Урматтуу алыста жүргөн мекендештер! «Коом жана Мен» сайты «Мекендеш» аттуу рубрика астында МЕКЕН жөнүндө сагынычтуу, кусалуу маанайда жазылган каттарыңыздарды жарыялап турмакчы.

Катта көздөн учкан киндик каныңыздар тамган айылыңыздарда же шаарыңыздарда өткөн балалыгыңыздарды эскерип, же  ата-эне, биртууган, жакындарыңыздарга болгон сагынычыңыздарды жолдой аласыздар. Ал тургай эң жакын адамдарыңыздардын туулган күндөрүн же мааракелик тойлорун «Коом жана Мен» сайты аркылуу бекер куттуктасаңыздар да болот.

Эмесе, алыскы Ала-Тоого болгон сагыныч катыңыздарды күтөбүз. Кат менен бирге түрдүүчө сүрөттөрүңүздөрдү жолдой аласыздар!

Сиздерден келген каттарды oljobai.shakir@mail.ru электрондук почтабыздан күтөбүз…

nap_2

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *