«Коом жана Мен» сайты окурмандар арасында кызыктуу фото-сүрөттөр боюнча сынак жарыялап, ар бир айдын соңунда мелдеш жыйынтыгын чыгарарыбызды маалымдаган элек. Жыйынтык чыгарылды, Жеңүүчүлөр аныкталды! Байгелер өз ээлерин күтүп туру…

Октябрь айдында жарыяланган сүрөттөрдүн арасынан (эшек эмген торпок) Фейсбук аркылуу эң көп кызыгууларды жана талаш-тартыш пикирлерди жараткан сүрөттү жөнөткөндүгү үчүн Гүлмайрам Тагай кызы аттуу окурманыбызды жеңүүчү деп таптык. Ошондой эле аталган сынак жарыяланары менен эң биринчилерден болуп сүрөт жөнөткөн окурманыбыз Айтбүбү Орунбаева да мелдештин жеңүүчүсү болуп калды.

Урматтуу окурман, бул мелдеш дагы улантылат. Ар бир айдын соңунда жеңүүчү деп табылган окурмандарыбызга Олжобай Шакирдин «Куюн доор» романын тартуулайбыз. Мелдештин жол-жобосу ушул шилтемеде…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *