№1 

КУЛУНkulun
Акырын сыласам
Кулунду жалынан.
Мөңкүдү абыдан,
Корккондон жүрөгүм,
Козголду кабынан.

medМАМАЛАК
Майпаңдап басса мамалак,
Куду эле биздин Марат деп,
Балдар күлөт табалап.

КЕКИЛИК alectoris-chukar_01

Сайрап ийсе кекилик
Не болду деп Сайракан
Чочуп кетти секирип.

%d0%b0%d0%be%d0%be%d0%b0КАРА КОҢУЗ
Кара коңуз шашып баратса,
Жаманы жок менин оюмун.
Таш бетине коомай отуруп,
Жолун тосуп анын коюпмун.

ЖАРГАНАТmush_letit
Жанынан учса жарганат
Жолдо турган Жолдошбек
Башын катты калкалап
Күлүп ийдик ха-халап.

camel_1ДӨӨЛӨР ЖАНА ТӨӨЛӨР
Актан бизге мактанды,
Үйдө бар деп дөөлөр.
Ишенбей барып карасак,
Алар экен төөлөр.

ДИНОЗАВР-СОТКАsamiy-bolshoy-hishcniy-dinozavr
Аралап жүрсөк бакта
Доош чыкты башка
– Динозавр! — деп кыйкырдык.
Көрсө,
Ушундай үн чыгарат экен сотка.

87КАРГАЛАР
Карда жүргөн каргалар,
Жаз келгени жоголду,
Издегиле, кайда алар?

БӨДӨНӨ97
Бөдөнөгө там болбойм,
Алдына анын жем койбойм,
Отун-суусун камдабайм.
Турагы жок туруксуз,
Аны менен дос болбойм.

ee-12ТОРГОЙ
Көктө турган торгойлор,
Бирөө кадап койгондой.
Жансыз окшойт дептирмин,
Кайра учарын ойлонбой.

ЧЫМЧЫКТАР750143446
Чырылдашкан чымчыктар,
Чымчылашып ойношот.
“Чырлыйттасам” мени алар,
Чымчык дешип ойлошот.

frog-milkБАКАЛАР
Көлмөдөгү бакалар,
Көктү көрбөй ыйлашат.
“Көрсөткүлө көктү” деп,
Энелерин кыйнашат.

БАКТЕК2222-max
Мен учурсам батперек,
Кыйынбы менден ушул деп,
Бактек келип бир тебет.

Сынак шарты менен ушул жерден тааныша аласыздар.

P.S. Сынакка келип түшкөн чыгармалардын авторлору жана калыстар курамындагы төрт адамдын аты-жөнү сынак жыйынтыгына чейин эч жерде жарыяланбайт. Азырынча купуялык үчүн ар бир автор номер түрүндө гана белгиленет.

Аталган сынакка катышкан авторлор менен калыстар курамындагы адамдар туурасындагы маалымат сынактын жыйынтыгынан кийин гана коомчулукка жарыяланат. О.э. бул сынакка тандалган калыстар курамындагы мүчөлөр да азырынча бири-бирин тааныбайт…Балдар үчүн жарыяланган бул сынак объективдүү баасын алсын үчүн сынактын катышуучуларынын да, калыстар курамынын да аты-жөндөрүн ачыкка чыгарбоону туура көрдүк.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *