Чоюн ӨМҮРАЛЫ уулу

I БАП жана Уңгу тууралуу учкай кеп о.э. II БАПты ушул шилтемелерден табасыз

III БАП

(Көчмөндүктөн көчмөндухка)

Кара журтум кайраттангын, Эл Мамлекет заңын бузба.

(Байыркы түрк жазуусунан. Элегештеги эстелик)

Люди забывшие основы собственного общежития обречены на то, чтобы постоянно принимать поправки к собственным законам.
Платон

Содействие анархии является высшим, вернее, единственным преступлением против государства, ибо оно включает в себя все остальные государственные преступления…
Гегель

БАШАТ

Коом бирде демин ичине алып тымып, бирде жанарын сыртка буркан-шаркан чыгарып өнүгүп келет. Ал дайыма кыймылда. Аккан Дүйнө…

Акыйкатта, сырттай карасаң, эки башка өңдүү туюлган бу коомдук кубулуштар тээ тереңинде бир бири менен тепчиле байланышканы ак. Ал байланыш эгерим, Дүйнө бүткөнү үзүлбөйт да, сүзүлбөйт. Универсал мыйзам. Андыктан акылмандар байыртан: «жеңиштин өзүндө жеңилиш жатат», «кайгынын арты кубаныч», «уй пул болоор, кул бий болоор», «артыкча дүңгүрөгөн аягында мүнкүрөйт» деп ошол кубулуштардын Жолу улуу ТЕҢ ортосун – Алтын Ордосун кармоого сабырлуу чакырык салышкан экен. Дүйнө өзөгүнө өткөн Жолду нускаган экен. Калктын кайнар рухунан сырт калган жан адатта ошол кубулуштардын чет кыйырларында серпилип кыйрап-жоголбой, сырткы чагылышын кармайт да аны абсолют акыйкат санап бир тарап тыянакта калат, чектелип мүчүйт. Демек Кан Жолдон кайыйт. Диалектика айткан Жолдон тайыйт. Андыктан акылмандар мындай учур тууралуу дагы минткен: «Бастырганды билбеген Жолду бузат, баштаганды билбеген Элди бузат». Ал эми Жолду сактап Элди башташ үчүн байыркы ташта бадырайта жазылгандай, Эл, Мамлекеттин заңын бузбоо, шарт! Аны бузбаш үчүн ошо Элдин жан Конституциясын таануу, табуу шарт. Ушинтип Мамлекет маселесине арналуу келебиз.

Мамлекет маселеси дайыма актуалдуу. Ал азыркыдай коом аңтар-теңтер түшкөн заманда эле эмес, жай заманда да актуалдуу. А балким буюккан бу кезеңдегиден да актуалдуу, анткени бу окуялардын түйүлдүгү кечээги күндүн курсагында түйүлөт. Ошояктан шартталат. Себептин көрүнбөс тереңи ошондо. Диалектикалык катышта алар. Демек, Ленин айткандай бууракан революциялуу кезеңде эле эмес жай заманда да ар күнү, ар маселеде, мейли ал экономикалык же саясы маселе болобу, «Мамлекет деген эмне, анын манызы не?» деген суроого кайра-кайра каптала берээр болгон соң ага мезгил бийигинен туруп жооп издемек да шарт. Өз кыртышыбыздан чыгып… Анткени, Мамлекет деген түшүнүктүн буга дейре берилген аныктамалары отурук кыртыштан гана туулган чен өлчөмдөргө таянып келет.

Эсеби, Энгельс пикиринче мамлекет уруулук коом кыйраган соң гана пайда болот. Мамлекеттик түзүлүш ошондон соң гана келип чыгат. Аны уруулук коомдон айырмалап турган эң башкы үч белгиси бар.

Биринчи, анда кандаш уруучулдукка эмес, аймакташ жалпылыкка негизделген территориялык бир биримдик бар.

Экинчи, коомдун бир бөлүгү экинчи бөлүгүнөн өзүн бөлүп алардын үстүнөн бийлеп алган саясы бийлик аппараты бар.

Үчүнчү, ошол бийликтин кармалып турушу үчүн такай жыйналган салыгы бар.

Ушул классикалык калыпка сыйган саясы биримдик гана мамлекет аталууга татыйт. Болбосо жок. Андай болсо байыркы баба эмнеге: «Эл, Мамлекет заңын бузба» деп кылыч миздеп кылым ташка улуу осуят чекти экен? Ал эмне мамлекет? Аны көчмөн кандай түшүнгөн? Ал түзгөн саясы биримдикте же көчмөн мамлекетте жогорку үч белги сакталабы, дегеле ошондой болушу мүмкүнбү? Эгер баба осуяты чын эле өзүндө улуу кудурет уютуп турбаса, жалаң: «бириңди бириң чаап тын, алсызыңды алдууң же» деп кылычын кыйратман рухка сугарган болсо, анда урпагы уланып бу күнгө катар жетер беле? Жан аруулугун жарлаган жаратман Манас руху келечекке өтөөр беле? Андай болсо бая биринчи бапта айтылган Батыш билген байыркы примитив уруучул же «первобытная демократия» аталган сырт тегиздикте кайып калбай ички тереңдиги Теңирге өнүккөн руханий коомдогу мамлекеттин маңызы кайсы, эмнеде? Эгер ал болсо, анда миң жылдап менталитетте калыптанган, калыптаган улуттук мамлекеттин уңгу философиясы эми келечегибизге жарыгын чачууга жарамдуубу? Улуттун уңгутагдырын сактайбы? Заман зарылган суроо ушул. Көчмөн мамлекеттин өзгөчө мүнөз-заңын түшүнүү ушул учун зарыл.

Ырас, кезинде Ленин «Мамлекет» деген түшүнүк эң татаал, терең экенин, анын тегерегинде канча бир карама-каршы аныктамалар айланып тураарын айткан. Отурук калктын өзүндө да ага мамиле ар кыл. Платон, Макиавелли, Гегель, Гоббс, Локк, Дидро, Фихте, Монтескье, Маркс, Энгельс… Бир эле ушул ысымдардын өзү эмнеге тең.

Платон: «Полис индивидуумдан бийик» деген экен.

Гегель: «Чыныгы мамлекет аң-сезимделген» дептир.

Гоббс мамлекетти Библиялык жырткыч Левиофанга салыштырыптыр.

Марксчылар бир таптын экинчи тапты эзүү үчүн ойлоп тапкан куралы дешкен.

Ал эми кыймылдуу көчмөн мамлекет тууралуу атайын кеп жок, алардын калыбына сыйган эмес. Тек, «аскерий демократия» деген аныктама менен чектелген. “Аскерий”, анткени анын жашоо формасы – сырткы элди чаап байлыгын тоноо, өз ичинде букара эзүү, колбашчы менен чоролорунун ооздуксуз чексиз бийлиги. Жыйынтыгы: эл демин кескен эзүүнүн өзгөчө органы. Жумур баштын көбүндө азыр ушул инерция ой. Башкача айтканда варвар сырт. Бу алдамчы сыртты Манас ааламы канчалык чет кагаарын дале айкөлдүк кылып кенебей келебиз. Ал эми анын бая айткан көйгап ичи – Нарк, Салттуу коомдогу руханий тегиздиги капарыбызга да келбейт. Акыйкатта адат, салт, нарк, авторитет, тартип жөн эле турмуш муктаждыгынан жаралган сырткы уюмдашуу формасы эмес, Кудайга умтулган ички энергиянын укмуштуу силкинишинен төрөлгөн эргим. Теңирий зарылдык! Батыш аалымдары так ушуну түшүнгөн эмес, алардын мамлекетти «бир территорияга» байлаган чээнкамал отурук көз карашына кыймылдуу мамлекет сыйган эмес.

«Эң эзелки Түрк, кийинки Угуз, Кыргыз доорунда улам өркөнү өскөн элди куруу, башкаруу тартиби өтө билги иштелип чыккан экен. Топ-топ айыл аймактарга (уйумак), аймактар таптарга (же тайпаларга), тап урууларга, уруулар улустарга (үлүш) бириккен. Айыл башчысы аксакал, аймактыкы ага, таптыкы бий, уруунуку ороз, үлүштүкү кан аталып, ар бир кан элин башкарууда эриктүү болуптур. Заман-доор мүнөзүнө ылайык сырткы жоо күч алганда, же үлүштөрдүн ичинен не атактуу, не түптүү, чыгаан билги кан чыкканда калган үлүштөрдү өзүнө бой сундуруп, кандардын каны же Каган атын алыптыр. Улуу Мамлекет – Каганат куралыптыр. Көчмөн доор мүнөзүнө ылайык үлүш да, каганат да өтө «кыймылдуу» болгон. Аймак кеңип тайпа атанып, тайпа урууга өсүп, уруулар жаңы үлүш түзүп, үлүш каганатка өтүп, биринин атына бири куюп, биринин атын бири жоюп, бир жери буюгуп бууракандап жээгинен аша серпилип ташып бөксөрүп, бир жеринен кыр чыгып чокуга өсүп, да бир жери тереңине күч топтоп дымып, да бир жери куркурап куюгуп түбү оңурайып… көчмөн дүйнө көөрүгүн кызытып күрр-шарр түшүп сапырылып кайнап жаткан экен!.. Кечээги эле зор үлүштүн бүгүн аты угулбай ордуна жаңы ысым чыгышы, опол тоодой каганат көчүп ордуна такыр башка каганат турушу сырткы көзгө көчмөндөрдүн бирин бири жоюп, кырып, мамлекетин тыптыйпыл талкалап, жаңы мамлекет тургузуп жаткандай көрүнгөн. Бул отурук элдин кыр кырда кыйкуулап чапкан көчмөн элдин дүбүрттүү коомун өзүнүн чээндеги «кыймылсыз» көз карашына салып өлчөгөн эң чоң, эң негизги жаңылыштыгы болгон. Бул процесс эң абалы, теги (түрк), дини (КөкТеңир), салт-санаа, жашоо көйүнүн жалпылыгынан улам кызыл кыргынсыз, көчмөнчүлүктүн диалектикалык мыйзамына ылайык табигый мүнөздө жүргөн. Ошол агымдын түрпүн байкап, билги багыттап ченеп чечкен жумуру баштуудан не бир чечендер чыккан. Чечен ал кезде акылгөй, билги эле эмес, бийлик эгеси да болгон. Ырас, ошол эле мыйзамга ылайык ич ара кактыгыш, чыр-чатактар да болбой койгон эмес. Бирок сырткы шарт – көчмөндөрдүн эң эски, күчтүү коңшу жоолору Иран, Урум (кийин Византия), Чын мамлекеттери менен ар дайым алакада болушу, пейилин байкап сак турушу, өзүнө ыңгайлуу учурда жортуулдар жасашы алардын түп ордонун каруу-күчүн, ырк-бирдигин качан да болсун көздүн карегиндей сактоосун зарыл шарттаган. Эгерде мындай болбогондо, көчмөндөр бирин бири мууздап тынганда байыркы дүйнөнүн «үч көзүрү» (великая ось) атанган улуу мамлекеттерин үч жакка керип Евро-Азиянын байтак кыйырында көчмөндөр цивилизациясы түзүлмөк эмес да, ушул зор кеңдикте тарых такыр башкача өнүкмөк, дүйнөнүн бүгүнкү сүрөтү алдагачан башкача болмок… Кезинде улуу Бичурин көчмөн доордун ушул кыймылдуу мүнөзүн кыраа байкап минтип жазган экен: «Борбор Азияда тээ эзелтен эле элди бөлүп башкаруу ыкмасы колдонулган, башкача айтканда мамлекет бир нече майда бөлүктөргө бөлүнгөн, кыябы келгенде алар бири бирине куюп же кайра ажырап дегендей жаңы мамлекетке биригишкен. Мындан тышкары монгол эли эл наамын бийлик башындагы ордо ысмынан ооштуруп алган. Бир эле эл Хунну ордосу тушунда Хунну деп, Туулга (Тюкю) ордосу тушунда Туулгалыктар деп жана Монгол ордосу алдында Монгол деп өзгөрүп айтыла берген. Муну дагы бир башка ордо багындырмайынча ушинтип айтылганы айтылган. Өйдөкү эки шарт гректерге белгисиз эле. Батыш Европа аалимдери мунун биринчисин билбей, экинчисин элес албай, ушундан улам эл ысымдарын чаташтырышкан. Жарымды бүтүн санап, жамыны түтүн санап алган жаңылыштыгынан улам элдин бирде тартылса, бирде ташкындап турган таңгалыштуу табышмагына тушугуп, аны түшүнө албай дел болушкан».

Ооба, дел болушкан! Анткени алардын «мамлекетти бир территорияга байлаган» кыймылсыз каткан көз карашына ал кармалбай караан үзүп дуулдап куланүйүр жарып кеткен. Мухиттей оодарылып улам ар кайсы өркөчүнөн ар башка каганат өскөн удургуган бу сырлуу улуу кыймылды алар эч качан түшүнгөн да эмес, түшүнө да алмак эмес! Көчмөн мамлекеттин Батыш аалымдарын дел кылган сыры мында эле эмес эле. Алардын ички табиятынын өзү да эки башка эле. Келиңиз, анда эми анын жанын, данын, эмкиче айтканда фалсафий маңызын эмне аныктайт, ошону ойлонуп көрөлү. Албетте, дагы өз кыртышыбыздан чыгып. Анткени, ошол эле биз суктанган, ар кадамыбызда айныбай мисал тарткан монтескьелерибиздин өзү деле акыры барып ар бир мыйзам ар элдин жан табиятынан, тамандырык кыртышынан табылаарын айткан эмеспи. Ал өзүнүн жазганын да «О духе законов» деп атаган эмеспи.

Белгилүү, отурук коомдо мамлекет түбү шаар, калаадан башталма алган. Жан жагындагы элди уютуп «шаар мамлекеттер» атанган. Батышта да, Чыгышта да. Арийне, жерге жеке менчик орнобогон отурук Чыгыштагы башкаруу бийлиги борборлошкон кубаттуу зор мамлекеттердин тарыхы-табияты Батыштагыдан айырмалуу. Бирок жерге жеке менчик болбогону менен да, Маркс айтмакчы, тамчы сууга андан зарылган, бир аймакка байыр алган да, байланган да мамлекеттердин мазмунунда алар менен жалпы үндөш жагдайлары да кыйла. «Чыгыш деспотизми» деген түшүнүк деле жердиги бекер чыккан эмес. Ал эми мамлекеттүүлүктүн классикалык формасы калыптанган деп саналган Батышка карасак анда мунарланган замандардан балбылдап коому кош тапка так ажыраган байыркы грек полистери жана Рим мамлекети бадыраят. Кийинки Искендер -Македонскийдин монархиясы, же Рим империясы социалдык-экономикалык жашоо мүнөзүндө өзүнө чейинки полистердин табигый уландысы катары чыкты.

Батышта, «граждандык коом» жана «мамлекет» түшүнүктөрү ошо байыркы Афина, Спарта, Рим замандан тарта эки бөлүнүп калган. Алардын арасында айныгыс жик салган, коом мүчөлөрүн да акыркы атомго чейин бытыратып, ыдыратып бөлүп тынган жекеменчик жаткан. Басым журт бир бөлөк жана менчикти бооруна басып кеткен бир ууч аристократтардын кызыкчылыгын коргогон курал-машина бир бөлөк калган. Маркс муну таамай айткан: «Политический строй на его высшей ступени есть… строй частной собственности».

Тапты тап эзген мамлекет идеясын айтып, «бар маселе граждандык коомду анын ач тырмагынан азаттыкка алып чыгышта турат» деген Маркс ушуякта;

Мамлекетти, адамды эзген жырткыч Левиофан санаган Гоббс ушуякта;

Граждандык коом ал – бир кылка эгоисттердин коому деп, мамлекетти өзүн таанып бараткан абсолюттук духтун аң-сезимдүү абалы санап андан бийикке алып чыккан Гегель да ушуякта.

Айтору, канчалык ичтей талашпасын Батыш таанымды акыры жалпылап бириктирип турган нерсе ушул: анда «граждандык коом» жана «мамлекет» түшүнүгү эки айры маңыздалган. Же бая Энгельс айтмакчы мамлекеттин экинчи белгиси ушерде.

Ал эми көчмөн коомдун өзүндө (демек, көчмөндүн көз караш, менталитетинде) так ушул мамлекет жана коом деген түшүнүктүн өзү эч качан бөлөк жашабайт. Ал чулу, бир уюп калган. Коомуң да мамлекет, мамлекетиң да коом. Же көчмөн жашоонун өзүндөй жиксиз тоом. Мындай дүйнөкабыл психология биз үчүн, атургай кечээги Совет заманында да бузулган эмес, (айтмакчы, азыркы айрым аалымдар айткандай, бизде мамлекет коомдон бөлүнүп чыгып, кайра аны тебелеп турган органга айланып кеткен эмес. Биринчиден, бир туташ социалисттик менчик өкүм сүргөн режимде мындай кескин бүтүм чыгаруу калпыстык. Экинчиден, социализм көчмөндүн түбөлүктөн келаткан жантабиятынын органикалык уландысы катары чыккандыктан, биз үчүн андай болушу да мүмкүн эмес. Мамлекетке ким, кайсыл позициядан карайт, маселе ушунда). Демек, Батыш таанымды башыбызга ширге жаппай, биз эң оболу мамлекеттин өз мээбизде чагылган, жүрөгүбүздө жаңырган маңызын аңдап алалы. Монтескье айткандай, ошондон чыгалы. Эгерде ошондон чыгаар болсок анда биз айла-аргасыз кайра эле Теңирчиликке, Манаска келебиз. теңирдин ТЕҢ философиясын тааныйбыз. Ал эми көчмөн, жамаатчыл коомдун өзөгү-көзү Теңирчиликте адам эч качан акыркы атомго айланып бытырап калбайт (көчмөн коомдо алиги «жеке менчик» жана «кызыкчылык» деген түшүнүктөрдүн өзү да Батыш таанымдан таптакыр башкача, же руханий маңыздалган, бирок ага өзүнчө токтолобуз). Тагыраак айтканда, ошол атомдун өзү тең, жарты, же анын экинчи жарымы – Мамлекет. Мамлекет – Мен; Мен – Мамлекет.

Ушул жамаатчыл биримдикте гана ал толук маңыздалат, же мазмунга ээ болот, толот. Эки тең бүтүндөлөт. Муну орусча айтса да эби келет: «Государство – это моя вторая абстрагированная половина». Ошентип Мамлекет дегенибиз ал көчмөн философияда эч качан Адамды эзген монстр, же тынымсыз жей берген жырткыч Левиофан эмес, ал менин каан Манасым, тең жанымдан-жармымдан бүткөн, улуттук аң-сезимдин бийигинде, биз – жамаат, ага бириккен саясий биримдик.

Ырас, көчмөн дүйнөдө мамлекеттин өзү коомдон бөлөк бөлүнүп турбаган соң, демек анда Энгельс айткан мамлекеттин экинчи белгиси көчмөн мамлекетке алганда мында да алымсыз чыгат. А демек анын үчүнчү белгиси – үстөмөн машинаны такай кармап турган такай салык түшүнүгү өзүнөн өзү жокко чыгат. Бирок бу да азыраак түшүндүрүүнү талап кылат.

Көчмөн түшүнүгүндө «кан салык» деген түшүнүк, арийне, бар. Бирок ал башка «алман», «алым» (дань) деген түшүнүк менен ичкертен маанилеш жаңырат. Б.а. көчмөн элдин башка бир элге саясы көз каранды абалда калган чагына байланышкан. Мындайда, ар жылы үстөмдүк алган жат элге милдеттүү алман төлөнгөн. Мунун маңыз-мазмуну, албетте, өзүнүн денесинен өзгөчө аппарат бөлүп өстүрүп чыгып, кайра өзүн бийлетип турган отурук салыктан айырмалуу экени түшүнүктүү. Айтса, ошо көчмөндөн тарыхтын ар кезинде бир алман алгандардын өзү да көп учурда шаар куруп, ордо кармап, аскер күткөн отурук элдерден болгон (ырас, Ордо куруп чеп кармаган, жарым отурук мүнөз күткөн байыркы түркий мамлекеттердин жөнү бөлөк. Биерде биз кыймылдуу таза көчмөн мамлекеттин табиятын эске алып турбуз).

Көңкүнү коюп кечээгиге келсек, Кокон хандын салыгына, ак паашанын налогуна, анын «түрүнүн мынча көбүнө» көчмөн түк түшүнө албай таң калган да, маң калган. Жайыттан, суудан, көпүрөдөн, жолдон, чырпыктан, отундан… катындан, айтоору, кара башы как чокуң кара жерге жаралып калгандыгы үчүн да сыгылып алынган «сырлуу» салыктар табияттын ээн-жайкын эрке кулуну үчүн таңгалыштуу да, түшүнүксүз да, жана чыныгы адилетсиздик да, демек Теңирдин ТЕҢ эркинин бузулушу катары көрүнгөндүгүнүн себеби ошол. Анткени, көчмөн коомдун ички төл табият-мыйзамында айланып келип алиги аппаратты тапкан-баккандан чыккан, «жуткан абадан салык төлөткөн» шумурай түшүнүк жок эле. Көк Теңир алдында агылган булуттай, суудай мөл көчмөнгө ал жат эле.

Кокон Ордону Алымбек датканын кармай албай калган көп себебинин бир себеби да, балким, ушуякта, ага отурук мамлекетчил маанайлуу эмес, мындай мамлекетти «ашка жүк» санаган тоолук туугандарынан толук, зарыл деңгээлде колдоо болбогондугунан, дегеле көчмөн психологиясына туруктуу салык төлөп туруу идеясынын өзү түбүндө жат, жана түшүнүк-кызыкчылыгына кайчылыгында жаткандыр. Ордону Ордолуу журт өз башына антип жүк кылбай, кылымдар бою кылкылдаган мейкинде ат жалы, төө өркөчүндө жеңил, табигый гана көчүрүп жүргөн желдей табиятында катылгандыр… Демек, биерде коомдон бөлүнүп чыккан мамлекетти кармап турган туруктуу салык тууралуу эмес, тескерисинче коом-мамлекет жиксиз жашаган уруулар ичиндеги эч качан тапка айланбас социалдык ажырым тууралуу, жалпы уруунун кызыкчылыгы жана анын «жарым мазмууну»-“тең түгөйү” – ар мүчөсүнүн кызыкчылыгынын ар кандай шартта, ар башка мүнөздө айкаша барганы тууралуу айтуу көчмөн турмуштун өз кыртышына жакын чыгаар. Астыман Каранын «жалаң эзилген» боегун коюулантпай, үстөмөн Төрөнүн да аларга ийип, ар жылда бир, күркүрөгөн күз күнүндө кирешесине жараша жамаат мүчөлөрүнө милдеттүү түрдө малдан, дандан «үлүш» тараткан, же «саан», «көлүк» айткан, ж.б. ТЕҢ – диалектикачыл байланышында караган туурадыр. Биерде бизге тескери порумда көрүнгөн «салыктын»(б.а. байдан кедейге үлүш) өзү эмес, дүйнө-коомго болгон мамиле, ошол мамиле миң жылдап калыптаган менталитет, философия баалуу. Бу тогоолдун тоому көчмөндүн томуктай макалына мындайча сыйган: «бергендин алганы бар», «темене тарткан төө алат», «чыгашасыз киреше жок», «агылып чыккан – аңырып кирген» д.у.с. Эми анын баары көчмөн коомдун «Кел-Кели» жанган, же «Кет-Кети» чалган ар башка конкрет тарыхый кырдаалына жараша. Койнунан төгүлсө кончко агылган баарзаманына, болбосо бозгон-тозгон каарзаманына жараша. Бу диалектика – ТЕҢде чечилет, анын фалсафий принциби бу: «кемиген кемийт, жазылган жайылат». Коом жазылса анын жармы жаран да жайылган, коом кемисе анын теңи – жаран да тениген. Ал көчмөн коомдун бир эле ички мыйзамынан агылбай, сырткы карт Дүйнөнүн катаал шартына да байланышканы белгилүү. Бул тууралуу биринчи бапта арналуу айтылган.

Демек, күрөшкер тарыхтын күрөөсүнөн тамчыдай сызылып чыккан бу ТЕҢдин сабагын таанымак – шарт! Эгерде ар бирибиз мамлекет жарымы экенибизди – «Мамлекет – Мен!!» деген маңыз биз үчүн дегеле түбүндө бөлүнгүстүгүн эгемен эстин бийигине көтөрүлүп аңдай албасак, “мамлекет менин Жолу Улуу Тең-Түгөйүм” деген режимге түшө албасак; мамлекет да улуттук философиянын уңгусунда – «улук мамлекет – ыйык мамлекет» идеясы тунганын моюндап, ар бирибиздин кызыкчылыгыбызда аны башкы саясатка айландырбаса («Эл ичинде Эр жүрөт», «Эрден ашмак бар, Элден ашмак жок») анда Манас ураанын салганыбыз бекер! Бекер, бекер, бекер!..

МЕНЧИК ЖАНА ЖЕКЕ МЕНЧИК

Кызыл От кысыр калбайт
Элден

Жаран – Мамлекеттин ТЕҢ маңызы эгерде биз ушерден бир маселенин башын ача кетпесек анда тек сөз оюну катары гана кабылданып калат, тереңги мазмуунун ачпай салат. Аны түбүнөн аңдабасак буга чейинки эле сөз эмес, будан кийинки сөз дагы өзөгүн жарытпай күңүрт калат. Ал – жеке менчик маселеси. Көчмөн коомдогу «менчиктин» табияты, «кызыкчылыктын» мүнөзү жана дегеле көчмөн психологияда Монтескье айткан менчикдухтун аныкталышы, Орду. Бул өзүнчө чоң сөз, бүтүндөй Батыш, Чыгышты (анын ичинде отурук жана көчмөн элдин мамилеси өзү ар башка) калчап жигинде айтар сөз. Азырынча буларды белгилемекпиз. Эсеби, көчмөн коомдо «менчик» жана «кызыкчылык» деген түшүнүктөрдүн өзү батыш таанымдан башкача маңыздалган. Суроо туулат, дегеле жеке менчик дегениңдин өзү эмне? Анын критерийи кайсыл? Ошол критерий бизге төппү, тарыхый тагдыр-кыртышы таптакыр башкача калыптанган биздин элдин менталитетин мүнөздөй алабы? Жок! Анткени көчмөн дүйнөсүндө калыптанган менчиктин маңызы Батыш менталитетинде калыптанган ЖЕКЕ менчиктин табиятынан принципиалдуу айырмачылыкка ээ. Ал эмнеден көрүнөт? Буга токтолор алдын Энгельстин бир пикирин жадыбызда жаңырта кеткен эп болуп турат. Ал киши айтат: Адамдар өзүлөрүнүн качандыр бир кездери айбанат дүйнөсүнөн ажырап чыкканын унутуп калышкан сыңары эле, өзүлөрүнүн бардык укугу да турмуштун экономикалык жагдайынан акырындап калкып чыкканын унутуп калышкан дейт. Заң-закүндөр улам көбөйүп үстү-үстүнө жыйыла берип, тоо болуп, анын агы-көгүн ажырымдап тескеш үчүн коомдук эмгектин бөлүштүрүлүшү зарылданган, «укуктаануучулар» деген бүтүндөй бир сословие өсүп чыккан, аны менен кошо «укук» атанган илим пайда болгон. Кейиштүүсү ушул: барган сайын бу закүнчүлөр ошол укуктун түбү эмне үчүн, жана кайдан, кайсыл экономикалык мамилелерден калпынып алынганын унутуп калышып, түзүлгөн системасы, илими аркылуу турмушту түшүндүрүүгө өтүшкөн. Өзүлөрү ойлоп таап алган катмар-катмар закондордун кайра өзүлөрү барымтасы болуп калышкан дейт. Бул айтылган ой азыркы биздин абалыбызды толук мүнөздөйт. Анткени биз да дал ошол Батышта туулган чен өлчөмдөр менен бар касиетибизди өлчөп келебиз, ал биз үчүн бир кол тийгис ыйык прокрустун бешигине айланган. Эмесе өз кыртышыбыздан чыгып, экономикалык мамилелердин бар табияты тамчыдай чагылган улуу Тогоол – Менчиктин эки руханий континенттеги – менталитеттеги мүнөзүн таанып көрөлү.

Ошол эле Энгельстин айтуунча Европада тээ биздин заманга чейин эле жерге жеке менчик орноп калган чагы экен. Ипотека ыкма ишке кирген күндөн жер товарга айланып алсыз колдон алдууга түбөлүк айланкөчөк тегеренген. Афина адамы уруучул коомдон өзүн бөлүп чыгып жамаатчылыгына крест коюп жаранга айланган күн – анын өз жетим жалгызчылыгына да өкүмүн чыгарган тарыхый күн!

Эми андан бери жер кезип Күн Чыгыштын отурук калктарына келсек аерде жерге ээлик кылуу өзгөчөлүү. Маркстын: «В основе всех явлений на Востоке лежит отсутствие частной собственности на землю» деген кыраа пикири бар. Ошо менен эле бирге ал агылчындардын Индиядагы эзүүсү тууралуу айта отуруп отурук Чыгыш элинде суунун ролу айрыкча жогору экенин белгилей келип, каналдар, суу курулуштары түгөл бойдон кан, бектердин ыктыярында калганын айткан. Акыйкатта да ар тамчы суу мүрөккө барабар дыйкан Чыгышта суубашы болуу элбашы болуудан канча артык тураары айтпаса да айкын. Буга элбашы менен суубашы ролу бир адамда бириккенин кошсок маселе андан да дааналанат. Демек, мында да, карт Чыгыштын боорукер акылмандыгы тууралуу канча шыпшынсак да, баары бир, адамдарды бирине бирин көз каранды кылууга, бирине бири үстөм жүрүүгө социалдык-экономикалык жагдайдын өзү ыңгай ачат, ага тоскоол боло албайт…

Ошентип мейли Батыш, мейли Чыгыш коому болсун социалдык-экономикалык айырмачылыгы ат чабым алыс жатса да отурук жашоо мүнөзүнө байланыштуу башкы жалпылыгы бар. Ал – адамдын алакандай жер менчикке, ээлигине баш оту менен байланганы, өмүр-тагдырын андан сырт элестете албай көздөй максатын көргөнү. «Адам-Кудайга» көз карандылыгы, жан азаттыгы чектелгени…

Демек, батыш теорияларынын баарынын негизинде зылдай уюп жеке менчик идеясы жатканы, табигый. Так ошол менчиктин жеке мүнөзүнө карап алар өз коомун «граждандык коом» деп да аташкан. Граждандык демеги – уруулар ыдырап, уруу менчиги кыйрап, коом мүчөлөрүнүн алака катышында мурдагы тууганчыл тик вертикаль мамилени гражданчыл (жеке адамчыл) мамиле басып коом горизонталдашкандыгына байланышкан. Ошентип Батыш менталитетинин башатында байыркы Афина замандан аавал кертбашы адам (үй-бүлө бирдиги) жана ал бооруна менчик баскан жер кесиндиси турган. Жеке менчик деген түшүнүктүн философиясы түбүндө өзү башкы менчик – жерден башталма алган. Ошол бир кесим жерди бооруна басып ал башкадан обочолонгон, ыдырап-быдырап бөлүнүп калган. «Кыймылсыз мүлк» деп кычкачтай тиштеп, жылбай каткан. Бүт баарынан жекеленген. Андыктан Европа адамы үчүн жеке укук, жеке уясы, жеке жашоо образы баарынан бийик саналат. Бул ал үчүн эң ыйык түшүнүк. Ал тургай жамаатчыл жашоо уялап жаткандай сезилген заңгыраган сырты улуу замоктордун да ар тешигинде бир эшик чээндүйнө орноп ага индивидуум жеке мамлекетиндей бекинип алган. Айтмакчы, «индивидуум» деген сөздүн өзүнүн түп мааниси да «бөлүнгүс» (неделимый) деген маанини берет. Ал эми тил ошол элдин жан күзгүсү экени айтпасак да белгилүү Демек, жекелик, бул – дүйнөтааным. Дүйнөтааным гана эмес, улам барып адам ыкыбалынан чыгып кетип, сырткы объективдүү Эркке өткөн Дүйнө – Жердин адамга мамилеси да! Ошентип, жерге жеке менчик дегениң жылаңач табиятында улам барып «өлүү десе көрдө жок, тирүү десе жерде жок» Дүйнөдөн сүрүлгөн, же Дүйнөдөн бирөөнү сүргөн (Маркстын «отчуждениеси»), өзүндө жыйырылган эготүйүлдүк, жекемендух (жеке мен!). Мындай менчикти сөздүн толук фалсафий маани-маңызында жеке менчик, же частная собственность деп атаса болот.

Ал эми көчмөн коомдогу менчикти бул түшүнүк мүнөздөй алабы, б.а. «жеке менчик» деген түшүнүк мында орундуубу? Жок! Себеби:

Биринчиден, көчмөн коомдо эч качан ошол уруулук түзүлүш бузулбаган, коомдун түпкү уюткусу – адам (үй-бүлө) дамамат вертикаль байланыштын тутумунда тур­ган, андан киндигин үзүп Батыш айткан гражданиндин горизонтал мейкиндигине кайып кеткен эмес, демек ал уруудан обочолонгон Жеке гражданин эмес, урууга жалганган Тең, жаран болгон. Анын экинчи Теңи, жарымы – урууда, Элде – Мамлекетте калган. Ал чээнкамал бөлүнгүс индивидуум да эмес, удургуган улуу жайыкка дуулдап сыйбай чыккан Тең, жамаатка жалганып калган жараан. Андыктан»жеке» деген түшүнүк мында алымсыз.

Экинчиден, көчмөн коомдун башкы байлыгы мал болгон жана «менчик» түшүнүгү аларда негизинен мал менен киндиктешкен. Эч качан жер менен эмес! Жер көчмөндүн ат туягында биртуташ ажырабай калган, же биринчиден ал жалпы ээликте болсо, экинчиден көчмөн үчүн ал Ата-Журт гана болгон. Теңир Атанын жубу – касиеттүү Жер Эне, Ыйык Жер Суу катары ага ызаат мамиле калыптанган. Бул дагы дүйнөтааным. Дүйнө – Жер өгөйлөбөй табият койнунда калган, дүйнө өзөгүнө өткөн гармония, биримдик. Арийне, дыйканчылык бизде да болгон. Буга байыркы «Оп майдадан» тартып дыйканчылыкка байланышкан түрдүү-түрдүү салт ырлары өзү күбө. Бирок ошол көчмөн коомдогу жер тырмаган дыйкандын өзү да Батыштагы так эле ошондой жер сүйгөн дыйкандан сапаттык башка мазмунга ээ. Батыш дыйканы коомдогу жеке атом – индивидуум болсо, көчмөн журттун дыйканы атом эмес, уруучул коомдун бир мүчөсү, жамаагаттын бир Теңи. Демек, «жеке» деген түшүнүктүн өзү көчмөн коомго мында да алымсыз.

Үчүнчүдөн, бая айткан мал менчиктин өзүнө мамилеси башка көчмөндүн.

«Мал боор эт менен тең» – дейт, же ага жасалган мамиле тирүү (!). Бул өзгөчө менчик. Б.а. ал руханий мүнөзгө ээ.

Бул менчик өтөр-кетер мүнөзгө ээ. «Малың, кыйкырып келсе жоонуку да, ышкырып келсе жуттуку» дейт. Же: «Баатыр мактанса бир октук, бай мактанса бир жуттук» дейт дагы. Же дагы: «Ооруп айыккан баш берсин, өлүп көбөйгөн мал берсин» деп терең философиялуу бата тартат. Ооруп айыккан адам гана жашоо баркын билгендей, малы кырылып кайра куралган адам дагы жашоо-өмүргө опо болоор мал эмесин билет, андан башка бийик дөөлөттөр да бар экенин керт башы менен туюнат. Анан да бул терең диалектика – ТЕҢ. Минтип көчмөндух бир жагынан адамдын башкы байлыгы мал жыюу эмес экенин айтса, экинчи жагынан ошол менчиктин өзүн да жөн эле жан багуунун жай каражаты эмес, тирүү дүйнөнүн бир бөлүгү катары кастарлайт. Демек, бул саам да мал менчик нравалык-руханий маңызга ээ экени байкалат.

– Акыры барып бул менчик метафоралуу айтканда күтүрөп үйүрлүү жашайт, жылкы мүнөз, бир-биринен бөлүнбөйт. Кой менен короолош жүрөт. Же эмкиче айтканда «менчиктердин бирлиги» деп койсоь, да болот. Бу бирлик — менчик ээлеринин өзүн да психологий бириктирген. «жеке» деген түшүнүк аң-сезимде мында жана бир кыйрайт, жамаатка – ТЕҢГЕ жалгашат.

Төртүнчүдөн, көчмөн жашоо өмүрү өлүү мүлк жыйбайт, өзү менен кошо эң зарыл гана байлыгын алат. Алганда да аны тек байлык катары эмес, кайра эле асем маңыз чөгөрүп руханий байлыкка айлантып алган, канжыгага байланган. Айталы, Пушкиндин «скупой рыцарынын» сандык-сандык сары алтын жыйган табияты көчмөнгө түбүндө жат. Анын алтын байлыгы андан миң эсе баасы артылып, керемет скиф искусствосуна айланып кеткен. Сак ханзаадасынын алтын туулгасына тунган. Ат турманына шөкөт-чабылган. Асем түрлөнүп ар кыл порум жамбы куюлган. Кыз кыялдуу сөйкөгө айланган. Келиндин кең соорусун сонундатып келеңкор чачпак былк ойногон… Демек, материалдуу байлык дегениң маңызы артылып материалдуу искусствого өткөн.

Ушинтип, көчмөн коомдо «жеке менчик» деген түшү­нүк жокко чыгат. Рухий нурланган жана өзгөчө маңыздалган «менчик»деген гана түшүнүк калат. Бул бая отурук коомдогудай адам ыкыбалынан чыгып кетип айланып баарын бийлеп алган сырткы кудурет, байлык эмес, адамдын ыкыбалында калган, адам руханына баш ийген ички наркка жуурулган байлык. Демек, коомдук мамиленин өзү руханийликке чайынган. Көктү эрчиген көчмөн этика Көк Теңирдей тазара барган. Ал эми ар бир адамдын керт башындагы нарктуулук, бул, айланып келип коомдогу нарктуулук, гуманизм деген сөз, коллективизм деген сөз. Айтса, бул эч кимдин эчтекеге эти оорубай калган кечээги Кеңеш тушундагы нейтрал коллективизм да эмес, адамгер индивидуалдашкан Орток (Орто-ТЕҢ!) коллективизм. Жамаатчыл көчмөн коомдогу руханийлик – дайыма башкага (теңине) жалгануу деген сөз…

Түптүн Түгүнө ана ошентип келебиз: Гражданчыл коомдун жылаңач анатомиясына чыгабыз. Ал түбүндө жекечил, кертчил, андыктан аны чыны менен гражданчыл коом десе жарашат. Ал эми көчмөн менталитет түбүндө жамаатчыл, наркчыл, андыктан аны ТЕҢЧИЛ (же эгочул эмес) коом десе жарашат. Гражданчыл коом жеке менчикти тааныйт. Теңчил коом тек менчикти тааныйт. Менчиктин ЖЕКЕ менчиктен айырмасы: ал адам эгосун асмандатып, жамааттын, Элдин, Мамлекет — Манастын үстүнө алып чыкпайт. Асыл башын тепсетпейт! Ал – ТЕНЧИЛ. Жолу улууну Жолу кичүү сыйлаган ТЕҢЧИЛ. Жер Теңирди сыйлагандай, Атаны Бала кыйбагандай, Эркекке Аял кыналгандай, каан Манас (Мамлекет) жолуна Жаран жолу суналгандай ТЕНЧИЛ. Мындай гармония тарыхта бир гана учурда, бир гана шартта ишке ашат; мамлекет жана коом бир-биринен ажырымдалбай чулуп уюп кал­ган тушта! Руханий коомдо! Же Маркстын белгилүү сөзүн перефразаласак, ырас эгерде менчиктин мүнөз-табияты руханий нурланган болсо анда андай коом талашсыз таза нравалык башталышка ээ. «Улууга урмат болсо, кичүүгө да ызаат» – анын фалсафий кредосу. Же, Теңир Жерге ийийт, каан Манас жаны калкына курман, Атанын Бала алдында милдети бар, Жан тазалыгы Ден тазалаар. Б.а. ал диалектикачыл – ТЕҢЧИЛ! Бая айтылган көчмөн коомдо Жаран – Мамлекеттин маңызы – ТЕҢ деген кептин жөнү ушул. «Мамлекет», «Мамлекеттик менчик «деген түшүнүктөрдү кунсуздап, тотал жеке менчикке баштаган «биздин замандын кер геройлоруна» байыртан калыптанган менталитеттин эскерткен сабагы да ушул. Жекелик менен Жалпылыктын ТЕҢ гармониясы да ушунда. Бул, жана айткан ар кимдин ТЕҢИР берген касиетинде, жөндөмүндө индивидуалдашкан, адистешкен, наркта арууланган коллекти­визм. Демек рынок дегениң да көчмөн коомдо тээ эзелден боло келген, билинип тургандай ал бийик адеп-ахлакка негизделген. Андыктан муну Батыш усулдагы рынок экономикасы эмес, көчмөн удулдагы нарк экономикасы десе жарашат. Биз үчүн чыныгы улуттук укукчул мамлекеттин уңгусу, ана, ушуякта!

Демек, «менчик», «жеке менчик» деген түшүнүктөр да биз үчүн, Энгельс айтмакчы, качанкы калыптанган жетек – эрежелерде жеңил желдирип өтүү эмес, калк философиясы, кайнар менталитети. Кан кареги! Жан дареги! Адам эгосунан өсүп чыккан ар кандай смит, рикардолордун теориясы бул кыртышта кыйрайт. Сыйбайт! Уңгусуна жеке мен (!) уюган, Конституцияга тунган Батыш маңыздагы «Укукчул мамлекет», «Гражданчыл коом» идеясын кыргыз ичине кыйтыр кирген коңурбайдухтай мыш кылат!..

Арийне, мунун баары жен эле: «кечээгиң ушундай болчу» деген жай илик эмес, «келечегиң кантет, көчмөн» деген ички ачуу чыңырыктан улам. Анткени, Дүйнө эми «жеке менчик» желесин ыргытып бирин-бири кансыз жеңип алууга баштаган. Биз ошол дүйнөлүк алкакка тартылдык. Мындай жаңы тарыхый шартта эмне кылуу керек? Мен­чик, жеке менчиктин чеги биз үчүн эми эмнеде? Мага бир нерсе айкын: ал кайрадан баягы Жер аркылуу өтөт. Жер биз үчүн – теңирчийин. Ал эч качан жекеменчиктелүүгө тийиш эмес. Кайталайм, Жер тагдыры XXI кылымдын босогосунда экономикалык категориядан мурда улут канткенде өз Жеринде кожоюн жашап, уңгутагдырын сактайт деген нравалык-философиялык категорияга айланган дүйнөтаанымга байланган (уңгутагдыр — байыркы ыңгай гана эмес, дайымкы ың­гай – менталитет дагы). Бул тууралуу сөз кийин…

УКУКЧУЛ МАМЛЕКЕТ,

ГРАЖДАНЧЫЛ КООМ

Кайратың тоону бузса да,
Кашыгың көлдү сузса да,

Оозуңдан чыккан сөзүңө

Зоо куланып учса да,

Эл менен сен адамсың,

Элден чыксаң жамансың

Кабарын күнгө кетсе да,

Жылдызга колуң жетсе да,

Жараткандын дүйнөсү,

Бүт колуна өтсө да,

Эл менен сен бийиксиң,

Элден чыксан кийиксиң

Арстанбек

Эмесе акыл-эсти мынча арбаган «укукчул мамлекет», «гражданчыл коом» дегениң эмине өзү. Анын аттанып чык­кан жери кайсыл? Ушуга келели анда.

Коом коом болуп жаралганы анын жашоо тирлиги аабалтан ал өз жанынан-канынан сыгып жараткан, ааламдан ага аккан, дилинен дирилдеп сызылып чыккан дүйнөкабыл эрежелердин жетегинде жашап келет. Ал эрежелер анын Адам деген бийик атына тарыхташ, тамырлаш. Аалымдар ошол алгачкы жетек эрежелерди азыркы тилине салып «табу» дешет, «салт» дешет». Адеп-ахлак», «мораль» аташат. Албетте, алардын келип чыгуу себебин, бир биринен айырмачылыгын, же калыптануу ыраатын өзүлөрүнүн ыңгайынан чыгып ар башкачараак да түшүндүрүшөт. Биздин да өз ааламкабыл позициябыздан чыгып берээр баабыз өзгөчө. Бирок оболку сөз ал жөнүндө эмес.

Жүрүм-турумду бир нормага салган, кийинки тарыхый кезеңде келип чыккан системасын «укук» деп аташат. Аны байыркы жамаатчыл коом ичинде адамдардын бири бири­нен өзгөчөлөнүп, айырмалуу орун күтө баштаган чагына байланыштырышат. Адамдардын арасында социалдык ажырым улам күч алып, ал теңсиздикке өсүп жетип, коомдун ички карама-каршылыгы ырбаганда аны кайрадан бир ыраатка алуу зарылданган, бөтөнчө уюм, мамлекет пайда болгон. Анын жашоосун жөндөгөн, коомдун ар мүчөсү аткарууга милдеттүү мыйзам актылары иштелип чыга баштаган. Укук калыптанган. Ошентип коом жазылбаган мыйзамы – салт менен жашаса, укук системасы — мамлекеттин тарыхый аренага чыгышына байланышат. Бул Батыш жолу үчүн алымдуу ой. Батышта алгачкы укук эрежелери азыктанган булак дал ошол салттар болгон.

Айталы, байыркы Афинада биринчи ирээт жазылып жарыяланган Драконттун мыйзамы (б.з.ч. 621-ж) элдик салттардын тизими экен. Каршыккан коомдун тизгинин каккан бу катаал мыйзамды замандаштары: «кан менен жазылган» дешет. Кийин мыйзамдарды мамлекеттик бийликтин жогорку органы – элдик жыйын кабылдай баштаган.

Афина мамлекетинде анын граждандары гана бар укукка ээ болуп ал эми «жаттар» («метек») жаран укугунан сырт турганы, менчикке ээлик укугу чектелгени белгилүү. Кулдур кул тууралуу сөз да жок. Грек тукумунан кул болбошу керек, алтургай «варварлар өзүнүн табият-вазийпаты боюнча бизге кулдукка жаратылган» (Аристотель) деп эсептеген эллиндердин укук жоболору кулду «жандуу буюмга» чыгарып салганы дайын. Солон менен Клисфен тушунда (б.з.ч. V к) жүргүзүлгөн социалдык революция деп айтаарлык саясы-экономикалык реформалардан соң жеке менчик, анын ичинде жерге жеке менчик институту араан ачып чыкканда жеке укук системалашып, гражданиндин менталитетинде да жекеленген ички бурулуш жүрүп, узаакы эволюциясы улам ки­йин өркөнү өсүп барганы айтпасак да айгине.

Арийне, Афина байыркы грек дүйнөсүндөгү кулчул полистердин ичиндеги заманындагы эң өнүккөн демократиялуу республика эле. Бирок жеке менчик институту, укук системасы соңку Рим мамлекетиндегидей коомдун бар танабын камтыган ыраатка өсүп жеткен эмес. «Рим өз эркин дүйнөгө үч курдай нык таңуулады, үч жолу эл бириктирди, – деп жазат немис профессору Рудольф Иеринг, – биринчи жолу — байыркы Рим мамлекети убагында; экинчи жолу — Рим католик чиркөөсүнүн канаты алдында; үчүнчү жолу — Рим укугу эркине алганда.

Муну чечмелей айтканда: Тарых аренасына не Чыгыштын, не Батыштын байыркы мамлекеттеринен соң кеч чыккан Рим мамлекетинде кул ээлөөчүлүк мамилелери ийине жетип өзүнүн жеткилең формасына ээ болгон жана ал бүткүл империянын аймагына жайылтылган.

Экинчи жолу, Рим католик чиркөөсү байыркы дүйнөдөн орто кылымды кезип, жаңы заманга жете бүткүл Батыш Европаны бир идеология алдында баш коштуруп турган.

Жана үчүнчү ирет, жаңы заман башталган соң да капиталисттик өндүрүш, соода дүрр өнүккөндө жердиги жеке укук маселеси жеткире иштелген Рим укугу аавал түп мекени Италияда ийине келип, соңунда буржуазиялык Европанын бар укугуна байтүп суналып кайрадан баарын өз эркине алган экен. Жекемен духтун гүлдөшүнө мында бир салым салган экен.

Эми ошо Рим укугунун түп тегине барсак да ал алгач байыркы Рим салтын булак тутканы маалым. Аа таянган «XII таблица»деп аталган биринчи мыйзам жыйнагы б.з.ч. 450-жылы жарык керген. Анын жарык көрүшүнө Римдин толук укуктуу граждандары – саналган патрицийлердин жана кем укук граждандары плебейлердин ортосундагы саясы, граждандык укуктарын талашкан, такташкан кармашы башат турган. Тарыхчы Тацит аны Римдин кийинки бардык мамлекеттик жана жеке укугуна негиз болуп берген десе, Тит Ливий мүлдө рим укугу андан башталма аларын айтат. Рим укугунун тарыхы эки этапты камтыйт. Биринчисинде цивилдүү (квирит) же граждандык укуктун нормаларынын калыптануусу жүрсө, экинчи этабында империяга каратылган башка элдердин укугу такталат. Ал элдердин укугу, же байыркы Рим юристтери жазгандай табигый укук деп аталган. Римде эң аавал шаар жамаатынын мүчөлөрү же патрицийлер гана толук укукка ээ граждандар катары саналып, артыкчылыктарга ээ болсо, кийин б.з. 212-жылындагы император Каракаллдын эдикти боюнча империянын аймагына тартылган калган элдер да алардай эле эркке ээ болуп, сырт элдердин укугу, б.а. табигый укук жана ички квирит укугу бир жуурулушуп кеткен. Буларды атайын белгилеп айтканыбыз, биздин заманда туу көтөрүлгөн «Адамдын табигый укуктарынын»(а эмне үчүн «Адам» экенине анан барабыз) учугу кайдан кантип башталганын жана анда ички граждандык укукка кыналып өтөөр империялык идеянын сабагы кандайча катылганын нускай өтүү. Рим укугунда жеке менчик институту өзүнүн толук мазмунуна өскөн, б.а. менчик ээси ээликтеген, пайдаланган жана каалагандай экчеген, саткан.

Ошентип байыркы Рим заманынан баштап мамлекет – жаран алакасын тескеп мамлекеттик укук, жаран аралык мамилени тескеп жеке укук бөлөк-салак калыптанган. Мамлекеттик укукта башкы тизгин мамлекетте калса, же­ке укук жарандык коомду алкагына алган. Мамлекет жа­на коом бир биринен бөлүнүп калган шартта бул объективдүү процесс эле. Арийне, «граждандык коомдун» мазмуну а кезде соңку капитализм заманында маңыздалган классикалык маанисине өсө элек эле. Ортодо мелмилдеп орто кылым жаткан. Иримдеп инквизиция жаткан. Мурутун чыйратып полицай мамлекеттер жаткан. «Франция – бул менмин!» – деп жар салган Людовиктердин даң салган абсолютизми жаткан. Анын кылычы алдында кың дебей бая эртеги республикаларда белгилүү азаттыкка ээ гражданиндин эми башка чапса былк эткис букара көлүккө (подданный) айланган доору жаткан. Арийне, мунун барын кийинки көз караштан алып канчалык сындабайлы ал өз учурундагы улуттук мамлекеттердин жашап кетиши үчүн бирден бир зарыл шарт да болгон. Мамлекетчил Макиавелли духун мезгил өзү жараткан (жана ал мамлекеттүүлүгүн жаңы жарлаган бардык мезгилдеги бардык элдерге бардык учурда тийиштүү сабагын бере алат!). Буржуазия тарыхый аренага чыгып жеке менчик, жеке кызыкчылыкка шиберге өрт кеткендей эрк бергенде бая Рим замандан тарта мамлекетке текеберленбей тең жашап келген жекемендух эми тарыхый сааты чыкканын сезип ага текөөр салып чыкты. Акырындап мамлекеттин башына чыкты, мамлекеттүүлүктүн маңызын өзгөрттү. «Укуктук мамлекет» түшүнүгү менен бирге «граждандык коом» термини кошо көз жарып толук маңыздалууга өттү. Б.а. жаран эми полицай мамлекеттин өз жеке турмушуна дейре кийлигишип, эшигинин тешигинен шыкаалаган көзөмөлүнөн кутулду. Эко­номика менен бирге укук либералдашты. Жеке укук гүлдөдү. Ал илимде расмий търдё «граждандык коом» деп аталды. Бирок ушунча заман арасы, ушунча зор өзгөрүштөрдүн уңгусуна зылдай уюп эч өзгөрбөй кыттай чөккөн бир кубулуш калды. Ал – жекемендух, жеке менчик!

Баяндан байкалгандай Европанын жерге эпчил балдарынын, андан артылып океан артына түтүнүн бөлүп чыккан колонист уулдарынын бар турум-турпаты, дүйнө-коомго мамилеси байыртан эле түйүлдүк түйгөн. Байыркы кертчил гражданиндин өзөгүнөн өзөлөнүп өсүп чыккан. Бул эч качан, эч заманда үзүлбөгөн-сүзүлбөгөн руханий эволюция, «жеке менчиктин» мазмуну, жекемен араан ушунча заман арасы эч өзгөрбөй, керинче, бир формациядан экинчи формацияга тегеренген жолунда улам такталып, улам жышылып, кыл чылбырдай чыйралып барган табигый организм, табият-менталитет! Бая көчмөн дүйнөдө кылымдар бою бир үзүлбөй-сүзүлбөй, жекечилдикти жерип, ТЕҢди салтанаттаган теңирчил табият-ыңгайдай эле бул да тереңден термел менталитет… Биз, эгемендикти эми жарыялаган эл жаңы заман атынан биринчисине экинчисин нык тебелеткен так ушул жарандык коомду жарлап тур­буз. Этноменталитетте эми эмне деген жана кай жакка карай (жаратманбы, кыйратманбы) чукул өзгөрүштөр жүрөөрүн али өзүбүз да аңдабай турбуз. Эмне деген түпсүз философиянын этегин кармап, кай караңга кайыырыбызды элебей турбуз. Ал не терең? Башка жол барбы? Эмесе, ушуган чабыт.

Арийне, прогресстин жолун эч ким эч качан бөгөй албайт, жокко чыкпайт. Буржуазиянын Европа коомун алга жылдыруудагы революциячыл күжүрмөн духун «комманифестин» авторлору керемет санатташкан. Орто кылымдагы монархия, полицай мамлекет, абсолютизмдин өз ордун күркүрөгөн локомотив минген буржуазиялык мамлекеттерге бошоткону – диалектика мыйзамы. Марксча айтканда: өндүргүч күчтөрдү тыкыр тушап, өндүрүш мамилеси каткан ченде мындай социалдык революция прогрессивдүү тарыхый ролун айгине аткарды. Жаңы замандын идеологдору, камчы чабарлары күч алды. Укук системасында жеке укук ургаал калыптанды.

Ошол күндөн илимде укукка карата эки түрдүү көз караш расмий жашап келет: мамлекетчил жана либе­рал мамиле. Биринчиси, укуктун башкы ээси мамлекет деп билет, укукту мамлекеттин өз граждандарын башкаруунун механизми катары карайт. Экинчиси, укуктун башкы ээси адам деп билет, а мамлекет түбүндө ошонун укугун коргоого чакырылган деп санайт. Б.а. биринчисинде Мамлекет, экинчисинде Адам башкы планга чыгат. Бири борбор болуп экинчисин өз орбитасында айланткысы келет. Эмесе биздин элдин жантабияты ушунун ким-кайсынысына ыктайт?

Жогорто жекемен дух, Батышта эволюциялуу калыптанган «гражданчыл коом» идеясы — көчмөн менталитетке кайчы турарын айттык. Демек адамды мамлекеттен ашырган укук идеясы ага алымсыз. Андай болсо көчмөндухка мамлекетчил укук төп чыгаар. Ооба, бирок, бул да сырттай окшош көрүнгөнү менен көчмөн мамлекет идеясы эч качан Европа мазмуундагы мамлекеттик абсолютизм болгон эмес. Арийне, кандыктарда атадан балага бийлик мурасталган, а каганатта Каан шайланган, болбосо күчтүүсүнө алсызы бой сундурулган. Бирок ал ички жашоо табиятында эч качан чексиз монархиянын эпсиз тираниясы да болгон эмес. Кечээги Совет заманындагы мамлекет идеясы көчмөн табиятына кыйла бап түшсө да, анын жаранды мүчүткөн бир тарап тоталитаризми – бул дагы көчмөн мамлекеттин тереңги табиятын мүнөздөй албайт. Ырас андай болсо, жалаң мамлекетчил (б.а. авторитаризм, тота­литаризм) позиция да кайчы болсо, адамчыл укук тургу да туура келбесе, анда мунун төл табиятын деги эмне мүнөздөйт? Аа таянып өнүгөөр башка бир жол барбы бизге? Ооба, бар! Ал экөөнүн тең ортосун как жарган Теңирчил Жол, ТЕҢ укук. Бая Элегеш таштагы эстеликтин «эл, мамлекет заңын бузба» деген баба осуяты нускаган Жолго ушинтип келебиз. Бул Жол — диалектиканын кан Жолу. Ал Жаран менен Мамлекеттин кош тизгинин ТЕҢ кармайт. Кызыкчылыгын ТЕҢ жарлайт.

Биз бая байыркы Афина жана Рим укугунун башат-тегин тек билимдарлык үчүн мисал тартпадык. Көрдүк, экөөнүн тең байтүбүндө ошол элдин миң жылдап калыптанган салт-санаасы чөккөнүн, менталитетин алып өткөнүн, өркүндөй барган ал ыңгай (менталитет) кандайча жаңы заманга че жеткенин, эми материктерден материктерге чалма ыргытып, даңазасы артылып даң салып өскөнүн, көр­дүк. Демек, өзүнүн салты-наркынан, чыныгы кыртышынан Антей сыңар аягы ажырабаган улуттук рух гана келечектүү. Аал анда, көчмөн мамлекеттүүлүктүн абалтан ички салты кандай эле. Элестүү болсун үчүн эми да аны Батыш мамлекеттүлүгүнө катар жарыштыра айталы:

«Здание немецкой государственности – не что иное как сумма прав, отнятых отдельными частями у государства, а названная справедливость зорко наблюдающаяся за тем, чтобы государство не сохранило какого либо остатки вла­сти, есть сущность этого государственного устройства… Поэтому немецкое государственное право является собра­нием частных прав, часть государства, каждый княжеский род, каждое сословие, каждый город, цех и т.д. все те кто обладает правами государственного характера завоевали их сами. Функции государства сводились преимуществен­но к подтверждению того, что оно теряло свою власть». Гегелдин бул айтканы жалпы эле Батыш дүйнөсүнө мүнөздүү, жана ал түбүндө жалаң менчикке (анын ичинде жерге) негизделген Батыш коомунун, мамлекеттүүлүгүнүн биртарап — төмөнтөн өйдөгө өскөн мүнөзүн, жолун нускайт.

Ал эми көчмөн журтта мамлекеттик патернализм (“фатер-ата”, лат.) өкүм сүргөн. Бирок бул, тек бизге алиге бир беткей түшүндүрүп келишкендей «восточный деспотизм» эмес, «Кан менен Каранын» (Мамлекет – Элдин) ортосундагы өзгөчө мамиле. Ал тургай муну «мамлекеттик патернализм» деш да туура эмес. «Теңирий патернализм» десе жарашат. Анткени Мамлекет – Элдин алакасы түбүндө бийик философияга, руханийликке негизделген. Теңчил, Сыйчыл иерархияга негиздел­ген. Теңир -Ата, Жер – Эне. Теңир – бийик, Жер – жапыз. Теңир – руханий, Жер — материалий. Теңирчилик – Теңчилик, Жолу улуу менен Жолу кичүүнүн Теңир жазган өз өз ордун ээлеши. Бул эмнеден көрүнөт? Маселен: ата – бир үй-бүлөнүн башы. Андан жогору: чоң ата, ата улуу, ата уулу, жети ата, урук, уруу, тайпа, улут – эл болуп өсөт. бул тууралуу «Теңирчиликте» мындай делет: «Жеке адамдын намысынан үй намысы бийик, үйдөн Чоң үй намысы бийик, андан ата уулунуку, андан атуулдуку, андан уруктуку, андан уруунуку, андан тайпаныкы, андан улуттуку, же Эл намысы – ыйык тогузак баарынан бийик туруп туу көтөрүлгөн. Анын универсал урааны бу: «атаңды жоо чапса карап турба», же «атаң жоого чапса кошо чап!» Ушул ураан тогуз тепкич иерархияда бир кыймылдап толкуну толкун улайт. Эл толкуса Жер толкуган кудурет күч ошентип төрөлөт».

Ошентип «жогорку» алдында «төмөнкүлөр» айныксыз баш иет. Бирок «жогоркунун» да «төмөнкү» алдында жоопкерчилиги бар. Иерархиянын ич ара мамилеси «улууга урмат, кичүүгө ызаат» принцибин тутат. Ал эми Кан — Кара даражасында бу иерархиянын айтөгөрөктөлүшү, өзүнчө керемет. Айталы, Кан — Карага карай алганда Оң күч саналат. Анткени Кан-Теңир уулу, же Асман-Жердин тирөөчү. Ал калкына күндөй тиет. Бирок, Кандыктын түпкү вазийфатынын өзү калкты баштоо, аны чексиз… чексиз аруулап Теңирге сүйөмөл көтөрүү. Теңирдин Эркин аткаруу. Андыктан Теңирдин Теңирдей эрки ушу — Кан-Кара катышынын эң акыркы чегинде-ченинде кайра өз уулун көпүрө сунуп, айлантып калкка артыкчылык калтырган! «Кан башы көпүрө болсо калкы аттап өтөт», же «калкка эп келсе кан төөсүн соет» дейт калк накылы бу тууралуу. «Теңирий патернализм» мына ушун үчүн төрт тарабы шай (диалектикалуу) «Төп Төгөрөк» бүткөн.

Бу иерархия идеалдуу. Ал башкалар чолок түшүнгөндөй, же кайра өзүбүзгө чолуп «билимдүү» түшүндүрүшкөндөй, деспотизмге негизделген бир тарап башы ылдый иерархия эмес, эч качан! Андыктан анын экинчи элдик маанидеги нак аталышын ТЕҢ деп айтсак да болот. ТЕҢ, бирок Жолу улууну сыйлаган ТЕҢ. Ошол эле учурда «Жолу улуу» да «Жолу кичүүнү» кыйбаган ТЕҢ. Биригип учу-түбү кошулуп айтөгөрөктөлгөн идеал иерархия»! «Төп Төгөрөк».

Баяндан байкалгандай, көчмөн мамлекет жашоосун «аскерий демократия» аталган согуш мыйзамы эмес, ириде ичтен аруулаган, Теңир Эркин ээрчиген Нарк мыйзамы сактаган. Руханий ишеним бир ширетип «руханий чеп» түзүлгөн, уюшкан туташ организмге айланып өзгөчө Мам­лекет мазмуундалган. Ооба, бул өзгөчө феномен. Анткени ал Жарандын жармы, ТЕҢ түгөйү. Андыктан, маселен, Мамлекет ордосу канчалык чачырап бытырабасын, кайра, бир кагылган добулбас, бир чакырган ураанда күрр тирилип, бирар мезгилде биригип зор мам­лекет кайра куралган. Мындай кыймылдуу мамлекетти жок кылуу мүмкүн эмес. Улуттун өзүн тукум курут жоготмоюн жок кылуу мүмкүн эмес! Ал – Мамлекет, ар жа­рандын көкүрөгүндө, деминде! Ал ошентип гана оомал-төкмөл замандарга чачылбай, «Кыргыз» атын кардыгып чакырып, кылым түпкүрүнөн бу күнгө аманат жеткен. Аны «Мамлекет – Мен деген бөлүнбөс, ажырабас, канда агылган өлбөс өчпөс касиет жеткирген!

Демек көчмөн коомдо, бая Гегель айтмакчы, Мамлекетти төмөнтөн өкүмзордук менен жеңип алып акыры «Адам бийик» деп койкойгон көтөнкороз прагматизм, индивидуализм (индивидуалисттердин ичара алакасы өзүнчө) эго-клетка мамлекет эмес, «адам башы көпүрө болсо аттабагын, кан башы көпүрө болсо калкы аттасын» принципке негизделген бөлүнгүс улуу биримдик (!), кош тарап СЫЙ мамилеге негизделген вертикал бийлик, ыбаа Теңиризм бар. Мамлекет жана Жаран укугунун ТҮГӨЙ табышкан гармониясы бар. Биздин психологиябызда аныкталган жа­на батыш таанымда калыптанган мамлекеттүүлүктүн түпкү философиясынын ажырымы ушундай. Биз үчүн «Укуктун» уңгусу ушуякта жатат. Эгер биз, эми, эгемен, уюшкан бир организмбиз десек, эң биринчи ирээтте, өз мамлекеттүүлүгүбүздүн ушу эң түпкү философиясын, укук уңгусун ачык түшүнүп алганыбыз эп. Теңирдин кулунубуз десек, мамлекеттик вертикал биримдик бийликке ишенимди жолуна коюшубуз керек. Арийне, бийлик да өз кезегинде Теңир Жолго өз жолун кыраа түзөшү керек. Анткени, “Кан адашса, бүтүндөй калк адашкан” да учур бар, аттиң, кантесиң, азыр бар симптому ачык байкалып калган… Бирок бул, башка сөз. Практика…

Теорияга кайтсак, бул, бая жалаң мамлекеттин жаранды тыкыр басмырлап өзүн өкүм зор туткан, же жаранга мамлекетти тепсетип асыл башын кор туткан жол талашып эгешкен эки чектеги позиция эмес, экөөнүн ТЕҢ салмагын тапкан, кармаган бир уюлдуу ТЕҢЧИЛ укук. Ал мамлекет жана жаран укугун түбөлүк атаандаштырбай, приоритет талаштырбай, диалектикалуу ТЕҢДЕЙТ. Буга анан барабыз. Эмесе ушул ТЕҢ укук туткан (бул, кайталайм, кечээги тек «уравниловка» эмес, ТЕҢ – диалектика) Теңирчилик улуттук укукчул мамлекеттин мазмунун эмнеден көрөт, жана аны кандайча атайт? Сөз ушуга оосун.

ТӨП МАМЛЕКЕТ, ТӨГӨРӨК КООМ

О армандуу Дүнүйө!
Булут минсең жетпейсиң,
Мурункунун наркына.
Буркурайсың түтүндөй,
Бул замандын артына…
Арстанбек

Ошентип бизде укук уңгусу ТЕҢ-диалектикада жашынган экен. Теңирчил идеологияда катылган экен. Ырас, улуттук укукчул мамлекеттин уңгусу тууралуу ой чыккан соң бу багытта да айрым бир тактай кетээр маселе бар. Ал «укук» термини жана ал камтыган мазмуунга байланыштуу. «Укук» деген термин биздин лексиконго кирген. Киргенде да Батыштык юридикалык кең маанисинде кирип калыптанып кеткен. Биз аны козгогубуз жок. Ошондуктан да жогорудагы баянда тек калыптанып калган мазмуунунда урунуп бардык. Бирок эми улуттук укукчул мамлекеттин уңгусу эмнеге негиздениши керек деген суроого жооп издей келгенде биз эрксизден укуктун көчмөн дүйнөтаанымында көрүнгөн өзгөчөлүгүнүн тегерегинде да азыраак ой калчоого аргасызбыз.

Жогоруда укук байыркы жамаатчыл коомдо адамдардын бир биринен айырмалуу ордун күтө баштаган чагында түйүлдүк түйөт дедик. Эмесе ошол укукту көчмөн өз таанымында эмне деген. Кандай түшүнүк менен туюнткан? Орду деген! Жолу деген! Ал Жол-Орун Теңирден агылган! Асыл үлгү көчмөнгө Теңирдин ТЕҢ касиетинен табылган! «Мал баласы туулганда жерди карайт, куш баласы туулганда көктү карайт». Бул эң түп, гентүп! А демек биз дагы анда эмне үчүн жана качан көчмөндө мындай салт калып­танган деп суроо салып себеп чоттоп отурбай, аны априори чындык моюндап, сөздү ары жалгайлы. Ошентип Теңирдин ТЕҢ касиетине таяна отуруп көчмөн ар кимге «Жолу улуу» жана «Жолу кичүү» Орун тартуулаган. Бул — ыйык салт болгон. Аны Теңир кайтарган. Ар кимдин өз Ордун билип, өз Жолу менен жүрүүсү бузулгус ыйык мыйзамга айланган. Алмустактан аликүнгө! О бул не деген керемет!.. Биз көчмөнтагдыр адамзат тарыхында эч качан кайталангыс, сөз менен жеткире алгыс улуу касиет, феномен-тагдыр экенин али чындап аңдай элекпиз. Анткени Батыш калыбына салынган «традиционное общество» деген бас түшүнүк башыбызга ширге жабылып калган. Ал түшүнүк боюнча мындай коом кулчулук доордон да алдаганча пас турат. Байыркы кулчул кулдур коом тарыхый өнүгүштүн тепкичинде андан бийиктеги прогрессивдүү коом саналат. Анткени, ал кезеңде тарыхый аренага кантсе да мамлекет чыккан. Кул ээлөөчүл мамиле калыптанган. Демек укук түптөлгөн. Ал эми салт, адат, тыюу мамилелерин батыштааным адам коомун өнүгүүнүн ага чейинки тепкичтеринде тескеп келген жетек эрежелер гана деп билет. Демек, ал — примитивдүү. Байыркы общиналык адамдын табият менен алакасы, дүйнөтаанымы канчалык деңгээлде болсо анын салт аркылуу чөйрөсүн, коомун уюштуруп камтуусу ошол деңгээлде калат деп санайт.

Чынында батыштагы «салттуу коом» түшүнүгү анын өзүнүн байыркы тейин чагылдырат. Алар өзүлөрү түшүнгөн «салттуу коомдун» мазмунун Азиянын калган элдерине да бирдей таандык деп эсептешет. Ага механикалык көчүрүп түшүнүшөт. Ушинтип форманын ичинде тынымсыз тереңдеп келген өзгөчө мазмуунду эсепке албай калышат. Алардын көзүнө чыгыштын жамаатчыл коомунда ар бир жаңы муун, көбүнесе, өзүнө чейинкилерден калган адат-салттарды түк өзгөртпөй, артында не жатканын да ойлонуп-толгонуп койбой сокур жетекте аткарып гана жашай келген салт туткуну же салт маңкурту катары көрүнөт. Ошентип салттын адам коомун салмактап турган жайын моюндашканы менен да аны, тарыхый прогресстин алкагына ала келгенде, каткан сенек консерватив кубулуш катары баалашат. Атадан балага… Муундан муунга…

Улам бир коомдук система-тепкичтен экинчи тепкичке өрлөгөн Батыш жолуна балким, бул алымдуудур. Бирок эзели көчмөн коомго алымсыз. Себеп:

Биринчиден, көчмөн жашоо табияты бардык отурук калктардан башкача жаралган, табият менен тынымсыз киндиктеш калган, ат үстүндө каалгы түбөлүк сүкүт салган, Аккан Дүйнөдө атчан агылып барган ал — суудай жашоосунда чектелүү мезгилдин чегин жоюп, түбөлүктүү Дүйнө өзөгүнө өтүп ийирилип кал­ган. Б.а. көчмөн жашоосунда — «көчкөн ТЕҢ диалектиканын» сырын мүлдөм жандырган ал!

Экинчиден, Теңир алдында байыркыдан азыркыга чейин баарынан узак жашап (демек түбөлүктүү дээрлик) руханий Көккө өрлөп барган бирден бир цивилизация ушул. Цивилизация өзү, ириде руханий түшүнүк. Маселен Манас, бул – цивилизация! Адамзат тарыхында ар ар жерде, ар башка борумда көрүнгөн бардык цивилизациялардын байтүбүндө адамдын айжаркын руху тунган. Ал эми көч­мөн цивилизация көчмөн порумда гана көрүнмөк, чыкмак. Ансыз да жашоо-табияты, түрпү түсү руханий коом ушул удулда гана тереңдемек. А демек, Аалам сырын, дүйнөнүн миңкыл кубулушун рух жарыгында жарытып, көкүрөк нурунда электеп, анан анын аңдалган маңызын – квинтэссенциясын:

тамчыдай бир мөлт сыгып алып скифтин алаамат өнөрүнө;

дүйнөнүн жумуру формуласындай көрүнгөн боз үйүнө;

Жер-Көк жүлүн кошкон кечки иңирде Көк Дөбөдө каңгыр-күңгүр чертилип Көккө калкытып алып чыгып кеткен көчмөнсүкүт «Дүнүйө» күүсүнө;

акыры мына ушунун баары-уйулу — Манас ааламына ширетип aлып өткөн көчмөн цивилизация, өзү кандай!

Муну да бир жолу атайлап белгилеп атканым, мораль маселесине байланыштуу.

Мораль — көчмөндүн бөлүнгүс чулу жашоосундай ошол адат, салттар менен эриш-аркак тепчилип чулу жашайт. Мораль, этика — жогоруда айтылган көчмөндүн мүлдө касиетии күндөлүк турмуш тирликте жандуу жашап алып жүргөн, жүрүм-турум, адебине кыттай чөгөрүп кылын кыйшайтпай кылымга алып өткөн тирүү тогоол-тоом сыяктуу. Ал, өзү — ошол цивилизациянын адам ахлагындагы кыймылдуу жашоо формасы. Баары — бир биринен бөлүнгүс жумуру сом уюган. Ал, тамчыдай – сом дүйнөнү пейили күзгү чагылдырган. Демек, көчмөн моралы дегениң өзү да бүтүн дүйнөтааным. Кайталайм, батыштааным ушул түшүнүккө батырып караган келте мазмуунга салыштырып айтаар болсок, анда:

Биринчиден, ал алдаганча бай, терең, же дүйнөтаанымы бүтүн бир системге өсүп жеткен элдин ошол дүйнөтаанымынын адеп-ахлак, жүрүм-турум порумундагы көрүнүшү. Ал Батышта көрүнгөндөй, же Батыш түшүнгөндөй керт пенденин «тигини кыл, муну кылба» деп керт деңгээлине жараша жалаң быт-турмуштун тигил же бул жагдайларын ар башка камтып, айрым-айрым тескеген, чачылган ички эрежелер эмес, Дүйнөнүн бүтүн сүрөтүн бүкүлү түшүнгөн, ичин-тышын ТЕҢ аңдаган, Жан-Денин аа жалгаган, улуу мыйзамына кыналып Дүйнө өзөгүндө жашатып калган Руханий Конституциясы. Жазылбаган Теңирий мыйзамы.

Экинчиден, көчмөн коом ал тек жамаатчыл гана эмес дайыма кыймылда аккан ачык да коом. Анын жашоосу, айталы, отурук Чыгыштын жамаатчыл коомунан алдаганча так, тыкыз, жана уюшкан мүнөзү менен да айырмаланат. Жеке адам жашоонун бар өлчөм-параметринде (ички, тышкы) жамаат менен ачык алака катышта, адамдыгы айкын сыналган кагылышта жашаган. Анда укук жана милдет деген түшүнүктөр ажырагыс чынжыр чырмалган. өзүнүн милдетин аткарбай коюу дароо өзгөнүн укугуна шек кетирген. Ал ошон үчүн милдеттүү түрдө сөзсүз аткарылган. Бу «укук-милдет» бая айтылган «ЖОЛ» түшүнүгүндө тоом бириккен. «Укук-милдеттин» сакталышы — ар кимдин өз Жолун сактоо аркылуу жүзөгө ашырылган. Орун-Жолдун сакталышы — ар бир кишинин жеке укугунун жеткире сак­талышы болгон. Ал уюмдаш коом-мамлекеттин бар танабын, бар тарабын камтып, баардык учурга таң каларлыктай алымдуу, универсалдуу мыйзам болуп тепчилген. Жол баарына калыс болгон.

Анткени ал — Теңирден агылган. Өзүнүн Жолун тутпоо, өзгөнүн Жолун сыйлабоо — намыс болгон. Андыктан «ар-намыс» деген бир сөздө көчмөн дүйнө дүрр жаңырган. «Салт бузган жосун» айыпталып жамаатчыл коомдун байтүбүнө коркунуч катары — жашоого укук алган эмес. Укук-милдет — жашоо зарылдык талабынан аткарылган, аткартылган. Кандай болгон күндө да кёчмён мыйзам каректей сакталган. Ошентип ички мыйзамдын диктатурасы орногон. Бу демек, ыймандын диктатурасы болгон! Демек көчмөндүн «объективдүү», «субъективдүү» правосу бир. «Абсолюттук» право да анда. «Публичное», «частное» право да мында – улуу тогоол тоом «Жолдо». Ал эми анын башат-булагы («источник права») – Теңир өзү. Мыйзамы — ТЕҢ диалектика. Батышча айтсак, Жалпылык менен Жекеликтин, бизче айтсак, Жер-Теңирдин же Түгөйлүүлөрдүн Жол сыйлаган катышы. Асман-Жердин кулуну Адамга үлгү. Идеалдуу жетек!

Арийне, көчмөн Теңир мыйзамын андан паникалуу корккондон, же ашкере элпектигинен эле бүгүлүп-жүгүрүп сыйлап турбайт. Анткен, тек көр идеализм болмок. Теңчил-диалектикачыл көчмөн мунун экинчи учугун Жерден көрөт. Ал — аңдалган мүнөзгө ээ. Акыйкатта да, эгерде ыйман мыйзамы бир жаагын баспай уңгуңда улуп туруп албаса, тек жүрөкзаада ишеним эл көчүн эч качан тарыхка таасын жалгай албайт, коомун мынча аруулай албайт.

Демек, үчүнчүдөн, мораль көчмөндүн жазылбаган көкүрөк мыйзамы болгон. Ички ишеним мыйзамы. Ал ошон үчүн орошон күч­кө ээ болгон. Адамды Теңирнаркка сүйөмөлөгөн. Дегеле тарыхта мыйзамдардын адеп жазыла баштаган фактысынын өзү ошол ички мыйзамдын, б.а. моралдын иштебей кедери кете баштаган чагын мүнөздөйт. Бу, анын тереңги ишеними Кудайы нускаган Жолдон тайып, шайтааний жолго кайыганын каңкуулайт. Ал эми жазылган кандай гана мыйзам болбосун ал адамдын ички ааламын, коомду тегиз камтый албайт, сыртта калат. Андыктан аны буйтап, аткарбай койсо да болот. Абийири милдеткер эмес. Ал эми абийир мыйзамын бир эле мертем аттап алган адам шай­тан азгырыгынан түбөлүк чыга албай калганы. «Эми бир эле жолу… дагы бир эле жолу, анан бүтөт, токтойм… “Жок, бүтпөйт! Анан да мыйзам жазылаар замат, аа тараза — «мыйзам эмес» жак дароо мыйзамдалат. Моисей пайгамбардын он осуяты катка алынаары замат артынан он миң закон жайнап чыкканы бекер эмес. Ошон үчүн тээ байыркыда, Кытайда, отурук мамлекеттер куралып, мыйзамдар демеп-демеп катка алынган заманда пай-гамбар Лао ичтей сыздаган эмеспи: «Мамлекетте чектеп тыюу күч алса, эли азат. Курал жыюу күч алса тополоң басат. Мыйзам, жарлык көп өссө, ууру кески төп өсөт…» Андыктан чыныгы даанышман элди сырткы мыйзамга эмес ириде ички мыйзамга байлайт. Ыйманда кармайт. Ал эми ички мыйзам, айттык, Теңирге жалгаш…

Жок, мунун баарын мен жазылган мыйзамды кунсуздап жалаң мораль менен жашоого өт деп Көккө илинген чакырык салган жерим жок (бу башыңы жегир ХХ кылымда ошенте алсак кана!), улуттук укукчул мамлекеттин негизине, тегизине улуттун өзүнүн табият-ыңгайы, моралы милдеттүү чөгүшү керек деген ойду айткым бар. Жазылган мыйзам жан мыйзамынан сызылып чыгуусу шарт дегим бар. Ошондо гана ал мыйзам иштейт. Элдин өзөгү нурланат, өз ичинен жарык чыгат, туура Жолуна баштайт. Ошондо аны арбак жолдойт, Теңир колдойт, Жолу ачылат…

Акыйкатта да, улаңгайыр тарыхта ушунча узак жашаган мораль, Теңирдей ТЕҢ калыстыкка канып коомду аруулап сактаган руханий Конституция, Теңир тереңге канык-анык дүйнөтаанымга айланган адеп-ахлак эмне үчүн улуттук укукчул мамлекеттин уңгусуна чөкпөшү керек. Эгерде укук-мыйзам улуттук рух дүйнөтаанымды, менталитетти эсен алып өтө албаса, аа кызмат кыла албаса, керинче, аны улам кунсуздоого баштаса, анда түбү улутту сактоо талабынан улам жаралган «укук» деген түшүнүктүн түп маанисинин өзү өчөт. Философиясы кунсуздалат. Жок, бул дагы тек кезектеги морализаторлук эмес. Укукчул мамле­кеттин үлгүсүн издеп ар жакка бир чарпылган азыркы айласыз абалыбыздан агылган талап. Акыйкатта, укукчул мамле­кеттин үлгүсүн эч ким, эч качан, эч жактан бербейт. Анын идеал модели эч жерде иштелип чыккан эмес, чыгышы да мүмкүн эмес. Анткени анын теги ар бир элдин узаакы тарыхында, тамырында, салтында, моралында катылган. Батыштагы укук­чул мамлекеттердин байтүбүндө да байыркы Рим, эллиндердин байырлуу салты жатканын көрдүк, бу күнгө эволюциялуу жеткенин көрдүк. Б.а. мазмун-формасы шайкеш өнүгүп бүгүнкү түрпүн күткөнүн көрдүк. Чыны менен да өзүнүн төл кыртышынан аягы ажырабаган мамлекет гана күркүрөгөн Антей күчүнө ээ.

Укук системи Руханий Конституциясынан уланган калк гана келечектүү. Бул эми каректей зарылдык! Эмне үчүн? Мунун тагдыр чечер себеби бар. Анткени эми алдыңкы XXI кылымдын философиясы барып-барып этноэкономикага гана байланат. Этноэкономика башкы философияга айланат. Этноэкономика – улуттук чарба жүргүзүү өзгөчөлүгү гана эмес, рухий өзгөчөлүктүн чарба жүргүзүүнүн өзгөчө мейкиндиктерин да ачышы. Жая айтсак, мага бир нерсе айкын: келээр кылымдын экономикасы эми бир эле учурда эки мизинде ТЕҢ бирдей өнүгөт. Бир мизи — жан жарыгын жагат, экинчи мизи — сыртка жарык табат. Б.а. экономика чыны менен үнөмдүү, рационал мүнөз күтөт. Бир эле өндүрүш ич мизинде улуттун руханын гүлдөтүүгө иштесе, экинчи сырт мизинде күч кубат бардарлыкка багытталат. Улут руху экономикада кыйгас силкинээр заман жанат. Бир таяк менен эки коен чабылат. Эки мизине жанын бир­дей түйө алган калк гана дүйнөлүк катаал конкуренцияда аман чыгат. Бүгүнкү күндөгү жапан духу – экономикасы айкаш өнүгүп жаткан сабак ушуну айтат. Суроосал мисал: кылымдын экинчи жарымында «дзэн-буддизм» неге анча ачылды? «Икэбана» – гүл өнөрү неге мынча гүлдөдү? Жа­пан бакча – «реандзи» неге ошончо жашылданды? Бул миңдеген туристтерди өзүнө азгырып, капиталын жазгырып, бир эле учурда этноменталитетти сактоонун өзгөчө улут­тук жолу эмес бекен?! Дал өзү! Этноэкономика деген, ушул! Болбосо, жаратылыш байлыгы мынча тыкыр тар аралда тарыккан элдин радиоэлектроника, кибернетика, ЭВМдин эл туйбас тереңдиктерин жеңип, рынокту өзү ээрчитип кеткен экинчи себеби эмнеде? Бул да тереңинде, жашап кетүүгө жанталашкан улут жанынын далбасасы. Дүйнөлүк күрөштө өз ыкыт-ыңгайына салганы, өз күчтүү жагын таңуулаганы. Жапан кереметинин артында жашынып турган, мүлдө азыктандырып турган күч, ушул. Бул – Гамлет абал. Самурай зар-зар. Ички муңайым чыңырыкка Аматэрасу кудайы ийип синтоизм, дзэн аркылуу мээрим кубатын бергени (О Теңир! Кулунуңа ийи! Бер кудурет!). Ошентип «кереметтин» соңунда, керек болсо, өлбөстүккө жанталашкан кермек агония жатат. Жашылданган бакча артында жашылданган карек бар. Улуу сулуулук – улуу трагедиянын гримасы дагы ал. Улут рухун асырап алуу жандалбасы, улуттун ар-намысы гана элди улуу уюштурат. Серпилген рух кезегинде экономиканы ээрчитет. Ооба, дал ээрчитет! Экономиканын философия­сы дегениң ушул!

Этноэкономика Батышта да жердиги үзүлгөн эмес. Эми да Батыш экономикасы эки кырын тең миздеп мына ушуга жанталашкан. Жеке менчик, жеке укук, жерге ыкчыл менталитет биринчи ирээтте ушул духка ургаал иштейт. Бул анын өз стихиясы. А биз үчүн — мээкаңгыт мента­литет талаа… Кайрадан кансыз согуш…

Эмесе кыргызды канжыгадан көрүшөөр бу ай талаада эмне сактайт?

Канчалык парадоксалдуу угулбасын, көчмөндух сактайт (Көчмөндүк – жашоо мүнөз, сыртта. Көчмөндух – дээр-зээн, ичте.). Улуттук кайталангыс урк-касиетине таянган экономика сактайт. Бул фактор балким азырынча мөрт жетилбей, суурулуп чыга албай туру (невостребованный). Бирок ал, келет. Ал — бар. Эсеби, ээрди мисалга ал. Кадимки эле кыргыз ээрди. Таптаза үлгү ана, ушул. Каптыргасы атка бап, чарасы, кашы чатка чак! Ал-дыңкы бети атка ыңгай, үстүңкү бети эрге жай. Ошол эле учурда бир ашык кеми жок, эки мизи тең иштейт. Эки миз демекчи, бир мизинде элдин эң байыртан келаткан скиф искусствосу – куйрук канатын таранган кушбаш ээрдин сыны бар. Экинчи мизи «атка имги» – турмушка иштеген түрү ал. Б.а. экономикасы руханиге айкаш. Кыргыз үчүн этноэкономиканын философиясы мына ушу ээрден башталат. Этноэкономиканын символу бул! Көчмөндү ал Көк менен Жерге жиксиз жалгап турат. Асман менен Жер анда идеалдуу бириккен! Эгер кыргыз улут катары жашап калам десе улут руханы экономикада дирр силкиниши за­рыл. Айталы, анын байыркы улуу өнөрү – скиф искусст­восу алыс-жуукту азгыраар бар касиетин кайырышы керек, «Улуу Жибек Жол» бою мүлдө жаңырышы керек, ат, куш өнөрү түгөл өрлөшү керек, туризмге айкаш улут руху мында бир түрлөнүшү керек. Жерин табигый паркка айландырып, аа таяна мейли, традициялуу чарба жүргүзүү, мейли улуттук медицина, мейли альпинизм, мейли зоок аңчылык жаңы негизде кайрадан жаралышы керек. Аба, суудан акча сааган жаңы менеджмент, маркетинг жарыя гүлдөшү керек. Табигый байлыктарын сарамжал пайдаланган улуттук ыңгайдагы илим ургаал өнүгүшү керек. Ооба, ооба, баары, баары комплексинде керек. Бирок да улуттун эң башкы байлыгы ал – биз али элес албай жаткан улуттун дал ошол өз табият ыңгайы. Анын дүйнөнү таң каларлыктай тез өздөштүрүп данын сиңирип алар касиети. Көзөй көрүп, көздөгөнүн бөктөрө өткөн атчан, ачык менталитети. «Тирлик түбү – бирлик» деп ынтымакты жар салган жамаатчыл жашоо мыйзамы. «Ар намыста» дүрт уюша алар, жанар күч табар, өзгөчө уюмдаш, Сыйчыл, Теңчил философиясы. Ириде, анна, ошону сакташы керек. Демек, кылым бийигинде кыргыз уулу рух кудуретине таяна өнүгөөр өзгөчө тегиздикке даяр. Тотал жеке менчикке (анын ичинде жерге) эмес, эми балким таптакыр башка мүмкүнчүлүктүн көзүндө өсүп, изденгич илимдин изинде өнөөр, өзгөчө мазмунда өнүгөөр XXI кылымдын кан жолуна стихиясы жакын. Улуттук духтун өнүгүшү XXI кылымда эми экономиканы ээрчитет деген кептин жөнү ушул. Философия этноэкономикага байыр алат, этноэкономика философияга айланат деген кептин да жөнү ушул. Мунун түбү барып-барып бая биринчи бапта дүң нускалган базис менен надстройканын катышына такалат. Бу тууралуу анан да арналуу кеп салабыз.

Демек, улуттук укукчул мамлекет деген бирөөнү туурамчылык эмес, анын уңгусу ушунча тереңдиктерде. Ал ириде ички мазмун. Ал эми биз азыр анын тек сырткы формасын таанып… жок, даяр кабылдап жаткандайбыз, ме­тафизик маанайда. Акыйкатта форма, мазмун диалектикалык катышта. Кай форманы кабылдасаң аны менен кошо мазмуун да күрр агылат. Билинбей ичтен өзгөрүүгө ык коесуң. Анткени, бая акылман Гегель айткандай: «Форма мазмундалган, мазмун кайра формата канган». Адамзат азырынча мындан башканы ойлоп таба элек деп укукчул мамлекеттин Батыш моделин сын электен өткөрбөй мүлдө кабылдап жатканыбыз, ал өзүбүздөгү мазмунду (кыр кыргызды!) ошого ыңгайлап, өзгөртүп да баратканыбыз. «Киши акылы кишен менен тушоо, өз акылың өзүн, менен өскөн тамыр» деген экен илгеркилер. Андай болсо айкөл Манас идеалыбыз кайда калат? Ташка сийгир, урпагы кайда барат?! «Жол ача болсо иттин башы маң» дейт дагы. Ал эми биз, али адам чыгарбыз. Кыргыз чыгарбыз. Байыркы бабанын: «Эл, мамлекет заңын бузба» деп кардыккан ыйын эшитээрбиз, али.

Эмесе, ошол баба айткан укуктун түп негизи не? Улуттук укукчул Мамлекеттин уңгусу эмне? Барбы ал? Болсо, кайда? Алкысса, ошол Осуят Дөбөдөн кароол салсак, эми бая жомоктогудай үч жүлгө жол үлбүлдөйт.

Биринде — АДАМ кызыкчылыгын Мамлекет, Элден ашырып, Мамлекетти өз орбитасында айланткан бир айла-амал Жол көрүнөт?

Экинчи жагында — жалаң Мамлекет кызыкчылыгын жарлап адамды өз орбитасында ийирип чимирген буйламал Жол бөлүнөт.

Экөөнүн ортосун ТЕҢ как жарып билинбей дагы бир жүлүндөй Жол созулат. Ошол Жолго Теңирден Hyp төгүлөт…

О Баба Жолу, Теңир Жолу, Элди мундурбай баш­тап келген кеңир Жолу! Бул өзгөчө Жол! Өзгөчө укук! Бу — мамлекет бийиктигин абсолютташтырып адамын басынтып эркин тушаган бир беткей өзгөрбөс тик вертикал да бийлик эмес (тоталитаризм, авторитаризм), болбосо Адамдын жеке эркиндик, жеке укугун ыйыктап, мамле­кеттин жана мамлекеттердин башын тепсеп Дүйнөгө сунала горизонталдашкан «адамжааңгер» да бийлик эмес (Батыш үлгүдөгү Укукчул мамлекет, Гражданчыл коом). Ал экөөнү теңдеп, чарк айлантып ТЕҢ – диалектика кыймылга алган, ортосунан идеалдуу Айтөгөрөк биримдик тапкан өз табиятына алымдуу өзгөчө үлгү. Ататаанымдагы аты-ысмы бул: Төп мамлекет, Төгөрөк коом, же «Төп Төгөрөк!» Анын мыйзамы вертикал да, горизонталы да биртарап укук-бийлик эмес, кыймылда аккан ТЕҢ – диалектика. Же вертикалы да, горизонталы! да Айтөгөрөктө бир ийирилген Аккан Дүйнө…

Анда кай кимисине, качан «Жолу улуу» (үстөмөн) учур калтырылары, башка кеп, же ал конкрет тарыхый кырдаалдан агылат, кайрылып диалектика мыйзамынан табылат. Ошол мыйзамдын бузулушу улуттун уңгутагдырына не таасир этет, бул тууралуу сөз алдыда. Аа дейре, бая «укукчул мамлекеттин» баарыга алымдуу үлгүсүн али эч ким бере элек деген ойду биротоло бүткөрө кетели эми. Ооба, да кайталайбыз, «Укукчул мамлекеттин» мүлдө алымдуу төп үлгүсүн эч ким бере элек али, жана бериши да мүмкүн эмес. Анткени ал, баятан баяндалгандай, улуттук мораль, психология, салт, дүйнөтаанымга байланышат. Ал эми ар бир эл нравалык идеалды ар башка мазмуундан көрөт. Тулгалуу түшүнүктөрдү ар бир эл өзүнүн идеалынан чыгып маңыздайт. Чынында да адилдик, калыстык, эр­киндик, теңдик ж.б. түшүнүктөр өтө кең түшүнүктөр, кеңдиги ушунчалык, эгерде уй байлаар казыгын таппасаң учу уларып акыры жагы абстракцияга чабат. Алар конкреттүү улуттук кыртышта гана конкрет мазмундалат. Улуттук уңгуга таяна идеалга умтулганда гана улуттук мамлекет укукчул жолунда болот.

Андай болсо ушул ТЕҢ – Теңирчилик эми коомго иде­ал, мамлекетке идеология болуп бере алабы? Же бул, тек, качанкы көчзаманды көзгө сүрткөн бир көзкаман идиллиябы? Жок! Бере алат! Кантип? Анткени ал Мамлекеттин да, Жарандын да кызыкчылыгына төп, ТЕҢ кызыкчылы­гын коргойт. Ал «Адам улук» деп сырттан суук укурук салган ниетти ичке сел агызбайт. Мамлекетти алсыздандырбайт. Мамлекетти Кишинин ТЕҢ жарымы санап, экөө­нү бир БҮТҮНДӨЙТ. Бу Бүтүн, Теңирчиликтин жаны – «Төп-Төгөрөк-Оң-Сол». Эгерде Жарандын эрки тыкыр тушалып барса, анын демилгесине шек кетсе, анда ушул БҮТҮНДҮК зак алат, ТЕҢ бузулат. А демек Жаран кудуретине эрк берилет.

Жок, Жаран, Адам кызыкчылыгын жамынып, анархияга жол ачылса, арамза кэрнээт Мамлекетти алсыздандырууга чапса, анда Мамлекет дирт козголот, өзүнө келет. Жеке менчик жана кызыкчылык эч качан мамлекеттик менчик жана кызыкчылыкты аша аттабайт, ага эриш-аркак өрүлөт. «Үчүнчү жол» бизге ушуяктадыр, Манастадыр. Манас баба — ушу ТЕҢ- «Оң-Солдун» ордосунда олтурган… Анын Айкөл философиясы, идеологиясы ушул.

Нетесиң, биз болбой эле мына ушул эгерим бөлүнбөй тирүү жашап келген, башка элдер, айталы, ошол эле Батыштын ойчулдары байыркы Платондон тартып, Вольтер, Руссо, Гегель, Маркстарга чейин аңсап-зарлап, бири «Алтын заман», бири «Коммунизм» атап, бири байыркы өткөн замандан издеп, бири аны айлантып келечекке түздөп, бирок эч качан эч бири калкагар бийигине жете албай калган биздеги коом-мамлекеттеги ТЕҢ идея, улуу биримдик, асыл гармонияны — эми биз өзүбүз, бизге таңууланган Батыш үлгүдө бычылган «гражданчыл коом» атынан, «укукчул мамлекет» нээтинен, жалаң «жекеменчик» жаатынан каргага окшогусу келген каз сыңары кайра кескилеп, тыткылап, жырткылап, калкыбыздын асыл ыңгай-табиятын (менталитетин) аттап келебиз, Манас рухун зактап келебиз. “Манас осуяты” деп ооз жүзү айтып, иш жүзү аны таптап келебиз!

Арийне, бул айтылгандар демократия принциптерин, укуктуу мамлекетти өзү цивилдүү санаган Батыш дүйнөсү менен, ал кечээ жеткен конститутционализм менен гана байланышта караган айрымдарга жакпайт. Бирок укукчул мамлекеттин уңгусу, албетте көчмөн формада, абалтан эле биздин өзүбүздө бар, жашап келгенин айтсак биздин нигилисттер ынанар бекен. Айталы, алар демократиялуу же конституциялуу делген мамлекеттердин башкы өзгөчөлүгү катары андагы мамлекеттик бийликтин бөлүштүрүлүшүн мисал тартышат. Бийликтин мындай бөлүштүрүлүшү, акыйкатта, биз үчүн асмандан түшкөндөй жаңы эмес. Эзелтен бар ал дагы.

Эсеби, көчмөндөрдө хан шайланган соң, ошол ханга калктын мүдөөсүн жерге калтырбай жеткирип туруш үчүн жана кеңештеш болмокко калк арасынан атайын Аталык шайланган. Анын сөзүн хан жерге таштап кое алган эмес. Анткени анын артында Эл турган. Бул эмине, эмики өкүлчүлүк органын билдирбейт бекен? Калк арасындагы доону териштирген Бий шайланган. Ал ириде калыстыкка, же качандан келген калктын сынаакы Наркына, Салтына таянган. Бул эмине, эмики сот бийлиги эмес бекен? Баш увазир, жаки, кырктын башы Кыргылдай чоролор болгон. Бул эмине, шилтеген жагын мүрт жойгон аткаруучул бийлик эмес бекен? Ошондо Айкөлүң Манас каан болсо, бал менен оозуп чайкаган даанышман Бакай Аталык эмес бекен да, калыстык конгон кайыптан, батасы журтту байыткан Кошой бийдин (Катагандын каны да) бир сөзү теңиркалыстык эмес бекен?! Же укукчул болуш үчүн сөзсүз эле парламент, сенат, кнессет деген адамды элейткен ат керекпи?

Арийне, бу институттар бая айткандай мамлекет, коому ажырымдалбай чулу уюган коомдо чулу жашаган. Функциялары так катпай, кыймылдуу коомдо кыймылдуу тур­ган. Теңирден агылган Салт менен Наркта ТЕҢ салмакталган.

Эсеби, бир учурда «эки тизгин бир чылбыр» (м.: үч бий­лик башы) кырдаал-шартка карай кысталаңдан кай кими сууруп чыга алаар болсо ошого ишенип тапшырылган. Бая Айкөлүң Манас Чоң Казат баштаар алдын кашына өңкөй кандарын алып:

Калк агасы бабаңды,
Кан көтөрсөк канетет.

Калайыкка маалымдап,
Даң көтөрсөк канетет?

деп бар бийлик ыктыярын Бакай бабаңа кыйдырып Акыл жарыгын азар Колго туу кармап турганы ушу эмеспи. Ошентип:

Бакай канга Кол берип,
Алмамбетке Жол берип,

Бирлик кылсак кандай?

деп бийликти бир колго бириктирген философиянын өзү биримдик. Болбосо, мынча улуу жыйылыш, улуу сапарда бир Акыл аздык кылары билинип, темирдей эрк, тажаал тартип зарылданганда кандык бийлик кайрадан Кол да билген, Жол билген кайраты артык Алмаңа бирдей ыраа көрүлгөнү ошол да. Анан да, көчмөн демократия улуу акылда уюп, бир бүтүмгө муюган соң анан бар кудуретин чагылгандай бир тарап нуктап жанардай жарып чыкканы ошол.

Ушу Жолдун бийлигин
Алмамбетке берелик.

Көргө түшсө түшүүгө,
Көлгө түшсө тобокел,
Көт жагынан сүзүүгө,
Шамалга учса учуга
Кара жер кучса кучууга
азыр болуп, «эки тизгин бир чылбыр” бир колдо макул табышканы да ошол. «Баштуусу бар бекен?» деген байыркы накылдын мааниси ушул. Бул, тек, өтүп кеткен факт эмес, өтпөс-өчпөс философия, идея, маңыз, бардык заманда өзүнө ылайык форма тапкан. Ал менталитет күрөөбүздө күркүрөп али тирүү, бар, жашап турат.

Же бул айтылганды азыркы заманга сабактасак көңкү философия-мазмуун ушул туруму бойдон бийлиги бөлүштүрүлгөн учурдун укукчул делген мамлекетинин талабына шай. Атургай андан кыйла артыкчылыкка ээ. Анткени ал аша мобилдүү, б.а. үч бийлик тең тарыхый шартка карай кыймылдуу, тең салмакталат. Бул, эмкиче, айталы, башкаруу формасына карай алганда, президенттик да республи­ка эмес, жана парламенттик да республика эмес. Же, тескерисинче, экөөнүн тең шиңгил касиети бир ширелген ан­да. Экөөнүн мүмкүнчүлүгү эрекче ачылган мында. Тез замандын темпине карай бат өзгөрө билет, бап ылайыкташа алат. Айталы, бир учурда мында аткаруучул бийлик (же алмамбеттизгин) барынан өкүм чыкса, экинчи бир улуу акыл чайкаар тушта мыйзам бийлиги (бакайакыл) өр алат. Үчүнчү бир кысталаңда coт бийлиги (кошойкалыс) бийик эркке ээ. Шартка жараша ийкем, макул тил табышат. Табышпай кое алышпайт. Анткени ъчөөнөн бийик Теңир бар. Теңируулу Манас бар! Теңирий мыйзам – Салтта, Наркта дүрт табышат. Улуу Эрктии алдында ыбаа карап ыкрар кылат. Туруп берет! Андыктан бийликтин үч бутагы бир бирине көз каранды эмес деген кеп биерде алымсыз. Көз каранды, Теңирге! Теңирдин ТЕҢ, калыс мыйзамына! Укук уңгусу моралга!

Дагы, эмкиче, саясы режимине карай баксак, мындай төгөрөк коом-мамлекетте «тоталитаризм», «авторитаризм» же «Адам Мамлекеттен бийик» деген элди – коомду мамлекеттен ажыраткан, же элге өз мамлекетин каршы койгон (демек элдин өзүнө өзүн, анткени мамлекет анын ажырагыс ТЕҢ жармы) жазгырыктарга да орун калбайт. «Эл – Мамлекет» эки түгөйдү ТЕҢ катышта бүтүндөгөн көчмөн демократия (диалектика) бул. Айталы, Мамлекеттик бийлик активдүү башталышка ээ «Жолу улуу» абалынын эң жеткен апогейинде ал «тоталитаризм» сыяк көрүнүшү мүмкүн. Андан жанып Жаран тегиздигинин перигейине жеткенде «Жарандык коом» сыяк сезилиши мүмкүн. Бирок бая айткандай бул катыш-вертикал да, горизонтал да так катпайт. «Айтөгөрөк» – айланма. «Төп Төгөрөк» – кыймылда. ТЕҢчил коом-мамлекет!

Ушинтип «укукчул» деген түшүнүктүн уңгусуна да келебиз акыры. Ооба, укукчул мамлекетте мыйзам баарынан бийик, баарынан ыйык. Ал талашсыз. Бирок ошол мыйзамдын маңызын ким, эмнеден көрөт? Балээнин баары ушерде! Бирөөлөр үчүн ал: «Адам бийик, анын жеке менчикке укугу ыйык» деп ийне көзүнөн төө өткөрүп, бардыгын байлыкка байлап, өмгөктөй айдап, Элди сырттан жеңип алар көзүр саясат, көздөй философия экен. Анын тарыхын бая санаттадык. А дагы бирөөлөр үчүн ал: Бир Теңир! Бир Теңир алдында бирдей сыйлашып жашоо. Теңирдин Теңирдей ТЕҢ калыстыгы гана анык укукка башат-башталма! (Источник права) Улуттук укукчул мамлекет деген ушул!

Чыныгы адил идеал Теңирден гана термелип келет. Көчмөндүн аны ыйыктаары ошол.

Теңирден агылган мыйзам гана коомго чындап идеал берет. Адамга адам, элге эл сот боло албаганы ошол.

Укуктун жаны, чеги-чени – адилдик Теңирдин ТЕҢ калыстыгынан гана табылат. Баласагундук Жусуп баба Теңируулу Күнтууган каанды «Адилет» деп каймана атаганы да ошол.

Демек бизге да коомдук идеалды эч ким, эч качан, эч жактан бербейт, мейли Чыгыштан, мейли Батыштан болсун мудаасын таңуулап мударистене алышпайт – акысыз! Укукчул Мамлекет законду баарынан бийик тутат демиш этип, бирок өз законуна ийириштин өзү – ийрилик. Мындай «ууру укукчулдун» бирөөгө укук таңуулап турушу – фарс!

Дегеле өзү, идеалсыз коом болбойт. Тек аны ар ким, ар кайдан көрөт. Бири даанышман акындыктан, бири прагма­тик бакырлыктан. Бирөө бирөөнү жегенден, да бирөө – Теңир тереңден… Анан да ал идеал, коом үчүн, тек Айдай, Күндөй асмандаган кол жеткис кыял эмес, контуру айкын болмогу ийги, коомду алга сүрөй алар конкрет кудурет сүйөккө ээ болмогу ажеп. Антпесе, ал тек утопияга айланат. «Теңирий коом» идеясы биз үчүн тек утопия ураан эмес, дал ошондой конкрет күч-кубат тартуулай алаар кудуретке эгедер. Ал Асманга асылып калбайт, Жер маңызга канык. Антмеги, анда Дүйнө-Болмуштун улуу сыры – ТЕҢ диалектика катылган. Төрт тарабы шай «Төгөрөк» үлгү жашынган. Теңирден теңиз сый-сүйүү келген, анын мисалында алдуусу алсызын ала жүргөн. Ал коом ошон үчүн алмустактан бир бүтүндөлүп аликүн тирүү келген. Теңир менен Жер, Жан менен Ден ажырагыс сымал, Мамлекет жана Эл (б.а. коом) да мында бир туташ диалектикалык катышта калган, ажырабайт. Ал эч качан «мамлекет» жана «граждандык коом» деп бир чулу бүтүндүктү бөлөк-салак жиктебейт. «Мамлекеттик» жана «жергилик өзүн башкаруу» деп бир туташ бийликти белинен бүктөбөйт. Алды-аркасына ийирилген жумуру уюшкан айтөгөрөк организм! Ал ошондуктан Дүйнөзөккө өткөн. Бая залкар немис Иммануил Кант зарлаган идеал мында ишке ашкан. «Две вещи наполняют, душу всегда новым, и все более сильным удивлением и благоговением, чем чаще и продолжительнее мы размышляем о них – это звездное небо надо мной и моральный закон во мне».

Ушинткен кайран Канттын караанында калтаарып кайыган соңку «Адамчыл» бачики илимпоздордун ар бир айткан-дегенин энди талмуддай кастарлап үлгү сонундап турганыбызга эмне бересиң!? Айтса, ошол «үлгүнүн» өзү да үлкөн зак берген бүгүн. Мамлекеттүүлүктүн универсал таңууланган батыш моделинин өзү барган жеринде эле бак айта бербей, кризисте. Андыктан ар эл, айталы, өз мамлекеттүүлүк тарыхына ээ кең Российби, же шариат шарымынан өз Жолун чалган, анүчүн «фундамендалист» атак алган мусулман журтубу, алдэ Конфуций, Шаң Йаңдын канатына кайрадан ыккан мел-мел Кытайбы, «Адамчыл универсал укуктан» да улуу дүйнө – Теңирчил мораль, рух барын моюндашып, ириде өз элин, өз кишисин сактаар чыныгы улуттук дөөлөттү уңгусуна алган улут­тук укукчул мамлекеттерин издеп, байтүбүн бекемдеп жатышкан чагы.

Ооба, келаткан кылымда, чыны менен да, учкаяк заманга уйкаш уланаар, айкаш кыналаар шартка ийкем, тез ыңгайлана алаар, аша мобилдүү, аша динамикалуу мамлекет гана жашап кетет. Мамлекет да өзүнүн бир тирүү организм экенин, элдин экинчи теңи, болгондо да аңдалган аң-сезимдүү бөлүгү – ТҮГӨЙҮ экенин сезгенде гана карт дүйнөнүн кандуу-чаңдуу сапарын арытаар конкурент жөндөмгө канык күчкө ээ болот. Калкын сактайт!

Демек, бул багыттагы тизгинди жыя айтсак акыр; Батышта укуктун келип чыгышынын себеби өзү адамдардын коомдо тил табышып макул жашоосунан улам болсо, ошол макул жашоонун идеалдуу системасын издеп миң-миңдеген аалымдар найза сындырып келишкен болсо, аны таппай али да чайналып турса, анткени Теңирдей ТЕҢ калыс идеалдын өзүн жоготуп же кирдетип алган болсо, ошол система Теңирчиликтен идеалдуу табылып жатса, анда эми биз «источник правону» кайдан издейбиз, боорум. Мүлдө улуттун укугун кайсы «сифилизованный мирге» далдайбыз, карагым. Болбосо, ар бир коомдук система ар бир жолу аренага чыккан сайын өзүнүн «правосун качать этип чыкса», өз жашоо, укугу үчүн өзүнө чейинкилердин укугун өжөр кыйратып тынса, диалектика мыйзамы бая айтылган сырт кыят түрүнө ооп карама-каршылыктардын күрөшү порумунда басым көрүнсө, бул анын өз табигый жолу болсо, укукчул мамлекеттин уңгусу ушинтип түбүндө жекечил, кертчил гражданиндин жеке менчикке (жерге!) өзөк тамырлаш өнүп калган менталитетинен табигый жылжып сызылса, байлыкты да, бийликти да Жерге-Денге байлаган ал шайланган менталитет бүгүнкү күндө ириде айныбай аа кызмат кылса, анда биз – теңирчил көчмөндөр, өзүбүз умтулган укукчул мамлекет­тин уңгусун эми ушу мыйзамга кармайбызбы? Ушу араанга далдайбызбы? Андай экен, «укукчул мамлекет мыйзамды туу тутуп жашайт» деп тотукуштай адеп үн салбай, ал мыйзамдын арты эмнеге ыктаарын, философиясы не чуктаарын байкамак эптир. Анткени, да кайталайм, эгерде мыйзам түбүндө элдин жаны-рухун сактоого багытталбаса, керинче, жат кыртышта көз жарган укук күчтөп таңууланса, загына алса, анда «укук» деген түшүнүктүн философиясынын өзү өчөт, укуктун түпкү келип чыгуу идеясы жокко чыгат.

Демократия деген ал форма эмес, мазмун, түпкү максат. Ал чыныгы элдик улуу мүдөөгө, философия, идеяга баш ийдирилгенде жана ага каныкканда гана «эл бийлиги» аталган маңызына ээ болот. Толот. «Чыгыш деспотизми», «же аскерий демократия» аталган варварчыл, тапчыл таш жарлыктын алдында так ушул маңызга канык-анык улуттук укукчул мамлекеттин уңгусу катылып кеткенин ким билиптир, ким туюптур, арман!

Ушинтип бая айтылган улуттук философиянын өзөгү диалектика ТЕҢ мыйзамдын бузулушу — Уңгутагдырга не таасир этет деген кепке да эми айланып кезек жетти.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *