«Мекендеш» рубрикабыздын бүгүнкү мейманы Россиянын Санкт-Петербург шаарында жашап эмгектенген мекендешибиз Тахмина Нусупова…

– Тахмина, Питерде жашоо кечиргениңиздерге канча убакыт өттү?

– Питерде жашап жатканыбызга буюрса быйыл бешинчи жыл болот.

– Россия жаранысызбы же…

– Жо-ок… Албетте, биз келген убакта Россия жарандыгын алуу оңой болчу, бирок алган эмеспиз. Себеби кайра эле кетебиз деген ой болгон… Азыр жарандык алыш аябай кыйындап калды. Бизди жаңы келгенде алгыла деп катуу үндөшкөн, бирок албадык…

– Санкт-Петербург негизинен Россиянын башка жерлерине караганда тынч шаар болсо керек, же кыргыз бар жер тынчыбайт бекен?..

– Санкт-Петербург негизинен тынч шаар десек болот. Бул шаарда жашаган элдердин маданияттулугу, шаардын кооздугу жана тазалыгы көп шаарлардан айырмаланып турат. Ленинград блокадасы корголгон шаар болгондон улам адамдары өтө жөнөкөй анан сабырдуу келишет. А кыргыздар жашаган кварталдар деле тынч. Негизинен жергиликтүү тургундардын көбүрөк ишеничин жаратып, сый-урматка ээ болгон мигранттардын катарына кыргыздар кирет.

– Дүкөндө сатуучулук кылгандан сырткары анда-санда кыргыздар арасындагы тойлордо ырдап да тирилик кылам деп атасыз, ошол той-топурлар учурундагы тополоң-тоздор туурасында да кеп улай кетсек дейм. Адатта кыргыздын кулк-мүнөзү тойдон көрүнүп турат эмеспи…

– Тойлор көп эле болуп турат. Бирок мен атайы чакырган гана тойлорго барып өнөр тартуулап, кызмат көрсөтөм. Көбүнчөсүн үйлөнүү тойлорго барам. Тойдо коноктордун көбүнчөсү жаштар болот, ошол жаштардын бөтөн элде жашап, иштеп жүрсө да үйбүлө түндүгүн көтөрүп, бата алуу максатында элге чай бергендери мактоого алаарлык иш. Бирок кээде бул жакта кыйналып иштеп тапкандарын тойго коротуунун кереги бар беле деген да ой келет. Мүмкүн ошол акчаларды келечектерине жумшаса жакшы болор беле дейм. Тилекке каршы, бирок бул каныбызга сиңип калган кулк-мүнөз тура…

– Дегеле Россияда жүргөн мекендештерибиздин арасында бири-бирин кордоп, тоноп жүргөндөр туурасында жаңылыктар байма-бай болуп келет. Өзгөчө патриоттук сезимди бетке карманган албан-субан жигиттердин жорук-жосундары туурасында коомчулукта түрдүүчө пикирлер арбын. Сиз бул туурасында не дээр элеңиз?

– Мен ушул өздөрүн патриотпуз деп санагандар адам кылбас жосунсуз жоруктарга барганына аябай кейийм. Бир чети ошолорго боорум ооруйт: адам катары, жигит катары жашоодо өз ордуларын урунуп-беринип таппай жүрүшкөнүнө. Эгер чындап эле ошол кыргыз кыздарынын тагдырына күйүп жатышса, өздөрүндө кыргыз деп соккон жүрөк болсо, кыргыз кыздарын азгырып жүргөн эркектерди ошентип сабап, экинчи кыргыз кыздарын көргөндө алыстан кача турган кылышса кана! Россияда жүргөн чечен, дагестан улутундагы кыздарга эч бир эркек көчөдөн тийише алышпайт, анткени билишет: алардын жигиттери өздөрүнүн аялзатын кандай коргоорун! Кыргыз жигиттери чечен, дагестандарчалык жокпу?! Намыстанышпайбы ошолордой?! Тескерисинче, «жаман айгыр өз үйрүнө тап» дегендей, өз мекендештерин кордогонго эле маш! Алсыз аялзатын кордогондон намыстанышпайт көбү. Мен алардын жасаганын эрдик дебейм.

– Эми үйбүлөңүз жана мекенге болгон сагыныч, кусалыгыңыз туурасында азын оолак айта кетсеңиз…  

– Жолдошум Гүлжигит экөөбүз үйбүлө курганыбызга 13 жыл толду. Мирислам аттуу уулду тарбиялап келатабыз. 2-класста окуйт. Биз дагы турмуштун кыйынчылыгынан улам үйүбүз жок, ар жерде квартиралап жүрүп, там алсак деп кыялданчубуз. Баарын жоктон баштаган кыйынчылыкты абыдан көрдүк. Карызга да баттык. Колдо жок болсо туугандарың, досторуң арасында баркың болбойт экен, мына ушунун баарынан өттүк. Үйбүлө деле үйлөнө калгандан боло калбайт экен. Кыргызстандагы кыйынчылык бир тең, Россияга келгендеги кыйынчылыктар бир тең болду. Бул жерде эч ким, эч кимди аябайт. Бир гана өз күчүңө ишенип жашайсың.

Кыргызстандан эч жакка чыга элек учурумда чет өлкөдө иштеп жүргөндөрдүн жашоосу жомоктой элестечү. Бактылуу деп ойлочумун кеткендерди. Көрсө, далай шорго кабылгандар ошолор экен. Эми минтип өзүм да чет жерде мигрант болуп жүрүп, жашоо деген кайсы өлкөдө болбосун оор экенин сездим. Баары окшош экенин түшүндүм. Азыр ойлойм: эгер алыста жүрбөсөм, Мекенимдин баасын билет белем деп. Балдарыбыз биз ойногон оюндарды ойнобой, сууларына, каналдарга, көлчүктөргө киринбей, балалыктары өтүп жатканы өкүндүрөт.taxmuj

– Өзүңүз Бүбүсайра Бейшеналиева атындагы жогорку көркөм окуу жайынан билим алган экенсиз, келечекте чыгармачылык чыйырга кайтып келем деген кыялдарыңыз барбы?

– Чыгармачылык жөнүндө көп ойлоном. Буюрса, сөзсүз өз кесибиме кайрылып барам деген үмүт-тилегим бар. Мектепте окуп жүргөндөгү артист болсом деген максатым эртеби, кечпи ишке ашса дейм. Бишкек шаарындагы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун аяктагам. Ошого жараша менда өз кесибим менен иштеп, мекенге кызмат кылсам деп кыялданам. Агайларымдын «өз талантыңды жүрөк түпкүрүндө бак, тапта» деген сөздөрүнө ишенем.

Чыгармачылык дүйнөнү жана сахнаны бир жолу көргөн адам өмүр бою ошол баалуулукка байланат экен. Токтогул элдик театрда иштеп жүргөн күндөрүмдү аябай сагынам. Сахнаны сагынам. Буюрса, Кыргызстанга барганда айлыгы аз болсо да калган өмүрүмдү сахнага, театрга, чыгармачылыкка арнайм.

Сөз соңунда айтаарым: Кыргызстанда жашап жаткан мекендештерге дубай салам жолдойм! Апама, биртуугандарыма, кайын журтума ысык саламымды сиздердин сайт аркылуу билдире кетким келет. Айтор, досторума, кошуналарга, жалпы эле мени тааныгандаргы сагынычтуу салам!

Маектешкен О.ШАКИР 

taxtax

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *