Серб жомогу

Тээ илгери заманда дүйнө элдери өз ара бакыт бөлүшчү экен. Баары бирге кеп-келең куруш үчүн кең жайыкка чогулуп, кайсы калк эмне жактырып, эмне кааларын ортого салып чечмей болушат. Ошол кезеңдеги аалам паашасы гректерден сурайт:

– Гректер, эмне каалайсыңар?

– Биз түшүмү мол жакшы жерди каалайбыз.

– А орустар, силерчи?

– Түзөңдүү кең талаа анан тоолорду.

– А италия эли, силерчи?

– Биздин каалаганыбыз – акыл жана чиркөөлөр.

– А англичаниндер, силерчи?

– Бизге деңиз болсо.

– А француздар, силерчи?

– Дүйнөдө эң бай эл биз болсок дейбиз.

– Түрктөр, силерчи?

– Талаабыз, суубуз анан жылкыларыбыз болсо дейбиз.

– А серб калкы эмне каалайсыңар?

– Туугандар, биз азыр айталбайбыз, үйгө барып кеңешип-кесип келеличи.

Ошондон ушул күнгө чейин серб калкынын кеңеши бүтө элек экен.

Сербдер кекеткенди сүйбөйт

Биртууган эки серб чатакташа кетет. Экөөнүн тең колунда бычак. Ортодо түрк пайда болуп, эки биртууганды эки жакка ажыратмай болот. Бирок жаалданган тигилер бычагын шилтеп, биринин колун бири чаап саларда, түрк өз кылычы менен бычактарды ыргыта согот. Тигилер эстерин жыйат. Түрк болсо басып кетет.

Көп өтпөй алар христиандар менен түрктөр отурган кофейниден кезигишет. Түрк анан колу чабылып кала жаздаган сербди кекетет:

– Жакында жатындашың колуңду чаап сала таштады эсиңдеби? Эгерде мен болбосом, колуң шылынып түшмөк.

Сербдин жаны кашайып, намыстанганынан, – биртууганын көздөй атырылып жүгүрөт:

– Ушундан гөрө колумду чаап салчы, канжарың канга боёлсун!

– А эмнеге? – дейт таңгалган биртууганы.

– Эх, ушу түрк мени өмүр бою кекетип жүргөнчө, өз биртууганым колумду чаап салганы артык эмеспи. 6ef36970e255

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *