Эшек тамсилчиге айтат дейт:

— Эмки тамсилиңде мен жөнүндө жазып калсаң, мага деле акылдуу сөздөрдөн сүйлөтүп койчу.

* * *

Уулу:
— Ата, дискотекага барып келейинчи.
— Кайра качан келесиң?
— Эрте эле келем.
-Эрте болгондо?
— Силер ойгонгончо келип калам…

* * *

Жоокер Кашкулаковду чалгынга жөнөтүшөт. Ал бир сааттан кийин кайтып келип, командирине ал-жайды түшүндүрөт:
— Жөө аскерлер айылды айланып өтө алгыдай эмес. Танк менен гана өткөнгө болот.
— Себеп?
— Себеби айылда килейген эки дөбөт шимшилеп жүрөт…

* * *
Ооруканада операция жүрүп жатат. Ошол учурда үстөлдүн астынан:
— Мяу!
— Пырс!
— Мяу!
— Пырс дейм!
— Мя-у-у!
— Ме, баля жегир!..

* * *
Кызыл кулак ооруканага келет:
— Өз денемди өлгөндөн кийин илим үчүн сатсам болобу?
— Кудай жалгасын, болот.
— Бөлөк денелерди да сатсам болобу?..

* * *
Эки жинди банан жеп атат.
Бири сурайт:
— Сен эмнеге кабыгын аачыбай жеп атасың?
Экинчисинин жообу:
— Кереги эмне! Ансыз да ичинде эмне бар экени белгилүү да!..

* * *
Майрамдык жасалгалуу үстөл. Ашкана жактан аялынын үнү:
— Э атакеси, сага винобу же аракпы?
— Вино.
— Кызылынбы же агынбы?
— Кызылынан…
— Италияныкыбы же грузиндикиби?
— Италияныкы.
— Таттуубу же орто таттуубу?
— Ту-у, иттики! Алып келчи аракты эле!

* *  *

Эки грузин шахмат ойноп атат.
— Мат! — дейт бири ферзди жүрүп.
— Атэц! — дейт экинчиси королду жылдырып.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *