Көбү жөн эле жүрүп көзү өтүп кете берет. Алардын санынан кыргыз бөксөрүп кетпейт. Бирак Табылды Эгембердиевдей асылдардан кыргыз арасы бөксөрө түшөт, аттиң. Башкага кандай билбейм, мага ошондой…

Табыкебиз кыргыздын куучирен байларына окшоп ысырапкорчулукту сүйбөй жашады. Аш-той берип эчбир мактанган жок. Мен анын өтө жупуну, өтө жөнөкөйлүгүн эки курдай кошуна болуп жашаган учурда байкадым. Борбор шаардын Буденный көчөсүндөгү №97-үйдөгү квартиралар ТЭЦтин түбүндө болгондуктан, баалары өтө арзан эле. Бир жылдары ошол кварталда арзан квартирада убактылуу жашап калдым. Бир күнү кечке маал шалдыраган советтик «Волгадан» Табылды байкебиз түшүп келатат. «Во-воо» дешип амандашып калдык. Ал-жай сурашып болуп, ал киши да мен жашаган подъездеги квартиралар арзан үчүн убактылуу көчүп келгенин айтканда оозум ачыла түштү.

«Кантип?» – дедим ичимден. «Шоро» компаниясы ал кезде абыдан ирденип, эски заводдордун бирин заңгыратып жаңыртып, Кыргызстанда дүркүрөп өнүгүп атканынан, бирок анын кожоюну деле мага окшоп шаардын арзан кварталынан батир издээрине оозуң ачылбай коёбу? Ачылды. Кантип эле чынжырлуу байлардын бири делген Табылды Эгембердиев менен бир подъезде кирип-чыгышарыма ишенбей: «Йе, тамашаңызды коюңузчу» дедим.

– Эмнеге тамаша? Чын айтам! Мен арзан квартирада жашагандан уялбайм. Билесиңби эмнеден уяларымды?.. – деди мага ызалуу кишидей тиктеп. – Кыргыздын жаштары иш таппай жүргөнүнөн уялам! Мен кыргыздын байларына окшогон келесоо белем, кансарай куруп чиренип жашагыдай! Мен ошол кансарайга коротчу акчага завод курбаймбы, эй! Кансарайды башыма урамбы?! Элге жумуш таап бериш керек азыр. Мен үстүмдө үйүм, астымда джип жогунан уялбайм, сен таңгалып карап турган тээ жаман «Волганы» тээп жүргөндөн да уялбайм. Жаштарыбыз темселеп жумуш таппай, Россиялап кетип атканынан уялам», – дегенин уккандан кийин Табыкени жөн гана ишкер эмес, философ катары жакындан таанып, өндүрүшкө, акчага жасаган мамилесине ичимен ыраазы болгом. Кыргыздын арбири Табыкедей сарамжал болсочу…

Арадан 1-2 жыл өттү. Самсаалап батирден батирге көчүп жүрүп, кийинчерек акын агабыз Шайлообек Дүйшеевдин 8-кичи райондогу бир комнаталуу квартирасына көчүп бардым. Бир күнү түндөсү таза абадан дем алганы чыксам, тамекисин дембе-дем бурулдатып Табылды байкебиз ары-бери басып жүргөн жеринен карпа-күр кезиктим. Ал-жай сураша келсек, ал киши да биз жашаган короодон жакында эле арзан кредитке үй сатып алганын кеп кылып, чыгармачылык эргүүсү эми күчөгөнүн жобурап баштады. Күлкүнү жакшы көргөн киши эле, ошо күлкүлүү жоруктарынан бир штрих эми: максым жасоонун технологиясына дагы бир жаңылык киргизип атканын айтып, «бырк-бырк» жел чыгарып койду. «Бирок атаңдын оозун урайындыкын карабайсыңбы… Көчүк тыйылбай атат. Максым ичти көптүрмө болуп калса – жаңы технологиям өлдү. Анда эле «Шоро» компаниясы банкрот болот. А лабораториядан текшерткенде баары эле ордунда. Бирок адамдын ашказанынан өткөн «лаборатория» болбойт экен. Мына көрүп атасың» деген Табыкенин көтөнү дагы «дүң-дүң» атылды. Муну эскерген себебим: Табыкебиз өндүрүштөгү чыгармачылык изденүүсүн, баарын өзүнүн жүрөгү, жүрөгү эле эмес иче-карды аркылуу өткөргөн үчүн «Шоро» компаниясы өлкөдөгү эң алдыңкы өндүрүш тармагы болуп чыга келгени жамы журтка дайын…

Баса анан, Табылды байкебиздин сөөгү кийин 8-кичи райондогу ошол арзан кредитке алган үйүнөн узады… Эл жабылып барды, самсып барды. Чыңгыз Айтматовдон кийин эле эл жамырап барып топурак салган ардактуу маркум Табылды Эгембердиев болуп калды окшойт…

Аныгында мээ булчуңун иштеткиси келбеген кыргыздын акылына келе элек ой Табыкенин башына келчү. Жаңычыл жаратмандыгы менен кыргызга не деген капитал калтырып кетти? Ал улуттук тамак-аштардын статусун гана көтөрбөстөн, бир эмес эки жерге этно-комплекс маданият борборун куруп, өлкөбүзгө келген туристтер үчүн элибиздин басып өткөн байтактуу жолуу керээттүү экенин кенен таанытканга билегин түрүп иштеди. Канчалаган капчыктуулар өндүрүш тармагына акча жумшагандын ордуна алып сатаарлык менен байып, байлыгы өздөрүнөн артып аткан жери жок. А Табыкенин «Шоро» компаниясы 90-жылдардан кийин канчалаган жумуш орундарды камсыздап, канчалаган акча өлкө казынасына түшүп келди. Агер «Шоро» компаниясы болбогондо шорлогон баба дыйкандарыбыздын көбү арпа-буудайларын кайда алпарып сатмак? Табыкенин кара жармасы болбогондо солкулдаган кыз-келиндердин канчасы бөлөк эл, бөтөн жерге темселеп иш издеп кетмек, канчасы сойкулук менен жанын бакмак, нанын тапмак?! Жумушсуз калган калк кандай гана жаман жолго барарын эгемен жылдары ансыз да көрдү ко!

Аныгында капчыктуунун канчасы кансарай куруп, жол тандабас машинеден машине тандап мингенине маашырланбай, Табыкеге окшоп элди иш менен камсыз кылуу көйүн ойлосо кана?! Кыргыз мукурайт беле?! Башкасы өлсө да кыргызда Салижан Жигитов менен ушу Табыкебиздин өмүрү узак болуп калсачы! Акыл чөйчөгү толук, улут абийирин калыптандырар ушул эки инсандын өмүрлөрү узун болуп калса не, аттиң!

Бир уул өлдү мүлдө кыргыз жоктогон.
Бир муун чыгат Табыкеге окшогон:
«Ишкерликте Жол башчыбыз эле» деп
идирегин, идеясын коштогон.

Бир эр өлдү кайрып элге дөөлөттү,
бир муун үчүн баштап өзү мээнетти…
Сөзүн ишке айкаштырып жашады,
сөгүп жүрүп бийлик, мансап, сөөлөттү.

Бир абыгер өттү сөзү экметтүү,_big
жанбашына жазданбаган көк чөптү.
Жармасына, бозосуна тойгузуп
жалкоо кыргыз, жарыбаган өкмөттү.

Байтагына жат да келип, өз келип,
баштагыдан бираз жери өзгөрүп:
таш эстелик «Супарада» олтурат
ташты сүйгөн Табыкебиз көздөнүп.

Бир азамат өлгөнүнө өксөдүк,
Бир улуттун бир ыптасы бөксөрүп…
29.04.16.

Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *