Армян жомогу

Бир адам тигүүчүгө козу көрпө көтөрүп келип суранган экен:

– Мага ушул көрпөдөн тумак тигип берчи!

– Жарайт, – дейт тикмеч, – тигип берем!

Кардар тикмечиникинен чыгат да, ойлонот: «Көрпө чоң да, а мүмкүн эки тумак тиктирсем кантет?» Муну ойлогон неме тикмечиге кайра кирип сурайт:

– Айтчы, кагылайын, ушул көрпөдөн эки тумак жасаса болобу?

– Эмнеге болбойт, болот. Тигем, – дейт тикмеч.

– Андай болсо, экини тик, – деген бойдон кетет кардар.

Бираз узап барып дагы ойлонуп, тикмечиге кайра келип сурайт:

– Э тегеренип кетейин, а үч тумак тиксең кантет?

– Антсе деле болот, – дейт тикмеч. – Уч десең үчтү…

Муну уккан кардар сүйүнүп кетип сурайт:

– А төрткө жеткире аласыңбы?

– Мейли, төрттү тигем! – дейт.

– А бештичи?

– Бешти деле тигем.

– Болду, бешти тиге бер!

Кардар кетет, бирок жарым жолдон кайра келип сурайт:

– Колуңа береке берсин дейин, алтыны тиксең кантер экен?

– Алтыны деле тигейин.

– Жетиничи?.. А мүмкүн сегизди тигип жүрбө?

– Сегизди кааласаң сегизди тигем, – дейт тикмеч да.

– Сүйлөштүк, анда сегизди!

– Болуптур, сегизди. Өтүнүчүңдү бир жумадан кийин апкетсең болот.

Кардар бир жумадан кийин тикмечиге келет:

– Тумактар даярбы?

– Даяр, – дейт тикмеч.

Анан ал ары жактагы шакиртин чакырып айтат:

– Кардар келиптир, биз аткарган өтүнүчүн колуна карматчы.

Шакирти ошол замат кенедей сегиз тумакты көтөрүп келсе, тумактарга кишинин башы эмес, тоголок алма эле бата тургандай! Муну көргөн кардардын көзү чекчейет:

– Э жолуң болгур, бу эмне балээ?!

– Өзүң тигип бер деген эле тумактар, – дейт тикмеч камаарабастан.

– Йе, кокуй күн! Эй, буларың кепкенедей го?!

– Аны башында ойлондуң беле? – дептир тикмеч.

Кардар ошентип кымындай тумактарды карап, жолдо катар башын катырыптыр: «Тумактар эмнеге мындай чүйчүйүп-чүйчүйүп калды? Эмнеге?..»

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *