Маектешибиз Амирбек УСМАНОВ  (Азам уулу) акыркы чейрек кылымдан бери массмедиа тармагында эмгектенип келет. Анын ичинде 20 жылдан ашуун мезгил “Азаттык” радиосунда иштеп, 1995-жылдан бери Прага шаарында жашайт. Окурмандарга “Кабуснамени” орусчадан кыргызчага которгону маалым. О.э. “Чаувайдан Чехияга канат кагып” аттуу публицистикалык жыйнагы жана “Кыргызстандын тарыхы күбөлөрдүн көзү менен” аттуу китеби чех тарыхчысы Петр Кокайсл менен бирдикте жазылып, кыргыз, орус, чех тилдеринде жарыкка чыккан.

(2-МАЕК) 

КЫРГЫЗДА ДИНИЙ ФАНАТИЗМ ЖАНА КӨРКООЛУК БОЛГОН БЕЛЕ?

– Амирбек байке, өзүңүз Меккеде ажылык сапарда болгон адамсыз. Ошондон улам бүгүнкү күндөгү диний көйгөйлөргө карата көзкарашыңызды бөлүшсөк дедим. Мурунку маегибизде да Бишкектин кайсы чоң базарында болбосун, көркөм адабияттарга караганда диний китептер арбын сатылып жаткандыгын белгилей кеттиңиз эле. Мунун эмнеси жаман деп чыкчу диний фанаттарыбыз толтура бүгүн. Аныгында бул көрүнүш диний тескөөдөн тыш (светтик) позицияны тутунгандарды кооптондурган чоң маселе. Сиз баамдаган адабияттарды атайы кызматтар деле дыкат көзөмөлгө алаарынан шегим бар, себеби базарларда сатылган диний китептерди өзүм да далай жолу барактап көрдүм: арасында адамга рухий азык берчү эмгектер өтө аз. Бирок ага карабай ошол китептердин кардарлары толтура. Бул эмнеден?

— Татаал суроо, Олжоке. Бирок суроонун татаалы көзкарашыңды айтпа дегенди билдирбейт эмеспи. Суроого жооп бергенден алдың “светтик” деген терминге токтоло кетейин. Бул орус тилиндеги “светский” деген терминдин сөзмө сөз котормосу. Ал орусчада чиркөөгө тиешеси жок деген эле кеп. Кыргыз тилинде эбактан бери эле, тагыраак айтсам, 1990-жылдардын башынан тартып, руханий темага арналган макала, редиотелеберүүлөрдө дүниябий деген термин колдонулган жана колдонулуп жүрөт. Сыягы бүгүнкү светтик дешкен адамдар руханий дүйнөгө байланыштуу башка бирөөлөрдүн пикирине кулак салышпайт окшойт.

Эми диний китептерге келели. Алардын кардарлары, сен айткандай “толтура” экенин себеби мындай деп ойлом. Биринчиден, Советтер Союзу кыйрап, Кыргызстан төбөлсүздүк алгандан кийин, экономикадагы катаал абалга байланыштуу кыргыз тилиндеги адабий, илимий-техникалык китептер, журналдар чыкпай калбадыбы.

Бул тушта, туурасы, горбачевдук кайра куруунун акыркы мезгилинен тартып, элде динге, анын ичинде исламга, ислам адабиятына кызыгуу өстү.  Эл диний эркиндикке жеткенден кийин динди билүү үчүн тийиштүү адабиятка кызыгуунун чоң болушу табигый көрүнүш болчу. Билесиң, Куран кыргыз тилинде жок анда. Ошого мен өзүм да академик Крачковский орусчага которгон Кураны керимди окуп, сабатымды жазгам. Анан Эрнис Турсуновдун котормосу, анан Алауддин Мансурдун котормосу (комментарийи менен) чыкпадыбы. Ошо тушта Прохорованын да орусча жаңы которомосу чыккан. Удаа эле Хадистер да кыргызча пайда болгон. Эсимде, мен өзүм Бишкектен айылга орус, өзбек, кыргыз тилдериндеги диний адабиятты ташыгам. Эл совет заманында үзгүлтүккө учуруган диний сабатсыздыгын ошо кезде жойууну баштаган. Ошентип атып ислам адабиятын окууга үйрөндү, ага талап өстү. Ырас, алардын  баары котормо адабият жана котормо сапаты начар. Диний адабияттын болгону жакшы. Себеби элдин диний сабаты ачылат. Бирок адам жалаң бир өңчөй адабиятты окуй бергенде дүйнө таанымы бир жактуу болуп каларына, башка көзкараштарды чанып, аларды уккусу келбей каларына совет доорунун тарыхы күбө.

Сталиндик мезгилден тартып, Хрущев, Брежнев, Андропов заманында ошондой болбодубу. Авторитардык мамлекеттерди карасак, аларда сөз эркиндиги, ишеним эркиндиги, маалымат эркиндиги, тандоо эркиндиги, өкмөттүк идеологияга сын айткандарды душман деп эсептөө мүнөздүү экенин көрөбүз. Мунун баары биздин көзкарашыбыз туура, сиздики натуура деген түшүнүктүн натыйжасы эмеспи.

Бизди, менин муунумду совет коому дүйнөдөгү эң мыкты коом, капиталисттик коомдо эл руханий жактан жарды, жашоосу да начар, марксисттик-лениндик окуу баарынан туура, дин караңгылыкка алып барат, анткени эскинин саркындысы деп, мектепте жана университетте окутушпадыбы! Маалымат каражаттары да ушунтип мээге куюп турчу. Анын аягы эмне менен бүттү, билебиз.

Анан да диний адабият көркөм адабият сыяктуу эле руханий дөөлөт болгону менен кесиптик билим бербейт. Адам кайсы бир кесипти жакшы өздөштүрмөйүн, өзүн да, үйбүлөсүн да бага албайт. Ошого ислам аалымдары илимге өзгөчө маани беришкен. Мисалы, Мухаммед алейсаламдын жакын тууганы, пайгамбардын көптөгөн хадистерин жазмакерлерге айтып берген Ибн Аббастын мындай деген экен:  «Алла таала илимпоз-аалымдарды ыймындуу такыбаларга караганда  жети жүз баскыч жогору коёт. Эки даража ортосундагы аралык 500 жыл жөө баскан жолго барабар». Бул деген бардык илимдерди өздөштүр, көп окуганга аркет кыл, бул жашоодо Аллага гана ишенип, башка эч нерсе кылбаганың, турмушту үйрөнбөгөнүң жетишсиз деген эмеспи!!!

Ал эми  кесипкөй адис болуу үчүн атайын китептерди окуу керек. Тилекке каршы, инженердик-техникалык жана башка илимий адабият кеңири сатыкта жок. Мени да ушул жагы өкүндүрөт. Анткени бүгүнкү бакубат өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, илим менен техниканын эң соңку жетишкендиктерин пайдаланган өндөрүш, өлкө өнүгөт. Артка кетпейт.

– Диний китептерди жайылтууга мен да каршы эмесмин, бирок диндин асыл сапаттарын кеңири чөйрөгө жеткирер адабияттарды басып чыгаруу жагы колго алынбай келаткандыгы өкүндүрөт. Болбосо бүтүндөй адамзатына акыл шооласын чачар суфий дервиштеринин (сопулар) даанышман ойлору, укмуштай притчалары эмнеге кыргызчаланып басылып чыкпайт? Эмнеге мусулман динине баш ургандарды тотукушка окшотуп текст жаттаткан адабияттар арбып барат бүгүн?

— Олжоке, сенин бул сурооң да татаал экен. Сопучулук суфизмдин көрүнүктүү өкүлдөрүнүн акылман ойлору, икая-притчалары басылбай жатканы үчүн бу заманда китеп басууга адистешкен ишкерлер, алардын кеңешчилери жооптуу. Анан дагы өзүңдөй элди агартам, элдин көзүн ачам деген сөздү кесип кылган адамдар жооптуу. Себеби, суфисттик адабият менен жакшы тааныш жазуучулар менен адабиятчылар, илимпоздор билгенин элге ташбыйкаттап айтыш керек. Эсиңдедир, 90-жылдардын башында кээ бир кыргыз журналисттери Франц Кафканы улам оозанып жатып, ал Кыргызстанда популярдуу болуп кеткен. Он жылдай илгери Сингапурдун биринчи премьер-министри Ли Куан Юнун китеби орус тилине которулуп басылгандан кийин андан үзүндүлөр басылганда, биздин саясатчылар менен журналисттердин көбү Ли Куан Юну идеалдуу лидер деп мактай башташкан. Ырас, суфизмдин башка өкүлдөрү болбосо да Ахмед Йассавинин хикметтерин жайылтууда  Чоюн Өмүралиев менен Эгемберди Эрматов чоң эмгек жасашты. Хикметтерди кыргызчага которушту. Ахмед Йассавини Өзгөндөн деген гипотезаны далилдешке аракет кылышты. Ошондой эле Бактыгүл Каламбекованын да түркчөдөн сөзмө-сөз котормосу бар. Ушинтип, Ахмед Йассавинин үч котормосу болгону менен улуу сопунун руханий мурасы тууралуу башка изилдөөлөрдү кездештирбедим. Ырас, Казакстанда чыккан илимий жана адабий журналдарда суффизм жөнүндө макалалар көп басылат. Ошого суфизмге да казак интеллектуалдары  арасында кызыгуу күч…
Ал эми  “Эмнеге мусулман динине баш ургандарды тотукушка окшотуп текст жаттаткан адабияттар арбып барат бүгүн?” деген сурооңо жообум мындай: Эгер молдокелерге тексттерди жаттатпаса, тафсир-комментарийлер түрдүү болуп кетиши мүмкүн.  Себеби Курандын сүрөлөрүн  өз алдынча талкуулоо бардык эле адамдын колунан келе бербей турган иш. Бул биринчиден. Экинчиден, кайсы гана дин болбосун ой-пикирлердин көп түрдүүлүгүнө жол бербейт. Анын кесепетинен канчалаган адамдар бейажал өлүп кеткенин тарыхтан билебиз.

Тоорат (Библия) сыяктуу эле Куранды адамдар ар башкача түшүнүшкөндүктөн, тарса-христиандарда да, исламда да түрдүү агымдар тээ башынан эле пайда болгон. Бир дин, ар башка түшүнүк. Бул жагдай бир диндин ичинде эле динзарларды кыйды-бычакка алып барып жатпайбы! Бирок диниятчылар ортодокстук көзкараштарды бекем карманбай, дискуссияга ачык болуп, заман менен кадамдаш жашашы зарыл экенин христиан дининин тарыхынан билебиз. 1960-жылдары хиппилер кыймылы пайда болгондо католик чиркөөсү көп динзарларын жоготкон. Ага дейре, мага 63 жаштагы канадалык француздун айтып беришинче, чиркөө динзарлардын жана диний жамааттын жашоосуна катуу кийлигишип турган.

– Мусулман элдери суфизм жолунан, суфизм наркынан алыстап кеткендигин эмнеден көрөсүз? «Сопулар – Кудайдын тизесине алып отурган балдары» деп эмнеге айтылып калган? Сопучулдук агымы жараткан Хафиз, Саади, Руми, Жами сыяк улуу акын, улуу ойчулдардын баалуулуктары туурасында кенен токтоло кетпейсизби… Дегеле бүгүн мусулман баалуулуктары эмне үчүн салаа-салаага бөлүнүп кетти? Арбир диний агымдын өз пайгамбарлары да пайда боло баштады!

– Бул сурооңо менин тишим өтчүдөй эмес. Анткени, сурооң өтө кенен жана мазмуундуу. Бирок билгениме жараша аракет кылып көрөйүн. Анын кээ бирлерине тиешелүү оюмду алдыңкы жообумда айткам.

Башка жактарын билбейм, бирок Борбор Азия чөлкөмүндө сопулар, сопучулук совет өкмөтүнө чейин ээн-эркин эле өмүр сүргөнү тууралуу илимий журналдардан жана тарыхый китептерден окугам. Мисалы, Садриддин Айнинин китептеринде сопу-дервиштер жөнүндө маалыматтар көп. Мен Кадамжай районун кыдырып жүрүп, бир молдонун үйүнөн Ахмед Йассавинин  Ташкентте Чагатай тилинде арап ариби менен басылган чоң китебин көрдүм. Окутуп уктум  Йассавинин хикметтерин. Башка бир аксакалдын үйүнөн Жалалиддин Руминин 1849-жылы  Делиде чыккан “Маснависин” көрдүм. Перс тилинде экен. Окутуп уктум, которуп да берди. Аксакалдын айтышынча, анын атасы, чоң аталары, алардын аталары баары тең маснавичи болуптур. Ноокат жана Кадамжай райондорунда кечээ жакынга чейин эле кыргыз, тажик, өзбек маснавичилер болуптур. Алар улуу Руминин притча-икаяларын окуганда, зикир чалып, “Йа Алла”, “Йа Алла” деп отурушчу экен. Өзүң билесиң, Руминин “Маснависи” суфизмдин энциклопедиясы деп саналат. Совет бийлиги орногондон кийин башка диниятчылар сыңары сопулар да куугунтукка алынган.

СССР ыдырап кеткенден кийин ислам дини чет өлкөлөрдүн, биринчи кезекте, Сауд Арабиядагы эмиссарлардын көмөгү менен кайра жанданды. Мурдакы диний борбор — Бухара медресеси коңшу өлкөлөр үчүн жабылды. Жаңы диниятчылар көбүнесе арап өлкөлөрү, Пакистандан билим алып келишти. Келишүүдө. Ошентип биздин ханафит масхабынын таасир төмөндөп кетти. Канткенде да Орто азиялык диниятчылар сопулар менен эчендеген кылым чогуу жашап калган эле. А бүгүнкү молдолор биздин эле о мурдатан келаткан ырым-жырымдарды, анын ичинде, даракка бант (чүпүрөк) байлаганды, мазарларга, ыйык жерлерге зыярат кылганды, андай жайларга билик күйгүзүп, маркумду эскергенди туура эмес, “ширк” дешип, тыйуу салып жатышпайбы. Атүгүл улак тартышты “ширк” деген молдолор бар.

Олжоке, азыр диниятчылар массмедияда активдүү коноктор. (Алардын өз сайттары да бар). Алардын кимдир бирөөсүнүн өзүбүздүкү деген Ахмед Йассавини менен Бабарахим Машрапты кой, сен атын атаган Хафиз, Саади, Руми, Жамини, же Махтумкули сыяктуу суфист акындардын чыгармаларына же өмүрүнө шилтеме жасаганын уктуңбу же окудуңбу? Мен жок. Себеби, алар диний үстөмдүккө өз чыгармалары менен шек келтирет. Сөзүмө далил ирети Жалалиддин Руминин бир сыпаа икаясын сөзмө сөз которуп окуп берейин.

Отпараска имам айтты:
“Ардактуум, сизге Исламды кабыл алчу мезгил жетти!”
Ал: “Мен Кудай каалаган күнү кабыл алам.
Адегенде акыйкатты түшүнгөндөй болоюн.”
Имам анын сөзүн бөлүп: “Ыйык Алла,
Сенин куткарылышыңды каалайт.
Сенин жүрөгүңө шайтан кирип алыптыр:
Сен караңгылык жана ачууга алдырыпсың.”

Ал айтты: “Мен алсыз болгонумдан,
Ким күчтүү болсо, аны ээрчийм.
Күчтүү менен чабышканга чыкпайм,
Жеңген адамга талашып-тартышпай моюн сунбайм.
Алла мени куткаргысы келсе,
Анда эмнеге жүрөгүмдү басып албайт? ”
Руми жана башка улуу суфист-акындар, бүгүнкү тил менен айтканда,  адамдарды толерантуулукка чакырат. Ар бир адамдын тандоосун сыйлаганга чакырат. Кудайды таануу, дин тутунуу да сокур ишенимди эмес, ой-жүгүртүүнү, акыл калчоону талап кыларын улуу Руминин жогорку икаясы кашкайтып көрсөтүп турбайбы! Руми өз заманынын билимдүү адамдарынан болгон. Грек, перс, түрк, араб тилдерин мыкты билген. Атасы чоң улама болгон. Жалалиддин Руми чыгармаларына караганда көзкарашы боюнча материалист адам экенине карабай, ал жана башка суфий акындар Абу Бакр менен Умардын ишмердигине жогору баасын берген. Демек, халифтер да диний көзкарашы боюнча толеранттуу адамдар болгон. Мындай улуу гуманист-акындардын эмгектерин, менин оюмча, биз башта сөз кылган диний китептердей эле кенен сатыкта болсо, эл да окуйт, динзарлар да окуйт. Сабырдуулукка, кечиримдүүлүккө үйрөнөт деп ойлойм. Болбосо, кыргызда диний фанатизм жана көркоолук болгон беле?

– Караламан калк арасында дин жайылтуу мүдөөсүн көздөп үй-жайын кароосуз таштап кеткен даватчылар арбын, ал тургай алардын көбү кийинки кездерде Интернеттин соцтармактары аркылуу өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүүдө. Алар динге кылапат тийгизгендерди дароо төө бастыга алып жатып калган көрүнүштөр да жаралды. Ошондон улам диний фанатизм атеизмден өткөн коркунуч жаратпайбы дээр элем?!

— Бул сурооңо өйдөдө жооп бердим окшойт. Бир гана кошумчам: “Диний фанатизм атеизмден өткөн коркунуч жаратпайбы” деген чочулооңо толук кошулам. Атеизм совет өкмөтү орногондон кийин молдолорду, диниятчы-динзарларды коомго жат элемент катары көрүп, ага каршы күрөшүүнүн идеологиялык окуусу болгон. Аны предмет катары институтта мен да окуп, экзамен тапшыргам. Атеисттер ал кезде негизинен өкмөттүн айгагы боюнча иштечү. Себеби өкмөттүн эркинен чыгып кетүүсүнө жол берилген эмес. Ал эми бийлик чабал өлкөлөрдө диний фанаттар Гитлер бийликке келген кездеги Германиядагы жаштардын фашисттик уюмдарындай эле агрессивдүү экенин Түштүк Азиянын кээ бир өлкөлөрүнөн көрүп жатпайбызбы.  Биздеги көмүлгөн адамдарды динбузар деп мүрзөдөн каздырып алуу анын бир түрү эмеспи. Ушуга байланыштуу Саадинин бир ыры эске келет. “Өзүнүн жаңылыш көзкарашын акыйкат катары көргөн адам менен айкайлашпа. Анткени, анын сокур болуп калган көзүн дарылоо жеңил эмес. Андай адамдын көзү ийри күзгүдөй баарын туура эмес көрсөтөт жана өңүсерт немени сулууга айлантат.” Тилекке каршы, азыр Саади, Руми, Фирдосини кой, өзүбүздүн эле ойчул акындардын, мыкты жазуучулардын китептери 1 миң нуска менен чыгып калбадыбы! Тарыхтан белгилүү, караңгы, сабатсыз, билими тайкы эл жеңил башкарылат. Ар нерсеге жеңил азгырылат.

(1-МАЕК) ушул шилтемеде

Маектешкен Олжобай ШАКИР 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *