Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен драматург Султан Раевдин маеги

БАШСӨЗ ОРДУНА

Чыңгыз Айтматовдун арабыздан о дүйнө салып, арабыздан кеткенине алты жылга чамалаш убакыт өтсө да анын элеси, руху кудум бүгүн да биз менен чогуу чаран жүргөндөй туюлат. Убакыт өткөн сайын ал ак кар, көк муз кетпеген Улуу тоонун чокусундай бийик, барандуу көрүнүп, анын ар бир сөзү өзүнүн улуулугун да, салмагын да, тереңин да, маанисин да кемитпей, мезгилдин эмес, замандардын уюткулуу оюна айланып барат.

Чыңгыз Айтматов менен бул жолу жолугушууга жана узун сабак сөз кылууга менин “Акыркы пайгамбар” романымдын кол жазмасы себеп болгон. Кол жазманы окуп ал: «…чыгармаң өтө терең, кишини ойго чөмүлтө турган философиялык чыгарма экен.Өтө  эмоционалдуу, өтө күчтүү. Бирок, сенин бул чыгармаңды окуганга окурман даяр деп ойлойсуңбу?..Романыңдын аталышы да бир топ ойго түртөт,бирок мен сага романдын атын өзгөртүүгө сунуш берет элем, кеп эң  оболу адамдын жаны, жан жөнүндө сөз  жүрүп жатпайбы?!.. Ойлонуп көрбөйсүңбү?..” деген эле. Кийин чындап эле чыгармамдын атын “Жанжаза” деп өзгөрттүм, бирок тилекке каршы кантип өзгөрткөнүмдү айтууга үлгүрө албай калдым…

Кече жакында эле Чыкебиздин үйүнө барып калсам, Мария Урматовна ошол түнү бир оокумга чейин биз экөөбүз маек курган бөлмөнү көрсөттү. Көзүмө жылуу учурады бул бөлмө… анын руху жүргөндөй сезилди… бөлмө ошол, ошол бойдон экен…Ал түнү бир оокумга чейин сүйлөшкөн сөзүбүздөн ушул маек учу  жанган. Ал Чыкебиздин 8-томдугуна кирген, аны кайрадан окуп, дагы бир жолу жарыялоо ниети турду менде…

Бул маекти залкар жазуучу менен жүргүзгөнүбүзгө он жылдай чамалашып калса да, ал күнү бүгүн да актуалдуулугун жоготпогондой сезилди бизге. Ошол себептүү Чыңгыз Айтматов менен болгон маекти сунуш этүүнү туура көрдүм.

Султан РАЕВ,

Кыргыз эл жазуучусу, драматург 

Даңкы дүйнөгө кеткен атактуу замандашыбыз Чыңгыз Айтматов көп жылдардан бери четте жүрүп, жазуучулук менен элчиликти эки үзөңгүдөй тээп келет. Алыста жүрсө да өзүнүн туулуп-өскөн Мекенине болгон сүйүүсү дайыма жазуучуну убайымга салып, эчен кырлуу ойго түйшөлтөт. Ал бизге берген маегинде да сезилип турду…

Жазуучунун жүрөгүндө катылып эчен түрмөк-түрмөк айтылчу кептердин учугу жатат. Биз ошонун айрымдарына токтолуп, ошол маселелердин түрмөгүнө үңүлдүк. Чыңгыз Айтматов менен түндүн тээ бир оокумуна дейре мезгил, коом, саясат, адабият, тил, деги эле адам жашоосунун түбөлүктүү маселелери тууралуу узун сабак кеп кылдык.

Улуу адамдын жүгү да улуу, оор… Бул маекти алыскы Европага аттанар алдында берди… Жазуучу бизге өз Мекенинен алыста кетип баратып, кайра эле Мекенин сагынып тургандай сезилди…

Султан РАЕВ:Чыңгыз Төрөкулович, кылым оошуп, азыркы кыл тиштеген оомал-төкмөл дүйнөлүк сахнада адам акылына оңою менен жуук боло бербеген чукул бурулуштардын, кескин өзгөрүүлөрдүн, ал гана эмес, геосаясый тең салмактуулуктун бузулушу, жалпы эле жумуру жерди каптап келаткан глобализация процесси бизди бир саамга акыл чаргытууга, деги эле бул дүйнөлүк будуң-чаңда кайра-кайра айланып келип эле өзүбүздүн элибиз, жерибиз тууралуу ой жүгүртүүгө мажбур кылат.

Дүйнөлүк өнүгүш желеси алдындан чыккан бардык асыл түшүнүктөрдү каптап, адамзаттын эртеңки күнү, анын болочогу менен келечеги бүдөмүк ойлор бүктөмүндө калып, дүйнө табигый формула менен эмес, кимде күч болсо, ошонун амирине жараша кубулуп турганда, бизди кайрадан карайлаган элибиздин бу глобалдык өңүттөгү тагдыры кызыктырат…

Сиз бир жолку телеберүүдө: “Мен улуттун руханий атасындай болгон адаммын” деп айткан элеңиз…. бу кептин тереңине сүңгүп кирбесек да, мындай бир маселеге токтолушубуз абзел. Ырас, Айтматовсуз улуттук интеллектуалдык ойдун бийиктигин элестетүү кыйын. Бирок, бүгүн улут дүйнөлүк мейкиндикте өзүн-өзү идентификациялоо, калыптануу процессин өткөрүп, деги эле коом, өлкө чыныгы руханий асыл ойлорго муктаж болуп жатканда биздин интеллигенциянын, анын ичинде көркөм интеллигенциянын үнү угулбай, алардын ордуна чала сабат “политикандардын” трафареттик, күн карама чиновниктердин флюгердик саясаты баысмдуулук кылып турганда, “коом каймактарынын” мынчалык “көңүл позициясын” ээлеши алардын улут алдындагы руханий парзын дагы бир жолу эске салууну каңкуулайт… Аларга айтылуу соцреалистчил жазуучу Горькийдин “Силер ким мененсиңер, маданият ишмерлери?” деген соболун таштагың келет.

Тээ 80-жылдар аягында, коммунисттик режим али өз табында турганда Айтматовдун үнү бүткүл доордун үнүнө жана улуттун үнүнө айланган… Мына ушул улут десе, эл десе өктөм чыккан үндү бүгүн Сизден жалпы эле өзүн кыргызмын дегендин баары уккусу келет… Сизди азыркы дүйнөлүк глобализация доорунда кыргыз элинин келечеги, тагдыры кандай түйшөмөлгө салат?..

Чыңгыз АЙТМАТОВ: — Бүгүн дүйнөнүн өзү татаалдашып кетти, биз ойлогондон да башка бир нук менен татаалдашып кетти. Мен буерде бул ойду бүгүнкү дүйнөлүк сахнадагы күн сайын эмес, саат сайын өзгөрүлүп турган процесстердин тутумунан улам айтып жатам. Кандай болгон күндө да,адам табияты эң ириде өзүңдүн киндик каның тамган жериңи, элиңи, өлкөңү ойлойсуң, анан барып жалпы дүйнө тууралуу акыл калчайсың… Чындыгында биз адамзат доорунун өтө оош-кыйыштуу чегине келдик. Эми ошондой болгон күндө да, тарыхтын өзгөрмөлүү, кубулмалуу эчен мисалдарын билсек да, ошол тарыхты жараткан адам, эл дайыма алдыңкы планда турат.

Бир жолку маегимде “Биз дүйнөнү, дүйнө бизди өзгөрттү” деп айтканым бар. Чындыгында турмуш парадоксу ушунда. Кээде адам өз колу менен жасаганды, өз жону менен тартат. Глобализацияда акыр барып адам акылынын туундусу болсо да, ал ошол адамдын алдына татаал суроолордун жандырмагын койду. Канткен күндө да глобализация процесси – бул улуу нерсе, бүт дүйнөнү камтыган процесс. Муну бир сөз менен түшүндүрүү кыйын.

Шекспирден тартып Достоевскийге чейин рух шаалары “Адамдагы адамдыкты издеген”… Качан гана биз адам жан дүйнөсүндөгү асылдуулукту, адамдагы адамдыкты сактап калганыбызда гана глобализация процесси пенде жашоосунун келечегине суроолуу чакырык таштабайт. Менин оюмча, бүгүнкү сүрөткер, көркөм интеллектуал милдети адам табиятындагы руханий башталышты сактап калууда турат… Ал эми сен айткан эл, жер, өлкө деген түшүнүктөрүбүз бүгүн курулай кыйкырыкка, жылаңач сүйүүгө, көкүрөк каккан патриотизмге муктаж эмес.

Советтик система ойрондолуп, мезгил чарыгы жаңы багытты карай аланганы менен ал алдыбызга кыйын маселелердин түйүнүн таштады. Мурдалары локалдык, тоталдык окуялар тээ бизден алыста жүзө берип жаткан көрүнүштөр болсо, эми ал бизге жандаш келип, мурдубуздун учунда дүйнөлүк окуялардын театры ойнолуп жатат. Ал ошол эле Ооганстан, Ирак, НАТОнун кулач жайышы, диний экстремизм… кытай фактору… терроризм… Дүйнө чыңалып, жаңы бурулуштарга ык койду.

Азыр биздин улуттук кууш маселелер гана жарга такабастан, дүйнөдөгү реалдуу картинанын эпкини да ойго салат. Өзүбүзчө мамлекет, эркинбиз дегенибиз менен биздин ой-санаага баш ийбеген, бирок, аны менен аргасыз эсептешүүгө мажбур кылган маселелер алдыңкы катарга чыкты. Мындай өңүттөн алып карай турган болсок, алдыбызда толуп жаткан кыйын жагдайлар болушу мүмкүн.

Биз дүйнөгө дүйнөлүк бийиктиктен улам кароого милдеттүүбүз. Ошол ач шамалдай аркырап келаткан кубулуштарга биз чыдап туруштук бере алабызбы?.. Туруштук деген кармашуу эмес, ал акыл таразалаган атаандаштык, саясат, дүйнөлүк сахнадагы биздин жолубуз, багытыбыз, эртеңки күнүбүз кандай болот деген бүкшүмөл ой… Ким менен, кайсы ой менен бу дүйнөлүк сахнанын океанында бир кайыкта, бир багытта сүзөбүз?.. Бул суроо эчак эле биздин көйгөйүбүздүн орбитасынан чыгып кеткен актуал маселелер деп ойлоймун… Биздин дүйнөлүк интеграцияда ордубуз, алган багытыбыз болушу керек…

Ал эми бүгүнкү татаал дүйнөдө улуттук тар кызыкчылыктын гана маселе-соболу менен жашоо, демек өзүңдү-өзүң бурчка такагандык менен барабар… Элибиздин келечегин эч качан дүйнөлүк реалдуулуктан ажыратып карай албайбыз, бирок андан да ажырай албайбыз… Кайрадан “Деңиз бойлоп жорткон Ала-Дөбөт” повестимдеги “Биз адамдар баарыбыз бир кайыктабыз, алдыбызга улуу мухит” деген уңгулуу ойду кайталагым келет… Канткен күндө да ошол адамзат кайыгы бүгүнкү чакчалекей түшкөн замандын толкунуна ала салып кетпесе экен дейбиз. Мына ушул кымгуут кырдаал мамлекетти башка нукка буруп жибербейби? Биз канткен күндө да өзүбүздүн тарыхый, маданий уңгубуздан, улуттук наркыбыздан танбашыбыз керек.

Султан РАЕВ:Чыңгыз Төрөкулович, глобализациялык процесстер канчалык кулач жайган сайын, анын каршылаштары да чыгып жаткандыгын массалык-маалымат каражаттары жазып жатат. Дүйнөдөгү бардык прогресс эле өзүнүн позитивин тийгизе бербейт. Азыркы арааны ачылып жаткан маалымат кылымы, нарк экономикасы коомдогу ыйман, руханий чөйрөнү экинчи планга түртүп, адам жан дүйнөсүн руханий кризиске учуратары айдан-ачык билине баштады.

Акыркы маалыматтарга таянсак, ушул тапта жер жүзүндө жыл сайын улуттар, тилдер жоголуп бараткандыгына күбө болобуз. Мына ушул ракурстан алып караганда, ар бир элдин эң ыйык байлыгы бу – тил. Ошол өз тилин жоготкон элдердин тили күндөлүк турмушта колдонулбай, керектөөдөн чыгып калгандыктан улам жоголуп кеткендигин эчен мисалдар аныктайт. Биз канчалык улуттук тилибизтууралуу кеп кылбайлы, ал маселе уюткусу тилде гана эмес, тил аркылуу улутту сактап калууда турат.

Тилди сактоо ириде улутту сактоо деген түшүнүк менен тең карала турган маселе. Ал эми улуттук тилди кайсы бир тар кызыкчылыктардан улам саясаттын предметине айлантуу, анын тегерегинде саясый чайкоочулукту жүргүзүү, өз эне тилибизге кылган кыянатчылык деп баалар элек. Чыңгыз Төрөкулович, мына ушул мааниден алып караганда, Сиздин оюңузча, улуттук тилибиз өлкөнүн расмий турмушунан четтетилип калган жокпу?..

Чыңгыз АЙТМАТОВ: — Тил жөнүндө сөз эң оболу улут жөнүндө сөз дегендик. Кайсы улут болбосун анын түбөлүктүүлүгү тилинде. Кыргыз тили кыргыз баласына эненин сүтү менен бир келген катары кабылданат. Тилге кыянатчылык кылуу – демек, ал улутка кыянатчылык кылган менен тең катар бааланышы керек. Мына биз тилибизди мамлекеттик тил деп жарыяладык, кыргыз тили мамлекеттик тил деп жар салып жатабыз… Ооба, мыйзам боюнча ошондой… Бирок, ошол иш жүзүндө болуп жатабы?!. Кайсыл жерге келбе – баары орус тилинде.

Мен орус тилин чанып жаткан жерим жок. Орус тилин чанууга эч кандай себеп да жок. Бул улуу дүйнөлүк тил. Биз орус тилин көпүрө, каражат катары пайдаланышыбыз лаазым. Ал эми кыргыз тили бул титулдук элдин тили, бул тил өз кыртышында өнүгө албаса, кайда өнүгөт?.. Коммунисттик системанын тушунда, авторитардык режим өкүм сүрүп турганда эне тилибиздин проблемасын алгачкылардан болуп көтөрүп чыккамын. Анда тил тууралуу сөз кылуу улутчулдук катары бааланган.

Мага а кезде айрым басылмалар “улутчул” деген жарлыкты илип, улуттук тилди сактап калуу тууралуу ойлорумду “штыкка” алышканын баары билет. Бирок, улуттук тил маселесин мен жазуучу катары көтөрүп чыкпасам, анда ким көтөрүп чыкмак?!. Чындыгын айтайын, улуттук тилибиз үчүн башымды сайып коюуга деле кайыл элем… Тил маселеси азыр деле өз актуалдуулугун жогото элек. Азыр да курч турат. Тилди сактап калуунун, андан ары өнүктүрүүнүн бирден-бир фактору улуттук тил – мамлекеттик саясаттын негизги атрибуту болуу менен, ал өлкөнүн расмий турмушуна жанаша жашаш керек деп ойлойм.

Өлкөнүн расмий турмушунан, б.а. мамлекеттик бийик деңгээлдеги иш чаралардан четтетилип калынса, анда ал күнүмдүк турмуш-тирчиликтин гана тили катары гана жашап, өзүнүн жалпы улуттук милдетин жоготот. Тилди өнүктүрүүнүн чоң системасын түзүшүбүз зарыл. Айрымдар улуттук тилибиз саясый, экономикалык, укуктук тил катары калыптана элек деген ойлорду айтат. Бул тек гана улуттук тилдин кадырын түшүрүү деп баалайм. Тил ийкемин ошол деңгээлге көтөрүүгө өзүнчө бир мамлекеттик саясатты, тилдик маданиятты, системаны түптөө кажет.

Биз улуттук тилибизге ыңгайлуу чөйрөнү түзмөйүн аны өнүктүрө албайбыз. Тил саясаты бала бакчадан, Жогорку Кеңештерге чейин, өкмөттүк жыйын, протоколдорго чейин жүргүзүлүшү зарыл. Улуттук тилибиз эчен кылымдар бою ата-бабаларыбыздан бизге жетип келген улуу дөөлөт. Демек, биздин милдет аны кийинки муундарга калтыруу. Эгерде, биз тилибизди ыйык тутуп, кийинки муундарга жеткире албасак, тил гана эмес, улут да жоголуп кетет.

Тил алдындагы жоопкерчилик жөнөкөй букарадан тартып, жогорку бийлик өкүлдөрүнө, Президентке дейре бирдей. Эгер бу жоопкерчиликти сезбесек, анда жакшылык жок… Ырас, улуттук тилдин алкагында эле чектелип калуунун өзү да прогресске алып келбейт. Азыркы өзгөрмөлүү дүйнөдө бир нече тил билүү турмуштук зарылчылык катары бааланат. Мына ушул жагдайдан улам мен мындай бир формула чыгардып: азыр эки үзөңгүнүн заманы, эки үзөңгүнү теминмейин алдыга жыла албастыгыбызды да эстен чыгарбайлы…

Султан РАЕВ:Чыңгыз Төрөкулович, бир жолу Сиз “кыргыз тили оң колум, орус тили сол колум” деп айттыңыз эле. Акыркы кезде чыгармаларыңызды “сол колуңуз” менен жаза баштадыңыз, бу сол кол жүрөккө жакын деген түшүнүктөн келип чыккан жокпу?..

Чыңгыз АЙТМАТОВ: —  Жок. Азыркы заманда тил – коммуникациянын гана эмес, дүйнөтаанымдын башкы куралына айланды. Биз каалайбызбы, же каалабайбызбы, көпчүлүк учурда орус тили аркылуу дүйнөнү таанып, дүйнөлүк маалыматтан тартып, дүйнөлүк дөөлөттөргө дейре ушул тил аркылуу аралашып жатабыз. Кеп, эң оболу тилде эмес, дилде. Адам өз тилин дилинде ыйык тутса, ал эч качан уңгу тилин чанып кете албайт. Кыргыз баласына бу эки тил бир куштун эки канатындай. Тил адам ааламынын алака мейкиндигин кеңейткен касиеттүү күч. Кыргыз тили мен үчүн Мекен, эне, киндик кан тамган жер сыяктуу эле ыйыктын ыйыгы. Мен бу турмушта кайсы бир бийиктикке чыгалдым десем аны эне тилимдин улуу духунан көрөм…

Султан РАЕВ:Чыңгыз Төрөкулович, сөз кадырын сыйлаган элибизде “Бу дүйнөдө эч ким түркүк болалбайт” деген оголе мааниси терең сөзү бар. Бу кеп тек гана адам жашоосунда гана эмес, жамы өтөөр, кетээр мезгил, улагалаш келген доорлордун өз мыйзамы тууралуу да ыңгай салып тургансыйт. Мезгил өткөн сайын дөөлөттөр да өзгөрөт, адам таанымы өзүнө башка түшүнүктөр системасынын жаңы мейкиндигин издейт. Жашоонун дөңгөлөгү ушундай экен. Азыр Ромео менен Гарри Поттерди салыштырып болбойт, экөө тең эки башка эстетиканын продуктусу. Бирок, ошол маалымат дарыясынын албуут агымында карайлап бир дарактын бутагын кармап калам дегендин өзү да абсурд…

Бир сапар Германиянын Бремен шаарына учуп баратып жанымда олтурган немецтин колунан сиздин китебиңизди көрүп калдым. Менин жеке туюмумда ушул немецтин окумал жүрөгүн имерген жердешим, залкар жазуучуга болгон менде нака кыргыздык сыймык жаралды. Азыркы Европа ар кандай адабияттардын мухитине айланган интеллектуалдык полис. Айтайын дегеним, ошол чакчалекей түшкөн дүйнөдө тээ алыскы Кыргызстандан чыккан жазуучу кантип окурман сүйүп окуган жазуучусуна айланды?

Европалык адабий рейтингди изилдеген окумуштуулар Айтматов эң окулумдуу жазуучуга айлангандыгы, ал гана эмес, Франциянын өзүндө гана “Жамийланын” жыйырмадан ашуун жолу кайрадан басылып чыгышы, айтматовдук көркөм чыгармалар бу эски дүйнөнүн мектептеринде дарс катары окулушу эч кандай “ойдон чыккан” иллюзия эмес. Анткени, Европа окурманы эң сынчыл экендигин эске алсак, ким болбосун бу рынокту ээлөө татаал интеллектуалдык конкуренцияны жаратат. Мына ушул тейден туруп Сизге мындай бир суроо бергим келет: улуу атты жаратуу оңой, аны кармап калуу алда канча кыйын… Бу суроону Габриэль Гарсиа Маркеске бергенде ал, бу суроонун биринчи бөлүгү оңой, экинчиси оголе кыйын деп жооп берген эле… А сиз ага кандай жооп берер элеңиз…

Чыңгыз АЙТМАТОВ: — Эми бу суроонун жообу мени ыңгайсыз абалга түртөт. Бу дүйнөдө Сизге эмне кыйын десе, өзүмө өзүм баа берүү, өзүм жөнүндө айтуу деп жооп берер элем. Эми Европа Финляндиядан тартып, тээ Германияга дейре ар тилде сүйлөгөн индустриялдык мейкиндик, бул аймакта кандай тил болсо, ошол тилдин баарында чыгармаларым чыкты. Арийне, бир жолу чыккан жазуучулар көп, бирок кайра-кайра басылып чыгып жаткан жазуучулар чанда. Алардын катарында менин жазгандарымдын бар экендиги, албетте, мен үчүн сыймык. Европа эч качан авторитетти таанылбаган, эч кандай авторитетке карабаган, адамды конкреттүү эмгегинен баалай алган өлкө курамы.

Кудайдын куттуу күнү иш тартибим ар кандай жолугушууларга жык толгон. Ар бир жолугушуу мен үчүн жаңы дүйнөнү ачкандай сезилет. Мунун өзү жандуу байланыш, руханий байланыш. Кай тариздеги жолугушуулар болбосун, эң оболу “Чыңгыз Айтматов Кыргыз жазуучусу” деген кеп айтылат. Бул сөздү өзүм да эшитип, оюмда өз туулган Мекенимди кыялдын күлүкаты менен бир чаап өткөндөй болом. Мындай учурларда ар кыл маанидеги кептер айтылат.

Кыргызстан жөнүндө айтууга туура келет, алар кызыгышат, мен айтам. Ушундай жандуу баарлашуунун аркасы менен европалыктар өзү үчүн тээ алыстагы Кыргызстан тууралуу түшүнүктүн терезесин ачышат. Бирөө угат, экинчисине айтат… ошондон кеп кербендей узарып кетет… Бу сапар да алдын-ала ондон ашуун жолугушууларым болжолдонгон. Аны менин котормочум Фридрих Хицер даярдап жатат. Айтайын дегеним, мен Европада тек гана элчи эмес, руханий байланыштын да элчиси катары кызмат өтөйм. Себеби, биз бу эки дүйнөнүн булагын бири-бирибиз үчүн ачышыбыз керек. Ансыз руханий көпүрөнү түзө албайбыз.

Султан РАЕВ:Чыңгыз Төрөкулович, жаңы дүйнөнүн терезесин ачуу, бизге окшогон жаш, эркин мамлекеттерге айрыкча маанилүү. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы өнүгүү жолун башка өлкөлөр тажрыйбасы аркылуу тандап алышыбыз керек. Дүйнөлүк цивилизациянын табигый мыйзамы ушунда. Бирок, кайсы бир мамлекетте мындай экен, тигилерде тигиндей экен деп аларды үлдүр-сүлдүр тууроонун өзү да “бутун сындырган” өрдөктүн кейпин кийгизип коюшу ыктымал.

Бир өлкөнү көрүп ушундай болобуз, экинчиин көрүп андай болобуз деген принцип эки жайыттын отун эңсегендей эле көрүнүш. Бирок, бизге дейре өнүгүүнүн ар кандай процесстерине жышылган дүйнөлүк модель, мамлекет түзүмдөрү кай багытты алуу керектигин бизге ачык-айкын каңкуулайт. Жапондор бир гана формула менен өнүктү. “Европа билими, жапон духу” деген. Күн чыгыш өлкөсүнүн улуулугу техноөнүгүүгө дитин берсе да, а бирок дилин берген жок. Жапондордун улуттук өзгөчөлүгү ушунда!.. Улуттун руху ыйык Храм катары сакталып келет…

Чыңгыз АЙТМАТОВ: — Албетте, бу маселе өтө чоң маселе. Ага системалык мамиле талап кылынат. Кайсы мамлекеттик түзүмдү эңсебейли, кай багытты албайлы, эң оболу биз өлкөнүн эң башкы байлыгы болгон элибизге карата гумандуу саясатты тандап алышыбыз керек. Мамлекет да ошол эл үчүн түзүлгөн. Туура, башкалардан үйрөнмөйүн өнүгө албайбыз, бирок үйрөнгөн күндө да алардын тажрыйбасы бизге даяр рецепт болуп бербейт. Мына менин таластык жердештерим төө буурчакты эгип алып, жайды жайлата маңдай терин төгүп, үзүрүн көрөрдө анын төө буурчагын эч ким албайт. Бул эмне?.. Же рынокко ушундай жол менен барабызбы?!. Рынок деген тыкыр эсеп гана эмес, дүйнөлүк суроо-талапты эң оболу өздөштүрүүнү талап кылган өзүнчө бир система.

Жапондорду айтып жатасың, алар эч качан рыноктун суроо-талабын өздөштүрмөйүн тобокелге барбайт. А биз боло берет, эптеп бир айласын табабыз деген психологиядан чыгышыбыз зарыл. Рыноктун ушундай катаал жагы бар. Дүйнөлүк тажрыйба биздин жолду ачар тажрыйба. Ооба, жол бар, жолду тандаш бизден. Азыркы өнүгүү “сели”, технопрогресс улуттагы улуттук өзгөчөлүктү жоюп баратканы өтө опурталдуу тенденция. Ар кандай прогресстин көлөкө жагы да бар. Адам дүйнөсүнүн кызыктыгы анын полифониясында, ар түрдүүлүгүндө, ар түркүн тил, ар кыл улуттугунда. Дүйнөнүн өзү көп кырдуулугу менен кызык. Адам жашоосун стандартташтыруу демек, анын личность болуусун жок кылуу катары каралат. Бир маданияттын гегемониясы эч качан дүйнөлүк гармонияны сактап калалбайт.

Мен жазуучу, инсан катары дүйнөлүк маданияттын бир кылка стандартталышына каршымын. Айтайын дегеним, руханий турмушта гана эмес, мамлекеттик моделдин өзүндө да биз улуттук өзгөчөлүгүбүздү сактап калышыбыз керек. Ага сен айткан жапондордун мисалы туура келет. Албетте, демократиялык дөөлөттөрдүн башкы идеясы да көп түрдүүлүктү, полярдуулукту көздөйт. Качан гана дүйнө көп ырааттуу өнүксө – ал өнүгөт!.. Бирок, ошол өнүгүүнүн шартында биз нукура цивилизацияга кошула турган жолду, өзүбүздү өзүбүз жоготуп албаган жолду тандашыбыз керек. Эң башкысы, өзүбүздүн өзгөчөлүктү сактоо менен аны дүйнөлүк өнүгүштүн багытына адаптациялашыбыз керек. Ошондо өз жолубуздан, багытыбыздан адашпайбыз…

Султан РАЕВ:Индиялык окумуштуулар адамдын жаны, анын экинчи өмүрү тууралуу ушу тапта кызыктуу эксперимент жүргүзүп жатат. Америкалыктар пенде жанынын түбөлүктүүлүгү тууралуу илимий гипотеза жүргүзүү менен жандардын оошу реалдуулук деп эсептешет. Албетте, бул жагдай кайсы бир фантастикалык чыгарманын темасы дегенибиз менен, философиялык түшүнүктөрдө адам рухунун түбөлүктүүлүгү жөнүндөгү темага ар тараптуу сереп салынат. Чыңгыз Төрөкулович, Сиздин оюңузча, өмүрдүн баасы, баркы эмнеде? Кайрадан төрөлсөңүз жашоону эмнеден баштаар элеңиз?..

Чыңгыз АЙТМАТОВ: — Кайра төрөлүү, кайра жаралуу бу тек гана кыял-ойдо айтылат. Бул чоң философиялык маселе. Муну ар ким өзүнчө табыш керек. Өмүрдүн баркы, баасы мында деп… Мен айтар элем өмүрдүн баасы ишенимде. Ар бир адамдын купуя ишеними бар. Ал ишеним аны кайсыдыр жакшылыкка, тазалыкка, ал гана эмес, качандыр бир убакта бу дүйнөгө келээрине үмүт арткан ой-кыялга салат.

Султан РАЕВ:Авиценна айткан турбайбы, мен эң мыкты дарыны таптым, ал ишеним деп…

Чыңгыз АЙТМАТОВ: — Туура. Адамда ишеним болбосо ага күн да, түн да, ай да, жашоо да тек гана кунарсыз жашоонун бир жасалгасындай көрүнөт. Өмүрдүн чыныгы көркөмү – ишеним, бактысы да – ишеним…

Султан РАЕВ:Ыйык Китепте да айтылат “Ишенимсиз адам – шайтан” деп…

Чыңгыз АЙТМАТОВ: — Ишеним деген тек гана көр пенделик ишеним эмес, ал деген бу дүйнөнүн баалуулуктарына болгон ишеним, улуу баалуулуктарга болгон ынаным. Ошол баалуулуктун бирөө – өмүр. Өмүрдүн баасы – баалуулугунда. Жараткандын пенде баласына берген эң жогорку шыбагасы өмүр деп билсек, демек, биз анын баасын да, баркын да таразалай алышыбыз керек… Мына адамдын кыялы да, үмүтү да мезгилге таандык. Кыялыңда айтасың, мен кайрадан бу жашоого келсем эмнедер баштаар элем деп. Эмнеден баштаар элек?

Кечээ күнү балдарга айтып жатам, бу машина дегениң ширеңкенин кабыгындай болуп калды деп… Биздин жаш кезде машина өзгөчө бир баалуулуктай көрүнчү, чоңойсок сөзсүз шопур болобуз дечүбүз кыялыбызда. Бир сапар Райкан Шүкүрбеков мен барган бала бакчага келип, “А, сен Төрөкулдун баласы, чоңойгондо ким болосуң?” дейт. “Шопур болом” дедим. Эмне үчүн дегенде, акезде машинени көрсөк аркасынан калбай чуркар элек, ошончолук чоң окуя болчу. Азыр жаш балдардан сурачы, алар теңирден тескери ойлорун айтат. Адамдын кыялы, ой-чабыты мезгилге да жараша болот. Анын түшүнө турган жагдайы ошол, ал кезде бул укмуштуу жаңылык эле.

Султан РАЕВ:“Бул дүйнөдөгү чоң жоготууңуз, өмүр бою издегениңиз эмне?” деп кезегинде Толстойдон сураса, ал айткан экен “чындык” деп. Сиз сүрөткер катары, көркөм инсан катары өзүңүздүн чындыгыңызды таба алдыңызбы?..

Чыңгыз АЙТМАТОВ: — Чындыкты таптым деген адам жаңылышат… Чындыкка умтулуу, чарчабаган умтулуу болуш керек. Умтулуу – бул чындыкка карай кеткен жол… Чындык да ошо жолдой башы жок, аягы жок… Бирок, бардык жол Чындыкка алып барбайт… Ал жол – татаал, машакаттуу… Бирок, турмуштагы, өмүрдөгү, тарыхтагы негизги чындык ал жакшылыкка, гуманизмге умтулуу… Адам өзүнүн турмушун чындыкка арнап жашашы керек…

Султан РАЕВ:“Чындык бу – эң жогорку акыл-эс” дегенге кандай карайсыз?..

Чыңгыз АЙТМАТОВ: — Бу суроого менин кандай караганымда эмес. Кеп, ошо адам эң жогорку акыл-эстен, чындыктан ажыраса эмнеге айларанын “Кылым карытаар бир күндү” жаздым. Буга маңкурттан өтөр мисал жок. Адам акыл-эстен ажыраганда өз тууган энесин жок кылуудан да ары тартпайт. Адам – зомби, акыл-эстен ажыраган маңкурттар менин чыгармамдагы каармандар болсо, ал эми алар бүгүн реалдуу адамдарга айланды. Мына дүйнөнүн ар кайсы бурчтарында жан кечтиликке барып, адамга каршы террорду жүргүзүп жаткандар маңкурт эмей эмине?..

Султан РАЕВ: — Чыңгыз Төрөкулович, өз кезегинде аты уйкашыңыз Чыңгызхан кылычтын күчү менен дүйнөнү багынтса, Сиз аны калемдин учу менен “багынттыңыз”… Сиздин оюңузча тиран менен генийдин айырмасы эмнеде? Бу турмуш канчалык парадоксалдуу болбосун, тарыхта эки адамдын аты гана түбөлүк калат тура… Анын бирөөсү тиран, экинчиси гений…

Чыңгыз АЙТМАТОВ: — Тиран менен генийди салыштырып болбойт. Бирок, сен айткандай тарых бүгүн бизге ким гений, ким тиран экендигин жеткирсе да, бирөөнүн ысмы улуулук менен, бирөөнүн ысмы каргыш менен оозго алынат. Тиран деген бу – каргыш. Элдин канынан өзүнүн бийлигин тургузган, байлыгын жыйнаган, ал бийликке да, байлыкка да тойбос. Тирандар, бүткүл дүйнө бут алдымда жатса деп, мамлекеттен мамлекеттик басып, цивилизацияны талкалаган. Цивилизацияны алда канча артка айланткан тирандар адамтаана жырткычтар, бийлик, байлыкты көз жаштын океанынан, дарыя-дарыя болуп аккан адам канынан тургузган. Алардын ысмы тарыхта калды, бирок ал ысымдар каргыштын сөзү менен айтылат. Гений бу дүйнөнүн түзүүчүсү, жаратуучусу. Алар адамзатка жаңылык, жаңы күч, жаңы көркөм дүйнө жараткан, пайгамбар сындуу адамдар…

Султан РАЕВ:Чыңгыз Төрөкулович, Батыш адабият изилдөөчүлөрү акыркы он жыл аралыгында китеп окурмандарынын саны дүйнө жүзүндө 27 пайызга азайып кеткендигин, адабияттагы сюжеттик линиялардын “дефицитинен” көрүшкөндүгүн жазып чыгышты. Алардын божомолунда дүйнөлүк өсүштүн космикалык ылдамдыгы, маалымат коммуникациясынын адам жашоосуна батыл кириши, “планетардык желе” интернеттин экспанциясы барган сайын адам табиятын деградацияга учуратып, “компьютердик вируска” чалдыккан жарым адамтааналардын жаралышына өбөлгө түзүүдө деп каңкуулашат. Экинчи көз караштагылар бул руханий жарлыктын себебин адабий жардылыктан эмес, руханий талаптын рамкасы барган сайын тарып бараткандыгынан көрүшөт. Окурмандардын арасында жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгында Библия менен Куран эң көп окула турган китепке айланган. Анын бир себеби катары азыркы адамдын рухий жардылануу чегинен чыгуунун бир жолу катары бу Ыйык Китептерди көрүшкөндүгү айтылат. Дүйнөлүк адабият тарыхында улуу жазуучулар Гёте, Достоевский, Толстой, Томас Манн, Булгаков өздөрүнүн чыгармачыл бийиктигине жеткенде динге, “Кудай издөөгө” кайрылган… Сиз да акыркы мезгилдеги чыгармаларыңызда негизги атрибут катары динге кайрылдыңыз… Мындай бурулушту Сиз кандай түшүндүрөр элеңиз?..

Чыңгыз АЙТМАТОВ: — Дин деген өзү улуу. Анын улуулугун жалпы адамзат өнүгүшүнүн бүткүл призмасы көрсөттү. Дүйнөдө эчен мамлекеттер талкаланып күлгө айланды, эчен цивилизациялар жерден жексен болду. Замандар, доорлор алмашты, а дин адам көкүрөгүнөн өчүрүлгөн жок. Бул диндин улуу касиети. Ааламдын, адамдын сырын динден издейбиз, өзүбүздүн жан дүйнөбүздү аруулантуунун ыйык күчүн динден издейбиз. Андыктан, мен өзүм чамам келгиче ойлономун, дин деген эмне?.. Динге канчалык берилиш керек?.. Динге канчалык ишениш керек? деп. “Кассандранын эн тамгасы” деген романымда ушул соболдорго жазуучу, адам катары жооп издегемин…

Азыр адабият, өзүң айткандай, белгилүү гана жобо менен өнүкпөстөн, сюжет менен жүрбөстөн, адамдын акылына, сезимине, туюмуна, рухуна асылдык себүүнүн башка бир жолун тандап алды. Азыр ойчул, ойлоого түрткөн адабият пайда болду… Жазуучу баягы тааныш сюжеттерден татаал ойлоого өттү. Ошону менен бирге ал окурман дүйнөсүн агартууга, асылдандырууга, жаңы-жаңы дүйнөнүн түгөнбөгөн мүмкүнчүлүгүн ачууга ык салууда. “Кассандранын эн тамгасы” ошондой аракетимдин бир мисалы. Куран да, Библия да адам жан дүйнөсүн аруулантууну, туура жолду көрсөтүүнү көздөйт. Бул жагынан чыныгы адабият Ыйык сөздүн үндөшү катары милдет аркалап келет…

Султан РАЕВ: — Чыңгыз Төрөкулович, Сиздин кайсы чыгармаларыңызды албайлы … “Жамийланыбы”… “Кылым карытаар бир күндүбү”… “Гүлсараттыбы”… “Кызыл алманыбы” Сиз сүйүүнү даңктап келесиз. – Сүйүүнү сүйө билген адам гана даңктай алат деп жүрүшөт. Деги эле адам жашоосундагы бу сезим тууралуу дагы бир жолу өз оюңузду уксак дейбиз…

Чыңгыз АЙТМАТОВ: — Сүйүүсүз жашоо жок. Сүйүү сезимин айтып түгөтө албайсың, ал бүтпөс тема. Дүйнөдөгү улуу иштин баары сүйүүнүн урматына арналган. Аалам да, адам да сүйүүдөн жаралган, сүйүүнүн өзү түбөлүк!..

Султан РАЕВ: — Сиз четте көп жүрүп калдыңыз. Жер, эл жөнүндө ойлойсузбу?..

Чыңгыз АЙТМАТОВ: — Ойлобогондо, ой-санаамдын баары ушул жакта. Албетте, элимди, жеримди сагынам. Бирок, ар нерсенин чеги бар, акыры эртеби-кечпи өзүмдүн эл-жериме келем…

Султан РАЕВ: — Чыңгыз Төрөкулович, “Эң мыкты китеп алдыда” деген сөзгө кандай карайсыз?..

Чыңгыз АЙТМАТОВ: — Туура… мен дагы ошо сөзгө ишенип кээде капа болом. Убактым аз, ары-бери жүрүш көп. Бирок, жазууучу табияты ушундай экен али жазылып бүтө элек чыгармаң өзүңө башкача көрүнөт… Ал жазылып калса жаңылык, жаңы бир үмүт болобу деп ойлойсуң… Чындыгында эле эң мыкты китеп алдыда.

2004-жыл

One Reply to “Чыңгыз АЙТМАТОВ: «Сүйүүдөн аалам жаралган, сүйүүнүн өзү түбөлүк…»”

  1. Чынара Калыбекова. Актриса, акын - драматург. Кыргызстан.:

    Абдан жакшы интерьвю! Сен бактылуусуң Султан мырза! Ушундай киши менен маектешкен… Мен силерге чындап суктанам! Канткен менен Жараткан мындай талантты силерге да берген эмеспи. Улуу жазуучунун касиети колдосун!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *