Аңгеме

Боро деген эргул бар, он күндөн бери көзү ачылбай ичти. Ичсин, бирок катыны айткандай, балээ ичсин. Бир жума айылдын ичин чаңызгытып, кыйсыпырыбызды чыгарды да. Ичселе машинесине жабышат. Алдынан катын-калач, бала-бакыра чыксабы, тебелеп кетейин дейт. Көчөнүн башынан машиненин аңылдаганын уккандар «жинди» келатат дегенделе, бүттү. Демейде машиненин «пипилдеген» доошунан үркпөгөн көчөдөгү эшек, кой, уйларың алыстан эле жолдун тиягына, биягына чыгып калдаңдап келаткан машинеден өзүнөн өзү үркүп калганычы. Жок дегенде ошолордун бирөө-жарымын тебелеп кетсе кана, мына анан, «баландайдын малын тебелеп кеттиң, келе, доосун бер» деп кайсы бирибиз шылтоо табат элек да. Ошо шылтоо менен экинчи мас болгондо машинесине мингис кылмакпыз.

Адаты менен бир жума бою айылдын чаңын сапырган Боронун катыны эр экен, амалын тааптыр. Короодо көгөрүп-татарган күйөөсү окшуп атканда – дарбазанын оозуна үч тонна көмүр төктүрүп салыптыр. Анан Бороң кайда бармак. Мына ошол төрт күндөн бери көчөгө машинесин айдап чыгалбай, жиндегенине күлүп атканбыз. «Көмүрүмдү ташышып койгулачы» деп жалдырайт бизге. Жалдырай берсин, «ташыбайбыз» дедик. Андале машинесин кайра айдап чыккан атпайбы. Колубуз сынсын, ташыбай калалы… «Катыным көмүр ташы деп төрт күндөн бери кулак-мээмди жеп салды», – деп тимеле ордунан тегеренет. Ангыча жаныбызга Аруун келип, Боро экөө жакалашып калды. Көрсө, ташкөмүрдү ошол төгүптүр. «Эй сен, ташкөмүрдүн акчасын качан бересиң?» — деди эле Боронун колу Аруундун жакасына чап жармашты.

– Ташкөмүрдү сарайдын астына ташып бер, акчаңды ошондо аласың!

– Эй, эмнеге ташыйм? Көмүр сага керекпи?

– Мага керек эмес.

– Эй, Боро! Ташкөмүр түшүрүп бер деп жалдыраган өзүң… – Аруун туталанып кетти.

– Анан сен ошол дарбазанын оозуна төгөсүңбү? Мен төрт күндөн бери машинемди чыгаралбай атам.

– Ал сенин ишиң. Катының түшүр деди, түшүрдүм.

– Так ошол жергеби?

– Анан эмне, катының түшүр десе…

– Анда мени угуп тур… Ташкөмүрүңдү же кайра жүктөп кет, же сарайдын алдына бир жолу ташып бер.

– Тү-фүү-ү… Ит турбайбы…

Айласы куруган Аруун бизге карады:

– Эй, силер айткылачы… Кимдики туура? Мен буга көмүр түшүрүп берип, эми акчасына келсем, эмне дегени?

Бизге эмне, экөөнү карап отурган кызык да. Оң жооп айткандын ордуна, кычыткы кептерибизден жаадырып, биз Борону жактагандар болуп алдык. Мен да оозум кычышып «Боронуку туура» деп койдум. Ого бетер анын да күнү тууп, тигини матай баштады:

– Мына, эл деле ошону айтмак, – деп.

А биз Аруундуку туура экенин билип турсак да, эптеп аккөңүл Боронун көңүлүн алып, ичели деп атабыз да. А Аруундан бирдеңке чыкпай калсын. Качан болбосун жоктон башканы айтпайт. Борокебиздин колу ачык, Аруундай болуп тырышпай. Колуна тыйын түшселе, жайдак төшүбүз ошол. Кудайга шүгүр, башкаларыбыз деле битиребейбиз, бизди битиреткен катындарыбыз болуп атпайбы. Таап келгенибизге ээ болуп алышып… Биз жөн эле акча таап келген чор таманбыз. Мен эртеден-кечке тандырга нан жаап акча табам, а Таты устачылыгы менен.

– Машинемди ГАИшниктер камап салса, эмгиче чыгарып беришмек… А катыным… Ох-ху… башым сынып атат, кимиң апересиң? – деген Боронун кейпин көргөн Таты кудай жалгап:

– Жүргүлө, – дебеспи. Жөнөп калдык. Дүкөнгө. Дүкөнгө кирип, карыздадыбы же эмне кылды, билбейм. Закүскө, аны-мунусу менен экини алыптыр. Көл жээгине бастык. Пляжда эл толтура, көзүбүз кыз-келиндерде. Кыраакыбыз Таты. Жалгыз бой кыз-келиндерди дайыма ошол табат. Ошонун ишаратын карап турабыз. Ал каякка барып отурабыз десе, эркине коёбуз. Келин-кесекке кайырмак салганга Татыдан башкабыз жарабайбыз. Элден обочо бөлүнгөн үч кыз отурган экен, ошол тарапка башын чулгады.

– Жүргүлө, тээтиги шоколаддарга…

Чынында денелери күнгө шоколаддай күйгөн кыздар экен. Пляжда жаткан андай кыздардын далайынын даамын татып калган жаныбыз, кимге кандай жагынышты билебиз. Адегенде өтө жакындай бербейбиз. Алардан обочороок жерге дасмалыбызды жайып коюп, бир сыйрадан сууга чумуп келдик. Ысык кумда оонап жаткан Таты ордунан туруп кетти. Пляжда жаткан кокур-сокур, баштык-үштүктөрдү терип, таштанды челекти карай баратып эле кыздар жакка бурулду. Кыздардын жанында чоң дарбыздын кабыгы жаткан. Аны алып, пляждын жээгиндеги таштанды челекке ыргытып, кайра келаткан Таты кейип-кепчип калды:

– Ай, атаңдын көрү, кандай кишилер ыкыр-чыкырын көлдүн жээгине таштайт.

– Байке, биз таштаган жокпуз, – деген кыздар Татыга актанып баштаделе, ал да оңбогур да:

– Жо… силерди таштады деген жокмун. Силердей татына кыздар көл жээгин булгабайт. Мынабу экөөнө окшогондор булгайт, – деп Боро экөөбүздү шыбап өттү. Бирок кычаштын кебине биз деле териккенибиз жок, кайра жакшы болду. Кудай ишти оңдой берди болуп, жок жерден шылтоо табылып, кыздар менен кеп учугу уланып кетти.

– Жакшы байке экен, көзгө урунган акыр-чикирди алып койгон, – деген кыздардын мактоосун угуп, биз да компоюп калдык.

– Досубуз баарына жарайт. – Калп да болсо кыздардын айтканын колдоп, Татыны көкөлөтүп койдук.

– Мунун адам экенин силер гана байкадыңар, – деген Боронун какшыгына тиги кыздардын бирөөсү жооп кылып калды:

– Байке жакшы адам экен. Болбосо, ким эле бирөөнүн таштандысын терсин, – дегенинен мен да:

– Ой, бул байкеңер жаратылышты коргоого келгенде жеткен патриот, – деп салдым.

– Туура, азыр баарыбыз патриот болушубуз керек. Биз дүйнөгө эмнебиз менен мактанабыз? Ысык-Көлүбүз менен… – деген кыздардын алкоосуна биротоло дердейип калган Татынын оозунан да таттуу кептер чубуруп турду:

– Биз ошол Ысык-Көлдүн кадырына жетпей атпайбызбы. Аны биз көздүн карегиндей сактагандын ордуна, чалчык сууну кордогондой… Айланасына көрүнгөндү таштайбыз…

Оозума кум тыгып алгансыбай, мен деле кепке аралашайын деп, калп да болсо:

– Келгиле, кыздар, Ысык-Көлдү коргоо комитетин түзөбүз, – деген идея таштап койдум.

– Биз макулбуз, – деп үч кыз үч жактан мага кошулуп кетти.

Бир убакта кантип барып алар менен аралашып отуруп калганыбызды билбейм. Татыкебиз кыздарга өзүбүз көтөрө келген алчанын согунан куюп, колдоруна кармата салды:

– Анда кыздар, эс алганы келгенден кийин… келгиле, алып ийели… Бизге силердей меймандарды тосуп алганга не жетсин. Мынча болду эми, таанышып алалы. Атым – Таты. Үчөөбүз тең ушул жерденбиз. Бул жер да Ысык-Көлдүн касиеттүү жерлеринин бири. Мынабул унчукпай отургандын аты – Боро. А мунуку – Белек, – деп үчөөбүздү тааныштырып, кыздар биз менен таанышууну кааласа каалабаса да, аттарын сурап кирди.

– Ширин.

– Айсанат.

– Назира.

– Келгиле, таанышканыбыз үчүн, – деген Татыбыз сок артынан шака-шука баарыбызга куюлган арактарды сунуп калды.

Ырас болуп үчөө тең баадиленген жок. Көптү көргөн немелерби, чоёңдобой алып жиберишти. А биз карап турмак белек. Ичи-коюнду жылыткыдай мамиле жасап, бүгүн аларды сыйлай турган болдук. Кыздардын «бир жумага эргүү алганы келдик» дегенин угуп, Татынын ак көңүлү кармагандан, туристтик сезонго деп жаңы бүткөн коттеджине бир жума бекер жашоого уруксат берип таштады.

– Жок, байке, акчасына эле жашайбыз, – дешти эле бирок кыздардын айтканына караманча көнбөдү, ары жок.

– А бизди ээрчитип барсаңыз, келинчегиңиз эмне дейт?

– Коркпогула, жеңеңер жайлоого кымыз ичип, дарыланганы кеткен. Ал бир айга чейин келбейт. Мен да жеңеңер үйдө жок үчүн мынаминтип силер менен…

– Келинчегиңиз үйдө болбосо эле сизге акчанын кереги жокпу?

– Коттеджде орундар кенен. Мага башка меймандардын акчасы деле жетет. – Татыкебиз чечкиндүү сүйлөдү.

Анан тез эле эски тааныштардан бетер кажы-кужуга өттүк. Демейдегидей «кайсы кызды өзүмө имерип алсам» деген насыбы жаман жаным үч кызга бирдей кошомат кылдырды. Себеби, үчөө тең татынакай болуп, биринен бири азада жандай көрүндү. Үчөөнүн кимиси болсун көңүлгө төп. Бир убакта Боро Назирага, Таты Айсанатка жагаалданып калыптыр, мен шак эле кабагы сузданса да Ширинге ыктай баштадым. Үч кызды сууга жетелесек, алар бизден кыйын сүзгөн немелер экен. Тээ алыска чабак уруп кетишти, үчөөбүз артта калдык. Кыздар тез эле кайра жээкке келди. Ысык кумга дагы куладык. Мага Шириндин кум кучактап көмкөрөсүнөн жатканы укмуштай көрүндү. Анын келишимдүү жасатына үнсүз кадалып жаттым.

Айдын көркү кээде укмуштай го, өзгөчө толуп тургандагысы. Шириндин да болуп турган, толуп турган убагы экен, балык жону нурга жаркылдайт. Аттиң, сүрөтчү болбой калганымбы… Колуман келсе, Шириндин пляждагы сулуулугун миң көчүрүп, миң жолу кайра-кайра тартар элем. Дүйнөдө колуңан келбеген көп эле нерселерге өкүнөсүң, бирок болуптур, баары колуман келбесин. Ошо колуман келбегендин баарына кайыл элем. Тек, сүрөт тартуу колуман келбегенине кээде ичим сыйрылат. Башка эч сүрөт тартпайт элем, мен ошондогу Шириндин сууга чумуп чыккандан кийинки сүрөтүн гана тартмакмын. Дүйнөдө канча сулуулук бар, бирок мен Шириндин сулуулугунан башка сулуулукка көз нурумду коротпойт элем. Көз курчумду миң көчүрүп, миң жолу кайра-кайра тарткан анын сүрөтүнөн башкага кетирмек эмесмин.

Мага сүрөтчүлүк атактын да кереги жок. Мага атактан бийик, атактан да кымбат нерсе – эрмек. Ал эрмегим – Шириндин сулуулугун эч жадабай тарта бермекмин, тарта бермекмин. Далысындагы олоң чачынан кумга сиңген суунун арбир тамчысына да жандуу элес киргизмекмин. Анын ошондогу элеси көз, анан кылкалемдин учу менен гана көрө турган сулуулук эле. Полотного түшүрүлгөн ал сүрөттүн фону да бир укмуш болмок. Ал фон тетигинде шаңкайып турган Ала-Тоо, Ала-Тоонун этегиндеги Ысык-Көл болмок да, Ысык-Көлдүн алтын кумунда күнгө кактанып жаткан Шириндин ажары чагылдырылмак…

– Сенин денең абыдан сонун күйүптүр, – дедим бир убакта. Ошондогу көзирмемден тарта мен анын көңүлүнө жагар сөз издей баштадым.

– А биздикичи? – деди Айсанат.

– Ааламда баарыбыз эле чайыттай күндүн алдындабыз. А бирок Шириндин денеси кайсы күндүн нуруна мындай тегиз күйгөн? Араңардагы сулуунун сулуусун карагылачы…

Муну менен мен Шириндин сулуулугу башкаңардыкынан артык дегенге басым койгум келди. Баятан сыртка чыгаралбаган сезимимди билдирер арга таппаганымдан айттым.

– Үчөөбүз тең эле бир жумадан бери Чолпон-Атада чогуу эс алдык. Ширин түшкөн сууга, Ширин күйгөн күнгө биз деле күйдүк, – деген Назиранын сөзүн Айсанат да коштоп калды.

– Бул досумду байкаган эмес турбайсыңарбы. Мунубуз силер суудан чыгып келгенден бери Ширинден башка тегерегинен бир да жанды көргөн жок, – деген Боро абийримди таптакыр ачып салса болобу.

Уялган кишиң курусун, жооп да табалбайт экенсиң. Чын эле башкаларды караган эмес окшойм. Боронун сөзүнө баары күлдү. Бир жагынан Назира менен Айсанат да:

– Көрдүк, көрдүк… – дешип, баятан берки кылыгымдан кармап алганына баары курсант. Мен да кызарып кетсем керек, Боро менен Татыга кудай берип салды. Алардын көзүнө ууру кылган кишидей, «жо… андай эмес» деп же тана алсамчы. Кармалдымбы, кармалдым. Бүттү. Тигилердин жарпын жазган мен болдум. Же туруп басып кеталбайсың. «Жаагыңарды жапкыла!» деп кимисине айтам. Ширин турган үчүн тартындым да, болбосо Таты менен Борого көргүлүктү көрсөтөт элем. Башкаларынан да ыйбаа кылмак эмесмин, Ширинге зөөкүр көрүнгүм келбеди. Ага мен тигилерден өйдөрөк көрүнүш үчүн үндөгөнүм жок. Жөнсүз ыржаңкелигин карматкан адаштарыма теригемби. Анда «Ширинди тиктегеним жок» деп актангандай болбоймбу. Ичимден «мейли, кайра жакшы болду» дедим. Менин сыртка чыгаралбас сезимимди Шириндин эртерек туйганы да жаман эмес. Башка ишараттын эмне кереги бар. Айланадагылардын канчасынан кимдин сулуулугуна көз артканымды Ширин сезсе болду дедим ичимден.

Тигилердин шарактап каткырганына Ширин анча кошулбай отурду. Айсанат менен Назирага караганда ал бираз оор салмактуу мүнөз күткөн жан экен. Курбуларынын кебине кулагынын сыртын салып, көл жакты тиктеп отурган ал бир убакта:

– Анын эмнеси бар экен? Байкеге жагып калсам, жагып калгандырмын. Караса карагандыр. Баятан бери мага да байкенин гана мүнөзү жакты.

Мына, мага болушуп, айтчу сөздүн баарын айтып салды! Мен да эми тигилерге кырданып сүйлөгөнгө өттүм:

– Булар ушу… Болор болбоско… Бирөөнү эле шылдыңдатып койсо…

– Байке, булар сиздин чынеле досторуңузбу? – деген суроосуна мен анча түшүнгөнүм жок.

– Эми, кандай десем… теңтушбуз. Баарыбыз ушул Тамчы айылында бирге чоңойгонбуз.

– Досторуңуз эмес… – Ширин муну менден тактап сурап аткандай болду.

– Менде дос жок.

– Ошондой… Мамилеңер достордукундай эмес экен дегеним да…

Ангыча Таты менен Боро чөйчөктөргө дагы бир сыйрадан куюп тегеретти. Баарыбыз алдык. Ширин экөөбүздөн башкалары кайрадан сууга чумуганы жөнөштү. Башында Ширин экөөбүз бири-бирибизге үндөгөнүбүз жок. Мен көлгө чумугандардын арасындагы өзүбүздүн топтогуларга көз чаптырып, Ширин болсо сумкасынан алып чыккан сүрөттөргө тигилип отурган. Маанайына карасам, бираз мурдагыдай шайыр эмес, өзүнчө бир нерсеге бушайман кейиптенгенсийт.

– Ширин, эмне бир паста маанайың чөгүп?.. Кимибизге таарынып калдың?..

– Эч кимге таарынганым жок, байке. Мага көңүл бурбаңыз. Мен өзүмчө сүрөттөрдү карап отуруп эле…

– Мен да көрсөм болобу?

Мага сүлгүнүн үстүндө жаткан сүрөттөрдү сунду. Анда Айсанат, Назира, Шириндин Чолпон-Атадан түшкөн сүрөттөрү экен. Сүрөттөр өңчөй көл боюнан тартылыптыр.

– Жакында эле түшкөн сүрөттөрүңөр окшойт?

– Ооба, кечээ биякка келерибизде алдык.

– Чолпон-Атада кандай экен, жактыбы?

– Жакты, бирок ал жакта эл көп. Мага ошонусу жаккан жок. А бул жерде эл азырак үчүн пляж да таза, кыжы-кужу жок…

Сүрөттөрдүн арасында чөгөлөп жаткан төөнүн үстүндө колуна наристе көтөргөн Шириндин сүрөтүнө көпкө тиктеп калганымдан, аны колуман ала койду. Аны сумкасынын ичине салып атып, өңү кумсара түшкөнүн байкадым. Негедир ал сүрөттү менин колуман кыжаалаттангансып тартып алды.

– Муну каяктан алдыңыз?!

– Колумдагы сүрөттөрдүн арасынан эле.

– Биякка кошкондой болгон эмес элем…

– Төө болгон үчүн көп сүрөттөрдүн арасынан мага негедир ушул жакты. Уулуң менен түшкөн сүрөт ко дейм?..

– Уулум менен…

– Аты ким?

– Эрназар.

– Канча жашта?

– Эки жарым.

– Сага окшоштура алганым жок, атасына окшош го дейм…

– Атасына да, мага да окшош эмес.

– Анан кимге? – Ширин менен тамаша чалып сүйлөшкүм келгени жакпадыбы, сүрөттү менин колуман ала койгон мүнөттөн бери ал мага салкын мамилеге өттү.

– Башканы сүйлөшсөк болбойбу?

– Сен мага сүрөттөрдү көргөнүм үчүн таарынып калдыңбы?

Шириндин көздөрү жашылданып кетти.

– Бирдеңкени байкаган жоксузбу?

– Эч нерсе…

– Анан эмнеге сүрөттү көпкө тиктедиңиз?

– Төө минип түшкөнүңөр үчүн.

– Анын эмнеси бар экен?

– Төөнүн көзжашын көрдүңбү?

– Жок! – Ширин мага таңгалып карады.

– Менимче, тайлагын жоктогон төө болуш керек…

– Аны кантип билдиңиз?

– Кыргызда «ботодой боздоп» деген сөзгө маани бердиң беле?

– Жок.

– Бул ошо тайлагынан айрылган төө. Ыйласа керек байкуш, көздөрүнүн алдын жакшылап карачы, кургай элек экен.

Ширин сумкасын аңтарып, сүрөттү кайта алып чыкты. Бирок мага көрсөткүсү келбегендей, ордунан туруп, бираз четтеди.

– Байке, чын эле…

– Көрдүңбү? Ыйлап атыппы?

– Ыйлап аткан окшойт… Сиздин айтканыңыздан бир нерсени эми эстедим.

– Эмнени?

– Мен уулумду көтөрүп, төөнүн үстүнөн сүрөткө түшүп калганымдын себеби – элдин баары түшүп атыптыр. Аны ордунан тургузалбай, ээси аябай көпкө убара болду. Эмнеге турбай атканын сурасак, тайлагы өлүп калып, ошого турбай атат деген. А сиз сүрөтүнөн кантип баамдадыңыз?

– Баласы үчүн макулук жаныбарлардын ичинен эч бир жаныбар төөгө окшоп ыйлап, төөгө окшоп мөгдөбөйт.

– Муну кайдан билесиз?

– Бала кезимде биздин үйдө да төө бар болчу. Оюн салып жүргөн тайлагы бийик жардан кулап өлүп, ошондо төө жаныбар деле кадимки энеден бетер боздогонун өз көзүм менен көргөм. Ал эмес бир жума бою оозуна бир тал чөп албай, күнү-түнү боздоп ыйлаганы күнү бүгүнкүдөй эсимде. Алдагы сүрөттөгү төөнүн көзү да кудум ошол төөнүн армандуу көздөрүнө окшош экен. Азыр да көз алдымда элестеп турат. Сүрөттү апкелсең бери…

Колума аярдуу нерсени карматкандай карматты. Сүрөттө төө үстүнө минген Ширин. Колунда – ыржайып күлүп отурган наристе. Бирок ал сүрөттү эмне мынча жашырып атканы таңдандырды.

– Төө менимче, адамдан кийинки эле энелик сезими күчтүү жаныбар болсо керек, – дедим ага.

Ал үндөбөдү. Мен ордуман туруп, алыска чабак уруп кеткен Айсанат, Назира, Боро, Татынын суу үстүндө алышып атканын көрүп, жөнөй береримде, Шириндин көздөрүндө мөлтүрөгөн жаш кылгырып турганын байкадым. Колунда алиги сүрөт.

– Сага эмне болду?

– Эне болуш кандай бактылуу, кандай азап! Төө эмес, кайсы жаныбар болбосун, эне деген эне турбайбы… – Ширин оор үшкүрүнүп, эки алаканын жаактарына баса койду. – Байкуш Эрназарым… Аны тез эле сагынып кеттим. Кечээле Бишкекке кеткен сиңдимен берип жибергем. Бүгүн жанымда жокко, сары санаа боло баштадым.

– Эмнеге сарсанаа болосуң?

– Убагында тамагын жедиргенге чыдашар бекен?

– Эмнеге чыдабайт?

– Ага тамак бергенге менден башка киши түтпөйт. Сиз сүрөтүнөн байкаган жоксузбу?

– Жок…

– Караңызчы…

Сүрөттө – Эрназардын татынакай күлкүсү. Башка эч нерсе байкабадым.

– Уулуң татынакай экен го…

Шириндин ичке сөөмөйү сүрөттөгү Эрназардын үстүнкү эрдин көрсөттү.

– Нышанын байкаган жоксузбу? – Наристенин үстүнкү эрдиндеги нышаны мага анча билинген жок. Ыржайып күлүп тургандай сезилди.

– Күлүп турганы эле болбосо…

– Күлгөн жери жок.

Чынында Эрназардын үстүнкү эрди жырык экен. Бирок ал нышаны мага күлүп тургандай сезилди. Канча болгон менен наристе деген наристе го. Алар күлбөй турса да көзгө сүйкүмдүү асирет берет. А күлбөй турган адамды кандай наристе болбосун жылмайтат. Сүрөттөгү Эрназарды жылмайып тиктегенимди Ширин башкача сезимде кабыл албасын үчүн:

– Уулуң абыдан татынакай экен, – дедим. – Мейли, нышаны болсо эмне экен. Азыркы заманда мындан да шумдук ооруларды айыктырууга болот. Жүрөктүн кылына операция жасаган азыркы медицина үчүн Эрназардын нышанын жамап коюш кеп бекен. Көрөсүң, кийин Эрназардын нышан менен төрөлгөнү эсиңен да чыгып калат. Баарын унутасың, ага эч кайгырба.

– Менин да жалгыз тилегим ошол.

– Андан көрө ошентип жакшы тилектен башканы ойлобой жүр.

Көзүнүн жашы араң турса керек, өзүн карманалбай, ыйлап жиберди.

– Кой… Ширин, ыйлаба.

Ал да өзүнүн ыйлап жибергенинен ыңгайсыздангансып, эрдин канчалык кырча тиштенсе да токтоналбай атты.

– Мага көңүл бурбаңыз. Ый мага адат болуп калды. Эне болууну ушунчалык бакыт деп ойлочу элем… Азап экен… Айрыкча, өз жүрөгүңдүн алдында жаралган балаңдын бир жери кем болуп калсабы… Мен ушундай тагдырды күткөн бактысыз эне болуп каларымды эч ойлогон эмесмин.

– Ширин, сен эң бактылуу энесиң. Бактысыз энелер таптакыр башка. Алар балдарын таштап кеткен энелер. Андайлар бир жери кем эмес, алты саны аман-эсен төрөлгөн балдарын таштап кетип атпайбы. А сен алардын алдында баатыр энесиң. Эрназардай балдарды эненин бардыгы эле чоңойто албайт. Азыркы кыз-келиндердин канчалары наристелерин таштап кетип атат… Сенчи? Сен чыныгы эне экенсиң.

–  Мен даа адегенде жинди экемин. Наристенин үнүн угарым менен ак халатчандар Эрназарды колума карматканда «бул менин балам эмес!» деп бакырып жибердим. Эс учумду билбей бакырдым. Анын менден төрөлгөнүнө ишенген жокмун. Ишенгим да келген жок. Мен ак халатчандарга «башка бирөөнүн баласы менен алмаштырып атасыңар» дедим. Бирок тагдыр деген адамды баарына көндүрөт экен. Колумда ыңаалаган наристе жүрөгүмдү бир муздатып алып, кайра жылытты. Тырбалаңдап, эмчегимди издей баштады. О-оо, кудай ай! Ошол мүнөттөр мага кандай оор эле… Баламдын жырык оозун көрүп, эмчегимди бере алсамчы. Денем жыйрылып, эмчегимди жылан тиштеп алчудай корктум. Ага чейин балага эмчек эмизгенди кандай тиледим эле… Эң биринчи жолу эне болуу бактысына ошентип кабыларымды билсем, мүмкүн мен Эрназарды төрөбөйт элем.

– Антип айтпа. Сенин ордуңда башка бирөө мүмкүн ошондо өз жанынан жаралган наристеден баш тартмактыр. А сен азамат экенсиң. Сенин ордуңда башка бирөө нышаны менен жарыкка келген баласына мүмкүн ак сүтүн эмизгенден баш тартмак. А сен ушунча асырап чоңойтуп алыпсың…

– Ырахмат, байке. Мага ушинтип Эрназардын атасы да айткан эмес. Мен ошого аябай ызаланам. Эрназар экөөбүз төрөтканадан чыгып келерибиз менен атасы экөөбүздүн турмуш тез эле кыйрады. Бир да жолу баласын колуна көтөргүсү келбей, өзүнүн эмес, жырткычтын баласын көргөндөй болду. Мени баарынан катуу ызалантканы ушул. Мейли, ал мени башка учурда таштап кетсин, бирок турмушумдагы эң оор ошол учурда таштап кеткенин эч качан кечиралбайм. Экөөбүздүн ортобузда төрөлгөн наристеге аталык мээримин айтпайын, жок дегенде…

Ширин сөзүнүн ары жагын улай албай, эчкирип жиберди. Мен да өз ичимен «мейли, бугун чыгарып алсын» дедим. Ошол учурда тагдыры тайкы бет-маңдайымдагы шолоктоп отурган аялзаттын кайгысына, көзжашына жапакеч бирөө керек экенин туйдум. Адамдын адамдык касиети ушундайда ойгонсо керек. Биз бири-бирибизге шерик болбосок, адамдын эмнеси адам. Алдымдагы асылзаттын таяна турган аска тоосу болгум келди. Бул ой кадыресе канымды дүркүрөтүп, негедир көкүрөгүмдө белгисиз да, күтүүсүз да бир эрк пайда болду. Жигиттин эрдиги канчага жетсе, ошол акыркы дем, акыркы кубатым калгыча Шириндин айкөл баатыры мен болорумду айталбай отурдум…

– Ширин, көп ыйлай бербе… Мунун баары артта калат. Көрөсүң, Эрназарды өзүм бала кылып алам…

Бул сөз өзүнөн өзү айтылып кетти. Бирок чын ниетимен айттым. Ширин аны кандай түшүнсө, ошондой түшүнсүн дедим ичимден. Ушунча болуп оозуман чыккан эч бир сөз, эч бир убадамды жерде калтырган жан эмесмин. Мүмкүн мурдатан бери Ширин мени жакындан билбегендиктен, бул айтканыма ишенбестир. Жаңы эле көрүшүп, жаңы эле билишип аткан мени азырынча көп эркектин бири катары көрсө көрө берсин. Кеп анда эмес, кеп, убакыт өткөн сайын Шириндин тагдыры үчүн ар дайым тикемден тик турарыма көзү жетсе болду дедим ичимден…

– Сизге мунун баарын эмнеге айтып атам, билбейм. Ойдо жок жерден… Билбейм, эмнеге… Сиз деле уккуңуз келген жок, билем…

– Уккум келбесе, туруп кетпейт белем. Сенин тагдырыңды угуп отуруп, негедир экөөбүз биртуугандай болуп калдык. Сезип атасыңбы?

– Сиз мага негедир башынан эле биртууган адамдай сезилип, өз тагдырымды айта баштадым окшойм… Болбосо… Бирөөгө айтайын деген деле оюм жок болчу.

– Адамдар бири-бирин ушинтип табышат. Сен мага ушунча сырыңды айткандан кийин, мен эми мындан ары сага бөтөн адам болалбайм. Жүрөгүңө эмне сыр жашырып жүрсөң, мага айта бер. Мага ишенсең болду. Мага сенин ишенимиң гана керек. Башка эч нерсенин кереги жок. Баардык кайгыңды экөөбүз таанышкан бүгүнкү күндөн баштап унутсаң болду. Кеттик, андан көрө экөөбүз да элден калбай сууга чөмүп келели.

Ширинди колдон жетелеп, сууга тарттым. Экөөбүз тең эл жок тарапка чабак урдук. Ал тез эле озуп кетип, артынан мен жеткиче күтүп калып атты. А мен жеткен жерден анын көңүлүн көтөрүш үчүн суу чачып калам же колунан тартып сууга чөмүтүмүш болуп тамашалайм. Бирок менин шоктугум ага жагып атты. Кайра өзү шоктук кылып, суунун бир жеринен чумкуп кетип, артыман же алдыман «култ» этип чыга калып, суу чачат. Каткырабыз. Мен аны көл үстүндө эркелетип, наристедей эки колума типтике көтөргүм келсе, ал жеткирбей, шыңкылдап күлөт. Артынан кууп жетпегениме маашырланып, улам озуп кеткен ойноок мүнөзү менен эркелигин жактырдым. Күн нуруна жаркылдаган денеси суу түбүнөн секирген балыктай түйүлүп, балыктай култулдап карматпайт. Бир убакта түйүлгөн чачы чечилип кетти. Сууга жайылган олоң чачынын узундугу ошондо билинди. Колум жетип турса да, чачынан кармалап эркелеткенге эрким жетпеди. Болгону чачтарынын учунан кармалап эркелеткеним болбосо, ашыкча кетип, таарынтып алгандан жасканып турдум.

– Байке, тигилер каягында жүрүшөт, көрүнбөйт?

– Алар жаңеле жээкти карай баратышат. Те-етигинде, көрдүңбү?

– Аа… көрдүм. Мен бирок суудан чыккым келбей атат.

– Мен дагы.

Биз дагы көпкө сүздүк. Жээкте болсо Шириндин курбулары «келгиле» деп кол булгалап атышты.

– Баралыбы? – дедим.

– Суудан чыккым келбей атат, байке.

– Сен мени атыман эле айтчы.

– Көнөр бекем… Суранып калдыңыз, анда атыңыздан эле айтайын.

– Сиз деп да айтпа. Сен десең…

– Жээкке баралы, кандай дейсиң?

Жээкке келсек, тигилер тамакка бара турган болуп кийинип алышыптыр. Мен бирок алардан бөлүнүп кетип, Ширин менен өзүнчө тамактанганды кааладым. Жанымда велосипед алып берейин деп, уулума бекитип жүргөн акча бар эле. Мени ошол азгырды. Ширинди чекеге чакырып, өзүнчө кетүү планымды айттым.

– Курбуларың капа болбосо, Боро менен Татынын сыйын өздөрүнчө көрө берсин. Сен экөөбүз тегеректеги кафелердин башкасына баралычы, – дегениме Ширин да жандилинен макул болду. Тигилер да биздин айтканыбызга кыйылбастан көнүп, өздөрүнчө кетишти. Биз өзүбүзчө жайлуу кафелердин биринен орун алдык. Алдыбызга экөөбүз берген эки түрлүү салат келди. Вилка учундагы салатты Ширин оозуна салары менен экинчисин менин оозума салды.

– Белек, меникинен ооз тийчи… Жакшы салат бекен?

– Ох-хоо… Мына салат деп ушуну айт.

Ширин өзүнүн оозуна салган салаттан менин оозума салганы үчүнбү, же чын эле салаттын өзү укмушпу, даамы мыкты эле. Мен да өзүмдүн алдымдагы салаттан анын оозуна салдым.

– Ох-хоо… сеники да жакшы салат экен.

Экөөбүз бирибиздикин бирибиз мактап, бирибиздин салатты бирибиздин оозубузга салган үчүн тез эле тарелкаларыбыздын түбү көрүнүп калды. Андан кийинки келген ысык тамактарыбызды да бирибизге бирибиз жедирип атып түгөттүк.

– Өмүрүмдө тамакты бүгүнкүдөй кызыгып жеген эмесмин, Белек.

– Мен дагы.

– Биринчи, экинчиден да эч нерсе калтырбай жедим.

– Баарын өзүң жеген жоксуң, менин оозума салбадыңбы…

– А сен улам эле оозуңду ачып атпайсыңбы…

Шириндин бул жообуна экөөбүз абыдан күлдүк.

– Соргок экенсиң дечи.

– Жок, сендей жигит тамакты ушундай жеш керек.

– Азыр кайра барып, көлгө жанагыдай дагы түшүп келип, дагы ушинтип отуруп тамак ичели. Кандай дейсиң?

– Жүрү анда, кеттик.

Ширин экөөбүз ал күнү кечке суудан чыкканыбыз жок. Күн аркан бою ылдыйлаган маалда Татыныкына келсек, Айсанат менен Назира жарашыктуу бөлмөлөрдүн биринен үч орундукту дайындап коюшуптур. Алардын бака-шака түшүп отурганын көрүп, Ширин экөөбүз көл жээктеп келүүнү туура көрдүк. Сыртка чыгарыбыз менен кечки салкын түшүп калгандыктан, Ширин кофтасын алып чыкканы кайра кирип кетти. Аны күтүп көчөдө турсам, чийнеге кайык жүктөгөн балыкчылар көрүндү. Арасында абамдын баласы Мукан жүргөн экен, аны чекеге чакырдым.

– Кайыкты кайда?..

– Биздин үйгө. Эртең таң атпай достор болуп балыкка баралы дегенбиз.

– Мага бүгүн кечте бир-эки саатка берип тураласыңарбы?

– Сизге кантип бербей коёлу, аба. Алыңыз, качанкыга керек?

– Качан… Азыр. Мынча эрдик кылганыңа жараша түз эле анда көлдүн жээгине жеткирип бергиле. Бир аздан кийин артыңардан келип калам. Жарайбы? – Мукандын колуна акча сунсам албады.

– Ава, коюңузчу…

– Макул анда, жээкке бара бергиле.

Ангыча жаныма Ширин да келип калды. Кайык жүктөп бараткандарды көрүп, эки көзү оюнчукка көзү күйгөн балдардыкына окшоп кетти.

– Ах-тий… Кайык менен көл үстүндө сейилдеген кандай сонун ээ?

– Азыр сейилдейбиз.

– Койчу?!

– Койбой эле. Баса берсең.

Ал ишенип-ишенбей келатты. Жээкке жакындаганыбызда балыкчыларга 5-6 бөтөлкө пиво алганымдан кийин гана ишенди окшойт, «ура-алап» ийди. А мен компоюп калдым.

– Айттымбы? Аткарылат. Мен ошондоймун.

– Белек аба, кайык даяр.

– Ме, Мукан, досторуң менен пиво ичип тур, биз азыр.

– Ширин, биз адегенде шам-шум этип алалы, кандай дейсиң? Курсак ачып кетти.

Экөөбүз кайра эле түштөгү тамактанган кафебизге келип, түштө кандай сукулдасак, так ошондой тандаганыбызды калтырбай жедик. Шараптын кызылынан да, агынан да тандап ичтик. Шириндин эки бети албырып чыкты.

– Кеттикпи, Белек?

Кайыкка түшкүчө шаштысы кетип атканын байкадым.

– Кеттик.

Көл шарпылдап, түн бейпил. Саратан жайдын жумшак желине термелген көл шооратынан башка эч нерсе угулбайт. Ширин экөөбүз тез эле жээктен алыстап кеттик. Төбөдөгү айдын жарыгы алдында кайыкта соксойгон экөөбүздөй бактылуу жан жок эле. Башын менин ийниме жөлөп алган Ширин кыңылдап ырдап баратты. Кулагыма да, жүрөгүмө да жагымдуу ал ырды мурда эч жерден уккан эмесмин. Мен ага чейин музыкалык аспаптардын коштоосундагы ырларды гана укканым болбосо, андай ырды укпагам. Айдын жарыгында суунун угулар-угулмаксан шарпылдагы коштогон Ширинге кудай мукамдуу үндү да аябаптыр. Ажарлуу келбетине ай нуру тамган андай сулууну көргөн кайсы жан бар? А жанында жанашып ким отурган?

Ошондогудай кереметти адам бечара кыялында гана элестетпесе, колу жеткени барбы? Көл үстүндөгү таза абада алыскы мунарыктагы жылдыздар алаканга чубуруп түшчүдөй, бираз гана алыс көрүнбөсө, төбөбүздө салаңдап, жымыңдап турушту. Андай бакытты мендей чор таман, чор алакан болуп бүткөн наабайчы кыялында кайдан эңсейт эле. А мен кыялымда эмес, түшүмдө да эмес, так өңүмдө ажары төгүлгөн сулууга жанашып, керемет түндүн койнунда кайык менен көл үстүндө сейилдеп жүргөнүмдү бакыт эмей эмне дейм. Адам өмүрү бактыга туш келбей, канча сая кетет. Анын өмүрүндө бактылуу күндөрдөн да, бактысыз күндөрдүн эсеби көп ко. Сыягы адам бечаранын бактылуу күндөрү аз эле…

Бирок Ширин экөөбүз кезигишкен күндөн баштап далай бактылуу күндөрдү өткөздүк… Бир убакта ийниме ысык жаш тамчылап атканын туйдум.

– Ширин, сага эмне болду?

– Мен бүгүн бактылуумун.

– Мен дагы.

– Мен бүгүнкү бактыма сүйүнүп ыйлап атам…

Эки колумду калактан бошотуп, Ширинди боорума кыса кучактап, эки бетинен аймаладым. Бакыттан тамган көзжаштын даамы ачуу болсо да, өпкүлөй бердим, өпкүлөй бердим. Анын ыпысык эриндери эрдиме жабышканда, мен аны боюма кыса кучактадым. Эриндерим ысык тандырдын бооруна жабыштырган кудум эле өзүмдүн токоч нанымдын камырындай Шириндин ысык эриндерине жабышып калды. Токтоп турган кайыкты козгогум келбеди. Калакты шилейин десем, Шириндин назик колдору бел курчоомду бошоталбай атты.

– Белек, сенин эркиң эмнеге темирдей?

– Темирдей эмес…

– Жок, темирдей бекем экенсиң. Темир деп мына, мени айт. Канча чыдадым? Эрназар төрөлгөндөн бери… Эркекке болгон тоң сезимимдин баарын бүгүн сен жибиттиң. Эркектин жытын сагынганыма канча болду? А бүгүн өз эркиме ээ эмесмин…

Карманып туралбастан мен да калактарды шилегенди унутуп, Шириндин жонундагы кофтасын сыйрыганча шаштым.

– Мен темир эмесмин, Ширин. Мен азыр эриген коргошунмун…

Аялзаттын андай ысык койнун эч көргөн эмесмин. Шириндин койну – кыпкызыл жалын, кучагы толгон кумар эле. Кайнаган булактай оргуштаган денесин басып жыгылдым. Жамынган төшөгүбүз бир гана жылдыздуу асман болду. Түндүн койну мупмуздак, а биздин койнубуз алоологон от эле.

– Жытың кандай сонун, Белек! Жытың укмуштай экен…

Жыт бирок менин жытым эмес эле. Мурунду өрдөгөн ал жыт балыкчылардын кайыктын үстүнө таштап койгон купайкелерине сиңген тер болчу. Тер жыттанган купайкелер Шириндин баш жагында жаткан.

– Белек, мен жөнүндө жаман ойдо эмессиңби? Өмүрүмдө эч бир эркекке бүгүн сага жабышкандай жабышкан эмесмин. А бүгүн…

– Сен экөөбүз куурчак же робот эмеспиз, Ширин. Тирүү жанбыз. Сен экөөбүз бири-бирибизди жакшы көрүшүп калганыбызды жаңылыштык деп ойлойсуңбу?

– Жок.

–  Демек, бүгүндөн баштап сен экөөбүздүн «медовый месяц» башталды, – дедим. – Тамашасы жок… Анык бактылуу эне эми сенсиң. Сен эми Эрназардын бөбөгүн төрөйсүң. Экөөнүн тең атасы мен болом. Мен эми сенсиз жашай албайм.

– А үйбүлөңчү?

– Үйбүлөм да бактылуу жашайт. Аларды да эчкачан бактысыз кылбайм. Колуман баары келсе да бирок адамды бактысыз кылуу колумдан келбейт. Менин эми эки үйбүлөм болот. Мен эки үйбүлөмдү тең биринен бирин кем санабайм. Эки үйбүлөмдү тең ыйык тутам. Күндүн жарыгы баарына кандай тегиз… Менин да жарыгым, мээримим баарыңа бирдей жаркырап тиет. Баарыңан бактылуу болосуңар.

– Сен менин жарыгымсың, Белек. Мага бүгүн абыдан жарык үмүт берип койдуң. Мага сен гана жетпей жүрүпсүң. Сенин күчүң – эки ийнимдеги оор жүктүн баарын бир заматта силкип салды. Чөгүп кеткен көңүлүмдү өйдөгө сууруп чыгып, темирдей бекем деп жүргөн эрким майышкан кезде, сен чыңадың. Мени эми эч бир кайгыга мүңкүрөгүс кылдың, Белек. Өзүмдүн бактылуу эне экениме эми ишенем. Сен айткандай, Эрназардын энеси экениме эми сыймыктанам. Мүмкүн сага жолукпаганымда эч качан ал бактымды сезмек эмесмин.

Башын ийниме жөлөгөн Ширинди боюма бекем кыстым. Мен да андан күч-кубат ала түшкөнүмдү сездим.

– Сен менин алмазымсың, Белек. Жүрөгү да, акылы да, сөзү да курч сендей жигиттер жок азыр. Мындай курчтукту сен кайдан алгансың? Мен негедир курч жигиттер калбай калды деген ойдо элем. Сенин арбир айткан курч сөзүң жүрөгүмдү төйнөп, жүрөгүмдө орноп калды.

А чын-чынында ошондон тарта турмушка курчудум. Шириндин алдында гана эмес, турмушта да өзгөргүм келди. Негедир эр-жигиттик мүнөз күтүп, баарына чечкиндүү боло баштадым. Болбосо, үйбүлөм менен Шириндин ортосунда чайналгыдаймын. Ширин экөөбүз көлдө бир жума сайрандап, мен үйгө күнүгө көрүнгөн калпты айтып келем…

Канткен менен аялдын жүрөгү балээни сезбей коёбу, Кундуз бир жумадан бери соо эмес экенимен шектенип жүрдү. Күндүзү жоголуп, түнкүсүн келген мендей желтаманды ким эле эрим десин. Үй тириликти унутуп, күнүгө жортуп кетип, коюнуна жатпай жүргөнүм үчүн Кундуздун ызаланганын деле айайм, бирок эси-дартым Ширинде. Акыры чечкиндүүлүк кылайын деп жыландын башын өзүм кылтыйттым.

– Кундуз, бирдеңке айтайынбы? – Алдында шыйпаңдап турганымды жактырбай мурдун чүйрүйтөт. Болбой эле кебимди баштадым: – Сенден эмнени жашырчу элем, айтайынбы?

– Эмне айтат элең?

– Бетимди тытып албайсыңбы?

– Качан эле бетиңди тытып жүрдүм эле. Сен эле болсоң тыттырасың.

– Бирок азыр тытышың мүмкүн… – Олуттуу бирдеңке айтаарымды туйгансыган Кундуз үнүмдүн өзгөрө түшкөнүнөн чочугандай, мага көздөрүн акшырайтып туруп калды.

– Соо эмессиң!

– Бир жумадан бери соо болсом, тентип жүрөт белем…

…Шириндин артынан кийин да бир жума эмес канча күндөп тентип кеттим. Тентип жүрүп эле бири күнү Ширинди таппай калдым. Кайда гана издеп барбадым. Мен аны деңиздин түбүнөн таап алган асыл ташымды колумдан түшүрүп жибергенсип дайын-дарегин тапсамчы. Күн артынан күндөр, ай артынан айлар, эми минтип жыл артынан жылдар өттү, Ширинден дайын жок. Мен андан бир да жолу кат-кабар алалбадым. Жылыга жайда көлгө эс алууга келгендер менен Ширин да жарк этип келип калчудай элестейт, а мен аны жайлы жайлай пляждардын жээгинен издейм. Пляжда жаткандардын баары мени таңгалгансып тиктейт.

А мен пляжда жаткандарды сыдыра тиктейм, тешиле тиктейм. Кусалуу тиктейм…

Олжобай ШАКИР

2006-2014-ж.ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *