Сүйөм дейсиң жаш жигит,
Шашпаа, шашпа, коё турчу…
Билесиңби? Айтайынбы билгеним?..
Жыргалынан, кууралынан махабаттын ыйлаганым, күлгөнүм…
Анда эмесе угуп алчы, кантип менин сүйүүлөрдөн күйгөнүм…
Чындап  сүйсөң тилиң келбейт күрмөөгө,
Кирпигиңди алың жетпейт ирмөөгө!
Ачылат-ов, ак сүйүүдөн
Бейиш багы буга чейин сен көрбөгөн, билбеген!
Кайран жаның дирилдеген сүрдөгөн.
Кулайсың да кучагына сүйүүнүн.
Тагдырың ай, адамдык бир ирмемге байланган,
Дилиң менен  бир денеге айланган.
Көздөр гана  сүйүшөт, көздөр гана күйүшөт,
Денең күйүп от-жалын, эриндериң эс тандыра өбүшөт!


Анан, анан…
Түнкү асманда анда-санда көрүнгөн,
Учкан жылдыз сыяктуу — улам бири, экинчиси…
Сүйүү соолуп, сүйүү өчөт.
Кулайсың-ов, карайлап! Бут алдыңдан жер айланып, жер көчөт,
Сүйгөнүңдөн айрылып.
Түшүнгөндө сүйүүлөрдүн келбестигин кайрылып,
Таппай, таппай тегеренип айлаңды,
Ак сүйүүнүн азабына байланып,
Бүк түшөсүң чала өлүккө айланып!
Жүргөнүңдө араң жан, сүлдөрүңдү сүдүрөп,
Сүйгөнүңдүн атын айтып, миң кайталап жалынып,
Айныгандай ар нерсени айтып коюп күбүрөп,
Быштым мына!
Өлбөдүм деп сүйүүдөн. Өлбөдүм деп күйүүдөн!
Сенек болуп сезимдерим, жеңдим баарын мынакей деп,
Кулаганда көк мөндүрдөй  көздөн жаш,
Жетилдим деп турганыңда каадаланып кайран баш,
Жатканыңда жаның соолуп бүк түшүп,
Ойлоруңдан  таштай  муздак бирде тоңуп, бирде үшүп…
Канаганда эт-жүрөгүң тилинип,
Жалгыздыгың жанга баткан билинип,
Турганыңда бул жалгандан түңүлүп:
Анан… анан…
Аруулан деп, сыноолордон өтсөң анан боор ачып,
О бир убак кечигип… Сүйүү келет жүрөгүңө тирилип.
Ана сага махабат!
Жаңы адам жашооңдо жарк деп жанат нур чачып,
Дагы сыноо Теңирден?!
Дагы белек Тенирден!
Түшүнөсүң бу сөздөрдү тээ кийин…
Азырынча жаш жигит, койгун мени кечирип.
Койгун мени кечирип!
Бар айыбым — сүйбөйм сени…
Анан.. анан… төрөлгөнсүң кечигип!
2015-жыл,май.

* * *

Качан, кантип музга айланып,тоңгон эле жүрөгүм?..
Кай себептен катаал тартып, каткан эле мүнөзүм?
Кай мезгилде урап түштү көөдөндөгү тирегим?..
Кайып болду качан билбейм, караан болчу көкүрөктө тилегим?..
Билбейм кандай?..
Бирок азыр төгүп алып, таштак жерге өмүрүмдүн мүрөгүн,
Мен өзүмө жакпай калган! Мен өзүмдү таппай калган!..,
Мен өзүмдү жектеп ыйлап! Мен өзүмдү жоктоп ыйлап!..,
Мен өзүмдү өксүп издеп!
Жолун таппай  жолдо калган бирөөмүн!
Кай жеринен жазды билбейм, бакыраң көз, баёо мүнөз аппак кыз?!
Кай мезгилде кала берди сүйүү толгон жазым, күзүм, ак жай таңым, аппак кыш?!
Кайып болду кантип билбейм?.., Караан болуп туурумдагы аппак куш?!
Билбейм кандай?
Билем бирок өгөй тагдыр мен адашып баш койгон!
Бүгүн мага-өмүрүмдү, көңүлүмдү, тилегимди бүт соргон!
Муздак, мерез,  мээрими жок таш коргон!
Кайдыгермин… Кайдыгермин, басып кетем көп нерсеге кол шилтеп,
Жүргөнсүймүн, өтөгөнсүп өмүрүмдү көңүл тойбос, болор-болбос иште иштеп,
Сын такпачы, турчу ары…
Ары жогум жугуму жок акылыңды айтпачы?!
Ансыз дагы жолдо турам эки айрылыш-бири жарык, бири артка кайтпачу!
Көрүп турам кургурум, көөдөнүңдү миң жеринен тешилген,
Көрүп турам  мен сыяктуу тагдырыңды — агы азыраак…
карасы көп шоона жиптен эшилген!
Көрүп турам кайран жаның кара күчкө карч уруп, миң жеринен жешилген!
Көргүң келет бу жарыкта курган жан —
термелгенин бешигинде сүйүүнүн?.. Уктаганы көшүлгөн?!
Ыйлайсың ээ бук болгондо тагдырыңдын чече албай түйүнүн?..
Ыйлабачы кургурум!.. Көз жашыңды аарчы дагы байкушум!
Кыйын өңдүү сыр бербей, беткабыңды кий дагы!
Жаша дагы, сүйлө дагы жасалма!
Кээде бирок эстеп биздин экөөбүздүн сөзүбүз,
Көздөрүңө айыбы жок жаш алба? Же болбосо?.. Жоготтуңбу өзүңдү?..
Мен да жокмун, түгөндүм!
Кереги жок жайкап жашап өзүңдү!
Ой-кырыңды түзүңдү…
Бактылуудай көрүнгөнсүп бардыгын көзүнө…
Жүрү кеттик! Жүрөк сүйгөн чын жашоого кургурум!
Жасалма жүз тагдырыңды ташка чап! Быркыратып ургунуң!
Жүрү кеттик!
15-июль, 2015-жыл, Ош шаары

* * *

Түш көрдүм түндө
Төбөмдө  Күн шооласын
Төгүп  турган,
Аягымда  Ай тууган…
Ак маржан, ак  берметтей
Асмандын  бетин бербей,
Жылдыздар жымыңдаган.
Ай-аалам аруулукка
Апакай  нурга тунган.
Айланам гүлгө оронуп,
Атыр жыт аңкып  турган.
Ажайып айтып бүткүс,
Түркүн түс асыл заттай,
Көз жоосун алган Көлгө
Көзүм түштү.
Бой таштап кучагына
Сүздүм жыргап,
Күлмүңдөйм аппак танга.
Көргөнүм аян түшпү?..
Э-эх-х, мынча сонун…
Ойгонгум келбей койду,
Култ этип кирип кеттим жуурканыма…
22-март, 2014-жыл

* * *
Тыңшачы… тээ алыстан бир үн  чыгат,
жалооруп, чакыргандай үзүл-кесил?
Жан шерик издегендей  жалгызсырап,
карааны жолоочунун элдир-селдир…

Камалган жүрөк байкуш күтүп азат,
кол шилтеп бүт баарына кеткен чыгар?
Жалганда жалгыз жүргөн кандай азап,
жандүйнөң бөксө болуп, жарты сымал!

09.04.2014., Ош шаары

* * *

Атаа-а-а, ушу ичтегини төгө албай тумчугам,
кээде ушинтип унчугам…
көрүнбөгөн жиптер менен эрким байкуш байланган да тушалган,
эркиндикти эңсегеним күндөн-күнгө күч алган!
Гүлбагымды кантейин…
чарбагымды кантейин…
курган элем  ушуларды  айдай жүзүм   туурулуп…
А бир ок
мейкиндикти, эркиндикти самаган:
көөдөнүмөн азат чыкты атырылып, суурулуп!
Бир кездеги  бакыт болуп сезилген
нерселердин  мааниси жок мен үчүн.
Жалган жашап, жаным байкуш ансыз дагы эзилген!
Жан дебегин эсирген,
корком, корком, корком мен да кесирден.
Жаза ушул — жаза тартат сүйбөй жашап, жалган жашоо кечирген!
Азып-тозуп жандүйнөм,
азыр менин айырмам жок, баарын кечип,басып кеткен кечилден.
А бир ак
мен адаммын, күрөшөм!
Чарбагымдын курам кайра жаңысын,
койбогунуң мага сын.
Чегинбеймин, чепти бузам!
Мүрөгүнөн бакыттын — чөйчөгүмө  суу сузам.
Кана ичем, кангыча-ов, мөл бакытка жан-кусам!
2015-жылы май, Ош шаары

Рахат АМАНОВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *