Замандашыбыз Каныбек Иманалиевдин бул эмгегинде «ХХ кылымдын Гомери» атыккан алп манасчы Саякбай Каралаевдин өмүрү, чыгармачылыгы, өзгөчө мүнөзү, залкар адамдар менен болгон мамилеси тууралуу окуялар жана жалпы эле Манастын ыйык касиетине байланыштуу ойлор баяндалат. 

I. САЯКБАЙ

Эпилог ордуна блиц-анкета

(азыркы доордун ыргагы менен)

 Аты-жөнү: Саякбай Каралаев

Туулган жери: Ыйык Ысык-Көлдүн жээги

Туулган жылы: 1894

Зодиак белгиси:  Алп Манастыкындай

Салмагы: Сайдын ташындай

Бою: Сары алтын – сакадай

Устаты: Чоюке манасчы

Улуту: Кыргыз

Урааны: Манас, Манас, эр Манас

Дини: Манасия

Билими: Чокмордун сүрөтүн тартып кол койгонду билет

Кыялы: Кылыктуу кыз-келиндер

Максаты: 7 миң тилде сүйлөгөн 7 миллиард адамзаты чогулган жерде жети күн, жети түн тынбай Манас айтуу

Эрмеги: Бүркүт, куш салуу

Хоббиси: Ашата сөгүнүү, теңтуштарына ат коюу

Жактырган саясатчысы: Карт Бакай, Кан Кошой жана Ленин

Жактырган өнөрпозу: Кара Молдо

Жакшы көргөн суусундугу: Айымкандын бозосу

Жактырган машинеси: Москвич

Партиясы: Кырк чоро

Достору: Кара Молдо, Чалагыз, Мидин, Райкан, Байдылда, ж.б.

Манасчы ким?

  1. Күргүштөтө Манас айтканда жүз миң кол аскер келаткандай сүр көрсөткөн – кеменгер, темирди үзүп чыккан Теңир Алптай сезилген, сакадай боюна сан миллион дастан сабын батырган Саякбай Каралаевдин «Манасын» укканда деги бир башка дүйнөгө арбалып, өзүңдүн бу дүйнөдө бир кичинекей көрпенде экениңди сезесиң… Манас, Манас дейбиз. Саякбай миңин билсе, биз ал билгендин миңден бирин билээрбиз.

Деги Сакең ким? Болгону манасчы элеби? Же андан да улуу күчпү? Жөн эле өнөр адамыбы? Же башка бир касиет даарыган өзгөчө жанбы?

Деги манасчы ким?

Манасчы –өткөн-кеткенди, тээ качанкы бир атам заманды көз алдыңа элестеткен санжырачыбы?

Манасчы ким?

Байыркыдан берки эле баянын, айкөл баатыр эрдигин саймедиреген жомокчубу? Ал өткөн доор, замандар менен бүгүнкүнү байланыштырып турган көпүрөбү?! Ошону үчүн манасчы бизди оңой эле миң жыл артка алпарып, ал мезгилге аралаштырып жатпайбы!

Манасчы – жан-дүйнөңдү козгоп, көңүл эргитип айгай салган төкмө!

Ойду нускалап айткан чечен.

Ырчы гана эмей, айтчу кебин уйкаштыкта сабалата төккөн акын. Бир эле мезгилде жанга жагымдуу аваздык көркөмдүктөгү обондорду чыгарган обончу.

Эр жүрөктүүлүктү даңаза кылган улуу чакырык. Сөздү алтын, күмүш, бермет, жакут менен шөкөттөгөн зергер. Баян баамын сөз менен кооздоп, сөз менен элес тарткан сүрөткер.Манасчы – акылман. Ал Манас айтат, акыл айтат, осуят айтат. Жипсиз байлайт.

Манасчы жөн гана сөз эккен өнөр ээси эмес. Ал өнөр-билим себелеген билги. Сөз менен сыркоону сакайткан эмчи. Сөз менен дартты сабап айыктырган домчу. Дартка даба дарыгер.

Манас айтып жаан чакырган жайчы. Кыргыз дүйнөсүн тааныткан аалым. Манасчы – Манас аркылуу эртеңкини көрө билген олуя. Өткөндү даңктай да, баалай билген кеменгер.

Манасчы – сырткы душмандан коргогон чеп сыңары. Душман менен кармашаарда колго кармаган алмаз кылыч, жоо курал. Манас айтканда өзүнчө бир улуу илеп уруп турган – энергия. Күч-кубат.

Манасчы – эр Манастын кишиси. Анын жердеги өкүлү. Адамзат, айрыкча Кыргыз Рухун көкөлөткөн кудурет, күч. Чыныгы турмуш менен кыял жашоонун ортосун ажайып адемилеген керемет. Куш учуу үчүн жаралса, манасчы Манас айтуу үчүн жаралат. Бүт өмүрүн дастан бийиктигине арнайт. Алар үчүн жашоо – тиреги Манас. Алар өмүрдөн өтсө да, өнөрү улана берет.

Манасты окуп билим, өстүрүп, илимий даражага ээ болсо болот. Бирок, Манасты окуп манасчы болуу мүмкүн эмес. Аны Манас даарыйт. Арбак даарыйт. Көкө теңир даарыйт. Аны жакшысы да угат, жаманы да угат. Аны – манасчыны Манас тандайт.

Манасчы – ичи тарлыктан, ушак сөздөн, көр турмуш көйгөйүнөн сырт жашаган руху бийик инсан. Ал периште сындуу. Анын көңүлүн калтырганга болбойт.

Манасчы ким? Байыркыдан Жайсаң Үмөт уулу менен Ырамандын ырчы уулу. Токтогул ырчы. Келдибек менен Балыкооз. Музооке менен Чонду. Акылбек менен Тыныбек Жапый уулу. Назар Болот уулу менен Дайырбек. Жеңижок менен Назар. Найманбай менен Кенжекара. Дыйканбай менен Багыш Сазан уулу. Чоюке менен Тоголок Молдо. Кайдуу Сопу уулу менен Алмабек Тойчубек уулу. Шапак менен Куйручук. Сагымбай менен Саякбай. Жаңыбай менен Жакшылык. Молдобасан Мусулманкул уулу менен Мамбет Чокмор уулу. Дуңкана Кочуке уулу менен Ыбырайым Абдырахман уулу. Акмат Рысменде уулу менен Жусуп Мамай. Манасчы Сейде Дейди кызы менен семетейчи Сейдана эне. Шаабай Азизов менен Кааба Атабеков. Азыркылардан: Уркаш Мамбеталиев, Асанкан Жуманалиев, Сапарбек Касмамбетов, Назаркул Сейдиракманов, Кубанычбек Алмабеков. Аялзаададан айрыкча чыккан аялуу эжебиз Бүбүмариям. Бу улуу көчтү улап келаткандар: Талантаалы Бакчиев, Улан Исмаилов, Рысбай Исаков, Тилек Асанов, Дөөлөт Сыдыков, Замир Баялиев жана дагы башкалар.

Баарыбыздын жүрөгүбүздө Манас бар. Манастын жүрөгүндө ким бар болду экен? Манасчы буркан-шаркан түшүп айтып кирсе жазгы кирген дайрага окшош… Дымып калса түбү терең көл шекилдүү… Ойлоно кетсе опол-тоо сымал…

Үч күн, үч түн айтса түгөнбөгөн көөнөрбөс. Түбөлүгү кебелбес. Кылымдар чети оюлбас, кыйыры кемибес уйкудагы ак кар, көк муз ордологон Улуу Мөңгү таризде…

Саймедиреп айтып баштаса улуу тоо коюнунан оргуштай көз жарып чыккан тунук булактай аруу.

Манас – күч. Калканыч, чеп, ыйыктык. Өзүңдү өзүң таануу. Манасты угуу – бийиктикке чыгуу, аруулануу. Өтүп кеткен ата-бабалар менен кездешүү.

Төр булагы сымал улам бир манасчы чыгып улуу сапар уланып турат.

Кыязы Манасты толук айтып бүткөнгө бир адамдын өмүрү жетпейт, бүтүндөй бир улуттун өмүрү керек болоор… Манасты жүрөктүү адам гана айта алат.

Болбосо бу сүрдүү жана сыйкырдуу дүйнөгө даап баш багуу өтө опурталдуу иш эмеспи. Манасчыны укканда өзүң да ошо доордун азабын көргөндөй болуп кетесиң.

Жүрөгү кыргыз болсо Манасты дүлөй да угат, азиз да көрөт. Жүрөгү менен туят. Манас касиети мына ушундай эмеспи. Биз болсо кыргыздар, Манас даарыган элбиз.

Үчилтик касиети

  1. Саякбай атанын башка манасчылардан айырмаланып, ар бир кыргызды, кыргыз тургай аны бир уккан угарманды улутуна карабай өзүнө тарта билген касиети болгон. Анын сыры эмнеде?

Кудум куйма чулу алтындан жасап койгон сыяктуу сакадай бою сары алтын келбетиндеби? Же бүт он сегиз миң ааламга угуза айтып жаткан шекилдүү айгайлаган үнүндөбү? А балким дастан айтып жатканда тээ байыркы кылымдардын оюгуна кирип кетип, өң-келбети жүз кылым карыткан кейиптенип кеткен өзгөчө өңүндөбү?

Саякбай манасчыны көргөн сайын көзүң тойбойт. Уккан сайын кулагың тойбойт. Көксөгөн сайын көкүрөгүң тойбойт.

Анын касиет даарыган инсан экени шексиз. Кандай касиет? Манасчынын мындай сыйкыр талантынын сыры эмнеде экенин билүү максатында белгилүү врач, медицина илимдеринин кандидаты Исаева Жанаргүл Дүйшекеевна менен маектешип жатып, ошол соболдорго жооп тапкандай болдум.

…Ар манасчы өз-өзүнчө талант. Бир окшоштугу – алардын баары тегин жан эмес. Экинчи окшоштугу – баарына тең Манас түш аркылуу аян болуп киргени. Үчүнчүсү – бирине Манас кулагына угулат, бирине көзүнө көрүнөт, а кай бири көкүрөгү менен туюп айтат. Маселен, залкар манасчы Сагымбай Орозбаков «Манас» айтканда кулагына угулуп, ал аны элге баяндап берип турган. Калыгул олуя да оң жагын бир каранып, сол жагын бир каранып, периштелери менен кеңешип анан кеменгерлик өнөрүн узанган.

Келдибек манасчы болсо көзүнө ошол окуя кудум кинотасмадан өтүп жаткандай көрүнүп, ошол көргөн-билгенин айтып берип отурган.

Кытайлык Жусуп Мамай атабыз болсо көкүрөгү менен туюп билип, баяндап жазат.

Ал эми Саякбайга болсо, жараткан берешендик менен ошол үч касиетти тең ыроологон экен! Дегеним, Сакең Манас айтып жатканда бир эле учурда улуу жомок кулагына угулуп, көзүнө даана окуялар көрүнүп, анан анын баарын көкүрөгү менен туюп айткан. Ойлогон ою сыртынан төгүлүп турган… шондуктан.

Ошол врач, психолог Исаева Жанаргүл эженин илимий негиздеп айткан далилине таянсак, бир эле учурда Манасты угуп, Манасты көрүп, Манасты туюп айткан адам өзүнүн ички акыл-сезими, аң-туюму менен ошол Манастагы орошон окуяларга катышкан адамдардан кем эмес таасирленет. Ошолорчо кейийт. Ошолорчо сүйүнөт. Жыргайт. Кабатырланат. Кейүүчү жерде кошо кейип, ыйлачу жерде кошо ыйлайт. А тургай окуяда айтылып жаткан Баатыр бир жеринен жаракат алса манасчынын дал ошол мүчөсү ооруксунат.

Мына ошон үчүн Саякбайдын Манас айтканы азыркы 100 миллион доллар кетирип (мисалы Тимур Бекмамбетовдун «Особо опасен» деген фильми) компьютерлик жасалгоолор менен чыккан фильмдерден да таасирдүү болуп атпайбы.

Сакең жалгыз өзү режиссер. Өзү жалгыз үн режиссеру. Өзү сценарист, өзү баш каарман болуп атпайбы.

Кайран Сакең, Айкөл Манас атанын калкагар караанын гана көрбөстөн, анын айбаттуу үнүн угуп, баатырды өзүнүн баатыр жүрөгү менен туюп, ошонун баарын чулу денесине батыра бербей энергиясы сыртка ашып-ташып, өзү толкуп, ошол эле учурда тулку бою, колу, буту, башы, бүт денеси кыймылдап, айтып берип атпайбы.

Бу не деген энергия! Спортто эң алыска деген олимпиадалык марафондо күлүктөр 2 саат 42 мүнөт чуркап, маарага көл-шал болуп тердеп араң жетип, эстери ооп жыгылышат.

Саякбай Каралаев болсо үч күн, үч түн бою бир тынбай, демек 72 саат Манас айтып, 72 саат бою колу, денеси, башы кыймылдап, тили сайрап атпайбы. Бул жараткандан жалганган талант, тиги Көкө Теңир Көктөн жиберилген бир башка көөнө касиет го!

Дүйнөлүк эң мыкты деген дөө-шаалар, маселен, Паворотти, же азыркы У.Хьюстон ашып кетсе 6-8 саат тынбай үн созо алышат экен.

А Сакең адам баласынан бир башкача жаралган жан болуп атпайбы. Бери эле дегенде 50-60 саат ырдап атпайбы. Ошончо күч-кубатты, энергияны кайдан алып жатат? Албетте, улуу дастандан, улуу баатырлардын кудурет рухунан…

Москвадагы адамдын мээси илимий институтунун жетекчиси, нейрофизиолог, академик Наталья Петровна Бехтерованын далили боюнча адамдын мээси 70 миң маалыматты өз эс тутумуна сактай алат.

А Саякбай бир айтканда бир жарым миллион сапты шурудай тизип, кыраатын келтире, жаңылбай, жазбай айтып атпайбы.

Бу не деген керемет!

Анан шер Саякбай гений болбогондо ким гений?!

Рух дегенибиз ошол эмеспи! Ал колго кармала бербейт экен… Бирок, энергиясы кайрат, күч-дем берет экен…

Биз Сакеңди көргөндө эле Манастын өзүн көргөндөй толкунданып кетип атпайбызбы. Анда Манастын өзү кандай болду экен деген ой келет.

Ач арстан төштөнгөн,
Алгыр бүркүт көздөнгөн!
Кынсыз кылыч байланган,
Кайра жаачу булуттай
Каар бетине айланган.
Кара чаар кабылан
Капталында чамынат
Чолок куйрук арстан
Бет алдынан камынат.
Алп кара куш – зымырык
Алып кетчү немедей,
Асман бугуп салыптыр.
Сакең чындап кызып Манас айтып жатканда жанына киши даап бара албас сүрдүү, айбаттуу көрүнүп, адамды шердентип тураар эле, чиркин манасчылардын Манасы десе…

Манасчынын төрөлүшү

  1. …Жокчулуктун азабынан эл кыдырып жүргөндө Тоңдун Ак-Өлөңүндөгү саяк уруусунун ичине көчүп келгенде төрөлгөнсүң. Ошондуктан атыңды Саякбай койгонбуз. Төрөлөрүңө бир айча калганда уктап жаткан энеңдин бутуна жылан оролуп, чочуганынан таштан алыс кеткен. Балам, тай эмессиңби, канат-куйругуң жетилээр, – деп айтып калаар эле Дакиш чоң энеси.

…Ошондо Саякбайдын энесинин боюнда эле. Сегиз ай чамасы болуп калган. Айылга бир манасчы келип жарым күн тынбай Манас айтат. Коңурбай келип Айкөл Манасты сайган жерин айтканын угуп аткандар көзүнө жаш алат. Энеси ошондо бир муңканып, аны сезгендей курсактагы бала тебинип, тыбырчылап кеткенин туят.

…Үйүнө келип уктап атса түшүндө курсагына ажыдаар найза салып аткан болот. Баламды сактап калайын деп тынчы кетип ойгонсо, бутуна жылан оролуп жаткан экен. Чочуганынан денесин алыс таштайт. Боюндагы бала денеден козголуп, жүрөгү тез-тез согуп, оозун ачып жиберсе бала оозунан чыгып кетчүдөй сезет өзүн. Кошуна келин-кезектер келип курсагын тебелеп, баланы сууруп алмак болушат. Ошондо бир билги байбиче келип сегиз айлык ара төрөлгөн бала мал болбой калышы мүмкүн деп, тамырын кармап, кечээ түнкү манасчыны алдыртат.

Тиги манасчы боюнан козголгон келиндин жанында түн бою Манас айтат. Жылдыз таркап баштаганда манасты муюп угуп жатып, азыр эле жаны көзүнө көрүнүп жаткан кош бойлуу келин көшүлүп уктап кетет. Ошентип төрөлө элек наристе эне боюнда аман калып, ай-күнү жеткенде көз жарып, саяк уруусунун ичинде төрөлдү деп атын Саякбай коюшат.

Улуу манасчы ошондой болгон, эненин курсагында жатканда эле Манас уккан. Улуу дастанды угуп калып гана ара төрөлбөй, убак сааты жеткенде аман көз жарган.

Бала чак. Өспүрүм курак

  1. Болочоктогу залкар манасчы 1894-жылы күрдөөлдүү күздө керемет Ысык-Көлдүн тескейиндеги Тоңдун Ак Өлөң деген жеринде кембагалдын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келет. Атасы Карала кедей адам болгондуктан, үй-бүлөсү жокчулуктун запкысын көп тартат. Же жокчулук турмуштун айынанбы, же балама батасы тийсин дегенби, атасы Карала мал союлган жерде «Саякбайыма бирдеме бергиле, Саякбайым ооз тийип калсын» деп суранып жүрчү дейт. Өмүрү өткөнчө ал адатын таштабай жүрүп көз жумат. Сакең да өзү бала кезинен ырым тутуп чоңойгонун жашырбайт. Ал жокчулуктун айынан Ысык-Көлдү айланып, улуу манасчы али бешикте кезинде азыркы Жети-Өгүз районундагы Жыдык-Көл деген жерге барып күн көрүүгө аргасыз болот. Саякбай наристе кезинен өспүрүм куракка чейин чоң атасы Сасайдын тарбиясында өскөн. Бир мүчөл жашка келгенде ал чоң атасынан ажырайт. Атасы Карала ырдыктык дунган Жыкынын бир быштысын минип жүрүп өлтүрүп алат. Ал дунган өлгөн атынын кунун кымбат баалап, Карала үч жыл бекер малай болуп жүрүп араң кутулат.

Көрүнүктүү манасчы Саякбай Каралаев жаш күнүндө өчпөстүн отун жагып, өлбөстүн күнүн көрүп өсөт.

Өзү «Унутулгус күндөр» деген китебиндеги эскерүүсүндө жазгандай, жети жашка келип, ата-эненин акылына көнүп, айткан жөнүнө баш ийип, чоңоё баштайт.

Бала кез кандай аземи да, кандай кызык!

…Топураңдап торпок минип, дүнүйө-капар, орок менен божомолдоп арык казып, өтүктү жанбашынан майрык басып, чылгый тонду чубалжыта кийип, бир чырпыкты кунаным деп ат кылып минип, көйнөктөрдүн этегин артка түйүп алып, такымга алаканды чаап камчы уруп ойноп өстүк дейт.

Бала чагыбызда мектеп бетин көрбөй, курсактын айынан айылдан каймак уурдап жедик. «Кемелине келбегин, тентек» деген сөздөрдү көп уктук. Такым эттин баарын тарай-тарай чаптырып, кагуу-согууну көп көрдүк. «Кара чычкак кандай неме эле» деп айылдагылар жек көрдү. Балалыктын ойну, баёо сезим кызыгы көкүрөккө кат болуп, жокчулуктун мүшкүлү көөдөндөн кетпес дат болду. Кыштын кыраан чилдесинде жылаңайлак, жылаңбаш от жанында жаттык. Жокчулуктун азабын так ушинтип тарттык.

Көпөлөктү кушум деп өзөн-сууну бойлодум. Дүнүйөнүн кызыгына эч бир тойбодум. Мурдуман булак суу токтобой чыгып турганда, тондун узун жеңи менен ары-бери сүртүп алчу элем. Кайран жең, какач болуп калчу эле. Жыртыгынан кар кирип кетчү майрык өтүгүм менен ойду коюп, тоону басар элем, «чечек» деп, энебиз жаза-буза бир муштап, буттан сууруп алар эле. Жылаңайлак бут, узун жеңдүү тон менен бул ышкыбоздукту койбой, күрөндүгө чыгып алчу элем. Күрөндүгө чуркап чыга калып, ары-бери өткөн элди карап калар элем. Эгер куш кондуруп, ит ээрчиткен, мылтык асынган киши көрүнө калса, жылаңайлак-жылаңбаш, үшүгөнүмө карабай анын артынан ээрчип, кызыгып кароо менен экинчи айылга жеткенче жүрө берчүмүн.

…Жылаңбаш болгондуктан суукка чыдабай кулагым тырсылдап, бутум какшап, жанды көздөн чыгарчу. Эптеп үйгө жетип, бутумду тонго ороп олтуруп өзүмчө: башка балдарды тайлуу да, тондуу да кылдың, а менде эчтеме жок. Менин эмне жазыгым бар? – деп, ошондогу тагдырыма таарынар элем:

Тай бербестен жөө кылдың,
Жардылык сага не кылдым?
Жарды кылдың жок кылдың.
Жан кейитип кор кылдың.
Бу турмушту тар кылдың,
Карда минип ойнорго,
Бир торпокко зар кылдың.
Эркин ойноп кечүүгө
Бир өтүккө зар кылдың.
Айылдан тамак уурдатып,
Эки колду шок кылдың.
Жыртылып тонум сан бөлөк,
Шоона менен жамадым.
Жаманынан күйгүзүп,
Жардылыктан жададым.
Бир чырпыкты ат кылып,
Тайым го деп минемин.
Бай балдары жарышса,
Майрык басып өтүктү,
Өрттөнүп күйүп жүрөмүн. –

деп, жокчулукка капа болуп, кайгырып, терең ойго чөмүлөр элем… дейт.

Насаат

  1. Ушинетип башынан оор күндөр өтүп жатканын, зар ыйлап бирин экинчисине кошуп ырдап жүргөнүн чоң энеси Дакиш угуп калган экен да, анда:

— Ээ, алдыңа кетейин балам.  Кудай өмүр берсе далайды көрөсүң. «Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет» деген. Тушооң чечилип, шоруң арылар күн болор, садагаң болоюн. Көп ыйлап, көп капа болбогун. «Ач бала ток баладай ойнобойт, ток бала ач болом деп ойлобойт». Жылаңайлак, жөө жүрөм деп, Саякбай балам, ыйлап, капалана бербегин, кайгы адамды сарыктырат, өмүрдү кесет. Сенин да багың ачылар, балам. Жарык күн сага да тийер. Жабыркаганы болбосо, жакырчылыктан адам өлбөйт. «Булут минип, муз бүркүп, эрен да өткөн дүйнөдөн, бербейм, бербейм деп жүрүп бай да өтөт дүйнөдөн». Бул байлардан ырайым жок. Алардын балдары ат жарыштырып ойнобогондо анан ким ойносун! Жардылыктан адам өлбөйт, жан кейийт. Бир күнү жарыкчылык болор, өтө куурап кеткендин өмүрү болсо, жыргалчылыгы да болот, — деп ыраматылык чоң энеси жамактатып мына муну айтчу:

Сабыр кылчы, кулунум,
Муратыңа жетерсиң.
Жаш болотсуң, жетилип
Адам болуп кетерсиң.
Булбул куштай так сайрап,
Бир чынарга конорсуң.
Өмүрүң болсо акыры,
Эл эрмеги болорсуң.
Арыган ат семирет,
Ачкан курсак тоюнат.
Тентектикти кой балам,
Бөлөк жорук сүй балам.
Сөздү, сөз деп жүр,
Артынан көздөп жүр.
Экөө болсоң бирөө ага,
Жалгыз жүрсөң бөрүк ага.
Сен да чоңоюп адам болорсуң, багың ачылар, деп насаат кебин, нарк сөзүн айтып калаар эле.

…«Билими бар миңди жыгат, билеги жоон бирди жыгат». «Калк казанын көп астым. Кана, колумдун көөсү» — деген кептер бар. Жокчулукка кейибе, тушоо чечилген күнү багың ачылат. Сөзгө ынтызаарды коюп, аны үйрөн. Акылдуу бол! Адамда куйма кулак деген да бар. Кепти, насият сөздү кулагына куюп калат. Ал эми акма кулак деген да бар. Акыл айткан менен аңдабайт. Кулагынан агып калат. Сабырдуу, токтоо адам бол! Айткан сөзүң орундуу, жөндүү болсун. «Акылсыздын белгиси кургак кайрат, жел өпкө, эч убакта жарабайт кургак сөздөн бөлөккө», «Тебенектен бутуңду тарт, ушакчыдан тилиңди тарт!», «Таза болсоң суудай бол, баарын жууп кетирген, калың болсоң жердей бол, баарын чыдап көтөргөн» деген лакаптардан тыянак чыгар. Ушакчы болбо, таза өс. «Жакшы» деген бир ат бар, кууп отуруп жетпейт, «жаман» деген бир ат бар, жууган менен эч кетпейт. Өзүң болуп алгыча, болгон эрди жакала, өзүң болуп алган соң, өзүңдү-өзүң такала. Сен көп билесиң, ашкан ышкыбозсуң. Барып турган тентексиң. Көрүнгөн балдар менен мушташасың. Ошондо башка чаап ийбегей эле деп жаным чыгат. Экинчи айылдын балдары бул айылга Саякбай бар деп келбейт. Ушул жакшы болобу? Өзүң ойлочу. Бешиктин баласы беш жол түлөйт деген, тентектигиңди таштап жөнгө кел, балам, — дечү экен жарыктык чоң энеси.

…Саякбай балалык чагы өтө аянычтуу болгон менен элдик көркөм чыгармачылыкты көп билген чөйрөдө өткөрөт. Айрыкча тарбиялап чоңойткон чоң энеси Дакиштен «Төштүк» эпосун, мергенчилер, жаныбарлар жөнүндөгү укмуштуу жомокторду уккан. Чоң энеси билген жомокторун, улама сөздөрүн, уккан-көргөндөрүн эрикпей айтып берүү менен, өзүнүн боор этиндей көргөн небересинин баамчыл, сезимтал болушун кыялданган. Ал киши кезинде Суранчы сыяктуу чоң манасчылардан таасир алган. Анысын төкпөй-чачпай небересине айтып берип турган.

…Сөз тыңдап, сөз аңдап чоңойду.

Тентектигин, шоктугун койбоду. Эр жетип, эресеге жеткенде да. Улгайганда да.

(Уландысы бар)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *