Аңгеме

Биздин айыл үч көчөдөн турат. Экөө чоң көчө. Бири чолок. Чолок көчөнүн орто ченинде  ээн калган үй бар. Ээси бир жакка көчүп кеткенби же көзү өтүп кеткенби, ким билет? Айтор көп жылдардан бери ээсиз турат. Айылга сырттан келип иштегендер  ал үйгө көчүп кирип, убактылуу жашашат да кайра бир күндөрдө жок болуп кетишет. Бир убактарда биздин мектепке мугалим болуп келген чет тилчи эжей жашап жүрдү. Кийин бир жаш жигит жашады. Агроном экен. Колхозго практикага келген имиш. Ал да көпкө турган жок. Мөөнөтү бүтүп кетип калды.

Эми жакында дагы бир киши пайда болду. Жашы кырктарга барып калгандай. Арыкчырай, узун бойлуу, сакал-муруту өскүлөң. Чачын жалпылдатып өстүрүп, ийинине жеткирип кое берген. Желкесинен ылдый түшүп турат. Кээде кыздарча бир тутам кылып байлап да алат. Ал эрте жазда ушул ээн  тамга көчүп келип, үйдүн тегерегиндеги куурайларды  чогултуп өрттөп,  ирээттеп жүрдү.

Айылдыктар кыраакы эмеспи. Бу киши жалгызбы же үйбүлөсүн эми көчүрүп келеби дешип күдүктөнүп көз кырын салышты. Жок, ал үйбүлөсүн көчүрүп келген жок. Өзү жалгыз жашап жүрдү. Сүрөтчү экен. Борбордон келиптир.

Биздин айылдын жаратылышы абдан керемет эле. Эки тоонун ортосуна жайгашкан чакан айыл. Тоонун этегинде кышы-жайы таштан ташка урунуп аккан дарыя, эки жээги кооз бадалдар. Бадалдардын арасы толо түркүн куштар. Айтор сүрөтчү үчүн табылгыс жай. Бул эркин сүрөтчү турбайбы дешти айылдагылар. Эркин сүрөтчүлөр ушинтип ээн-жайкын талаалап, тоо-ташты кыдырып сүрөтүн тартып жүрө беришет эмеспи.

Айылдын эли, өзгөчө кыз-келиндер баары эле алдыртан сүрөтчүнү кеп кылышып, ошого назар салып калышты. Анын аты-жөнүн деле билген киши жок. Баары эле сүрөтчү деп алышкан. Сүрөтчү өзү да киши менен көп сүйлөшпөгөн бир мүнөз, түнт неме окшойт.  Кошуна-колоңдору менен сыпаа гана баш ийкешип койгону болбосо, эч ким менен жарытылуу мамиле түзбөдү. Үйүнүн эшиги көбүнчө кулпуланып турат. Өзү сүрөт тартчу шаймандары салынган чоң баштыгын ийинине асынып, башына калдайган чий калпагын кийип, свитерин белине байланып талааны көздөй жөнөп кетет. Анан эмне кылат? Анын жумушу ошондой экен. Жаратылышты тартайын деп келгенден кийин  анан ээн тамга жатып алмак беле?!

Эл деген эл эмеспи. Өзгөчө айылдыктар сырттан келген мындай табышмактуу адамды эрмектеп, ар кандай жоромолдоп айтканды жакшы көрүшөт да.

– Оо, сүрөтчү кетип баратат,  сүрөтчү келатат, сүрөтчү талаада жүрөт, – дей беришет.

Ооба, айылдаштар:

– Бул өзү акылы жайында эмес окшойт, дейди неме го… Эстүү  киши ээн тамда жалгыз жашабайт да, талаалап жүрө берип шайтан-шабыр ээрчип калган го, – дешип ар кандай сөздөрдү алдыртан айта беришти.

Сүрөтчү бул үйгө келээри менен эрте жазда эшигинин алдына түркүн-түстүү гүл айдады. Жайнаган не бир сонун гүлдөрү көчөдөн өткөндөрдүн көз жоосун алды. Өзгөчө кыз-келиндердин көздөрү чачырады. Бул айылда эч  кимдин короосунда мындай керемет гүлдөр жок. Сүрөтчүнүн гүл  өстүрүп  жүргөнүн көргөн айылдыктар:

– Бул өзү катын чалыш неме го гүл тигип, – дешип мыйыгынан күлүп, шылдың да кылышты. Бирок анын ак, кызыл, сары, жалын түстүү адеми гүлдөрүн көчөнүн кыз-келиндери карабай өтүшчү эмес. Гүл деген гүл да, көңүлүң өзү эле бурулат.

Сүрөтчү жөнүндө эми чындап ушактар жүрө баштады. Ошол эле чолок көчөдө  тестиер кызы бар күйөөсүнөн ажырашып келген Гүлнар деген бойдок келин тиги жигитке коңшулаш жашачу. Гүлнар мектепте мугалим. Биологиядан сабак берет. Аксаргылынан келген арыкчырай сулууча келин. Күндө эртең менен кызын жетелеп барып бала бакчага тапшырат да, андан ары мектебине кетет. Кайра кечинде кызын бакчадан алып, үйүнө өтөт. Өтүп баратып алиги сүрөтчүнүн гүлдөрүнө кызыккан окшойт. Короосуна кирип караганбы, айтор сүрөтчү Гүлнарга гүлдөрүнөн кыркып алып,  десте жасап бериптир. Аны көргөндөр сөз кылып жатышса,  дагы бирөөлөр:

– Ой, жо-ок,  ал сүрөтчү бая күнү кечинде гүл көтөрүп Гүлнардыкына кирип бараткан,  биз көргөнбүз, – дешип тим эле айың сөздөрдү  учуруп жүрүштү.

– О кокуй, үйүнө кирмек тургай ал экөө ээн талаада кыналыша басып  ээрчишип жүрүшөт, –  дегендер да чыкты.

Кыскасы, эл көзүнөн эч нерсени жашырууга болбойт эмеспи. Чынында эле сүрөтчү менен Гүлнардын көңүлдөрү табышып калган эле. Жигиттин гүл көтөрүп барганы да,  экөөнүн талаада чогуу жүргөнү да чындык болчу. Сүрөтчү  талаанын сыя гүлдөрүн кучактап, кумарлана  жыттап турган Гүлнардын сүрөтүн тартып аткан. Бир аптадан бери экөө таалада, шар аккан суунун жээгинде. Жигит бирде келинди, бирде тартып жаткан сүрөтүн тиктеп,  абдан кылдаттык менен  берилип  иштей берди. Гүлнар болсо кучагындагы сыя гүлдөрүн улам жыттап, жигитти жылмая карайт. Анан аларды көрүп калган айылдыктар сөз кылбай коёбу?!

Ошентип сүрөтчү менен  Гүлнардын мамилеси жалпы айылга жарыя болуп кетти. Ал ортодо айылдагы бир жигит  түн катып келип, сүрөтчүнү жакадан алып коколоп кетти.

– Гүлнарга жолобой жүргүн,  ал жакында меники болот! —  деди.

Көрсө, ал келинди сыртынан сүйүп, өзүнө батынып эч нерсе айта албай, көңүлүндө Гүлнарды өзүнө “менчиктеп” жүргөн неме экен.

Алардын мамилеси чындап эле тереңдеп баратты. Сүрөтчү Гүлнардын гүл кучактаган портретин укмуштай сонун тартты. Келин тим эле сүрөттүн төрт чарчы алкагынан шыңк этип күлүп,  бери чыга келчүдөй араң турат. Бышкан алчадай мөлтүрөгөн көздөрүнөн  бакыттын нуру жанып, кашкая тизилген сулуу тиштери жаштыктын жаркын элесин көрсөтүп турду. Бул портрет сүрөтчүнүн  ушул жакта жүрүп  жараткан эмгектеринин эң мыктысы болду окшойт. Дал  ушундай көздөрүнөн  жылдызы жанып, жүзүнөн нуру төгүлгөн айжаркын келиндин гүл кучактап турган сүрөтүн тартам деп ал өзү да ойлогон эместир.

Ооба, сүрөтчү жигит  айылдыктар болжогондой бойдок эле. Үй бүлөсү менен көп жыл мурун ажырашып кетип, андан бери жалаң ушул боек, кыл калем менен  алышып жүрүп, жеке турмушу тууралуу  ойлобой калган эле. Анын баардык эси-дарты  канткенде мыкты эмгек жаратам деген максат болчу. Канча жерлерди кезбеди. Кай жерлерге барбады. Кыш күндөрү талаа-түздөрдө түнөп калган чактары да болду. Бирок ошол азап тартып изденген иштеринин акыбети кайтып, былтыркы жылы сүрөтчүлөрдүн эл аралык сынагында биринчи орунду жеңип алып, сүрөтчүлөр арасында атагы дагы арта түшпөдүбү. Ал жаңы түстөрдү,  жаңы табылгаларды издеп жүрүп ушул айылга туш болгон.  Ушул жердин жаратылышы жаккан. Мына эми жеке бактысын да ушул айылдан таба турган болуп калды.

Ошентип жашыл жай өңүнөн кыярып, билинбей  күз кирип келди.  Күн сууктап, жалбырактар күбүлүп, солкулдак чөптүн баары куурайга айланган кеч күздө сүрөтчү да шаарына кайтышы керек болду. Бул жерге келгенине жети айдын жүзү болуптур. Бирок ал бир да күнүн текке кетирген жок.  Көп эмгектенип, майнаптуу иштеди. Дагы көп идеялдарды таап алды.  Бирок баарынан чоң табылгасы, кымбат байлыгы – Гүлнар менен табышканы болду.  Гүлнарды таштап кантип кетет эми?  Мына ушул нерсе сүрөтчүнү кыйнап турду. Гүлнарга карап бул жерде дайыма жашап калуу да мүмкүн эмес.  Кандай кылса болот? Ушул суроо жүрөктү эзди.

– Шаарга кетүү тууралуу  ойлонушум керек, мага убакыт бер, –  деди Гүлнар.                                                                     – Макул, ойлон. Мен бир айдан кийин кайра келем. Ага чейин чеч. Анан экөөбүз шаарга чогуу кетебиз, ал жакта деле  мектепте мугалим болуп иштей бересиң, – деди сүрөтчү.

Экөө кыйылып жатып араң коштошту.

– Мен сени сагынам, – деп шыбырады Гүлнар.

– А мен кетким келбей жатат, – деди жигит.

Эртеси сүрөтчү таң эрте шаарды көздөй жолго чыкты. Кан жолдогу аялдамада туруп, баягы түн ичинде келип жакадан алып: «Гүлнарга жолобо!» деп кеткен жигитти эстеди. Эстеди да бүт денеси муздап, жүрөгү титиреди. Кызганычы кан-жанын дүргүтүп жиберди. Ошол замат кайра артына кайтты.

– Жок, мен аны жалгыз таштабайм, – деп өзүнчө сүйлөнүп алды.

Айылды аралап ылдамдай басып олтуруп, шыр эле Гүлнардын үйүнө кирип келди. Аны кайра келет деп ойлобогон келин  адегенде таң кала карады да, кубанганынан көздөрү чачырап кетти. Сүрөтчүнүн ийининдеги  оор баштыгы шыпырылып жерге түштү.

– Мен сени жалгыз таштап кете албайт экемин.

Муну уккан Гүлнар сүрөтчүнүн көкүрөгүнө боюн таштады.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *