Авар жомогу

Бир айылда өтө чынчыл, адилетчил жашаган тегирменчи болуптур. Өмүрүндө ал бирөөнүн буюмуна ээлик кылбачу экен. Кимде ким кыйынчылыкка кабылса, азабын тең бөлүшчү дешет.

Бир курдай ал тегирменге келчү суунун арыгын тазалап атып, мөлтүрөп бышкан бир баш алма агып баратканын көрөт. Жегиси келип, бирок ойлонуп калат: «Бул алманы жегенге кандай акым бар? Мен өстүргөнүм жок да».

Аны алманын сулуулугу суктандырып, кайсы бакчадан келген алма экенин билгиси келет.

Тегирменчи арыкты бойлой бара берип, бир убакта аппак сакал карыга кезигет.

– Салам алейкум, аксакал! Мынабул татынакай алма сиздин бакчадан эмес бекен?

– Жо, кагылайын. Бул алма ушул арыктын башындагы эң улуу агамдын бакчасынан.

Тегирменчи андан ары жолун улап, мурдакыдан да сакалы аппак карыга кезигет.

– Салам алейкум, аксакал! Ушул арыктын төмөн жагындагы ардактуу аксакалдын эң улуу агасы болосузбу? Бул алма сиздин бакчадан бекен?

– Ал чынында менин биртууган иним. А колуңдагы алма биздин эң улуу агабыздын бакчасынан турбайбы. Ал киши ушул арыктын тээ башында жашайт.

Тегирменчи жүрүп отуруп, бир убакта баралына келип турган курактагы адамга кезигет.

– Салам алейкум, аксакал! Сиздин бакчанын алмасынан эмеспи бул? Арыктын төмөнкү боюндагы аксакалдардын агасы болбойсузбу?

– Ваалейкум ассалам, жолоочум! Ооба, ошолордун эң улуусу менмин. Алма да меники. Кир үйгө, мейман болуп кет.

Тегирменчи макул көрүп, босого аттайт.

– Э байбиче, тасмалыңды жайнат, анан дарбыздын жакшы бышканынан алып кел, – дейт үй ээси.

Экөө тамак жеп болгуча, арбуз келет. Кожоюн дарбузду союп атып:

– Мунусу чала бышыптыр, жакшыраагын алып келчи! – дейт.

Кемпир улам дарбуз көтөрүп келсе, чал кемпирин улам жумшайт. Акыры бешинчи арбузду жактырат.

Сый конок болуп отурган тегирменчи меймандосчул үй ээсине ыраазычылыгын билдирген соң суроо узатат:

– Сизге бир суроо узатсам бекен? Бу кандай, сиз суунун төмөнкү боюндагы эки аксакалды иним деп отурасыз. Бирок алардан жапжаш көрүнөсүз го?

– Кемпиримди мен беш жолу дарбузга жөнөткөнүмдү көрдүң го. Ал мага териккен жок, мен ага терикпедим. Билип ал, байбичем экөөбүз өмүр бою кер-мур айтышпадык. Нааразы болушпадык. А менин инилеримби? Кайдан антишсин.

Картайбоонун сырын тегирменчи ошондо билиптир. Ошондон кийин ал кемпири менен урушуп-талашпаган үчүн жүздөн аша жашаптыр. Ал тургай жүзгө чыккандан кийин да сакалы эч агарган эмес дешет.

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *