Калмак жомогу

Таңдан кечке талдан талга, чатырдан чатырга секеңдеп секирип, желпеңдеп канат каккан таранчы болуптур. – Чик-чирик! Чик-чирик! –. Шаңдуу-шаттуу, шок экен ал. Чокуласа биягында дан, тиягында курт мол экен кибиреген жанына. Айтор жашоосу бейкапар болуптур.

Бак башында кабак бүркөп карга отурат капкара. Салабаттуу көрүнөйүн дейт, бирок картайган. Бир көзүнүн кыйыгынан шаңдуу таранчыны карап ичи тызылдайт. Ал жадаткыр улам секеңдейт: «Чик-чирик! Чик-чирик!»

– Йе… таранчы, – дейт карга, – жашооң кандай? Тирлигиң кандай өтүп атыр?

Чымчык болсо бир ордунда тынч отурмак беле:

– Көрүп атпайсыңбы, – дейт секеңдеп, – камыштын башын чокулап отурганымды.

– Агер камыштын алдында калсаң канттиң? Өлүп тынасыңбы?

– Эмнеге дарооле өлүп калат экем. Тырмагым менен тырбалаңдап чыгып кетем.

– А бир жериң канасачы, не кыласың?

– Суу ууртап, жууп коём. Кан токтоп калат.

– Кокус сууга малынган бутуң тоңуп калсачы? Суук тийип, бутуң ооруп калат ко.

– Чик-чирик! Чик-чирик! От жагам. Бутумду жылытам. Кайрале айыгып кетем.

– Агер отко күйүп калсаңчы? Анда канттиң?

– Отту канатымды каккылап өчүрөм да.

– А канатыңды күйгүзүп алсаңчы? Анда кантиң?

– Доктурга сызып жетем, айыктырып коёт ал.

Карганын дагы деле жаагы жап болбойт:

– А доктур жок болуп калсачы? Анда эмне кылмаксың?

– Чик-чирик! Чик-чирик! Ал жактан деле дан таап чукуп жейм, курт көрсөм култ этип жутам. Жайлуу жер табылса, уя салып алам. Күн куруна жылынам, шамалына таранам. Ошентип эле доктуру жок сакайып, ошол жакта жашап калам! – дейт.

Дейт да быр-р этип учуп жөнөйт таранчы. Карылыгы жеткен карга болсо бөкчөйүп, көздөрү үлүрөйүп, тумшугун туш-тушка имерген бойдон кала берет.

Ошондуктан бул керемет жашоодо уңулдабай, кыңылдабай, чыдамдуу, көңүлдүү шаттуу болгула!

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *