«Жандилибизди тузактаган жер бул – Атамекен».
ВОЛЬТЕР

 «Коом жана Мен» сайтынын «Мекендеш» рубрикасынын бүгүнкү мейманы Айжаркын БЕЧЕЛОВА Якутиянын Мир калаасында үйбүлөсү менен тирлигин кылып келаткан замандаштарыбыздын бири. Биз бүгүн Айжаркындын Мекен туурасындагы сагынычтуу, кусалуу кебин тыңдадык. Жана да мындан ары аталган рубрикабыздын алдында бөлөк эл, бөтөн жерде жүргөн мекендештерибиз менен кызыктуу маектерди уланта бермекчибиз. Андыктан алыста жүргөн ага-инилерибизди, эже-карындаштарыбызды «Коом жана Мен» сайты менен тыгыз байланышта болууга чакырабыз. Аталган сайт аркылуу алыстагы жакындарыңыздарга дубай саламыңыздарды жолдоп, үйбүлөлүк альбомуңуздарда сакталган сүрөттөр менен бирге дил маек бөлүшүүгө мүмкүнчүлүгүңүздөр бар. Биз менен Фейсбук аркылуу ар дайым байланыша аласыздар.  

bgbds

 – Бүгүн сыртта жүргөн миңдеген мекендештерибизди жаңы генерациядагы кыргыздын өзүнчө мууну десек болот. Себеби прогресс ар дайым башкалардын өрнөгүн көрүпбилип үйрөнгөнүндө эмеспи. Ушул соболдон улам өзүңүз жана үйбүлөлүк турмушуңуз туурасында кеп баштасак…

– Ооба, мен дагы бул нерсени көп ойлоном, биз сыяктуу чет жүргөн мигранттардын жана алардын балдарынан турган өзүнчө бир катмар пайда болуп келатканын… Биз да ошол чет өлкөгө сүрүлгөн үйбүлөлөрдүн бирибиз. Жолдошум экөөбүз турмуш курган күндөн бери жетелешип, мекендештерибиз издеген «бакыттын» артынан кууп келебиз. Турмуш курганыбызга 13 жылдын жүзү болду. Ошондон бери кыргыз айткандай «күлүбүз бир жерде додо боло» элек.

Башыбыздан эмнелер гана өтпөдү?! Байлыкты да көрдүк, кендир кескен кедейчиликти да көрдүк. Колуңда бар кезде дос болуп, карайлап калганда таштап кеткендер чыкты. Айтор, башка кыйынчылык түшкөндө сатып кеткен достор чыкты, алдамчылык андан. Турмушта алданып кур жалак калуу кандай жаман! Ийгилик башыбыздан тайган күнү табалаган, күнөөлөгөн туугандар чыгат экен. Кайра саздан сууруп чыккан бир туугандар, жакындар чыгат. Кээде белчеден баткан карыздар, жыгылып-туруулар болду, бирок баарын жеңдик. Күрөшсөң жеңет экенсиң, бышат экенсиң. Өзүбүз менен үч балабызды кошо кайда барсак сүйрөп жүрдүк. Ошентсек да мекенде калган жакындарыбыздын кенедей көйгөйү чыкса да, колубуздан келишинче акча-тыйын жагынан каралашып келебиз.

Балдарыбыздын тунун Кыргызстандан көз жаргам, ошондо 130 сом бекен же 150 сомбу, айтор мамлекет тарабынан «сүйүнчү» акчасы чыкканын угуп, күлгөн элек. Алган да жокпуз ошол акчаны. Муну айткан себебим, мамлекет биз үчүн ошол сүйүнчү акчаны гана чыгарганы болбосо, бизге эмне кылды дейбиз. Биз мамлекеттен бир тыйын алмак тургай, кайра тынбай акча жөнөтүп турган жылаңач патриотпуз… Элчилеп Россия жарандыгын алып, балдарыбыздын пособие капиталын топтойлу деген да ниетибиз жок. Себеби көздөн учкан мекенибизге эртели-кеч барарбыз деген үмүттөбүз, бирок чиркин, өмүрүбүз сызып атат. Бассак-турсак балдарыбыздын мүмкүн болушунча билим алуусуна күч жумшайбыз. Анткени алар эртеңки күнү биз сыяктуу кыйналышын каалабайбыз!

– Жергиликтүү эл менен кантип аралашып, кантип сиңише алдыңыздар? Якуттардын тили биздикине да аз-аз окшоп кетет эмеспи, ал эми үрп-адаттары жагынан окшоштуктар бар экенин байкай алдыңызбы?

– Жергиликтүү эл бизге окшогон карапайым, баёо. Көп нерсени эрөөн-терөөн албайт. Булар өздөрүн саха дешет, чыны-калпын ким билсин, айтор якут деген атты орустар койгон деген кеп бар. Бул жерде алмаздын кени көп эмеспи, ошол кендерди изилдеп жүргөн экспедиция булар менен токойдон таанышып, бирине бири арак куюшуп атып, бирөөсү «мен» деген сөздү «Я» деп үйрөтөт. Арактын даамын татып калган тигилер күндө келип: «Я – кут…кут!» деп кайрылчу экен. «Кут» дегени бизче – «куй» дегенди түшүндүрөт. Көрсө, «мага арак куй» деген сөздү ошентип түшүндүрүшчү деген «современный» уламыш кеп бар… Ошондон улам якут аталып калышкан дешет.

Өздөрүнүн улуттук майрамдарында көргөзгөн оюн-зоокторун карап отуруп, биздин салт-санаабызга окшошуп кеткен жактарын байкоого болот. Абыдан күчтүү «хапсагай» деген күрөшү бар булардын. Эркектердин айтуусунда, бул күрөш биздикиндей эле көрүнгөнү менен ыкмалары, чалып жыккандары таптакыр бөлөкчө болгондуктан бир да кыргыз жеңе албай койгонун кеп кылышат. Ошондой эле аркан тартыш оюну бар. Анан да Өзөк үзөөр катуу суукта майланган устунга эркектери белден өөдө жылаңачтанып чечинип алышат да, устунга сойлоп чыгып, төбөсүндөгү майланган бир нерсеге от коюшат. Ал оюндун байгеси да чоң. Бул оюн боюнча да өздөрүнөн башка улуттун өкүлдөрү таймаша алышпайт экен.

Якуттардын арасында бүгүнкү күндө анча-мынча шамандар калган дешет, бирок дээрлик 90 проценти христиан динине өтүп кетишкен. Булар да биз сыяктуу жылкынын этин жакшы көрүшөт. Айрыкча чучук, казы-картаны. Жана да бугунун эти күнүмдүк тамактарында көп колдонулат. Өкүнүчтүүсү, көпчүлүгү аракка абыдан жакын. Ирденип, өнүгүп кеткендери азыраак…

– Мекенге болгон кусалык, сагыныч туюмдарыңызды дагы терең баяндап берсеңиз, анткени ал окурмандарыбызга өтө маанилүү деп ойлойм…

– Мекенге болгон кусалык ар бирибиздин көкүрөгүбүздө жанып-күйгөн от. Мен үчүн мекендин күнү менен абасынын баасы чексиз. Бир канча жылдардан бери Кыргызстандын жазын көрө элекпиз. Көп учурда жайкысын гана барабыз. Азыр да жакшы: туугандар ватсаптан жаз менен күздүн сүрөттөрүн салып турушат. «Туугандар» деген группага агам жазыптыр минтип: «15 жылдан бери өрүктүн гүлдөгөнүн көрө элекмин, жөнөтүп койгулачы» деп… Анан кудай жалгап открытка жөнөткөндөй кызгалдактар гүлдөгөн талаалардан бери тартып жөнөтүп жиберишиптир.

Апамдын эрте жазда көк-жашыл чөптөрдөн жасап берчү самсысын, чүчпарасын аябай сагынабыз. Кимибиз барбайлы, короосундагы гүлдөрдөн тартып тооктордун жөжөлөрүн, атамдын бакчасын… малдарынан бери тартып келебиз. Кээде сагынганда ошол сүрөттөрдү тиктеп, чын эле сагынычтар аз да болсо таркай түшкөнсүйт…

– Якуттар менен кыз алышып, кыз беришип кудалашкан мекендештерибизден да болсо керек?

– Ооба бар, бирок өтө деле көп эмес.

Өзүңүз жана жолдошуңуз эмне иш кыласыздар? Балдарыңыздар кайда окуйт? Ал жактабы же Кыргызстандабы?

– Өзүм бут кийим саткан дүкөндө сатуучумун, жолдошум болсо көпчүлүк сыяктуу эле базарда соода менен алектенет. Балдардын улуусу 6-класста, а ортончусу3-класста, эң кичүүбүз 1-класста. Жолдошум Оштун Карасуу районунан, өзүм Өзгөндөн болом.

– Балдарыңыз ал жакта орусча окугандыктан, эне тилинде ойлорун кандай деңгээлде жеткире алышат?

Жакшы эле сүйлөшөт, бирок болбой эле кичинелерибиз кыргызча жеткиликтүү түшүндүрө алышпайт, бирок үйдө баары эле кыргызча. Убактым болгондо кыргызча жомокторду көбүрөк айтканга аракет кылам.

– Жолдошуңуз экөөңүздөр Кыргызстанга кайтып келүү туурасында пландай элексиздерби?

– Кыргызстанга биротоло кетүү жөнүндө сөз күндө эле болот, бирок азырынча качан барарыбыз белгисиз. Жок эле дегенде дагы 4-5 жылдан кийин го ал жагы…

– Сөз соңунда эмнелерди кошумчалай кеткиңиз келет?

– Чет жерде жүргөн кыргыздардын чыдамкайлыгына кээде таң калам. Канчалаган азаптарды, кыйынчылыктарды жеңип, кайра жогору көтөрүлүп, кайра кулап түшкөндөрү көп, ошондо да турмушунан тажабай өжөрлөнө өздөрүн алга сүрөп, чыйралып, өнүгүүсүн токтотпой, ар дайым тынымсыз аракеттин, күрөштүн үстүндө жүрүшөт. Чет жерде жүргөн ар бир мигранттын жеке жашоосун китеп кылчу укмуштай тагдырлар жашырынып жатат… Ак-караны ажыратар жакшы тарбия көргөн акылы тунук, адамгерчилиги бийик мекендештерибизди көргөндө сүйүнөсүң. Андайлар башка кыргыздын кымындай кыйынчылыгын көрсө, жөн карап тура алышпай, колунан келген жардамдарын берсе, кээде тилекке каршы, караңгы, түркөй, китеп окубаган мекендештерибизди көрүп намыстанасың. Ошондой түркөйлөрдүн айынан башка мекендештерибиз кээде басынган учурлар болот.

Кээде тагдыр бизге ушунчалык акыйкатсыздык кылат, бирок ошого карабай жашоо өзү керемет экенин унутпашыбыз керек дейм. Мекенди сагынган учурларымда асманды көпкө тиктеп: муздак, сургулт, жылдызы жок асманды көрөм. Ошондо Кыргызстандын чачыраган, бадырайган жылдыздары, каалгыган булуттары көзүмдөн учат. Мекенибиздин чаңкайган көпкөк асманын ар дайым сагынам!

Маектешкен Олжобай ШАКИР

rfr

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *