Азербайжан жомогу

Бу жарыкта абыдан ынтымактуу, бирине-бири ачуу сөз айтпаган эрди-катын жашаптыр. Күйөөсү эртеден кеч талаада иштесе, аялы жип ийрип, жамап-жаскаган үй тирлигинен бошобочу экен. Айылдаштары бул үйбүлөнүн туткасын кармаган аялдын жөн билгилигин дайыма макташып, акылдуулугуна суктанышкан дешет. Күндөр өтөт, айлар, жылдар өтөт. Бул аял жөнүндө мактоолор эл арасында ооздон оозго тарайт.

Акыры эстүү аял жөнүндөгү кептерди уккан кыштак төрөсүнүн катыны албууттанат: «Ошол бетпакты эмнеле баары ооздон түшүрбөй мактайт, менден да артык кандай немекен ал?!» Ызасы кайнайт, бирок баралбайт. Себеби күйөөсү аны үйдөн карыш чыгарчу эмес экен. Бир күнү кыштак төрөсү иш боюнча көп күнгө алыска кетет. Күйөөсү үйдөн узары менен аялы бечарадай кийинип, баягы эл мактаган колуктуну издөөгө чыгат. Үймө үй кыдырат, акыры сураштырганын табат да бир бечара кейиптенип дарбаза кагып, тилемчидей кол сунат.

Жароокер колукту тиги бечаранын колуна ырыскы карматып, өз ишин улайт. Анын иш кылып атканын төрөнүн катыны короодон шыкааласа, эстүү аял аптаптуу күндүн алдында жибин ийрип отурат. Жанында каткан нан, чөмүчтө күнгө какталган суу турат.

– Э кагылайын, сен эмне көлөкөгө эмес, чакыйган күндүн алдында отурасың? – дейт төрөнүн катыны.

– Күйөөм азыр ысыкта куурап, талаада буудай чабууда. Баш калкалаар көлөкө да жок ага. Ал аз кезгенсип талаада ичип-жегенине да катыган нан, жылуу суудөн бөлөк эч нерсеси жок. А менчи? Андан эмнем артык? Ал деле мендей жан да. Мен анын мээнетин баалаш үчүн ал көргөн азапты өз жонтеримен сезишим керек. Анын мага ошон үчүн сүйүүсү ишенимдүү, – дейт.

Муну уккан төрөпейил катын тигинин чын эле акылдуу колукту экенин текшермекке суроо узатат:

– Айланайын, мага да кеңеш берчи. Күйөөм мени эмне кылсам катуу сүйөт?

– Эгерде мага арстандын эки-үч тал жүнүн жулуп келсеңиз, сизге ошондо гана үйрөтөм, – дейт.

Ошол күндөн баштап төрөнүн катыны арстан издеп, аны падышанын айбанканасынан табат. Темир тор ичиндеги арстандардын сүрүн бир көргөндө эле жүрөгү болк этет. Төрөнүн катыны ойлонуп-ойлонуп, арстандарга тамакты өз колу менен берүүнү чечет. Күнүгө эки-үч маал келип, коңулдан тамак жедирип, суусун алмаштырып, жүрөгүндө коркунуч турса да жырткычтар менен мээримдүү сүйлөшүп, куйруктарын сылап, жондорун тарап, өзүнө үйүр алдыра баштайт. Кыйла күн өткөндөн кийин арстандардын башынан сыласа да, жырткычтар аны жакшы таанып калат. Бир күнү анан айбаттуу арстандын башын сыламыш болуп, арстандын мурутунан үч кыл жулуп алат. Анан ал акылдуу колуктуга келип, арстандын мурутунан жулуп алган кылдарды көрсөтөт.

– Охо! Айбаттуу арстандын мурутун жулганга кантип эркиңиз жетти? – дейт эстүү колукту.

Төрөнүн аялы арстандын мурутун жулгандыгы туурасында баянды толук айтып берет.

– Эми сиз арстандарга кандай мамиле кылган болсоңуз, күйөөңүзгө да так ошондой жумшак мамиле кылыңыз. Ал сизди ошондо гана урматтап сүйө баштайт. Тилдебей да калат, – дептир.

Ошондон кийин төрөнүн аялы да өз күйөөсүнө эстүү аял берген кеңештегидей мамиле кылгандыктан – күйөөсү экөө абыдан ынтымактуу, бактылуу жашап калышыптыр. Төрөнүн аялы ошондон кийин гана эстүү аялды баалап калган дешет.

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *