Аман САСПАЕВaman

Аңгеме

Суу айрыгына жакын, саздакка чыккан кыяк чөптү ыктап жалгыз түтүн кыргыз жашады. Эзелтен эле жергиликтүү дыйкан уйгурлар конуш тээп, төшкө такай соккон корук тамдын калдыгынан башка ал жерде дагы бул күнгө чейин төрт түтүн уйгурдун эски тамы сакталып калган. Уезддик шаар мындан алысыраак жерге жайгашкан. Бирок, көндүм адат катары ага каттаган жөө базарчылар көп деле кыйналуучу эмес.

Элдин айтымына караганда, илгерки бир жылдары Көл кыргыздары ушул жакка ооп келип кайткан имиш. Ошолордон Келгинбай аттуу бир түтүн кыргыз ушул жерди мекендеп калыптыр. Ал кездерде Келгинбай отуздун ортон белине келип калган жигит экен да, оор келте оорусуна кириптер болуптур. Сапарга шайы келбегендиктен анын зайыбы Оймокчон элден бөлүнүп, күйөөсүн айыктырып кайтууга бел байлайт. Ошентип алар чет жерди мекендөөгө аргасыз болушат. Келгинбайдын туугандары ыгым-чыгым, кепин-акыретин даярдап берип:

– Оо-о, Оймокчон! Эр деп этегин кармап калдың. Кор болбоссуң. Ата-бабаларыбыздын арбагы колдоп, эрди элиңе кош! – деп чуркурап бата беришет.

Келгинбайдын тагдыры Оймокчонго тапшырылгандан кийин, кайнатасы сакалынан жашын куюлтуп, көптүн алдында мындай деди:

– Жар дүйнөдө көргөн жалгыз уулум эле, ал сага аманат! Мага топурак өз эл, өз жеримен буюрсун. Карган кезегимде кудай элден ажыратпасын. Неберемди энеңдин этегине салып бер балам, жыттап жүрөйүн…

Оймончок эмчектеги баласын кайненесине карматып, көз жашын элден жашырып сыкты.

– Мобу түйүнчөктү катып кой, – деп тапшырды кайнатасы акыркы жолу, – Кокус ары бурулуп кетсе, сууга эзип оозуна тамыз. Айыгып мал болсо, колуна бер.

Сүрдүккөн кыргыздар жөө-жалаңдап мекенине сапар чегишти.

Өңү көгүлтүр тартып, эрди кеберсип, чыңалып онтогон Келгинбай жан күйөөрү жалгыз Оймокчондун колунда калды. Оймокчон жанын сабап, сыркоолуу күйөөсүн тегеренди. Койгулт көзүнөн жаш мөлтүлдөп, күйөөсүнүн башын кучактап, далай түндөр уктабады.

Алектүү күндөр өтө берди.

Чачы жылма түшүп, жаак эти шылына баштаганда Келгинбай эсин жыйды. Күнүнө бир чайдөөс кайнаган суу ичип, тамыры тышына тепкен ичке манжаларын карап коюп, төшөктө узак жатып калды. Оорунун зардабынан абыдан арылып, тамакка табити козголгончо эки өтө чыкты. Ал абыдан айыгып, элине кетмекчи болгондо өтө кеч калган эле. Чегара бекиди. Келгинбай мизамга баш ийди да ушул суу айрыгына төрт тамдын башын курап, аргасыз узак жылдар жашап калды.

Ортодон отуз жылга жакын убакыт өтүп, Келгинбай абышка атанган кезде анын башына арылгыс оор кайгы түштү. Гоминдандык желдеттер бийлеп турган караңгылык жылдары калың журтка келте оорусу тарады. Өлүм-житим көп болду. Уездик шаардын тегерегиндеги дөбөлөр калың мүрзөгө айланды. Өлүм күчөгөн сайын, замбилге салынган өлүктү эки киши көтөрүп чыгып, туш келди жер казып көмө баштады. Кепиндик ак табылбай, жууркандын шейшебин иштетишип, элде шайшеп аттуу жоголгон соң кээси камыштан токулган бойрого ороп, кээси жаш бедеге ороп көмө турган болушту. Бул алаамат ыйык динге да таасирин тийгизди, назир-чырак, көңүл айтуулар мүлдө унутулду.

Дал ушул оор апаат Келгинбай чалдын кемпири Оймокчонду жалмап жолго түштү. Шордуу чал кемпирин шейшебине ороп көмдү. Көр казып жан баккан киши менен чалдын кошунасы жана өзү болуп Оймокчондун сөөгүн үч эле киши жерледи. Кемпирин көөмп, топурагын чочойтумуш болгондон кийин ал мүрзө башында күңгүрөнүп узакка отурду. Кырк жылга жуук бирге жашаган жары менен түбөлүккө коштошуу оңойбу? Жан шеригинин бүткүл жоруктары чалдын көз алдынан биринен сала бири өтүп жатты. Элден бөлүнүп жалгыз калгандагы Оймокчондун кайраты, жубайы үчүн өзүн курман кылган мээрими чалдын сайсөөгүн сыздатып аткан эле. Чынында эми ал жалгыз кемпири менен гана эмес, жашоонун жылуу коюну менен да коштошуп жаткан.

Чал кайратына келип топурак башынан турган соң этек-жеңин кагып, чолок жашын алаканы менен аарчыды да, үйүн көздөй басты.

Келгинбай кайра келген соң үйдүн төрт бурчуна көз таштады. Адегенде эле анын көзү казыкта илинип турган кемпиринин көк мата көйнөгүнө түштү. “О-о, Жараткан! Жалганда мендей шордуу бар бекен?! Элди жутуп жаткан келте менден несине тартынды экен!” деп ойлоду чал. Ушул суук көрүнгөн үйдө эми өзүнөн башка эч ким жок экенин эсине алганда байкуш чал үн чыгарып боздоп коё берди:

– О-о, кудурет, тарт аманатыңды! Эми кор кыла көрбө! – чал көзүнүн жашын сакалынан куюлтуп, ээн үйдө узак ыйлады. Ботосу өлгөн каймал гана ушундай боздомок.

Эгер адамда үмүт деген нерсе жок болсо, анда эч кандай кайрат, жашоого умтулуу болмок эмес. Өмүр өзүнүн канчалык кайгы-касиретин берип койсо да үмүт менен убакыт алдында адам ар качан дармансыз. Келгинбай чал өзөгүн өрттөгөн дартты көз жашы менен жууп кетиргенсиди. Аздап бою сергип, эс токтотуп өзүн өзү жубатты. Өзүнө өзү көңүл айтып кайрат берди.

Ар кандай бактысыз кишилер да өз тиричилиги жөнүндө ойлонбой коёбу. Келгинбай чал да болумсуз оокатына көз кырын салды. Үй ичинде чачылган бирдеңкелерди жыйнап, эски куржунга шыкап таштады. Анан дагы бирдемкелерди жасамын болду. Үй ичин жыйнаган соң жаман талпагына жайланып отурду да, чөнтөгүнөн кичине түйүнчөк алып чыгып, чебердеп чече баштады. Түйүнчөк ичинде бармактай туз бар эле. Келгинбай тузду алаканына салып, бир нече ирет тилин тийгизип, шербеттүү даамдан бетер туздуу шилекейин кумарлана жутту. Эчен кыйын-кыстоо көргөн учурларда ушул бармактай тузду жалап медет таап, кам көңүлүн жооткото алган да. Өз жеринин бир татым тузу Келгинбай чалдын өмүрлүк колдоочусу, үмүт менен ишеним берүүчүсү, сагынуу менен кусалыктын таркатуучусу болуп калган…

* * *

Ата конушка кайталбай, чет жерде аргасыз жалгыз түтүн калгандан кийин Оймокчон бар болгону бир кыз, эки эркек төрөдү. Анын экөө жерге көмүлдү да тагдыры касиреттүү чалга эрмек болсун деп бирин тирүү калтырды. Баланын аты Эшбол эле.

Ал уездик шаардан окуп жүрүп мугалим болгон соң башталгыч мектепте иштей баштады. Бирок үчүнчү жылы эле гоминданттык полиция жагынан кармалып, түрмөгө жабылды. Ошондогу анын кылмышы: өзүнүн атамекени жөнүндө балдарга эки жолу өз түшүнүгүнчө аңгемелеп берген. “Совет жеринде силерди балдар жайкы дем алышта Крым деген жерге барып ойношот. Моюндарына кызыл жагоо байлашат” деген. Бул дагы жаш мугалимдин журналда гана көргөн сүрөтүнүн түшүнүгү эле. Гоминдандык тыңчылар ошол учурда дал эле ошондой сөздөрдү айткан кишилерди издеп, ал жөнүндө маалымат жеткирип, бул кесибин күн көрүүнүн айласы кылып алган. Эшбол Совет эли жөнүндөгү ошол “лекциясынан” кийин бешинчи күнү түн ичинде куралдуу желдеттер жагынан ойготулду.

Ал кезде майда элдердин эң жетилгени эле мугалимдик мансапка ээ болуучу. Бирок, ошол кызматтын өзүн гоминданддык кытайлар иштей албаганы үчүн гана өз улутунан коюлуучу. “Малыңарды багып, эгиниңерди салып, жашай бербейсиңерби. Мектептин силерге кереги не? Адамдар агартуусуз деле өмүр сүрүп келишкен!” деген үгүттөр ачыктан ачык айтылуучу.

Мугалимдер үчүн кадам сайын курулуу капкан бар эле да, чанда бирөө болбосо, көп мугалим ага түшүп турган. Алардын ордуна тажрыйбасыз, билимсиз чала молдолордон коюлуучу. Гоминданчылар беттерине кармаган эл агартуунун иштерин ушундайча тескери кетирген эле. Түн ичинде мугалимдин үйүн көздөй куралдуу желдеттер басты дегиче, ал шору каткан мугалим изсиз жоголуп да тынуучу.

Гоминдандык желдеттер кирип келгенде Келгинбай чал баласынан тирүү айрылаар сааты түшкөнүн сезип, аны окутканы үчүн өзүнө наалат айтып, төшөгүндө үнсүз отурду.

Желдеттер машкедей шимшип, үйдөгү кагаз бүткөндүн баарын чогултуп алышты. Андан кийин болсо адаттагы буйрук.

– Тур, кийин! – офицер бул эки сөзгө канык эле.

Эшбол шаша койбоду. Жайбаракат кийинди. Ал өзүнүн мугалимдеринин артынан “барса келбеске” кетип жатканын тымызын сезген болучу. Ал: “Мен эми жарык дүйнө менен коштошуу үчүн, азыркы сааттан баштап ата-энемди кайрылып көрө албас жерге баруу үчүн даярданып жатам!” деп ойлоду. Кантсе да ал кийимин кийип болуп, эшикти көздөй басты. Төшөктөн башын чыгарып, өлүктөй сулк жаткан шордуу Оймокчон бышактап эбак ыйлап жаткан эле.

– Эшен! – деди Келгинбай чал шашып, ал баласын ушундай атап, эркелетүүчү. –Койо тур!

Жанатан жүрөксүп жаткан байкуш эне чалынын үнүн медет кылып, чыңырып жиберди да, чуркап жетип, Эшболдун мойнуна тарамыш колдорун ороп калды. Үйдүн ичи эми киши чыдагыс зар менен муңга толуп чыкты. Кайраттуу чал ары карап ыйлап көз жашын аарчыды. Эшбол да кайраттуу, нары эстүү жигит болгон. Кандай учурда эмне кылаарын жакшы билүүчү.

– Кагылайын, энеке! Ыйлаба. Жаным аман болсо кайра келем, – деп энесин көз жашы менен жуулган бетинен чопулдатып өбө баштады. Курган эненин ого бетер мууну бошоду.

– Кой, муун жүүнү бош кудай урган десе, амандыгын тиле анын, келе, жаңкы түйүнчөгүң кана? Туздан улук эч нерсе жок. Туз – даам буюруп кайра келгиси бардыр, – Келгинбай чал сакалынан ылдый жаш куюлтуп туруп сүйлөнүп коё берди.

Бирок түйүнчөгүн купуя жеринен өзү туруп алды.

– Эшен, – деди чал колу калтырат, – Мынабул туздан бир кемирип алып, татып жүрчү. Ата-бабабыздын мууну ушул туз менен каткан. Өз жериңдин тузу!

Ушул сөздөр оозунан чыккандан кийин чалдын өз көңүлү да ток боло түштү. Чыны менен эле касиеттүү туз Эшболду кайда жүрсө да колдоп, кайра алып келчүдөй сезилди. Эшбол ажырашаар алдында атасынын ишениминен аттап келгиси келген жок. Тузду колуна алган соң четинен бир кетип алып, оозунда калган күбүнчүгүн тилине салды да жутуп койду.

Шордуу эненин колу алиде Эшболдун мойнунда болучу. Бала ыйлап турган энесин өзүнөн алыстатып, жашын алаканы менен аарчыды да гоминданчылардын алдына түштү. Бутун зорго шилтеп босогодон аттады. Үйдө калгандардын боздогон үнү кыйлага угулуп турду.

Ошондон бир жыл өтүп эле уездик жер чөлкөмүндө жугумтал келте дарты тарап, адамдар табигый набат боло баштады. Мына эми курган Келгинбай боорукер кемпири Оймокчонду келте дартына берип салып, аңгыраган жерде тамда жалгыз өзү калды.

Чал, кемпирди көмүшкөн уйгур кошунасынын үйгө киргенин да сезбестен чөгүп отурган. Кошунасы да өзү өңдүү кара сакал мээримдүү киши эле.

– Элхукми лилла! – деди кошунасы чөк түшүп отура кетип, – Кайрат кыл, Келгинбай. Кордукта кордук мал жоктугунда эмес, баш жоктугунда көрүнөт. Кудайым Эшболуңду көрүүгө насип кылгай. Колдо өскөн бала эле, аман болсо, кырсыктан тышкары болсо, күндөрдүн биринде шып этип кирип келээр. Кайрат кыл да сууңду кайнатып ичип, белиңди бекем бууп жалгызыңдын амандыгын тилеп жүрө бер. Кир-когуң болсо биздин бала-чакага чайкатып алаарсың. Өлгөндүн артынан өлмөк жок. Ырыскың көтөрүлсө элиңе барып да кошулаарсың…

Келгинбай чал ичи толгон кайгы менен ушул сөздөрдү угуп отура берди.

Бакытсыздыктын да өзүнчө чеги бар. Кезеги келгенде ал да өз эрки менен бакытка ордун бошотуп бермек. Өмүрдүн бир сыры ушундай. Келгинбайдын кемпири өлгөндөн кийинки жылы эле кырдаал таңгалгандай өзгөрүп чыга келди. Ыза менен кеги чегине жеткен аз улут калкы улуттук эзүүгө каршы көтөрүлө баштады. Гоминданчылар сепил согуп, ийнине кирген жылаандай бекиништи. Бирок тарыхта калктын күчүн эч качан да коргон тосуп калган эмес. Буту менен басып, мурду менен тынгандын баары күрөшкө аттанды!

Айры, чокмор көтөргөн калк тобу жаңыча куралданган гоминдан армиясын тороп айласын кетирди. Калк кошуундары душмандын курал-жарагына ээ болду, жеңиштүү илгерилей берди. Боштондук кыймылы тез кулач жайганы шончо айга жетпей Иле аймагы толугу менен элдик кошуундун колуна өттү. Улуттук Армия түзүлүп, Алтай, Тарбагатай аймактарындагы эзилип жаткан боордош калкты боштондукка чыгаруу үчүн жортуулга аттанды. Бул дүйнө жүзүндөгү фашизм очогу талкаланган даңктуу кырк бешинчи жылдын башы эле.

Келгинбай чалдын кийинки өмүрү өзү жалгыз жашаса да өтө тез өтүп жаткансыды. Кайгы-капасынан аздап арыла баштады. Анын жүрөгүндөгү катып калган черлер гоминданчылар менен кошо жоголгонсуду. Ушундай жакшы күндөрдүн биринде Келгинбай абышка күтпөгөн бир кубанычка бөлөндү. Күн шашке маал болчу. Аскер формасын кийген бир бейтааныш жигит үйгө шып кирип келди.

– Келгинбай абышканын үйү ушубу?

– Ооба, айланайын, – деп байкуш чал ордунан тура калды. Анын үйүн бул жылдары эч ким мындай сурамжылап келген эмес. Карылык курусун, кайсы бала элең, балам?

– Жапаров болом.

– Баса, кыргызсың го…

Келген жигит төш чөнтөгүнөн бир сүрөт сууруп чыгып, чалга сунду:

– Тааныйсызбы?

Шордуу чал сүрөттү көрө коюп өкүрүп ыйлап жиберди. Ал Эшболдун сүрөтү болчу. Эсинен адашкан абышка сүрөттү карап алып, жаш балача ыйлап жиберди.

– Ыйлабаңыз, аке. Майор Келгинбаев Эшбол азыр комиссар. Гоминданчылардын сазайын берип жүрөт. Майдандан бери жүрөөрдө ушул сүрөтүн берип, салам дуба айткан эле: “Атам тирүү болсо, сүрөтүмдү ошол кишиге тапшыр. Эгер жок болсо энем бардыр, ошол кишиге тапшыр” деп табыштаган, – деди Жапаров.

Абышканын алжый баштаганына байланыштуу, баласына деген сагынычы башын туман чалган аскадай далдаалаган эле. Азыр болсо бир керемет жел чыгып, туманды түрдү да, чалдын жүрөгүндөгү сагынычты айдан ачык көрсөтө баштады. Мурда үмүтсүз эле, азыр үмүт менен ишенимдин колуна катар түшүрүп, бул сезимди шордуу чал көтөрө алгыс даражага жетти.

– Аксакал, – деди жигит жайлап, – кана, көп алакты болбоңуз. Балаңыздын тирүү экенине кубаныңыз. Мен да Эшбол өңдүү гоменданчылар жагынан кармалгандардын биримин. Ичинде Эшбол бар он чакты күнөөкөрлөрдү буту-колуна кишен салып айдап бара жатканда үч черикти өлтүрүп, кишендерин чагып тоого качып кеткенбиз. Кийин барып көтөрүлүшчүлөргө кошулдук. Ошентип эми гоминданчылардан өч алып жүрөбүз. Биздин жагдай ушул, кош болуңуз!

Келгинбай чал шашкан бойдон Жапаровду шарт колдон кармай алды:

– Оозуңан айланайын, туз даам ооз тийип кет. Кайра айланып келериңе жакшы!

Мууну калчылдаган абышка жегидей бирдеме караштыра жүрүп, суроо узата баштады:

– Эшен бир келип кетпейт бекен?

– Азырынча келалбайт.

– Урууң кайсыл, балам?.. И-и, биздин көлдүктүн балдары турбайсыңбы. Эшен менин тирүүмдө бир келип көрүнүп коюп кайра кетсин, – деп жатып жоокерге токоч ооз тийгизди.

Бирок баласынын көөнүн улап кемпири жөнүндө ооз ачпады. “Ата-энең аман-соо экен” дегин жалгызыма. Анан жоокерди узата чыкты. “О-о, касиеттүү жеримдин тузу, Эшенимди колдоп, тирүү сактаган тура! Өлгөнүм тирилип, өчкөнүм жанганы чын болсо экен. О-о, касиеттүү жеримдин тузу,эми жалгызымды өз элине аман-эсен кошо көр!” деп байкуш абышка жалгыз үйдө курун мойнуна салып, эки колу менен жакасын муунда кармап, узак күңгүрөндү…

Ордунан тургандан кийин кайгысына орток боло жүргөн кошунасын мындай кубанычтан куру калтыргысы келбей, Келгинбай уйгур чалдын үйүн көздөй басты.

* * *

Айлар өтүп жатты.

Жемек-ичмек, кийим-кечекке кеңейе түшкөн эл жаңырууда. Нөшөрлүү кара булуттай каптаган караңгылык сөгүлдү. Боштондук менен коюндашкан калың букара колдоруна курал алып, майданды көздөй агылды. Боштондук үчүн эр-азаматтар майданда канын төктү. Гоминданчылар бекем орногон Жыңхы деген жерде эсепсиз кан төгүлдү. Улуттук армия элдин боштондугу үчүн бир адым чегинбестен илгерилей берди. Акыры Үрүмчүнүн чоң дарбазасы ачылып, Жыңхы гоминданчылардан тазаланды. Мына ушул чоң кыргында биздин Эшбол да курман болду. Эл боштондугу үчүн күрөшүп, боштондук чегарасын Жыңхыга чейин жеткизишти да өзү ошол жерде түбөлүк кароолдо калды. Эшболду бүткүл батальон узатып, көмдү. Ондогон мылтыктан ок чыгарып, комиссарга катуу кайгыргандык билдиришти.

Шордуу чал баласы жөнүндөгү шум кабарды укканда эсинен танып, кулап түштү. Кошунасы суу бүркүп, эсине келтиргенде: адам көргүс түргө келип, алдастап ордунан тура калды…

– Жалгызым, кулунум! – чыңырып жиберип, чал кайрадан кулады.

Жанында тургандар көз жашын булап, шору арылбаган пенденин касиретине орток болушту. Узак жылдар кайгы менен кападан кажыбаган абышка бул жолу бир күн ичинде эле алжып чыга келди. Буурул чачы агарып, жаак эти соолуп, мурдагыдан бетер төшөктө томолонуп калды. Багаар-көрөөрүнөн айрылып, кайгы мүлжүгөн кары кишинин күнү бул!

Эртеси кошунасы мусаапыр чалды өз үйүн киргизип алып, тамдын оң жак капшытынан орун берди. Көрөөрү бүтүп, көмөөрү калган абышканын тиричилигине боору оорубаган киши калган жок. Келгинбай бирде соо болсо, бирде алжып сүйлөдү. Бирок татым туз түйүлгөн түйүнчөгүн колунан түшүргөн жок.

– Кечээ, Эшеним келип, бүгүн муунум кирип калыптыр. Элге кетет окшойбуз. “Ата, жүрү эми, элге кетели. Кайгы-кападан кутулалы, тузуңду эми бөлүп жеп коёлу” деп Эшеним жаныма келип айтпадыбы. Садага кетейиним десе… – деп сүйлөдү чал.

Кээде жөөлүгөн сөздөргө аралаш өзүнүн өмүрү жөнүндөгү корутундуларын да кадимкидей айтып калчу болду:

– Менин чоң арманым эле Эшенди колунан жетелеп барып, эл-журтуна кошоорум болучу. Эми өзүмдүн киндик каным төгүлүп, кирим жуулган жериме баратам, – деп колундагы тузду көрсөтөт, – мынабул Ысык-Көлдүн, туулган жеримдин тузу. О-о, кагылайын, уйгур туугандар, Эшеним экөөбүздү узаткыла. Бизди өз жерибиздин тузу тартып жатпайбы. Эчен жолу ач калганымда ушуну жалап тоюнгам. Эчен жолку оор күндөрдө жаныма алып жүрүп, көңүлүмө төтөп, боюма кайрат тапкам. Ушул туз жанымда жүргөндө: эл-журтумдун, биртуугандарымдын жанында жүргөндөй болом. Мен жеримди сагынып, куса болгонумда ушул туздан жалап алып, сагынычымды тараткам. Маа бул дүйнөдө мындан кымбат нерсе болгон эмес. Элден-жерден ажырап, ага куса болуудан артык азап жок! Мен чабармандын камчысын жедим, байлардын зордугун, жокчулуктун кордугун көрдүм, ошондо өлүп каламбы деп коркконум жок. Өз жеримди көрбөй каламбы, деп корктум. Мен көргөн кордугума ызаланбадым, элден-жерден адашып калганыма ызаландым! Оо, туугандар, узатып койгулачы, өз жеримдин тузу тартып, ата конушубузга алып баратат…

Ушинтип Келгинбай кирпик какпады, даам татпады. Арадан үч күн өтпөй эле чалда куру гана сөөк калды. Бир күнү эртең менен мусаапыр чал төшөгүндө жансыз жатканы билинди. Узак жылдар кайгы менен касирет, сагынуу менен кусалык мүлжүп бүткөн шордуу абышка азаптуу өмүрү менен түбөлүккө кош айтты. Кармаган соопкерлердин айтымына караганда, чалдын оозунда өз жеринин татым тузу бар экен!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *