Студенттик дептерден

Мен бул сүрөттү көргөн сайын улам кумарым артып кайра көргүм келе берет, улам суктануум күчөп, көз албай тигиле берем. Бул сүрөткө кайрадан назар салган сайын буга чейинки мага белгисиз жаңылыктарын ачып, мага купуя дагы бир табышмактын жандырмагын таап, көөдөнүмдө кандайдыр бир сырдуу сезимдер удургуп, жан дүйнөм тулку боюмду мына-мына алып уччудай толкунданып бир башкача абалга туш болом.

Ошол көз ирмемде мен үчүн мезгил менен мейкиндик да, өтмүш менен келечек да, башкача айтканда, бүткүл ааламдын, жалпы дүйнөнүн баары-жогу, бири-бирине айкалышып, миң бир түрлүү күрөө тамыры бир чекитке – ушул сүрөткө тутумдашат, мен үчүн мезгил менен мейкиндик ушул сүрөттөн башталып, ушул сүрөттөн бүтөт. Жок, ушул көз ирмемде мезгил менен мейкиндиктин жаңы формасы, жаңы кыйыры – турмуш-тиричиликтин ташпиш-тополоңдорунан толук азат болгон, жалаң рух менен азыктанып, асылдык издеп жашап калган жан дүйнө гана сезип-туя алган түбөлүктүү мезгил менен түбөлүктүү мейкиндиктин кыйыры башталат.

Бул сүрөттүн керемети ушунчалык, карап отуруп өзүңдү-өзүң унутуп, жан дүйнөң, туйгуларың, буга чейин турмуштун көйгөйлөрүнө көмүлүп, суурулуп чыгууга жол таппай тумчугуп жаткан сендеги жакшы сезимдердин баары бир дем менен, чагылгандай тездикте көр тириликтин кишендеринин быт-чытын чыгарып чексиздик издеп, белгисиздик издеп чабыттап учуп жөнөйт. Бул сүрөттү карап отуруп кимдин болбосун бир кезде дилинде аздектеп жүргөн адеми сезимдери ойгонот, тирүүлүктүн чыныгы маани-маңызы жөнүндө ойлоно баштайт. Ооба, бул сүрөт кимди болбосун жок дегенде бир көз ирмемде пендеси үчүн Жараткан эңсеген бийиктикке көкөлөткөн магиялык касиетке ээ сүрөт.

Бул – сүрөт-идеал, сүрөт-символ. Аялдан адамзат көксөгөн улуулуктун, сулуулуктун, тазалыктын, айкөлдүктүн идеалынын символу. Бул сүрөттү тигилип жатып кантип тазалана баштаганыңды, сенде адамзаттын нукура мүдөөсүнө жетелеген улуу сезимдердин кантип ойгоно баштагандыгын туйбай каласың. Сен үчүн табияттын куу чырпыгы да гүл болуп көрүнүп, сенин жан дүйнөң бүткүл ааламды өзүнө сыйдырып, сен адам-деңизге, адам-асманга айланасың.

Башкалар үчүн кандай экенин билбейм, мен бул сүрөттү тек гана суктаныш үчүн же эстетикалык канагат алыш үчүн көрбөйм, бул сүрөт мен үчүн такыба адамдар ыймандай сыр төгүп, тобо келтирчү ибадаткана сыяктуу болуп калган. Мен ушул сүрөт аркылуу өзүмө кайтып келем, ушул сүрөт аркылуу тагдырыма жолугам.

Бул – сүрөт-абийир, сүрөт-периште…

Мен кайра жаралуу доорунун корифеи Леонардо де Винчинин «Жокондасы» тууралуу эмес, береги эле жыйырманчы кылымда пайда болгон кыргыз искусствосунун Таң Чолпон Жылдызы Таттыбүбү Турсунбаеванын бейнеси жөнүндө сөз кылып жатам. Адамзат тагдырына, таалайына бир кылымда бир жаралчу мындай периштелер ошол өздөрү жашап өткөн доордун эле эмес, бүтүндөй кылымдардын легендасына айланат, улам кийинки муун тамшана сөз кылчу бүтпөгөн жомокко айланат. Анткени мындай инсандардын жарыгы бир эле заманга эмес, бир нече замандарга тиет, бир канча доорлого нурун чачат.

Таттыбүбү эженин ушул сүрөтүн карап отуруп, эже менен чогуу иштешип, бир туруп, бир жүргөн кесиптештерине эле эмес, анын караанын алыстан көрүп, авазы түшкөн замандаштарынын бактысына да суктанам. Карачы, адамдар дүйнөсүнө Жараткандын кудурети менен асмандан бир жылдыз убактылуу мейманга келип кеткен экен да деп таң кала берем, толкундана берем.

Таттыбүбү эжеден бизге калган ыйык табериктери – сүрөттөрүнүн ичинен мага бөтөнчө жакканы (баары эле кынтыксыз деңизчи), менин идеалыма айланганы анын кызыл көйнөк кийип жылаңбаш түшкөн сүрөтү. Ушул сүрөтүндө, объектив кармап калууга үлгүргөн ушул көз ирмемде анын бүтүндөй керемети ачылган, ушул сүрөттө анын жан дүйнөсүнүн улуулугу менен сырткы келбетинин сулуулугу жуурулушуп, ашкере ажарына чыккан. Сулуулуктун ушул түрү, ушундай көрүнүшү жөнүндө улуу Достоевский: «Совершенство ведь нельзя любить, на совершенство можно только смотреть как на совершенство», — деп жазган экен. Мында кынтыксыз асемдик менен бирдикте эженин жан дүйнөсүнүн шооласы айдын жарыгынан бүткөнсүгөн татынакай көздөрүнөн чагылып, сулуулуктун назиктиги, сулуулуктун бийиктиги менен бирге эле сулуулуктун жалгыздыгы, сулуулуктун бактысыздыгы баамдалат.

Бул – сүрөт-арман, сүрөт-трагедия…

Аким КОЖОЕВ, 1999-жыл.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *