№2

* * *
Жаа, кар. Жаагын. Аянба.
Кула жердин төшүнө.
Бир да жан жок ааламда
Сени күткөн мынчалык.

Жаа, кар. Жаагын. Аянба.
Уктасынчы көшүлө
Кар жамынган айлана
Жазга чейин тынч алып.
01.02.1997 

Кар жана карга
Карга Конду карга
Карды каргап:
“Эмнеге кар,
— Кар, кар, — Аппак.
Болсо кара
Болмок Жара,
Жылуу нурду
Алмак кармап”.
Көпкө турду
Карда карга
Карды каргап.
Канча дагы
Турмак каргап?
Чоочуп менден
Боз асманга
Качты карга.
17.01.1997

* * *
Бир жакка учуп бараткан
Каргалардын жоон тобун
Көрүп калсам асмандан
Таңыркап, мына муну ойлоймун:
“Асман барак бетинен
Түшүп калган сөздөрдү
Жетимсиреп издешкен
Каргалар – үтүрлөрдүн так өзү”.
04.02.1997

ТАРАНЧЫ
Апаппак айлана
Көзүңдү карытат.
Үрпөйүп бутакта
Таранчы отурат.

“- Таранчы, таранчы,
Ме күзгү, ме тарак,
Үрпөйбөй, саксайбай,
Таранып алсаңчы”.

“- Жок болбойт, таранбайм,
Киерге тонум жок
Мен сууктан ушинтип
Үрпөйүп сактанам”.

Отурат бутакта
Үрпөйгөн, саксайган.
Окшошуп бубакка
Жанында агарган.
03.02.1997 

Сынак шарты менен ушул жерден тааныша аласыздар.

P.S. Сынакка келип түшкөн чыгармалардын авторлору жана калыстар курамындагы төрт адамдын аты-жөнү сынак жыйынтыгына чейин эч жерде жарыяланбайт. Азырынча купуялык үчүн ар бир автор номер түрүндө гана белгиленет.

Аталган сынакка катышкан авторлор менен калыстар курамындагы адамдар туурасындагы маалымат сынактын жыйынтыгынан кийин гана коомчулукка жарыяланат. О.э. бул сынакка тандалган калыстар курамындагы мүчөлөр да азырынча бири-бирин тааныбайт…Балдар үчүн жарыяланган бул сынак объективдүү баасын алсын үчүн сынактын катышуучуларынын да, калыстар курамынын да аты-жөндөрүн ачыкка чыгарбоону туура көрдүк.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *