ГЕНИЙ ЖӨНҮНДӨ БАЛЛАДА                            БИРИНЧИ УСТАТ

(Уландысы)

 Анда аскерге дейре болочок манасчы Жүзбай деген байдын малын кайтарып күн көрүп жүрүп, мына буларды эскерет.

Ошол убакыттагы заман ай! Аялдарда эрк жок, малга сатылып, оор турмушту башынан өткөрүп жаткан кез эле. Малга кароо аталар өзүнүн өсүп келе жаткан жаш кыздарына жарыкчылыкты көрсөтпөй, баасын малга бычып, 70-80деги абышкага токолдукка берчү. Ошондогу бир окуя эсимен кетпейт. Биздин айылда Жүзбай деген бир жүзүкара бар эле. Жүзбай пейли бузук, сөзү заар, ичи тар, бүт дүйнө өзүмдүкү болсун деген көркоо адам болчу. Дүйнө десе жанын аябаган, мал үчүн кызы эмес өзүн саткандардын бирөөнөн эле. Жүзбайдын Алымкан, Турдукан деген эки кызы бар. Кыздары тал чыбыктай ыргалып, бойго жетип турган чагы. Алар кең жарыкчылыкты көрбөй, катуу камоодо болду. Колдорунан ийне кетпейт.

Эртеден кечке ушул ишке илешип, саргарып да болушкан. Эркин ойноо, көңүл ачуу бул кыздардын түшүнө да кирбейт. Улуу кызы Алымканды Жүзбай малга сатты. Алымкан кантсин, ботодой боздоп, көз жашын көлдөтө төгүп, зардап 80деги абышкага кетти. Кынык алып калган Жүзбай кичүү кызы Турдуканды жетимиштеги абышкага берүүгө макул болду. Алымканды алган абышканын эки, Турдуканды алмак болгон абышканын бир катыны бар экен. Атанын эркин орундатпай коюуга арга жок эле. Күндөрдүн биринде айылда күйөө күйөөлөп келди деген күбүр-шыбыр сөздөрдү Турдукан укту. Түн киргенде Турдукан көрөйүн деп, күйөө олтурган үйгө келип шыкааласа, бакчайган абышка олтурат. Турдукан кайра келип, зар ыйлап ичтеги калың зарды чыгарууга аракет кылып ырдаган ырынан эсимде калганын уккула:

Мөңкүсө туйлап чыга алгыс,
Бекемдеген тордобуз.
Башыбызга ээ болбой,
Каптаган калың шордобуз…
Кулкулдаган куу атам,
Ойлойт экен байырды.
Канткенде таштап мен кетем,
Жаным сүйгөн шайырды.
Ителги салсаң кууга сал,
Итейген чалга бергенче,
Ичимди жарып сууга сал.
Карчыга салсаң кууга сал,
Калжайган чалга бергиче,
Кардымды жарып сууга сал.
Кайгы жокто кайгы жеп,
Куураган кандай жан эле.
Жаш гүлүмдү соолтуп
Жаш жүрөгүм оорутуп,
Атамдын чалга сатары
Кыялымда бар беле?.. –
деп зардап, муңун атасына айтты. Дүйнөкор Жүзбай кызынын арыз-муңун кулагына кысып да койгон жок. «Буудайдын барар жери тегирмен, кыздын барар жери күйөө! Кары менен жаштын айырмасы жок. Көп какшай бербесин!» деп коюптур имиш. Атанын сөзүн ким укпайт. Бир аз убакыт өткөндөн кийин Турдукан жетимиштеги абышканын торуна түштү. Башка кыздардын да көргөн күндөрү ушундай эле. Ай, шордуулар ай! Теңине жетпей, ичинен сызып, жүрөгү зырпылдап азаттык, теңдикти күтүштү эле!

АЛМА-АТА ШААРЫНДА

  1. 1919-жылдын август айы эле. Дутовдун аскерлерин да жеңип Алма-Ата калаасында эл айткандай, «ак төөнүн карды жарылган» убакыт болчу. Талаадагы эгин орулуп, кырман кызуу басылып жатат. Бактардагы эчен түрдүү жыгачтардын жемиши бышкан. Алма-Атанын тийип койсоң кан жая берчүдөй кыпкызыл болгон, ат башындай алмалары адамды өзүнө тартып, шилекейди чубуртуп турганын айтпай эле коёюн… Чиркин алма! Буга кимдердин көзү түшпөгөн! Кимдер суктанбаган! Кимдердин таңдайы такылдабаган! Айтууга сөз жетпейт. Жердин көркөмдүгү ай! Тоонун этегинен жогору жүрө берсең жемиштердин көптүгүнөн басып жүрө албайсың. Анда эмнелер гана жок! Тоонун башынан таштан-ташка урунуп, сымаптай тунук суусуна кимдер кызыкпаган!

Мына ушул өзөндөрдүн боюндагы жапайы алмалар күбүлүп түшүп, суу менен агып келип бөгөт болуп калган. Жайкалган чөбүн аралап кеткенде кыпкызыл бүлдүркөндөн өтүгүң кызыл болуп калганын айтсам ким ишенер экен? Капчыгайдын эки капталын аралап өйдө чыгып барганда кожогаты төгүлүп, чыныгы карагаты күбүлүп кан төгүлгөндөй жер бети кызарып жатканын айтсам, ишенчүлөр болор бекен? Бадалдардагы бармактай бөрсөйүп турган бөрү карагат менен капкара чыны карагаттар шакты ийилтип салаңдап турганын айтсам, ишенчүлөр болор бекен? Ошо жемиштерге шилекейиңди чубуртуп, колуңду созуп, кадамыңды ылдамдатып, бейкапар баратканда, ошо бадалдардын түбүнөн тура качып, жүрөктү болк эткизген эликтерди айтсам ким ишенет? Тоонун бетинен кенедей жылчык койбой бүт каптап алган карагай менен кайыңын, Терек менен талын, четин менен арчасын, долоно менен ыргайын, шилби менен ит мурунун, табылгы менен моюлун, сары жыгач менен чычырканагын жана толуп жаткан көп жыгачтарын айтсам ким ишенет?!

Самсаалаган жүнү көздөрүн жапкан, карыш жерди баамдап баскан, шырт эткен табышты алда кайдан уккан аюуну мына ушул Алма-Атанын тоосунан көр! Мүйүзү он эки, он алты айры бугулар тумшугун көтөрүп, чычкан жүрө алгыс чытырман жерлерден октой өтүп жүргөнүн мына ушу тоодон көр! Куйругун таяктай көтөрүп, табылгасын көргөндө сүмбөдөй суналып, жер менен жер болуп комдонуп жаткан көк чаар илбирсти да мына ушу тоодон көрө бер!.. Жыйырма-отуздан топтошуп, кийик издеп жүргөн карышкырлар да так ушу жерде…

Түбөлүк мөңгү каптап жаткан чокулардын ылдый жагында, карагай-арчанын жогору жагында эчен-эчен кырларга бөлүнүп, жаркырап турган аскаларда бирде жайылып, бирде жуушап, бирде жоо тийгендей чымын-куюн болуп жүгүргөн аркар менен кулжаны, эчки менен текени, кийиктин эчен сонунун Ассы, Далаачылык, Жыңичке, Челек тоолорунан көрө бер!..

Жоокерлер алты-алтыдан катар тизилип, бирибиздин артыбыздан бирибиз чубап жолго түштүк. Аттардын туяктары сапырган топурак чаңдап, булуттай асманга көтөрүлдү. Бир бекетке түштөнүп, экинчисине кондук. Күз болсо да күн ысык. Кээ күндөрү мээни кайнатып жиберет. Көйнөктөрүбүз денеден чыккан терден чакалап суу куйгандай суу болду.

Алдагы кетип бараткандардын чаңы арткыларды каптады. Тер менен нымданган чачка чаң аралашып чыпкаланып калды. Жүзүбүздү жапкан чаң бирин бирине таанытпайт. Күн батар алдында гана суунун боюна токтоп, чаң-чуңду кагып, жууп алышат.

Алма-Атадан алыстагандан кийин Узун-Агачты басып өтүп, Каштек ашуусун ашты да, Пишпекти көздөй бет алышты.

Ошо келе жатканда биздин эскадрондогу кыргыз жигиттеринен эсимде калгандарын айта кетейин деп мындайча эскерет. Алар: Жумадыл Калкаев, Турдубай Карабеков, Сыдык Карачев, Акун Бекбоев, Дункана Алыбаев, Иткүчүк Эркетаев, Чоюнбай Талканчиев жана башкалар эле. Командирибиз Мамбет Сүйүмбаев экенин айтып кеткен элем. Оюбузда «Кудай буюрса Пишпекте туруп, эл ичинде болот экенбиз» деп сыр билдирбей сүйүнүп келатабыз.

Бирок сүйүнгөнүбүздүн жолу болсун! Куру талаага сүйүнүптүрбүз. Пишпекке кирген жокпуз. Командирибиз шаардын түндүк жагынан жети-сегиз чакырымдай алыстатып, кара сууларды кыдыртып, камыштарды аралатып, чымын-чиркейге талатып, баштап баратат. Бешим оой бергенде Сокулукка келип жеттик.

Биз келүүдөн бир канча убакыт мурда ушу жерде совет бийлигине каршы козголоң чыкты деп уккан элем. Бирок ал алда качан басылган, эл кадимкисиндей жайдары-жарык жүрүшөт. «Ушу жерде турабыз го! Дагы бир балакет болуп кетпесин деп, сес көрсөтүүгө алып келсе керек» деп ойлоочулар жана бири-бирине ушуну айтуучулар көп болду.

Бул жерде үч күн турдук… Андан кийин Ак-Сууга келип беш түнөдүк. Орус туугандарга мончолорун жактырып, кумардан чыкканча жуунуп тазаландык. Аттарыбыз өрүүн болду. Ары-бери жөө жүрөбүз. Ар бир үйдө үчтөн-төрттөн гана жоокер турат. Алтынчы күнү кечке маал атка минип, жарак-жабдыгыбызды алып, Ак-Суудан чыктык да, батышка бет алып жүрүп калдык…

Эчен адырларды аралап, эчен белестерди ашып, эчен капчыгайларды кыдырып жүрүп, бир нече күн өткөндөн кийин Түлкүбаска келдик. Мында токтоп турган жокпуз. Келишибизди күтүп турган Кызыл вагондорго атыбыз жана куралдарыбыз менен түштүк. Паровоз тартып жөнөдү…

Поезд чиркин күн, түндү, арып-ачканды билбеген эме экен. Аз эле күндө Ташкенден өтүп, Коконго келип жеттик. Ушу жерге келгенден кийин төртүнчү полкко кошулдук. Биздин эсадронго азыраак киши кошулду. Ошондой эле бизден да анча-мынча киши кетип, негизги уюткусу Алма-Атадан келген биз болдук да, баякы биринчи эскадрон деген наамыбыз менен кала бердик.

САКЕҢДИН ЖОМОКТОРУНАН

  1. Бир күнү кечинде отту чоң жагып таштап, жыйырма чакты жоокер жыйылып ар кимин аңгеме айтууга мажбур кылды. Кээ бирөөлөр Сакеңди Каныкей Тайторуну чапканын ырда десе, кээ бирөөлөрү Көкөтөйдүн ашын берген жерден баштап ырдасын дешти. Эмне үчүндүр, манасчы көңүлү чаппай кыйыктанды да:

— Андан көрө жолдоштордун бирөө жомок айтсын. Кыдык өзүнүн башынан өткөндөрдү айтты. Менимче, Бекбаатырда бир кеп болуу керек. Карагылачы, эки ийнине эки жору конгондой, эки бетин көргөн адам өзүнөн өзү таң болгудай болуп турат, — дегенде, көпчүлүк Бекбаатырды «Өнөрүң болсо айт» деп кыстоого алды. Ал сөзүн мындайча баштады:

— Менин туулган жерим Чоң-Алайдын Бор-Дөбөсү. Атам Божу орто чарбалуу киши болчу. Жазгы бээ байлоо убагында качанаак бир бээбиз карматпай, желеге жакын жолобой койду. Үч күн убара болдук. Ошо кезде атам чыгып: «Киши болбой калгыла! Бир бээни кармай албай коюу арам тамактардын кылары!» деп урушкан сөзү сөөктөн өтүп чучукка жетип турат. Кыжырым кайнап, эки чайнап, бир жутчудай болуп турам.

Бир кезде качанаак бээ кулунун ээрчитип, жаныман өтүп баратканда бир секирип колумду шилтесем, куйругу колума уруна калды. Кош колдоп туруп бир силктим эле, жаныбар чыңырып жиберди да, чочоюп көчүгү менен отуруп калды. Ал ошо бойдон турган жок. Ары салып, бери салып тургуза албагандан кийин сойдук. Ачуум келип туруп силккендиктен бели үзүлүп кетиптир. Мына ошондон кийин «Божунун уулу Бекбаатыр бээни куйруктан кармап көтөрүп урганда, анын бели омкорулуп кетиптир. Арстандан да күчтүү экен» деген кеп элдин ичине жайылып кетти.

Өзбек, кыргыз, тажик чогулган жыйында күрөшкө түштүм. Оодарышта болдум. Килейген торпокту көкбөрү кылып тарттым. Ошентип, күрөштө да, оодарышта да, көкбөрүдө да жеңдим. Мага чак келе турган киши жок болду. Кийинки убакыттарда даап эч ким чыкпай койду.

Жаздын кызыл түлөөсүндө кыл кыркаар убакыт келди. Төрөбек деген байдын беш жүз топозу бар эле. Топоздун бышты чыкма букасы суу алганы барган төрт аялдын бирөөн ыргыта сүзүп, калгандарын сүзүүгө аңдып турат. Ал бечара аялдар кокуй-алаттап жерде жатышат. Эгер тура калса эле тиги ыргыта сүзмөкчү. Куйругун сыртына салып алып, корк-корк этип, жер чапчыйт. Ошо аялдарды кутказуу керек. Эки жагымды карасам, жерде бир четин укурук жаткан экен. Ичке башын сындырып ыргытып жибердим да, жоон жагынан кармап, кош колдоп туруп көзүн алайтып аялдарды тиктеп турган буканы капталга келтирип туруп бир чаптым. Азыраак кайкалай түштү да, мүйүзүн мага тикийтип, көздөрү чанагынан чыкчудай карады. Андан мурда озундум да, шап мүйүздөн кармап, толгой силкип, көтөрүп урдум. Бычакка келбей буканын жаны чыгып кетти…

Кийин буканы сойгондо карасак, укурук менен чапканда төрт кабыргасы сынып, өпкөсүнө кирип кеткен экен.

Сүзөнөөк бука элдин көкөйүнө тийген экен. Аны өлтүргөндөн кийин «Бекбаатыр аке өлбө! Күчүңө күч кошулсун!» деп кишилерин алкаганынан кулагым тунат.

Ушундай иштеп жүргөнүмдө кыш, жай өтүп күз келди. Ошо кезде бир көпкөндүк пайда болду. Оюмда: мага эчтеме даай албайт экен го! Топоздун сүзөнөөк букасын өлтүрдүм, кишичил буураны ийге келтирдим. Күрөшкө, оодарышка балбан чыкпай койду. Басмачылар да кынына кирди. Эми эмне кылам, ким менен кармашам деп, урушаарга жоо, урунаарга тоо таппай жүрдүм. Багалегим бутума батпай турат. Өзүмөн өзүм ээлигип, килейген аюу кезиксе, ошону менен бир күрөшсөм деп дегдегеним ай!..

Атаң алат дүнүйө, тилегеним жерде жаткан турбайбы. Кара атан өлсө союлар, кадырман атам өлсө коюлар. Бул сыяктуу сонор кайдан табылар! Алайдын күңгөй-тескей тоосуна көз жетпейт. Экөөнүн ортосу түз жайлоо. Бетеге аттын капталынан. Менин күрөшүүгө дегдеп жүргөн аюум ушу бгүнкү карда кантип кезикпесин деген ойго чумулдум.

Инимдин мага келген ачуусун айтпа! Ал урушуп:

— Аюу өгүздөй болгон тилсиз жоо! Кандай кокуй азапты баштаганы турганыңды билбейм. Көрбөйсүңбү, тигилерди, качып кетишти!.. Жүр кетели!? – Аюуң менен кара жерге кир! Мынча эмне оолуктуң! Жүр, кетебиз?! – деп каң какшаганын уккан кишинин төбө чачы тик тургандай.

Ошондо иниме ачуум келип:

— Бир жатындан чыкканбыз, эне сүтүн тырмалап, бир эмчектен эмишкенбиз, бир уядан учканбыз. Аюу менен күрөшпөй койбойм. Алым жетсе өлтүрөм, алсыз болсом ал мени өлтүрөт. Көзүң менен көрүп кет! Эгер макул болбосоң туугандыктан кечип, аюуга өзүңдү тирүүлөй кармап берем, — деп, бир жагынан таарынып, экинчи жагынан опозолоп коркуттум.

Айласы кеткен иним, эки тайган караан болуп ээрчип баратты. Экинчи бир колоттун башынан карасам, короо ордундай жер карарып чаңдап жатат. Аюудан акыл кетсе, талаага түшөт деген ошол. Кордой казган суурдун ийнинин ортосунда чогулуп жата турган жерин билет экен. Ташын омкоруп, чымын томкоруп казып кирет экен. Суурлардын чогулуп жаткан дал киндигин билет экен. Казандай-казандай таштарды арткы буту менен артка карай түртөт экен.

Аркыратып барып, аюу чыгуучу ийиндин оозуна атчан турдум. Жалаң даярдап алган кырктай сабоом бар эле. Бирөөнү шып сууруп алып карап турдум, биз кезде аюу акең килейген бир ташты көчүгү менен түртүп тышка чыкты. Ошондо: «Аюу аке, мына мен келдим!.. Күчүң болсо, күрпүлдөп күүлөнүп көр!.. Кайратың болсо, качырып түрлөнүп көр!..» деп кыйкырдым эле, баччагар шашып калды. Он сегиз миң ааламдын ээси адам деген чын экен. Айласын таппай, саксалаңдап, аябай шашты. Арткы аягына тик тура калып, мени бир карап алды да: «Ох, ох!» деп кыйкырды да качып жөнөдү. Өргө карай кыйын жүрөт экен да, түз жерде таптакыр жүрө албайт экен. Түздө кар жатпады беле. Жалпак тамандары туруштук бералбай, чокойчон киши тайгалангандай тайгаланып жыгыла берет экен. Ал кулап түшкөндө аркыратып жетип барам да, колумдагы сабоо менен жеркен жерде эки чаап, жетпеген жерде уруп калам. Ал мени качырганда жеткизбейм, ал качканда жетип эки-үч жолу удаасы менен салып өтпөсөм да, сабоо менен келтирип туруп уруп калам. Экөөбүздүн тамашабызды деги айтпагыла! Биз ошентип алышып жүрсөк, баякы иним кырда туруп: «Кокуй-алат, өлдүң! Эми токтосоңчу!.. Аюуң менен кара жерге киргир ай!.. Кандай балакетке жолуктуң! Өлдүң эле өлдүң!.. Кач эле кач!» деп чыймыйы чыгып боздоп турат. Ага кулак саламбы. Баякы сабоом менен сабап жүрүп баары бүттү. Атым да, өзүм да көл-шал тердеп бүттүк. Аюунун жүрүшү мурдагыдан алда-канча басаңдады.

Кээ бир кишилер аюу таш менен урат экен деп жүрүшпөйбү. Ырас, олтура калып ташты көтөрө коюп ыргытат экен. Бирок ал ыргытканы алга кетпестен артын көздөй кетет экен. Ал бир нече жолу таш алып мага карай ыргытты. Бирок жанакыдай артын көздөй кеткенин көргөндө күлүп атып боорум эзилип калды. Алайдагы кадимки Бор-Дөбөгө аюу мени үч жолу кууп чыкты, мен үч жолу кууп түштүм. Ошондо аюунун эки көзү чөйчөктөй болуп чанагынан чыгып кете жаздады. Оозу араандай ачылып, кыпкызыл тили жеңдей болуп салаңдап калды. Килейген эки таштын ортосундагы коңулга келип жыгылды.

Ошондо «Аюу жүрбөй калды, келгин! Азыр жыга чаап өлтүрүп алалы!» деп баякы инимди чакырсам, кашайын келсинби! «Аюуң менен кара жерге кир!» деп кыйкырат да турат. Көпөлөкчө көлөкөсү болгон жок. Анын келбесине ишенгенден кийин аттан түштүм да, жанына барсам, алдан тайып, шайманы кетип калган экен. Шамдагайлык менен арткы эки бутун жип менен күрмөй чалып байлай коюп, эки ташка керип койдум. Андан кийин мойнуна сыйыртмак салып, кериле тартып, дагы бир чоң ташка байладым. Ошентип, өгүздөй болгон чоң аюуну кыймылдагыс кылып таштадым… дейт.

ӨЗБЕК ЖЕРГЕСИНДЕ

  1. Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жерлерин кыдырып, Совет өкмөтүнө каршы чыккан басмачылык күчтөр менен кармашууга жигердүү катышат. Аны минтип эскерет:

Самаркандан, Кокондон
Басмачы көрдүк ошондон.
Күндүз эл тынч, түн жаңжал.
Түндө жорткон партизан
Эч калган жок бизде арман.
Өзбек, тажик булардан,
Зоо кыдырып таш басып,
Көркөмдүү кызык жер көрүп.
* * *

Жай-жаракты жайланып,
Жалаң кылыч байланып,
Кайра жаачу булуттай
Каары бетте айланып.
Карман кызыл аскерлер
Жоо-душманга камданып.
Кылычты ташка бүлөдүк,
Журт таалайын тиледик.
Ашуу ашып таш басып,
Кээде уйкудан аз болдук.
Бөрү кыял басмачы,
Эченине кез болдук.
Бадахшан, Памир тоолорун
Басып жүрүп жол кылдык.

Мургап деген бир тоодо болуп, бир эскадрон барып кадимки Жаныбек кор башчыны жок кылгандыгын баяндайт. Бул кадимки Өзгөндөн кеткен Жаныбек казы болсо керек деп ойлойм. Коконго кайтып келишет. Мамбет, Керимбай, Акун деген кыргыз жоокерлери менен бирдикте Самаркандда эс алышат.

Андан ары кара-калпак, түркмөндүн жерин аралап:

Кичипейил, меймандос,
Эң бир эпчил узу бар
Оймок ооз, бото көз,
Ойкуштаган кара көз,
Кырмызы көйнөк кыска чач,
Бели кындай топчу баш,
Пормалары бир түрлүү
Аялы бар, кызы бар.
Айраны бар, сүтү бар
Дарыя бойлоп жери бар.
Өйүз-бүйүз дарыяга
Катарлап конгон эли бар
Үрп адаттуу тою бар,
Жайылган кисар кою бар.
Жердеп Амур дарыяны
Бойлоп конгон айлы бар,
Кыргыз менен казакка
Жакыныраак эли бар, —

деп каракалпак эли бизге жакын, бир тууган элдерден экенин баса белгилейт.

Бир кишидей былк этпейт,
Чымын учуп чыңк этпейт.
Катарлап турган жоокерлер
Бир жеринен кылт этпейт, —

жоокердик темирдей тартипти ушинтип жазат.

Бухарада болгон совет өкмөтүнө каршы чыккандар менен кармаш мындай сүрөттөлөт:
Катар-катар бөлүнүп,
Каптадык Букар калаасын.
Кирдик душман тобуна
Кол салдык эмир колуна
Биз атчанбыз, алар жөө,
Маңдайлашып туруштук.
Пулемет чайкап ок атып,
Былчылдашып уруштук.
Хан эмирдин жоокери
Күчүн жыйып куралды,
Бет келгенин биз тарап,
Кыргыз кылбай турарбы.
Кызык уруш чуу болду,
Асман, жерди козгогон
Айгышкан уруш бу болду.
* * *

Азамат, тулпар окко учту,
Каны эмир маанисиз,
Айла таппай шашыптыр.
Бийлигин таштап желмогуз,
Эл жеринен айрылып,
Аскеринен түңүлүп
Жанын аяп качыптыр.
Кызылдардын күчүнөн,
Сепили бүт кулады.
Там-дарактын баарысы
Талкан болуп урады.
Ураалап жоокер бакырды,
Күрсүлдөгөн эмирдин
Күлүн көккө сапырды.
Жылаңаяк, жылаңбаш
Шашып жүргөн аскер бар.
Ала курчан, чаар чапан
Качып жүргөн дагы бар.
Алтыны бар, даны бар,
Албан түрдүү малы бар,
Бүт дүйнөнү чогултуп,
Байыганы дагы бар.
Бирдик күчү ушундай,
Төрт армия төрт жактан,
Курчоого алып бакырды.
Кулжуңдаган Букардын
Куп душмандык кылгандын
Күлүн көккө сапырды!
* * *
Он сегиз вагон поездге
Топтолтура салды эле,
Букар бошоп жайланды,
Арсыз эмир хан имиш,
Мына минтип жай болду.
Алты-алтыдан байлардын
Үйүн тинтип киргенбиз.
Селде оронгон ачык төш,
Узун чапан жан экен.
Ар төрөнүн үйүндө
Үч жеринен кулпулуу.
Эбегейсиз, эң бир чоң
Сандыктары бар экен.
Тамашага батканбыз,
Ар билектей кулпусун
Ээси ачпай койгон соң,
Беш атар менен атканбыз.
Октун күчү ушундай,
Кулпусу сынды быркырап,
Ичин ачып карасак,
Ат башынын терисин
Кооздоп тиккен зор баштык
Ал баштыктын ичинде
Топтолтура алтын бар.
Опус кылып анысын
Такыр жыйнап алганбыз.
Ал дүйнөнү коротпой,
Казынага салганбыз.

Аскерлердин талоончулугу ушундайча ырдалат.

Андан ары жол поезд менен Ашхабад шаарын көздөй уланат.

Түн ортосу мезгилде,
Түркмөн шары Ашхабад,
Кирдик муну аралап.
Вагондон атты түшүрдү,
Кызыл кишмиш, ак токоч,
Жана сорпо таттуу аш,
Коонун койдой жардырып,
Аскерге тамак ичирди.
Томуктай болгон тоосу жок,
Токумдай чуңкур коосу жок,
Кара-Кум деп аталган
Мээ кайнаткан чөл экен.
Ошол чөлгө барганда,
Кумга койсо жумуртка,
Демде бышып кайнаган.
Деем ала албай ысыкта,
Адамдын шору кайнаган.
Жөө туман түшүп кир чалган,
Так ушундай жер экен.

Анан бир күнү:
Казына кайда, мүлк анда,
Саякбай кайда, күлкү анда.
Жомок айтып, ыр ырдап,
Тамашага батканда,
Ат сергитип, жан жыргап,
Ашхабадда жатканда,
Күз менен кыштын ортосу
Ысык кетип күз келип,
Эл кыштоого конгондо.
Эгин-тегин оокатын
Тегиз жыйнап болгондо.
Бир күнү буйрук келиптир,
Буйруктан жоокер кайтабы.
Кайыр берип буйрукка
Каяшаяк айтабы.
Айт дегенге кыйт коёт,
Оо дегенде чү коёт.
Буйрук менен иш кылат,
Барбаймын деп баш булгап,
Законго кантип күч кылат! – деп Украина жергесине сапар тартышат.

УКРАИНАДА

  1. Кийин Украинанын Чалбас деген жеринде турганда чогуу жүргөн жолдоштору кыстап, ырда дегенде, көптөн бери ырдабай буулугуп калган Сакең, маалкатпай түз эле мына мындай ырдап кирет:
    Боз топурак учкан чаң,
    Кыртышы жок тала экен.
    Буркулдаган кээ жери
    Тизеге чыккан чаң экен.
    Мээ кайнатат эң ысык,
    Эл жердеген тала экен.
    Кылайган чымчым жүнү жок.
    Куйругу саяң жалы аз,
    Кыпкызыл эт жылаңач,
    Жылкыдан мындай малы бар.
    Өзү кара эң москоол.
    Узун бойлуу жаныбар.
    Эшеги бар, төөсү бар,
    Ар бир түрлүү жан болуп,
    Жаралган экен мындайлар, — деп Украин жергеси анчейин жага бербегендигин айтып келип «Кыпкызыл эт жылаңач» деп чочкону сүрөттөйт. Сыягы Сакең ошондо кыргыз жеринин атыр жыттуу абасы, мөлтүр кашка булагы көзүнөн өтүп жүрүп жазган окшобойбу.

Полкубуз калды ал жерде,
Буйрук кылды биздерге:
— Украина элинде
Киев, Харьков калаа бар.
Ошол элди дүрбөткөн,
Адамдыкка көнбөгөн,
Элге тынчтык бербеген,
Махно деген балаа бар.
Каракчы-бандит өзү ошол,
Душмандын кара көзү ошол.
Ал өңдөнгөн душмандын,
Жазасын колго бергиле!
Карды катуу төккүлө,
Канын суудай чачкыла!.. — деген приказ келет. Кошумча аскердик кийим да алышат.

…Эр башына бергени
Бештен көйнөк, беш дамбал,
Этин кирлер чалбаска,
Аскер биттеп калбаска,
Жана шинель, жана шым,
Катарлап кийим кийгизди.

Жолдо поездде баратып Орусиянын кең талаасын басып өтүп:
Ошондо көрдүм – улуу журт –
Орустун нечен калаасын! — деп суктанып жазат. Украина жергесин болсо:
Жылкысы бар, кою бар,
Чочкосу бар, ую бар.
Талаасында даны бар,
Элге таалай жер экен
Жергиликтүү дыйканга,
Тилегендин бары бар.
Жаткан экен жайкалып,
Устасы бар, узу бар,
Колтуктап алып жетелейт,
Ушундай шайыр кызы бар.
«Биздикине конгун» дейт,
«Бизге конок болгун» дейт.
«Аскер көзүң салгын» дейт,
«Чамаң келсе жоокерлер
Махнодой кара душмандан,
Кутказып бизди алгын» дейт.
Өзү дыйкан калк экен
Конок болсоң үйүнө,
Тиги, бул деп бөлбөгөн.
Кайран элдин салты экен.
Ак майынан даам таттык. — деп жазат.

Махнонун жан-жөкөрлөрүн тынчыткан соң кайра казак жергесине кайтып келишет. Азыркы Түлкү-Бас станциясына чейин поезд менен, андан ары ат менен жол жүрүшөт.

Башчыларга билинбей,
Конок боло түшкөнбүз.
Мешке[1] куйган жунжунду[2]
Кээде сурап ичкенбиз. — деп «ачкылды» кантип татканын эскерип, анан «Жыйырма экинчи жылында, Аскерликтин кызматы, Алты жылга толгондо, Май өтүп, июнь айында, жыл жыргалдуу жайында өздөрү минип жүргөн аттары менчик жылкылар эле, комиссия анын акысына колго тыйын-пул берип аскерликтен бошонушат.

«Тоо кыдырып, суу кечтим. Эчен ашуу, эчен кыр, Желип жөө баскамын, Талды-Коргон, Алматы, Экөөн басып өткөмүн. Ал кезекте обулус, Алматыга жеткемин. — деп аскерден үйүн көздөй жөө-жалаңдап келгенин айтат. Бирок, Орозалиев Иймамбет, Өзү Көлдүн кыргызы, Окумуштуу жан экен. Обулусту башкарган, Улуктардын бири экен. Кат билбейсиңер окугула» деп Сакең, Ормонбек, Акун, Ысмайыл төртөөнү алты ай алып калып жазга дейре окутат.

Анан жолдо Алматыны сел каптап, ушу согушта өлбөй, табият кырсыгынан күм-жам болобузбу деген коркунуч пайда болот. Тагдырдын тамашасы, быйыл да 2010-жылы Алматыны сел каптап, жыйырмадай адам курман болду.

Алматыны сел каптап,
Кыргын кылып бүтүрүп.
Үй жыгылып, там кулап,
Ушундай кыйын иш болду.
Үйөр жүрүп суу каптап,
Кара баткак, төөдөй таш,
Жер солкулдап үй таптап.
Эрен өлгөн, бала өлгөн,
Алматынын селинде
Эчен уруу, жан өлгөн.
Бул мүшкүлдөн калк өлүп,
Шаардын эки көчөсү,
Казылган чуңкур коо болгон.
Үйөр менен келген таш
Үйүлүп калып тоо болгон.

Кийин жолго деп ар бирине бирден ат берилет.

Айкан сөзгө көндү эми.
Жол каражат, тамак-аш,
Ар минерге бир-бир ат
Белек кылып берди эми.
Аркасы тийип улуктун,
Сакең жетип келди эми
Киндик кесип, кир жууган,
Ысык-Көлдүн жээгине,
Туулуп өскөн жериме. — деп өзү туулуп өскөн киндик каны тамган ажайып Ысык-Көлүнө келет.

Жыйырма экинчи жылында, өзү айткандай, «Эл уюшуп турганда, социализмге бет алып, калкым мойнун бурганда, Сельсовет болуп айлына» келет.

ЧАГЫЛГАН АЯН БЕРГЕНДЕ

  1. Ал жылдары Бейшекан апабызга үйлөнүп, кыздуу болуп, жаңыдан оокат тиричиликке аралашып, өзүнчө түтүн булатып, Ак-Өлөңдө жашап турушчу. Ошондой бейкапар күндөрдүн биринде кайнагаларынын бири тамаша сөз айтып койсо, Сакебиздин келинчеги анда эмне, эч жеме угуп көрөлек жаш келин, ага таарынып, ымыркайды көтөрүп, түнү менен жөө-жалаңдап көлдүн тескейиндеги Ак-Өлөң айылынын күңгөйүндөгү Бостери айылындагы төркүнүнө кетип калат. Бир чети өзү эрке өскөн байдын кызы эле, экинчи жагынан төркүн-төсүнүн сагынып, көптөн бери баралбай жүргөн. Эки-үч күнгө жетпей артынан сая түшүп энтеңдеп Сакең келет. Жай мезгили, күн ысык болгондуктан, бала да боор көтөрүп алсын деп Бостериде айлап туруп калышат. Айылдыктар манасчынын даңкын алыстан угуп, «Биз сени күйөө бала көрүп кызмат кылдырбайбыз, жомогуңдан эле айтып берсең болду» дешет. Күндөп-түндөп «Манасын» айтып, сөзгө чечендигин, тамашакөйлүгүн көрсөтүп, эл оозуна тез эле алынып, жоро-жолдош күтөт.

Бул жоругу байлыгын зор дөөлөт деп эсептеген кайнатасына анча жага бербейт. Ошондой күндөрдүн биринде кырсык басып: «Бу күйөө баланын колунан сөз сүйлөп, «Манас» айткандан башка эч нерсе келбейт, болбосо күйөө бала болгону калыңды мындай кой, бир чычкак улак союп келелек» деп кер ооз сөз айтат. Сакең бултуңдап жаш баладай таарынып, кызын өңөрүп, келинчегин ээрчитип жолго чыкмай болот. Ошондо…

Анан ошондо күндүз ачык эле турган аба-ырайы кечке жуук бүркөлүп, асмандан кылыч чабылып аткандай «чарт-чурт» этип чагылган түшөт. Чагылган түшкөндө да азыр эле ыйык манасчы Саякбайга акаарат келтирип өткөн кайын атасынын үйүнө түшүп, үй-тамы, жыйган оокаты менен кагаз өрткө күйгөндөй бир заматта күлгө айланат.

Кечээ эле байлыгы кымбат көрүнүп аткан кайнатасы эми жаны көзүнө көрүнүп, баарынан жаны кымбат көрүнүп, жан соогалайт: «Малымды алсаң да жанымды алба, балдарыма тийе көрбө!».

Ошондо эл деген эл эмеспи, жыйналып келип, «Эми бул жөн окуя эмес, Көктөн түшкөн ишаарат. Эзели манасчыга ыплас сөз айтканга болбойт. Эми болоор иш болду. Кырсыктан дагы сактаналы десек, кечирим сурап, манасчыны бул Бостери айылына калтыралы. Бизге да кут оторлойт. Бул жерге калтырып, жер бөлүп берип, дубал көтөрөлү, өздөрүнчө түтүн булатсын. Биздин айыл ошондо манасчынын айылы аталып калат. Келген манасчыны кетирген болобу, конгон кушту качырган оңобу» дешип эл кеменгерлигин кылат.

Кабагын бүркөгөн менен бу жерде шерик күтүп, жерине көнө түшкөн манасчы да макул болот. Эртеси мал союлуп, айылда түлөө өткөрүлөт. Аксакалдар бата беришет. Жер бөлүп беришип, ашар чакырып, үйдүн пайдубалын түптөшөт. Сакең эми демейдегисиндей улуу кепти улантат.

Кечээ эле манасчыны бир тентиген немеге теңеп мамиле кылган кайнатасы эми кепке келип, «алласы оозунан түшүп» өз күйөө баласына бир Кудайдын атайын буюрган элчисиндей сый мамиле кылып баштайт. Ушул окуядан соң өмүрү өткөнчө жомокчу күйөө баласын ардактап, алпейим мамиле жасап жашаган экен.

… Улуу Манастын кудуретин караң!

… Улуу Саякбайдын касиетин көрүң!

… Ага шек келтирген болбойт тура!

… Табияттын сыйкырына анан кантип таң бербей коё аласың!

ЧОЮКЕНИН ТААСИРИ

  1. Жомоктун айрым окуяларын айтып манасчы аталып калган кезинде Саякбай өз мезгилинин улуу жомокчусу Чоюкеге (1880 – 1925) жолугуп, андан таалим-тарбия алды.

Ошол доордо жакын билген адамдардын айтуусуна караганда кадимки Кыдыр Аке Саякбайдын айтканын өз кулагы менен угуп, ак батасын берип, Чоюке манасчыга табыштаган экен.

Бул окуя чамасы 1924-жылы Ак-Суунун Аңырты жайлоосунда болот. Ошондо Кыдыр Аке Саякбайга минтип бата берет: «Балам, Улуу жомоктун туу чокусуна чыгууну насип буюрсун, жолуң ачылсын, айкөл Манастын арбагы ар дайым колдой жүрсүн, оомийин» дегенде, отурган эл-журт алакан жайып, тура калышып, чогуу бата беришет. Ошол эле күнү Чоюке менен Саякбай Кашка-Суу өрөөнүн көздөй жөнөп кетишет.

Эпостун чала билген окуяларын жетилтип, билбеген эпизоддорун билип алууну көздөп, Чоюке менен чыгармачылык жагынан бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып жүрүп, бирге иштешти. Саякбай Чоюкенин ары нарктуу, ары жугумдуу улуу жомокчу экендигин «Чоюке чынар, мен чырпык» деп учкул сөз менен таамай аныктады. Чоюке да Саякбайдын шыгынын көрөңгөсү күчтүүлүгүн терең баамдады. А тургай улуу  жомокчу Чоюке баштап, Саякбай улап, калтырып кеткен жерин кайра Чоюке толуктап, эриш-аркак, арка-жөлөк болуп Манас айтып жүрүштү, эл аралап. Семетейчи «Кара ырчы» деген атка конгон Сарык уулу Жакшылыктын «Семетей» айтканын көрүп, ышкысы артып, бир туруп обдулуп «Семетей» айткысы келет.

Өзүнүн айтуусуна Караганда Сакемдин ырчылык ышкысы эрте эле ойгонуптур. 14-15 жаш курагында тели-теңтуш, жеңе-желпилерине арнап ыр чыгара коюп, анысы айыл-апага тарайт. «Ушундан 4-5 жыл кийин – деп эскерет өзү – үйгө тынч олтура албай, эртели-кеч буулугуп, ичимен күңгүрөнчү болдум. Түнкүсүн жөөлүп чыгам. Эртеси эмне айтканым эсимде калбайт. Ушинтип жүрүп «Манас» айтып кеттим.

Саякбай Каралаев «Манас» эпосун айтууда ушундай абалга жеткен мезгилде 1916-жылдагы үркүндө көпчүлүк менен кошо Кытайга барат.

Баласына жеткирбей
Тегин сатты, кайран эл.
Уул, кызга салуучу
Себин сатты, кайран эл.
Соодагерге алдатып,
Жеңил сатты, кайран эл.
Жесир калган, эри өлүп,
Келин сатты, кайран эл, — деп Ысак Шайбеков жазгандай, эл менен кошо ошол азапты көрүп жүрөгү сыздады, жүлүнү муздады. 1917-жылы Кытайдан өз жерине кайтып, 1918-жылы советтик бийликти коргоо үчүн эрктүү отряддын катарына алынат. Мына ушул мезгилден баштап, Саякбайдын билген элдик оозеки чыгармалары, анын ичинде айрыкча «Манас» эпосу жоокерлер арасына кеңири жайылып кеткен. «Жомокчу кызыл аскер» атка конгон.

Эпосту жыйноо 1931-жылы башталат. Саякбай ошондо Молдобасан, Акмат, Алмабек, Актан өңдүү жомокчуларга жолугат. Кийин эл аралап жүрүп Багыш, Мамбет, Жаңыбай жана Тоголок Молдо менен таанышып, пикир алышат.

Борборго жаңы келгенде Шапак манасчы да Саякбай менен конокто бирге болушуп, таанышып, жылдыздары келишип, бирөө «Манастын» бир жерин аткарса, экинчиси «Семетейдин» бир жерин айтып, экөө бири-бирине таасирленип, чыгармачылык карым-катнашта болгон. Кийин Шапактын жашы улгайып калгандыгына байланыштуу өкмөт эки бөлмө үй берип Кочкорго көчүп кеткен экен.

Жаңыдан эл оозуна алынган кезде эле, Саякбай элдик майда ырларды ырдап, өзү да ыр чыгара коючу. Келечеги бар манасчы билген ырларын жаштардын көңүл ачкан жайларында, оюн-зоокторунда ырдап, бат эле көрүнөт. Бара-бара кулагына сиңген, көкүрөгүндө жатка айтылган сюжеттүү чыгармаларды ырдоого кызыгат. Саякбайдын өтө сүйүп берилген эпикалык чыгармаларынын башкысы – «Манас» эпосу болучу. Өмүрүнүн ошол мезгилинде эле, эпостун элдин ар түрдүү салтын, үрп-адатын сүрөттөгөн окуяларын, айрым эпизоддорун айылдагы адамдардын баш кошкон жерлеринде аткарган учурлары да болгон. Буга эпостогу башкы каармандардан өзүнө ылайыктуу жар күтүүсүн көрсөткөн, чыныгы адамгерчиликтүү мамилени даңазалаган эпизоддору кирет. Ал жаш кезинде эпостун «Үргөнчтүн бою», аксуулук жомокчу Кайдуу карыядан уккан «Каныкейдин жомогу» деген эпизоддорун көп айта турган. Сакең сыйкырдуу Манас дүнүйөсүнө кабылып, нускалуу карыялардан, нарктуу санжырачылардан, куйма кулак сөзмөрлөрдөн, кеби түгөнбөгөн жомокчулардан сөз асырап, сөз багып, кийин өзү сөз жаратат.

Алар Назар, Акылбек, Дыйканбай сындуу биринен бири өткөн керемет өнөр ээлери эле. Сөзгө дандуу, ойго малдуу жерде жетилди, Саякбай.

Саякбай балалык кезин оозеки чыгармачылыкты көп билген, аны аябай кадырлаган чөйрөдө өткөрдү. Суранчы, Байдаалы өңдүү эл аралап айткан манасчыларды артынан ээрчип жүрүп, зээнин коюп угат. Сөз өнөрүнө болгон кызыгуусу өтө эрте жетилди. Ал уккан жомокторун, көргөн-билгендерин ыр менен да, сөз менен да элестүү айтып берүүсүн күчөттү. Көлдүк чоң жомокчу Акылбектин да айтканын угуп таасирленет. Ошентип Саякбай жашынан эле жомокчу атала баштады. Оозунан доор төгүлүп баштайт.

ТУРПАНДА

  1. …Сакең оюнкараак киши эле, көңүлү ачык жүргөндү жакшы көрчү. Жүргөн жери козунун эти, кымыз, күлкү, тамаша болчу деп тамшанып эскерип, кээ бир куудул окуяларын бизге Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бексултан Жакиев айтып берди

Айрыкча Байдылда Сарногоев экөө теңата курдаштай жүрчү. Элди күлдүрүш үчүн бир окуяны көбүртүп, жабыртып, ашыра айтканда, ага киши жетчү эмес.

Баягы Кызыл Аскерде жүргөндө Турпанга барып калат. Бул окуя болгонбу, болбогонбу ким билсин. Бирок, досторун күлдүрүү үчүн ушул окуяны айтып калаар эле. Ал жакта алты айча жүрүп калат. Алардын салты боюнча эркек киши үч күндөн ашык түнөп калса жергиликтүү бой келиндер менен нике кыйып коёт экен дейт. Алар ошондой кызматтагы аялдар экен. Сакең анан мага бир сулуусумак келин туш келип, экөөбүзгө нике кыйып коюшту дейт. Бир бөлмөдө ээн калып, жакындайын десем эле азоо байталдай ыргыштайт дейт. Жылкыны үйрөтөөрдө башына жолотпой, артын салып алып эле туйлап, тепкилей берет го, кудум ошондой. Жомоктогу көргөн-билгендерим эми ушундай кысталыш учурда жардам бергейле деп Айкөл Баатыр менен калмактын баатыры Чоюн алптын кармашканын эстедим. Анда экөө чабышканда сыр найзалар сынып, экөө тең абдан чарчаганда тиги узун чачты Айкөл атабыз чачынан толгоп жыгып, байкелетет эмеспи. Ошол окуя эсиме келип, узун чачы жал-куйругу төгүлгөн азоо байталдай тиги келин байкабай турганда узун чачын колго илип, ороп алдым дейт. Эми кайда качмак эле. Ага чейин эки секирип кармайын деп, экөөндө тең жерге сайылдым дейт. Эми азоону жалдан кармап мингенге чейин эле. Анан үстүнө бир минип алган соң ыргыштаган үнү басылып, кыңкыстаган үнү чыгып калат. Анан азоону алыска чаптым балдар, дейт. Боржуктап тер кетти. Эми андан аркысын мен айтпайын, силер укпай эле койгула, болду дейт. Кокус, азоо үйрөткүңөр келсе, адегенде мага апкелип берсеңер, жоошутуп берем, балдар,  деп күлдүрүп калчу.

МАНАСЧЫНЫН МЕЙМАНДОСТУГУ

  1. Кыргыз жергесинде Совет бийлигинин орношунун алгачкы татаал жылдарын «Жети-Суу» деген үч томдуктан турган роман китебинде таасын чагылдырган советтик жазуучу Николай Чекменов өзүнүн чыгармасында улуу манасчы С.Каралаев тууралуу да учкай баяндай кетет:

… Кыргызстанда Совет өкмөтүн орнотууга активдүү катышкандардын бири Андрей Максимович катуу жаракат алып, Пишпекте ооруканада жаткан эле. Ага жакын санаалаш Мамбет кирип келип:

— Сиз сакайып кетсеңиз Ысык-Көлгө кетебиз. Мен сизди узатып барам. Менин Чолпон-Атада Саякбай деген досум бар. Кызыл Аскерде кызмат өтөгөн. Мергенчи, бүркүтчү. Ыр жамактайт. Курал алып, мылтык атабыз.

— Саякбайбы? – деп кубанды А.Широков – Мен аны жакшы тааныйм да.

… Кийинки күнү күн батарга жакын Чолпон-Атадагы Саякбайдын үйүнө жете келишти. Орто жаштарда экен, өтө жаны тынбаган, тоголок бет, кара көздөрү оттой жандуу, анан билинер-билинбес кыл муруту бар, ак калпакчан, күрөң ала түстөгү кызыл аскердин көйнөгүн кийип, учу учтугуй өзгөчөлөнгөн өтүк кийген үй ээси бизди чуркап чыгып тосуп, эки колу менен салам берип, күлкүсүнөн тиштери кашкая көрүндү.

— Эй, урматтуу Сарпек аба! Ден соолук кандай? Бала-бакыра кандай? Мал-жан аманбы? Жолдош Широковго салам. Менин урматтуу орус досума салам. Үйгө кириңиздер. Менин үйүм – силердин үйүңөр.

Меймандар үйгө кирип, төрдөгү шырдактан орун алаары менен Саякбайдын байбичеси Бейшекан чаначты алып, конокторго кесе толтура кымыз сунду, анан казанга суу куюп, жууп, очокту тутандырууга кургак отун алып келди.

Саякбай болсо босогого жакын отуруп, анжиян бычагын кынынан сууруп чыгып кайрап, курчута баштады. Ошол эле учурда келген конокторго, Сарпекке суроо узатып, жооп кайтарып, кээде тамашага чалып. Үй ээсинин жанына беш жашар кызы Рабига отура кетти. Манжасын оозуна салып, өтө кызыгуу менен меймандарга көз жүгүрттү.

— Менин байбичем Бейшеке эркек төрөсүн деп кааладым эле, бирок, кыз төрөдү. Жигит, сен буга күлбө, өзүң эр жетип, акылың толгондо күйөөлөп келип жүрбө. Анда менин Рабигам оозуна колун салбай калсын. Эмне дейин? Энеси кандай болсо кызы да ошондой. А молдо болсо көңүл улап: «Э, Саяке, кызы бардын байлыгы бар» деп атпайбы. А мага байлыктын кереги не. Мен Ысык-Көлдөгү эң бай жигитмин. Менин үй-бүлөм, аялым бар, бүркүтүм, мылтыгым бар. А малбы, көп малдын кереги не? Ардактуу меймандар үчүн болсо атайын көп малым бар, ал жакта да ардактуу кишилерим бар, айрыкча сулуу жаш келин-кыздарды айтам да.

Саякбай эски досу Сарпекке, анан көз ымдап аялы жакты карап коюп, экөө тең каткыра кетишти. Бейшекан болсо үн чыгарбай өз иши менен алек. Ал өмүрлүк жары катары Саякбайдын эң зор байлыгы – анын сөзү экенин дилинде жакшы түшүнөт. Ал тили менен күн-түндөп жомок айтканда, укканга эле адам болсо болду, төгүлгөнү төгүлгөн.

Сакең бычагын кайрап бүтүп, сыртка чыкты да, куйруктуу жаш күрпөң козуну жетелеп кайра кирди.

— Кош, алдыга баса түш, конокторго көрүнүп кой, баары бир казанга түшөсүң. Урматтуу меймандар, козу кандай экен? Карап көрсөңөр, куйругу эле бир казан чыкчудай. Жакшы, жакшы! Эми, тагдыр ушундай, малды аш кылып, адамды ага баш кылып жараткан. Сенде жазык жок, менде азык жок.

Бата тиленип, кой мууздалып, үнү кыркырап,  эшик ачык болгондуктан Саякеңдин сүйлөгөнү даана угулуп атты. Бейшекан от жагып, Сакең койду шака-шука союп, тез-тез жиликтеп, ага Мамбет кармашып жардам берип, эт казанга түштү.

Эт бышкыча Сакең эриктирбей коноктордон шаар турмушу тууралуу сурап, өзү тууралуу, Жети-Сууда Андрей Широков менен кантип граждандык согушка катышканын божурап отурду.

Саякбай Кызыл Аскерге өз ыктыяры менен барган. Саякбайдын атасы да, чоң атасы да жердигинен бүркүтчү экен. Саякең өзү бүркүттү балапан кезинен кармап, багып үйрөтүп, тоого чыгып, адегенде түлкү, коён салып, анан кийик уулай турган. Мергенчилик анын кумары эле. Андан да артык көргөн өзгөчө өнөрү сөзмөрлүгү эле да. Той-аштарда жомокчу, ырчы, акындарды кунт коюп, жан дилинен укчу. Анда баамчылдык жана эс тутуму күчтүү болчу. Жыйырма жашында алгачкы саамал ырларын жамактатып, эми минтип отуз жетиге келгенде, Кызыл Аскерде кызмат өтөп келген соң, Манасты даңктап баштады. Бүт көл өрөөнүнө чыгаан манасчы деп атагы чыкты.

— Бул өнөргө кантип үйрөнгөнсүң? – деп бир кездеги жоокерлеш досу Широков сурап калды.

— Бир жолу мергенчиликтен келатып жолдо эс алып жатып уктап кетиптирмин. Түшүмө Манас Баатыр кирип, «Саякбай, сен эми мени даңаза кылып ырдашың керек» деп айтты. Ойгонуп кетип, ошондон ушу күнгө чейин узанып келатам.

Эртеси таң эртелеп Саякбай коноктору менен тоого аттанды. Саякең оң колуна териден жасалган кол кабын кийип, шоңшойтуп бүркүтүн кондурду. Эки канатын жайса эки кулач келген жырткыч манасчынын колуна элпек отуруп, баарын түшүнгөндөй жолдо карата тоого жеткенче тынч барды. Тумшугундагы томогосу эгер жолдон аң жолукса качан да болсо чечип ийгенге дапдаяр. Бирок, бул ирет томого алынбады. Себеби мергенчилер дайым эле жолдуу боло бербейт. Алар үйгө келгенде манасчыны коңшу айылдагы бир жигит күтүп жаткан экен. Ал жомокчуну меймандары менен бирге чакырганы келиптир, себеби, айылында эл Манас угабыз деп чогулуп калышыптыр.

Бул күн өзүнчө эле той сыяктуу болуп, коңшу айылдардан бери элдер келиптир. Ачык асман астында, көк шибер чөптүн үстүндө Саякбайга шырдак төшөп коюшкан. Ал эми жеңин түрүнүп, малдаш урунуп отурду. Келгендер чыдамсыздык менен күтүшүүдө. Алдыңкылар жатып алып укканга, анын артындагылар отуруп, эң артындагылар болсо тике туруп көрүүнүн камын көрүшүп, айтор баары угууга даяр. Эң артында болсо жигиттер аттары менен келишип ат үстүнөн көрмөк болушту. Андрей болсо сый конок катары биринчи катарда Саякбайдын бет маңдайынан орун алды. Ал дагы улуу жомоктун башталышын ичине демин катып күтүп жатты.

Эми баары тыптынч болуп, керемет көлдүн шоокуму гана даана угулат. Саякбай бир жөтөлүп алып, тамагын даярдап, анан шашпай жомогун жай сөз менен баштады. Адегенде кагып койгон казыктай кыймылсыз отурду, үнү басырыңкы чыгып. Бул али от алалек кези эле. Эми, мына үнү улам бийиктеп, сөздөрү өтүмдүү, катуу чыгып, талпынган куштун кош канатындай эки колу кыймылга келип, улам-улам обдулган сайын жүзү жаркып, толкуп чыкты. Сөздүн так маанисин түшүнбөсө да Андрей манасчынын обонуна, кыймылына, энергиясына арбалып баратты. Жомокчу нени айтып жатты экен? Дайрадай аккан сөздүн күр-шарынан жана жомокчунун буркан-шаркан түшкөн кыймылынан Андрей баарын туюп, түшүнүп, сезип атты. Саякең Эр Манас кырк жигити менен кас душман менен кантип жоолашып жатканын сүрөттөп жатты. Манаска кантип анын мылтыгы Аккелтени апкелгенин, кантип октогонун, кантип мээлегенин, кантип атканын, кантип жоонун чилбарчасын чыгарганын Андрей кинокадрдан көргөндөй көрүп отурду. Катылган душман качып жөнөдү, Манас эми жигиттери менен жеңиш туусун желбиретти. Алар менен кошо Саякбай да жеңип, аны уккан эл-журт кошо ураалап, баары биригип багынта албай жүргөн бийиктикти багынткандай, чаба албай жүргөн жоону чапкандай, ар бир көрүүчү, угуучу эми өздөрүн чоро сезип, душманды кошо талкалагандай Манастын жеңиши бир укмуш болду, асман-жерди дүңгүрөтүп. Тоо козголуп келаткандай болду.

Саякбай эми ага кудайындай баш ийип, Манаска кызып, өздөрүнчө буулугуп алган элди тынчытуу үчүн эми демин басып, кайрыктарын өзгөртүп, кайра баштагыдай жайбаракат кобурап баштады. Саякең саймедиреп атып билинбей бир саат өттү, анан эки саат, үч саат… Күн кызгылтым багымдат болуп уясына батып баратты. Манасчы болсо бирде көл шоокумундай жай, кай бирде тоодон төмөн аккан жазгы өзөндөй шар болуп угуп жаткандардын жан дүйнөсүн ээлеп алды.

Мына эми тери салаа-салаа болуп маңдайынан акты. Саякең аны аарчыганга араң жетишип, жомогун да улантып жатты. Кээде шарт токтоп, кичине дем алып алат да, анан кайра жаңы күч менен баштайт.

Деги канча убакыт өттү. Бирок, жүздөгөн элдин бирөөнүн да Саякбайды таштап кетейин деген ою жок. Эл окуяга аралашып арбалып алган, эми Сакең жомогун бүтмөйүн эч кимисинин кетейин деген ниети жок.

Ал аңгыча Ысык-Көлдүн үстүнө ай жарыгы калкып, асман тереңинен жылдыздар көрүндү. А улуу жомок бүтчүдөй эмес. Сакең күлкүлүү жерин айтканда элдер кошо күлүштү, баатырлардын айкашын айгайлаганда кол чаап, үн чыгарып колдошту, эл башына түн түшүп баатыры жарадар болгондо көрөрмандар да жаны кейип, көздөрүнөн жаш тегеренгенин Андрей өз көзү менен көрдү. Жомокчу бүтүндөй бир театрга айланды. Ал бир эле көз ирмемде акын да, обончу да жана актер эле да.

…Түнкүсүн бешбармак жеп конок болуп, анан үйгө кайтып келатканда, Саякбай атын теминип Андрейге удаалаш жете келип:

— Жолдош Широков, кайта Ленин жашаган чоң шаарга барганда Ысык-Көлдүн эли жөнөкөй эл экен деп айта бар. Биз Совет өкмөтү үчүн күрөштүк. Биз азаттыкты сүйөбүз. Биз жөнөкөй элди сүйөбүз. Биз ар качан достор бойдон калабыз – деп Саякбай анын колун кыса кармады.

Андрей Широков Пишпекке келип, үй-бүлөсү чогуу отурганда:

— Ким Ысык-Көлдү көрөлек болсо, ал анда али чыныгы Кыргызстанды көрөлек, укмуштай кооз жана ажайып өрөөн. Мен Саякбай Каралаевдин үйүндө мейманда болдум. Бу киши кыргыздын Гомери экен. Кат тааныбаса да Манас жөнүндө керемет ырларды айтат экен. Бир канча саат тынбай төгүп ырдаганын өз көзүм менен көрдүм. Мен анын табыгый талантына таң калдым. Элестетип көрсөңөр, алдыда килем төшөлүп, анда мандаш урунуп Саякбай отурат. Эң алдында жатып алып көргөндөр, кийинки катарда отуруп көргөндөр, анан туруп көргөндөр, эң артында болсо ат үстүндөгүлөр. Өзүнчө эле тирүүлөй амфитеатр! Мен кыргыз тилин билбесем да ал аткарып жатканда көзүмдү айрый албадым. Ал эми угуп жаткан элдин берилгендигичи?

— Тоня, мунун сага да тиешеси бар – бул деген чыныгы искусство. Силердин драмкружоктун мүчөлөрү ушул ысык-көлдүк жомокчудан көптү үйрөнүшүңөр керек экен. Же андай эмеспи?

Андрей кызы Тоняны жылмайыңкы карап, ал болсо ишенбегендей:

— Муну ойдон чыгарып айтып атасыз го.

— Жок, ак сөз, эгерде Саякбай Пишпекке келсе Манас айтканын сөзсүз угузам, бир укмуш кереметти өз көзүң менен көрөсүң. Анан көчмөн кыргыздын боз үйүндөгүдөй меймандостукту мен эч кездештирбегем. Мындай эл менен биз орус эли түбөлүк достукта жашайбыз го деп терең ишенем.

…Бул Сакеңдин бир эле күндүк өмүрүнө күбө болуп калган жазуучунун алган таасири.

…Ал жүргөн күн майрам, аны менен чогуу батырган кеч таңга жеткен, күн менен түндүн кантип алмашканы билинбей түш кечке алмашып, кеч түнгө ооп, түн таңга уланган. Айкөл Саякбайдын бул болгону бир эле күндүк өнөрү болчу. Аны угуп кулактын кужуру канбай, көрүп көздүн көөнү толбой, туюп көкүрөктүн көксөөсү басылбай… канча өмүр карыды дейсиз.

АЛБАРСТЫНЫ ЧАПКАНДА

  1. Бул окуяларды досторуна айтып, көбүнүн боорун эзээр эле… Аскерден келип, бир күнү ооруп калдым. Этим от менен жалын. Ысыгым көтөрүлүп, жеңемдин үйүндө жатам. Жеңем байкуш: «Манасчы уул, бетиң албырып турат. Тынч жатчы. Түн кирип келе жатат. Кашкарчага суу куюп, көңдүн чогуна ороп койдум. Оозуң какшыса ууртап коюп тур. Мына бул таяк менен талаага чык» деп бир жоон союлча берип койду. Мен уктап калыпмын.

«Бурп-бурп» эткен дабыштан ойгонуп кеттим. Көзүмдү ачсам, өчүп-таамп жаткан кызгылт коломтодо бир шайтан албарсты отурат. Маңдай тиши кетик экен. Мени карап чемичке чагып, түкүрүп коюп, анда-санда мага көзүн кысат. Ээй, тигини, жайбаракат олтуруп чаккан чемичкенин кабыгын коломтого түкүрүп жатканын көр. Ойго баттым. «Ии, бу болду-болбоду баягы эле айтып жүргөн сасык албарсты турбайбы» деп ойлодум. Тиги шайтанды жыга чаап, апсыйган чачынан кармап алып, таңдайындагы карала кагазын алып, куучу болуп, кара баскан катындарды туудурайын» деген ой менен, мээлеп туруп төбө талаштыра долоно союлум менен тартып жибердим. Албарсты күрр этип кулап түшүп, тыбырап, жанталашып аткандай болду. Бур-р эле дей түштү. Ысык кор түтөдү. Үйдүн ичи туман. «Оо жеңе! Тез! Албарстыны өлтүрдүм. Шамшар бычак кайда?» деп көчүгү күйгөн аюудай бакырдым. Уктап аткан жеңем ордунан ыргып туруп: «О манасчы уул! Делбеленип атасыңбы?» деп үн салды. Бир кезде жеңем алаканын шак коюп: «Алда кокуй аай, сага суу кайнатып аткан чөгүнүмдүн чоргосун ыргыта чаап салган турбайсыңбы» деди.

Көрсө коломтодогу кашкарчанын чоргосунан ысык суу кичинеден ыргып аткан экен. Ал маа чемичке чагып аткан албарсты болуп көрүнгөн тура. Мен соккондо кайран кумгандын капкагы жалпайып, оозу кабыша түшүптүр. Ошентип албарсты менен алышкан жайым бар.

БҮРКҮТҮ ОРУСТУН КЫЗЫН АЛГАНДА

  1. Бу, бүркүт жарыктык жети кырдын ары жагындагыны көрөт эмеспи. Бир жолу салбуурундап келатсам бүркүтүм талпынып калды.

«Колума балдак менен кондуруп алып келе жатсам, шоссе жолду көздөй жулунат. Бул эмнеси? Түлкү шоссе жолдо жүрөбү? – деп ойлодум. Болбой эле жулунат. Мына эмесе деп коё бердим. Бүркүтүм каалгып барып эле жолдун мизинен саксагай чачтуу сары кызды басып калгандай болду. Мен олбуй-солбуй теминип, жетип бардым. Канатынын күүсүнөн жолдун үстү чаңызгый түштү. Жолдун мизинде бирдемени мыкчып отуруптур. Түшө калып карасам, Метирей деген орустун кызыл топу кызы бар эле. Ошону алып калыптыр. Жүрөгүм оозума каптала түштү. Мурун эле Манас баатырды досубуз кытай эли менен чабыштырдың деп башыма каран күн түшүрүп жүрбөдү беле! Эми орустун кызын бүркүтүмө алдырсам, күнүм эмне болот! Атаңдын көрү ит, түпкө жеттиң деп, бүркүтүмдүн мойнун бурап жибердим. Тырмагын жазып жибергенин карасам, эчтеке жок. Метирейдин кызыл топу кызын албай эле, шайтанды алып калган экен. Аны билгенде мен шайтан албарстынын таңдайындагы карала кагазын алып, куучу болуп, төрөттөн кара баскан катындарды айыктырып, олжого батат элем», — деп, Сакем окуяны оштонтуп, көбүртүп, жабыртып ийчү.

КАРЕЛИЯНЫ ДҮҢ ТҮШҮРГӨНДӨ

  1. Карель-фин элдеринин атактуу эпосу «Калеваланын» басмадан жарык көргөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси 1949-жылы борбор шаары Петрозаводскиде белгиленип, ага ардактуу конок катары Кыргызстандан философ Азис Салиев, белгилүү окумуштуу Зияш Бектенов жана атактуу манасчы Саякбай Каралаев чакырылат. Үчөө тең ардактуу конок катары президиумдан орун алат. Президиумда ошол кезде союздук республика болуп эсептелген Карель-фин Союздук Республикасынын Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы Отто Куусунен башкарып, куттуктоо сөз кезеги Кыргыз ССРинен келген делегацияга берилет. Ары абройлуу окумуштуу катары трибунага Зияш Бектенов чыгып, куттуктоо сөзүн айтып, кыргыз элинин сүйүктүү эпосу «Манастын» орусча басылган жүз сомдук кызыл мукабалуу китебин белекке тартуулап жатып: «Кыргыз эли сиздердин эпосуңуздардын юбилейлик майрамына өзүнүн сүйүктүү манасчысы Саякбай Каралаевди өкүл кылып жиберди» деп, элге манасчыны тааныштырды. Президиумдагылар биринен бирине колго өтүп, «Манас» китебин үңүлүп барактап, талаша да кетишет.

Ошондо залда сыягы С.Каралаевдин дастан айтканын мурда угуп жүргөн бирөө бар окшойт.

— Анда жомокчу жолдош Каралаев «Манас» эпосунан үзүндү аткарып берсин! – деп кыйкырып калды эле, отурган эл да аны колдоп дуу кол чаап жиберишти.

Залдагы элдин көңүлү эми күн тартибинен бурулуп, Саякбайга ооп баратканын сезген төрагалык кылуучу Отто Куусунен:

— Жолдош делегаттар, азыр пленардык жыйналышты күн тартибинен чыкпай өткөзөлүк. Юбилейлик сессиябыз беш күнгө созулат. Сессиянын эң акыркы күнүндө өкмөттүк кабыл алуу болот. Жолдош Каралаев «Манастан» үзүндүнү ошондо аткарып берсин, — деп отургандарды тынчытууга үлгүрдү.

Сакеңди жакындан билгендер юбилейлик сессиянын бүтүшүн дегдеп күтүшөт. Көпчүлүктү күттүргөн күн да келип, республикалык өкмөттүн алдынан сый тамак уюштурулду. Дасторкон үстүндө концерттик программа коштоду. Адегенде ортого орто жаштагы 8-9 аял чыкты. Аны көргөн Каралаев жанындагы З.Бектеновго кайрылып:

— Э, садагаң кетейин, бу отурган катындар кимди күтүп атышат, — деди.

— Алар деген Карело-финдин «Калеваласын» аткарчу аялдар, — деп жооп берет Зияш агай.

— Ой, койчу! Эмне дейт! Булардын «Калеваласы» катын болгон бекен? – деп чочуй суроо берип, олурая карайт.

— Жок, булардын эпосун аткаруучулар жалаң аялдар болот, — деп жооп берсе, Саякбай ушуну эле күтүп тургансып:

— Ээ балакетиңди алайын. Анда булардын жүз жомокчусун байтал-сайталы менен кошуп өзүм жалгыз үйрүп, үйүр кайрып, алдыма салып азанап айдап алат турбаймынбы,  — деп санын чаап, ыкшып күлүп калат.

Тост кезегин ушул кеченин ардактуу аксакалы, түрк элдеринин эпостору боюнча чыгаан окумуштуу, а кезде 58 жашты таяп калган академик Виктор Максимович Жирмунский улантып:

— Кымбаттуу достор, биздин арабызда кыргыз элинин атактуу манасчысы Саякбай Каралаев катышып отурат.

… Залдагылар чарчы бойлуу аксакалга үйрүлө карашканда, Виктор Максимович сөзүн дагы улап:

— Ушул колуңуздардагы чөйчөгүңүздөрдү жолдош Саякбай  Каралаевдин ден соолугу үчүн жана СССР элдеринин бекем достугу үчүн көтөрүп койсок, анан жолдош Каралаев «Манас» эпосунан бизге үзүндү аткарып берсе, — дегенде, эл дуу кол чаап жиберди. Мурда декадада көрүп калып, тааныгандар ушул учурду беш күн бою чыдамсыздык менен күтүшкөн эле. Аны жандап жүргөн сапарлашы Зияш Бектенов элге:

— Азыр кыргыз элинин атактуу манасчысы Саякбай Каралаев Тал-Чокуда эки баатыр – Алманбет менен Чубактын жол талашып чатакташкан жеринен үзүндү аткарып берет, — деп жарыя кылат. Манасчы кабагына кар жаадырып, кадимки кабылан образына кирип:

…Кан кыл деп айттым кимиңди?
Капылдаган Чубак кул,
Каның экөөң бир болчу
Сенин кагайынбы жиниңди! – деп булкулдап, өзү чатакташып жаткансып дулкулдап:
Бек кыл деп айттым кимиңди?
Безилдеген Чубак кул
Сенин бейжайлыгың билинди… — деп алаканын шак коюп, Сакең айкырып киргенде залда отургандар тымып, кыймылы кан буугандай токтоду. Улуу жомокчу сыйкырдуу жомок дүйнөсүнүн эшигин эми гана ачып, азыр гана кызый баштаганда этегинен кармап, улам-улам силкип атып З.Бектенов токтотот. Себеби, кийинки тостко кезек келип калган эле.

Моокуму канбай, керемет дүйнөнүн абасынан азыр гана кере жута баштап, таасирлене кеткен залдагы эл эми манасчыга таазим этип орундарынан туруп кол чабышты. Элдин кызуусу канбай калганын сезген алып баруучу:

— Кыргыз элинин атактуу манасчысы менен атайын жолугушуу болот, — деп элдин көңүлүн алган соң, белгилүү окумуштуулар академик Гардлевский, академик Козин, академик Жирмунский чогулуп келишип, манасчыны куттуктап бетинен өбүшөт. Күн мурунтан республикалык радио байма-бай мындай жарыя берет: «Бешинчи март күнү саат эртең мененки тогуздан тогуз жарымга чейин Карело-фин республикасынын радиосунан кыргыз элинин атактуу манасчысы Саякбай Каралаев «Манас» жомогунан үзүндү аткарып берет». Бул жарыяны уккан шаарлыктар жомокчу менен жолугушууга шашылышат.

…Түштөн кийин саат беште Орусия Академиясынын филиалынын базасында тойго келген окумуштуулардын жана жазуучулардын кыргыз элинин манасчысы Саякбай Каралаев менен жолугушуусу болот. Ал жолугушууда С.Каралаев өзү кыргыздардын баатырдык эпосу «Манастан» үзүндү аткарып берет.

Эртеси манасчы өзүнө келип, эс алып алган соң өзүнөн бир канча жаш кичүү Зияш Бектеновго кайрылып:

— Э секетиң кетейин, түндө мени кучактап өпкүлөп жаткан, мойнумду жооруткан өлөсөлүү абышкаларың ким деген немелер, — дейт.

— Алар ардактуу академиктер: академик Гардлевский, академик Козин, академик Жирмунский деген атактуу окумуштуулар. Сиз аларды өлөсөлүү абышкалар дейсиз да…

— Анда эмесе, деги эле дурус болгон тура, үч-төрт күндөн бери мойну-башымды самындап жууй элек элем, — деп Сакең адаттагысындай ыкшып күлүп алды.

«Той болор, тойдун эртеси да болор» дегендей, «Калеваланын» тою бүткөн менен Сакеңдин тою эми башталды көрүнөт. Радиого барып, түз эфирден «Манас» айтып, кечки беште мурда жарыя болгондой илимий мекеменин залына манасчы маашырлана басып келет. Мурда билип калгандыктанбы, баары ордуларынан туруп, ызаат кылып, кол чаап тосуп алышты. Зал жыкжыйма. Бул күнү эми «Калевала» унутулуп, Ала-Тоодон келген манасчынын кечесине айланды.

Мына ошо унутулгус кечеге күбө болгон туңгуч Манас таануучулардын бири Зияш Бектенов минтип эскерет: «Мурутун жанып, тапка келген бүркүттөй болуп элдин алдына чыкты. Сакемдин «Манас» айтканын мен ошого чейин көп эле уккамын, бирок бул жолку аткарганындай эч качан көргөн эмесмин. Айта баштаганына 20 мүнөтчө болгон кезде, Сакемдин айкырыгы баш жарып, кыйкырыгы таш жарып, муруттары бириндеп, эки этеги дирилдеп, кадим Тайторуну жайлоодон алып, өзү сүрөп келе жаткансып:
Арыстан Манас, өлбөй кал,
Азапты бейбак көрбөй кал, — деп Каныкейге кошулуп, Сакем ыйлап кирди шолоктоп. Залда тырс дабыш жок. Эл Сакеме айрандай уюду. Жарым саат айткан кезде, токтотолу деп белги берсем, токтоло турган түрү жок. Кирген буурадай буркулдап, оозунан көбүк чачып, буркан-шаркан түшүп, Сакем угуучуларды башка бир дүйнөгө жетелеп кирип кетти».

… Ар бир сөзү ташка чегип аткандай так айтылды.

… Ар бир кыймылы кино тасмадагы кадрлардай элестүү болду.

… А бир кайрыгы шерт берип аткандай таамай угулду.

Бул Саякбай болчу. Кадимки шер Манастын рухий чоросу. Жүргөн жеринде же шаң жаратып, же майрам кылып жүргөн… эрке чоро.

Андан соң кызуу талкуу башталды. Атагы таш жарган орус окумуштуулары С.Каралаевге айран таң калышып, бийик баа беришти. Жерге-Сууга тийгизбей макташты. Даңаза кылышты. Кээси жомокчу «Улуу шедевр» деп баа берсе, кээси бул дастанды плёнкага жаздырыш керек деп, кай бирөөлөрү киного тартыш керек деди. Ленинградга келгенде орустун элдик жазуучусу Леонид Леонов 40 миң сом акча ичи кундуз ичик кийгизгенде: «Ботом, бир ичикке сексен ириктин акчасын төлөйт деген эмне шумдук» деп тамашага салат Сакең.

…Эгерде Сакең Карелияга келип минтип дүң салбай тим кетсе, анда Сакең болбой калбайбы… Айрыкча манасчыга таасирленген академик Козин С.Каралаевдин «Манас» айтканын угуп: «Мен көп элдин жомокчу, ырчылары, артисттеринин эпос аткарганын укканмын. Бирок, Каралаев сыяктуу укмуштай таланттуу аткаруучуну көргөн эмесмин. Мунун азыркы аткарган «Манасына» тил билбесек да түшүнүп катуу таасирлендик» деп көзүнөн жаш кылгырганча жашып, манасчынын жанынан кетпейт, колунан кысып, далысынан кучактап, издеп жүргөн жогун тапкандай сүйүнөт.

Той таркап, катышуучулар үй-үйлөрүнө кайтышат. Айрыкча, Сакең менен Ленинградга бирге келген москвалык, ленинграддык акын-жазуучулар бул керемет өнөр жөнүндө жолду ката суроо беришип, таң калгандарын жашыра алышпады. Бул Сакең айткан 30 томдук «Манастын» жүздөн бирине да татыбаган үзүндүсү эле болчу.

…Москвадан Ломоносов Университетине келип, 2 миңден ашык студенттерге «Манас» айтат. Жарым саатча айттырып, анан философ Азис Салиев орусча которуп киргенде, студенттер «жок, бизге котормочунун кереги жок» деп сахнага кайра С.Каралаевди чакырып, дагы эки саат тынбай «Манас» айткан экен. Сахнадан түшүрбөй көп студенттер кол тамга алалы деп блокнот, калем саптарын Сакеңе сунат. Ал болсо: «Ичи көңдөй, кагаздан башка эчтекеси жок немени мага эмнеге сунуп атышат» дейт. Кол тамга коюш керек экенин айтканда, беш-алтысына коюп, колу чарчап, тепкичтен түшөйүн десе, алдын тороп студенттер жыкжыйма. Ошондо манасчы таягы менен аларды акырын гана колго чаап: «Атакую, түш! Атакую, түш!» деп жолун бошотуп баштайт. Студенттер бул кылыгына ого бетер күлүп, каткырышып, манасчы окуу жайдан чыгып кеткенче сүрөткө түшүп, коштоп жүрүп отурушат.

Улуу жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков жазгандай:
Бири атсыз келиптир – ат миниптир Манастан.
Бири тонсуз келиптир – тон кийиптир Манастан.
Бири азып келиптир – арка тааптыр Манастан.
Бири тозуп келиптир – торко тааптыр Манастан.
Бири бозуп келиптир – боордош тааптыр Манастан.
Бири куруп келиптир – курдаш тааптыр Манастан.
Элсиз келген да бирөө — элдүү болуп Манастан.
Жерсиз калган да бирөө — жердүү болуп Манастан.
Жалгыз келген да бирөө — жуптуу болуп Манастан.
Кутсуз болгон да бирөө — куттуу болуп Манастан.
Кул атанган кургуру – чоро аттанды Манаска.
Шум атанган бузугу – шумданбады Манаска.
Кеп билбеген дудугу – кеп сүйлөдү Манаска.
Тили башка кас уруу – тилдеш болду Манаска.
Дини бөтөн жат уруу – дилдеш болду Манаска.
Кырк жактан келген кырк уруу – тууган болуп Манаска.

…Ошентип Москва университетине кыргызстандык карыя менен жолугушууга келгендер Манастуу болуп кетишти.

Манас деген ушундай өзүнө тартып турган, ага арбалган адамды аруулантып турган чексиз күч окшобойбу. Уруусуна да, улутуна да, арийне улуу-кичүүсүнө карабай.

[1] Мешке — чанач

[2] Жунжун – арак

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *