ПОЭЗИЯ

Күчүктөй пайда издеген
кыйгач карап,
үзүктөй калың чачын
кыйгач тарап,
дөбөттөй этти карай,
эшектей чөптү карай
жулкунган заман келди.

Жондуулар жымыңдаган,
кыйындар кымыңдаган,
түлкүлөр жалпактаган,
коркоктор жалтактаган,
карыздуулар карыз издеп
каргадай күнү-түнү салпактаган…

Жонуна төрт кишини
карк кылаар аш байланып,
бооруна бир өлкөнү
мерт кылаар таш байланып,
кемшейген кемпирлери улан күткөн,
келишкен жигиттери жубан күткөн,
калжайган карыларын кызга түрткөн,
өзөн-сайда жаз-жайды кышка түрткөн,
өскөн жерде балдарын сыртка түрткөн
заман келди…

Заманың ары болсо, ары бол деп,
бери болсо бери бол деп,
заманың бөрү болсо, бөрү бол деп,
Мекенге жатып албай догун артып,
турмуштун запкысын жеп,
корун тартып
жаштарың жапжаш күчтүү,
жаштарың алыс-алыс
алыскым жолго түштү.

Мен ага кейибеймин,
кезинде келет алар
ийленген териге окшоп,
чыңалган темирге окшоп,
келет алар,
кеңейтип тар жолуңду,
түшүнүп бар-жогуңду,
келет алар,
замбиректей ок атып
жокчулуктун аңырдай бош оозуна,
тагдырдын шамал урган,
жашоонун жалын урган от оозуна.
Башына ак кебездей акыл жыйып,
боюна чулу чоюн каруу жыйып…

Алдуулардын алдында мөгдөп турган
өз өлкөсүн сүйүнткөнү,
өңгөнү эмес,
өзүм деп дегдеп турган
жону жука өлкөсүн кийинткени
келет алар
толкун жарган кемедей топту жарып,
эшолондой дүкүлдөп дабыш кагып,
лом темирдей сайылып жалкоолукка,
айбалтадай чабылып ыкшоолукка,
жакырчылык дегендин колун жулуп,
кедейчилик дегендин бутун жулуп,
жокчулукту жер менен  жексен кылып,
ысыктын табын алып,
салкындын желин алып,
сулуунун мөлүн алып,
келет алар.
Мөгдөгөн өлкөсүнө
өчпөгөн жарык алып,
келет алар!
Балким болоор канаты кайрылгандар.
Кыйкуулап учалбаган
уядан айрылгандар.
Бөлөк элди элдегендер,
бөлөк жерди жердегендер,
түбөлүк ата-журтка келбегендер,
түбөлүк көздө жашы көлдөгөндөр,
түбөлүк түтөп күйгөн армандары,
туз буюрбай калгандары,
сапарын кар баскандар,
карманаарга тал таппай адашкандар…
Алар аздыр, көптөрү кайтып келээр,
туудай тутуп тууган жер-туурларын.
Күн нурундай тараган уулдарың,
таалай издеп сен үчүн сапар чеккен,
уулдарың өжөр-өктөм,
уулдарың бүркүттөй шаңшып учкан,
карлыгачтай кайкып учкан тегиз менен,
кыйкуулаган турналардай асмандагы,
келишет чардактардай деңиз менен,
уулдарың келгиндей жаз баардагы,
уулдарың – барчындарың,
уулдарың чарчабас чалкарларың,
чоюн жери болот болгон,
чакан өмүр жомок болгон,
Ата-журтун жоготпогон асылдарың
келет баары!
Самолеттой бороздоп асманыңды,
көк добулдай жапырып бак-шагыңды,
эшелондой дүкүлдөп жер үстүндө,
толкун жарып кемедей деңиз менен!
Келишет уулдарың
сен күткөн, сен издеген
жол каратпай келишет каралдылар
ый, жоготуу, кубаныч, жеңиш менен!

 

240 миллион кыргыз элек…

Тоңбогон эл элек биз
жан элек жалын өткүс.
Чыңгызды, Түгөлбайды үлгү тутуп,
жашаган Байболу жок, Салымбексиз.

Эл элек зор келечек күтүп турган
эл элек Байкоңурду силкиндирип,
дүйнөнү дүңгүрөтүп учуп турган.
Досу бар казак деген, орус деген,
эл элек энеси бир Союз деген,
келечекке бет алган ракет минип,
келечекке бет алган поюз менен.
Жакалашып миң кылымдык турмуш менен,
эл элек 240 миллион кыргыз деген.

Жемсөөсүнө жарылгыча жем шыкаган тогу да жок,
ыркыйып баспай калган жогу да жок,
биз анда бай-кедейсиз тегиз элек,
биз анда чөбөт болуп чөгүп жатпай,
толкуну тоо ураткан деңиз элек!

Алакандай каты менен Атакенин:
жерибиз алакандай аз экенин,
элибиз көз ачалек “жаш” экенин
айтпай туруп,
кыйкырып кылыч шилтеп,
бакырып бир мылтыкты атпай туруп
пейлибизди, нээтибизди салган элек,
кезинде Чыңгызханың жетпей калган
уч-кыйырсыз мейкинди алган элек.

Элүү жылдын ичинде аттан ыргып,
ракетага мингенбиз Айга деген,
океаның, деңизиң кулдук уруп,
токоюбуз бар эле Тайга деген.
Мунайыбыз бар эле агып турган,
газ-отубуз бар эле жанып турган,
паравозу буркулдап тегиздеги,
параходу үн салып деңиздеги,
алтыныбыз бар эле быгып жаткан,
акак таштар бар эле тунуп жаткан.
Маанайы ачык мантыккан эл элек биз
өнө боюн Азияга артып коюп,
эки бутун Европага сунуп жаткан.

Момолойдой момпоюп чыйпылдабай,
жоо качырган сүр элек, добуш элек,
жетимиш жыл жериңди титиреткен
240 миллион чекир көз орус элек.
Асман-жериң аралаш жылдыз элек,
жер шарынын жарымын каптап жаткан.
240 миллион кызылдай кыргыз элек,
240 миллион жанбирге казак элек.
Достошконго дос  элек койну жылуу,
касташканды “каңк!” урган азап элек.
Бир миллиард Кытайды чекеге чаап,
Америкаңды коколоп жашайт элек.

Күч бар эле күржүйгөн, акылы бар,
акыл-эстүү, ардактуу кол башы бар,
жалбырактын арасын ракет ээлеп,
ороосунда очойгон бомбасы бар
кыргыз деген эл элек “кыңк” эттирбес,
кыргыз деген эл элек колдоосу бар.

Бул тарабым пахтазар Араваным,
тигил жагым суу баскан Магаданым.
Кушка деген жеримдин кумун кечип,
Сибиримдин шиберин араладым…

Оо мен анда зор элем, күчтүү элем,
Оо мен анда өткүр да, учтуу элем.
Досторума кебездей жумшак элем,
душманыма темирдей муштум элем.

Оо ал кезде жок эле кара баскан,
Короосуна короосу короолошкон,
ниетине ниети аралашкан,
жарма ичишип, эт жешип, куда түшкөн,
биз тарыхты үйрөнүп Гумилёвдон,
кыргыз тилин окудук Юдахинден.
Тараганбыз бир журттан, очоктон биз
240 миллион кылыччан кыргыз элек,
кыйла жерди арылтып тозоктон биз,
капыс келген фашистти жөө кубалап,
Европанын жарымын бошотконбуз.

Китеп түшпөй колунан окуп турган,
килем түшпөй колунан токуп турган,
өзүм дебей элим деп тапкан ашын
ортодогу байлыкка кошуп турган,
тар аймакка думукпай каалаганда
тоо-талаага, деңизге көчүп турган,

майда-чоңун тең санап короңдотпой
дүнүйөлүк маселе чечип турган,
240 миллион кырылгыс кыргыз элек
токой болуп тоо-түздө өсүп турган,
240 миллион сары баш орус элек
азыркыдай чыйылдап четте калбай,
дүнүйөңдү дүң жарган добуш элек,
ниеттешке мемиреп тийген күндөй
кара ниетке катылган согуш элек.

Бир тууган да, киндиктеш жолдош элек,
азыркыдай сороюп жалгыз калбай
бир муштумга түйүлгөн он беш элек,
тап бергенди талкалап сойгон элек
кара ташты камырдай ойгон элек,
кара жерди күл кылган ойрон элек…

Караан калгыр кай шамал сокту бизге,
кең дүнүйө жылмышып бутубуздан
калды жалгыз кенедей кокту бизге,
элге айландык кедейген, кичирейген,
белге айландык шайы жок бүкүрөйгөн,
айбаты жок, баягы кайраты жок,
жер караган эл болдук үтүрөйгөн.

Ленин жок, кеменгер Сталин жок,
байлык бизди башкарды мисирейген,
демократия тескеди итирейген.

Оо кыргызым арман күч албан элек,
балбан элек дос-душман ардактаган,
тескей элек жайкысын күн жатпаган,
күңгөй элек кышкысын кар жатпаган.

Деңиз кайда толкуну ороп турган?
Мухит кайда балыгы тороп турган?
Мунай кайда биз үчүн короп турган?
Кум учурган чөл кайда, Тайга кайда
Байкоңурду силкинтип баягыдай
учалабы кыргызым айга кайра?

Эх кыргызым, 240 миллион элиң кайда,
17 миллион чарчы км. жериң кайда?

Эх кыргызым, килейген жерди берип,
тапканыңан көп болду жоготконуң.
Тундрадан Бишкекке чейинки жер
муунак-муунак бөлүнүп — чолок болдуң.
Американы коколоп турчу деген
мурда чындык,
бүгүнгө жомок болдуң…

Нуралы КАПАРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *