Кара эчкиге баркы бар,
Кайран Текең каркыбар.
Буттан чалмай жагынан,
Букарга кеткен даңкы бар…

Кергиштеген түгөттүн
Кере карыш сакалы,
Керкиден курч макалы.
Эриктирбейт эч кимди,
Элге дайын чатагы…

Бурчтан чыгып кеп кылат,
Букага Теке деп турат:
– Өлөңдүү жерди челесиң,
Өзүң кандай немесиң?
Санааңа алсаң болбойбу,
Саман жей берип өлөсүң.
Жарты кулач мүйүзүң,
Жакпайт мага жүрүшүң.
Серпет элем далайды,
Сендей болсо мүйүзүм.
Кожоюнду карачы,
Көк бедени тирелтип,
Короого жыйып койгону.
«Бука» деп сыйлап өзүңдү,
Бир тутам берип койбоду.
Куу саманды аймалап,
Курсагың деле тойбоду.
Алты маал беде жеп,
Ардактуу сенден койлору.

…Кандай жансың караңгы,
Койдон бука жаманбы?!
Акылың болсо ойлончу,
Аймай бербей саманды.
Кокуйлата сүзсөңчү,
Бу кожоюн сараңды…»

Кыйла сөздөн чубуртуп,
Кызытып боюн Буканын,
«Кыйындын бири сен» деди.
Илип алган мүйүзгө,
Термосунан чай куюп,
«Ичип ий» деп бергени.
Ичкен сайын Буканын
Ичтейи ысып, тердеди.

Алты чыны ичкенде,
Аңтарылды көздөрү,
«Азыр эле жайлайм» деп,
Албын чыкты сөздөрү.
«Кокуй, эмне болот» деп,
Коркуп кетти көптөрү.

Үнү жерди көчүрүп,
Жеп ийчүдөй өкүрүп,
Чычаңын өйдө көтөрүп,
Чындап Бука көшөрүп,
Ай, дегиче болбостон,
Атырылып жеткени,
Кожоюндун дарбаза
Коңторо коюп өткөнү.

Кожоюн чыгып караса,
Мына, кызык тамаша…
Кокондук сарттан алдырган,
Кооз оюм салдырган,
Көркөмүнө суктанып,
Көргөндөр көзүн талдырган,
Дарбазасы баягы,
Жерде жатат талпайып.
Жанында турат Букасы,
Мүйүздөрү аркайып.

Ачуусу келип кожоюн,
Арканын кылдан эштирди,
Карматып алып Буканы,
Какшатып мурдун тештирди.
Анан,
«Дарбазамды талкалап,
Саласың бөөдө бүлүк» деп,
Жалдыратып Буканы,
Байлатып салды чүлүктөп.

Кайран Текең каркыбар,
Карап турду каткырып.
Кожоюн менен Буканын,
Койгулашын жактырып.
Муну көрүп таңгалып,
Кочкор койдон кеп сурайт,
«Эмне болду Букага,
Билесиңби?» деп сурайт.

Козголуп мойнун бурганы,
Койдун айтып турганы:
«Тээтиги Теке эпилдеп,
Айлана басып тепилдеп,
Ар кайсыны кеп кылган.
Чайкап мээсин буканын,
«Чай ичсеңчи» деп турган…
«Чайында балээ бар окшойт,
Чамаңды кочкор бил» деди,
«Окшобойм» десең Букага,
Оңбогон ошол Текеден,
Оолагырак жүр» деди…

Ушулар болгон күндөрдү,
Убакыт мүлжүп жеп салды.
Тегин жерден өрт чыкпайт:
«Текенин чайын ичкенсип…»,
Деген элде кеп калды.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *