Бейшебай УСУБАЛИЕВ

«Умереть — это ещё не всё!»
Э.Хемингуэй

Деле адамга түшүнүп болбойт: кээ бир адамдарга көп эле жолугасың, көп эле жолу алар менен чер жазышып сүйлөшкөндөй болосуң, бирок алар жөнүндө бир нерсе айтайын десең эле, айта турган эч нерсең жок болуп чыга келет. Ал эми кээ бир адамдар менен эзилишип деле сүйлөшпөйсүң, сүйлөшсөң да бир эле жолу сүйлөшкөнсүң, атүгүл таптакыр сүйлөшкөн да эмессиң, сыртынан эле билесиң, бирок алар карегиңде биротоло орноп калат да, сенин адам экениңди дайыма эскертип турат. Бүгүн анда кеп оролу ошолор жөнүндө. 

КӨЗ

Байдылда Сарногоевди кимдер гана билчү эмес! Мен да жакшы билчүмүн, гүлбакта жүргөнүн да, “батальону” менен жүргөнүн да көп эле кездештирдим. Бирок бир жолу да аны менен сүйлөшкөн эмесмин. Бүгүн биринчи жолу бетме-бет кездешип, биринчи жолу сүйлөшүп отурам.

“Мектеп” басмасында иштешчү элем. Түш маалы. Бөлмөдө жалгызмын. Эшик ачылып, бирөө киргендей болду. Башымды көтөрдүм. Маңдайымда жаңы орнотулган зым карагайдай зыңкыйып Байдыкем турат. Эмне дээримди билбей, катып калдым. Байдыкем өзүнө гана таандык сөөлөт менен бөлмөнү бир айландыра карады да:

— Эч ким жок тура… — деп койду, кимдир бирөөгө кайрылып жаткандай.

— Ооба… Баары тамакка кетишти.

— Тамакка кетиштиби… Жакшы анда, иничек, тамакка кетишсе… — Колун көтөрдү да, муштумун түйүп, бир айландыра карады. — Ушу да муштумбу! — деди анан жийиркенгендей, ырайын бырыштыра. — Бул эки муштум эмес беле!.. — Башын чайкай муштумун жазды да, өзүнө-өзү боору ооругандай, кайрадан башын чайкап, ойлуу туруп калды. Анан мени карап, кысынгандай. — Баары тамакка кетишсе, иничек, сенде бир сом барбы?

Мен дале өзүмө келе албай, аңырайган бойдон чөнтөгүмдөн бир сом алып, ага сундум. Ал алды да:

— Эми мен кайда барам!.. — деди табышмактуу.

— Бара бериңиз да!.. — дедим мен ойлонуп-ойлонбой. — Сиз кайда болбосун бата бересиз да!..

Мен өз сөзүмдөн өзүм коркуп кеттим да, жылмайымыш болуп Байдыкемди карап калдым.

— Ыя?!. — Байдыкем селт эте түштү. — Кайда барсаң, бата бересиң!.. Айланайын… Кайда барсаң… — Сөзүн улай албады да, мени тиктеп калды. Мен Байдыкемди эмес, кандайдыр бир бажырайган мээримди көрүп турдум. Анан ошол мээрим төгө бажырайып турган көзүнөн тегеренген жашты байкап калдым. — Айланайын!.. — деди ал аңгыча үнү кардыга. — Кайда барсаң, бата бересиң!.. Айла…

Байдыкем ушинтип өзүнчө күбүрөнүп чыгып баратты. Мен артынан карап калдым. Анын далысы, ийни бүлкүлдөп баратты. Ал мага эки далысы менен ыйлап бараткандай туюлду…

Байдыкемдин акка моюн сунганын укканда менин көз алдыма дал ушул мээрим төгө бажырайган, жаш тегеренген көз тартылып турду.

КӨРҮНГӨН

Мурда менде мындай бир жакшы адат бар эле: бош күндөрү же өзүм жалгыз, же балдарым менен бирге жөө-жалаңдап шаар кыдырчубуз. Үйдөн чыгып, китеп дүкөндөрүнө (азыр бул дүкөндөрдүн бири да жок!) кирип, акыры барып Ош базарына токтор элек. Ошондой жортуулдарымдын биринде мен Ош базарына кире бериштен нукура кыргыз окумуштуусу, профессор (мударис) Кусейин Исаевге жолугуп калдым. Бу кишини мен сыртынан жакшы таанычумун, бирок мени тааныбайт го деп ойлочу элем. Эмнегедир экөөбүз учурашып калдык. Кусейин байке шар, айкөл жана март киши экен:

— Мен сенин жазгандарыңдын баарын окуп жүрөм! — деди салтанаттуу. — Сен деген кыргыздын бир кулунусуң! Жүрүгүнүң…

Кусейин байке жөнөп калды. “Кайда?” дегенге үлгүрбөй, мен ээрчий бастым. Экөөбүз ээрчишип, базарды аралап өттүк да, аркы эшигинен чыктык. Дарбазадан он кадам ары эле аялдар кыркалекей тизилип туруп алышып, бозо сатышар эле. Ушу жерге жеткенде:

— Сага жолуксам, бир сыйлап коёюн деп ойлоп жүрчү элем, — деди Кусейин байке бакылдап, — бүгүн сааты чыккан окшойт…

Экөөбүз кеселерибизди колго алып, жаңыдан эле сүйлөшө баштаганыбызда, Кусейин байке сөзүн тык токтотту да, алды жакты карап, талып калгандай болду. Эмне балакет болуп кетти деп, мен да карап калдым. Эч бир деле шумдукту көргөнүм жок. Болгону баскан кадамын атайы санап келаткансыган бир кара костюмчан киши акырын жылып келатыптыр. Ал жакындап келатты: көздөрү жайнаган, кичинекей кара тору киши экен, негедир жүдөңкү. Ал жакындаган сайын, Кусейин байкенин жүзүндө жылмаюу пайда боло баштады. Акыры жаныбызга келди.

— Кел, келиңиз, — деди Кусейин байке шашкалактай. — Бу сиз кайдан?.. Келиңиз, алыңыз… — Кесесин суна кетти.

— Ээ… — Тиги киши ыңгайсыздана күлүмсүрөй кетенчиктеди. — Мен муну…

— Аа… — Кусейин байке түшүнгөндөй, акырын ага жакындады да, экөө шыбыраша кетти. Тиги киши шыбырап жаткансыды. Кусейин байке мага кесени кармата койду да: — Ошол элеби, анын жарасы жеңил эле, — деп сүйлөнө чөнтөгүн оодара кетти. — Сизден ал айланып кетсин. Сиз деген… — Кусейин байке акча сунду окшойт.

— Ээ… мага он беш эле… — Тиги киши кысынгандай башын кейкеңдетти.

— Ала бериңиз! — Кусейин байке болбой жатып колуна карматты. — Ала бериңиз. Сиз билип жүрүңүз, сиз бизге, бүт кыргыз элине керексиз!..

Кусейин байке бул сөздү ак дилинен айтканын мен анын үнүнүн доошунан даана туюп турдум.

Тиги киши жайнаган көзү менен бир карап алды да, ары жакка жылган боюнча кетти.

— Бу кишини тааныйсыңбы? — деди Кусейин байке.

Мен башымды чайкадым.

— Бул деген — кадимки  Какен Алмазбеков! Чоң талант… Жыйырма беш сом берсем албай атпайбы, мага он беш эле сом керек деп. Адептүү да!.. — Кусейин байке башын чайкап алды да, негедир ойго батып кетти.

— Ыя?!. — дедим мен тиги киши кеткен жакка обдула. — Какен Алмазбековпу?!.

Мен бул киши тууралуу көп укчумун. Мага тим эле тири шумдуктай кылып айтышчу, ошондуктанбы, мен да аны кандайдыр бир тири шумдуктай элестетип жүрүпмүн: бети-башы шишиген, кийимдери самсаалаган, уят-сыйытты билбеген… А бүгүн үстү-башы жүдөңкү көрүнсө да, мен бул адамдын ырай-пешенесинен, көз карашынан жана кыймыл-аракетинен нукура кыргыздык ыйбаа-ызаатты, тубаса ички маданиятты көрүп турдум. Кусейин байке бакылдап көп нерселерди айтып берип жатты, а мен дале өзүмө келе албай турдум.

— Аа табышкан экен!.. — деп койду бир кезде Кусейин байке, бир кара чоң бөтөлкө винону көтөрүп алып, салып-уруп бараткан бирөөгө колун жаңсай. Анан ойлуу кошумчалай кетти. — Какемдин пайдасын ушулар эле көрөт, Какемдин кейпин өзүң деле көрдүң го, ичип деле жыргатпайт…

Анда Горбачёвдун катаал заманы болчу — ичимдикти сатууга катуу тыюу салынган эле. Анан тигилер винону кантип тапканына таңданып койдум.

— Булар жерден чукушса да табышат… — деп койду Кусейин байке күлүмсүрөй.

Арадан он мүнөт өттүбү, же он беш мүнөтпү, Кусейин байке ылдый жакты карап, куду баягысындай талып калгансыды. Мен да карадым. Куду баягысындай кадамын санагансып, акырын жылып Какен Алмазбеков келатат. Бизге жакындап келди да, бизди күлүмсүрөй тиктеп туруп калды. Кусейин байке бери келбейсиңби дегендей ишарат кылды эле, тиги киши күлүмсүрөй башын чайкады.

— Сенден уялып жатат окшойт… — деди да, Кусейин байке ага өзү кетти.

Экөө дагы эле шыбыраша кетишти. Кусейин байке дагы эле капчыгынан акча алып бергенсиди.

— Жанагы бирөө жетпей калган окшойт, — деди Кусейин байке жаныма келгенде. — Жана экөөбүз эле элек, кайдан-жайдан келгени белгисиз, дагы экөө кошулуп калды дейт, мени кыйнап жатышат дейт. Өзүмө келип эле албайсыңбы десем, жаныңызда киши бар экен, уят да… дейт. Кантсе да, уят-сыйытты билет да… — Ойлуу туруп калды.

Мен да ойго баттым. Өзүмө-өзүм келе албай турдум. Бүгүнкү көргөн Какен Алмазбеков менен аны көрө электе өзүмчө түзүп алган Какен Алмазбековдун элеси бир-бирине таптакыр коошпой турду…

Көп өтпөй Кусейин байке экөөбүз ээрчишип базардын ичине кирдик. Кире бериштеги эки кабаттуу чоң имараттын биринчиси узун зал болчу. Ал жерде да азык-түлүктөр сатылчу. Биз эң четине токтоп, аңгемелешип туруп калдык. Сөз кызуусуна кирип кеткен экенбиз, бир кезде жаныбыздагы бейтааныш киши Кусейин байкеге кайрылып калды:

— Тээтиги киши сизге жете албай жатат окшойт, жанатан бери эле көзү күйүп карап жатат…

Экөөбүз тең жалт карадык — кире бериште бизден көзү өтүп Какен Алмазбеков туруптур. Түшүнүктүү дегендей башын ийкеп алып, Кусейин байке жөнөп калды. Экөө көпкө деле сүйлөшкөн жок. Кусейин байке тез эле кайтып келди, негедир ыраазы болгон түрү бар.

— Сизди издеп жүрүп араң таптым дейт. Ыракмат деп айтып коёюн дедим эле дейт. — Кусейин байке ыраазы боло бакылдап жатты. — Көрөрүң менен эле келе бербейсизби акыйып күтпөй десем, дагы бирдеме сураганы келатабы деп ойлойбу деп уялдым дейт. Бир нерсе берсем, уялымыш болуп тарткынчыктайт, болбой эле колуна карматтым. — Ойлуу үшкүрүнө, өзүнчө шыбырай кетти. — Какен Алмазбеков…

Ушундан аз өттүбү, көп өттүбү билбейм, айтор, бир кезде ооз жактан кимдир бирөөнүн бакылдаган үнүн угуп калдык:

— Какен Алмазбеков дейсиңби? Аны азыр эле алып кетишти. Айылында той болуп жатыптыр, тойго ал да катышышы керек экен. Машинеге салып кетишти.

Ушуну эле күтүп жаткансып, Кусейин байке экөөбүз да ордубуздан козголдук.

Ушундан кийин мен Какен Алмазбеков менен көпкө ооруп жүрдүм, азыр да ооруй берем. Анын кандай чыгармалары бар экенин ушуга чейин элес албаптырмын, болгону “Он үч жашар баланын арманы” деген термеси аныкы экенин анык билчүмүн. Көрсө, лепилдеп өзүнөн-өзү эле обонду чакырып турган, ар бир сабынан нукура кыргыз жаны бажырайып чыга келген көптөгөн обондуу ырлардын тексти ушул Какен Алмазбековго таандык экен. (Бул сүрөткердин чыгармачылыгы, поэтикалык дүйнөсү жакын арада өзүнчө, атайын изилдөөгө алынат го деген жакшы ниеттемин.)

Какен Алмазбековго жолуккандан көп өтпөй, Кыргызстан Жазуучулар союзунун акыркы жыйындарынын бири болуп калды. Ошондо зирек сынчы, бүгүнкү күндөгү көрүнүктүү адабиятчы Кадыркул Даутов өзүнө гана таандык кер какшык кыраат менен союздун ошол учурдагы поэзия секциясынын жетекчисин мактап келип, мындай бир жөндүү суроо таштаган эле:

— Какен Алмазбековду силер менден да жакшы билесиңер. Анын сөзүнө жазылган ырларды ырдап жүргөн артисттердин алды СССРдин, арты Кыргыз ССРинин эл артисттери болушту. А Какен Алмазбеков алигиче союзга мүчө боло албай жүрөт. Анча-мынча мээбиз болсо, ойлонуп көрөлүчү: ушул да адилеттүүлүкпү?

Ушул сөздү укканда, зал ойлонгондон корккондой дымый түшкөн. Бирок көп өтпөй сын укпай чоңойгон поэзия секциясынын жетекчиси мындай деп дымыган залга “жан киргизген”:

— Эмне, Даутов көрүнгөн ичкич досторун ээрчитип алып келе берсе эле, аларды союзга ала бериш керекпи?..

Болуптур, ичсе ичип коюптур дейли, бирок Какен Алмазбеков “көрүнгөн” эмес эле да, ал Какен Алмазбеков болчу да. Тарыхтын таштай катуу өкүмү бар да: ошондо көкөлөп жүргөндөрдүн көбү бүгүн көрүнгөнгө айланып бараткан жокпу да, а Какен Алмазбеков Какен Алмазбеков бойдон эле калып жаткан жокпу!..

Акыры Какен Алмазбеков союзга мүчө болду окшойт. Анын биринчи жолу поэзиялык кечеси өтүп, ошондо эл акыны Майрамкан Абылкасымова Какен аксакалдын союзга мүчө болгондугун куду эл баатыры деген наам тапшырылып жаткандай жарыя кылганын телевизордон көргөнбүз. Бирок ал мүчөлүк билетин колуна алганга үлгүрдүбү, же үлгүрбөдүбү, билбейм, анткени ушу кечеден көп өтпөй эле жаркын талант Какен Алмазбеков бул жарык дүйнө менен коштошуп кете берген эле…

Мен Какен Алмазбеков менен бир да жолу сүйлөшкөн жокмун. Бирок аны эстегенде бүткүл турпатынан нукура кыргыздык ыйбаа, тубаса ички маданият даана көрүнүп турган кичинекей кара тору адамдын элеси тартыла калат. Анан буга удаалаш эле “көрүнгөн” деген сөз жаңырат да, жүрөгүмдү үзүп кеткендей боло берет…

ТРАГЕДИЯ

СССРдин кыйрай элек кези болсо керек эле, бирок кыйроого даярдалып жаткан. Ушундай кезеңдердин биринде ырай-пешенеси да оригиналдуу, баскан-турганы да, суроолору менен үнү да оригиналдуу, мен сыйлаган журналист Бейшенбек Бекешов менден интервью алып, ал телевизордон берилип кетти. Ушунун эртеси эле Асанкалый Керимбаевге капыл-тапыл жолугуп калдым. Мен Асакемди сыртынан эле билчүмүн, бир да жолу сүйлөшкөн эмесмин. Ал мага, негедир, керсейген, менменсинген, анан да кырс жигиттей туюла берчү. Асакем жайкала басып, менин бир жакшы таанышым менен келаткан экен. Алдынан чыгып, учурашып калдым. Таанышым мени тааныштырайын дедиби:

— Асаке, — деди ага кайрылып, — бу Бейшекем…

— Мен Бейшекемди жакшы билем, — деди Асакем корс эте, тигинин сөзүн үзүп. — Түндө эле интервьюсун уктум. Мага жакты, өзгөчө ойлору жакты, ушунчалык философиялуу…

Мен биресе ыраазы болуп, биресе таңдана тиктеп калдым. Анткени Асакемдин келбетин телевизордон көргөндө эле, негедир, бу киши телевизор деле көрбөсө керек деп ойлой берчүмүн. Асакем тиги таанышын унутуп калгандай, мени менен сүйлөшө баштады:

— Чын эле, мага ойлоруң абдан жакты. Өзгөчө философияң… Эми сен мага бир трагедиялуу ыр жазып бер. Обону даяр болуп калды окшойт. Сөзү эле жетпей жатат. Ушунчалык трагедиялуу болсун…

— Асаке, — дедим мен алактай. — Мен ыр жазбайм да. Жаза да албайм…

— Кандайча жаза да албайм? — деди Асакем таңдана. — Түндөгү философияңа трагедия кошкун да, анан аны ырга айландырып кой да… Билип атасыңбы, мага философиялуу трагедия керек.

Мен Асакемди карап туруп, аны аяп кеттим. Ал ыр жазуу менин колумдан келбестигине чын эле ишенбей жатты. “Кандай философиялык ойду айттым эле?” — дедим өзүмчө шыбырап. Таппадым. Жөн эле чыгармачылык жөнүндө сүйлөшкөндөй болдук эле.

Асакем мени жаш баладай аңырая карап, жооп күтүп туруптур. Мен андан кандайдыр бир жалындуу сезимди, анан да мага деген зор ишеничти даана туюп турдум.

— Анда ойлонуп көрөйүнчү, Асаке… — дедим ишенкирей бербегендей. — Ойлонуп көрөйүн…

Асакем башын ийкегилеп, ыраазы болуп кала берди. Мен эмнени ойлонуп көрмөк элем, ыр жазуу баары бир колумдан келмек эмес. Бул менин жөн эле Асакемдин демин суутуп, көңүлүн кайт кылып албайын деген гана далалатым болчу. Бирок, ошентсе да, ойлонуп да, ой чаргытып да көрдүм. Колумдан келбеди. Асакемди жөндөн жөн үмүттөндүрүп койгонума өкүнүп жүрдүм. Ошондой күндөрдүн биринде Асакемдин үйүнүн жанынан ага капысынан жолугуп калдым. Баягы эле келбет, баягы эле салмактуулук, анан баягы эле маанайы пастык.

— Асаке, — дедим мен, учурашпай жатып. — Ойлонуп эле жатам, бирок колумдан келбей жатат… — Анан ал жашап жаткан үйдү биринчи көргөндөй, сүйүнүп кеттим. — Асаке, Асаке, сиз Шакем (Дүйшеев) менен бир үйдө турасыз да. Шакеме айтпайсызбы, ал катыра жазып берет да.

Асакем ырайын бырыштыра жүзүн буруп кетти да, анан бери бурулуп, башын чайкап койду:

— Мага философиялуу чыныгы трагедия керек…

Ушинтти да, үйүн көздөй басып кетти. Аны узата карап, шыбырап кала бердим: “Кара басканда кайдан жүрүп ойлонуп көрөйүн дедим эле. Деги философиялуу чыныгы трагедия дегендин өзү эмне?..”

Кийинки жолугушканыбызда анын көңүлү көтөрүңкү экен. Жылдызы жанып туруптур десем да болот.

— Жакында бир жарылыш болот, — деди ал мага ушунчалык ишенимдүү. — Көрөсүңөр, ушундай бир жарылуу болот… Мен Салижан Жигитовдун бир ырын таптым…

Көп өтпөй ырды да уктук. Салижан Жигитовдун атактуу “Элегиясы” экен. Бирок жарылуу болбой калды. Ал катардагы бир обондордой эле кабыл алынды. Анын үстүнө Салижан Жигитов бул ырын кайра-кайра иштеп, улам-улам ийлеп жатып, аны өзү эле обонго айландырып, обончулардын кийлигишүүсүн талап кылдырбай салган окшойт. Эми буга Теңирден бүткөн өзгөчө бир таланты бар, өзгөчө бир музыкалык билими бар жаңы муундагы бирөө келип эле, Салижан Жигитовду жеңе албаса, бүгүнкү обончулардыбыз аны ордунан козгой албайт көрүнөт окшойт.

Жарылуу болбой калганын Асакем өзү да айкын сезди окшойт. Кийин жолугушканыбызда ырымды уктуңбу деп да сурабады, философиялуу трагедия жөнүндө да ооз ачпады. Баягы кейпине келип калыптыр: көңүлү чөгүңкү, эч кимди кыртышы сүйбөгөнсүйт, эмнегедир буулугуп өзүнө өзү батпай турганы даана байкалып турат. Ошондо бул жарыкчылыкта өзү эле жалгыз калгандай үшкүрүнө бир кекенип алган эле:

— Бир трагедия чыгарыш керек… Чыныгы…

Чынымды айтайын, мен Асакемдин трагедиялуу эмес ырын уга элекмин. Баары эле трагедияга чыланып калгандай. Ошолордун ичинде көп ырдалбай жүргөн бир ыры бар, сөзү Омор Султановдуку. Ырдын атын билбеймин, бирок “Көл жээги, касиеттүү көлдүн жээги” — деген Асакемдин үнү жаңырганда эле, бүт дүйнөдөгү трагедияны жутуп алгандай болот. Анан Асакем дагы кандай чыныгы трагедияны издеп жүргөнүн билбеймин, жарылып эле кетпесе, Асакем ушул обондон өткөн трагедияны таба алат беле!

Кайран Асакем, өтө жаш кетти. Анын өлгөнүн укканда, менин ичимден кан өттү. Жерди муштап-муштап алдым:

— Сен трагедия издебей эле, өз ажалыңды издеп жүргөн турбайсыңбы!..

* * *

Мен үчүн комуздун үч кылындай ыйык туюлган ушул керемет таланттардан мен кандайдыр бир жалпылыкты байкаган элем. Ал — жалтактык, сыртынан анча байкалбаса да, алардан жалтактыктын кээри акырын сызылып уруп турчу. Өзөктү өрттөгөн бул темага өзүнчө атайын кайрыларбыз, бирок, ошентсе да, жүрөгүң сыздайт: ушул керемет таланттар кимдир бирөөлөрдү жалтактап карай турган жөндөрү бар беле?!. Буга жооп иретинде Салижан Жигитовдун керемет саптары кулакка жаңырат:

Кадиги жок болсо да бир өлүшүм,
Кайсы күнү өмүрүм түгөнүшүн.
Капарга албай жүрөмүн, кайрандарым,
Терек күүсүн эшитип силер үчүн.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ачышып каректерим.
Шуу үшкүрүп ыйлагым келет менин!..

Мен теректердин шуудурун кулагым менен эмес, а карегим менен угуп жаткандай боло берем…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *