Нуралы КАПАРОВ 

ПОЭЗИЯ

Олтургандай жылуу-жумшак төшөгүндө,
олтурган Барсбектин,
олтурган Чыңгызхандын өзөгүндө.

Ийилип жүгүнүшкөн
ийиктей чимирилип,
күйүкпөй жүгүрүшкөн.

Жаным деген,
кара жаным чабайын ханым деген.
Тартактап ташын ташып,
жалпактап ашын жеген.
Өзөгүндө олтурган ошол душман
өрт чыгарып акыры башын жеген.

Эх, душман,
кубулуп байкалбаган,
кумсаңдап картайбаган.
Жумшаксың, жагымдуусуң
көргөндөр пайпайлаган.

Аласың колу-буттан,
тартасың өтүгүнөн,
оозуна “кулк!” деп кирип,
чыгасың көчүгүнөн.
Тукумсуң балалаган,
жериң жок тарабаган.

Отурасың кеңселерде,
отурасың илимий мекемеде,
ак ордо, хан ордодо,
кайнаган базарларда,
жайнаган кашарларда.

Мезгилдин жаз-жайында
Отурасың тасырайып
ачкыл ичпес
Асанбектин Ак-Сайында,
көк таш минип
Көк-Ойроктун көк сайында.

Асманда, жерде дагы,
токойдо, чөлдө дагы…
Отурасың жайбаракат
жайланышып,
чөп жесе чөбүн жешип,
май жесе майын жешип майланышып.

Отурасың маңдайында,
Оозунда, таңдайында.
Ээгине көлөкөлөп
эбин таап этегинде.
Көргөзбөй көзүн боёп
көзүнүн чечегинде.
Как толтого сайылчу
канжар болоор кезегинде
билинбей олтурасың бүгүн дагы
бир шордуунун өзөгүндө…

АЛТЫН БАЛЫК
Чындык бакчу үйүндө чыкчыңдаган,
күлкү бакчу күлдүрүп купшуңдаган,
ый да бакты кезинде шолоктогон,
ит да бакты үйүнө жолотпогон.

Көп нерсени эңседи көңүлүндө,
“күп!” деп кулап бир ирет көк иримге
күмүш балык кармады, бирок аттиң!
Алтын балык жолукпай өмүрүндө
“арман!” деген бир балээ өзөк өрттөп,
өчү бардай өмүрүн кемирүүдө.

Көлчүгүңдү, көлүңдү төгүп көрдү,
океандын түбүнө чөгүп көрдү,
ылай кечти мылгыган, кум сапырды,
жарыбаган жыргалды соруп көрдү,
арылбаган азапты чегип көрдү,
“алтын балык!” дегенде муңдуу карап,
миң тирилип, миң жолу өлүп көрдү,

Жетем деди, акыры алам деди,
жети катар жер болсун табам деди.
Суу аттуунун бардыгын сузуп көрдү,
жер аттуунун бадыгын казып көрдү.
жабылгандын бардыгын ачып көрдү,
үйүлгөндүн бардыгын чачып көрдү,
арзыбаган нерсеге арсалаңдап,
жарыбаган нерсеге жашып келди.

Чындык жүдөп чыкчыйган үйүндөгү,
күлкү жүдөп күйпөйүп сүйүнбөдү,
өзөгүндө ый күчөп шолоктогон,
ити бир күн жоголду жолотпогон.

Жерди жердей кыдырды,
чөлдү чөлдөй,
сууну суудай сыдырды.
көлдү көлдөй…
Көптүн чыкты эсинен акырындап,
же бир тирүү,
болбосо өлдү делбей.

Эки көзү челейди, арыктады,
өмүр бою жол жүрдү, жарытпады,
түркүн түскө кубулду кыялында
бапыраган бай болду, карып дагы…

Өзүм деди, бир өзүм, өзүм деди,
сөөгүн мүлжүп, кызарган этин жеди.
Күмүш балык кармаган элден кетип,
Күмүш шибер толкуган жерден кетип,
алтын бешик айдың жер, элден чыкты,
алтын балык издеген ал ойронуң
көлдөн эмес, өлүгү чөлдөн чыкты,
алтын эмес, аттиң а-а
ал ойронуң
күмүш балык жүрбөгөн жерден чыкты,
балык кармап көрбөгөн элден чыкты.

Кошок айтып жоктогон катыны жок,
кабыргасы кайышаар жакыны жок,
бала да жок, артында байлык да жок,
үйү да жок, үстүндө чатыры жок,
алтын балык жөнүндө жомок баштап,
жомок таштап кетти ал акыры жок…

ЖОГОТТУМ
Күн жолуксам күнүндө да,
түн жолуксам түнүндө да:
“Чай ичели, кириң” деген,
сүйүнүчтөн боргулданып
кубанычтан күлүңдөгөн
коё бербей силкилдетип
кош колумду
жүрү деп сүйрөп турган
жоготтум досторумду.

Балык дешип сузушуп суудагыны,
элик дешип кубалап кырдагыны,
колдогу деп кой союп короодогу,
эски деп мурдагыны
жаңыртып тасмал жайган
жоготтум тууганымды.

“Көз ачырбайт күз нөшөрү,
ким келет деп отурамбы,
үйгө кир, жүздөшөлү,
жүрү” – деп эшик ачкан
жоготтум кошунамды.

Жоголду  жылмайган  өң,
жылуу жүз, жылуу колдор.
Жоголду кең пейил эл,
жарык үй,
жарык жолдор.

Жоголду сүйүнүчтөн,
сагынычтан балбаалап
аккан жаштар,
жетем деп күйүгүшкөн,
жоголду ак кептердей кабар алып,
каршы-терши зыпылдап учкан каттар.

Жоголду арзып сүйгөн,
күткөн күндөр,
жоголду аңкаган бак,
айлуу түндөр.
Жоголду зарыккан күн,
жетпеген бут,
жоголду  батперектей байырлаган,
көгүчкөндөй айланып кетпеген кут.

Жоголду жылуу мээрим, мөлтүр сезим,
жоголду коноор үйүм, барар жерим.
Коргондор кыштан, таштан, цемент, темир.
Бош жер жок бут коёрго аралык тар.
Жоголду  ээн көчө, ээсиз талаа,
аркырап арыш керген аралыктар.

Эх десең ызгаар ырдайт, үйүлгөн кар,
аңылдап туш тарабым турат муздап.
Жоголду пейлин чечкен бүтүндөй шаар,
жоголду кучак жайган бүткүл кыштак.

Жоголду   чалкар калаа, айкөл элет,
жоголду каккан жүрөк элеп-желеп.
Кайдасың жаркын өлкө, жылуу мекен?
Кайдасың гүл аңкыган сулуу көчөм?
Көрүнбөйт эшик ачкан бечарам ай,
тунжурайт туш тарабым, үнсүз өтөм,
төшүнө орден таккан ветерандай
кулпудан орден таккан эшиктер көп,
арабдын кыздарындай жүзүн жапкан
паранжалуу калкан капкак терезелер…
Каз-катар сырын бербей зымпыят там,
сереңдеп сыртын салган көлөкөлөр…
Кана, сен, айтчы досум, кимдер күтүп,
келгин деп эшик ачат эми кимдер?!

ЧООЧУН ШААР
Түтүн, ыш кафелерде.
Акча, кыз казинодо.
Реклама көчөлөрдө.
Ресторан. Ачкыл вино.

Үйлөрдө заңгыраган
олигарх кекирейген.
Театр аңгыраган,
музейлер жепирейген.

Кыйкырык, ураан-сүрөөн,
ресторан катар-катар,
каякка бурулбагын
кайнаган базар, базар.

Аялдар галош кийген,
жаш балдар тачки түрткөн,
таксилер киши күткөн.
куюн-чаң сапырылган,
кайырчы колун сунган.
кексе чал какырынган.
алуучу кыжылдашкан,
сатуучу атырылган.

Тамеки. “Көзүр кыздар”.
Суусаган бак-дарактар.
Кыйшайган отургучтар.
Кызымтал жаш манаптар.

Машина кыйма-чийме,
көчө тар, батпай калган.
Митинг, пикет күндө,
көмүскө акча айланган.

…Кеч бешим. Түн көшөгө.
“Карк!” этет ала карга.
Бөлөкмүн бул көчөгө,
чоочунмун ушул шаарга.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *