Македон жомогу

Петьр кенедейинде эле өзүнүн киндик каны тамган жерин таштап, Насредин-хожого малайлыкка жөнөйт. Элдин баары Насрединди акылдуу санап, балдарын анын мектебине беришчү экен. А бирок кенедей Петьр  андан да акылдуу чыгат. Хожонун буга куйкасы курушчу экен.

Бир курдай хожо окуучуларына минтет:

– Кана, балдар! Үйүңөргө тызылдап жүгүрүп барып, бирден жумуртка апкелгиле! – дейт.

Баары тызылдап жүгүрүп, бирден жумуртка алып келишет. Хожо айтат эми:

– Баарың тууп аткан тоок болгондуктан, катуу-катуу кукулуктайсыңар! Анан ордуңардан көтөрүлгөндө, мен алдыңардагы жумурткаларды таап чыгам. Түшүндүңөрбү?

Баары айтканды кылышат. Бир гана Петьр үйүнөн эч нерсе тапкан эмес эле. Хожо андан: «Сен эмнеге жумуртка туубадың?» – деп сурабасын үчүн башкалар кукулуктап баштаганда, ал дароо «Кукареку!» деп кыйкырып, колдорун канаттай жайып каккылайт.

Хожо сурайт андан:

– Жумурткаң кана?

АмалдууПетьр хожого жылмаят:

– Агай, мен эмне – тоокмунбу? Мен деген короозмун! Кызыксыз го, чокчоңдогон короозу жок тооктор да тоок деп ойлойсузбу?

Көрсө, Петьр кенедейинде эле Насредин-хожодон да айлакер болуптур.

Ал мурда кандай болсо, азыр да ошондой.

Калпакты тегеренген аары

Айылда бирөөнүн бал челеги жоголот. Кожоюну ойлонуп отуруп, ууруну кантип кармоону билбейт. Ошол учурда анын коңшусу келип: «Кейий бербечи! Ууруну кармап берем» дейт.

Ууруну туталбай отурган кожоюндун коңшусу анан айыл элин жыйып: «Кана ууру, мойнуңа ал. Сен уурдаганыңды билем мен, жашырынба эми. Эй, калайык-калк! Карагыла, уурунун калпагында аарылар тегеренип жүрөт!»

Муну уккан ууру – колун көтөрүп, аарыларды кубалай баштайт.

Ууру ошентип кармалыптыр!

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *