Бүгүн – Дэн, эртеңМао!

 Кытай мамлекети биздин абалтан алакалаш коңшубуз. Ортодо оомал-төкмөл заман кечти. Манастан тартып канча бир кенже эпосторубузга дейре түгөндү десе андан түтөгөн, күнү өчтү десе мындан күчөгөн эл тууралуу эгерим ырдалып бүткөн эмес. «Кумурсканы көр, селди көр, кыжылдап жаткан элди көр» демекчи, улуу коңшубуз тууралуу билбегенибизди билип, билгендерибизди дагы арттырып бармак лаазым. Миллиардын мындай койгондо да, калган эки жүз миллиону эле Орусия калкынан ашып түшкөн, а бирок ошончо элдин өркөчүндө ошондой эле реформаны оодурбай алып өткөн сабагы эмнеге тең? Мунун сыры кайда, неде катылган?

Анан да бул кечеги, акыркы он беш жылдагы эле акылман жетекчиликтин жемишиби, же?… Айтса, соңку кездерде Кытайда жүргүзүлгөн экономикалык реформанын атасы, Кытайдын азыркы аксакалы дээрлик Дэн Сяопиндин ролун адилет белгилеп атышып, ошол эле учурда анын жанында ага чейинки улуу жол башчы Маонун баасын кемитип-кемсинткен көзкараштар да көбүрөк айтыла калып жүрөт. Мамлекеттик жетекчилер тарабынан да. Ырас, ага бир чети Мао менен Дэн карыянын кезиндеги ичара салкын алакасы жем таштаса, экинчи жагы, узак жылдар бою Мао тууралуу советтик жана дүйнөлүк басма сөздө жарыяланган бир беткей каралоо материалдарынын да таасири сезимдерде али өз күүсүн сактап тургандыгы себеп. Бирок кандай болгондо да Мао улуу элдин улуу сыймыгы экендигин эч качан эстен чыгарып болбойт. Элдин эмки патриархы Дэн, жаки, азыркы председатель Чжао Цзыяндын, кезинде, Маодон ыдык көрүп калган адамдардын катарына кирерине карап, жаки, реформа ийгилигин көтөрүп атка салып атып, көтөндөн чымчып алгандай эле бир кеп бул.

Анткени, дагы кайталайм, Мао – карапайым элден тартып мамлекеттик деңгээлдеги жетекчилерге чейин калыс баасын эбак алган жана тарыхтагы чыныгы өзүнүн ээлер ордун ээлеген адам. Улам кийинки бийликке келгендери мурдагыларын дүмүрүнөн казып, шымаланып жок кылып кирген биздеги орус маанайлуу «революционерликтен» оолак турган бу калк: «ооба, анын да кемчилиги болгон, бирок ким жаңылбайт, кантсе да жакшылык жарыгы жамандык загын өрттөп кеткен» деп гана коюшат, кыскача. Муну айтканым, ал – Мао, эми эки миллион кыргыздын эки уулунун актап-жактоосуна муктаждыгынан эмес, орошон кошунабыздын жан табиятын, жакынкы тарыхын, асыресе эмнеликтен эми да реформасы мүргүбөй күрдөөл өнүгүп жатканын, ал таянган зыл негиз не экенин түшүнгүбүз келгенинен улам. Ал эми кемчил жагына келсек, ал бизсиз эле бир кез келиштире айтылган…

XX кылымдагы кытай тарыхы төрт залкар инсанды билет: Сунь Ятсенди, Чан Кайшини, Мао Цзэдунду жана Дэн Сяопинди. Алдыңкы экөөнүн жөнү өзүнчө, соңку экөөнө келсек, кытай социализминин тагдыры, өлкөнүн бүгүнкү улуу кубаты ушул эки инсандын ысмы менен тыкыз байланышкан. Аларды сөздүн нак маанисиндеги «жол башчы» атаса болот. Деги эле Кытайдын кылым кезген тарыхынын мисалы өзү бая Платон айткан: «Мамлекетти философ башкарышы керек» деген эски ойду эстетип турат. Бул Кытайдын бар башкаруучусунун баары эле телегейи тегиз, акылман туулуп отурду дегендик эмес, арасында орус Федордой аңкоо паашалары болгондур. Бирок да Кытайдын эзелтен келген мамлекеттүүлүк философиясы, эл башкаруу тартиби, бийликтеги династиянын уланыш салты, ордодогу акылмандардын дамамат ээлеген бийик орду – мамлекетти бейубак чайпалуудан сактап, дамамат башбилги баштап жүргөн.

Тарыхтан маалым: мамлекеттик кызматка өтөр алдын ар бир чиновник атайын сынактан өткөн. Сынакта Конфуций ыраатка салган беш канон китептин эрежелерин билүү милдет болгон. Алар: «Щи цзин» (Ыр баян), «Шу цзин» (Жыл баян), «И цзин» (Сыр баян), «Ли цзи» (Салт баян) жана «Чунь цю» (Жаз-күз баян). Ушулардын ичинде «И цзиндин» ээлеген орду ажайып, өзгөчө. Бул Сыр сандыктын ачкычын алууга ар ким эле дааган эмес… Конфуций өзү өмүрүнүн акыркы жылдарын жалаң ушул китеп үстүндө карытып: «Атигиниң, жараткан дагы бираз өмүр берсе, элүү жылын эми түгөл «И Цзинге» арнабас белем, ошондо түк ката кетирбейт элем» деп армандаган дешет. Кытайдагы байыртан келген не бир философиялык агым, мектептердин бары ага башатка суусагандай суусап турган. Анткени анда, эмкиче айтканда, материалисттерин да, идеалисттерин да түгөл батырган Теңирий улуу мейкиндик жаткан…

Маого келсек, ал дал ошол өзүнө чейинки салттын бир уландысы, улуттук фалсафий кыртыштан аягы ажырабаган зор инсан. Арийне, Маонун сөздөрүндө «И цзин» менен түз алака катышы эскерилбейт. Бирок анын идеясы айткан, жазгандарында оргуп турат. Тагыраак айтканда, Лао зы менен Куң зынын кудурети урат. Ал өзү минткен: «алты жыл бою Конфуций менен жашадым. Жети жылы буржуазиячыл авторлордун жазгандарын окудум. Маркс да, Ленин да ал кезде маа белгисиз эле. … Мен обол идеализмге ишенгем, дагы Конфуцийге, анан да Канттын дуализмине…» (1957-ж. Китепте; «Маоизм без прикрас» 1980, М; 45-б. Мындан кийинки мисалдар да ушул китептен алынды). Бул анын дүйнөтаанымынын кыймыл багытынан кабар айтат. Соңунда ал Маркска келет. Бирок… «Мен деле марксизмдин негиздөөчүлөрүнүн бир канча китебин окудум, дагы канчасы калганын билбейм, анткени Кытайда алардын жарымынан азырагы гана которулган. «Женьминь чубаньшэ» басмасынын башчысынын айтымында, болгону кырк жети пайызы которулуптур» (1957-ж. 52-б.).

Мындай кырдаал анын жолуна дурус түштүбү, буруш түштүбү? Ар жакка чоюп айта берсе болот. Акыйкатта, ошентишти. Айталы, Маркстын түбүнө чейин түшкөн советтик аалымдар Маонун бу багыттагы өксүгүн (Маркстын каттарына чейин окубаганын) дароо эле бутага алышты. Аны марксизмди чындап түшүнбөгөн дилетант деп аташты. Буга Маонун өзүнүн моюнга алып, минтип айткандары да жем таштаган: «Жолдош Ян, мындасызбы? Мына, сиз Маркстын бар жазганын окуптурсуз, бийик тамдын башына чыгып алыпсыз. А мен али бүт окуй элекмин, демек, сизден жапыстамын. Бирок жапыстагылар сиздей бийикке чыгып алгандардан корко бергени да туура эмес» (1958-ж. 52-б.). Анын мындай батыл да, баатыр да маанайы сырттан караганда чын эле жепен эрдемсүү көрүнөт. Сырттай карганда… Чынында анын тамыры өзүнүн кыртышында терең сойлоп калган жана бул анын кемчилдиги эмес, тескерисинче, артыкчылыгы болгон. Акыйкатта, чындыкты бир жерден терең ачкан адамга экинчи жердеги чындык өзү эле ээрчип келет, келгенде да керектүүсүн өзү айтып, керексизин өзү четтетип берет.

«Марксизмден азырак кабар алган соң мен да өзүмдү идеологиялык жактан кайра тарбиялоого бет бурдум, бирок да менин көзкарашым айланып келип узакка созулган таптык күрөштө калыптанды».

Анын «кытайлашкан марксизм» тууралуу идеясы жандуу турмуштан ушундайча калкып чыккан. «Марксизм, ленинизмдин жалпы чындыгынын Кытай революциясынын практикасы менен конкрет кыйыштырып алып өтүү, бул – материализм. Бул экөө эки учтун биримдиги. б.а. диалектика мыйзамын биле бербейт. Советтер Союзунун тажрыйбасы, ыкмасы бул – чындыктын бир ыптасы, Кытайдын практикасы – экинчи бети. Карама-каршылыктардын биримдиги ушерде».

Айтса, Маонун окуусун башкы сызык катары аралап өткөн идея ушул – карама-каршылыктардын күрөш биримдиги же диалектика илими. Ырас, анын диалектик экендигинен шек уруп кыпкызыл эле эклектик, волюнтарист санагандар көп. Айрыкча аны Советте жаалданып сындаган жылдары мындай жарлык күч алган. Бирок диалектиканы ким кандай түшүнөт? Бул да өзүнчө бир маселе. Айталы, көчмөн философияда ал «карама-каршылыктардын күрөш биримдиги» эмес, «ТЕҢдин, кош ТҮГӨЙдүн бүтүндөлүүсү ирээти маңыздалмагы эп» деген ойду айтканбыз («Дүйнөзөк», «ЭТ», тирк. №18, 1996). Айырмасы; биринчисинде «карама-каршылык» (күрөш) деген мазмун биринчи планга суурулса, экинчисинде «түгөйлөшүү», «бүтүндөлүү» (сүйүү) мазмуну алдыга чыгат дегенбиз. Агер, Батыш калыбына сыйбай калса эле баарын ошол ыңгайдан чыгып, күлүн сапырып жокко чыгарып кирүү – бул да бир нигилизм, улуттук центризм. Ал эми Маого келсек, анын диалектика тууралуу ойлору «Относительно противоречия» деген эмгегинде атайын айтылган. Анын чын диалектик же экилүү эклектик экенин ар ким өз түшүнүк деңгээлинен чыгып аныктап алсын. Буерде мен анын, башка бир, Чыгышчыл маанайын чагылдырган, аялы Цянь Цинге жазган каймана мүнөз катынан бир мисал тартууну эп көрүп турам:

“Мен өзүмө бирде ишенсем, бирде ишенбейм. Жаш кезимден минтчү элем: «адам өмүрү эң көп болсо эки жүз жыл созулар. Бирок ал кыймылга келтирген толкун эки миң жылдап токтобосун. Көрдүңбү, көкүрөк Көк чапчыган не деген дем. Ошол эле учурда өз күчүмө күмөнсүү да күч». «Жолборсу жок токойдо маймыл падыша» дейт. Мен ошол падышадаймын, бирок бул – сыртым, тереңимде жолборс руху буккан, а бул – эң башкысы. Маймыл, сыртым – көшөгөм”.

Буерде эч кандай эклектика жок.

Бир жылдары Хань династиясы тушунда жашаган Ли Гунун Хуан Цюнга жазган катынан мобу мисалды келтирчү элем: катуу нерсе – карс сынат, ак – бат булганат, жалаң «янчун байсюэни» ырдап калган – жалгызданат, күчтүү атак – түптүү чатак».

Байкалгандай, диалектика идеясы, мында образ маанайда айтылган. Чыгыштын жолу, ыкмасы ушул.

Диалектика дедик, Мао чың философ, чын теоретик катары коомдун өсүп-өнүгүш жолун болжоп чактап, зор мамлекетти башкарууга алган. Коомдук кубулуштардын тамырын тарткан: «бирде күч үрөсөң, кайра эс ал. Чыйралган нерсе жанып турсун. Дайыма эле чың жыйрылган туура эмес. Ашыкча чарчоо жарабайт». Ушу ыңгайдан алганда, айталы, анын КПКнын XVIII съезди тарабынан сынга алынган «алдыга ыксыз ашыгуу» идеясында да мамилеси атайын көңүл бурууга арзыйт. “Туура, күндөн-күнгө күчүркөп өнүгүш кыйын. Мен «толкун сымал» өнүгүүгө каршы эмесмин, «алдыга ыксыз ашыгууга» каршымын. Бирок калк алдында муну азыр ачык айтыш да натуура. Бул, элдин кызып турган этине шыргалаң сууну бүрккөндөй кеп, энтузиазмын иритүү…» «Алдыга ыксыз ашыгуу» деген термин жакшыбы, жаманбы, эми муну тек коёлу. Маселенин саясый жагын карайлы. Биз ушуга каршы чабуул салган күндө элдин энтузиазмы эмне болот? 600 млн. элдин энтузиазмы бир мезгилде жалпы өчсө, анын кесепети эмнеге согот?…»

Ооба, кыймылдагы зор массанын инерциясы деген эмне экенин керемет туйган, конкрет учурдун тамырын таамай кармаган кыраа диалектик жатат мында.

Узак жылдар бою эл аралык империализмде эзилген, жери талоонго түшкөн, атайлап баңгичиликке батырылып, кундуу моралы куруган элдин эми социалисттик революциядан соңку жылдардагы энтузиазмы чыны менен суктанарлык жогору эле, жана аны менен эсептешпей коюуга болмок эмес. Маонун коомдук өнүгүштөгү субъективдүү фактордун өскүлөң ролу тууралуу идеясынын өзөгү да ошол жылдары чыйралган, бышкан. Анын үстүнө Кытай, бул – чыгыш менталитети дагы эле…

Арийне, анын «Улуу секирик», «Коммуна», «Маданий революция» жылдарында аша чапкан, жаза баскан учурлары бар. Ал мамлекеттин тарыхындагы кейиштүү барактар катары кеткис жазылып калганы да чын. Алардын келип чыгышын, жүрүшүн баштагыдай бир тарап көөлөй бербей, салкын кандуу териштирсе, болот. Бирок макаланын максаты бул эмес, андыктан эми азыркы реформанын генезисине байланыштуу учкай ой калчайын. Мунун учугу, биз ойлогондой, кечээги Дэн бийликке келген жылдарда эле эмес, артылып аркы заманга чабат. Таштан ташка бышкан суудай баштан башка бышып келген идея ал.

«Кээ бир «теоретиктер» турмушту сүрөттөй келгенде биздеги капитализмден калган мурас — товардык өндүрүш жана өздүк нарк маселесин атайлап аттап өтүп байкамаксанга салышат. А чынында бул категорияларды ким кандай түшүнөт, соцалисттик курулушубузда тийгизер пайдасы барбы, маселенин өзөгү ушунда. Эгерде пайдасы болсо, тартынбай ишке салалы. Товардык өндүрүштү, нарк мыйзамын колдоо керек». «Айрымдар дыйкандарды жумушчудай санайт. Бул туура эмес. Товардык өндүрүштөн чочулап бекер, маселенин баары — анын кайсыл экономикалык уклад менен байланышканында. Элдин бир-бирине мамилесин ата-бала мамилесиндей тыкыр тегиздеп салышка болбойт. Теңсиздикти такыр жойгон күндө да, бары бир, айырмачылык калат».

«Кытай Эл Республикасы түзүлгөндөн бери улуттук буржуазия элдин демократиялык диктатурасын колдоодо… Мамлекет капиталисттик өнөр жайды, сооданы колдоо саясатын улуттук буржуазия ушундай болушун каалаган үчүн эле жүргүзбөйт. Ал өткөөл учурдун экономикалык зарылдыгынын өзү менен шартталган… Жалпы улуттук кызыкчылыкка кайчы келген жеринде ал чектелиши керек. Чектөө саясаты — ишке чегүү саясаты менен чырмалыш жүрөт…» (Материалы VIII съезда КПК. М. 1956-ж. 18-19-бб.).

«Реакциячыл класстарга каршы багытталган диктатура деген, бул, аларды тып-тыйпыл жок кылып туруу дегендикти билдирбейт. Жок, аларды кайра тарбиялаш керек, жаңырсын үчүн…». «Эгерде адамды эмгек менен кайра тарбиялоого болсо, мейли тарбиялансын, таштанды буюмду деле пайдалуу ишке жумшап жүрүшпөйбү»

Коомдун ички бар энергиясын бир нуктуу багыттап, бир кадам, бир карыш, бир нукум болсо да аны алга сүрөгөн позитив факторго айлантып алуу деген ушул эле.

КПКнын тарыхындагы эң бир урунттуу учур – VIII съезддин жалпы духуна эл чарбасынын бардык тармагына карай алганда ушундай маанайда болгон. Бирок экинчи дүйнөлүк согуштан соңку жарыша куралдануу, дүркүрөп өнүгүүгө өткөн жалпы дүйнөлүк жагдай миллиард калкты да камчыланууга аргасыз кылган. Бул учурдагы Маонун субъективизми объективдүү кырдаалга кай жеринде чик түшкөн, ошончо орошон элди оор козгоп, кыска убакытта кызуу кыймылга алган дем Эл-Мамлекетти эмне чекке апкелди, — бул да олуттуу, салкын кандуу талдаар сөз. Бир нерсе айкын: соңку Дэн мезгилиндеги экономикалык реформа сырттай көзгө канчалык ар башка, мурдагыга коошпогондой көрүнбөсүн, акыйкатта ал өзүнө чейинки жыйрылган дене, түйүлгөн булчуңдун жаңы тарыхый шарттагы жаңыча ишке кириши, тарыхый экинчи этаптагы табигый уландысы. Башкача айтканда Дэндин 80-ж-ж. Кийинки реформасы Маонун 50-ж-ж. Этегиндеги эл кыдыруудагы айтылган терең теориялык нускоолорунун практикадагы тыкыр ишке ашырылышы сыяктанат. Маосуз Дэн жок.

«Мао Цзэдун: Дэн Сяопин кулагына кум куюп алгандай. Жыйындарда менден алыс отуруп алат. Алты жыл болду, 1959-жылдан бери мага бир да жолу доклад кылбады.

Не Жунчжэнь: бул киши өтө айлакер…

Мао Цзэдун: Дэн Сяопиндин маа карата принциби мындай: сыйларын сыйла, бирок оолактап сак жүр».

Айлакер Дэндин оюнда ошондо эмне жүргөнүн соңку турмуш көрсөттү. Бирок кайталайбыз, анын идеясы азыркыдай ургаал ишке ашышы үчүн ага бары бир “Мао трамплин” зарыл эле. Ансыз балким ал: жүрөгү курч, канат-каруусу али болуп толо элек бозумтүлөктөй саал эртелеп учуп алмактыр, ким билет… Бул да диалектика мыйзамы. Келечекте Дэнге жана анын жолун жолдоочуларына белгилүү бир этап, процесстерден соң Мао чечкен эле маселелерди кайрадан чечүүгө тура келет. Чечкенде да, балким, Мао ыкмада… Албетте, жаңы тарыхый шартта, дүйнөлүк жаңы саясы окуялардын контекстинде. Бул да диалектика мыйзамы…

VIII съезде «Партиянын Уставындагы өзгөрүүлөр» тууралуу Дэн Сяопин доклад жасаган. «Борбордук жана жергиликтүү партиялык уюмдардын укуктарынын чеги такталышы зарыл. Жалпы мамлекеттик деңгээлде тегиз чечим чыгаруу зарыл болгон жана партияны борборлоштуруп биримдигин чыңдаган бардык маселе ал конкреттүү шартка толук жоп бериши үчүн бүтүндөй жергиликтүү уюмдардын ыкыбалына калсын» (Мат. VIII съезда КПК. 91-б.).

Бул — партиянын уставына киргизилген программалык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдөн эле. Анын артында соңку реформачыл Дэн дагы, диалектикачыл Мао дагы, тарыхы эки миң жылга артылган Кытайдын мамлекеттүүлүк идеясы дагы, жана баарына байтүп суналып калган байыркы элдин классикалык философиясы дагы, уюп жатат. Кытай жана анын байыркы, жакынкы саясаты жайында ойлогондо фрагменттеп үзүп-жарбай, чокон көрүнүштөн абсолют бүтүм чыгарбай, бар татаал байланышын жоготпой, учу улуу «И цзинге» тирелген биримдик философиянын бир туташ контекстинде карамак лаазым. Ошондо гана биз бул улуу коңшу элдин өзөгүндө уюган сырын туябыз, болочок дүйнөлүк жүрүштөрүн белгилүү деңгээлде боолгой билебиз. А бул бизге дайым зарыл, билгенге…

Чоюн ӨМҮРАЛЫ уулу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *