Калчоро КӨКҮЛОВ

Аңгеме

Байышты мончодон көрдүм. Карып калыптыр. Чачтарын ак аралап, жүзүнүн наары өчүп, баягыдай шайдоот күүсү жок. Мени тааныбады. Аны мен бакылдаган үнүнөн эле тааныдым. Ким бирөө менен мончонун далисинде сүйлөшүп атат. “Түкүнчө жок, баланчаны болсо өткөндө көрдүм” — деп адатынча мончого келип-кенткендердин дайын-дарегин айтып берип атат беркиге. Экөө кыйладан бери-бирге түшүп жүргөн мампаштардан окшойт.

“Мейли эми тааныбаса тааныбай калыптыр да” деп ойлогонум менен пенделик эрким ага көнө турган эмес. Акыры жанына басып барып:

— Сен Жаныш белең? — деп бүшүркөп сурадым.

— Байышмын, — деди ал мени бир карап алып.

Дагы эле кайдыгер. Дагы эле тааныбай турат.

— Кайсы бир заводдо иштечү элең ээ?

— Стеклозаводдо.

— Дале ошол жерде иштеп атасыңбы?

— Кайдагы стеклозавод  дейсиң ушул күндө. Алда качан эле талкаланып жок болбодубу ал. Азыр барсаң, куду бомба түшкөндөй. Аңырайып-үңүрөйүп жатат!

— Эмине иштесиң анан?

— Жогорку Кеңештемин!

— Ал жерде эмине кызмат?

— Баягы эле,  жумушчу да.

— Илгери мончого  бирге түшчү элек.

Байыш унчуккан жок. Качанкы бир  зуу дей түшкөн жаштык күндөрдү айтып черден чыга сүйлөшөбүз го деген үмүтүм мокой түштү. А мага болсо ошол керек болду. Өткөн-кеткенди эске салып, кайран жаштык кездерге так ушул мончонун “корбашчысы” Байыш менен баргым келип туруп алды.

— Баягы “Каражыгач” багынын деректирин көрдүм бир жолу.

— Аа, Акылбекпи? Ал азыр иттей байыган! Оштон келгендерге жер сатып атып эле күркүл болуп алды.

— Ал каяктагы жер экен.

— Ошол эле Каражыгачтын жерин, четинен сатып атат. Азыр барсаң, бактын ичи бүт үйлөргө толуп кеткен.

— Телевизордон  чыгып сүйлөп, бакты оңдоп атабыз деди го?

— Оңдобой эле четинен сатып атышат. Мончого азыр деле келип жүрөт. Мурдагыдай такай эмес, анда-санда келип калат. Көбүн эсе саунага барам дейт.

Байыш дагы эле кайдыгер. “Ой, сен баягы эмес белең? Кандай анан иштер жакшыбы? Атаң көрү-ү,  бир сонун күндөрдү өткөрүп ийиппиз да” деп азан-казан түшүп калат ко деп күткөн үмүтүм акталбай турду.

Мончого Султан экөөбүз келчүбүз. Ал экөөбүз чогуу иштейбиз. Үйлөрүбүз да кошуна. Ошого жараша ынакпыз. Мончого  эрчишип бир келебиз. Ушул быкпырдай кайнаг чоң калаада күн көрүп аткан Султан досум экөөбүздүн эки гана эрмегибиз боло турган. Күндө эртең менен барып кечке маал кайтчу ишибиз, анан ар дем алыш күнү келип түшүп турчу  шаардын ушул №3үнчү мончосу. Ишке болсо шартка жараша беткелди кете беребиз. Күтүшмөй жок. Иштен чыкканда деле бири-бирибизге аялдабайбыз. Кимибиз мурдараак бошосок, ошонубуз кетип калабыз. Мончонун болсо жөнү таптакыр бөлөк. Дем алыш сайын ээрчишип чогуу келебиз.

Мончого таң атпай келгенди Султан баштады. Мурда шашпай уктап, чай-пай ичип алып, анан жөнөчүбүз. Биз келгенде мончо толуп калат. Кезек күткөн кишилер төөнүн ичегисиндей болуп, ийрилип олтуруп, сыртка чыгып кетет. Тим эле быйыл жетпечүдөй болгон узун нөөмөткө туруп коюп,  шашпай эрмектеше беребиз.  Бирөөлөр кимдин кандай актер экенин, кайсыл кинолордо ойногонун, ким менен сүйүшкөнүн, ким менен дос, ким менен кас экенин ортого таштаса, дагы бирөөлөр окуган китебин талкууга салып турат (Азыркыдай болуп, саясаттын кеби айтылчу эмес анда). Ошонун кажы-кужусу менен убакыт өткөрмөй. Улам кезеги келгендер кирип олтуруп,  эки-үч сааттан кийин бизге да жетет. Ага чейин тигилер менен талашып-тартыша берип, ичибиз деле бошоп калган болот. Кезегибиз акыры жеткенине сүйүнүп, арыдан-бери чечине салып, мончого кирип кетебиз.

Айрыкча кышында  бир күнүң бүт кетет. Эртең менен саат ондордо үйүңөн чыгып, кечки алтыда араң кайтасың. Баягы эле кезек күтмөй убактыңдын баарын алат. Кире бериш менен чыга бериш дегендериң топураган эле көпчүлүк. Экинчи кабатка чейин кара таандай болуп, жылчыксыз олтуруп алышат. Жер тандамай деле жок. Бут баскан тепкичтердин муздак  бетондон куюлганы деле кеп эмес. Атайылап ала келген гезитин калыңдап бүктөп туруп, алдына салып эле коно калгандарды көрөсүң.

Анан эле таң атпай мончого келгенди Султан баштап олтурбайбы. Адаттагыдай эле шашпай туруп, чай ичип алып, Султанга келип мончого жүр дейин десем, “жээги жок” аялы анын алда качан эле туруп кеткенин айтты.

“Бул эмине болуп кетти экен” деп таңгалып, мончого чейин жалгыз келдим. Адаттагыдай эле эл жык-жыйма. Султан кыйла жерге барып калгандыр, кой, ири алды досуму таап, анын алдына кыпчыла калайын деп, кезектегилерди жөөлөп өтүп, алга моюн созуп келатып, чечинчү жерде боюнан буусу буркурап, жылаңач олтурган Султанды көрүп, таң калдым (буудан чыга калып, ушул жерде бир  өргүп алабыз).

Алда качан эле кирген түрү бар. Дене бою кызыл ала болуп, жибип калыптыр.

— Бас эй, каякта жүрөсүң? — деп мени калп эле жемелеген болуп, каз катар турган үкөктөрдүн бирин ачып ийсе, анысы бопбош турат. Акырын сыр билгизбей, шып чечиндим дагы, Султан катып койгон дагараны алып, лып кирип кеттим.

— Эртең менен эрте, саат алтыга келип калыш керек экен, — деди Султан үйгө кайтып  баратканда. — Антпесең, кечигип калат экенсиң. Мончонун дагы таптаза мезгили болот экен. Мындан кийин уктап жата бербей, саат беште үйдөн чыгып жүрөлү.

Ошондон кийин экөөбүз ишембиден жекшембиге кеткен түнү тынч уктабай калдык. Мончого кечигип калбайлы деп сак жатабыз. Анан саат беш болгондо туруп алып кийинебиз да, караңгы көчө менен темселеп “кайдасың №3үнчү мончо” деп жөнөп беребиз. Антип-минтип келгиче,  саат таңкы алтыга чукулдап калат. Күндүн саарына карабай, мончонун алдында бир канча киши турган болот. Анан барып касса ачылат. Туз сураган койлордон бетер жөөлөшүп атып, чыптасын (билетин) алып, чечинчү жерге «чү» коебуз. Муну алгач көргөндө бираз таңгалып жүрдүм. Бул жарык дүйнөдө мончо дегенде “өлгөн” кишилер болорун чыны билчү эмесмин.

Анан эле Султан экөөбүз да ошол күйөрмандардын катарына кошулуп кеттик. Бири-бирибизди жакшы тааныйбыз. Кокус бирөө-жарымыбыз келбей калсак, “ой баягы көрүнбөйт да, эмине болгон” деп иликтеп калабыз.

Ошентип атып мончонун кумарына катуу кирип алдык. Мончочулар менен дагы ынакпыз. Таң атпай жылуу ордунан туруп келип, күндүн суугунда ушул эшикти сагаалап калгандарга, алар деле өз кишисиндей мамиле кылып, ал-жай сурашып, үйрүлүп турушат экен.

Мына бул Байыш ошондо биздин “күзүрүбүз” боло турган. Мончого башка келбей калса дагы, Байыш келбей калчу эмес. Келгенде дагы баарыбыздан биринчи келчү. Эл бууга киргенге бирден шыпыргы алып келсе, бул эки келишкен эмен шыпыргыны “артынып” келчү. Байыштын бууга кирип алып, чабынып атканы  өзүнчө эле керемет өнөр болчу. Ахалап-охолоп, эзели жетпей ак эткенден так этип, эңсеп жүргөн жыргалына эми араң жеткенсип, жарык дүйнөнүн бар экенин эбак эле эсинен чыгарып койгон зүкүтчүдөн бетер, таптакыр эрип калат. Аны карап туруп, өзүң дагы мончонун  кумарына кантип кирип кеткениңди сезбей каласың. Мончодон чыкпай эле Байыштын ушул өнөрлөрүн үйрөнүп, жыргап жүрө бергиң келет.

Чынын айтсам, мончого калганда, мага караганда Султан досум мыктылык кылды. Ошол жерде “чилтен” болуп жүргөндөргө бат  аралашты. Мен анте албай койдум. Кокусунан адашып келип калган жат короонун малындай болуп, көп жугушуп кеталбайм десең.

Андан калса буларың мончону тим эле басып алган энчисиндей көрүшөт. Эртең менен саат алтыда кирген немелер, саат он бирге чейин утуру бууга кирип-чыгып коюп, беймарал жүрө беришет. Бүткөн бою кызыл ала болуп, жибип чыкканына да карашпайт. Ага чейин буукананы эки жолу тазалап жууп чыгышат. Ошону менен эле тим болбой, атайы ала келген жыпар жыт  суюктукту тапка буркурата чачып, өхөлөп-ахалап бир кумарга батышат дейсиң…

Буудан чыккандан кийин термоско толтура куюп, атайын көтөрө келген чайларын ичип киришет. Булардын чайы да буруксуп,  бир сонун болот. Бири бүлдүркөндүн кыямы жыттанса,  дагы бири өрүк жыттанат. Чычырканактын ашы жыттангандары да бар. Ар бир тамчысы мүрөктүн суусуна тете. Буудан чыгып келип,  далистеги өзү чечинген үкөктүн үстүндө турган термосун каада менен алып, аярлап ачып, чыныга замзамдын суусундай кылып, ченеп-бычып куюп, анан чоң канагат  менен рахаттана ууртап олтурган керемет чайдын буусу мурунга бур эле дей түшөт.

— Кел, чай ич, — деп өзүнө өтө жакын мамилеси бар кадырлашын гана чакырат (Анткени деле курулай сыпайылык экени билинип эле турат).

Мага булардын  ушундай артык баш шаанилери көп ынай бербейт. Буусуна деле көп анчалык  куштарлыгым жок. Ошондуктан Султанды шаштырып турам.

— Ой, болдуңбу эми?

— Кое тур, кайда шашасың?!

— Үйгө кетпейлиби?

— Үйүң кайда качмак эле?

Ошентип жүрүп досум экөөбүз кыйла жылдарды өткөрүп ийдик. Ал ортодо балдарыбыз эсейип калды. Экөөбүз эки тестиер уулубузду ээрчитип алып келчү болдук мончого.

Ошондогу журт пейли башкача болчу. Азыркыдай болуп ар ким өз арбайын сокчу эмес. Түшкөн автобусу, кирген ашканасы, бир жакка барганда жатчу мейманканасы чогуу эле да. Ошон үчүн  сүйлөнчү сөздүн деле көбү ортодо болот. Бириңди бириң беш колдой түшүнүп турасың. Азырчы, азыр жада калса үй-бүлөң менен тыңдап сүйлөшө албайсың. Баарынын өз түйшүгү бар. Сен бирди айтсаң, аялың башканы айтат. Уул-кызың болсо асмандын эле башын сүйлөйт. Неберелериң  бөлөк жердин балдары. Инопланетянин.

Анан минтип “эски малдын көзүндөй” болгон тааныштарыңды капилет көргөндө өпкөң көппөй коймок беле, көбөт да.

Ошентип Султандын күүсү менен жүрүп мен деле мончонун  кумарына кыйла кирип кеттим. Айрыкча кыштын кыраан чилдесинде сөөк жибиткен ысык бууга кирип алып, эмен шыпыргы менен шуулдата чабынганда, түпсүз ырахатка батып кетесиң! Куду Байыштай болуп, ахалап-өхөлөп оңуп каласың! Эми андай жыргалды билген билет, билбегендерге болсо айла жок…

Билгендер сенин ушул азыр балкылдап эрип турганыңды илгиртпей сезип, колуңдан шыпыргыны ала коюп, “кел мындай” деп оңтойлоп  “коюп алып”, сенин шыпыргыңа кошуп, өзүнүн шыпыргысын ишке чегип, кош колдоп, шуулдата бүткөн боюңду ысык бууга бөлөп, чапкылап киргенде бейиштин төрү караандабай  эле калат.

Бул жарыкчылык дүйнөнүн гөйүнүн баарын унутасың. Тим эле баягы Манаста айтылгандай  “боконо сөөгүң болкулдап” кетет.

“Атасынын көрү, ушул жашоодо мага мончодон бөлөк жыргал деле калган жок” деди Султан бир жолу кайтып келатканда. Ошондон кийин мен аны:  “баспайсыңбы, кетпейлиби” деп эзели шаштырбай калдым. Момун досум куу турмуштан тарткан бардык ызасы менен кордугун мончонун жыргалы менен жууп-чайып турат экен да көрсө.

Кызматка чабалдык кылчу. Кудай ургандай мокок болчу. Биздин ишибиз андай мажүрөөлүктү жаман көргөн, чапчаң милдет.  А Султан болсо бирөөнүн көңүлүнөн эзели өтүп көргөн жан эмес. Ким эмине десе, ошого көнө берет. Ошонун айтканын жасай берет. Анан эле ал жасаган иштин аяк- башы билинбей, алешем бүтөт. Ошого жараша чоңдордон көп жеме угат.

Үйүндөгү сүйүп жүрүп алган аялынын өңү жылма болгону менен кыял-жоругу кырда эле калсын! Кимди болбосун атып тиктеп, тим эле азыр баса калып, тытып ийчүдөй үстөмөндөп турат. Жаагын жанып какшанып киргенде, жанына киши чыдап тура албайт. “Ушуга чыдап жүргөн кайран бала” деп алардын үй-бүлөлүк ырайын билгендер шыпшынып калабыз.

Бир жолу мындай бир окуя болуп кетиптир. Султан бала күнүнөн чогуу ойноп чоңойгон бир классташ досуна көчөдөн жолугуп калат. Ал досу азыр деле ошол өз айылында, колхоздун агроному экен. Анан эми көптөн бери көрүшпөй жүргөн досун  үйгө жүр дебей коймок  беле?

Экөө ортодон жогору кызып алып, бир шампан, бир коньякты  сумкеге салып, Султандын үйүнө келишет. Элеттик энөө неме аяшы менен кең-кесири таанышып, Султандын бала кездеги кыял-жоруктарын айтып берип, бир чер жазыша олтурайын деген да.

Үйдүн кожейкеси келген конокту суз кабыл алып, анын көзүнчө эле күйөөсүн жекирип тилдеп, айтор баягы ит кыялын карматып кирет. Ошондо тиги  бала күнүнөн эч нерседен тайыбай өскөн көк жал:

— Эй дос, бу катының  эмине, татарбы?! Ажылдатып муну эминеге алып алгансың?! Жоготпойсуңбу? — деп ийиптир.

Ансыз да күүлөнүп араң турган Султандын аялынын оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып, чыр ырбап кетет. Тиги досунун сырын билген Султан  “кудай урганда, аялыма кокус колу тийип калабы” деп чоочуп:

— Кой эми дос, аялга теңелесиңби? Жүр узатып коеюн — деп калат.

Тиги досу болсо олтурган ордунан атып туруп, Султанды жаактан ары дадил тартып ийип:

— Урдум сенин овчаркадай катыныңды! Ушу бир катынга тең болалбагандан кийин эминеге сенделип шаарда жүрөсүң! — деп сөгүнүп алып, артына бир  кылчайып койбой, басып кетет.

Бейжай аялынын айынан досумдун ошентип шагы сынган учурлары огеле көп

Мончодон чыккандан кийин Султан кыйла жаңырып калат. Атүгүл  гезитте иштеп жүргөндөгү мыктылыгын айтып эргип да кетет. Өмүр бою жыргалдын эле  үстүндө келаткансып, жүзү нурданып, баскан-турганы шайдоот  тартат. Куураган куу турмушту, ага кошуп жанагы жалаңдаган жалаңкыч аялын биротоло чыкпас кылып, мурдунан чүлүктөп алгансып, көңүлү өсүп, кубанып калат. Мен болсо досумдун ушинтип, таптагы шумкардай болуп, талпынып турганын жакшы көрөм. Качан көрбө, ичинен сызып, өзөгүнө курт түшкөн дарактай болуп, өксүп жүргөн Султандын минтип чыйралып турушу, көңүлүмдү көтөрүп иет.

Достукка калганда мен бекмин. Ушул жоош-момун, мажүрөө Султан көп алыстабай жанымда жүрсө, дүнүйөм түгөл болот да турат. Бул момун байкуш менден бөлүнсө эле, бирөөлөрдүн ыдыгын көрүп калат го деген камтама ой тынчтык бербей жадымда жүргөнү жүргөн. Мүнөзүм урду-сокту, дымагым өктөм болсо дагы, ушинтип бул турмушту адал жашап, ак  өмүр сүргөндөргө жан тартып турмайым бар.

Султандын болсо пейил-куйу башкараак. Эби келе калганда, бөлөк жактан ынактарды таап, ымала күтүп ийме өнөрү бар. Башканы коюп эле өзүнүн “жээги жок” аялынын тилине кирип алып, кээде менден оолактап качып калганын кантесиң.

Андайда тим коем. “Мейли, ошентип эле жыргап кетер күнүң каякта экен” деп ичим тап болуп, жүрө берем. Анан эле бир күнү соодасы түгөнгөн сарттай болуп, кайра шыйпаңдап келип калат. Келери менен арызданат. “Тиги тигиндей экен, бул мындай  экен” дейт. Унчукпайм. “Аа, байкушум, сени бул бейоопа дүйнөдө, менчелик кадырлап алчу ким бар дейсиң” дегенсип баш ийкеп, кеңирсип коем (ичимен табам канып эле турат).

Анан эле дагы бир күнү (отпуска маалы болчу) баягы Султан досум ың-жыңсыз жоголуп кетти. Тим эле сууга чөгүп кеткенсип, дайын-оту билинбейт. Карааны не бир үйүнөн көрүнсөчү. “Буга эмине болду экен” деп ансыз да көкөйүмө көк таштай тийип бүткөн “жээги жок” аялына барып, суук тумшук  көрүнүп атып, эринин дайынын сурадым.

— Ээ, жүрөт да, бир жерде, сенделип, — деп ал дагы ачык айтпай кагынып койду.

Ошону менен бир жумадан ашык жоголду. Анан эле кайдан-жайдан пайда болуп калды. Жүдөгөн. Беттери кесилип, чачтары өскөн. Моюн-башы кир. Кийими кокочо.

Көрсө, июлдун саратандуу аптабында  ким бирөөнүн тилине кирип алып, жүгөрүнүн чачыгын жыйнаганы барыптыр. Экөө тигинин мотоциклинин люлькасына чакан чатырды салып, тамак-ашты мол камдап, учкашып алышып, ушул эле Чүйдүн кайсы бир колхозунун жүгөрү аңызына барып, чачык теришиптир.

Дарыканага чачык сатып өткөрүп, акчага маарымак болушуптур да. Анан кордуктун баарын ошол жактан көрүшөт.  Болгонун болгондой угуп туруп унчуккан жокмун. Ансыз дагы менин алдымда “саткынчы болуп”, “чыккынчы болуп”, “күнөкөр болуп”, жылдызы түшүп турган момун досумду жемелеп пайда таппасымды сезип “жүр эми” деп мончого ээрчитип барып, тыйынын өзүм төлөп, жакшылап түшүрүп койдум. Бир оролуп, кайра тирилгендей болуп калды, кайраным.

Ошондо барып чачык терип жүрүп, көргөн кордуктарын бүт айтып берип атпайбы. Ошердеги көпкөн балдарга тонолуп, чөнтөктөрүндөгү биртике тыйындарына вино алып берип атып, алда-жалда менен тепкиден аман калышыптыр. Ошентип кор болуп жүрүп, терип келген чачыгыңды көлөкөгө жайып кургатып, бирок маалынан өткөрүп ийбей, табына келгенде  кайра жыйнап алып, жубардай кылып тазалап, анан дарыканага алып барсаң гана аның анча-мынча тыйын болуп берет экен.

Кыскасы, ал ишти мурда жасап жүргөндөр эле кылбаса, сырын дурус билбегендерге курулай убара окшойт.

Анан Султандын ар бир баскан кадамынан кынтык таап турчу безери аялы унчукпай койду дейсиңби? Айтчусун айтты да. Ошондо барып жинин кактырган бакшыдай болуп, келип тургандагысы болуп атпайбы, кайран досумдун.

Султан момун болгону менен бою-башына тыкан. Көйнөк-кечесин өзү жууп, өзү үтүктөп кийип, кундуздай кара чачын маштап тарап, арзан болсо дагы жарашыктуу жагоолорду түрлөп байланып алып, кийиминин бир жерине кыл жугузбай аяр жүрөт.

Атаң көрү, жанагы саргалдактай болуп жаагын жанган аялы жөндүү чыгып, бир жерге байырлап иштеп, айлык тапканда, анча-мынчага кор болбойт эле. Анысын дүкөнчү кылып канча жерге орноштурбады дейсиң. Утуру барган жеринде жөн жүрбөй, бирдин ичинен чыгат дале турат. Какылдап ушак айтып киргенде,  бул дүйнөнүн бары кайсы, жогу кайсы экенин унутуп калат.  Андай  пайда-бата дегенден таптакыр куру жалак неме кимге жаксын, тигилер  ай айлантпай, жолго салып коюшат.

Кайра эле  үйүнө олтуруп алып жаагын жанып, Султандын “намазын окутуп” кирет. Дегеле бир эч нерседен уялбайт  ко бул шерменде…

Биз менен чоң мекемеде чогуу иштеген кыз-келиндер Султанды жакшы көрүшөт. Жоош-момундугуна, токтоолугуна, тазалыгына, сымбатына кызыгышат.

— Жанагы сиз менен жүргөн дунганга окшош байке, жакшы киши ээ, — деп шакылыктап калышат.

Султан бирөөнүн көңүлүнө азар бербеген жакшы киши экенин тиги “сагызгандар” илгиртпей туюп турганын көрбөйсүңбү (Буларың ушу Султандын аялынын жөнсүз экенинен дагы кабардар болуш керек  каапыр деп өзүмчө шекшип калам).

Ошентип менин ал-күчкө толуп, отуздан жаңы ооп, оттой жанып тургандагы жан күйөр, ынак досум, ушул, адамдын эле момуну Султан болду.

(Биз ошондой жалын курагыбызда көп эле тытынып, оокат-аш деле издебептирбиз.  Тапканыбызга сүйүнүп, таппай калсак, ушуга да шүгүр деп коюп жүрө бериптирбиз. Демибизге нан бышып турган алдуу-күчтүү чагыбызда этек-жеңди түрүп коюп, катуу киришсек болмок экен деп өкүнүп калам азыр).

Эми минтип, мына бул Байыштын кашайып, тааныбай турганын карабайсыңбы. Бул жарыкчылыктагы жыргалдын баарын ушул мончого бирөө  алып келип таштап койгонсуп, азыр деле жазбай келет тура. Бир кезде кумарга  чогуу батып, ахалап-охолоп, ысык бууга чогуу кирип, чогуу жуунуп жүргөн “эски досторун” тааныбай турганын карачы, атаңдын көрү…

Башканы унутса дагы Султанды унутпашы керек эле.  Экөөнүн ушул мончонун кумары менен кыйла кадырлаш болуп калган жөнү бар болчу.  Султандын жанында ар дайым мен кошо жүрчүмүн. Эми минтип Байышың түшкүр эч нерсени элебей турат.

Ортодон кыйла заман өтүп кетти. Андан бери мончо түгүл,  дайыныбызды таппай калган мезгил болду. Султан досум ошол чакчелекей башталганда эле бул жарыкчылыктын гөйүн жыйыштырып койду.

Сөөгүн айылына чейин жеткирип барып, өз колум менен топурак салып кайттым. Арбагы ыраазы болсун байкуштун. Жүрөктөн кетти. Бир-эки ирет догдурга жатып чыккан. Анан эле ушул безери аялынын ыдыгына тоюп, менин  “күйүмдүүлүгүмө” тоюп,  өзү айтып жүрчү, мончонун жыргалына да тоюп туруп ( кийинки күндөрү догдур, ага , бууга кирүүгө  катуу тыюу салып койгон), акырын кетип калды.

Андан бери арадан жыйырма жылдай убакыт зуу дей түшкөн экен. Ушу азыр мен Байышка Султандын дүйнөдөн өтүп кеткенин айтайын дедим эле. “Каап ата, жаман иш болгон тура” деп кейийт ко деп күткөм. Эсил кайран досуму бир эскерип, өткөн-кеткенди жакшы пейил менен эстеп коелу дегем.  Байыш анын баарын унутуп калыптыр да. Анан мен майдаланып, баягычы, баягы деп олтурмак белем.  Бул кургурдун деле  чачына ак кирип, чекесине бырыш түшүптүр.

Кайдигер коштошуп, мындай баскандан кийин эле “ Темселеп эмдигиче мончонун жыргалын көздөп жүргөн ушул Байыштын аялы кандай неме болду экен” деген арамза ой жөө тумандай болуп,  кайдан-жайдан көңүлүмө жылып кирди…

28.11.12-ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *