Каныбек ИМАНАЛИЕВ

ГЕНИЙ ЖӨНҮНДӨ БАЛЛАДА 

(Уландысы)

  1. Элдик адамдар менен кездешип, айылга келип жүргөн Жакшылык деген ырчыдан үлгү алгын деп чоң энеси насаат кебин айтат.

Жакшылык деген ырчы чап жаак, чара баш, ар бир сөзү орундуу, эң таттуу адам эле. Кеби бычак менен чыртылдатып тилгендей курч. Тартынбай сөз сүйлөп, талыкпай ырдаган, таамайлап жөндү сындаган сынчы да экен. Оозун ачса эле адам жадагыс сонун сөздөр куюлуп турат. Отурганы очоктой, ажары айдай төгүлгөн, ар бир сөзү менен элди кубандырган, элдин шайыры, булбулу, кабак ачар куудулу экен. Аппак сакалынан нур чачырагандай, кара сур, эки ийнине эки киши олтургандай кең далылуу, иши кылып келбети менен түрүнө киши ыраазы болгондой адам экен.

Бир күнү айылдагы адамдар Жакшылык ырчынын ырын угуу үчүн келип, ал отурган үйдүн ичине кишилер батпай кетти. Коломтодо койдун нагыз көңүнөн калаган от адамдын жүзүнө кызыл нур берип күйүп турат. Отургандардын назары жалгыз гана төрдө малдаш токунуп, комузун күүгө салып олтурган ак сакал адамга бурулган… Алар ар түрдүү сөз сүйлөшүп, өзгөчө ушул олтурган ырчы жөнүндө көп нерсени айтып жатышты. Алардын ичинен бирөө, сакалын сылап коюп:

— Жакшылык акем жетимиштин жетисине келиптир. Уруусу моңолдор. Баягы, айтылуу Токтор чечендин уулу. Айтканы элге жагымдуу, өзү кадырлуу, сөзү менен элдин көңүлүн көтөргөн киши. Биздин айылга келип калыптыр. Бул адамдын алтындай болгон ар бир сөзүн угуп, өрнөк алуу керек. Элдик сөздөрдү көп билет. Билгенин эч качан аябайт. Жакем көбүнчө биз сыяктуулардын тилегине тилектеш. Өзү да далай кыйынчылык турмушту башынан өткөргөн. Кыргыздын Ала-Тоосун кыдырып, элге эрмек болгон. Бул кишинин сөзүн уккула, — деп элге жарыя айтып, анан Жакшылык ырчыга кайрылды:

— Жакшылык аке, акыл-насият сөзүңүздү балдарыңызга айта олтуруңуз…

Жакшылык ырчы отургандарды айланта карап алып:

— Көп кордукту баштан өткөрдүк. Элден, жерден ажырап кор да болдук. Акыры бай-манаптардын, оёз, чиновниктердин кордугуна чыдабай маң да болдук. Тоо этектеп, жердин асылынан ажырадык. Элибиз караңгы, жерибиз шорго малынып, элге пайдасы тийбес да болду. Ушул кан соргучтардын торунда онтоп жаткан кезибиз. Ошентип оор турмушту баштан өткөрүп жаткан чагыбызда, кедей кургурлардын шору качан арылат деп капаланып, дүйнөгө катуу таарынып, «Сен дүйнө, кимге опа болосуң» деген ыр чыгардым эле – деп комузун колго алып, күүгө салып жиберди:

Чиркин дүйнө, чиркин дүйнө,
Кимге опа болдуң сен?
Жокчулуктун айынан,
Күн көрүштүн жайынан,
Кетменге колум жооруду.
Чокойдон бутум ооруду.
Кардын керип кан соргон,
Байдан көңүлүм ооруду.
Алгыз атым көк ала
Кызыл чок жасоол тооруду.
Адилети такыр жок,
Кедейден бөлөк касы жок.
Улуктан көөнүм ооруду.
Жорго жолдон суурулду,
Жок-жок заман куурулду.
Кээ бир учурда Жакшылык манасчы да болгон деп айтылып келет. Дакиш чоң энесинен кийинки эле жаш манасчыны таасирленткен ушу Жакшылык ырчы болгон. Даркан манасчы С.Каралаевдин айтуусуна таянсак ал 1933-34-жылдары дөөлөттүү карылыкка таяп көз жумган.

Караланын үй-бүлөсү турмуштун запкысын көп көргөн. Ошол мезгилдеги кыргыз коомчулугунда өкүм сүргөн эреже боюнча бир адам өз уруусунан, жеринен жер которуп башка жакка кетип калса, алык-салыкты өз уруусу баш ийген болуштукка төлөй турган. Карала Семиз-Бел болуштугуна караган. Жыл маалында Семиз-Белден өкүл келип, Караладан алык-салыкты алып кетүүчү. Бир жолу ушундай алык-салыкка Карала Узун Молдо дегенден үч сом алып берген. Карала ал карыздан кирип турган жаман алачыгын, бирин-эки чарбасын, таап-ташыган үй мүлкүн бүт берип, араңдан зорго кутулат.

Булактын тунугун, тоонун бийигин, ойдун тереңин айтып баштап, Улуу Тоодон улуу кеп башталды ошол жылдары.

ОРУС МЕНЕН ДОСТОШУУ

  1. Жашым он бештерге келип, аркы-беркиге түшүнүп, эне-атасына кол кабыш кылып, мурунку тентектигим жоголуп, турмушка түшүнө баштаган учур. Ошондой болсо да, жокчулук эки бутту бек тушап, ары-бери жылдырбай кармап турду деп эскерет кийинчерээк. Курсак бирде тойсо, бирде ач болот, ар кимге жалданып иштөө баштатан эле адат болуп калган. Балдарга, өзгөчө жокчулукка баткан элге өтө мээримдүү мамиле кылган Баженов деген орус Жар-Көлдө, чоң жолдун боюнда турчу эле. Ал ошол жердеги кыргыз менен эл болуп, ак иштеп, акыйкат жашап, жерди сүйгөн, эмгекке өтө берилген эмгекчи да эле. Өзүнө жетерлик чарбасы бар. Үйүнүн айланасына бак-дарак тигип, өрүк, алмадан мол түшүм алчу. Эрте жазда кош чыгарып, жай бою өз жеринде эмгек кылууну өтө жакшы көрчү. Айдаган эгининен көп түшүм ала турган. Тамашалап көңүл ачып, кээде бизди эркелетип, көбүнчө нанга аябай тойгузуп кетире турган. Бир топ кедейдин балдары чогулуп калган күндөрдө ак бөлкөнү астыга жайып коюп ал киши Саякбай сындуу кыргыз балдарга:

— Ээ, жигиттер, силер качан адам болосуңар? Азыр силер караңгысыңар. Силердин оор турмушуңарга ким күнөөлүү экенин ажырата биле албайсыңар. Өзүңөр ойлоп көргүлөчү! Бай-манаптардын колунда мал да, дан да бар. Эч нерсеге муктаж эмес. Эмгекчи элдин эмгегинен чексиз пайдаланып, аларды аёосуз эзип жатышат. Орустун митаам чиновниктери менен бир тилекте болуп, элдин мойнуна эчен түрдүү мыйзамсыз чыгымдарды салып жатат. Жергиликтүү бай-манаптарды падышанын өзү жактап, колдоп жатат.

Бирок калың эл ошо зулумдардын бул заардуу уусуна чыдабай, аларга каршы чыгып да жатышат. Элдин күчүн майтарууга аларда күч жок. Элден, жерден ажырап, алыска көчүрүлүп жиберген ошондой эле адамдардын бирөө менмин. Ошентип, өзүм туулуп-өскөн жеримден, ага-туугандардан ажырап, ушу жерге туш келдим. Тентигеним да, өлгөнүм да жок. Өлбөс оокат кылып жатам. «Жер адамдын эмгегин жебейт» деген лакапты эске алып, бардык күчүмдү ушул чарбачылыкка жумшадым. Силердин ата-энеңер да эмгек кылып жатышат. Бирок ал эмгек ким үчүн? Элге эркиндик алып берүү үчүн башталган адилеттүү кыймылды падыша өкмөтүн токтотууга эч кандай күчү келбейт. «Ит өлөрүндө кайышчы болот» — дегендей, бул өкмөт эркиндик талашкан алдыңкы адамдарды куугунтуктап, каторгага, сүргүнгө айдап жок кылуу максатын көздөп жатат. Элди аябай кысымга алды. Карагылачы тетиги кишенделген адамдарды, — деп өтүп бара жаткан алты кишини көрсөтүп колун нускады.

Өтүп бара жаткан, колдоруна чынжыр салынган кишилерге бардыгыбыз жабыла карап калдык дейт болочок манасчы. Аларды үч солдат тегеректеп айдап алыптыр. Ал бечаралардын кийимдери жыртылган, өңдөрү кубарган, бирок кабактары ачык, эч нерсе ойлобогон адамдардай сезилет. Алардын шаңдуу үндөрү кулакка абдан сүйкүмдүү угулат. Эки жакты жалт карашып, бизге баштарын ийкешет. Биз абдан таң калып, жалдырап бири-бирибизге карадык. Ошондо Баженовдун эки көзүнөн чыккан жаш жаагынан агып, тигилерге тигиле карап турган экен.

— Ээ, балдар, силерге айта турган сөз толуп жатат. Бул адамдардын ушинтип кайгылуу турмушка кез келгенинде, тигинтип колуна кишен салынганында терең сыр бар.  …Булар эл  менен жакын. Элдин талабын, тилегин орундатчу адамдар. Азыркы жашап турган падыша өкмөтүнүн катуу кысымына каршы чыгышкан. Жумушчуларга, ооба, кедейлерге эркиндик берүүнү эңсеген адамдар. Буларды каторжниктер деп аташат. Падыша өкмөтүнүн сатылгыч соту аларды өмүр бою колу-буту кишенде болууга, айылдан-айыл кыдыртып айдап жүрүүгө өкүм чыгарган. Алдыңкы эстүү адамдардан болуп эсептелишет. Буларды чиновниктер кордоп «болчек» деп аташат. Чындыгында «болчек» эмес, большевиктер, деп аталган адамдар. Калың элдин арасында кеңири түшүнүктөрдү жүргүзүп алардын сезимин ойготуу менен бүт Россия элин күрөшкө чакырууда. Большевиктер жалгыз гана орус кедейлерине эркиндик алып берүүнү ойлобостон, орус падышачылыгынын кол астында онтоп жаткан улуттарды боштондукка чыгарууну көздөшөт. Ушул жердеги бай-манаптарга да алар каршы турушат. Анткени бай-манаптар падышанын жер-жерлердеги тиреги болуу менен бирге, анын сасык, элге каршы болгон саясатын жүргүзүүчүлөр, падышанын саясатын колдошуп, өзүнүн элин саткан жүзү каралар болуп эсептелишет. Падышаны жоготуп бийликти кедейлерге алып берүү үчүн алдыда зор иш жана айыгышкан күрөш турат. Балдарым, эсиңер бар, ойлогула, силер эми кичине эмессиңер. Кимдин ким экенин билиш керек.

…Баженовдун уулу Сергей Саякбайдан беш жаш чамасында улуу эле. Эки көзү дайым ойноктогон, чачы алтындай сары жана жылтылдап турган, шайыр бала эле. Биз менен ойноону өтө жакшы көрчү. Ал Пржевальскиде окуй турган. Кайсы класста, эмне окуп жүргөнүн анда ким билсин. Атасынын сөзүн кадырлап уккан, жумшаган иштерине дилгир, орунсуз сөз сүйлөбөгөн токтоо эле.

Баженов үй-бүлөсү менен көл аягына көчүп кетти. Көрсө ошондой кысым болгон экен. Эл чогулуп, аны жөнөтүштү. Баженов борс-борс күлүп, эл менен коштошту:

— Кош, аман болгула, агайындар! Азат күн келип, силер менен бирге бактыбыз ачыла турган мезгил келер. Көрүшөрбүз. Мен алыс кетпейм, көл аягынан барып жаңы орун алам. Бул жерден кетүүгө кагаз келди. Саламат болгула! – деп атын айдай баштады. Мен чуркап келип, Сергей менен кол алышып коштоштум. Сергей мага:

— Саякбай, бирге ойногонубузду унутпа! Дагы кезигишербиз, — деп колун кыса-кыса кармады. Баженовдун өзү жана анын үй-бүлөсүнүн кетип калышы бул жактагы кедейлердин чоң күйүтү болду. Арабанын артынан ээрчий басып узатышты. Кээ бирлеринин көзүнөн жаш кылгырып турду. Кийин Саякбай Рыбачье шаарына издеп барса, баласы Сергей эбак эле аскерге кетип, атасы анын келишин чыдамсыздык менен күтүп жүргөн болот.

Жаралган жандар зоонуку,
Аркар кулжа тоонуку,
Айдап жүргөн көп жылкың
Кыйкырса бир күн жоонуку.
Жакшырак жардам беришсе,
Жакшы ага, ини куттуку,
Ишенип турган көп малың
Күн жааса болот жуттуку.
Айкөл манасчы Баженовдордун үй-бүлөсү менен ымалалаш болгондугун өмүрү бүткөнчө айтып жүрдү. Жакшылыктын кеби да түгөнбөйт эмеспи.

ЫЙЫК БАЯН

  1. Оо ал күнү – же Күн тутулган күн беле, же Ай менен Күн тогошкон түн беле, ким билет? Айтор ошондо 1908-жылдын Орозо айы болчу.

14  жаштагы Саякбай алдын ала бирдеңкени сезгенсип, жүрөгү туйлайт. Көңүлү бир жерге токтобой сезими не бир алып учат. Акылы эч тынч албай түркүн ойлор келет. Демейде басыгынан жазбаган кунаны да аны туйгандай улам тездеп алдыга жүткүнөт.

…Кыязы бүгүнкү күн башкача. Асманда токумдай булут жок. Туптунук. Кыйкырып койсок жарылып кетчүдөй. Кочкордун суусу да туптунук, күндүн күмүш нуруна балыктар чагылышып сүзүп жүрөт. Аба да таптаза, оозуң менен дем алсаң булак даамданып.

Мына ушуларга куштар болуп, ойлору гана эмес, дене бою да алып учуп, азыр эле Орто-Токойдо айыл кыдырып, жарамазан айтып жүргөн Саякбай тели-теңтуштарынан бөлүнүп, жалгыз аяк жол менен үйүн көздөй бет алды. Жарамазан айтып жүрүп тапкан биртике тыйып-тыпыры бар. Эми Караколго барып жакшы кийим-кече сатып кийип алсам деп ичинен кыялданат.

Тар капчыгайдан өтүп келатканда окустан жаңырыгы тоолорду титиреткен бир укмуштай чаңырык чыкты. Туш тараптан эмес, тээ көктөн угулгандай болду. Анан аз өттүбү, көп өттүбү – өзү эс-мас. Алдында азыр эле тигилгендей түндүгү көк тиреген ак боз үй пайда болду. Мурда мындай жок эле. Же түш эмес, же өңү эмес. Ак өргөөнүн тушуна жете бергенде алдынан өңү да, чырайы да келишкен, кийген кийими бүт алтын, күмүш, жакут менен шөкөттөлгөн, ай жүздүү, күн нурлуу бир сулуу келин сурайылдай суурулуп чыга келип, Сакеңди мурда таанып жүргөндөй:

Атаны алдыңа кетейин,
Кыдыр чалган жол болуп,
Кылымдын баары козголуп,
Ал гана эмес мол болуп,
Кол чогулуп аткан мезгилде,
Эң эле ырас болбодубу келгениң, — деп сыпайы кайрылат.

– Ошол колдун тамагынан бир ооз тий, кулунум. Аттан түшүп, даам сыза кетсеңер экен, — деп жалооруй карап суранат.

Ак боз үйдүн өзүнө жараша ак кийинип, ак элечек салынган апакай сулуу, ай чырайлуу заада жомоктон түшө калгансып суранып жатса, Сакең да өзүн жигит сезип, туйлаган кунанын мамыга байлап, тиги келин эшикти ачып, боз үйгө баш бакты.

Түндүгү жабылуу турса да ичи күн тийгендей жапжарык. Жайылган дасторкон үстүндө күмүш, жез табактарга салынган кырк түрлүү дүйүм тамак. Жаңы эле бышкан боорсоктун жыты. Устукандалган жаш эт. Саамал кымыз. Бейиштей бир башка дүйнө.

Мындай сыйды мурда көрбөгөн, анан калса, эски жаргак жыртык шымынан кысынып-кысталып, үн каталбай мукактанып турган бу тоголок жигитти байкаган тиги келин: «Ушу касиеттүү Манастын жол жүрүп бара жаткандагы тамагы эле, ошондон көбүрөөк жесең болот эле. Уялба, кысынбай эле дасторкондун үстүндөгү тамактын ар түрүнөн даам тат» — деп үн катат.

«Бул аялзаты көрсө кадимки касиеттүү Каныкей энебиз экенин кийин билдим» — дейт Саякбай.

Саякбай шаша-буша ооз тийимиш болуп, кысынып тез эле артка бурулуп кетейин дейт. Анын тайсалдап турганын көрүп ак элечеги менен чач учтугунда акак, берметтери жалтыраган алиги айым дагы меймандостугун көрсөтүп:

— Ала кой, тартынбай ал. Жолоочу сыйламак биздин салтыбыз, — деген соң, ошондо гана Саякбай сыягы булар тааныш-билиштер го деп эң четки табактан бир жиликти алып мүлжүп жеп, туураган эттен бурдады. Тиги келин да анын даам сызганына ыраазы болуп карап отурду.

— Эми суусундук ичкиле, — деп бетине оюу түшүрүлгөн кесеге толтура кымыз куюп балага сунду. Ал бир тартып жиберди. Даамы бир башкача сезилди.

Сакең сүрдөгөндүктөн бир сөз айталбай, а тургай «оомийин» деген батаны да ичинен айтып, ичинен алкап болоордо, тиги жароокер келин: «Ак жолуң ачылсын» деди мээримдүү.

Саякбайдын ого бетер жүрөгү түшөт. Денесин калтырак басат. Өңү же түшү экенин билбейт.

Сыртка чыкса айланасы атчан жоокерлерге толуп кетиптир. Арасынан зоот көк тулпар ат минген, колунда найзасы бар, кирпиктери көзүн жапкан, ак сакалы жайкалган, нур жүздүү киши:

Көк сүлөөсүн, бүркүтүн,
Көп ала салып ойногон.
Алыс жерди болжогон
Бакай абаң болом.
Чоң казатка жол жүрүп баратабыз. Эки алаканыңды тос, сен да гүлазыктан ооз тий, келкелиңе келгенде улуу жомокту улап айтаарсың, деп кайыш баштыгынан актаган тарууну уучтап берет. Оозуна салса кум сыяктуу кычырап чайналбайт, эптеп аптыгып атып жутат. Өчкөн отту тамызган, өлгөн жанды тирилткен Бакай ата анан оң тарабында Аккуласын алкынтып турган, ааламда таалайы артык жаралган абройлуу Айкөл Манасты көргөзөт.

Майланган буудай жүздөнгөн,
Күүгүм туман көздөнгөн,
арстандай сүрдүү экен.
Андан ары катары
Узун бойлуу кең далы,
Ары балбан, ары шер.
Айсарала ат минген
Азиз хандын жалгызы,
сарала ат минген Алмамбет, ирээти менен туурасы жоон, бою пас, тулку бою кара таш,
Адам күчү жетпеген,
Арстан тиши өтпөгөн
сары сур киши Чубакты тааныштырат. Айрыкча Алп Манасты киши батынып карай алчудай эмес. Оң ийнинде кара чаар кабылан, сол ийнинде ажыдаар отургандай сүрдүү. Соңунда атка жеңил, тайга чак, уйкусу жок, жолго сак, кан Манастын Сыргагы. Ошондо куудай сакалын сылап болуп Бакай Ата:

— Мындан ары барганда алдыңан эки кой айдаган бирөө жолугат. Койлорун сатып алып, курмандык чалып, эл-журттун ак батасын аласың. Айкөл Манасты канча даңаза кылсаң, өз даңкың да ошончо алыска кетет. Өйүздөгү Балпык деген бука минген абышканы, төмөнкү сарайдагы Таабалды сокурду, Түлөн деген байбичени чакырып келип батасын ал. Эми сен алты-жети жылдан кийин чоң манасчы болосуң. Ага дейре ойду тоого урунуп жүрө берээрсиң, — деп батасын берип, дүбүртү жер дүңгүрөткөн кол менен заматта көздөн кайым болот. Туяк астында дүңгүрөгөн жердин үнүнөн кулагы тунуп барып басылат. Артында асманга көтөрүлгөн чаң эле калат.

Эсине келсе, өзү баягы чоң кара таштын түбүндө жатыптыр. Бул окуяны же түшүндө, же өңүндө көргөнүнө ишенип-ишенбей, кунанына минип жолдо келатса астынан эки кой айдаган киши чыгат. Жарамазан айтып жүрүп тапкан акчасынан баягы кишиге берип, эки койду айдап үйүнө келип, Бакай ата айткандай койлорду союп, эл-журттун батасын алат.

…Мына ушул шумдуктуу окуя болгондун эртеси Саякбай тили сүйлөөгө келбей дудук болуп калат. Тилин кыймылдатканга, сүйлөөгө кудурети жетпейт. Үйдөгүлөр аны жин тийген эмедей карап жаткандай сезилип баштайт. Кичине балдар болсо колу менен жаңсап көрсөтүп, таш менен ургулашат. Өзү да акылдан айнып баратканын сезип, элге уят болбоюн деген ниетте айылдан алыстап, ээндеп токой-тоону аралап, чөп-чар терип жеп, өлбөстүн күнүн көрөт. Сакең өзү айтмакчы, «ойго да, тоого да урунуп, зоодон кулап, суудан да актым, бирок өлбөдүм. Жеңем кайтарып, жанымды аман алып калып жүрдү» дейт. Ошентип, тоо-ташта тентип жүрүп көп убакыт өтөт. Бир күнү таңга маал суу күргүштөп кирип жаткандай үн угулат. Титирей коркуп ойгонот. Түшүндө Алмамбетти көрөт. Ал Саякбайга «Бакай аба сага көрүнгөндөн бери жети жыл өттү. Бүгүндөн калбай астыңдагы минген атыңды Манаска атап союп, элдин батасын алгын» дейт. Ойгоноору менен оозунан сөз оргуштап атылып, өзүн өзү токтото албай элирип үйүнө келет. Ошондо үнү кетет айгайлап, алда кайда жаңырып, сызып бороон кыр менен, кыйкырык-чуу сүр менен, аркар баскан бел менен, кулжа баскан төр менен, булут шашкан жел менен.

Эмне жөнүндө сүйлөп атканы белгисиз. Кээде эле «Манас», «Манас» деп айтып жатканын элес-булас билет. Үйүнө келсе, атасы камчы менен далыга чаап жатып, эсине келтирип токтотот. Мына ушинтип Улуу Жомок башталат.

Мына ошондон ушул күнгө дейре Саякбайдын үнү басылбай, кайра күчөп, адыр-түздү, Ала-Тоону аралап келет, жүрөктөрдөн жүрөккө, кылымдардан кылымга жетип.

…Ошентип сыйкырдуу Манас дүйнөсүнүн алтын дарбазасы ачылып, Сакең Манас айтып баштап, түгөнбөс Улуу Дастан уланат. Кылыч менен кыркылбас, найза менен жыртылбас. Түбөлүк бүтпөй турган.

Саякбайдын калган өмүрү Манас ааламына арналат. Бир кочуш дан миллион сап ырга айланат.

Ошондон соң Сакең жүзүнөн ырыс таамп жаш алды.

Кийин өз ыктыяры менен Кызыл аскерде жүргөндө Бухарага барып, ошол жерден өмүрүндө биринчи ирээт балдын даамын татып, ошондо гана баягы Орто-Токойдо оозуна келген акталган таруунун даамына окшоштурат.

Манас дүйнөсү өзү керемет дүйнө. Ал адатта арбак даарыган түш аркылуу аян берип келет. Эмне үчүн? Кандай? Бу илимдин тили менен да түшүндүрүп бере алгыс али туңгуюк сыр. Манасчы Манас айтаарда түштү эңсеп, түш дегдеп жашайт.

Улуу жомок өзү керемет түш менен башталат эмеспи. Манас бойго бүтөөрдө атасы Жакып түш көрүп, аны элге жорутуп, түлөө өткөзүп, ага арнап ак шумкарды байлайт. Ошондо түштү Акбалта минтип жоруйт эмеспи: «Кырк үйлүү кыргыз жакыр журт, сары адырмак, шабыргак белди табат экенбиз. О кудай, киндик кесип, кир жууган жерди табат экенбиз. Баана берип, жараткан элди табат экенбиз. Ушу түшүң чын болсо, кара калмак, манжуудан ажыратып алуучу бизге арстан бала табылат! Үзүлгөнүң уланат, чачылганың жыйналат. Өчкөн отуң тамылат. Өлгөн жаның тирилет. Ээй, чиркин, ар нерсе түшөт эсиме, кыргыз кайда, эл кайда, Жакып түштү көрүпсүң, элге жетер күн кайда. Чыйырды жолборстун жүрөгүнө талгак болот. Кийин Алмамбет баатырга жолугаарын да алдын ала түшүндө көрөт.

ҮРКҮНДӨ

  1. 1916-жылдын жазы кырсыктуу болду. Кыш катуу болуп, малдын өлүм-житими көбөйгөн эле. Өлбөгөнү жазга араң жетип, караламан калк өзгөчө запкылыкты көрүп, жаз чыгары менен жерге тырмышып жаткан учур.

Күндөрдүн биринде, айыл ичинде күбүр-шыбыр кеп тарады. Бардыгынын кабактары суз, жарпы жазылып, жайдары жүргөн эч бирөөнү көрө албайсың. Саякбай да айылдагы кедейлерден түзүлгөн бир топко барып кошулду. Ортосунда Ыбырай деген өзү теңдүү кедейлерге сөзүн айтып жаткан экен:

— Падыша жыйырма жаштан кырк жашка чейинки эркектерди солдатка алууга буйрук жарыялаптыр. Ар кайсы жерде күн көрүп, тоодогу кийиктердей тоо башында араң жашап жатсак, бай-манаптар, бий-болуштар болсо солдатка барсаң да барасың, барбасаң да барасың, ак падыша буйругун аткарбаска чама жок, деп элди кыстап жатыптыр. Көл башында кедейдин таламын талашкан Исмаил, Берикбай деген адамдар: «Айыл-айылга барбагыла! Бекер өлүмгө учурабагыла! Кол, курал-жарак жыйнап ак падышага каршы тургула!» деген кабарды жибериптир. Кана, туугандар, биз эмне дейбиз?

Ошондо олтурган эл орундарынан козголушуп:

— Калың журт эмне болсо, биз дагы ошондой болорбуз. «Жатып өлгөнчө, атып өл» деген. Бала-бакырадан тирүүлөй ажырап, кайда барып өлөбүз? — дешти.

Ыбырай элге ыраазы болуп:

— Болуптур эмесе, күч аттарды таптап, курал-жарак даярдагандай бололу. Бардык нерсебизди шай кылып, даяр туралы, — деп ордунан турду.

Эл дуулдашып, чоң маселе чечилгендей тарап жатышты.

Эл тим жатпай күнү-түнү тынбай, курал-жарак даярдай башташты. Айылдан айылга чаап жүргөн чабармандар көбөйдү. Солдат бербейбиз деген бир топ баштуу кедейлерди кармап, Караколдо атылды деген кабар угулду. Падыша тарабынан кыстоо барган сайын күчөй баштады.

Көп узабай калайык-калк дүрбөлөңгө түштү. Качуу керек деген сөздөр таралды. Бала-бакыра, кемпир-чалдарды Кытайга карай качыра берип, эр азаматтар жоо менен беттешүүгө топтолуша баштады. …Атаат заман, кой үркчү эле, жылкы үркчү эле, бу ирээт кыргыздар үрктү. Куралдуу солдаттарга каршы уруша албастыгына көздөрү жеткенден кийин жабыла кача баштады. Эр азаматтар артта калып, элди коргогондой болот. Ашуу ашып, таш басып, күчтүүнүн күнү тууп, алсыздын алы кетти. Жөө басып таман ооруду. Жүк арткан унаа жооруду. Малдан, дандан ажырап, оору-сыркоо бардык жагынан тооруду. Ошондо Саякбай мындай деп ырдайт:

Жүктөн ооруп белибиз,
Жалдырады элибиз.
Байланды белем багыбыз,
Сынды белем шагыбыз.
Ошол учурдагы, үркүндөгү эл-журттун көргөн азабын С.Каралаев сай-сөөгү сыздап жазат. Мындагы «кайран эл» деген сап улам кайталанып, карыя акын Ысак Шайбековдун «Кайран эл» поэмасына өтө үндөш сезилет.

Жол билгени ашууга,
Баштап кетип баратат.
Алсыздарын талаага,
Таштап кетип баратат.
Ийинине жүк артып,
Кесип кетип баратат.
Атасынан баласы,
Безип кетип баратат.
Бүт дүйнөнү кайран эл,
Чачып кетип баратат.
Бир журтуна эки күн,
Жатпай кетип баратат.
Жер үстүнө кайран эл,
Батпай кетип баратат.
Кайыр сурап кээ бирөө,
Карып болуп баратат.
Талаада өлүп мал калса,
Жешип кетип баратат.
Тобокел кылдык, шүкүрлүк,
Дешип кетип баратат.
Кеч күздө сууктан, ачкадан, ашуудагы муздан тайгаланып өлгөндөр да болгон.

Астын тосту чоң Музарт –
Суудан чыгат калың буу,
Дайраны бөгөп көп өлүк,
Ар жактан чыгат кайгы чуу,
Музарттан кечип өтө албай,
Кыйналып турат элибиз.
Оюбуздан түк кетпейт
Туулган өскөн жерибиз.
Ошондо кыргыз намысынан кайтпай, каршы чыгууга бир топ эр бөлүнүп чыгып солдаттар менен согушуп, кан төгүлөт орто жолдо.

Беш жыгачтын башын бууп,
Сайма кылды кайран эл.
Борбуй ундан коюулап,
Жарма кылды кайран эл.
Андан ары барып кытай тараптан бир жактан калмак кутурду.

Бул бурут деген журт деп,
Бирин койбой курут деп,
Калмак салды балааны,
деп калмактардын кош азуусуна туш болгонун жазат.

Качып тентип бириндеп,
Өлүм түштү санаага.
Асты кетти көрүнбөй,
Үрүмчү, Манас калаага,
Тескери карай бурулдук,
Үч-Турпан жана Кашкарга.
Үч-Турпанга барганбыз,
Мээнетке минтип калганбыз.
Андан ары Ак-Сууга келип Мамбетакун деген уйгурга жалчы болгондугун ырдайт.

Ал колунда үч жүз малайы бар, адамды малга айырбаштаган «кутургур» бай, ташбоор адам экен. Ошентип, тоё тамак жей албай, канча иштесе да ит ордуна көрбөгөн зордук-зомбулукту баштан өткөзүп жатканда падыша тактан кулаптыр деген кабар келет.

Анан өз эл-жерин, элин сагынып кайра кайтып, тентиген эл чогулуп Теңир-Тоосун көздөй теминип жолго чыгат.

Киндик кесип, кирди жууп,
Толготуп эне тууган жер.
Алдейлеп эне өстүрүп,
Кир көйнөктү жууган жер.
Адыр болуп, калкайган
Атадан калган мураа бел.
Бул жерлерди көргөндө,
Буркурап ийди кайран эл.
Эки жыл мурун жеримди,
Каптаган эле калың сел.
Элдин баарын бүлүнтүп,
Соккон эле катуу жел.
Жел аргы жүрүп чачыптыр,
Күндүн бети ачылып,
Тоо башында ак кар, муз,
Аябай эрип жатыптыр.
Жер жаңырып, күлүңдөп,
Октябрь нурун чачыптыр.
Жердин бетин түрлөнтүп,
Кызыл гүл гүлүн ачыптыр.
Курчап жаткан булуттун,
Бирөөн койбой чачыптыр.
Ошондо туулган жер, тууган энени сагынып келаткандагы сезимин манасчы минтип толкунданып эскерет.

«Маңдайыбыз жарылып, көңүлүбүз ачылып, жол жүрүп келе жатканыбызда суу, тоо-таш өзүнүн тилегин тилегенсип жатты. Кубанчыбыз коюнга батпай илгери карай жүрдүк. Андан ары жүрүп, Арын-Көл аркылуу өттүк. Анда келгенде жер атанын азыгындай, эненин эмчегиндей көрүндү, элдин көңүлү уйгу-туйгу болуп бөлүндү. Өзөн-өзөн тартып, жайылып жаткан жерди көргөндө чекеден тер кетип, аябай кубанып турдук. Элсиз ээн калган жер элди көрүп, көңүлү ачылып, күлүңдөп тургансыды. Андан ары көз жүгүртүп карасак, өзүнүн атыр жыттуу агымын аска-зоого жиберип, чалкалап Ысык-Көл жаты. Бул көлдүн атыр жыттуу жели беттен сылап, бизди эркелетип тосуп алгандай болуп турду. Кайран жерибизди көргөндө аргасыздан баштан өткөндү ойго салдык. Баатыр эне чын толготуп, бизди тапкан жер бир чыбыкты ат кылып, калдырканды куш кылып ойноп көңүл ачкан жер. Бул ойлор эсибизге кылт түшүп, илгери карай адымдап жүрдүк. Үргүнчү, Капкак, Чоң- Турак, асты жагы Адыр-Төр, ар жагы Айгөй, тескейи чалкайып Сары-Жаз жайлоосу жаткан экен. Жайлоо болсо, ушул Сары-Жаздай болсун. Адам көңүлүн ачып, аң уулап жүрө турган жер эмеспи. Жайлоонун кеңдиги эркин элге эс алууга өтө ыңгайлуу жер».

Ушул Сары-Жазды көрүп, келбети көңүлүнө толгондо кудум эпостогудай ырдаганы:

Көрүп көңүл эриди
Ал Сары-Жаз жеримди
Адыр-адыр көрүнүп,
Адыраңдап дыр коюп,
Аркар-кулжа бөлүнүп,
Эчки-теке, каман бар,
Өндүрүндө талы бар.
Тоосунда аппак кары бар.
Токоюнда чары бар.
Ушул өңдүү токойдо
Жан бүткөндүн бары бар.
Оро-Башы, Чокмор-Таш,
Ошондо кызык аралаш.
Жерди көрүп өзгөчө,
Көңүл санга бөлүнөт.
Суусап эмген эненин,
Эмчегиндей көрүнөт.
Бүркүт-Ашуу, Сары-Таш,
Үч-Көл менен Сары-Чат.
Кош-Кара-Бел майда адыр
Алкымы болот Майлуу-Баш.
Эңгилчек менен Кайыңды,
Эми таптык дайныңды.
Бедел менен Ак-Шыйрак,
Эшек-Ат менен Тарагай,
Жаман-Эчки, Кара-Сай,
Кара-Кужур, Чоң-Балгарт,
Арпа менен кең Ак-Сай
Суусамыр менен Соң-Көлдү
Ата-баба жердеген.
Көркөмдүү келген Каркыра,
Көз жетпеген кең жайлоо.
Жайдын күнү кетпеген,
Тоо-тоосунда музу бар.
Ар коктусу булак суу,
Булакта кашка тузу бар,
Карагай бар, талы бар,
Адамга керек баары бар.
Элим чыгып эркиндеп,
Сүйүнүп жаткан чагы бар.
Тону, ташты көп көрүп,
Ар кулпунган чөп көрүп,
Ашуу ашып, суу басып,
Жүк көтөрүп, жөө ташып,
Жер-сууну көрүп оолуктук, – деп улуу манасчы октябрь ыңкылабын да ырга кошуп жазат.

…Булут салып көгүнө, бугун артып көлүнө анан Сакең кайтып келди элине.

КЫЗЫЛ АСКЕРДЕ

  1. 10. …1918-жылдын башы. Кыштын кычыраган чилдеси өкүм сүрүп, ызгаарын төгүп турат. Сууктун катуулугунан карыш жер көрүнбөйт. Мээни тызылдаткан ызгаардуу жел жүрүп, каман кулак учуп турган кез. Бубак биринин үстүнө бири жабыша бергендиктен, бир тал чий жеңдей болуп көрүнөт. Карга, сагызган асманга эбелектеп учуп чыгат да, сууктун катуулугунан алыска уча албай, топ этип жерге түшүшөт. Каарын тиккен кандай катуу кыш! Тизгин-чылбыр кармаган колду силкип алганча, манжаларыңдын учтары тикенек менен сайгандай тызылдайт. Бирок, кыш канчалык катуу болсо да, жигиттердин бүткөн бою ысып, көк буу чыгып, тердеп турар эле. Анткени, биздин партизандык отрядда азык-түлүк жетиштүү болчу. Мен ошо кезде партизандык отряддагы командир Крыльцов командалык кылган биринчи эскадрондо элем. Бул эскадрондо кыргыздан мени менен бирге Адамгалый Байбатыров, Момун Карабаев, Айдаралы Камбаев, Маке Кыдырбаев, Төрөбек Сулайманов, Мамбет Сүйүмбаев, Чогомбай Талканчиев, Күчүк Эркетаев деген жолдошторум да бар болчу. Биз Чонжу, Чочоной, Шумкар, Кетмен, Калжат, Малыбай, Атамкул деп аталган жерлерди ээлеп жаткан элек.

Чилденин кырчылдап турган ушундай ызгаардуу суук убагында актардын атаманы Анненков көп кол менен Кытай менен чектеш Жаргент шаарында уруш баштады.

Атаман Анненков мындан пайдаланып, казак орустун Жылаңач деп аталган чоң кыштагы аркылуу үч жүз казак орусту өткөзүп, Пржевальск шаарын ээлеп алууга жибериптир деген кабар биздин партизандык отрядга келип жетти. Мына ошо кезде эскадрондун командири Крыльцов жолго чыгууга бизге буйрук берди. Алеки-саатта даяр болдук. Крыльцовдун баштоосу астында Куулук, Тор-Айгыр деген ашууларды ашып, Ысык-Көл өрөөнүнө түштүк. Кечинде Тасманын жонуна чыктык. Ушу кезде тиги келген казак орустар үчкө бөлүнүптүр. Пржевальскийди ээлеп алуу үчүн замбиректи үстөкө-босток дүңгүрөтүп атып турушкан экен. Ат коюп шаарга кирүүгө да даяр болуп калышыптыр.

Биз Жыргалаңдын боюна келгенде душман менен беттештик. Эчен жерде кылыч менен кырчылдата салгылаштык. Душмандын эчендеринин башы топтой учуп түштү. Бизге көп туруштук бере алышпай качып жөнөштү.

Ошентип, Пржевальск шаарын душманга алдырбастан, алардын тымтыракайын чыгардык. Калган-катканын туш-тушка качырып кирдик.

…Мына ушинтип сүрөттөйт ошондо аскерде жүргөнүн улуу манасчы.

Ошентип жоо менен атчан да, жөө да салгылашуунун адистигине машыгып, миңдеген киши казармада жатабыз. Кээ бир түндөрдө баякы жолдошторум чогулуп алышат да, мени ортого алышып:

— Кана, Саякбай, сен эми көңүлдү көтөрчү, чарчаганыбыз эстен чыгып кетсин. Башыңан өткөндөрдү, жаш кезиңде көргөндөрдү, кандайча манасчы болгонуңду жипке тизген шурудай, моокуну кандыра айтып берчи, — деп кысмакка алышар эле. Кайран жигиттер, илебине нан бышып, шаңкылдай күлүшүп, алакандарын чапылдата чаап турушар эле.

Ошондо мен мындай деп баштар элем:

— Көкөтөйдүн калмак, кыргыз көп жыйылган ашы болгон экен. Көп балбандар башчы болуптур. Найза саюучу мыкты да, айла таап журт багуучу ыктуу да келген экен. Ашта калмак менен кыргыз бет болуптур. Кыймылдаган адам көп болуптур. Коңурбай кордук көрсөтүп, Жолой тик качырып зордук кылган экен. Ырчы уул ырчы болуп, Манжунун Эскарасы эбегейсиз сынчы болгон экен. Чыр жокто ашта чыр чыгарышыптыр. Тиги Коңурбай менен Жолой кыргызды чаап жана талап алсак деген сыр чыгарып, жон көргөзүп, чоңдук кылып, ашты талап, адамды сабап, мүлктү бүлдүрүп, колун сунуп турушкан экен. Мына ушул көрүнүштү Суранчы абам мындай айтар эле деп мен да ырдап жиберер элем:

Ушу атың Маникер,
Айгай укса шашпаган,
Азар түмөн дуу болсо,
Асман жарган чуу болсо,
Бир изин ката баспаган,
Бугудай мойнун бураган,
Бута бою аң келсе,
Буйдалбастан чураган
Буудандыгы бар экен.
Айткан сөзгө көнүңүз,
Ачууланбай, жинденбей,
Маникерди бериңиз.
Беремжисин[1] салынып,
Берендер минер мал экен.
Алтын-күмүш артууга,
Эсенканга тартууга
Ылайыгы бар экен.
— Айдын теңи караңгы, теңи жарык. Кезек экөө, өлүм бир. Ачтын тогу, арыктын семизи болот деген, балдар, көп капа болбогула. Турмуш оңолуп, кедейлердин маңдайына да бир бакыт жазылгандыр. «Ынтымактуу эл дөбөнүн башындагыны алар. Ынтымагы жок эл өзүн-өзү шорго малар». Анысыгандай ынтымактуу болгула деп акыл, насият сөздөрүн айтып жатты, — дегенимде, Адамгалый Байбатыров ордунан ыргып туруп: «Ой баракелде, Саке, айтканыңда эч калет жок. Миң күн көргөн азапты бир күнкү оюн-тамаша менен жууп, тазалап жибересиң», деп үнүнүн бардыгынча кыйкырып «Узак жашачы, узун өмүрлүү болчу!» деди.

…Шагылы болбой зоо болбойт, шайыры болбой эл болбойт демекчи, Сакебиз аскерде жүргөндө да өнөрпоздугунан жазбаган.

ҮЗӨҢГҮЛӨШ

  1. Белгилүү баянчы, темир ооз комузчу Адамгалый Байбатыров менен аскерде бир болуп, ырдаса үндөш, жолдо үзөңгүлөш жүрүп ал тууралуу минтип эскергени бар.

…Адамгалый жигиттин жигити, адамдын гүлү эле. Мен жомок айтып, «Манасты» ырдасам, ал баянды алып кыргызча, орусча, татарча, казакча эчен күүлөрдү түрдөнтүп ойнор эле. Бул жолу да ал кыягын колго алып ойноп жиберди. Менин аңгемемди угуп олтургандар а-алашып, бабалашып орундарынан турушту. Адамгалыйдын орусча ойногон күүсүн ээрчип, айрым аскерлер жерди тепкилеп бийлешти. Уюп калган кандарын таратып, муун-жүүнүн жазышты.

Адамгалый кыякты коё коюп, ооз комузун ойноду. Укмуштуу кагар эле. Комузду оозунун ичине салып жиберип, тили менен кагып, ышкырып, ышкырыкты эки алаканы менен күүлөп миң кубултуп жиберчү.

Музыка токтогондо, жоокерлердин бака-шака түшкөн кыймылы да токтоду. Эчен улуттан куралган жоокерлер тамак ичүүгө кириштик.

Убакытты өткөзүш үчүн караңгы түндө эрмек керек болду. Кандай эрмек, эмне кылуу керек? Кыргыз, казак, орус жититтер ичинен Адамгалый Байбатыровду ортого алышты да: «Тарт кыягыңды! Ырда! Бий күүлөрүн ойногун! Азырак жер тепкилеп, бүткөн бойду жазабыз!» дешип дуулдашты.

Адамгалый маалкаткан жок. Кыягын алып, боосун ийнине илди, бирок эмне үчүндүр тамашага айландырып, татарча жана орусча сөздөрдү аралаштырып: «Ну, ипташлар, лучше сурамаңыз, я говорю вам, ич булмый» деп олтуруп алды.

Кээ бирөөлөрү: «Кыйратып жиберчүдөй жана ооздон чыга электе кыягыңды алдың эле, тартар болсоң, тартпайсыңбы!» дешти.

Адамгалыйдын бул жоругу тамаша экенин билип турабыз…

«Олуята казагынанмын» деп жүргөн ичибиздеги бир казак жигит Чиркинбаев шайыр, тамашакөй эле. Андай шайыр кишилер оюн-зоокко ырга ыктуу, күүгө шыктуу болот. Ал Адамгалыйдын жанына жакын келди да:

— Э, жолуң болгур! Кара көздөрүнөн караңгыда жарык чыгарып турган ушул азаматтардын демин суутуп, маалкатканың кандай? Тарт кыягыңды! Кошулуп ырдап да берем… Ойнобосоң чыныңды айтып, кыягыңды кучактаба! Кана, жолдоштор, мен ырдап берейин. Ырым менен күүмдү укканда, мына бул Адамгалыйдын кыягын тартпай чыдап турганын көрөрбүз, — деди.

Адамгалый ушул убакка чейин укпаган күүгө салайын деп ырдап жиберди. Чиркин ай, анын үнүнүн сонундугун айтпа! Аргенден кем эмес!.. Караңгыда Чиркинбаевдин жүзүн көрбөсөк да, ырды көркүнө келтирип жаткан, обон чыккан оозуна тигиле карап, кулагыбызды тостук.

Бирок, тилекке каршы, Чиркинбаев ырдаган ырынын аягына чыга электе старшина келип калды да: «Токтот! Жоокерлер, атка мингиле!» — деп кыйкырды.

Бул буйрукту эки кайталатуу бизде жок.

…Ошентип обону үзүлүп, обдулуп турушуп, оболу буйрукту аткарууга шашылышат.

КАРМАШ

  1. 12. Сууктун катуулугу ай! Кирпик менен мурутка тоңгон муз, камчы саптай боло калат. Козголуп койгондо калдыр-шалдыр эте түшөт. Тизгин колго жабышып, бүткөн бой куушурулат. Эмне кылуу керек? Жылынуу керек. Кантип? Үзөнгүнү чирене тээп, аттын башын алчактатып, кетип бара жаткан киренин бирде алдына, бирде артына чаап жүрөсүң. Кыймылда жүргөндө жылымак турсун, тердеп да кетет эмессиңби. Анын үстүнө тиги спирт куюлган челектер кетип бара жатпайбы. Керегинде жылып да алар элек дейт Сакең.

Ошондой Саякбайдын эч нерседен коркпогон тайманбас мүнөзүн байкап, бөөдө кырсыкка эрте учурап албагайле деген Момун аттуу кыргыз жигит минтип атпайбы.

— Садага болоюн Саякбай! Ойду-дөңдү карабай, жинди болгон эмедей алга карай умтула бересиң. Корголдой болгон коргошун башыңды жара коюшу мүмкүн. Көп эле оолуга бербей атыңдын башын тарта жүрчү. Өлсөк бир чуңкурда, тирүү болсок бир дөбөдө болгондой бололу.

— Ай, Момуке ай! Мылтык атып, кылыч чаап тоо бузалы. Тагдыр жетсе корголдой окко учалы. Эл үчүн курман болсок мейли! Эл үчүн эринди кесе тиштеп, кылычты кыя байлап, арстандай аралап топ бузгандан жакшы эмне болсун! Маңдайлашып турушуп, мылтык атып, найза сайып, бир тирешип көрөлү. Мылтыгыңды камда, кылычыңды суур, белиңди бекем курчан, демиңди ичиңе ал, Моке, — деп Саякбай жооп берет.

Душмандын аскерлери Дутовдун, Анненковдун, Колчактын командачылыгы астында жерге батпай, уюктагы аарыдай кыжылдайт.

Эскадрондун биринин начальниги Мамбет Сүйүмбаев болду. Баарыбыз эки миң беш жүз адам элек. Анын беш жүзчөсү кыргыз, казак элек да, калгандары негизинен орус эле. Баары аралашып бир ата-эненин балдарындай болуп кетишти.

Уруштун кандай болгонун сөз менен айтып түшүндүрүү эң кыйын. Мындай салгылашууну ылайым бендесине бербесин. Асманга кар аралаш топурак учуп, күндүн көзү көрүнбөй калды. Күндүзгү күн түнгө айлангандай болуп кетти. Анткени улуу манасчы ырдагандай

Жер казылып оюлуп.
Ажалдуу адам союлуп,
Колотторго кан толуп,
Бошчулук менен тынчтыкты,
Бир көрүүгө зар болуп,
Эрен өлдү, ат өлдү,
Кылангар көзү жумулуп,
Ажалы жеткен бат өлдү,
Колотко чуулдап эл толду,
Дөбө түзөң жер болду.
Калк согушу башталды,
Асты калың кара жер,
Кулап кете таштады.
* * *

Капалга келгенде Анненковдун алты миң жоокери качып келип, кол берип багынган менен, Дутовдун аскери жапондордон жардам алып, айбатынан кайталек. С.Каралаев кызмат өтөгөн аскер бөлүгү, убактылуу эс алып, аларды түрктөрдөн турган жоокерлер алмашты.

…Кыпкызыл болгон бетеге аттын омуроосуна чыга өскөн экен. Каркыра менен тоодактар аралаштырып койгондой жердин бетин каптап жүрүшөт. Жеринин табигый байлыгын сураба! Өзөн-өзөн аккан суулар, аны бойлоп өскөн кайың менен тал жыш экен. Жердин соорусу экен. Балтыркандуу шиберинен элик бакырат. Укмуш. Карап туруп көз тойбойт. А тетиги аркайган таштарынан кулак тундуруп улар чакырат.

Бул жерде тыныгып жатканда абалы абдан жакшы болуп, жаңы өтүк, жаңы шинель кийишип, ээр токуму бүт жаңырып, атыр самындар менен көк кашка сууга түшүп, тамак-аш мол болуп, аскердик оюнду ойноп, тиешелүү машыгууларды өткөндөн кийин эркин эс алып, кээде тынч олтуруп эчен-эчен жомокторду айтып, өткөндөгү эрлерди, жыргал менен кууралды эске түшүрүп, ат эс алып ык болгон, жоокер эс алып бук болгон күндөр да болду.

Командири баш болуп, кыргыз менен казактан келген жоокерлер алы-жанын койбой, жаны-каны бирге курбулар. «Саке, айланайын, көп эле оолугуп алга кетпей жүрчү. Ок жолу ичке болсо да, жаңылбай койбойт. Сенин тирүү жүргөнүң биз үчүн аябаган чоң бел. «Манасыңды» уккан жоокерлер жоону кутказбай алуучудай кайраттанып, качырып кирип кетчүдөй болуп обдулуп турушат. Айт Саке! Токтобо! Буулукканыбыз жазыла түшсүн» — деп кысымга алышат.

…Саякбай ошондо күпүлдөп «Манасты» айтар эле. Кудум Күндү өңөрүп кетчүдөй. Үнү кудум көктөмдү жарып чыккан, жер көгөрткөн жамгырдай. Бирде эчен түрдүү эрдикти көрсөткөн жоокерлер жөнүндөгү улуу жомокторго да түшүп кетер эле.

Кечкисин күпүлдөп дастан айтып, түнкүсүн көп жоокердин түшүнө кирип жүрдү.

[1] Беремжи — төөнүн терисине кебез менен кумду шитерип туруп, найза, ок өтпөс үчүн көкүрөккө байлануучу буюм.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *