылкылдаган миллиард калкты кылчайбай чечкин баштаган, же терең теоретик болгон, анын кеменгерлиги ушунда.

Бул эмнеден көрүнөт. Кеп далилдүү болсун үчүн Маонун экономикалык теориясынын беш башкы постулатын келтире кетмек эп.

  1. 1. Өнөр жай жана айыл чарбасынын ортосундагы мамилени жөндөө.
  2. 2. Мамлекеттин ички жана сырткы райондорунун ортосундагы мамилени жөндөө.
  3. Экономикалык курулуш жана мамлекеттик коргонуу ортосундагы мамилени жөндөө.
  4. 4. Мамлекет, кооператив жана киши аралык мамилени жөндөө.
  5. 5. Борбор жана жергилик мамилени жөндөө.

Бул кош тараптуу мамиленин бардыгына тең Мао «инь-янь» философиясын өзөк кылып алат. Бирин-бири улаган, толуктаган бир бүтүндүктүн эки жагы катары карайт. Кайсы учурда башкы көңүлдү, басымды кай бөлүгүнө оодаруунун оптимал вариантын инь-яндын кыймылдуу өнүтүнөн издейт. Эл-Мамлекеттин «жолу улуу» кызыкчылыгынан чыгат. Айтмакчы, коомдун ички турмушуна да ушу ыңгайдан мамиле этүү, кезинде аларды «бай-кедей» деп баррикаданын эки жагына ажыратпастан, бирин-бири тап катары аеосуз жоюудан да сактап калган.

Маоизмдин сынчылары ушуну түшүнгөн эмес. Алар Азия кыртыштын туундусу, дао философиясынын макродүйнөдөгү бар кубулуштун да, микродүйнөдөгү бир кубулуштун да табиятынан агылып чыгар универсал маңызын элебей ага Европа кыртыштын бир бет материалисттик ыңгайынан мамиле эте беришкен. Эки социализмдин (СССР – Кытай) соңунда эмне чекке келгени белгилүү. Биринде — айланып келип өзүлөрүн келишкис карама-каршылыктардын бир тарабында (материалисттик) камоого, базисти надстройкага карай туруктуу мазмуун саноого, мамлекеттик бийликти толук тоталитаризмге, социалисттик пландуу экономиканы абсолют борборлоштурууга сокту (мында улуттук республикаларга зарыл деңгээлде да экономикалык өз алдынчалык бергиси келбеген тымызын шовинизмдин да «салымы» зор). Мамлекет колжойгон монстрга өстү. Экинчисинде — экономиканы борборлоштуруу жана жергиликтештирүү, мамлекеттик жана жергилик бийлик, социалисттик жалпы менчик жана өздүк менчик, жалпылык жана жекеликтин өз ара мамилесин инь-яндын табиятынан чыгып ийкем тескеп, кыймылдуу башкарууга алды. Маонун улуу тарыхый ролу ушунда.

Арийне, маоизмди абсолют мактоодон алыспыз. Максимализм жээгин жемире баскан учур бар. Бирок миллиард калкты чайпалтпай баштоо да өзүнчө опуртал. Анын, керек болсо, улуу гумманист Конфуцийди да аябай экинчи катарга сүрүп, ашкан мамлекетчил Шаң Йаңды (легизмдин бу негиздөөчүсүнүн жанында Макиавелли кыл эшпейт) жарлап чыкканы бекер эмес. Бул кадамы улуу мамлекетти улуу ордуна кыска убакытта коюуга умтулган учурундагы тарыхый зарылдык болгон. Калкты аёосуз коммуналарга айдап атып да ал акыры ошол бийикти алды. Кашкөй! Кечээгисиз бүгүн жок. Акыйкатта, акылман Дэн Сяопин да анын тарыхый жаңы этаптагы табигый улантуучусу. Эми ал инь янь төгөрөктө заман тамырын таамай кармап, миллиард калкты стихияга алдырбай кайрадан Конфуций жолуна астейдил кайрып, кумурадагы жин зилин купуя Оң заряддап, жаратман нукка багыттап бараткандай…

Ошентип жыя айтканда, оо качандыр, качандыр бир Азиянын тереңинен тегеренип кеткен «Төптөгөрөк» Оң-Сол чындыгы (кайра эле дүйнөнүн жармын ат туягында тыткан көчмөндөр аркылуу!), гректерди аралай чапкан, Гегелге өзүнчө жол таап жеткен, андан Маркска өткөн дао теориясы сынчыл электен өткөн тарыхый материализм менен байып, Мао аркылуу Кытай кыртышка кайрадан кайрылып келди. Эми 2000-жыл босогосунда Кытай социализмин байтүптөн азыктандырып «Түркүк Мамлекет» (Жуң Го”) атын сактап Асман алдында бакыбат кармап турат. Демек, социализмдин түбү туюк деп акыркы бүтүм чыгарыш, эң жумшак айтканда, киндик алды тайыз сөз. «Жок, Кытай социализми бараткан жол такыр башка, ал капитализмге өткөн жол» деп көзгө топурак чачкан кепке да айтылаар жооп бар. Ал эми өзүбүзгө келсек «Россия империясынын бардык элдери үчүн большевиктер тарабынан тандалган жолго» (А.Акаев) б.а. социализмге карата ошо элдин бири катары өз мамилебизди тагыраак аныктап алышыбыз эп. Анткени бул өзгөчө мамиле.

Ооба, социалисттик революция кыргыз элин кырылып-жоюлуудан сактап калды, ооба, социалисттик түзүлүш жылдарында мамлекет түздүк, ооба, экономикалык жактан өсүп-өндүк, ооба, илим-билим өрлөп улуттук интеллект заманга кыйла шай калыптанды, ооба, кулак-куйрук, репрессиянын да кейишин кечирдик. Ооба, ооба…

Мунун баары тең чындык. Бирок мунун баары тең али чындыктын сырт гана жагы, көрүнөө жүзү, факт бети. Биз анын тереңги философиялык жүзүн аңдашыбыз андан лаазым. Ал чындык – социалисттик түзүлүштүн баарыдан мурда кыргыз сыяктуу көчмөн элдердин чыныгы түпкү табиятына, жашоо мүнөзүнө, жамаатчыл рухуна төп келгенинде жатат.

Социалисттик түзүлүш кыргыз элинин кылым түпкүрүнөн калыптанган ич-сырт дөөлөтү, дүйнө түшүнүгү, коомдук аң-сезими, психологиясы, кыскасы бар дасмиясы дал ошол тейинде бап келген токкыртыш болду да рух уругу тамганы соң аз гана убакыт ичинде чынарлап өсүп кетти. Эгер Октябрь революциясын шовинист орус сөксө эп (азыр сөккөндөр да ошолор). Себеби кылым башындагы капиталисттик тилкедеги дүркүрөп өнүгүп өсүп бараткан Россиянын, эгер революция тоскоол болбогондо, эмики келээр чеги, ким билет, мүмкүн, АКШныкындай станса эле. Аерде жергилик индеецтерди кырып тынгандай, буерде аз сандуу улуттардын тамыры кыркылмак. Бүгүн Евразия мейкининде бой керген бир Россия турмак. Күч менен барбаса да турмуш менен бармак. Көчмөн калктын жашоо ыңгай, дүйнө түшүнүгүнө түбүндө караманча кайчы турган еврокапиталисттик мамиленин улам канат кериши, өзүнөн-өзү биздей элди экономик-өндүрүштүк мамиледе муунтуп бир эңгиретсе, аң-сезим бүлгүнүндө эки алдастатмак.

Ичи-сыртынан бирдей жеп тынмак. Б.а. коомдун экономикалык, социалдык багытындагы көчмөндухка такыр жат, чоочун тартиптин ага эч даярдыксыз, таптакыр башка экономикалык мамиледе, социалдык психологияда, руханий өзгөчө тегиздикте жашап жаткан калкты аларга таптакыр бир түшүнүксүз тагдырдын каарындай аоесуз каптай бермек, алдастатмак, сокурдай карайлатмак. Барып, барып түбүнөн курутмак… Улуттун учурундагы корифейлери заманачыл ойчулдар Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылычтардын тарыхый аренага удаама-удаа бир мезгилдери күрр чыгышы улуттун өзүн-өзү сактоо инстинкти, ички чыңырыгы эле.

Кедерине кеткен элдеги кейиштүү көп өзгөрүштөр, трайбализмдин тамыры, керек болсо, так ошол жактан күчтүү түптөлгөн. Буга Талип молдонун «Кор заман» аттуу кол жазмасын окуган жан оңой ишенет. Улут – сырттан да, ичтен да бирдей курутулуп бараткан. Процесс ошого бараткан. Социалисттик революция, социалисттик түзүлүш ириде кыргыздын жанын, руханын арачалап калды. Элди түп табиятына эң көп жеринде дал социалдык түзүлүшкө алып келди, керек болсо сур тозоңу эмитен урган Гамлет суроолуу XXI кылымга 70 жыл бою даярлап келди. Өткөн миң жылдардын дүрбүсүнөн алдыңкы катаал заманга артылып карасак, анда аган карата белгилүү бир деңгээлде интеллект-иммунитетин иштеп чыгып алган мындай улуттук тагдыр, эмне, ажайып тагдыр эмес бекен! Совет доорунда, кыска убакытта көчмөндөрдүн дүркүрөп өнүп-өсүп кеткен себеби ушуякта. Илимде «көчмөн социализм» деген термин тегинде тегин чыккан эмес.

Ырас андай экен, социализмди «туюк жол» санаган сынчылар (кийинчерээк «большевиктер тандаган жолу» деп түзөтүү сүртүлдү) бул улуу идеянын уңгусунан сырт калган, руханий потенциалы жетпей ара жолдо чарчап тынган, социализмди жыгып алган жалаң Россиянын мисалын көңүлгө тутпай (Чыгыш Европанын жөнү бөлөк) социализм кең, түптүү түшүнүк, асыресе бай кыртышы өзүбүздө жаткан байтак түшүнүк экенин эстемеги эп. Бир державанын алкагында болуп өткөн окуяны ошол державанын алкагына тартылган бардык элдер үчүн алымсыз санап, бирдей мыйзамченем катары карай Берген кашка баш ойдон кайтмагы эп.

Албетте, бул сөз азыр далайга жакпайт. Эмики замандын түрпүнө, күүлөнгөн агымына кайчы дабыш бул. Дон Кихотчулук! «Өткөн ишке салабат» айтып муну унчукпай койсок болор эле. Эчтеке билбегендей тек дейди-маңыроо, демократия деген кең түшүнүктү Азия духта маңыздоого умтула берсе болор эле. Бирок антүүгө эми жылчык да калбай барат. Бир системанын биздеги тамырын жеткилең түшүнбөй туруп экинчи жээкке чабактай чабылып турбуз. Адамзат акыры айныбай бараар бирден-бир цивилизациялуу коом деп кыргыз демократизмине кайчы азылуу Батыш демократизмин идеал тутунуп турбуз. «Туюктан» качам деп өз башынан алыс секирип (!) куюкка кулаар опуртал барын ченебей турбуз. Коммунизм ал, керек болсо, тегинде «Теңиризм» экенин элебей турбуз. Себеп бирөө: диалектиканын чын мыйзамы – «Төп Төгөрөктүн» сыртында калдык, метафизика мейкинге тебилдик… Демек жолубуз Теңир жолуна кайчы түшүп турат. Абай баксак төбөдөн асман шуулдайт: «кайт кесириңен… кайт кесириңен… кайт кесириңен!…” Асман шуулдайт… Асман онтойт…

Дэн Сяопинден сурашкан экен:

– Улут табиятына кайчы демократизм уламдан улам ургаал кирди. Мамлекетибизге кооп туубас бекен, устат.

– Уюган таштан курулган храм да эскен желге термелерби? Терезени ачып желдеткендей бир кеп. А чынын айтсам, өлкөгө азыр Батыш инвестициясы абадай зарыл…

Ушинткен экен устат. Байтүп наркында бек турган зылдай мамлекеттин философ башчысы гана ушинтип айта алат. «Төп төгөрөктүн» сырын чечкен, өз мамлекетин асман алдындагы «Алтын Ордо» атап (Срединное Государство в Поднебесной) ага калкытып чыгаар Кан Жолдун (Срединная Путь) учугун кармап турган чыныгы каган-диалектик гана адаштырбай калк баштайт. Демек «кытай гегемонизми» деген бүгүнкү түшүнүк, керек болсо, ириде руханий гегемонизм. Кыяндай каптаар сырт маанайдан да мурда кыпкызыл жанар аккан ички маани. Азия ажыдаар… «Менин менталитетим мындай, андай», деп сырткы суук көзгө өзүн жылаңачтай бербей жыйрылып каткан тереңи ушул. А бизчи?..

Билимге эсер эмкини айтпайм, эзелки көчмөн муну билген. Билген… сырыңы алдырба деген. Кытай өзүн ажыдаар санаганда көчмөн өзүн кыят деп билген. Кызылдай жаалын мизине түйгөн. Табгачтын кебез менен мууздаар Сырын билген («катууну жумшак кесет»). Көз ирмебей көзүрдөй тике турган. Анткени ал, өзү башат – диалектиканын көзүндө турган, Алтын Ордонун толтосунда олтурган. Теңируул Манас — Кытай ажыдаарга айкөлдүгүн бет койгону ошо! Төп Төгөрөктү… Оң-… Алтын Ордону… Диалектика ыкманы! Сары Өзөндөн түндүккө созулган көз кайкыган мейкиндердин баарында, баба журтта балбал тигип, таш сайган көчмөн духу Солду ушул Сырды калтырып кете берген экен-ов!

Сары Өзөн демекчи, дао философиясынын Кытайга белгилүү атасы Лао зы жарым көчмөн Чжоу династиясынын кан сарайында архив кармаган. Ал калтырган кунсуз китеп «Дао дэ цзиндин» өзү да баш аягы бардыгы 81 баптан (тогуз жерде тогуз!) турат. Тогуз санды ыйык туткан, тогузу тогуз түрлүү тогуздап тартуу тарткан байыркы кыргыз нарк-салты! «Огуз намэ» тогуз саптан. Огуз хан тогуз хандан. Булар да тек бир кокустукпу? Алдэ ар кебине «Огуз намэ» сыңар символ уюткан Осуят – Сырбы?..

Болуптур түп атабыз Огуз хандан,
Огуз хан бири болур тогуз хандын.

Тогузунчу хан экен кыргыз атам —
Асмандагы Ай, Күндөй Жылдыз атам.
(Молдо Кылыч)

Андай болсо түпкү Алтын Ордонун түндүк ээси ким экенин сезбейсиңби, сезбейсиңби көчмөн журт! Түп диалектика, философияңды кайра кайрып келбейсиңби, келбейсиңби, көчмөндух!

Тереңги илим теңиризм – «көчмөн демократизм» экенине мына ушундайча келебиз эми. Тагыраак айтканда, коммунизм – өксүгөн Теңиризм экенин көрөбүз эми.

«Теңирчиликте» да, бая да «Теңир» угумдун бизге калтырылган бир жерсебеби (Көксебеби – Сыр), балким, «ТЕҢ» деген уңгу болсо керек дедик. Аныгын асман билет, тек менин биртуйганым; көчмөндүн бүткүл жашоо маңызы, ой-ааламы, рух тереңи ушул даанышман идеядан азыктанып, калыптанып кеткен экен. Бардык таанымынын байтүбүндө зылдай уюп ТЕҢдештирген маани тунат. Коммунизм деген түшүнүктүн өзү да мен үчүн Теңиризмге куят. Теңдик, Адилеттик, Ак эмгек, Боорукерлик, Чынчылдык, Калыстык, Гуманизм, Сый – Коммунизмди куруучунун моралдык кодекси менен Теңирчиликтин пендеге коер талабы бир, ушул! Эгер Лениндин формуласы менен айтууга туура келсе: «Коммунизм+ (плюс) бүткүл өлкөнү электрлештирүүнүн» ордуна: «Коммунизм – (өксүгөн) Теңиризм» деп жаңыртып жар салып айтаар элем. Бул, тек, сөз ойну эмес. Чыныгы ички мааниси ушул. Маңызы ушул. Анткени, теңиризм идеясы коммунизм өксүгөн эң башкы эки факторду кайра кайырып келет.

Биринчи; материалисттик маанайына байланыштуу коммунизм идеясы өзүнөн окчун, пас туткан орошон дух ааламын зарыл тааныйт, ТЕҢ катарына алып чыгат.

Экинчи; көчмөн кыртышта көз жарган өзгөчөлүү «оң сол» тааным диалектикасын жетекчиликке алат.

Ал – Теңиризм, бу Болмуштагы бар кубулушту алкагына алган, чечмелеген универсал кудуретке ээ. Тарыхыбызды, учурубузду, келечекти… Коомдук жагдайга, ички-сырт мүлдө тегиздикке, экономика-руханийликке өз позициясынан мамиле этет. Кайра баштан баарын өзүнчө маңыздап чыгат.

Бул факторлор көчмөн коомдун отурук калктан тээ жердигинде, түйүлгөн түйүлдүгүндө айырмалуу жаткан өзгөчөлүү табият-тагдыры менен шартталган. Ал жалпысынан Чыгыш маданиятына таандык болгону менен да анын ичинде отурук Чыгыш элдеринен айырмалуу коом. Кемчетти, Сары Өзөндөн, Тун Өзөнгө (Дунай) чейинки мелмилдеген мейкинге суналган бир тарыхый-маданий субконтинент. Эгерде отурук Чыгыш коомун дүңүнөн «традициялуу коом» деп мүнөздөөгө болсо, көчмөн коом бу ченемге түк сыйбайт. Тынымсыз… тынымсыз кыймылда аккан, ар бир жолу жаңырып… жаңырып, жаңынын данын алып, эскинин кагын кагып, түбөлүк шарпа салган түрүлгөн чексиз толкундай бу коомдун түбүнө үңүлө отуруп аны «маданий-руханий коом» деп гана айтса болор эле. Не өз тилинде «Нарк-Салттуу коом» десе жарашаар эле. Анткени ал бая бир айткандай диалектика таанымды жаратып чыгаар бирден-бир потенциалды алып да жүргөн, жаратып да чыккан, өзөгү алтын кор уюткан өзгөчө коом. Нарк-Салттуу коомдун башка уюмдаш журттан айырмалуу жагдайы тууралуу биринчи бапта арналуу айтылгандыктан буерде токтолуп олтурбайбыз.

Ушу айтылган эки ьңгайдан чыгып гана кыргыз өзүнүн чыныгы кыртышын тааныйт. Учурун аңдайт. Болорун болжойт. Өзүн сактайт. Биз умтулган социалдык ыңгайдагы рынок деп тил чайнаган түшүнүктүн түбү да барып Теңиризмге ыктайт. Б.а. ал Батыш усулдагы базар экономикасын четке кагат, адамдык наркка айланаар нарк экономикасын жарлайт. Бул өзүнчө сөз.

Эми Жол нугуна кайрылалы.

Балким, марксизм Батыш социализми үчүн алымдуудур;

балким маоизм Кытайдын өзгөчөлүгөнө төптүр;

балким индустарга каршылыксыз бунт кылган гандизм керегирээктир;

балким, жапанга самурай духка кайраган синтоизм зарыл чыгаар;

балким, Батышка бардык элдин ичине байкатпай кирип ичтен иритип жеңип алаар универсалдуу «демократия», «адам укугу» табылгыс талуу курал чыгаар. Балким, балким…

Ырас андай болсо улам бытыратып, улам жекелетип башка көзгө койгулап бириндеткен сайын болбой эле ачуу-ачуу кишенеп Сараладай чыңырып чыккан, үйүрүн издеген жылкы мүнөз кыргызга да анын нарк бийигиндеги коллективизми, Теңиризми ошондой керек! Сырттан өз менталитетин жылма таңуулап арамза ачкан согушка улуттун Теңирчилик калыптаган өз табиятын каршы коюу ошончо керек!

Адам укугу, Демократия, Укуктук мамлекет, Граждандык коом, милдеттүү көп партиялуулук, милдеттүү жеке менчик (анын ичинде жерге) д.у.с. Батыштык үлгүдө эталон таңууланган толуп жаткан чытырман жыш түшүнүктөрдүн таскардында эмне бүгүп жатканын таамай жарытып түшүнүш үчүн да тутунган өз ориентириң керек. Өз кыртышыңдан агылган, өз менталитетиңден табылган, алдыга сапар Жол чалган чыныгы илимий теория керек! «Без революционной теории не может быть и революционного движения» деген эмеспи Ленин. Бул бардык учурга универсал да актуал. Ошол теория учугу Теңирчиликте катылган. Анткени ал, кайталайм, диалектикага канык. Улуттук идея, идеология, рух, философияңды уңгусунда түгөл уютуп турган да ушул – Теңиризм! Теңиризмдин тегинде буккан диалектикалык методду шам кармап анын жарыгында кыргыз турмушунда жүрүп жаткан бар кубулуштун себеп-тамырын кармаса болот. Алдыга сапар Жол чалса болот…

0 Replies to “Алтын Ордо”

  1. Анан Теңирчиликке негиз салган бирден-бир аалым.Кыргыздын Конфуцийи…

  2. Чоюн агай кыргыз учун уч илимге кыргызча жаны чыйыр салган аалым.Тарых,философия жана тил илимдерине.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *