Аким КОЖОЕВ

Аңгеме 

— Байке, сизге эмне болду, деги тынчылыкпы? – деди өлүкканага эшиктен кирип келген Бекиш Григорийдин көзүнүн жашы суудай агып жатканын көрүп катуу чочуп. Мына экөөнүн чогуу иштегенине беш жылдан ашты, ал бир да жолу Григорий байкесинин жаш чыгарып ыйлаганды мындай кой, көздөрүнүн жашылданганын көрө элек. Демек, бир жакынынан айрылган экен да деп Бекиштин көкүрөгү заматта коркунучка толуп чыкты. «Кимиси болду экен – аялыбы же уулубу? Алардан башка жакыны барлыгын айткан эмес эле… Кудай жамандыгыңды көрсөтпө… деги не деп турам?» Ал өз оюнан өзү чочуп кетип, ичинде өзүн-өзү жемелеп жиберди. Бирок башын көтөрүүгө дарманы келбей, көзүнөн жашы шорголоп жер карап отурган Григорийден жооп уга албаган соң, анын күдүгү улам күчөп, бүт денесин майда калтырак басты. Экинчи ирет суроого алы келбей, оозун ачса эле өзү кошо ыйлап жиберчүдөй абалда турганда Григорий кайгылуу күңгүрөндү:

— Айыкпас оору менен көптөн бери ооруп жүргөнүн уккан элем, акыры шум ажал алып тынган экен да…

Бекиш эч нерсени түшүнбөй аң-таң болду. Бирге иштеп жүрүп эң жакын сырдашындай болуп калган Григорий байкеси жакындарынын ооруп жүргөнүн эч качан айткан эмес эле. Бу кандай? Ал бир саамга Григорийге суроолуу тигилип, анан чыдай албай сурады:

— Сиз кимди айтып жатасыз, байболгур?

— Жанараакта… Ай-мира Кутманалиеваны… алып келишти, — деп араң жооп берди Григорий, үнү дирилдеп.

— Ал ким эле? А-а, түшүндүм, — Бекиштин үнү жеңилдегендей чыкты. Бирок дале эч нерсени түшүнбөй Григорийге аң-таң болуп карады.

— Бул киши сиздин тууганыңыз… же жакыныңыз беле? — деп сурады анан ал коомай гана.

— Мындай жүз жылда бир жаралчу асыл жан мен үчүн тууганымдан да, жакынымдан да артык эле! – деди Григорийдин каңырыгы түтөп. Анын бул жообу ансыз да жоопсуз суроолого башы катып турган Бекишти түпсүз туңгуюкка такады. «Эмне дейт? Бу кандайча? Жо-о! Ушу кантип болсун! Бүт союзга даңкы чыккан Кутманалиева ким да, өлүктөрдүн арасында өлүк жыттанып жүргөн кайдагы бир Григорий ким? Бул акылдан адашып калгандан сообу деги?»

Ырас, ашкере ишенчээктиги, чынчылдыгы менен кээде айтылбай турган нерселерди айтып салып же эрежеге сыйбаган иштерди жасаган Григорийдин апенди чалыштыгы барлыгын Бекиш жакшы билет. Бирок ал эч качан аны бүгүнкүдөй даражага жетет деп ойлогон эмес.

— Григорий байке, башчыдан уруксат сурап сиз бүгүн эртерээк эле бара бериңиз, чарчап калган окшойсуз, эс алыңыз, – деди Бекиш ага чындап боору ооруп.

— Мен бүгүн бул жерден эч кайда кете албайм, андан көрө үйүңө сен баргын, — деп жооп берди Григорий оор күрсүнүп.

— Байке, бүгүн менин нөөмөтүм эмеспи?

— Билем, мен эч нерсени унутканым жок.

— Анан эмне болду?

— Сен мага таарынбагын, — деди ал, анан көпкө чейин сүйлөй албай буйдалып турду да, сөзүн улады, — ушул көз ирмемде мен эмнени башымдан кечирип жатканымды, менин жан дүйнөмдө эмне болуп жаткандыгын сен дагы, менин айланамдагы жүздөгөн, атүгүл миңдеген адамдар да түшүнө албасыңар анык.

Азыр тиги муздак камерада жаткан азылзат периштенин жанына өмүрүмдө бир да жолу жарым метр жакын барбаган болсом да, мен жашоонун улуулугу менен сулуулугун, тирүүлүктүн кереметтүү сырларын ушул аялдын шарапаты менен ачтым. Анан кантип аны бүгүн жалгыз таштап кетейин. Буга менин абийирим жол берет деп ойлойсуңбу? Эгер билсең, эгер азыр ошол аялды жанымды берип тирилте алсам, эч токтоосуз берер элем жанымды! – анын үнү каргылданып кетти.

Шеригинин түшүнүксүз кептерине башын чайкаган Бекиш бүгүнкү түнкү нөөмөтчүлүктөн кутулганына сүйүнүп, үйүнө жөнөдү. Григорий болсо селейген бойдон отура берди.

Ал өлгөндөр убактылуу сакталчу ушул мекемеге ишке орношкон биринчи күндөн баштап, алгачкы көргөн адамдын сурун качырган бул өлүктөр жамаатынан жаа бою качкысы келген, мындай өлүк жыттанган жерде акылынан адашкандар гана туруктуу иштебесе, соолор иштебей калсын деп текебер сүйлөгөн. Бирок таш түшкөн жеринде оор дегендей, ана кетем, мына кетем деп жүрүп, өмүр бою иштеп калды. Апасы күтүлбөгөн жерден ооруга чалдыгып (атасы согуштан кайтпай калган болчу), чукул арада акча табуу керек болуп турганда орто мектепти бүтүп-бүтпөй жатып, ушул өлүкканада иштеп жүргөн кошунасынын жардамы менен убактылуу иштеп турганга мында келген болчу.

Өлүккананын босогосун алгач аттаган күндөн баштап, ал көпкө чейин маркумдардан коркуп денеси үркүп жүргөнү бир болсо, алардын кээ бирлеринин каңылжарды жарган сасык жыты кускусун келтирип, азап бергени эки болду. Тирүү жандын баары эле бала-бакырасынын, тууган-уругунун алдында жарык дүйнө менен кош айтышпай, бөөдө өлүмгө учурап, өлүкканага жеткенге чейин жыттанып кеткендери да көп болот экен. Кээде апталап-айлап талаада жатып, курттап, ирип-чирип (айрыкча ысык мээ кайнаткан жай айларында) кеткендерди алып келишкенде Григорий өзүн кармана албай кусуп да жиберген күндөрү болду. Ал мындай өлүк келген күндөрү көпкө чейин тамагынан сары суу өтпөй, тиштеген наны да, жуткан чайы да, атүгүл дем алган абасына да ошол өлүктүн жыты сиңип калгансып, баарынан жийиркенип, баарын жек көрүп, баарына кол шилтеп безип кеткиси, качып кеткиси келчү. Бирок адамдын буту жер басын турганда өзүнөн дагы, тагдырынан дагы качып кутула албайт турбайбы.

Бара-бара ал мунун баарына көндү. Ал алгач иштеп жүргөндө өлүкканага түшкөн өлүктөрдүн баарын аяй берчү. Айрыкча жапжаш туруп ажал тапкандарды аяп, алардын өзүнө дагы, жакындарына дагы жаны ачып, бирөөлөрдү 90-100 жашка чейин жашатып коюп, бирөөлөрдү он гүлүнөн бир гүлү ачыла электе жайратып салган тирүүлүктүн мыйзамын түк түшүнбөй башы катчу. Анан бир аз мурда эле эл катары ойлоп, эл катары сүйлөп, эл катары дем алып жүргөн булар бүгүн өлүк аталганы менен, Григорий аларды камерага киргизгенде, же чыгарганда, жууп-тазалаганда, өлүк эмес ноокас адамдай аяр кармап, дайыма ашкере этияттык менен мамиле кылчу. Отунду же башка бир жансыз буюмду көтөрүп жаткансып, бир шериги аларды булкуп-жулкканда, ал чыдабай урушуп да кеткен эле:

— Ой, бул мал эмес адамдын сөөгү го, кичине аясаң боло!

— Келесоо болгондон соосуңбу? Аягандай мунун жаны бар беле? Ушул сөзүңдү буларды каалагандай кескилеген доктурларга айтчы, кандай жооп угар экенсиң?

— Доктурлардын жөнү башка – алардын жумушу ошол.

— Эмне, биз жумуш кылбай буларга жаназа окуп жүрөбүз дегиң барбы? Билсең, булардын балта менен койгулаган дөңгөчтөн эмне айырмасы бар?

— Адамгерчилик бардык жерде зарыл, керек болсо ошол дөңгөчтү да адамча мамиле менен жарыш керек!

— Койчу дөөрүбөй! Ушу сенин кээде айнып кетмейиң жаман экен!

Кудай жалгап, Григорийди жумушка орноштурган киши башка шаарга көчүп кеткенден кийин ордуна келген Миша деген ушул неме бир жыл иштеп-иштебей кетип калды. Тагыраагы, жумушка көп ичип келгендиктен, аны иштен бошотушту. Болбосо адамга кымындай боору оорубаган андай киши менен иштешүү Григорий үчүн оголе кыйын болмок. Өлүк адамды аябаган неме тирүүлөрдү да жалчытып сыйлабайт эмеспи.

Ооба, күндө аткарганы бир жумуш: күндө өлүктөр менен аралашып жүрмөй, эскилерин ээлери келсе башчылардын буйругу менен өткөрүп берип, жаңыларын кабыл алмай болуп, мезгил өткөн сайын ал бул жумушка жыдып көнүп бүтүп, бара-бара ал өлүктөр жамаатынан (аны жумушка алып келген киши өлүктөрдү ушинтип атагандыктан, Григорий да ушинтип атап калды) чочулабай, алардын бөтөнчө жыты да мурдагыдай каңылжарын жарбай турган болду. Кээде эс-учу башка жакта болуп алаксып, же жакшы кармабай колунан өлүк жылмышып түшүп кетсе, же жаза тайып сөөктүн үстүнө бир нерсени түшүрүп же уруп алса, мурдагыдай көп деле өзүн күнөөлөбөй калды. Анын үстүнө кудум малды сойгондой дарыгерлердин буларды эч камаарабай союп жатышкандыгын көрө берип, булардын чын эле жаны жок экендигине, башкача айтканда, булар эч нерсени сезбестигине ишенди. Бирок өлүктөрдүн жамаатына болгон урмат-сыйын жоготкон жок. Эми ал алардын өзү сымал тирүү жүргөндөгү адамдык кадыр-баркы, өзү сыяктуу адам болуп жаралып, бул жарыкчылыкта жашап өткөндүгү үчүн сыйлай турган болду.

Жумушунун кайталанмалыгы, бир түрдүүлүгү, тажатмалыгы, эң башкысы, жагымсыздыгы (өлүктөр дүйнөсүндө жашаган кимге жагымдуу болсун), анын ички дүйнөсүндөгү бир кездеги жаш баланын кыялындай таза, наристенин тилегиндей аруу сезим-туюмдарын канчалык мокотуп, адамгерчилик касиет-сапаттарын турмуштун ыпып-сыпыры канчалык көмүп салганы менен, ал бир касиетин жоготпой өмүр бою түбөлүк сактап калды. Ал жаш өлгөндөрдү (айрыкча жаш балдарды) мурда кандай аяса, азыр да ошондой аяп жүрдү.

Айрыкча өзүнө-өзү кол салып, набыт болгон бир бойго жеткен кыздын өлүгүн алып келишкенде, анын заманасы чындап куурулуп, ошол кыздын элеси анын жүрөгүндө бекем орноп, түбөлүк унутулбай сакталып калды. Кыздын көкүрөгүн жаап калган узун коюу кара чачы, куюлуп түшкөн кырдач мурду, жаңы гана көшүлүп уйкуга кеткенсип жумулган көздөрүндөгү узун кирпиктери, үлбүрөгөн гүл сымак назик эриндери Григорийди катуу таң калтырып, ал ушундай керемет жанды өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирген адамдарга наалат айтып, ичинен кан өтүп кетти. Сулуулуктун ажарын, көркүн өчүрүүгө ажалың да алсыздык кыла тургандыгын ал ошондо биринчи жолу көрдү. Асынып өлгөн бул кыздын жип кыйган жери гана бир аз көгүштөнүп калганы болбосо, калган өң-түсү, ыраң келбети кудум тирүү жандыкындай, болгону катуу чарчоодон кийин оор уйкуга кеткендей. «Бирөөнүн багын ачууга жаралган татынакай жан экенсиң, неге мындайга бардың, шордуу?» — деди Григорий каңырыгы түтөп. «Билем, сени мындайга жеткирген бүгүн укмуштай арааны ачылган адамдардын ач көздүгү менен өзүмчүлдүгү, сендей сулууну ким болсо да өзү алгысы келет, өзүнүн менчигине гана айландыргысы келет… Клеопатра сыяктуу катаал, адам канын ичүүдөн ыракат алган аял гана болбосо, сулуулардын бардыгынын тагдыры татаал… Эх, эркектер качан сулуу аялды көргөндө шилкейи чуурубай, напсиси бузулуп, көзү кызарбай, кудум айга, жылдыздарга суктангандай суктанганды үйрөнүшөт».

Ал ошол кызды көпкө чейин унута албай, анын жаштыгын, сулуулугун аяп, аябай кыйналып жүрдү. Жумуштан үйүнө келген сайын аялына ошол кыз жөнүндө айта бергендиктен, бир күнү аялы тырчый түштү:

— Эми күндө эле ошону айта бересиңби, бөлөк сөз куруп калгансып?

— Мейли, сага жакпай калса, башка айтпайын. Бирок мен ал тууралуу өмүр бою айткандан тажабас элем.

— Эмне, ошол өзүн-өзү өлтүргөн кызды сүйүп калдыңбы? Аны сүйсөң да эми жок – эбак эле жер астына көмүлүп кетти.

— Сен да кайдагыны айтат экенсиң? Эгер чындыкты дагы бир жолу билгиң келсе – мен сенден башка эч кимди сүйбөйм жана сүйгөн да эмесмин.

— Анан эмне канча күндөн бери оозуңдун деми эле ошол шордуу кыз болуп калган?

— Наташа, мен сага эч качан жалган сүйлөгөн эмесмин жана бул жолу да калп айта албайм: мен ал кыздын денесине тигилгенде менде эч кандай эркектин аялга болгон каалоосу, эңсөөсү ойгонгон жок, бирок анын сулуулугу менен сымбаттуулугунан көзүмдү ала албай турганымда кандайдыр бир табышмактуу сезим бүтүндөй азат боюма тарап, кандайдыр бир ашкере жагымдуу жылуулуктан тулку боюм жибип, балкыгандыгын жашыра албайм. Айга же жылдыздарга көпкө тигилип турганда да кээде ушундай абалга тушугам.

— Романтик десе! – деди аялы бу саам күлкүсүн тыя албай.

Өлүкканада иштеп, өмүрүндөгү көргөн-билген нерсеси өлүктөр дүйнөсү гана болгон менен ал үй-бүлө жагынан жолдуу болду. Ушул мекемеге жаңы эле санитарка болуп ишке орношкон Наташа деген кыз менен ушунда таанышып, экөөнүн ортосундагы сүйүү оту да ушунда тутанып, көп өтпөй баш кошуп алышты. Кээде гана тырчып кетмейи болбосо, Наташасы көңүлүндөгүдөй аял болуп чыкты, Наташага үйлөнбөгөндө анын тагдыры кандай болмок – болжолдоп айтуу кыйын. Наташасы адегенде эле аны китеп окуганга үйрөтүп, балет дүйнөсүнө аралаштырды. Аялы менен жашаган алгачкы күндөн баштап анын турмушунун маани-маңызы өзгөрүп, дүйнөгө, айланага башкача көз караш менен карай турган болду. Ал китептин, бийдин жардамы менен буга чейин өзү үчүн белгисиз дүйнөнү, белгисиз сулуулукту ача баштаса, бир эле учурда өзүн-өзү таанып, өзүнүн жан дүйнөсүнүн ачкычын да ушул эки нерсе аркылуу таап алгансыды.

Китеп адегенде эле аны арбап алганы менен балет бийи анын жүрөгүнөн бара-бара орун алды. Биринчи күндөрү болбой эле аны Наташа балетке ээрчитип барып жүргөндө, тал чыбыктай келишкен кыздардын ары шайкеш, ары ийкемдүү кыймыл-аракеттери ага жакканы менен, бул бийдин чыныгы маани-маңызын көпкө чейин түшүнбөй жүрдү. Ал эми Наташа болсо балерина кыздар сахнага чыгар замат демин ичине катып, бул дүйнөнүн бары-жогун бүт унутуп, ушунчалык берилип көрөр эле.

— Монашкалар сыйынып жатканда да сенчелик өзүн жоготуп берилбесе керек, — деп күлгөн ошондо Григорий келинчегин тамашалап.

— Сен балет эмне экендигин түшүнгөнүңдө мындай дебес элең, — деп жооп берген болчу келинчеги олуттуу.

Балет Наташанын өмүрдөгү кол жетпеген арманы экендигин ал кийинчерээк билди. Эч кимге тиш жарууга ыраа көрбөй жүргөн арман-тилегин, арзуу-кыялын Григорий балетти баалай баштаганда гана ага айтып берди. Көрсө, балерина болуу Наташанын наристе кезинен берки тилеги экен. Жүрөгүндө бул аруу тилекти канчалык кастарлап жүргөнү менен, дене түзүлүшүм балерина болуунун талабына жооп бербейт деп тартынып, бир да жолу аракет кылып көрбөптүр.

Ал эми Григорийдин балетке кызыгуусу күтүлбөгөн жерден башталды. Өзү анчалык деле куштарланбай, Наташанын шагы сынбасын деп эле барган болчу ошол күнү. Бул ирет сахнага өң-келбети гана сулуу эмес, тулку бою да кудум атайын бий үчүн, балет үчүн жаралгандай, сымбат-мүчөсүнүн бир дагы кемтиги жок кыз чыкты. Григорийди адегенде балеринанын көз тайгылткан көркү азгырганы менен, көп өтпөй анын жан дүйнөсүн, ой-кыялын кыздын каалгып булут көчүп бараткансыган кынтыксыз кыймыл-аракети бүт ээлеп алды. Залда ойнолуп жаткан музыка балеринанын ар бир мүчөсүнө агылып кирип, анын күрөө тамырлары аркылуу канында жүрүп жаткандай, же тескерисинче, ошол музыканы балеринанын кыймыл-аракети жаратып жаткандай, жүздөгөн адамдар отурган театрдын чоң залы заматта бийдин керемет-күчүнөн жаңырып жаткан укмуштуу күүгө толуп чыккансыды. Ошол музыканын, ошол күүнүн кудурети заматта мында отургандардын баарын сыйкырлап, арбап салгансыды… Залга жык-жыйма толгон эл дым тартпай катып калды… Ооба, ошол көз ирмемден, бутунун учунда ийиктей чимирилген ошол сулуу кыздын бийинен кийин Григорийдин турмушунда сырткы көзгө байкала бербеген бир чоң бурулуш жүз берди. Ал балет бийи аркылуу сулуулук менен кооздуктун дагы бир өлкөсүнө жолдонмо алгандай болду. Балким, кийин республикага эле эмес, бүткүл союзга таанылган Аймира аттуу ошол балерина кыз болбогондо, Григорий балетке мынча берилет беле, берилбейт беле – так айтуу кыйын. Бирок эми ал балет дегенде Аймираны түшүнүп, Аймира дегенде балет эсине келчү болду. Ырас, дүйнөдө Аймирадан да сулуу, Аймирадан да күчтүү балериналар бардыр, бирок Григорий үчүн Аймирадай балет бийин эч бир кеми-кынтыксыз аткарган жан бул жалганда болушу мүмкүн эмес эле.

Непада Григорий кайсы бир сулуу кызды мактап, ал тууралуу сөз кылып калса заматта таарынып калчу Наташа бу саам өзү кошулуп Аймираны мактап, анын өнөрүн, анын сулуулугун айтып түгөтө албады. Сыйкырдуу искусство менен сулуулуктун шайкешүүсү бул жаш жубайларды ушунчалык толкунданткан белем, алар ошол күнү түн бир оокумга чейин уктай алышпай, балетке жан киргизип, адам жан дүйнөсүнүн эң бир назик кылдарын күүгө келтирүүгө жөндөмдүү Аймиранын таланты менен ажарына улам-улам таң калып да, тамшанып да айтып жатышты…

«Я, жараткан, бул сенин мага көрсөткөн баасыз кымбат сыйлыгыңбы, же азап-тозогуңбу? – деп чокунуп жиберди Григорий, өлүккананын кызматкерлеринин баары кетип, өзү жалгыз калганда сулуулугу менен да, өнөрү менен да жүз миңдеген адамдардын сүймөнчүгүнө айланган балеринанын сөөгү убактылуу сакталып турган жайга киргенде. Ал аялдын жасатынын үстүнө жабылган бөздү сыйырмакчы болгондо, азат-бою безгек тийгендей калтырап, кудум алды-артын карабай ичкен адамдай башы эңги-деңги боло түштү. Бутунун астынан жер көчүп бараткансып, теңселе түштү. Балеринанын кер сары таткан жүзү ачылганда кан жүрүүсү токтоп калгандай манжалары карышып, жабуу колунан түшүп кетти. Аялдын денесин андан ары ачууга даабады.

— Эх, ажал! Эх, өлүм! Жок дегенде сулуулукту, асемдикти, асылдыкты аясаң боло! – деди ал ый аралаш күбүрөп. Кийин бир топ убакытка чейин дым чыгарбай, каккан казыктай катып, ыйдан шиший түшкөн көздөрүн Аймиранын жүзүнөн бир ирмемге да алалбай турду. Ушул мезгил аралыгында кайдан-жайдан пайда болгону белгисиз жылуулук анын төбөсүнөн ылдый денесине куюлуп түшүп, бара-бара бүткүл тулку боюна тегиз тарап, анда жанды жыргаткан көшүлүүнү, магдыроону пайда кылды. Заматта кыял дүйнөсүнө, жомок дүйнөсүнө аралашып кеткендей болду. Кулагына кандайдыр бир кубулжуган, ашкере мукам, эң бир жагымдуу музыка жаңырып, адамдын тили менен сүрөттөп берүүгө мүмкүн эместей кандайдыр бир укмуш кооз жасалгаланган сахнада Аймиранын бийлеп жаткан элеси көз алдына тартылды. Бир туруп анын өзү ошо сахнага жутулуп, Аймирага кошулуп бийлеп жаткандай туюлса, бир туруп керемет күүнү коштоп бүткүл аалам, бүткүл жер жүзү бийлеп жаткандай сезилип кетти. Бир туруп Аймира гүлгө айланып, Аймира эмес эле гүл бийлеп жаткандай элестеди. Эми бул кубулуу, Аймира-Гүл менен Гүл-Аймиранын бири-бирине алмашуусу улам-улам жүрүп, бир кезде бийлеп жаткан гүл кокусунан кыя чабылып, сынып калгандай болду, ошол көз ирмемде Григорийдин да жүрөгү болк этип, бир кыл тамыры үзүлүп кеткенсиди. Эми анын көз алдында ошол гүл кайра Аймиранын жансыз денесине айланып, суналып, кыймылсыз жатты. «Жо-жок! Бул жөнөкөй аял эмес, бул аял өзгөчө кудурет-күчкө ээ, башкача жаралган аял», — деди ал өзүнчө, жан дүйнөсү да кандайдыр өзгөчө жагымдуу сезим-туюмдарга толукшуп. «Бул ооруга ушундай асылзаттын кабылганын карачы! Бирок, сыр аяктын сыры кетсе да сыны кетпейт дегендей, баягы эле сулуулугу, багы эле азылзаадалыгы… Аттиң! Аттиң! Кандайдыр керемет күч менен эч болбосо жарым саатка тириле калса, менин сөздөрүмдү укса! Анын адамзаттын таалайына бир жаралган теңдеши жок жан экендигин өзүнө айтсам. Мени бушайман кылганы – анын тегерегинде жүргөндөр аны менчелик түшүнүп, менчелик баалай алышты бекен, менчелик кадырына жетишти бекен?»

Анын сулуулукка көзү тойбой, суктанып да, сонуркап да, таң калып да жатты. Мындай сулуулукту, кеми-кынтыгы жок мындай асемдикти жаратуу бир Кудайдын эле колунан келбесе, башка эч бир жандын колунан келе бербес. Ушул көз ирмемдерде, ушул сааттарда Григорий үчүн дүйнөнүн болгон-бүткөн сулуулугу менен асылдыгы, тазалыгы менен аруулугу гана эмес, ааламдын болгон-бүткөн байлыгы Аймирага кошулуп ушул өлүкканага кирип келгендей, буга чейин өзү эң кунарсыз, эң жагымсыз деп эсептеген ушул жайга топтолгондой, ушул минуталарда андан өткөн бактылуу, андан өткөн бай адам жок эле. Эл катары башка жумуштан жолу болбой өлүктөргө койчу болуп, өлүктөрдү кайтарып калгандыгы үчүн өмүр бою өксүп, өмүр бою наалып келсе, азыр ал өлүкканачы кылып койгон тагдырына миң-миллион эсе ыраазы болуп турду. Анын бакыты менен байлыгы ой-боюна сыйбай, ашып-ташып турду.

Бир убакта анын көкүрөк-көөдөнүн буга чейин эч бир болуп көрбөгөндөй жылуулук, назиктик менен изгилик каптады. Ал жан дүйнөсүндө ааламга өзү кайрадан жаралгандай бир тазалыкты сезди. Тура калып Аймиранын жансыз денесин эс-учун жоготкончо өпкүлөгүсү келди, көз жашып көлдөтүп, аялдын бүтүндөй тулку боюн көз жаш менен жуугусу келди. «Мен эмнени ойлоп турам, — деп, өз оюнан кайра өзү чочуп кетти, — өпкөндү мындай кой, мен бул тууралуу ойлогонго да татыксызмын». Бирок болбоду, өзүн-өзү токтото албады. Теңселе басып, аялдын аяк жагына барып жабууну бир аз ачты да, эңкейе берип, дүйнөдөгү эң бир назик, эң бир аялуу нерсени кармап жаткансып калтыраган колдору менен Аймиранын бутун акырын кармап, манжаларына эриндерин тийгизди, анан балеринанын тамандарын бетине басты. Анын көздөрүнөн токтолбой агылып чыккан жылуу жаш Аймиранын таманын тынымсыз жууп жатты…

* * *

Москванын онкологиялык ооруларды дарылоочу эң белгилүү бейтапканасына дүйнөгө атагы таанымал жазуучу Канат Азизов кирип келгенде, мында иштеген кызматкерлердин бардыгынын көңүлү ошого бурулуп, бу жолу адаттагыдай аны менен саламдашып калууга ашыгышпай, баары бири-бирин карап дендароо болуп туруп калышты. Бул жердегилер жазуучунун жазгандарын дайыма сөз кылып, жаңы китептерин чыдамсыздык менен күтүп окушчу. Ал мында көптөн бери келип жүргөндүгүн, кимге келип жүргөндүгүн да баары билишчү. Бөлүм башчынын бөлмөсүнө кирип кеткен Азизов жарым сааттан кийин андан дарыгер менен кайра чыкканда, бир заматта дүйнө аңтар-теңтер болуп кеткендей кабагы салыңкы чыкты.

— Анатолий Сергеевич, кантип эле бир амалы болбосун!? Кантип эле үмүттүн баары үзүлүп калсын! Бир айласы бардыр деги!

— Канат Азизович, биз колдон келгендин баарын жасадык, тилекке каршы, медицина али рак сыяктуу ооруларга алсыз болуп жатпайбы?

— А-а… ал дагы канча күн жашаарын айта аласызбы?

— Мындай оору менен ооруган адамды ушул күнү үзүлөт деп так кесе айтуу кыйын. Баары кеселмандын маанайына, көңүл күйүнө жараша болот. Албетте, анын айланасында өтө жагымдуу шарт түзүү менен кризисти бир аз кечеңдетсе болот. Аймира Кутманалиеванын жагдайына келсек, менимче он-он беш күнгө созулат ко, балким бир айга жакын барып калаар. Эң негизгиси, мемиреген бейпилдик керек – ага мүлдө тынсызданууга же толкунданууга болбойт.

Эки ортодо оор жымжырттык өкүм сүрдү.

— Мен Аймира Кутманалиеваны кандай баалай турганымды сизге айтпадымды, — деди дарыгердин үнү өзгөрүлүп. — Чыныгы периште аял… периште… Андан ары үнү буулуп, мукактанып туруп калды. – Эгер ишенсеңиз, — деди саамдан кийин, — ушундай асыл аялды ажалдын тузагына салып берип, амалсыз кол куушуруп отурганча өзүмдөн-өзүм качкым, безип кетким келет.

— Аймира билеби? – деп сурады Азизов чоочун үн менен.

— Бая «убактылуу тыныгуу жасоо үчүн эртең сизди кайра Кыргызстанга жөнөтмөкчү болдук» дегенимде өңү купкуу болуп, үн-сөзсүз эсейип катып калды. Өзүмдү канчалык кармайын десем да көзүмдү ала качып, бир нерсени билдирип койдум окшойт. Негизи, мен дарыгер болуп калганыма катуу өкүнөм, дарыгерлик мен сыяктуу сезимтал кишилердин иши эмес эк… — анын сөзү чорт кескендей үзүлдү.

— Мына келип да калыппыз, — деп шыбырады дарыгер корккондой, — кошо кирейинби же өзүңүз…

Улуу жазуучу жооп берүүгө дарманы келбегендей тек кол жаңсап, палатанын каалгасын көздөй араң кадам шилтеди. Ал эшикке бет маңдай барганда эшикти ачууга батынбай, тутканы таппай жаткандай буйдалып калды. Жазуучунун артынан байкап турган Анатолий Сергеевич нечендеген талаш-тартыштарда, дүйнөлүк илим менен искусствонун канчалаган дөө-шаалары менен жолугушканда, ондогон өлкөлөрдүн президенттери менен премьер-министрлеринин кабылдоосунда болгондо тартынып-буйдалбаган Азизовдун эркин азыр эмне тушап жатканын таасын туюп, ичтен сызып турду.

Орто жашка барып калган жазуучу турмушта көптү көрүп, башынан көп нерсени өткөргөндүгү менен өмүрүндө ушул көз ирмемдегидей амал-айласыз жагдайга кабылып, ушул азыркыдай өзүн жоготуп, карайлап калган эмес болчу. Дүйнөдөгү эң бир асыл, эң бир сырдаш, эң бир жакын адамы жаткан ушул палатанын эшигин ачуу ага тозоктун эшигин ачуу менен барабар болду. Эшиктен баш багып жатканда көздөрүнүн алды караңгылашып, кулактарын чуулдап, кокусунан тамагына бир нерсе кептелип калгансыды. Ким билет, бир аз болгондо бутары чалыштап жыгылып калат беле же оорукананы башына көтөрүп кыйкырып иет беле, Кудай жалгап аны Аймиранын күтүлбөгөн күлкүсү сактап калды. Өң-алеттен кетип, жүзү купкуу болгон Азизовдун кирип келе жатканын көргөн Аймира керебеттен боюн көтөрүп, аны жылмаюу менен тосуп алды. Дайыма сагынтып турган, эңсетип турган, дегдетип турган ууз күлкүсү менен күтүп алды.

Көз ачып-жумганча экөө кучакташып калышты. Ушул азыр кучактарын жазып жиберишсе бири-биринен түбөлүк айрылып кала тургансып, көпкө чейин бек кыналып турушту. Сөздөрүнүн көркөмдүгү, салмак-мааниси менен миллиондогон окурмандардын алкышына арзыган, алардын таңдануусун жараткан жазуучунун оозуна азыр бир келме келбей, бул жарыкчылыкта күнү бүтүп, өмүр суусу түгөнүп бараткан сүйгөн аялына эмнени айтып, эмнени коёрун билбей, мойнуна сыйыртмак салынып жаткан адамдай абалда турду.

— Бүгүн эрте келипсиң го, жаным? – деди Аймира саал калтыраган үн менен, ортодогу көрдүн ичиндей оор жымжырттыкты бузуп. Аймиранын сөзүн укканда Азизовдун жүрөгү чыркырап ыйлап жиберчүдөй туйлады. Ал ого бетер жүүнү бошоп, такыр шалдырап калды.

— Мен… мен… сени… кө-рөй-үн деп, — сууктан жаагы карышып калгансып, ушул үзүл-кесил сөздөрдү араң күбүрөдү.

— Эртең Фрунзеге кетесиң деп жатышат, — деди Аймира токтоо гана. «Токтоо сүйлөгөнүнө караганда, эч нерседен кабардар эмес окшойт. Менин ай-ааламда жок асылым, менин теңдеши жок багым-бакытым, менин тагдырыма бүткөн жалгыз сүйүүм…ай байкушум ай, ай берекем ай, эртең күнү экөөбүздү эмне күтүп жаткандыгын билсең кана!»

— Жана Анатолий Сергеевичтен уктум, — Азизов эми бар кайраты менен өзүн кармоого аракет кылды. – Өзүң кандайсың, асылым? Жакшы болуп калдыңбы?

— Бүгүн өзүмдү түзүк сезип жатам. Же үйгө кетесиң дешкенинеби.

— Барып тыныгып келгениң жакшы болот. Балдарды да сагынбадыңбы.

— Айтпа, аларды күнү-түнү ойлойм. Мен үчүн эми бул дүйнөдө алар менен экөөбүздүн ортобуздагы мамиледен башка эч нерсенин маани-маңызы калбагандай. «Сенден айрылсам мен үчүн жашоонун мааниси калат деп ойлойсуңбу, сенсиз мени жашай алат дейсиңби!?» — Азизовдун каңырыгы түтөп, жүрөгү бырча-бырча тилинип кетти. Дагы тили байланып, үндөй албай калды.

— Жаңы китебиң жакындадыбы? – деп сурады Амира өзгөчө кызыккандыгын билдирип.

— Анча жакшы жылбай атат, эмне болгонумду өзүм билбейм – эч бир чыгармамды мынчалык кыйналып жазган эмес элем, – деп жооп берди Азизов катуу күрсүнүп.

— Мен анын бүтүшүн чыдамсыздык менен күтпөдүм беле, окуп калсам дегем… буюрса, окуп да калармын, — деп, шашылыш кебин түзөдү Аймира, өз сөзүнөн өзү катуу корккондой.

— Менин биринчи окурманым да, сынчым да өзүң эмессиңби, бу саам да өзүң болосуң, — деди Азизов Аймираны жубатып, бирок ошол эле учурда анын көзүнө тик багып карай албады. Экөө дагы унчукпай калышты.

— Кымбатым, сен кыргыз сыяктуу майда элдин тагдыр-таалайына мүмкүн жүз жылда, мүмкүн андан да көп жылда бир жарала турган сейрек талантсың, сенин багыңдын да, жылдызыңдын да узакка жанарына мен терең ишенем. Сенден бир өтүнөрүм, ар бир мүнөт-саатыңды чыгармачылыкка арнасаң экен, убактыңды турмуштун убарагерлигине коротпой, Теңирим берген улуу касиетти тек китеп жазганга жумшасаң экен…

Ал айтайын деген оюн аягына чейин айта албай, капыстан мүдүрүлүп жыгылган аттай мукактанып токтоп калды.

— Чиркин, — деди бир аздан кийин муңайып, Азизовго сүйлөп жатканы, же өзү менен өзү сүйлөшүп жатканы белгисиз, — адамдын өмүрү учкан куш дегендери ырас белем… Анын мынчалык өктөлүү болорун ким ойлоптур… Канат, карачы күн батып баратат, күндүн чыгышы дагы, батышы дагы бир керемет. Мени терезеге алып барчы.

Азизов Аймираны аяр колтуктап, терезеге алып барды. Аймира оттой кызарып жай батып бараткан күндөн көзүн албай көпкө ойлуу тигилип турду.

— Мен бала кезимде «күн батат» десем чоң энем урушчу: «Күндү батат дегенге болбойт, күндү отурат деш керек, антпесе күн: «Мен батсам кайра чыгам, ал эми адамдар силер батсаңар кайра чыкпайсыңар»,- дейт экен, ошондуктан күн отурат деп жүргүлө», — деп калар эле. Чоң энемдин сөзүнө ал кезде маани берген эмес экенмин, көрсө… Аттиң, адамдын баткан өмүрү да күн сыяктуу кайра чыгып турса кана, — Аймиранын жүүнү бошоп, өпкөсү көөп, өрөпкүп сүйлөй албай калды.

— Берекем, сага толкунданганга болбойт, жүрчү керебетиңе баралы, — деди Азизов шаштысы кетип.

— Канат, коё турсаң, күндүн толук отурганын көрүп калайын, карачы, не деген ажайып көрүнүш – күн таажысы кудум чылк алтынга айланып калгандай. Бул дүйнөдө күндөн улуу, күндөн мээримдүү, күндөн касиеттүү нерсе жок окшойт, жадесе отуруп баратканда да бүт жер жүзүнө, бүт жан-жаныбарларга жарык нурун эки эселеп чачып калууга ашыгат. Ал эми адам өмүрүнүн жөнү башка экен… Бизге энчиленип бир гана жолу берилген өмүрдө көп нерсенин баркына жетпейт турбайбызбы, адам жашоосундагы эң кымбат нерсени – өмүрдү көбүнчө ыпыр-сыпырга, майда-чүйдөлөргө коротот турбайбызбы. Адамдын өмүрү жылдан, айдан, күндөн гана турбастан, ар бир сааттан, ар бир мүнөттөн турарын, атүгүл ар бир секунд, ар бир көз ирмемден турарын эми гана байкап жатпаймбы. Көрсө, сааттын ар бир чыкылдаганы – бул биздин өмүрүбүздүн кемитилгени, кетилгени экен. Адамдардын көпчүлүгү өмүрлөрү саат-мүнөттөрдөн турарын көңүлгө алышпай, камаарабай беймарал жашашат турбайбы. Балким, ар бир адам ар бир көз ирмемдин баркына жетип жашаганда, өмүрдүн ар бир күнүн өз өмүрүнүн акыркы күнүндөй баалап, баркына жетип жашаганда, жер үстүндө эбак эле бейиш орномок беле. Бальзак «сүйүүнүн бир көз ирмеми – бир өмүргө тете», — дегендей эле, эгер чыныгы маани-маңызына жетсең, ар бир күндү дагы бир өмүргө тете жашаса боло тургандыгына ушул палатада жатып ынандым.

— Жаным, сен чарчап калган жоксуңбу, үстөл алып келейин, отурасыңбы? – деп сурады Азизовдун тынчы кетип.

— Жо, дагы бир аз турайын. Чынын айтсам, ошо отурган менен жаткандан тажадым. Көрчү, акациялар да гүлдөй баштаптыр, биздин Фрунзеде бу кезде баары жапжашыл болуп кулпуруп турса керек. Негизи, мага май айы өзгөчө жагат. Кандай эле… Алыкул Осмоновдун саптары бар эмеспи… А-а эстедим:

Ах, чиркин, биздин күндөр кандай таттуу,
Бүгүндөн эртеңкиси ыракаттуу.
Ушундай жыргал күндө кеткендерге,
Карачы, кандай гана аянычтуу…
Ырдын акыркы саптарын айтканда Аймиранын доошу каргылданып, аябай бошоң чыгып, заматта көздөрү жашка толуп кетти. Колдорунда кармап турган ашыгынын кан-сөлү качкан арык колу да калтырай баштагандыгын Азизов туюп, кооптонуусу күчөдү.

— Жаным, Аймир, сага толкунданганга да, кыжаалаттанганга да болбойт, суранам, жүр керебетиңе алып барайын – жатып кичине эс алчы, — деди ал катуу кабатырланып.

Азизовдун сөздөрүн укпагандай Аймира терезеден эшикке тигилип тура берди. Көздөрүнөн эки-үч тамчы жаш бетинен ылдый сарыкканын да сезбеди.

— Мына, саалдан кийин караңгы кирет, — деп, угулар-угулбас шыбырады ал. — Жарыктык менен коштошуу кандай коркунучтуу.

— Алтыным, берекем! Мени укчу! Жүрчү керебетке! – эми Азизовдун чый-пыйы чыкты.

— Мейли, жүрү, караңгынын киргенин көрбөй эле коёюн.

Азизов Аймираны жеңил көтөрүп, керебетине алып барып жаткызды. Башына жаздыкты бийиктетип коюп, үстүн жаап, кымтылады.

Он беш күн мурда ден соолугу улам начарлап бараткан Аймираны Фрунзеден Азизовдун өтүнүчү менен Москвадагы ушул ооруканага алып келишкенде жазуучу оорукананын башкы врачынан Аймираны палатага жалгыз жаткырууну өтүнгөн. Ал иш күндөрү жумуштан кийин, ал эми дем алыш күндөрү эртелеп келип, те түн бир оокумга чейин анын жанында болуп жүрдү.

— Жана келатканда шашкалактап бир нерсе алган да оюма келбептир, гастрономго барып келе калайын, — деди Азизов ордунан козголуп.

— Менин эч нерсеге табитим тартпайт, өзүңө алсаң ал. Анан бу жердин тамагы да жаман эмес экен.

— Сен бүгүн дагы кетип каласыңбы? – деп сурады Аймира, Азизов эшиктен киргенден кийин, анын көз карашында жалбаруу да, чексиз өтүнүч да, айтууга сөз кудурети жетпеген сүйүү да бар эле.

Азизовдун алып келген тамак-ашы колунан жылмышып, заматта бошошо түштү.

— Жаным, бүгүн сенин жаныңда болом – бөлүм башчыдан сурандым, — деп араң жооп берди ал, эриндери титиреп. Анан ал дароо ашыгынын жанына жете, эңкейе берип анын көздөрүнөн алмак-салмак өптү. Бир саамга экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. Жашылданып жаш кылгырып турган бул көз караштарда түбөлүк ажырашуунун айныксыздыгын туюндурган канчалык оор кайгы-касирет, канчалык азап-муң катылгандыгын айтып берүүгө мүмкүн эмес эле.

— Бирөөнүн бактысын бузуу менен табылган бакыттын куну мынчалык кымбат турарын билбептирмин, — деди Аймира көзүнүн жашын сүртүүгө чамасы келбей.

— Берекем, антпечи, өзүңдү аячы! – деди Азизов жалбарып.

— Сенин аялыңды шорлотуп тапкан бакытыбыз туура болдубу, же жокпу – акыркы күндөрү ушул жөнүндө көп ойлой турган болдум.

— Менин Аймирам! Менин теңдеши жок асылым! Биз бири-бирибиздин тагдыр-таалайыбызга гана жаралган жандарбыз. Эгер Манас атабыздын тагдырында Каныкей энебиздей асылкеч жар туш болбогондо Манас Манас болмок эмес! Ал эми Аймирасыз Азизов да Азизов боло алмак эмес. Эгер мен өз турмушумда кандайдыр бир даражага жеткен болсом, кайсы бир бийиктиктерди багындырган болсом – бул экөөбүздүн сүйүүбүздүн кудурет-күчү, анын улуу шарапат-касиети. Ал-кубаттан тайып, ак баракка бир сүйлөм жазууга дарманым келбей, алда кайда чабыттап кеткен ойлордун учугун улай албай алдастап турганымда кудум ай менен күндүн ширөөсүнөн, жылдыздардын жымыңдаган күлкүсүнөн бүткөндөй сенин ай жаркын элесиң мага түгөнбөгөн эргүү, чаалыкпаган күч-кубат ыроолойт. Сени ойлогондо менин бөксөргөн дүнүйөм толуп, бакыт-таалайым ашып-ташат. Ырас, жакшы эле атак-даңкка, урмат-сыйга ээ болдум, бирок ачыгын айтсам, ошол атак-даңк менен урмат сыйдын баарысы сенин бир көз карашыңа, сенин бир периште күлкүңө арзыбайт. Эгер билсең, бул дүйнөдө Ромео жана Джульетта, Руслан жана Людмила, Лайли жана Мажнун, Акмөөр менен Болот сыяктуу чыныгы сүйүүдөн бүткөн жомоктор гана түбөлүк жашап калат. Калган нерсенин баары утурумдук, күнүмдүк нерселер.

— Биздин сүйүүбүз да түбөлүк жомокко айланат дейсиңби? – деп сурады Аймира, кубарган жүзүнө билинер-билинбес кан жүгүрүп.

— Сүйүү – адамзаттын таалайына кайыптан берилген, баасын ченеп-өлчөгө болбой турган улуу белек. Бирок адам баласы жаралгандан бери эмне үчүн сүйүүгө жолтоо болуп, бут тосуп келе жатышкандыктарын түшүнбөйм. Экөөбүздүн сүйүүбүз тууралуу дагы канча ушак-айың, өсөк сөздөр айтылбады, кандай гана бут тосуулар болбоду. Бирок биз аппак сүйүүбүздүн тутанган отун өчүрбөй, асман көгүндөй аруулугун булгабай, тазалыгын, бийиктигин, улуулугун сактап келдик. Арадан айлар, жылдар өтөр, муундан-муун алмашар, ошондо биздин сүйүүнүн да чыныгы кадыр-баркына жетишет, ошондо түбөлүк өчпөй турган, түбөлүк өлбөй турган жомокко айландырышат.

— Канат, мага сендей адамды жолуктурган тагдырыма ыраазымын, — деди Аймира толкундана, — эгер… эгер бул дүйнөгө кайра жарала турган болсом, мейли өмүрүм кыска болсун, мейли… дал азыркы тагдырымдай тагдырга туш болсом, эч өкүнбөс элем. Балким, экөөбүздүн сүйүүбүздөй сүйүүнү, мындай ууз сезимди көрүнгөндүн шыбагасына эле буйура бербестир. Анан түбөлүктүн отундай бул улуу жарыкты өчүрбөй сактап калгандар да чанда болот окшобойбу.

Экөө бир топко үндөбөй калышты. Айта турган сөздөрү түгөнүп калгандыктан эмес, тескерисинче, ушул түнү, бири-бири менен түбөлүк ажырашарын, түбөлүк бөлүнөрүн экөө тең таасын сезишкен түнү бири-бирине айта турган кеп-сөздөрү, арзуу-армандары, өкүнүчтөрү, тилек-үмүттөрү ушунчалын көп болуп, көкүрөк-көөдөндөрүнө батпай тургандыктан, тилдери байланып, үн-сөзсүз тунжурап отурушту.

— Айтчы жаным, сен тиги дүйнөгө… ишенесиңби? – деп сурады Аймира, Азизовго ашкере олуттуу тигилип, ал үчүн жашоонун мааниси эми ушул суроонун жообунда тургандай тейде. Азизовдун жүрөгү шуу эте түштү, мындай суроону күтпөгөндүктөн эмес, а ашыгы Аймира бул суроону эмне үчүн берип жаткандыгын түшүнгөндүктөн шуу этти.

— Албетте, бул өтө талаш-тартыштуу, татаал маселе…- деди Азизов, так жооп бере албай мукактанып.

— Жо, кантип эле ушундай болсун, кантип эле ушул нерселердин баарысы кумга сиңгендей ың-жыңсыз жок болуп кетсин! Мен буга ишенбейм! Өмүрүбүздүн ар бир күнүн шаңдуу майрамга айландырган сүйүүбүздүн улуу керемети, улуу күчү кантип эле бир заматта жок болуп кетсиң! Кантип эле биздин муштумдай жүрөгүбүзгө ааламдын деминдей жылуулукту батырган, жан дүйнөбүзгө бүткүл наристелердин тилегиндей аруулукту орноткон ошол сезимдер түбөлүк жок болуп кетсин! Бул мүмкүн эмес! Мүмкүн эмес! Эгер ушунун баары күнүмдүк болсо, баары утурумдук болсо, эгер чыныгы сүйүүгө кабылгандардын сүйүүсү түбөлүк жашап калбаса, анда…- ал аба жетегендей энтигип токтоп калды. Бир заматта өңү мурдагыдан да кер сары тартып, бозоруп кетти. Эмне кыларын билбей алдастаган Азизов аны дароо кучактай калып бооруна кысты.

— Суранам алтыным! Суранам! Суранам! – не деп жубатарын билбей ал бир сөздү улам-улам кайталай берди. – Башкасын билбейм, бирок бир нерсе түбөлүк жашап кала тургандыгына ишенем, — деди Азизов бир топтон кийин, көптөн бери оюнда жүргөндөгүсүн айтып. — Эгер кайсы бир мезгилде кыямат кайым келип, ай-ааламды топон суу каптаса да, тирүүлүктүн кыпындай белгиси калбай, баары күм-жам болсо да, адамдын жүрөк кылдарынын күүсүнөн жаралган сезимдер музыка сыяктуу бир улуу нерсеге айланып, асман-жердин мейкиндигинде түбөлүк жашап, түбөлүк жаңырып турары талашсыз.

Эртең Аймираны Фрунзеге алып кетишкенден кийин алар кайра так ушул бүгүнкү түндөй бир бөлмөдө ээн-эркин жолугуша албастыгы айдан ачык эле. Биринчиден, ал жакта Азизовдун үй-бүлөсү бар, экинчиден, республикалык жогорку кызматтагылардан баштап жалпы коомчулук арасында «мыйзамсыз» жолугушуп жүргөн бул экөөнүн мамилеси жөнүндө кызуу сөз жүрүп, «бири бүт дүйнөгө, экинчиси жалпы союзга белгилүү адамдар болуп туруп, өздөрүнүн бузуку жүрүм-турумдары менен башкаларга жаман үлгү көрсөтүп жаткандыктары үчүн чечкиндүү чара көрүү тууралуу» Москвага тийиштүү каттар байма-бай жөнөтүлгөн эле. Бирок эмнегедир республиканын жетекчилиги чыдамсыздык менен күткөн ошол «чечкиндүү чара» али көрүлө элек. Эми чара көрүштүн да кереги жок болуп калган сыяктуу…

— Аймир, кичине уктап алсаңчы, жаным, — деп өтүндү Азизов.

— Уктап ал дейсиңби? — Аймира шуу үшкүрдү. — Кана эми ушул сааттар түк жылбай токтоп калса! Аттиң, кана ушул түн жок дегенде бир жумага созулса – мен сенин жүрөгүңдүн согушун тыңшап, акыркы демим чыкканча көз ирмебей жаныңда болууга кайыл элем. Дагы бир арманым – сахнага чыгып чимирилип акыркы ирет бир бийлесем…

Азизовдун деми кысылып, катуу улутунганы гана болбосо, сооротууга сөз таппады, эми жанынын жарымына айланып калган эң жакын адамы Аймиранын өзүнө эртеңки тагдыры маалым экендигин билгенден кийин калп көңүлүн көтөрүп, аны да, өзүн да алдагысы келбеди, тек Аймираны кучагына бек кысып, түпсүз санаага батты.

Ал эми убакыт өз өкүмүн айныксыз жүргүзүп, сааттын жебеси өз огунда тынымсыз айлана берди. Аймиранын көз алдына ажайып бий дүйнөсүнө жаңы гана аралашкан кыз кези тартыла түштү…

* * *

Фрунзе шаарынын ири көчөлөрүнүн бири Совет көчөсүнүн күн чыгыш жагында жайгашкан опера жана балет театрынын алдында белгилүү котормочу Сооронкулов менен жаш сынчы Ашыралиев жолугушуп калды.

— Ыя, иним, адабият «журналисттери» силер эмессиңерби, адабият айдыңында кандай жаңылыктар бар? – деп сурады Сооронкулов.

— Азизов деген жигиттин дүбүртү катуу чыгып келе жатат, ушул жумада анын аңгемелери тууралуу «Маданиятка» менин сын макалам чыгат го.

— Азизов дегениңди укпаптырмын, жаш немеби?

— Ооба, биз курактуу.

— Сенин анча-мынчаны мактабай турганыңды билем, окуп көрүш керек экен анын жазгандарын. Мобу Аймира го? – анын көңүлү аялдамада автобустан түшүп театрды көздөй келе жаткан сулуу кызга бурулду. Ал маектешип жаткан кишисин унутуп калгандай, кыз алардын жанына жакындап келгенче андан көз үзбөй, дел болуп тигилип калды.

— Саламатсыздарбы? – деди назик үн менен кыз, аларга жанаша бергенде.

— Саламат… Аймир, бу чын эле сенсиңби? Бүгүн асмандагы үр кыздарынан да татынакай болуп кетипсиң го? – деди Сооронкулов шилекейин жута тамшанып.

— Дайыма ушинтип ашыра мактай бересизби! – деп жооп берди кыз, жаш жигит да өзүнөн көз албай арбалып турганын байкап, беттери алоолонуп.

— Аймир, сени мактоого Петрарканын да калеми алсыздык кылар.

— Коюңузчу агай, уялтпай! Мейли, мен барайын — репетициям бар эле. Жакында «Чолпонду» коймокпуз, андан көрө көргөнү келиңиздер.

— О, сени сахнада көрүү кандай ыракат – сенин бийлегениңи көрүп жатып бул тирүүлүккө неге келип, неге кеткениңди аңдап-түшүнгөндөй болосуң, — деди Сооронкулов, олуттуу тартып. Ал эми Аймира бул мактоолордун баарын укмаксан болуп кетүүгө шашылды. Ошол учурда Сооронкуловдун көздөрү кудум боз уландын көздөрүндөй ойноктоп:

— Аймир, алтыным! Суранам, жок дегенде чочогуңдан бир өптүрчү, — деди азил-чыны аралаш.

— Кайдагыны айтат экенсиз да! – кыздын эки бети чоктой жанып, шарт бурулуп качып жөнөдү. Ал бир да жолу артып кылчайып карабастан зуулдаган боюнча театрдын чоң каалгасына кирип көздөн кайым болгончо берки экөө узатып карап турушту.

— Карачы! Атына заты жарашкан, акылына өнөрү шайкеш келген кандай керемет кыз! – деди Сооронкулов толкунданганын баса албай, — бул кыз жөнүндө ар кандай өйдө-төмөн сөз кылгандар көп. Бирок ошолордун баары майга жетпей сасык деген мышыктын кейпин кийгендер. Эгер билсең, бул кыз ушунчалык пакиза, ушунчалык таза кыз, чын эле чочогунан өпсөң да болот.

Жашоо-турмуштарындагы негизги иштери сөз жазуу, сөз багуу болгон бул экөөнүн айта тургандары түгөнүп калгансын унчукпай калышты. Азыр эле жандарында турган кыздын элеси кандайдыр бир жанды балкыткан жагымдуу жылуулукка айланып, көкүрөктөрүн каптап баратты…

* * *

Григорий ушул түнү таң атканча кирпик каккан жок, бир эки жолу өзүн жеңилдетип келгени болбосо, Аймиранын жанынан карыш жылбады. Аймиранын жаамы журтка белгилүү атак-даңкын айтпаганда да, бул аял Григорий үчүн өзгөчө жан эле, өзгөчө аял эле. Кантип анан бул дене-бойду гана эмес, жүрөктү да үшүтүп, ичиркентүүчү тирүүлүктүн тозогун элестеткен жайда аны жалгыз калтырсын, буга анын дити барабы?

Кызыгы, көптөн бери ал өлүктөрдү эч нерсени сезип-туйбаган нерсе катары санап келсе, Аймиранын жанында болгон ушул түнү кандайдыр бир мистикалык күч анын бүт туруш-турпатын бийлеп, эмне кылып жатканын эле эмес, эмне ойлоп, эмне койгонун да Аймира билип-туюп жаткандай абалда отурду. Мындай ойлордон бир туруп аны коркунуч басса, бир туруп эбедени эзилип кубанды. Угуза айтпаса да ичинде Аймира менен сырдашып, турмушунда бир да жолу бетме-бет келип сүйлөшпөгөнү менен, сыртынан бой тумар сымал аздектеп, кастарлап келген адамына чексиз урмат-сыйын туюндуруп, болгон-бүткөн мээрин төктү. Эч бир көз албай карап эле отурсам дегендей ушундай периште аял эртең эле жер астына көмүлүп каларына Григорий түк ишенбеди. Мындай сулуулукту, мындай кеми-кынтыгы жок асылзаадалыкты топурактын астына жашырууга жадесе ажалдын да дити барбай тургандай сезилди ага. Григорийдин калган өмүрүндө анын айтылып бүтпөс жомогуна айлана турган ушул түнү ал дүйнөнүн бары-жогун да, атүгүл өзүн да, убакыт-сааттын эсебин да унутуп койгон эле. Ошондуктан асманда небак жылдыздар суюлуп, мезгил таңга жакындап баратканын да кабары болбоду. Ошондуктан өлүккананын сырткы эшиги эки-үч жолу кагылганын да укпады. Эшиктин тарсылдаганы катуулаганда гана оор уйкудан чочуп ойгонгондой селт эте түштү, кечтен бери аралашып жүргөн кыял дүйнөсүнөн, жомок дүйнөсүнөн кайра чындыкка кайтып келгенсиди. Таттуу түш көрүп жаткан адамды капыстан ойготуп жибергендегидей нааразы болуп, куйкасы куруша түштү, Аймиранын жүзүн бөз менен аспиеттеп жаап, өлүк сактагычтын эшигин бекитип, көңүлсүз кадам шилтеп жаңы өлүктү кабыл алууга жөнөдү.

Өлүкканага кире бериштеги жарыкты шашпай күйгүзүп, күндөгүдөй шашылбай эшикти да жайбаракат ачты. Ачты да, көргөн көзүнө өзү ишенбей, бу өңү, же түшү экендигинин аныгына жете албай, эсейип туруп калды. Көз ачып жумгуча анын тил-оозу байланып, азат-боюн түшүнүксүз коркунуч каптап өтүп, бүт денеси шал болгондой кыймылсыз катты.

— Саламатсызбы, Ай-ми…-ра Кут-ман-алиев-аны… ушунда а-лы-п ке-лиш-ти-би? – келген адам бирөө тамагынан муунтуп жаткандай, сөздөрүн үзүп-үзүп араң сүйлөдү. Бир заматта апкаарып да, абдаарып да, сезим-туюмунун баарынан ажырап калган Григорий анын не айтып жатканын түшүнбөдү, маңыроо немедей ага тигилип тура берди.

— Аймираны…? – тиги киши эми суроосун саал ишенимдүү кайталады. Ошол көз ирмемде гана талмасы коё берген адамдай Григорийге жан кирип:

— О-оба, — деп жооп берди үнү дирилдеп. Жооп берди да, бир заматта шалдырап жаны кете түшкөн буттарына араң таканчыктап артка бурулуп, келген адамды үн-сөзсүз ээрчитип жөнөдү. «Улуу Азизов, улуу Азизовдун өзү! Азизовдун өзү!» Ал толкунданганынан өзүн баса албай, Аймиранын сөөгү сакталып турган жайга жеткенче ичинде залкар жазуучунун аты-жөнүн улам-улам кайталай берди. Бир заматта эби-сынын жоготуп, камдоого келбей калтыраган колдору менен өлүк сактагычтын эшигин араң ачып берип, өзү кирбестен сыртта күтүп калды. Ал дале болсо ушунун баары чындык экендигине, кыялдан жаралбаган окуя экендигине ишенбей жатты. Атагы ааламга кеткен улуу жазуучу менен ушундай бет-маңдай келип, сүйлөшөм деп ал эч качан ойлогон эмес эле, анын түн жамынып өзү жалгыз өлүкканага келгендиги түшкө кирбеген окуя болгондуктан, муну чын-төгүнүнө ишенбей турду.

Аймиранын жанында бир саатка жакын кармалып, кайра чыгып келе жаткан Азизовдун көз жашы сала-салаа болуп куюлуп жатканын көрүп, Григорий да жашын тыя албады, экөөнүн муңдуу көздөрү бир демге чагылыша түштү. Ошондо бул жалгандан Аймиранын мезгилсиз кеткендигине кабыргасы кайышып, кан жутуп, ушул сааттарда уйкудан безип кайгырып жаткан өзүнөн башка дагы бир адам бар экендигине Григорий күбө болду. Кайгынын күчүнөн кол жоолугун алып көз жашын арчууга да дарманы келбей, заматта картайып, бүкүрөйө түшкөнсүп сыртка чыгып бараткан жазуучунун артынан көз албай карап турган Григорий бул залкар инсан азыр көөдөнүндө адам көтөрө алгыс кандай оор азапты батырып бараткандыгын боолголоп турду.

Аэропорттон түз эле мында келген Азизов дарыгер Анатолий Сергеевичтин божомолуна ишенип, Германияда чыгып жаткан китебинин бет ачарына барып келе коём деп, дүйнөдө теңдеши жок жакын адамынын актыкка моюн сунуп жатканда жанында боло албагандыгы үчүн өзүн-өзү жемелеп, өзүн-өзү аёосуз жазалап, өзүн-өзү кечире албай, буюгуп баратты. (Дарыгердин жоромолу боюнча Аймира кеминде дагы 10-15 күн жашоого тийиш эле, бирок бир жумага жетип-жетпей кете берди).

Ал эми өлүкканада жалгыз калган Григорий жан дүйнөсүндөгү толуп-ташкан, уйгу-туйгу болуп, көөдөнүнө батпай жарып чыкчудай болгон сезимдерди, ушул түндөн алган айтып бүткүс таасирлерди ким менен бөлүшүүнү билбей, ыймандай сырын кимге төгүп, кудум боз улан кезде алгачкы жолу келип, азат-боюн көшүлткөн, бир заматта ааламдагы болгон-бүткөн нерсенин баарын гүлгө, гүлзарга айланткан аруу сүйүүнүн күчүндөй ээ-жаа бербеген табышмактуу күчтү кантип ооздуктоону билбей, алапайын таппай турду. «Я, жараткан, ушундай да болобу? — деди ал ичинен тобо кылып. — Мен өмүр бою өз кесибимди жек көрүп, өлүкканачы болгонум үчүн тагдырыма канча ирет наалат айттым. Дүйнөдө менин кесибимден жаман, менин кесибимден жексурун кесип болбосо керек деп ойлочумун. А бүгүн болсо… Жараткандын амирине айла жок экен!». Ал ушул кезде аялы Наташанын үйдө болбогондугун эстеп, катуу өкүндү. Жакында эле өргүү алып, Тамбовдогу туугандарына уулу экөө кеткен эле. Анын жашоосундагы ички дүйнөсүн толук түшүнгөн адам жалгыз гана аялы Наташа болчу. Ал келинчегине түнү бою экөө пир туткан Аймира Кутманалиеванын жанында болгондугун, бир кезде ойдо жок жерден дүйнөгө таанымал жазуучу Азизов келип калып аны менен кантип жолугуп, кантип сүйлөшкөнүн тезирээк эле айтып бергиси келип, чыдамы кетип турду. Бул окуя ал үчүн өмүр бою айтса түгөнбөгөн жомокко айланары, муундан-муунга кеп кылып бере турган икаяга, уламышка айланары эч күмөнсүз эле.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *