Жан ЛАБРЮЙЕРjean_de_la_bruyere

(1645-1696), француз жазуучусу

 Биздин түбүбүзгө врачтар эмес, эмчи-домчулар жетет.

* * *

Ыйкы-тыйкы чала акылдан ырбайт. А акыл ашынган кезде, адам өзү эле ыйкы-тыйкыдан кача баштайт.

* * *

Бир ойнош күткөн аял өзүн-өзү ойсоке санабайт. Ойношторуна эсеби жетпей калганда гана ойсокелигин бираз моюндайт.

* * *

Аялдардын жашын сурагандан көрө, кары кишинин канча өмүрү калганын сураган жеңил.

* * *

Жаман устанын белгиси – балка-чоту эле көп.

* * *

Ондогон жылда коромжу болбогон сараңдын байлыгы одүйнө аттанган күнү ыксыз коромжу болот.

* * *

Бу жашоодо сүйгөнүңдүн ажарындай ажар, сүйгөнүңдүн жагымдуу үнүндөй үн барбы?

* * *

Ким бирөөнү унутканга далалаттансаң, тескерисинче, эсиңден кетпей туруп алат.

* * *

Эркек өз сырынан да өзгөнүн сырын бекем сактайт. Аял антпейт. Ал өз сырына келгенде гана тилин тишине катат.

* * *

Жашоо сезим менен жашагандарга – трагедия, акыл менен жашагандарга – комедия.

* * *

Жек көргөн адамың менен жашагандан көрө, жакшы көргөн адамыңды сагынып жашаган жеңил.

* * *

Балдар жүткүнчөөк, сугалак, ич күйдү, кулак түрмө, өзүмчүл, жеңил ой, шарт-шурт, коркок, осол, айдатма, калпычы анан түнт болушат. Алар күтүүсүздөн ыйлап да, күлүп да жиберет. Болор болбоско ыржакташканы менен бирок чексиз кайгырышат. Ызаны көтөралбайт, башкаларды ыза кылганды да жакшы көрүшөт. Анан эле бир күнү карасаң киши.

* * *

Балдардын чоңдордон айырмасы – өткөнчак, келерчак менен иштери жок. Бирок бизге караганда алардын бир жакшы жери – учур чакты пайдаланышат.

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *