Адегенде шерине максаты мамындай экенин билип алыңыз, окурман: «Коом жана Мен» сайты көз жарганына бүгүн туура бир ай болду. Жаңыдан там-туң басып, өз окурмандарыбыздын аудиториясын түзүүгө күч үрөп аткан кезибиз. Бирок биз чөлдө кыбыраган ташбакадай эмес, Ала-Тоонун бүркүтүндөй ылдамдыкта сызган өсүштү каалар элек. Ансыз да Интернет айдыңындагы атаандаштыктан кыйла артта калуудабыз. Бүгүнкү коомдо болуп жаткан моралдык деградациянын тушоосунан биз бүгүн бир гана Рухий күчтүн жардамы менен бошонуубуз мүмкүн!

Бизге күндөн күнгө тез ылдамдыкта чоң атаандаштык жараткан күчтөр арбын? Алар кайсы күчтөр? Маалымат айдыңындагы жакаңды уучтатар шумдуктуу окуялар! Коомдук-саясый ыплас оюндардын күндөн күнгө күргүштөп күч алуусун жаңылык кылган маалымат каражаттары!

Андыктан рухий кризистин чыласына, сазына белчебизден баткан кезеңде жаңы бир коомдук катмардын кыртышын түптөсөк кантет, окурман! Улуттук мүдөө көздөгөн абийирдүү азчылык чөйрөнү калыптандырууга мүмкүнбү?! Рухий кризистен чыгуунун жолун издөөгө ылаажы табабызбы? Рух агартуу, коом агартуу аракетибизден майнап чыгабы? Майнап чыгууга тийиш! Канткен менен тарыхы бар журтпуз. Байтактуу маданияты, адабияты калыптанган элбиз. А бирок байтактуу мурас-кенчтерибизди элибизге кеңири деңгээлде жайылтуу жагы чоң көй жаратып келет.

Интеллектуалдык өрнөк болор көркөм чыгармаларды Интернет айдыңынан табуу дээрлик жокко эсе. Кыргыз жазма маданияты калыптанган мезгилден берки кыргыз адабиятынын улуу муундагы өкүлдөрүнүн өрнөктүү чыгармаларын Интернет желесинен табуу мүшкүлү чечилбей келет. Арийне, «Коом жана Мен» сайты ушул өксүктөн улам көз жарган эле. Тилекке каршы, Совет доорунда жарык көргөн кыргыз жазуучуларынын китептеринин дээрлик көпчүлүгүнүн электрондук варианттары жана аудио китептери чыкпай келгендиктен, ошол баалуу эмгектерди Интернет айдыңы аркылуу бүгүнкү окурмандар журтуна жеткирүү жагы биз үчүн чоң кыйынчылыктарды жаратууда.

Андыктан окурман журтуна башынан айтып келатканыбыздай: биз маани-маңуздуу темадагы чыгармаларды жарыялоо менен аталган сайттын эл агартуу озуйпасын арттырууну көздөөр элек. Эң башкы мүдөөбүз – келечек муунду туура тарбиялоо багыты; жаштарыбыз жана өспүрүм курагындагы балдарыбыз өз ЭНЕ тилинде ою жетик, тили жатык тарбиялануусуна камылга көрүү; үйбүлө баалуулуктарын унутта калтырбоо…

Арийне, азырынча чектелүү деңгээлде гана иш улантып жаткандыктан, окурмандардын финансылык колдоосуна муктаж экендигибизди жашырбайбыз. Себеби, жогоруда аталган мүчүлүштүктөрдү жолго коюу үчүн ириде техникалык жабдуулардын бири – сканер (куру дегенде!) сатып алсак, илгери чыккан китептердеги мыкты чыгармаларды кол менен терип отурбай, сканердин жардамы менен окурмандарга тез жеткирүү жагы кыйла жеңил болмок. Экинчи маселе, таланттуу авторлордун чыгармаларына калем акы төлөө жагын жолго коюп алсак, көркөм чыгармалардын да сапаттуулугу артат беле деген изги тилегибиз бар…

Бирок мүлдө кыргыздан шыгырап тыйын түшөбү деп: 0700 532 585 телефон номуруна (бул ЭЛСОМ системасындагы тейлөө) жана 987912 банк эсебин (РСК), о.э. 1290043490000078 эсебин ачып үмүт артканыбыз акталчудай эмес. Болгону төмөндөгү күйөрмандарыбыз:

  1. Айжаркын БЕЧЕЛОВА – 1000 рубль, Якутия (Банк аркылуу)
  2. Айтбүбү ОРУНБАЕВА – 200 сом, Бишкек (Терминал аркылуу)
  3. Баян ДҮЙШӨБАЕВА – 1000 сом, Алматы (Такси аркылуу)
  4. Ибрагим БАЛТАБАЕВ – 500 сом, Ош шаары (РСК банк аркылуу)
  5. Нургазы МУСАЕВ – 100 сом, Бишкек шаары (тел.бирдик)

… тыйын жөнөткөнүнө терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз!

Бирок биз алга кадам таштоо үчүн окурмандар арасында шерине уюштуруу жолун ойлоп көрдүк. Шарты жөнөкөй. Каалоочулар он кишиден тайпа (группа) топтоого тийиш. Ошол тайпа топтогон киши өзү он башы болуп шеринеге катышаар адамдардын толук аты-жөнүн жана паспорт номерин, о.э. банк эсебин тизмеге алууга тийиш. Ал тизме ушул материалдын эң төмөн жагындагы ЖООП КАЛТЫРУУ деген жерде көрсөтүлөт. Шерине кезеги ошол тизме боюнча улантылат.

P.S.  Шериненин тизме баашында сөзсүз түрдө он башынын аты-жөнү биринчи катталат. Шерине көлөмү 100 сомдон. Ар бир адам тизме боюнча банк эсеби көрсөтүлгөн ысымга акчасын күнүгө которууга тийиш же болбосо ар бир тайпанын он башы өкүлү он күндө бир жолу 1000 (миң) сомду тизмеде көрсөтүлгөн ысымдардын эсебине которуп койгону кыйла ыңгайлуу (терминалдык тейлөөлөргө же банкка күнүгө барып жүрбөй).

Шеринеге катышуучулардын кезеги ушул материалдын төмөн жагындагы ЖООП КАЛТЫРУУ деген жерде улантылат. Ким озунуп биринчи катталса, айлампанын башында ошол тайпанын өкүлдөрү илинет. Каттоо 1-ноябрдан 6-ноябрга чейин жүргүзүлөт! Шерине 7-ноябрь күнү башталып, күн сайын тизмеде көрсөтүлгөн ысымдын банк эсебине ар бир тайпанын өкүлдөрү 100 сомдон которуп турууга тийиш!

0 Replies to “Кел, окурман шерине баштайбыз!”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *