БЕЛГИЛҮҮ ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ ЖАНА БЕЛГИСИЗ ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ

Шайлообек Дүйшеев жогорку окуу жайында жалгыз окуп, жатаканада жалгыз жашаган эмес. Тегерегинде агалык акылын айткан, инилик көмөгүн, жолдоштук сыйын көрсөткөн жакшы санаалаш курсташтары арбын эле. Алардын бири — Искендер Жумабаев. Ата тарбиясын албай, эне мээримин көрбөй жетим өскөн Шайлообектин анда-санда кармай калчу агын суудай албуут кыялын эпке келтириш, жапайы тулпардай туйлаган азоо талантын тапка келтириш, турмуштук жана чыгармачылык тажрыйбасы аз бизге окшогон мадырабаш жаш жигиттер үчүн оңбогондой оор маселе эле.

Шайлообектин терс толгоосу кармаганда далайыбыз жапырылып сыртка чыга качып, оң толгоосу кармаганда салам айтып каптап кирип келип, тийди-качты мамиледе болдук. Аягына чейин жалгыз Искендер чыдады. Ал баарыбыздан төөчөлүк өөдө билимдүү, акылдуу, токтоо жигит эле. Шайлообектин дээринин түпкүрүндө алтындай «жылт-жылт» этип көрүнүп-көрүнбөй, оңду-солду оодарылып жаткан нукура талантын жана чындык десе чыркырап жиберген адамдык мыкты сапатын сыйлачу. Ошол себептен улам оор жумуш көрбөй ойноок Шакени оңдоп, тажатма жумуш көрбөй тентек Шакени талыкпай түздөп келген Искенди Шаке жөнүндө жазып жатып кыйгап өтүш мүмкүн эмес экенин туюнуп, баянымдын атын да «Белгилүү Шайлообек Дүйшеев жана белгисиз Искендер Жумабаев» деп атадым. «Белгилүү…» дегеним – нагыз таланттуу адам белгилүү болот эмеспи да, «белгисиз…» дегеним көпчүлүк акылман адам белгисиз калат эмеспи.

Шайлообек менен Искендер досумдун айырмасы, бирөө белгилүү, экинчиси белгисиз болгону менен мага экөө тең өтө сыйлуу жана баалуу досторум эле.

…Кара тоголок Кары бригадир тамак жасаганга эки гана ашпозчу кызды жана суу ташып, отун жарып, от жакканга күндө бир дежур жигит калтырып, калганыбызды чөпкө кууп чыгат. Күндөрдүн бир күнүндө мен дежур болуп калдым. Ашпозчу кыздардын айткан жумуштарын алеки саатта аткарып коюп, жылаңайлак бутума жалаңкат кайыш тапичке илип, тарпылдатып ары-бери басып жүрсөм, чатырда көлөкөлөп жата берип жедеп эриккенби, айтор, демейде дымы чыкпаган Асанкан агай ичкериден үн салып чакырып калды. Айткан тапшырмасын аткара салайын деген ойдо учуп жетип барсам, жумшагыдай түрү жок. Кара купайкеге башын жөлөп, кайдыгер чалкасынан жатат.

«Атың ким эле» деп тактап сурайын деди окшойт, «а — ат» деп баратып, астыңкы-үстүңкү жаактарын тогосунан тайып кетчүдөй кере карыш чоюп, оозун аңырдай ачып эстегенде, эки көзүнөн жашы булактап куюлуп кетти. «Жаздыгынын» астында жаткан көк жээк ак бет аарчысын бүктөй кармап, эки көзүнөн куюлуп барып токтоп калган жашын аарчып, ак бет аарчысын кайрадан бир оодарып кургактап бүктөп, кычышкан кырдач мурдун жанып-жанып алды да:

— Атың ким эле, иним? — деп тактап сурады.
— Нуралы.
— Эмне жазасың?
— Ыр, — дедим бир аз уялгансып.
— Жатка айтасыңбы же кагаз карап окуйсуңбу?
— Кээсин жатка, кээсин кагаз карап…
— Кана, окучу…
Мындай сунушту күтпөгөн жаным толкундай түштүм.
— Уялба, оку, — деп кошумчалап койду.
Айыл чарба жумушунда жүргөн элүү курсташымдын жыйырма беши акын, он беши жазуучу, үчөө драматург, экөө сынчы, калганы кара макала жазган журналист. Күндө болбосо да күн алыс кечкисин поэзия кечесин өткөрүп, бирибизден бирибиз кезек талашып ыр окуйбуз. Как эткен каргасы, кук эткен кузгуну жок Тянь-Шандын ээн жайлоосунда карманганыбыз эле ушул жалгыз Асанкан агай. Дабырап жол талашып ыр окуганда биз бири-бирибиз үчүн эле эмес, көбүнчө ушул Асанкан агайга жагыш үчүн окуйбуз. Кокустан Асанкан агай ким бирөөнүн ырын «бали, азамат!» деп сүрөп койсо, бүттү, ал күнкү жеңиш ошонуку. Ошондой чоң абройлуу адам маңдайына чакырып алып ыр оку деп суранып турганы чоң жоопкерчилик сыяктандыбы, айтор, эң жакшы ырларыман окуюн деген ниетте колумдагы күрөң блокнотумдун барактарын биринин артынан бирин ооштуруп издей берип, ырларымдын жакшы менен жаманын айырмалай албай, таптакыр буйдалып калдым.
— Оку, окуй гой, — деп Асанкан агай дагы бир ирет кичи пейил жумшак үн менен сүрөп койду.
Бир аз буулуп барып, шыр окуп кеттим. Бир ыр окудум. Эки ыр окудум. Асанкан агай жаккан-жакпаганын билдирип койбой, «шыпты» тиктеп чалкасынан былк этпей жатат. Анда-санда эсине келгендей «дагы…» деп коет. Дагы окуйм. «Дагы» деп коет. Дагы окуйм. Ошентип, дагылап ыр окуп жатканыбызда ашпозчу эки кызыбыз чатырдын астынан дабырап чуркап өтүп, «шаардан бирөө келатат, тигине, тигине!» дешип кыя жолду тиктеп туруп калышты.

Эки ашпозчу кыздын тигинелеп дабырап чуркаганына аялын сагынган Асанкан агай менден мурун элейип кулак тосуп, кыңайып жаткан жеринен баш көтөрүп, отура калды. «Аялын сагынып…» дегеним, келгенибизге он чакты күндөй болуп калганда жогорку окуу жайдын жетекчилигинен бүткүл Нарын областында иштеп жаткан студенттердин ал-ахывалын, турмуш-тиричилигин текшерген комиссия келген. Иштеп жаткан ишибиз, жашап жаткан турмуш-шартыбыз менен таанышып бүткөн комиссия мүчөлөрү түштөнүүгө «конок үйүбүзгө» кирип кетишкен. Чүйгүн тамакка аралаштырып бирдемесин кошо сеп этип чыгышты окшойт, тымпыйып сылык-сыпаа кирген комиссия мүчөлөрү бак-бак сүйлөп, багжаңдап тер чачып көңүлдүү чыгышты. Айрыкча филология факультетинин деканы Сансызбай Иманалиев агайдын көңүлү өзгөчө көтөрүңкү чыкты эле, Асанкан агай конок үйдүн ичинен да айта берип тажатса керек, сыртка чыкканда да жандай басып кулагына жабыша калып бирдемелерди шыбырады эле, Сансызбай агайдын чорт кыялы кармап чунаңдап: «Ой, деканатта сени алмаштырар бир да бош мугалим жок. Аялыңды көрбөгөнүңө көп болсо он күн болгондур… Чыдаш керек да!» деп сүйлөшкүсү келбей мулжуңдап тетир бурулуп басканда, «а-а, агай аялын сагынган турбайбы» деп түкшүмөлдөп койгом.

Илгери жайлоодо жалаң жаш козунун этин жеп, кымыз ичип чатырайып толуп алган чабандын жардамчы койчулары да эки күндүн биринде ар шылтоонун башын бир айтып, чабандын башын оорутуп, айылда калган ак балтыр келинчектерин сагынып, «жан койбогон ай иттин балдары, мейлиң эми…» деген чабандын оң жообун угары менен түн катып «дыр» коюп жөнөп калышчу. А бул жакта тамак чүйгүн, жер алыс. Асанкан агайдын чыдабаска аргасы жок.
Бирок чиркин үмүт күнү-түнү күйгөн шам дегендей, анда-санда алыстан бейтааныш караан чыкса же дабыш эшитсе Сансызбай декандын оң кыялы кармап, ордума мугалим жибердиби деген ойдо «карачы, ким келатат?» деп мага окшогон дежур жигиттерге жол каратат. Күткөнү эле өзүн алмаштырар мугалим. Бүгүн да ошондой болду. «Карачы, ким келатат?» дегендей Асанкан агай кулак түрүп, элейип мени караганда, колумдагы ыр жазган күрөң блокнотумду жан чөнтөгүмө тыкшыра салып, сыртка атып чыктым. Чын эле кыя жолдо ак көйнөкчөн бирөө келатат. Демейде ээн жерде, ээн тоодо ким бирөөнүн карааны алыстан көрүнсө, арсылдап үргөн иттер биринен бири озуп алдынан тосуп чыкчу эле го. Бул жерде ит ордуна, куш ордуна ушул ашпозчу эки кызыбыз чуркап чыгып «тигине, тигинелеп!» жол тосуп туруп калышат.
Жанагы кыя жолдо келе жаткан ак көйнөк, кара шымчан караан тез эле салып-уруп жете келди. Балбаалап тердеп алган. Ак көйнөгү жонуна жабышып, багалеги балбалактап жер шыпырат. Салам айтып, алик алгыча: «Журналистика бөлүмүнүн студенттери ушул жердеби?» деп жок жоготкон адамдай тынч алалбай, алиге студент кейпине кире элек мендей мадыра баш жаш жигитке каниет кылбагандай суроо узатты.
— Ооба, ушул жерде, — деп жооп кайтардым. Жашына караганда бизди окутчу мугалимдей, шамалдай шуулдап басканына караганда студенттей. Качан гана «агай кайда?» деп суроо салганда гана жумушка кечигип келген студент экенин жазгырбай түшүндүм.
— Келиңиз, агай бул жакта,- деп эшиги ачык чатырайып чалкайган таар чатыр тарапка кол жаңсадым.
Жаңкы жигит чатырга кирип барары менен эле Асанкан агай менен илбериңки учурашып, өзүн тааныштыра, жөн-жайын түшүндүрө сүйлөдү:
— Атым — Шайлообек, фамилиям — Дүйшеев. Конкурстан кулап калып, кечээ конфликтная комиссиянын чечими менен окууга өттүм…
Асанкан агай адамкерчиликтүү, кичипейил агай эле, алдына ийилип салам айтып келген Шайлообекти көз каранды студенттей эмес, көптөн бери жакшы тааныган тең катар теңтуш инисиндей: «А-а, Шайлообек, куттуктайм!» деп анын айыл чарба жумушуна келгенин эмес, окууга өткөнүн куттуктап, кош колдоп колун сунуп, жаркылдап күлүп жакшы кабыл алды.
Орун алмаштырар күткөн мугалими келбей, күтпөгөн студент Шайлообектин келгенине качан болсо көзү жолдо, кулагы дабышта жүргөн Асанкан агайдын көңүлү күтүүсүз жерден көрүнөр-көрүнбөс кылаңгыр бир үмүттүн кылда учуна жетип, илинер-илинбес болуп барып үзүлүп жыгылгандай тынчыды. Адам деген өз кызыкчылыгына келгенде өзүмчүл болот эмеспи, турмуштун өйдө-ылдыйын, ачуу-таттуусун, ысык-суугун түшүнгөн ушул Асанкан агай деле көкүрөктөгү болоор-болбос көксөөсү ишке ашпай калганына кадимкидей кабатыр болгонсуп, биртопко үн-сөзү жок тунжурап олтурду да, оо биртопто барып эсин жыйгандай, ич кагазы эбак саргайган эски саатына үңүлө карап:
— А-а, жигиттер, түшкү тамакка али көп бар экен, — деп оңдонуп олтурду.
Быша элек тамагына деле ыраазы элек, чак түштөгү күн чыйылдап ысып турган маалда таар чатырдын ичи думуктуруп үп болуп чыкты. Асанкан агай «бара бергиле» дегендей бир аз эле ишарат кылса, сырттагы айдарым салкын желге атып чыгууга даяр элек. Бирок Асанкан агай антээр түрү жок. Керелдин-кечке көлөкөлөп эригип олтурган неме мага окшогон мадыра баш студенттерди маалкатып эзип отура бергенди жакшы көрөт.
— Шайлообек, сен кайсы жерден болосуң? — деп Асанкан агай капилет суроо узатты.
— Бул эле Ат-Башыдан болом, агай, — деп Асанкан агайдын сөзгө тартканына сүйүнгөн Шайлообек шыпылдап, кичипейил, элпек жооп берди.
— Үй-бүлөң барбы?
— Бойдокмун, агай.
— А-а, аның жакшы экен…
— Жашың канчада?
— Жыйырма бештен жыйырма алтыга карадым, агай.
— Мунуң да жакшы экен, иним. Мен да кеч окугам. Окуу жаш куракка карабайт эмеспи, — деп Шайлообекти колдогондой сүйлөдү.
— Байкашыма караганда жумушка киер жылуу кийми жок келген сыяктанасың.
— Ооба, агай. Конфликтная комиссиядан окууга өткөнүмдү угарым менен эле бул жакка түз жөнөдүм.
— Аның жакшы… Мен сага эки күнгө уруксат берейин. Ат-Башыга барып жылуу кийимдериңди алып кел.
— Жо-жок, агай. Ат-Башыга каттагандардан эле алдырып алам. Азырынча үстүмдөгү эле кийимдерим жетет, — деп үстүндөгүдөй жакшынакай кийимдер үйүндө үйүлүп жаткансып чебелектеп жиберди.
«Бул дагы бир окуудан көзү каткан шордуу неме окшойт. Эчен жыл эңсеп тапкан үйүрүн эки күн эмес, эки мүнөт таштап кеткиси келбей жатпайбы» деп ойлодум ичимден.
Асанкан агай да барсаң-койсоң өзүң бил дегендей унчукпай тим болду.
— Тамак бышкыча тамаша салып отуралы. Кана, Нуралы, окуп жаткан ырларыңды ула, — деп Асанкан агай ортодо тунжурай түшкөн тынчтыкты бузду.
Эртеден бери ыр окуп жатып табыма келе түшкөн жаным тартынбай ыр окуганга бел байладым. Жогорку окуу жайына бир жыл өтпөй калып, Көк-Булак деген кыштоодо кой жайып жүрүп «Койчумандар» деген ыр жазгам. Күрөң блокноттон көзүм албай ошол ырымды окуп кирдим.

«Жыл — өзгөрүү, жолдор ай тарап,
Тартуу күчүн жеңди ракета.
Түйшүк кемип, турмуш жай агат,
Койчуманга түйшүк жетет да.

Асман, тоолор… боштук, мунарык,
Койчумандын үйдө орду жок.
Сабайт мезгил жайда нөшөрлөп,
Сабайт мезгил кышта боройлоп.

Кой бутуна булут чалынчу
Бийиктиктер максат жетерге.
Коюн айдап ашат жылдарды,
Чатыр кылып жонун нөшөргө.

Чагылгандуу түндөр жайлоодо,
Кыштоолордо бороон кайталап.
Булут жүндөр агат жайлоодон,
Кыштоолордон кылгып май тамат.

Булут жүндөр агат жайлоодон,
Асман, тоолор… кээде булутсуз.
Койчумандар сөзгө туруктуу,
Койчумандар көчөт туруксуз…»
Өзү да далай жыл кой багып, ак койдун азабынан жедеп тажай баштаганда жогорку окуу жайында окуп, окуп эле тим болбой мугалим болуп калган Асанкан агай адатынча «ап, балилеп!» сүрөп койгон сайын, көңүлүм эргип, бир ырдын артынан экинчисин, экинчи ырдын артынан үчүнчүсүн удаама-удаа окуп жибердим.
Окуган ырларым Шайлообекке жактыбы, жакпадыбы билбейм. Билүүгө да мүмкүн эмес эле. Анын кулагы менин ырларымда болгону менен ою өзүнүн ырларына байырлап, мен ага бейтааныш Нуралы эле эмес, атаандаш Нуралы сыяктуу туюлдум окшойт, Шайлообек дуулдап күйгөн оттун үстүндө «отурган» жез чайнектей капкагын калдыратып буу бүркүп, ичинен боркулдап кайнап, бышып, кымыңдаган көздөрү кызарып, орто болук денеси жукарып, мына-мына жарылчудай каканактап баратты.
— Агай, мен да бир ыр окуп берейинчи, — деп чычкысы чыдатпай оозумдагы ырымды обдулуп тура калып жулуп кеткендей болду.
— Шайлообек, сен да ыр жазасыңбы? — деп Асанкан агай ушул убакка чейин белгисиз болуп жүргөн бул кандай акын дегендей бир саамга таң калгандай карап калып, мукактана түшкөн Шайлообектин жообун күтпөй:
— Оку, Шайлообек, оку, — деп уруксаат сөзүн ортого таштады.
Адегенде Шайлообектин үстүңкү эриндери дирилдеп, үнү каргылданып барып оңолуп, адегенде кадимкидей жоон эле чыгып, улам кызыган сайын үнү ичкерип, ичке үнү үлпүлдөгөн сулуу саптарды көкүрөгүнөн биринен сала бирин сууруп чыгып, бир керемет ыр токуп жаткандай туюлду. Шайлообектин ырларын отурган ордуман былк этпей уктум.
«Кичик үйдө кичинекей жаз болот», «Боюн желге тосуп берип, бойго жетип турду кыз», «Кеме кетсе деңизден, келет кеме» деген ырлары кадимки залкар акын Абай Кунанбай уулу айтмакчы кудум жүрөктөн сызылып чыккан музыкадай «кулактан кирип бойду алды».
Өзгөчө «Кыз» деген ыры көңүлүмө орустун он тогузунчу кылымдагы гений акыны Александр Сергеевич Пушкиндин жаш кезиндеги мөл булактай «мөлт» эткен тунук, назик ырларындай катуу таасир калтырды.
«Сүйлөгөндө сүйүп калар,
сүйкүмдүү бир сөзү бар.
Калың журту карап калар,
карагаттай көзү бар.
Көпөлөктөй учуп-күйгөн
көпөлөктөй кыз эле.
Кыраңдагы кечип гүлдү,
кыя жолго кетип жүрдү.
Секидеги секин тамда
сезип таңды, сезип түндү.
Дөңгө чыгып узатты ал
дөңгөлөнгөн жылдарды.
Булут ыйлап булак-булак,
буудай бышып ыргалды.
Күз-жалбырак күйүп келди
дарактардан күбүлүп.
Жүзү албырып чуркай берди
жүзүм терип сүйүнүп.
Кыш келгенде
кыз кымсынып,
Жаз келгенде жайнады.
Жашыл кийип жарк дей түштү
жаштыгынын майрамы.
Бир нерсени сезип-туйду
билик болуп үлпүлдөп.
Эс-акылын эзип турду
эт жүрөгү түрсүлдөп.
Суктануунун жанды өртү
сулууланды, тиктеди.
Айперинин алгыр көзү
алда-кимди издеди.
Жаңырыктап жан дүйнөсү
жаады сезим диркиреп.
Көңүл туйлап кош алмасы
көкүрөк тээп тирсиет.
Курагынан от төгүлүп,
кучагына күн кысып.
Боюн желге тосуп берип
бойго жетип турду кыз!..»
Ушул ырды окуп аяктап баратканда жарылып кете жаздадым. «Мына, сага ыр! Мына, сага поэзия!» дедим ичимен.
Шайлообек «даярдыксыз» үч ыр окуду. Үчөө тең мыкты ыр экен. Асанкан агайдын кесиби тилчи болгондуктан, «ап-бали, азамат!» деп дежур сөздөрү менен сүрөгөнү гана болбосо, Шайлообектин шедевр ырларына анчейин сүңгүй албаганын жана ал таптакыр эле ырга чоочун адам экенин биринчи жолу ошондо байкадым. Мен кыргыздын мыкты акындарынын көбүнүн ырларын жыргап, сүйүп окуп чоңойгон боз бала элем. Бирок Шайлообектин ырларындагыдай таза мөлтүр сезимди такай жолуктура албаптырмын. Көк ирим сууга «күп» этип кулап, оюм да, өңүм да, көңүлүм да тазарып, күңүрт тарткан көздөрүм да чайыттай ачылып, жан дүйнөм жеңилдеп, мен үчүн «былк» этпей бейкапар жаткан дүйнө бир заматта аласалып оодарылып өзгөргөндөй сезилди. Арабызга чоң талант келип кошулганын туйдум.

Ошол күндөн ушул күнгө Шайлообек экөөбүз чыгармачылык жактан санаалаш, көр турмушта ийиндеш, чоң турмушта тилектеш доско айландык.
Түшкү тамактан кийин Асанкан агай адатынча уйкуга кирди. Шайлообек экөөбүз аркы-беркини сүйлөшүп «жатакананын» тегерегин айланып басып жүрдүк. Калдагай баш, суйдаң чач, барбагай мурун Шайлообектин жандуу көздөрү кымыңдап, жылдыздуу маңдайы жаркып, окууга өткөнүнө өтө сүйүнүп, өрөпкүп турган кези экен. Жети жыл окуу көзүнөн учуп жүрүп окууга өткөн адамдын сүйүнүчүн мен айттырбай түшүнүп турдум.

Курсташтарыбыз чөптөн келгиче Шайлообек биз менен кандай кыздар-балдар окууга өткөнүн сурамжылап билгиси келди. Мен Шайлообекке караганда он беш күн мурун окууга өткөн тажрыйбалуу студент катары аны кызыктырган бардык суроолорго жооп берүүгө канчалык аракет жасасам да, анын ичи чыкпагансып өз көзү менен көргөнгө шашып турганын байкадым. Кудай жалгап ал күнү Кары бригадирге ыйман кирип, курсташтарды чөп чабыктан эрте таратып жиберген экен, чабындыдан чарчаган курсташтар эрте келишти. Биз анда бейтааныш студентти сыртынан сурамжылаганда «ким экен?», «каяктык экен?» деп сурачу эмеспиз. «Чү» деген эле жерден «эмне жазат экен?» деп сурачубуз. Ыр жазат экен же кара сөз жазат экен деген жоопту уккандан кийин, «аты ким экен?», «фамилиясы ким экен?» деп тактаар элек. Эгерде республикалык гезит-журналдарга чыгып жүргөн белгилүү авторлордон болсо «оо, аны билебиз, билебиз» деп алгачкы мамилени ошо билген деңгээлибизге жараша жасачубуз.
Тилекке каршы Шайлообек да курсташтарыбыздын дээрлик көбүнө белгисиз авторлордон экен.
Шайлообек курсташ кыз-жигиттерге тез аралашты. Анын адамдарга тез аралашмай, тез тил табышмай касиетин кийин да байкап жүрдүм. Беш жылдын аралыгында ал кимдер менен гана дос болгон жок. Көкүрөгүнө орден-медалын шагыратып тагынган университеттин Найманбаев сыяктуу ветеран мугалимдеринен тартып, өзүнүн өңү эле эмес, келатат деген кабары эле сүрдүү угулган Абай сыяктуу атыккан чоң муштум бандиттерге чейин дос күттү.

Ал учурда университеттин мугалимдери Шайлообекти акын катары эмес, кичи пейил студент катары, бандиттер «бандит», ичкичтер ичкич, жалкоолор элпек, жооштор тентек, семиздер арык, арыктар күлүк, группалаштар староста, кичүүлөр улуу катары сыйлап билишчү. Анын таланттуу акын экенин аз сандагы адамдар гана билбесе, көпчүлүгү билчү эмес. Жымыңдаган жазы маңдайында, кымыңдаган көздөрүндө, жумшак үнүндө, жеңил басыгында адамды өзүнө тарткан бир касиет бар эле. Биринчи курстан бешинчи курска чейинки аны таанып-билген студенттер Шаке деп чакырышчу. Жигиттер эле эмес, кыздар да Шаке деп кайрылаар эле.

Ал улууга кичүүдөй басырылбай, кичүүгө улуудай көтөрүлбөй, тең мамиле жасачу. Анан да өтө карапайым эле. Кийимге, жалтырак-жултуракка түк азгырылчу эмес. Жанда жок март, эртеңки күнүн ойлонбогон оюнкараак баладай эле. Стипендия алган күнү чөнтөгүндөгү акчасын толугу менен виного салчу же тандабай туруп биринчи жолуккан кызга шоколад, торт, жоолук сатып берчү. Боорукер эле. Бөтөнчө төкөр, мунжу, одурайган кыздарды бооруна тартып аяп турар эле.
«Э-эй, Нуке, сен билбейсиң да. Бул кыздардын ички дүйнөсү өтө таза болот. Карачы байкуштарды, майрам күндөрү киного, театрга, отуруштарга чыкырар жигити жок, ээн бөлмөлөрдө камыгып, камалып олтурганын. Жүрү, андан көрө ушулардын көңүлүн ачабыз» деп алагүү болуп алган Шакем ой-боюма койбой, жанагы одурайган-содурайган, төкөр, мунжу кыздардын бөлмөсүнө мени ээрчитип дуулдап кирип барганда, жигиттин өзүн эмес, жытын сезе элек өңү серт, Шакем айткандай таза кыздар атасы, агасы, сүйгөнү кирип келгендей «Шакелеп!» чуру-чуу түшүп чуркурап тосуп алышчу.

Анан Шакем жүр десең жүрбөй, бол десең болбой, оң-солго ооп жыгылбагыдай ойда-а бекем орун-очок алып, баягы одурайган сулуулар менен таң аткыча тактай тепкилеп бийлешип, ыр калтырбай ырдашып, чын пейлинен төгүлүп-чачылып көңүл ачып, анан сөзсүз таңга маал «той» тараарда одурайган-содурайган, төкөр-мөкөр сулуулардын бирине кокусунан ойгоно калган жапжаңы ысык сүйүүсүн алдыга жая салып, ачык айтып жибермей адаты бар эле. Жүрөктөгү толуп-ташып батпай турган ал сүйүүсүн кур ооз айтпай, чын сүйүүнүн белгиси катары колундагы темир боо тегерек саатын колуна тагып, үстүндөгү костюмун чечип «сүйгөнүнүн» үстүнө жаба койчу.

Беш жылдын аралыгында аяк-башы жыйырмадай кыздын колунан «жоготкон» саатын таап келдим го, чиркин! Кеп кызып алганда толуп-ташып сүйгөндө эмес, жүрөгү жетимсиреп, бүтүндүн жанында өзүн жарты санап, бийиктин жанында өзүн пас санап, толуктун жанында өзүн кем санап, жылдыздуу өмүрдүн жыргалынан ажыраган, оюн-күлкүсүнөн өксүгөн одурайган, томурайган, бүкүрөйгөн, аксаган, сылтыган сулууларды бир саатка болсо да, бир күнгө болсо да чын пейилинен көңүлүн ачып, жарпын жазышты Шайлообек өзүнүн мойнундагы парзындай сезчү. Аларды сыйлаганда ичинен курушпай, берерге ашын таппай берилип, төгүлүп-чачылып сыйлачу, аларды сүйгөн учурунда калп эле арамданып тоң сүйбөй, акыркы клеткасына чейин катуу жери калбай коргошундай көлкүп ээрип сүйчү эле, кайран Шакем.
Ал армандуу сүйүүнүн баасы-баркы өтө бийик жана кымбат болорун жетик түшүнчү. Бирок чын-чынында Шакем келбети келишкен, кундуз чачы жайылган, кирпиктери чачыраган, көздөрү коймолжуган, жан адамды жанына жолотпогон кымча бел сулууларды сыртынан коркуп, ичинен жалындап батыл сүйчү. Себеби, ал өтө карапайым эле. Кийген кийими жупуну. Жадырап жайнаган өңүнө барбайган мурду жана бакене боюу жарашпай, жанагы одурайган-содурайган өңдөгү кыздар Шакемдин жанында өзүн кандай ыңгайсыз сезсе, Шакем да маралдай маңкайып баскан ашкере сулуу кыздардын алдында өзүн ошондой ыңгайсыз, төмөн сезчү. Ошондуктан ал өксүгөн сүйүү менен армандуу сүйүүнүн арасын от-жалын болуп аралап жүрүп ырдаган лирик акынга айланды.

* * *
Тоо арасы али жылуу. Толукшуган ай асманда көгүлтүр күмүш нурун төгүп, Тянь-Шань тоолорунун кат-кат жылгалары сүрдүү карарып, көктөн төмөн карай туш тарапка тарам-тарам сойлогон жондору гана ай нуруна агарып чагылышып, түн каракчысынын койнуна тула боюн жазып жиберип, дүйнө мемиреп үргүлөп жаткан жондуу жолборстой бейкут. Тээ төмөндө, куркурап тик түшкөн шагылдуу коктунун таманында, ай нурунун кылаңгыр жарыгына үрүл-бүрүл агарган чөпчүлөрдүн ак тамынын жана таар чатырынын эки четиндеги коройгон шыргыйга илинген электр лампочкаларынын желип-жорткон желге чайпалган жарыгынын алдында топтошкон караңдаган караандардын «дүр» этип жарылган күлкүлөрү, кыйкырык-сүрөөндөрү жана кажы-кужу үндөрү түн бакырга көөшүгөн орто жайлоонун тынчтыгын бузуп турду.

Ал түнү да адаттагыдай поэзия кечесин уюштурдук. «Ыр жазат экен» деген гана сөздү эшиткендери болбосо, жаңы кошулган Шайлообектин кандай акын экенинен менден башкалардын кабары жок. Мен да эч кимге «лам» деп унчукпадым. Күндүзгү күтүүсүз «күч сынашта» өзүм күбө болгон Шайлообектин акындык кудуретин курсташ акындарга каршы жашыруун бомба катары көңүлүмдүн тереңине сактадым. Атаандашып ыр окуганга көнүп алган курсташ кыз-жигиттер адаттагыдай эле кезек талашып дабырап ыр окуп киришти. Күйөрмандарыбыз — сыртынан сыр билгизбеген прозачылар, кызыл көз драматургдар, чычайган сынчылар, капталын жеп калп каткырган кара макалачы журналисттер. Күрү-күү, ызы-чуу, кол чабуулар…

Акындардын дүргүгөн каны башына тээп, эргиген көңүлдөрү элирип, «кандуу кармаш» катуу кызып калган кезде, оюн шартын бузуп, Шайлообекти ортого алып чыгып, дагы бир жолу аты-жөнүн дааналап тааныштырып, бул курсташыбыз да ыр жазат экен, арабызга жаңыдан кошулуп жаткан курсташыбызды конок катарында сыйлап, ыр кезегин Шакеге берели дегенимде, алдыда кандай окуя болорун боолголобой дарбыган курсташтарым жер тепкилеп дуулдап макул экенин билдирип, колдоп кетти. Ушул жашка чыккыча белгисиз болуп жүргөн бул акынмын деген неме канчалык деңгээлде ыр жазып кыйратат болду экен деген ойдо болгондор да жок эмес эле.

Сыртынан сыпаа турганы менен баятан бери төрт аягы тыбырап, ичинен шакардай кайнаган Шакемдин үстүнкү ээрди адатынча таранчынын канатындай дирилдеп, ыр окуганда чабалекей чам-чум айткансыган чыйылдаган ичке үнү көмөкөйүнөн куйругун так үзүп чыга албай буулуп, кардыгып, канча бир мезгилге чейин үлпүлдөгөн назик, сулуу ыр саптарын жибек жипти чайнап үзүп олтуруп оңолгон кийим тиккен кол машинедей оо көптө барып шыр кетти. Жүрө-жүрө жөнүгүп, бара-бара кызыган Шаке илип алма ичке үнү менен куш жүнүндөй кулпунган назик ырларын биринен сала бирин окуганда, уй мүйүз тартып ийрилип турган курсташтар демин ичине алып арбалып угушуп, ырдын акыркы сабы аяктаганда бир тынымга дымып калышып, анан эстерине келгендей дуу жарылышты.

Шакылдатып кол чаап, дүпүрөтүп жер тээп, дагылап суранып жатышты. Барбагай мурун, калдагай баш Шакенин бир заматта жылдызы жанып, ажары ачылды. Эр болсоң Шакемен кийин демейде кезек талашып дабыраган акындарыбызга ыр окутуп ал. «Жо-жок…» дешип ар кайсы бурчка караанын жашырышып, карышкыр тийген койдой туш-тушка чачырап качышты! Ошентип тиш каккан, тажрыйбалуу, таланттуу, «мыкаачы-террорист» акын Шайлообек Дүйшеев 1975-жылы сентябрь айында Тянь-Шань районунун Оттук айылынын орто жайлоосунда «Кыз», «Кеме кетсе деңизден, келет кеме», «Кичик үйдө кичинекей жаз болот», «Ау десе аяз ооздон төгүлүп», «Жакшы кабар жарышаар үйгө тынбай» аттуу миллион мегатонна күчү бар поэзия бомбасын жарганда, «Айылыма», «Апама», «Эжеме», «Мугалимиме», «Ак халатчан врачка» деген тестиер темадагы ырлар менен алектенип жүргөн жыйырмадан ашуун акын курсташымды боо түшүрүп бир түндө «кырып», арасында сербейип Шайлообектин өзүн кошкондо үч жарым акын аман калдык. Үч жарым дегеним, өзүн оозеки юморист жана жазма акын катары эсептеп жүргөн дагы бир таланттуу акын курсташыбызга Шакемдин ырларынын таасири ураган шамалындай уу-дуу түшүрүп катуу тийген экен, жарымы кыйрап, жарымы аман калыптыр. Кийин деле ошол «поэзия майданында» алган «оор жаракатынан» таза сакайып кете албай, талантынын соо калган жери козголгондо сонун ырларды жазып, талантынын «союл тийген» жерлери козголгондо соолуган «пырларды» жазып, өйдө-төмөн, урунма-беринме, ойкума-кайкыма акынга айланды.

Келери менен эле топтошкон акындарды тобу менен жыга чаап, мөрөйдү утуп чыккан адам адегенде башкаларды акын санабай, андан соң акын эместерди адам санабай, көптөрдү көзгө илбей көөп кетмей жайыбыз бар эмеспи. Шакем анткен жок. Жердигинде жөнөкөй жигит экен. Арабызга кандай жөнөкөй Шаке болуп агып кирсе, ошондой жөнөкөй Шаке болуп агып чыкты.

* * *
Шакемдин достон да, иштен да, чыгармачылыктан да сапары шыдыр, жолу ачык. Мисалы, артында каралашып турар көздөй адамы жок Шакем беш жыл ичинде эч кимден материалдык жардам албай, кудайдын парманы менен кийимден да, тамактан да өксүбөй, багар-көрөрү бар курсташтардан кем калбай, тең катар жашады. Стипендиянын эсебинен жашады деп айтайын десем ал кезде Шакем азыркыдай сарамжал Шаке эмес эле. Кырк беш сом стипендиясын үч-төрт күндүн аралыгында айдап отко салып, сокур тыйыны жок калчу. Эми эмне кылам, кантип оокат кылам деп кейичү да эмес. Башты өйдө көтөрүп, карандай суу менен калса да кабагым-кашым дебей кайраттуу жашаар эле. Кайсы бир жылдары кышкы чилдеде чыкылдап катуу суук түшүп, барбагай мурун, суйдаң чач Шакем тумаксыз жылаңбаш калып, стипендиянын акыркы сары чолок сомуна вино ичип, кызуу келе жатса, алдынан университеттин атыккан бандити Абай чыгып (ал экөө кез-кез вино ичише калмай жайы бар эле), Абай Шакемди бек кучактап бетинен өөп, Шакем да Абайды бек кучактап бетинен өөп, ал-жай сурашып туруп калса, чыкылдаган кыш чилдеде жылаңбаш турган Шакеме бандит Абайдын чындап боору ооруп, же бир жактан чаап келатканбы же таап келатканбы, ким билсин, таар баштыгынан жылтылдаган жапжаңы үч коен тумакты сууруп чыгып, бирин башына кийгизип, калган экөөнү эки колуна карматып, бирин жоготсоң бирин киесиң деп, койнундагы виносун сууруп чыгып, «эми, кийитиң кут болсун» деп тартуу кылган тумактарын жууп бергени эсимде.

Шакем ушундай жолдуу жигит эле, ал кантип кийинип-ичинип жүргөнүн кез-кез сыртынан көз салып жүргөн биз эле эмес, өзү да түшүнбөй калчу. Менде ар дайым тыйын болор эле. Агаларым-эжелерим жардам берчү, өзүм да стипендиядан өксүгөнүм жок. Шакем экөөбүз чогуу басып, чогуу тамактанып, моюндаш жашадык. Ошончо жыл аралыгында менден карыз акча сураганы эсимде жок. Кез-кез вино иччүбүз. Менин вино иче албаганым аны кадимкидей катуу кейишке салчу. Канаты жайылып кызуу турган Шакемдин жүр деген жагына жүрбөй, бас деген жагына баспай, тескерисинче, аны кооптуу жерлерден коомайланып токтотконум, жоболоң салып жиберчү жерлерге жолотпой жол тосконумду соосунда жактырганы менен кызуусунда кадимкидей жаман көрчү.

Эгер мен винону Шаке менен тең ичишсем бири-бирибизди «артка тартпай» «алдыга» сүрөгөн мындан да мыкты достордон болорубузду түшүнчүмүн. Бирок антиш колуман келчү эмес. «Айланайын Нуке, ал, алып жибер. Менин бир врач ага-жеңем бар, кез-кез вино ичип жүргүлө деп акыл айтат. Вино, биринчиден, кан болот, экинчиден, ичтеги микробдорду өлтүрөт экен. Кана, көзүңдү жум. Стакандагы винону вино эмес эле чай же суу деп элестет да, тартып жибер» деп стаканды колума карматат.

Мен Шакем айткандай стакандагы винону вино эмес эле суу деп элестетип ээрдиме жакындатып алып келгенде эле винонун жүрөктү айланткан кыйгыл-таттуу илеби каңылжарды уруп өткөндө «ө-өк!» деп көзүмөн жаш чыккыча окшуйм. Досум Шаке менин бул жоругума түк түшүнө албай, башын чайкап, «аны антип ичпейт, минтип ичет» деп колумдагы стаканды алып шамдагайлык менен тамчы калтырбай тартып жиберет. Шакем винону тер чачып, жайылып-жазылып жактырып ичээр эле.

«Кана, Нуке, дагы бир жолу кайталап көрөлү» деп кырдуу стаканга винону мелт-калт куюп, кайрадан мага сунат. Баягы сөздөрүн кайталап айтат. Мен көзүмдү жуумп, стаканды оозума жакындатып келатып эле «ө-өк!» дейм. Шакем канчалык чын дилинен аракет жасабасын менден аны менен чогуу басып-туруп вино ичишер дос чыкпай койду. Ошонун айынан экөөбүз дос катары кээде ажырашып, кээде табышып да жүрдүк…

УЛАНДЫСЫ 

Нуралы КАПАРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *