ЭЗОП 

Тамсил 

Бир бечара ооруп калат. Акыбалы күндөн күнгө начарлайт, аны айыктырып алууга дарыгерлердин да көздөрү жетпейт. Ошондо ал кудайга жалынып-жалбарат: эгерде айыгып кетсе, жаратканга арнап жүз буканы курмандыкка чаларын айтат. Муну уккан жанындагы аялы сурайт:

– Э ботом, сен анча буканы кайдагы акчаңа сатып аласың?

Анда күйөөсү жооп бериптир:

– Эй сен ойлойсуңбу, мен айыгып кетсем эле кудай-таала мен айтканды доолап келет деп?!

Тамсил көрсөткөндөй, адамдар да колунан келбеген иштерди ооз жүзүндө аткарып коё беришет.

Жүзүмгө жетпеген түлкү

Карды ач түлкү сабагында мөлтүрөп бышкан жүзүмдөрдү көрүп калат, үзүп жейин дейт, жетпейт. Шилекейи чубурган бойдон аргасыз жолуна түшөт. Ошондо да узап баратып: «эк, быша элек турбайбы» деп күңкүлдөгөн экен.

Арийне, адамдар да ушундай: ийгиликке жетүүгө өздөрүнүн кудурети жетпейт, бирок жүйөөсүз себептерди сөзсүз таап чыгышат.

Канкор

Бир адам бир адамды өлтүрүп коюп, өлгөн адамдын жакындары канкордун изине түшүшөт. А канкор болсо Нил дарыясын көздөй качса, алдынан карышкыр чыгат. Коркконунан дарыя жээгиндеги терекке чыга качса, терек башында жылан соймоңдоп жүрөт. Айласы кеткен канкор сууга секирет жанын сактоого, бирок аны ошол жерден крокодил кармап алып жеп коёт.

Тамсил көрсөткөндөй, турмушта да ушул: бирөөнүн канына забын болгон адамды кара жер да, көк асман да, суу да куткарган эмес.

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *