Адабий изилдөө

КЫРГЫЗ КЫЗЫ

Сүйүү болсо сүрөтчүнүн дилинде
Сүйлөйт сүрөт бардык элдин тилинде.
…Талант болсо акындардын дилинде
Таңшыйт ыры бардык элдин тилинде.
Ш.Мамбетаипова

Ар бир адам – айтылып болгус сыр, ачылып бүтпөс табышмак. Акыры сыр-табышмагы өз башы менен кетээр. Эми ошол «акыркысына» чейин адам эмне болгон адам, неткен жашоо өтөдү, кандай из калтырды артына? Мунун жообу – эл ичинде, өмүр өтөлгөсүндө, калтырган мурасында. Адамдын өмүрүн, ишин баалоодо ар кандай чен-өлчөмдөр болоор, ошентсе да баарыга тиешелүү, уңгулуу бир талаптардын да бар экени чын. Ал – Эл жана Адам, Мезгил жана Тагдыр маселеси. Элдин сынынан, мезгилдин талабынан ар ким эле дадил өтө бербейт. Жеке дараметтен артылып жалпынын кудуретине өскөн жан – элдин тагдырына өзөктөшкөн жан. Мындай адамды, адатта, артына үлгү-сабак калтырган деп айтышат. Сыймык менен!

Шакен эже мына ошондой байымдуу жан болгон. Анткени ал жеке тагдыры менен жалпы элди, тагыраак айтканда кыргызды дагы бир аз, бир аз кыргызыраак… кыргызыраак кылып кеткен тунук кыздарынын бири эле. Кыргыз да, кыргызчыл да! Кош канаты бирдей шилтенген акындык да, сүрөтчүлүк да өнөрүндө! Анын алтымышка чыкпай кеткен өмүрүнүн бир кезеңинде мен да ал киши менен азыноолак тааныш болдум. Чыгармачыл баарлашууларды баштан кечирдик. Демек, Эжей тууралуу бирин-экин сөз кылсак, бул, сырттай кишинин тоң байкоосу эмес, аралаш жүргөн адамдын ичтен сызылган байымы-баамы болмок.

80-жылдардын ортосунда кыргыз сыналгысында иштеп, элдик уз-усталар жана профессионал сүрөтчүлөрдүн чыгармачыл бейнесине арналган көрсөтүүлөрдү даярдап жүрдүм. Эже «Кыял» бирикмесинде жетектөөчү адис эле. Ошондо калк ичиндеги качантан берки салттуу узчулуктун учугун жоготпой, аяр карманып келатышкан акыркы могикандар менен бирге ал өнөрдү жаңы, «алтымышынчы» аталган замандын ыргагына шай жууруп өнүктүрүп кеткен Жеңилдик Аралбаева, Нурай Асановалар баш сабында турган сүрөтчү-уздардын бир мууну активдүү узданып жатышкан учур эле. Албетте, алардын көч башында болуп, ошол кыркаарды шаңдап да, шаанисин арттырып да турган көзгө басаар адис сүрөткер — Шакен Мамбетаипова болчу. Биринчи эле чыгармалары ошол 60-жылдардын ичинде эле кыргыздын «Төө жетелеген кызындай» дүйнө көргөзмөлөрүн кыдырып кеткен.

Сүрөтчү демекчи, кыргыз профессионал сүрөт өнөрүнүн башатында турган, кыргыз зилин, дилин торгой таңшыган эсил Чуйковдун керемет полотнолорунун бири – «Таң». Анда жайлоонун мөлтүр таңы, дене ичиркенткен кашка суу, суу кечкен чыт курсак жылаңач бала, жана Жаңы Күнгө колун серепчилей берген аял. Ооба, шаң-салтанаты келишкен, бүт тулкусунан кыргыздын касиети, мээри-куту төгүлгөн аял, эне! Эгерде анын – Чуйковдун – «Кара Мадоннасын» бүткүл үмүткөр Индиянын, «Советтик Кыргызстандын кызын» жаңыга умтулган мүлдө кыргыз кызынын символундай түшүнсөк, ал эми «Таңдагы» эненин образы кыргыз аялынын тазалыгынын, бийиктигинин, сүйүүсүнүн, мээриминин жана энеликтин улуу элесиндей көрүнөт.

Кечээги 70-80-жылдарды мурдагы зор державанын улут саясатына кыйла эле доо кетип, «жаңы совет адамынын тиби» деген ураан алдында саны аз улуттарды орусташтыруу саясаты тымызын, активдүү күч алып турган кездери жеке чыгармачылыгында улуттук өнөрдү сактоо, өстүрүү ишине башын сайып, өнтөлөй киришкен анын жеке борумунда калбаат жүрүш-турушу, коңур мүнөзү, саал бир жагына оой тарап, аркасына түйүлгөн дүйүм чачы, сулууча тору өңү, үстүндөгү жеңил белдемчи, жарашык саймалуу улуттук бешмантынан өйдө башкалардан бөлүнгөн шаң-сөөлөтү башкача эле, ошол мезгил агымына каршы ыргытылган улут жанынын бунт-каяшасындай эле. Мен андан, келечектен, өнө боюнан кут төгүлгөн балпайган кыргыз көөлгү байбичесинин элесин көрөр элем. Кыргыз Чоң Эненин нукуралыгын тааныр элем. Аттиң, ал ошол мен ойлогон курак-жашына, мен элестеткен умай образына жетпей калды. Алтымышка чыкпай арабыздан бөлүндү.

Менин колумда – эженин тандалмалары. Оболдогу максатым – китептин маани-маңызы, кыргыз поэзиясындагы орду, автордун теги-жайы тууралуу дүң ишаараттан окурман журтуна сунуштап коюу эле. Ырасында чыгарма тууралуу, төтөн, поэзия тууралуу ар бир окурмандын өз ою, кабылдоосу болот. Ага сен өз көзкарашыңды чыгарма чыга электе эле маалымдап турушуң – кээ бирлерге өзүңдү кандайдыр таңуулап жаткандай да туюлушу мүмкүн. Анткени, биринчиден дегеле 50-жылдардын аягы, 60-жылдардын башында адабиятка бир мезгилде киришкен аялдардын поэзиясы бири-бирине салыштырмалуу алиге анык баасын ала элек. Системдүү иликтөөгө илине элек. Озунуп-теминип сыйлык алып кетишкендердин ысымы көп учурда өзүнөн соңкулардын жолун бууп, көлөкөлөп-көшөгөлөп туруп алган жайы бар.

Экинчиден, ачык делбесе, айтылбаса да Ш.Мамбетаипова, Ж.Аралбаева сыяктуу аралаш кесипти аркалап кетишкен акын аялдардын поэзиясына кандайдыр өгөйлөө, жалаң адабият (муну таптаза же профессионал адабият деп түшүнүшөт) менен алпурушпаган сырттагы адамдар сыяк мамиле сакталат.

Үчүнчүдөн, жулунуп-бүлүнүп жүрүшүп көзү тирүүүлөр алып-жулуп жатышкан сый-шыбагалардан көзү өтүп кеткендер куру калышат. Ал эми алардын мурасында айтаар, дээр, чындап сыйлаар өзгөчөлүктөр, жетишкендиктер жок эмес, а кээсинде кыйла дагы. Ошонун бири – ушул «тандалмалар». Андыктан арбакты сыйлап, экинчи чети китепти колуна алган орто окурманга анын бу саам кандай сүрөткер менен иши чыкканын кабардар кылып, алгы сөздү саал кеңите айтмакчыбыз.

Бул китептеги бир катар ырлар мурда жарык көргөн. Бирок негизи – жаңы, мурун жарыялана элек ырлар. «Жаңы» дегенди деле биерде шарттуу түрдө түшүнүш керек. Анткени эже арада бир катар жылдар бою ыр жазганды таштап койгон. Уулу Жыргалбек Касаболотов колуна калем кармап чыккандан баштап. Бул да бир өзүнчө кыргызчылык элдик мүнөз. Соңунда бирөө, же инилери, же балдары атанын же эненин изин басып иш кылып чыкса, анын табышын кыраакы аңдышкан улуулар «кой, кичүүдөн жол талашамбы» деп акырын четтеп артына жол ачып коет, астейдил. Бул – эл улуулугунун бир учкуну. Эже да кезинде ошентип калем кармабай койгон. Бирок, кийинче, денсоолуктан азып, оору жанын акырындап кыйнап баштагандан тарта кайрадан эрксиз калемин кармаган. Аппак кагаз менен ак дилинен сырдашып, муңдашып… Айтса, анын жан түйшөлткөн не бир күчтүү чыгармалары дал ошол кездери жазылыптыр.

Адатта, акынды ал кандайдыр күчтүү таасирди баштан кечиргенде тереңинен кайрадан «жарылат» деп коюшат. Чындыгы бар кеп. Акындын кыйла ырлары, төтөн «Жалгыз терек» бөлүмүндөгү ырлары ошондой. Акын биерде өзгөчө кырында терең ачылган. Жана биерде – дарт азабы гана эмес, жалпы эле жеке жазмышы, согуш кезиндеги балалык, соңку оош-кыйыш турмуш, түркүн-түркүн тагдырлар менен бетме-бет кагылыш, табылыш ж.б. ж.б. темалардагы жан толгоосу күч. Мындай ырларын көздөн сыдырып отуруп акын жашоо үчүн жандалбас күрөшүп жаткан кездеринде (сөздүн түптүз денсоолук маанисинде) эле эмес, жалпы эле турмуштагы максаты үчүн, андагы өз ордун табыш үчүн, элге ак кызмат кылыш үчүн, аруу сүйүү үчүн тынымсыз күрөшүп жашап келгенин туябыз. Башкача айтканда, ал ар кыл темадагы ырларында да өз-өзүнчө «жарылып» ачылган. Бул анын өз ырларын «жасабагандыгынын», турмушта дал ошол ой, сезим, үмүт, санаа, сүйүүлөрдө нак жашагандыгынын күбөсү, натыйжасы. Ушул өңүттө бүтүндөй бир бөлүмгө ат берген, атадан балага керээз келген Жалгыз терек тууралуу ыр символдуу.

… Самап келем, алыстан, самап келем,
Сагынычым таркабай карап келем.
Аталардын калтырган эстелиги
Балдары үчүн чоң медер, канат белем.

Мен өлсөм да күн бүтүп жаза тайып,
Сен өсө бер, терегим, бутак жайып.
Экөөбүз тең жок болсок бул дүйнөдө
Аты өчпөйбү атамдын Мамбетайып.
Акындын бүткүл өмүрү мына ушул шам жанган Терек-Символдун, башкача айтканда Жашоонун кадырына жетүү. Өлбөс-өчпөс, түбөлүктүү, миң кыл балбан турмуштун өзөгүнө өтүү. Анын бул аракети – жемиштүү.

Билебиз, 60-жылдардын баш ченинен тарта адамдын космоско суурулуп чыгышы менен жер кишенин тамам кыйратып кеткендей, бизде эле эмес, бир Союз алкагында адабияттын, искусствонун бир салаасы жаңырыктап, жаңылык таап жаткан бир ургаал учур келди. Чын да, жалган да новаторлор саат санап туулду, күн санап күчөп турду. Ошондой бул жаңычылдыктын бир радикал канаты дегеле «элдик», «салттуулук», «демейкилик» деген түшүнүктөрдү жетээр жерине чейин жеригенге да үлгүрдү. Ошол эле учурда өктөм жаңычылдыкка өткөндүн сабагын жууруп, тарыхый, философиялык, эстетикалык планда эптүү кыйыштырып келечекке алып өтүү аракети да ийги жүрдү. Анын жемиши кинодо М.Убукеев менен Т.Океевдин «Тайгак кечүү», «Булар — жылкылар», «Биздин балалыктын асманы» фильмдери, профессионал сүрөт өнөрүндө — Б.Жумабаевдин, Ж.Үмөтовдун эпикалык чыгармалары, эпикалык композициялары, адабиятта – К.Жусуповдун, М.Гапаровдун жаңычылдыгы, улуттук колоритке карк аңгеме, повесттери, О.Султановдун, Ж.Мамытовдун, С.Тургунбаевдин, жайдары ыр, поэмалары болду.

Адабият, искусство айдыңындагы жогорудагыдай күрдөөл өзгөрүштөрдүн күр-шарына анча тартылбай, ошол эле кезде мезгил деминен да артта калбай эзелки традициялуу эле нугунан агылып, бирок тереңинде жаңычыл оргуп жаңырып жаткан жаш поэзия да бар эле ошондо. Анын айкын үлгүсү, ириде, санжыргалуу ырдын сандыгын жаңырткан, саябалуу Турар Кожомбердиевдин поэзиясы эле. Шакен Мамбетаипова да ушул класстагы акындардан болчу (сүрөт өнөрүндөгү иши саал өзгөчөрөөк жолдо, ал тууралуу сөз кийин). Анын поэзиясында улуттук мүнөз, улуттук боек, улуттук картина, улуттук ой жүгүртүү ыңгайы (тип мышления), кыскасы, кыргыз табияты ушунча мөлт тунуп тураар эле, ыр боюнда карк сыяр эле. Ал табият сырттан таңууланбаган, ырдын өзүнүн өзөгүнөн өзөлөнүп тебилип чыккан касиет эле. Андай ырлар жазылыш үчүн автордун тим эле «кыргыз болуп төрөлүп калышы» аз, ар клеткасында агылган миң-миллион жылдардын өз тереңиндеги жаңырган дүбүртүн «дирт!» туюш керек. Кыскасы, «жылаңач кыргыз акын» болуп Табият-Энеден туулуш керек. Бир аз мисалдайын.

Сабаа тууралуу ыр:

Жайдары, күйөөсүнө көзүн кысып,
Жаш келин күрпүлдөтө сабаа бышып,
Жылаажын күлкү кошуп сунган кымыз
Жыргатат, жылкычынын дили кызып.

… Ак гүлдөй назик келин сөзү сылык,
Ал бышкан сабаасынан дүбүрт чыгып,
Жылкычы кыялында айдап барат
Жылкысы түрмөктөлүп таскак уруп.
(«Сабаа»)

Түнкү кыял:

Ай нурун бойго сиңирип,
Ак чөлмөк ойноп жүгүрүп,
Ширелип бассаң шиберден
Жөргөмүш шыр-шыр күбүлүп…
Болбосо, аруу бүткөн бака-шака алайлык кыргыз табиятын алдыңа мындайча тартат:

Аскадай үнү бийик,
Ар сөзү булут чийип,
Үйүндө сүйлөп атса,
Үркүптүр тоодо кийик.
Ушундай бир эпика! Улуу кыргыз чабыт. «Эпика» демекчи, бул да анык кыргыз табияты. Лирикасы эпикалуу ачылат, эпикасы лирикалуу жаңырат.

Кыя жолу сонун моймолжуп,
Кыргыз узу шырдак ойгонсуп,
Кызык жерден жолду салыптыр,
Кыз кулагын көзөп койгонсуп.
Бул, Төө Ашуу тууралуу ырдан жылт мисал. Кыргыз оюм-чийиминин түпкү теги – «Аркар мүйүз» оролмо жол. Табияттын кебелгис зор эпикалуу картинасына секелек назиктин уяң-морт образы ассоциатив лирикалуу кынала түшөт. Куп да, жуп да! Муну кыргыз гана көрөт! Минтип кыргыз гана айтат! Жана бул, тек, сырткы окшош картина, жаки, кынай ачылган образ гана эмес, түбүндө — дүйнөкөрүм, дүйнөтаанымдык касиетке ээ. Айталы, башка кыйла элдердин, анын ичинде дүйнөлүк шедеврлерди жараткан элдердин үлгү дээрлик поэзиясында дүйнө негизинен бир тегизде көрүнөт, жалаңтык ачылат. Ал эми көчмөн дүйнө кабылдоосунда, эсеби, фолькор-ык аталган бөлүмүндө андай жалаңтык маани-мазмун жок. Анын тегизи шырдактын бетиндей – астын-үстүн деңгээл, кабат-катмарлуу, же тереңдел-мейкиндүү. Мында эки дүйнө Сырт менен Ич дамамат илинчек кетет, жанаша ырдалат. Эки Чет — Чек бир жуурулушуп турат. Ортосунан оргуп Чындык чыгат. Унгуюл! Кыргыз дүйнөтаанымы ушул уюлда уюган. Салт-санаасы, адеби, туугандык катышы, аруу буюм-тайымы, оюм-чийими, дагы ушул сыяктуулар. Кыргыз баласы, мейли, өзү ачык билсин-билбесин, мейли, өзү айкын ойлосун-ойлобосун, ал дамамат ушул тереңги Эстин эркинде (Батыш илими муну «бессознательное» деп өзүнө карай туура, бизге натуура түшүнүктө терминдеп салган, бул башка сөз). Тек, ал тереңдиктин бирибизде ачык, бирибизде күңүрт жаңырганы, башка кеп. Ушул ыңгайда эженин дагы бир ырын мисалдай кетсек эп. Ыр «Нарын таңы» деп аталат.

Өмүрлөргө да бир күндү энчилеп,
Өргөөлөрдөн түндүк жабуу серпилет.
Койчу келин күн чыгаарда уктаган
Коңур чачы таңкы желге желпинет.

Күнгө тосуп күндөй жарык кабагын,
Күлөт бөбөк, таштай коюп мамагын.
Шашылгансып күндү көрүп кызыл гүл
Шарт ачылат бажырайтып чанагын.

Күнү бою тыныктырбай сапарын,
Кечке тарткан кой баштоонун азабын,
Кара серке сунган бутун жыя албай
Кепшеп жатат силкилдетип сакалын.
Ыр ушинтип кыргызча гана ачылаар (объект), кыргыз гана тааныыр (субъект) керемет картинадай көз алдыңдан бирден убай-чубай берет, кайталангыс, таасын! Тирүүлүктүн миң бир түрлүү таңкы мээрбан түйшүгү, сулуулугу! Ошонун баарын бирден чубуртуп алган соң, акын соңунда:

Күмүш жүзү күн нуруна чагылып,
Күркүрөсө колот бүтүн жаңырып,
Күн-түнүңө бирдей карап Нарын суу
Күркүрөөдө бир калыпта агылып,
деп ырга нокот коет. Биз бая өзүбүзгө билинип да, билинбей тереңибизде бир уңгуюл чөккөн деген сөзүбүзгө бир жандырмак ушерде. Ыр бир карасаң өтө жөнөкөй, жупуну, демейки деп айтаарлык. Метафора, образ, курч салыштыруу, адаттан тыш ассоциация ж. б. дегендериңден тыш. Бирок мында – Чексиздиктин фонунда чектелген (сыяк) турмуш, Түбөлүктүүлүктүн фонунда утурумдук (сыяк) мазмун бири-бирине куп-жуп айкалышта турат, тунат. Же, тескерисинче, биерде тынымсыз бир түрдөн экинчи түргө агылып жаткан жандуу турмуштун жанындагы бир калыптагы улуу Нарын дайранын өзү тынып, тымып, акпай токтоп калгандай көрүнөт. Мындайга даос даанышманы: мазмунда түрү, түрүндө мазмуну дээр эле. Бая «акындын табияты – кыргыздын табияты» дегенибиз ошо. Тек, тааныш керек аны!..

Кадыресе эле турмуштук көрүнүштөрдөн күтүүсүз жыйынтыктарга, лирикалык маанайдан философиялык чабытка өсүп кеткен мындай мүнөздөгү ырларга «Барскоон», «Чоң эне», «Троллейбус», «Ордендүү эне», «Ысып кеттим», «Сезим ыргагы» сыяк ж. б. ырларды кошууга болот.

Жыйнактагы басым орун алган ырлар – арзуу лирикасы. Бул темадагы ырларында да акын биринчи иретте улуттук акын катары ачылат. Аларда – табияттай таза, элкин, тунук, бирок албууту ичке баткан кыз аярлык, турмуштай токтоо, коңур, бирок өрт деми сыртка тепкен аял сабырлык касиет карк. Бул дагы кыргыз мүнөзү, кыргыз тарбиясы, кыргыз табияты. Кыргыз кыз заты гана ырдай алмак!

… Көңүл от дүрт этип,
Көшөгө бүлк этип,
Эшикке кыз чыгат,
Эргилчек кыйч этип.
… Кыз карап алыска,
Кулагы дабышта.
Кемпирин ойготот,
Чакча издеп абышка.

… Тулпардын туягы,
Жаңыртат кыяны.
Күңкүлдөйт Кумайык,
Дабышты туябы?

Каралап ишине
Кечиксе кичине
Чоектойт селки жан,
Чок түшүп ичине.

Ай нурун чайынып,
Алп кучак жайылып,
Шыбыштар башталат
Ширелүү жалынып.

Карагай – көлөкө,
Көрсөтпөй бөлөккө,
Бакытка малынган
Бал сүйүү, өрөпкөө…
(«Түнкү жайлоо»)

Эскен желдей гана бир шоокумдап ойноп өткөн бул ырга эч нерсе дей албайсың. Эч сөз кошо албайсың. Кыргыз турмушунун түбөлүктүү картинасы, кебелгис колорити! Анын бу жаштык саамын, тек, окуш гана керек – жайлоодогу жаштыгыңдын асманына бир кайрылып барып. Жашаш керек аны, кайрадан! Түн жымжырттыгын бир гана кош аргымактын «күрт-күрт» жал чайнашканы бузган жылкычы шобуртка термеле:

Эки күлүк айкалыша байлашып,
Ээрип жалдан алым сабак аймашып,
Тоо койнунан сергип парча түндөрдү
Таңды тосуп, таң булбулун сайратып…
(«Сен экөөбүз»)

Чыныгы поэзия, дегеле жалганды, жасалмалуулукту көтөрө албасы маалым. Ал эми арзуу ырлары андан бетер. Ал бар, же жок. Арабөктүк жат ага. Кызытылбаган кылыч, жетээр жеринде кыйкыртып жоо чапмакпы да кыл моюнду кесмекпи? Тескерисинче, чыныгы ашыглык чыракка урунган парандадай. Ал сүйүүнүн жыргалын да канаты күйүп, жүрөгү түтөп болгончо ырдайт, азабын да санаты түтүп, тилеги бүтүп соолгончо муңдайт.

Ал, сүйүү – бар! Акын сүйүү ырларында – изги! Анда табышуунун балладасы да, айрылуунун реквиеми да бая айтылган Чет-Чектен жаңырат.

Тиктеп кал, кызыл гүлдөй ачылайын,
Терип кал, бермет болуп чачылайын.
Көрүп кал, бул жашоонун сулуулугун,
Керемет кең дүйнөдөй чачырайын.
(«Кадырын билген болсоң»)

Сен каухарсың, шакегиме буюрбас,
Сен шарапсың, чөйчөк сунсам куюлбас.
Жан дилимде мукам күүсүң керемет,
Жалгыз менден башка жанга туюлбас.
(«Сен»)

Акындын сүйүү ырлары бир кылка, тегиз, чың, деңгээли бийик. Жогорто айтылган эки Чет-Чектен улаан жаңырат да утур зыргышат, Орто беттеп! «Орто» дегеним, бул да кыргыз табияты. Кыргыз сабырынан, кыргыз салмагынан танбай-жанбай ташталган саптар. Коңур. Турмуш сабагына карк. Акын арзуусун кай бирде каймана, ишаара кылып, билмексен, алдыртан, ал тургай көз көргөндүн баарына чачыла бергендей кайдыгер предметтүү жылдырып коет, бирок жанарын ичке жагып!

Эсеби, «Сезим ыргагы» деген ырын ал. Мында – Сезимдин жайлоосунан кыялый гүлдөр терген кыргыздын бир селки абалы. Бул толукшуган нур жайлоодо: көпөлөккө өбүлгөн көркөмү башка гүл, саратан сайран, капыстан Күн менен кучакташып аска учуна илине берген булут, эндиксиз албырган түркүн жайык, кайдандыр күрсүлдөгөн дөбөт үнүнө элейе калган ээндик, ак элечекчен тоолор, кыскасы баары, баары бар. Улуу Жымжырттыктын боюнда ушунча таасын тартылган улангайыр дүйнө туру. Ошонун баарын көз алдыга элестүү, предметтүү тарта келип ыр соңун автор мындайча бүтүрөт.

Шоокумдуу кулун үнү кишенеген
Шыңгырап музыканын изи менен
Баратат, наркы тоонун кыясында
Боз бээчен сапар тарткан киши менен.

Сөөлөттүү көркөмүнө канат болуп
Сулуулук, музыка экөө эгиз белем.
Аба тынч, чөптүн башы үлп этпеген,
Айлана көшүлүүдөн бүлк этпеген.

… Чоп этип сен бетимден өпкөн кезде
Чочуйм да мен өзүмө анан келем.
Баятан бакыт берген бал сезимдин
Баса дейм! Себепчиси өзүң белем!
Кандай күтүүсүз жыйынтык! Билги коюлган нокот. Жетээр жерине жете иштелген лирикалык дүйнө-образ. Көрсө баятан бери көз алдыбыздан жылжып аккан жылаажын дүйнөнүн соңунан нурландырган-сырландырган сыйкыр ээси бир гана Сен экенсиң, Жарыгым! Сен! Жан-Жаратылышка дем бүткөн, тамырына кан таралган, Сен, ашыгым! Биз бая «Нарын таңы» ырын мисалдаганда улуулуктун фонундагы утурумдук, жаки, утурумдуктун өзү аягы-башы ийрилип улуулукка куярын учкай айткан элек. Биерде да ошондогу абал. Мындай ырлар акын каламына мүнөздүү. Ырды жумгактап, бүткүл ички маңызынан чыга жыйып жыйынтыктоонун, аны жаңы деңгээлге аргытып алып чыгуунун  жайын жакшы билет автор. Арийне, ар кандай эле ыр жыйынтык зарылдабайт, тескерисинче, «жыйынтыксыз» жыйылбай калган, чылк манасталып агылып тураар да ыр табияты болот. Акылдын да, сезимдин ченелип кылдат карманган акындын мамилеси мындайда, ар бир учурга өзгөчөлүү.

Арзуу темасындагы ырларга баабызды аяктап жатып, бая-бая жаштыктагы жанга ынак байлоолошкон кошаргымак эми бүлбүл закымга айлана баштагандай бир ырга саал тына өткүбүз бар.

Жашыл жайлоо. Күз келиши күтүлбөйт.
Жалама зоо. Шаркыратма күпүлдөйт.
Эки күлүк айкалыша жал кашып,
Эмнегедир сенден үмүт үзүлбөйт.

Өмүр өттү. Калды жарты-жарымы.
Өң өзгөрүп, гүлүн күбүп карыды.
Өзүң гана тутандырган бир кезде,
Өчөөр эмес жүрөгүмдүн жалыны.

Ал – махабат кыйгач басып өтпөгөн,
Алоолонтуп сезимимди өрттөгөн.
Кызыл жалын – Күнгө өптүргөн кызыл гүл,
Кыялымдан өмүр бою өчпөгөн.
(«Элес»)

Бул, сүйүүгө ыргакталган баллада, мактал! Жылкы жыт, кыргызчыл, кыргыздын сүйүүгө түбөлүктүү мамилеси ушунда бир аяр ачылган, өмүр өрлөп барган кездеги басмырт, коңур, а бирок жанары ичте буккан, кудум кызыл гүлдүн толтосунда орноп калган тегерек Күндөй! Бул акындын бир кез баштан кечирген бактылуу да, кейиштүү да сүйүүсүнө керт мамилеси аныкталган апофеоз! Ак саамай акын аялдын…

Китептеги бир катар мыкты ырлар «Адам сыры», «Табият табышмагы» жана айрыкча «Жалгыз терек» бөлүмдөрүндө жыш. Буларда автордун жеке тагдыры, турмуштук философиясы, өмүр, өлүм, ден соолук, адалдык, адамдык, керт пенделик жана элдик, күнүмдүк жана түбөлүктүүлүк маселелери тике коюлган, түз жооп айтылган, жашырбай ачык ырдалган. Алыкулдун: «Турмушта миң мертебе калп айтсам да, ырыма бир мертебе калп айта албайм» деген ыйманы Шакен эженин да акындык жазмышына тиешелүү. Шакен эженин бул багыттагы ырларын сыдыра отуруп, секелектен турмуш сабагы ээктен сүйөп жетилдирген, соңунда акыл-сабырга тунган эне-адамдын салмактуу образын көрөсүң.

Ар кимдин иши эл менен,
Алсырайт ага көнбөгөн.
Өзү эле элге ширелет,
Өсүүчү адам дембе-дем.
Бул ыр жөнөкөй, ал турсун ылгый жөпжөнөкөй дээрлик! Бирок мында турмуштун көзү жатат. Бул чындык эл тагдырына кенедей кезинен эриштелген эжеге ошол ысык-суук турмуштун как өзүнөн келген, автобиографиялуу! «Автобиографиялуу» демекчи, дагы бир ыр:

Эл ишенсе – ишеничин актадым.
Эл сыйласа көтөрүлүп баспадым.
Жөнөкөйлүк мээримимден адашпай,
Жорголорчо жүрүшүмдөн жазбадым.

Көрө албастар сүйлөй берди билгенин.
Каяша айтып жаман жолго кирбедим.
Ичим күйүп тилим менен тилдебей,
Илгери өсүп, ишим менен тилдедим.
Эжени жакындан билген адамдар бул ырдан анын ички автопортретин жазбай тааныйт.

Адам бирөөгө акыл айтаардан мурун өзү жетилиши керек. Орустун бир ойчулунун: «Мои мысли созрели. А я сам?» деп терең ойго түрткөн суроолуу сөзү бар. Адамдын акыл-ою, ар кандай идеясы жетилиши мүмкүн. А бирок ошонун баарын эле ал өзү күндөлүк тирлигинде тутунуп, жетекчиликке алып жашайбы? Бул – чоң суроо. Адам качан гана аны өзү тутунуп жашап калганында ошондо сөзүнө чындап салмак бүтөт, күчү артылып, кут уюйт. Анткени сөз – бул саам эми мурдагыдай эс, сезим, баштан, мейли жүрөк кошулсун, жаркылдап-жаңшап айтыла бербейт. Турмуштун сабагы менен байыган болот, ал демек, акылга-сабырга тунган. Бул сөз – таасирдүү, куттуу. Мындайда акындын тилинде эми нак турмуш сүйлөйт, көкүрөк көйүндө турмуш өзү күүлөйт. Бул сөз – Шакен эженин акындык тагдырына түз тиешелүү. Анын жашоо, турмуш, өмүр, өлүм өңүтүндөгү чыгармалары — ички, жекече, терең ой толгоолордун жемиши. Элдин тагдырына, мезгилдин демине, турмуштун өзөгүнө өскөн, турмуштай басмырт, жөнөкөй, бирок балбан, терең.

Сүйгөнүң сыр түйүнүн билип турса,
Сөзүнөн кыр чыгарбай күлүп турса,
Айттырбай акылыңда болгон ойду
Алдыртан көңүлүнө түйүп турса.

Үйүнө эң сүйүктүү досуң консо,
Берүүгө аш-тамагың белен болсо,
Тирүүдө андан артык жыргал барбы,
Түйүндүү сырды чечип көңүл толсо?

Күн кечке күлө багып ишиңди иштеп,
Киргилсиз ак сүйүүнүн жытын искеп,
Жүрөгүң жүрүп турса ден соолукта
Жүрбөгүн андан артык бакыт издеп.
Бир сабын, бир сөзүн да кыскартып берүү мүмкүн эмес бул ырда байыркы да, дайымкы да бакыт кандай жөнөкөй, кандай таасын ырдалган! Эч кандай шаң-салтанатсыз, бийик патетикасыз. Мындай ырлар жашоонун өзүнөн келет. Адам туна баштаганда. Төгүлгөн акын Жеңижок бир кезде ушул түбөлүктүү бакытты мындайча кыйкырып эргип койгону эскел кылт жаңырат:

Кырктан өтүп барганың –
Аталап турса балдарың,
Кашыңда турса алганың –
Кудай алсын калганын!
Айтса, «калганында» да өзүнчө маани бар. Тагыраак айтканда «кала турган» эч нерсе жок. Баары – дүйнөнүн ичинде, калктын кашында, элдин элегинде. Мезгилдин жүгү, каалайбы, каалабайбы, ар бир муунга, ар бир адамга өзүнчө артылган, тек, аны ийниңде сезип-сезбегениң башка кеп. Ушул жүктү ким сезди, ким сезбеди, ким тартты да ким тартпады – адамдын адамдыгы, жакшы-жаманы мына ушул «калганында» ылганат, сындалат. Чын жакшылар: «жакшы атка ээ болсом экен деп жакшы жакты ээрчий берет тырмалап», ал эми эссиз ургандар «эмне кылсын, эл ичинде жүрүшөт, эптеп-септеп, калп-салп айтып бурмалап» (Ш.М).

БИРОК КАЛК КӨЗҮ — КЫРААКЫ, ЭЛ ЭСИ –СЫНААКЫ

Тагдырлар өйдө-төмөн,
Себеби сезилбеген
Тулпар бар өмүр бою
Тушоосу чечилбеген.

Жашоого коюп талап,
Учсам деп көктү карап,
Жаралган арман үчүн,
Бүркүт бар сынык канат.
—————————

А бирок калыс көздөр
Көргөнүн айта берип,
Тулпарды тулпар дешет,
Турса да чидер керип.

Бүжүрөп сынык канат,
Бүктөлбөй катып, сенип,
Жатса да шумкар дешет,
Сөздөрү көктү челип.
Алтымышынчы жылдардын башында адабиятка топ кирген аялдар поэзиясында да «Шакен Мамбетаипова» деген ысымдын өз деңгээлинде таанылмагы, өз ордун калыс алмагы бар.

Биз бая Алыкулдун «Ырыма бир мертебе калп айта албайм» деген кредо сабын Шакен эженин да акындык табиятына, турмуштук философиясына тээк кармадык эле. Алыкулдун тагдырындагы дагы бир жагдай эженин да тагдырында оошуп кайталанган жайын эстемекпиз. Ал – ден соолук. Ырас, оору кишини «сен акынсың», «сен жай адамсың» деп бөлбөйт. Жан сыздаткан дарт жашка да, карыга да бирдей, акынды да, акын эмести да бирдей аздырган. Тек, жай адамдан акындын айырмасы – ал жан азабын да ырга салып ийгенинде, акындык тагдырында да бир «жарылганында». Анан да, албетте, жазылган тагдырын ким кандай кабылдаганында, көнгөнүндө, көтөргөнүндө. Ушул жагынан ал сабырдуу Алыкулду эске салат.

… Жылы, айы эсимде жок, бир курдай Совет-Киев көчө кесилишиндеги аялдамада турсам жакын эле жерден басыңкы, анан муңайым үн чыкты:

– Чоюн, сен мени тааныбай турасыңбы?

Бурула берип мындай эле жерден эжени көрдүм. Капырай, чын эле катуу өзгөрүлүптүр. Баягы келберсиген кебетеси жок, кичирейиптир. Кызыл нурлуу өңү өчкөн, керсары, көздөрүнүн оту кайткан, кубатсыз. Тааныбай калгыдай эле болупмун. Капыс ыңгайсыздана түштүм.

— Оору ушинтип койбодубу, имне кылам? – деди ал дагы аста, муңайым, тааныбай калган мен эмес, таанылбай калган өзү, дарт күнөөлүүдөй. Аркы-теркини ооз учунан сүйлөшкөн болуп турдук, ыңгайсыз. Анан күткөн машинелерибиз келгенде эки бөлүндүк. Ичим бир эңшерилди. Баягы мен келечектен элестетип жүргөн бакубат, балпайган, боюнан мээрим кут төгүлгөн, келберсиген турумунда азыраак кыргыз кербези бар сан-сөөлөттүү байбиченин элеси көз алдымда закымдай жайылды, тарады, эриди, көңүлүм бир азды…

Суудан сузуп, тоодон издеп томсоруп,
Сурап келем изиңди кууп, ден соолук.
Кул болоюн таазим кылып, табылсаң,
Кайра келчи өмүрүмө жаз болуп.

Унутпасмын анда ыйык атыңды,
Ушул күндө сага төккөн жашымды.
Калаар эсте жакшылыгың туу болуп,
Кара турпак жашырганча башымды.

Эгер келсең эмгегимди элейин,
Эл ишине алп күчүмдү берейин.
Тынымы жок таш көтөрүп турсам да
Талыктым да, чаалыктым да дебейин.
(«Ден соолукка»)

Бул ырлар ошондогу жан күйүтү экен, көрсө…

Бул багыттагы ырларында адам соолугунун морттугуна, өмүрдүн кыска ченемине терең, терең өкүт чөккөн. Бирок чырмаган оору, дарт канчалык жанын жегени менен да андагы ырларынын соңунан, тээ тереңинен кандайдыр шоолаланган жарык нур да жылжыган. Бул, турмуштун түбөлүктүү балбандыгына, тунуктугуна, сулуулугуна, түпсүздүгүнө таң. Ушул бир келген өмүрдө артыңа аздыр-көптүр калтырып жаткан изиңе, ишиңе канымет. Ушул ой, сезим аны ичтен нурландырып жибергенсийт. Пенделик алсыздыгын жашырат, жеңет, суук көздөн кадырын сактайт, токтоо топукка келет. Нетесиң, антпеске башка айлаң да, аргаң да болбогон соң — көрөсүң, көнөсүң. Тутаарың – бир гана сабыр, сабыр, сабыр. Акындын ошол соңку мезгилдеги ырларында көрүнбөс ички арман да, көрүнгөн сырткы дарман да ырмал-чырмал, биринен улам бири озгун. Түтпөс көңүлдүн миң далбасы…

Күрөш туусун колуңа алып кээ бирде
Туу чокуга сайдым, мына дээриңде,
Туура жактан ойго келбес да бир күч
Тосо берип кагып өтөт ээгиңе.

Ал кайгынын түпкүрүнө чөгөөрдө,
Күйүтүңдөн күн мурунтан өлөөрдө,
Талант гана так көтөрүп бийикке
Тартып кетет өлбөй турган өнөргө.

Дүйнө чиркин, түгөт экен оңбогон,
Дүйнө бөксө, жыртык экен толбогон.
Бул жашоого келип кеткен адамдын
Бир да бирөө бир армансыз болбогон.
(«Дүйнө»)

Ооба, бүтпөс жашоодон биротоло өтөөр түтпөс көңүлдүн миң далбасы, түгөт дүйнөнүн бир урчугуна тырмак канаткан жан аргасы… Өмүр – учкул, дүйнө — жалгыз, ченем – тутам, өлүм –ак. А демек, ырдаарың – бир гана Өмүр, Өмүр, Өмүр… Өмүрдөн башка эмне ыр болмок!?.

Жашоо-тагдыр, кыска белең бир учук?
Жазгым келип түрмөктөлгөн келебиң,
Жаңы гана жол тапканда, курутуп,
Жартысынан ашпай койду ченемиң.
(«Арман»)

Өмүр чиркин, кыска бир укум,
Өтөөр жолуң мынча тез белем.
Кечээки эле алтын курагың
Алмашылып бүгүн жез менен.

Тамылжыган жүзү жаштыктын
Таажысынан бирден күбүлүп,
Желден мурун учуп жоголгон
Желбирөөчүн издейт үңүлүп.
(«Өмүр»)

Ушинтип акын дили дүйнөнүн табышмагын издейт. Кечээ эле кебелгис көрүнгөн алп дүйнө, анын түбөлүктүү ээси өндөнгөн чексиз өмүр, эми, бир карасаң, желден да мурун желп кеткен бир желбирөөч гана сыяк белем! Акындын дүйнө, өмүр, жашоо, турмуш жайындагы ырлары – анын ичтен «жарылуусу». Көрүп, окуп, билип жүрөбүз – эчен бир акындар бир орто тагдырдын ичинде камалып кетет, бир теринин ичинде калып кетет. Б. а. чыгармачылыгын эмнеден баштаса, этегинде де айланып келип жалпы ошол алкакта кала берет. Арийне, турмуш агымына, мезгил жаңылыгына улай өз өлчөлүү жаңылыгы-жаңырыгы деле болот, болбой койбойт. Жакшыраак ырларын деле жазат. Бирок жалпы алганда сапаттык жагынан жарыла албай башкы нугунун өлчөмүндө чектелет.

Тескерисинче кээ бир акындар өзүн жаңылап келет, «жарылып» жазат, т.а. ал сырт менен итжыгылыш курчуйт, дарт кырчыйт, сүйүү өөрчүтөт, күрөш телчитет, кыскасы, турмуш «жарат». Бирөө жанарын сыртка чачып ачык жарылат, бирөө жарыгын ичке жагып, жабык аңырат. Ошентип акын Тагдырга ээ болот. Ошондо кечээ эле анча көзгө илинбеген ортозаар сыяк сезилген кээ бир акын деле элге деген-эткенинде өзүнүн бир ууч окурманын табат. Мезгилде калат. Анткени ал чыныгы тагдырдын ээси, ал эми ырларында тагдырдын тамгасы басылган. Демек, акын сөзү соңкуларга эскирбейт. Тагдыр менен тагдыр тарыхта үналышат. Калкка тарыхташ-тагдырлаш Шакен Мамбетаипова да ошондой ичтен тынымсыз жаңырган, соңунда сыгылып-сызылып «жарылган» акын. Кыз салтында, кыргыз калкында, ыйбаалуу, коңур, басмырт, шыңгыр, аял мүнөз! Ошон үчүн анын ырлары керт тагдырлык да мүнөзгө ээ, жеке жаңырыктуу, ошол эле учурда улуттун дүйнөсүнө киндиктешкен – ичи дагы (рухий), сырты дагы (тарыхый). Ырас, эгер ал ортожаш өмүрүн жалаң адабиятка бир тарап арнап кеткен болсо, анын адабий тагдыры балким саал башкачараак түшмөктүр. Эми аны болжоп болбойт. Айтыш да жарабайт. Анткени биз акын Шакенди эле эмес, кыргыздын узчулук өнөрүн заманга шайкеш жаңы даражага жеткирген сүрөткер Шакенди да билебиз. Ал эми кыргыз узчулугунун табияты дал ошол ыйбаалуу, коңур, басмырт, нарк көтөрүмдүү, шыңгыр, лироэпикалуу жикте уюган. Демек, уз-сүрөткер Шакен Мамбетаипованын акындык-тагдырынын ачылышы, негизинен, биз нускаган нукта гана жүрмөгү мыйзамченем эле. Ал башкача боло алмак эмес!

Шакен эженин адабий чыгармачылыгы тууралуу жалпы баамга ушул жерден чекит коюуга болор эле. Бирок нускалып кеткендей аны чыгармачыл портрети муну менен толук болбой калат. Анан калса анын экинчи – сүрөтчүлүк, узчулук өнөрү да такыр эле башка (материалдуу) тегизде жатпайт. Ал терең дүйнөтаанымдык мааниге ээ. Эсеби, кыргыз боз үйүнүн балким бир гана пайызы материалдуу учурга ээ (жыгач, кийиз, жип-шуу), ал эми калган токсон тогуз пайызы – чылк руханий маңыз, философияга карк. Шакен эженин да узчулугу акындыгына эм, акындыгы узчулугуна дем! Демек, сөз этегин анын сүрөткерлик, уздук тагдырында учкай жыйсак болот. Акыйкатта, анын бул өнөрү өзүнчө сөзгө арзыйт. Бирок биз биерде жана айтылгандай анын адамдык-акындык табиятын даңазалап өтүү максатында гана ага азыраак ыктайбыз.

Сөзүбүздүн башында Шакен эженин сүрөткердик өнөрү тээ 60-жылдардын башында эле байсалдуу арыш салганын айткан элек. Адабият, искусствонун ар салаасы жаңылыкка карк толгон ошол демдүү жылдары эженин сүрөткердик өнөрү да, тагдыр экен, мурдагылардыкынан кыйла жаңыча нукка түшүп, өзгөчөрөөк өнүгүүгө өттү. Бул жагынан ал биринчи пионерлерден эле. «Өзгөчө», «пионер» болгону — ал жылдары кыргыз узчулугу, жалпы эле жасалга-колдонмо өнөрү баштагы миң-миңдеген жылдар бою калыптанган салттуу жолунда эле жашап жаткан болучу. (Ырас, улуттук өнөргө мамлекет деңгээлинде мамиле жасалбай тозуп баратканы – башка маселе). Анан өнөрдүн бар салаасын алкагына алган жаңычыл алтымышынчы жылдардын духу дээринен сүрөткер, чыгармачыл Шакенди да өз күүсүнө алды. Ал салттуу узчулук өнөргө сүртүп, өзүнүн тамтуң алгачкы, жаңыча чыйырын салды. Бул чыйырдын маңызы мында эле: кыргыздын салттуу өнөрүндө оюм-чийимдерге аралаштырып конкрет сүрөт салуу мүнөздүү эмес. Анткени оюм-чийимдин өзү, түбүндө сүрөттөрдөн (петроглифтерден) калпынып отуруп, керемет скиф стиль баскычын басып, айрым символдорго өсө барып, соңунда бүкүлү, уюл, тереңге өткөн, улуу керемет дүйнөгө айланган. Тек, саймачылык өнөрдүн саал өзгөчөрөөк табиятынан улам гана сүйүү жүзаарчысына «жүрөк», «көгүчкөн», же туштук, туш кийиздерге кай бир учурлары «кайберен» учкай тепчиле кеткени болбосо, негизинен кыргыз оюм-чийими «евро-орусчул» конкрет-так сүрөт көчүргөндөн сырт. А тургай саймага көчүрүлгөн ошол сүрөттөрдүн өзү деле белгилүү даражада стилдештирилген көчөт мүнөзгө ээ. Демек, оюм дүйнөсүнө нак-так сүрөт сүртүү, негизи, салттык өнөргө кайчы келет, бул аны «аралаш төкмөгө» айланткандай эле кеп. Бирок 60-жылдары оюм табиятынын бул тереңи бул философиясы калк үчүн али туюк, белгисиз эле (айтса, эми деле мунун мынча тереңин элеген эл жокко эсе, андыктан соңку кездери рынок шарданында чалгайлардын бул багыттагы «өзүм билемдиги» оо, көбөйгөн!).

Бирок бул «белгисиздик» белгилүү болушу үчүн, «туюк» жол ачылышы үчүн ал басылышы керек – кимдир бирөөлөр тарабынан. Процесс өтүлүшү керек, кимдир-бирөөлөрдүн «пионер» тагдыры менен. Ал – улуттун өзүн өзү аңдоо процессинин бир баскычы болуп калууга тийиш. Ошол үлүш, озуйпа, тагдыры экен, «алтымышынчыл» Шакен эжелердин муунуна туура келди. Кайрыет, озуйпалары олжолуу болду. «Муун» дегенде мен биерде биринчи иретте маркум уз Жеңилдик Аралбаева менен (бул да акын эле) Нурай Асанова эжелерди (бул да өзүнчө сүрөтчү эле) кошо эстеп жатам. Бул элдик, нукура элчил сүрөткерлердин колунан бүткөн ошол ар кандай «жаңычыл» композициялардын өзү да кантсе да калктын салттуу өнөрүнүн өнө боюнан жатыркабай, бөлүнбөй, ага жамаачы жамалбай, эптүү стилдештирүү, кептүү кыноо чебер өңдөштүрүү, тегиздиктин тереңинде ачуу (шырдак философиясы) жолунда Мезгил менен теңжарыш кетти, калышпай! Буга аттары аталган уздардын атамекендик да, чет элдик да кыйла-кыйла көргөзмөлөрдү басып, сыйлыктарын алып кайткандары күбө. Алардын ичинен Шакен эженин композицияларына айрыкча орун таандык. Ушинтип, «улуттун өзүн кайталап таанышынын» бир тепкичи – сүрөткерлик туюму тунук, ыйманы ыйбаалуу, дили наарлуу, бармагы мөөрлүү, кыргыз табияттуу аял тагдырлары аркылуу өттү. Канымет! Соң тепкичтери келечектен келмек, күтүлмөк, дале күтүлүүдө.

Өйдөтө эженин уздук багыттагы сүрөтчүлүк иштери эчен чет өлкөлөрдүн көрүүчүлөрүн багынтып кайтты дедик. Эсеби, 60-70-жылдары ар кыл туштук-композициялары социалисттик Болгария, Польша, Германиядагы көргөзмөлөрдө коюлду. Мен билгенден эженин эң соңку четке барып келгени Жапан өлкөсү болду. Кайткандан кийин кыргыз ырасмысын кылып үйүнөн даам сыздырды. Ошондо эженин уздук-сүрөткердик туюмунда кандайдыр мурда жок жаңы ишарат чукуранып калгандай сезилди мага. Жапан өнүгүшүн, маданиятын жетине албай айтып отурду. Жадегенде, басып жете электе эле өзү ачылып кете берген айнек эшиктери, ордуңдан бир козголбой, жаткан жериңден эле сыналгы кулактарын которо бере турган пульттары (эми булар бизде деле өрүп кетти го, жөпжөнөкөй) жайында жаш балача тамшанып, суктанып, эргип-эргип айтып жаткандары, анын — элүү ашкан аялдын – жан дүйнөсүндө канчалык бала баеолук, суктанткан султан жашчылык жашап жаткандыгынан айтылган кабардай эле. Сүрөткерге тан! Ал эми өзүнө өөк-боорлош өнөр жөнүндө кеп кеткенде, анын «элдик», «салттуулук» деген көндүм түшүнүктөргө мамилеси өзгөрүп, тереңдеп, байый баштаганын туйдум. Биз элдик өнөргө мамилени ушу жапандардан үйрөнүшүбүз зарыл экен деген кыязды айтып отурду. Ал эми жапон өнөрү – мейли чай үлпөтү, мейли сырлуу бакчасы, мейли самурай жаалы, мейли дзен поэзиясы, мейли салттуу графикасы, мейли каллиграфиясы, зор символго карк-канык экенин билебиз. Бүткүл ичи-тышы тегиз манасталган бизде да нак ушунун өзү! Улут философиясынын уюл биримдиги! Дээри акын эженин ошондогу дегендеринен, кыргыз узчулугун, жасалга-колдонмо өнөрүн бүгүнкү заман бийигинен аңдалган чыныгы табигый даражасына, нукура жаңылык-жаңырыгына алып чыгууну аңсаган бир эрк-демдин ишаратын эми-эми эстей, эстей отуруп, ачыктагандаймын… Эже өзү ага жетпей калды.

Булар эми Шакен эженин сүрөткер катары керт чыгармачылыгына тиешелүү жагдайлар дейли. Эженин эми, мынча болду, элге өткөн экинчи бир асыл эмгегин айтпаска эч болбос. Ал элдик чеберлердин «Кыял» бирикмесин уюштурушкан, анда иштеген жылдары. Көөнөрүп бараткан көңкү өнөрдү жандантып, уздун учугун сүзүлтпөй-үзүлтпөй, устанын балкасын түшүрбөй, улама алып кетиште дал ушул эженин эмгеги айрыкча бараандуу, караандуу!

Бир эле Акматалиевдин бүтүндөй бир институт иштээр ишти жалгыз карабашы аткарып салганы эмнеге тең! Аал, Амантур аганы алгач «Кыял» бирикмесине алып барган, атайын «өнөр таануучу» ордун ачтырып орноштургандардын бир да ушул эже эле. Амантур агага элдик өнөрдүн эшигин кең ачып, анын түмөн түрлүү ички сырына маштап, чырга сүйрөтүп үндөк салгандын бири да ушул эже эле (Акматалиев ага дейре жалаң айыл темасындагы очерктерди жазуу менен алектенчү). «Туура, Шакен менин быяктагы биринчи устатым» деп башын чулгуп коер эле кийин том-том китептери жазылган кезде да. Экөө бирдей эл кезип, командировкалап – айрыкча мурда анча иликтенбей калган алыскы райондорду – көңүлдөн чыгып бараткан көчөт үлгүлөрдү изилдеп, унутулуп бараткан сырын чечип, сейректеген чеберлердин башын жыйып, жаш чыгып келаткандарын аларга ыктатып жүрүшкөн машакаттуу-сыймыктуу кездеринин чет-чеберине мен өзүм да күбө өтүп калдым. Ошонун олжосу – Акматалиевдин айтылган том-том китептери болду, эженин эми эл эсинде, көп көзүндө анча жок, а бирок кесиптештери жакшы билген, жанданган элдик өнөрдүн далдасында жашынып жаткан жанар тоо эмгеги болду. Анан да эл ичинде жүргөндө эрмелеп-термелеп таба келген эки ооз ыр сабы… Калк турмушуна канык!

Менде бар үзөңгүлөш эки кесип,
Мен үчүн ырахаттуу ырыс-кешик.
Утур бирин бапестейм тынымы жок,
Уул чоңойткон энедей эгиз бешик.

Өмүр тилейм аларга ойлор кезип,
Өмөчөктөп уктабай белим чечип.
«Тынымы жок кургур» дейт кээ бирөөлөр,
Түйшүк тартып жүдөгөн түрүм сезип…
(«Эгиз кесип»)

Ошол «тынымы жок кургур» түбөлүк тынч алаар күнүнө агып бараткан…

Элдик өнөр сөздүн дөөсү, бирок көзү тирүүсүндө анча баркталбай калган жөөсү Амантур Акматалиевдин 60 жылдык мааракеси өтүп калды. Ошондо кыйладан бери көрүнө элек Шакен эжени көпчүлүк көрдү. Катуу ооруп жатканына карабай, келиптир. Сөз анча уларып кызый электе эле баш жагында кезек алды. Уулу Жыргалбек колтугунан сүйөп алган. Кайран киши, баягы илгерки калыбынан жазбай, сөөлөтүнөн жанбай, боюн түз кармап, жеңил, саймалуу, жарашыктуу кыргыз бешмантын далысына жаба салынган чачылуу ак бөртмө жоолугу төгүлө жаап, көлбөөрүп трибунага чыкты, жай. Зал дым турду. Көп сүйлөй алган жок. Тили да баштагыдай эмес, саал чалып калган. Юбилярга ийгилик каалап, ак калпак кийгизип, ак кементай жаап, белегин тапшырды. Уулу жан колтугунан жылган жок. Ошондогу эженин бийиктиги ай, тунуктугу ай, сан-салтанаты ай! Дагы айтам, сан-салтанат сөөлөтү ай, дартка, тагдырга (дагы эмнеге?) басынгысы, багынгысы келбеген шаңы ай, баягы кыргыз кербези бар, баягы Чуйков «Таңындагы» Эне-Аялдын төгүлгөн жылдызы бар; ичтен ийиккени ай – элге, залга, жашоого… Көрсө эже, ошондо, «бир буудайды тең бөлгөн, урмат кылып сыйлашып, уялаштар өңдөнгөн» (Ш.М.) маараке ээсине эле эмес, маараке аркылуу өзү билген, тааныган, ысык жүргөн санаалаш эл менен да жолугушканы… жок, соңку ирет көрүшкөнү, коштошкону келген экен. Сүйлөп болуп, баягысында боюн түз кармап жай түштү да булуттай каалгып чыгып кетти.

Көп узабады. Көз жумганын уктук. Менин элесимде жашоого ушунчалык кумар-дилгир, көкүрөгү тунук, көлбөөрүгөн, эрктүү, сабырлуу, баатыр аял калды. Кыргыздын нарктуу, нукура байбичелеринин бири – Шакен…

Кубат берип көңүлгө,
Күн, дарысың өмүргө.
Кантип сени калтырып
Кетээр экем өлүмгө!?.
Акындын ушул саптарын окуп жатып, анын мендеги акыркы багынгыс элеси жадымда да бир жаңырды.

Акын, уз эженин тандалма китеби жайындагы кепти жыйып жатып эмнени айтууга болоор эле?

… Эшикте күз. 2006-жылдын күзү. XXI кылым. Бизге горизонттун тээтиги эле артында көрүнбөс жашынгандай сезилип келген бул кылымдын да башын жашап баштадык. Бу да эми көнүмүшкө айланды. Эженин көзү өткөндөн берки эле учурду алганда көп нерсе өзгөрдү. Билинбей-билинбей отуруп Элге, Жерге, Атамекенге сүйүү, боордоштук, бир туугандык, кайрым, «жалпынын ишинен жан айлансын» сыяк кечээги эң бир ыйык жалын сезим түшүнүктөр кери чегинди… Онунчу, жүзүнчү катарга сүрүлдү. Ордуна «эң жаңы» аталган өзгө дөөлөттөр (бул ырас эле дөөлөтпү?) шып суурулду, ныгырып кирди. Баарыдан кызыгы: мына ушул жеке басар «демократия» гана туурадай, мына ушундай гана болууга тийиштей жашоо-турмуштун чыныгы түбөлүк мыйзамы бир гана ушул сыяктанып, а биз буга дейре бир болбогон «теңчиликти» («уравниловка» атап) туу туткан, даңазалаган жалган иллюзиялар менен гана жашап келгенсип, өткөн жашообуздун маңызын өзүбүз кунсуздадык. Өзүбүзгө өзүбүз баш чайкап күлүп, өз тарыхыбызды өзүбүз көрүүнө чийдик. Бирар жылдардын арасында, бир түлөгөн тери ичинде кечээгибизди бүгүн батыл «турмушка жараксыз, жарамсыз»  санап, эртеңкиге таяныч караштырып, эми бир «алтын түркүк» балдактарды өкүрөң-төкүрөң издейбиз. Батыштан-Чыгыштан, жөөттөн-жапандан… Биз – тирүүлөр, бүгүн улуттук башкы идеологиябызды таппай, коомдук, эстетикалык идеяларыбыз түбүнөн өзгөрүп, кечээги дөөлөттөрүбүз бүгүн көз көрүүнө жарабай таштандыга ыргытылып атса, анда кечээги көзү өткөндөр кантет? Алардын мурасы не болот? Не бир шыңгыр мээлер социализм асылдыгын түбүн түрө, жөө жүрө үйрөнүп (кыргыз Пешковдор), мүлдө өмүрүн курман чалып өтүштү эле го, «Нур заманды» гимндеп? Эми ошонун баары жалган чыгабы, иллюзия ирээтинде гана жөө тумандай таралабы?

Бул, чакан Шакендин чыгармачылыгынан эле улам чыккан кеп эмес, эсеби, тоодой Токомбаев да (бүт саясы лирикасы менен кошо!) кантет деген олуттуу, комуттуу суроо! Тоо Токомбаевди кое туралы, чакан Шакендердин чыгармачылыгына келсек да, алардын чыныгыларына карата: «Жок, эскирбес!» деген ишенимдүү жооп айтылат.

Анткени, биринчиден, алиги олут мааниге ээ «коомдук идеал» дегенибиз али өзү тактала элек. Биз эми «түбөлүк чындык ушул» деп Батыштан бир алып, Чыгыштан бир чалып жаткан идеал-идеологияларыбыз өзү чалгай, «турмушка ыкчыл» деген эң жаңы прагматик философияларыбыз али чын-бышыгы күмөн. Ал тургай кыйласы кыңыр-кыйшык! Коомдук идеал деген, эстетикалык чен-өлчөм деген айланып келип жаттан эмес, өздөн табылат, өзөктөн жаңырат. Миң-миңдеген жылдардан бери талпынган, улаңгайыр мезгилден улам калпынган төл дөөлөттөн түзүлөт ал, анын ичинде кечээ жакында өткөн турмушунан, тарыхынан да! Анан калса кечээги, жакынкы «социализм» аталган заман дөөлөтүнүн баары эле текши илмекайып иллюзия эмес. Же, мисалы, алиги жерилген «уравниловка-теңчилик» менен ТЕҢчиликтин арасы асман менен жердей! Бир эл үчүн, айталы, орус, не жөөт, латыш үчүн «дөөлөт» делбеген идеал-идеологиялар экинчи бир эл үчүн, мисалы, кыргыз, жакут же дагы башкалар үчүн өткөрө идеалдуу болушу ыктымал. А демек, биз жараксыз санап ыргытып салган кечээги социализм заманынын ак-карасы да али алдыда дагы далай-далай ыргалат, ылганат…

Экинчиден: ошол Совет заманынын баласы, «алтымышынчылар» аталган кыргыздын Шакен сыяк кулунчактары өздөрүнө гана таандык, кайталангыс тарыхый озуйпасын так аткарып калышкан. Алар өзүлөрүнө чейинки эсен келген эски, Могикан кыргыздан уланган улуттук нукуралыкка уламал турушкан, аны жан-дээрине сиңиришкен, соңкуга сунушкан. Башкача айтканда булар өзүлөрү бир кайталангыс нагыз жаш кыргыз көпүрө! «Совет адам жалпылыгы» урааны алдында улут ургаал унификациялана (аныгы орусташа) баштаган заманда булардан кийинки муундар кыйла кедерине тартып, түпкыргыз табигыйлыгынан тайып, гибрид килкилдек жаңычылдыгына чапты. Мындай шартта, эми, мурда жок, жаңы, «уңгутагдыр» («самоидентификация») проблемасы ачык чыкты. Эмики көп чалкеш проблеманын (коомдук-саясий, философиялык-эстетикалык ж. б. ж. б.) башы, чечилбеген кат-кат түйүн-жыйындысы – заман, коом алдындагы озуйпасын, мезгилдин ийинге илинген милдеттүү жүгүн көрбөгөн, сезбеген, билбеген дал ошол инфантил-маныроо бир муундун шал аракетинин, дал психологиясынын да мөл «жемиши». Албетте, бул бир эле себеби, башкасы да бар, бирок ал да башка сөз. Көз таңган бул жөө тумандан чыгыш үчүн кыргыз алдыда нукуралыгына дагы далай-далай кайрылмагы бар. Ошондо аны арттан сүйөгөн, жо, алдыдан тоскондордун ичинде кулачы ышкынга бай ушул кыргыз кызы Шакен эже да болоор.

Дүйнөнү сулуулук гана сактабайт, улуулук сактайт. Улуулук – турмуш менен эриштелип калышта. Ак, адал жашап, адамыраак болуп кетиште. Өз замандаштарын адамыраак кыла өтүштө. Улутка алганда «кыргызыраак» дегеним. Шакен Мамбетаипова кыргызды – Бир Кыздын, Бир Аялдын, Бир Эненин, Бир Кыргыз Адамынын кудурет-мүмкүнчүлүгүндө кыргызыраак кылып кетти. Мен, жеке башым, өзүм азыноолак билген ушул адамдын, дүйнөдөн өзү гана кыргызыраак болуп өтпөстөн, мени да кыргызыраак кылып кеткен сабагы үчүн дайыма жүрөгүм жылып эстеймин. Сага, мага, келечекке карата айтылган мынабул түбөлүк керээз-чакырыгы жадымда жаңырат:

Адамда өмүр кыска тутам жеткис.
А бирок максаттары өтө чексиз.
Ал үчүн миң жаш берип койсо деле,
Ал максат өсө берип шааң жеткис.

Андыктан арткы муунга кайрылаарым:
Аз калды мен да өмүрдөн айрылаарым.
Өкүнүп кыска жашап калганыма
Өтүнүп баарыңарга кайрыламын:

Милдетим, ата журтка өтөлбөгөн,
Максатым, али жүгүн көтөрбөгөн,
Сырларым, жумурткадай чегилбеген,
Сөздөрүм, ыр сабына эгилбеген,

Сапарым, мүмкүн болуп баралбаган,
Сагынчым, кусасынан жана албаган,
Гүлдөрүм, колум жетип үзө албаган,
Көп ишим, өзүм план түзө албаган,

Эмгегим, толук жазып бүтө албаган,
Эрдигим, алигиче күч албаган,
Сөздөрүм, тилим жетип айталбаган,
Сезимим, али өзүмө байкалбаган,

Үмүтүм, өчүп кайра жана албаган,
Үлпөтүм, ырахатын ала албаган,
Дарманым, эмгегиме берилбеген,
Душманым, көзүм барда жеңе албаган —

Аларды урпактарга парыз кылып,
Айтарым мойнуңарга карыз кылып,
Ар кимиң бүтпөгөндү уланткыла,
Арбагын улуулардын кубанткыла.
(«Урпактарга»)

Чоюн ӨМҮРААЛЫ уулу, 10.12/X 2006-ж. Бишкек

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *