Корей жомогу

Бул дүйнөдө үч биртууган жашаптыр, алар женьшень[1] казып байымай болушат. Анан алар тамыры далай тереңдикте өскөн женьшенди өлүп-талып казып алышса, үчөөнүн тилеги кабыл болмок экен.

Тамыр казылган соң улуулары өз ара сүйлөшөт:

– Кичүүбүздү өлтүрөлү да, анын үлүшүн экөөбүзгө бөлүшөлү.

Өлтүрүп тынышат. Экөө анан биринен бири кантип кутулуунун амалын издеп, басса-турса тымызын ойлоно башташат. Экөө бир айылга келет.

Улуусу айтат:

– Сен тетигил айылга барып сули (арак) сатып келе койчу, мен тыныгып алайын.

Кичүүсү жакынкы айылга барып сули сатып алып, агасы күтүп отурган жерге келет.

– Эми мен сени өлтүрүп тынсам, женьшендин тамыры өзүмдө калат, – деген агасы ошол замат инисин атып өлтүрүп, сулини өзү жалгыз ичет. Бирок сулини тиги өлүп жаткан иниси эбак ууландырып таштаган болот. Ошону менен үч биртууган тең өлүп тынышат, а женьшень болсо чирип кетет.

Бул каргашадан кийин корейлер женьшень тамыры менен акчаны издебей, ушул күнгө чейин биртууган гана издеп калышкан экен.

[1] Женьшень – корейлер менен кытайлар көп колдонуучу узак жылдар бою түп байлачу өсүмдүк.

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *