Мыкты чыгарманын финалы күтүүсүздөн чокуга муш жегендей отургузуп коерун жазуучу, кинодраматург Талип Ибраимовдун («Периште жана абышка») чыгармалар топтомун окугандан кийин абыдан ынадым. Көзүңдү умачтай ачып, жинди болгондой ордуңан тегереткен мындай автор дүйнө адабиятынан эмес, кыргыз адабиятынан кезиккенине төбөм көккө жетти. Бизде бир эле Айтматов эмес, Айтматов дүбүртүн өчүрбөс даа бир сүрөткер Талип Ибраимов экенин тоготпогон эл экенибизге бали. Бирок буга ичиң да сыйрылат. Балким 2006-жылы Орусиянын «Русской Премии» аттуу эларалык адабий сыйлыгын ойдо жок жерден жеңип албаганда бу кишини деле катарыбыздагы көп жазуучунун бириндей назарыбызга илбей коет белек, жокпу…

Адабиятка келгенде орусуң эмне деген эл? Пушкин, Толстой, Тургенев, Достоевский, Гоголь, Чехов, Бунин, Астафьев өңдүү, деги койчу арбир доордо үйүр-үйүрү менен чыккан жазуучу-акындарды дүйнөгө берген элдин адабий дымагы асмандан жерге түшүп, Ибраимовго сыйлык ыйгарганы кокустук эместир… Адабияттагы эчбир визиттик карточкасы, эчбир Кыргыз эл жазуучусу наамы жок Ибраимов 70ке таяганда эмне болуп Орусиянын адабий чөйрөсүнө дүң болуп таанылганы туурасында масилет куруу үчүн улагасын аттап, чебер жазуучунун шооратын атпай-журтка кенен жеткирели деп, сөздү мындай баштадык…

«Айат пресс» гезити, 14.05.09

Диоген чак түштө колуна шам көтөрүп алып адам издегендей, мен да кээде жакшы маектешти издегим келет. Ушунча болуп кыргыз жазуучуларынын көбү менен адабий маек курдум, мыкты сүйлөп бергендери аз. Көбү жасалма сүйлөп, жадагалса өмүр баянын да кызыктуу айтып бере алышпайт. Алар менен сүйлөшүп же чыгармачылык лабораториясын ачалбайсың. Кыскасы, көбү менен сүйлөшкөндөн кийин көп учурда олжосуз мергендей шаабай сууп калат. А сиз менен кызыктуу маек курарыма ишенип турам.

— Аларыңдын көбү билимсиз да. Мени көбү эмне үчүн сүйбөйт? Барына чындыкты айтсаң, жакпайт. Өзүм шар ооз эмесминби, эмне айтсам да буйтаңдатпай, түз качырам. Алардын ой жүгүртүүсүн да алдын ала билем. Аларың маа демектен Сократ, Платон болуп кетсин, урганым барбы, айтчумду айтып, кычуумду кандырып алам. Эң башкысы – адамдардын оюн түзөп, чындык аркылуу көзүн ачып турсам болду да. Жазуучуларыңды айтпайын, азыркы нак сыноо заманында киночулардын ичинен Марат Сарулу менен Актан Арым Кубат гана таланттуу жигиттер. Экөө тең визуалдуу маданиятты жакшы өздөштүргөн. Калгандары аман болсун.

Темир Бирназаровдун чыгармачылыгына да көзүңүз түз эле го?
— Барына эле көзүм түз, бирок Темириңдин амбициясы чоң неме. Чыгармачылык ойлору да бийик.

— Чыгармачылык амбициясын айтып атасызбы же…

— Ал жигит чоң билимге кенедейинен талпынган эмес. Чоң билимди ал сыртынан гана түшүнөт. Болбосо талантында айып жок, өзүм да аны жакшы көрөм. Азыр өзүм «Манас» университетинде сабак берип аткандыктан — теория багытындагы китептерди көбүрөк окуганга мажбур болуп атам. Карап отурсам, буга чейин киночуларга айтып келген сындарым туура эле багыт экен. Мурда болгону искусство теориясын ырааттуу окубагандыктан өзүмдүн билимиме баа берчү эмес экем. Жаш кезде кургак учук менен ооруп калгандыктан көп нерсени окуй берип, чоң билимге жетип алган окшойм. Курсташтарым окуу программасы менен гана чектелсе, а мен китептен китепти тандап окуп, көркөм адабияттан философияга чейин кирип кетипмин.

Орус адабияты биякта калсын, алардын далайын окуп, Хосе Ортега-и-Гассет, Фроммдун философияларынан өйдө окуп чыктым. Бирок билим дегендин бир жаман жери — билимсиздерди көрсөң эле куйкаң курушуп, урушкуң келе берет. Билимсиздер менен бирдеңке да талаша албайсың. Бирдеңке десең, «кыйынсынба» дешет. Аларды макташ эле керек, айтор эч кимге жакпайсың.

— Кыргыз коомчулугу сизди таланттуу киносценарист катары гана жакшы тааныйт. Бирок бизге жазуучу катары дээрлик таанылбаганыңыз менен эки жыл мурда Орусиянын «Русская Премия» аттуу эларалык адабий конкурсуна катышып, абройлуу сынактын жалгыз лауреаты болуп калдыңыз. Бул ийгилик сизге кантип келди?

— Мен өзүм чыгармачылыкка өтө кеч аралаштым. 33-34 жашыма чейин Академияда илимий кызматта жүрдүм. Өзүм да башынан тентек элем, ал жактан Азиз Салиев кууп чыкты. Бирок ырас эле кылды. Себеби кыргыздардан эң биринчи мен гана Хосе Ортега-и-Гассет, Фроммду окуп чыктым деп башкаларга кыйынсынып, душмандарымды көбөйтүп алыпмын. Анын үстүнө Турар Кожомбердиев экөөбүз бир айылданбыз, теңтушпуз. Ал да таланттуу, мен да таланттан куру эмесмин дегендей. Ал да тентек, мен да. Анан эки жинди кошулса… Экөөбүз тең ичебиз, экөөбүз тең олбурлуу балбан, далбаң…

— Демек, башынан эле тентек экенсиз да…

— Ох-хо… Жеткен суу куйду жинди болчумун да. Атам башка ургулап эле «келесоо, келесоо» дей берчү. Укум-тукумубуздун барысы «Талип жинди, көкмээ» дей берип, өзүмдүн да «мен келесоомун» деген комплексим бар болчу. Ошондон уламбы, өзүмдү ушуга чейин келесоо деп жүрүп, асманга жулунган жан эмесмин. Жазуучу болом деген оюмда да жок болчу. Жазуучулар элге акылдуу сөз сүйлөп жүрсө эле аларды билимдүү деп ойлопмун. Көрсө, жазуучу дегениң мээси толук адамдардан чыкпайт окшойт. Кинодраматургиясына аралашкандан баштап кыргыз жазуучуларынын көбү билимсиз, талантсыз экенине көзүм жетти. Бир гана Ашым Жакыпбеков барынан кыйын болчу. Бара-бара орустар «таланттуу экенсиң» дешип, режиссерлор да менин эле оозумду карай баштады. Себеби, көбүнүн сценарийлерин мен оңдоп чыкчумун. Көрсө, сөз тандаганга келгенде, калем кармагандын бары эле сөз менен иштебейт экен. Сөз жазуу мээнет экенин көбү түшүнбөйт. А мен текст менен иштегенде, катырчумун.

— Бирок ушуга чейин эмнеге чыгарма жазууга чыгынган эмессиз?

— Өмүрүмдүн көбү ичкиликтин аркасы менен өтүп кетти. Ичкенде да бир ай ичем, ага чейин кагаз иштерим үйүлүп кетет. Эптеп анан жумуштан куулуп калбас үчүн жанталашасың. Бая ичип жүргөндө аркимден карыз акча ала берип, бир жагынан карыздардан кутулуш үчүн иштейсиң. А чыгармачылык жөнүндө кайдан ойлоносуң, карыз доолагандар күнүгө коколоп атса. Арагы аз келгенсип, аялдарга андан бетер жакын болчумун.

— Аялзатка ычкырыңыз бош беле?

— Бош деле эмес, бирок аялдарды абыдан жакшы көрөм. Өзүм романтик болгон үчүн өмүр бою аялдарды жакшы көргөнүм калган жок. Аял десе оозум кургачу. Айтор, аял менен арак көйгөйүн көп тарттым. А сен жазуучулугумду сурайсың…

— Мага жазуучу катары кызык болуп атпайсызбы.

— Кызыксаң мындай анда. Бир күнү карасам, алтымышка келип калыпмын. Эки жагымды карасам, бары эле менден акыл сурайт. Мына анан өзүмдү өзүм сыйлай баштадым. Демек, акылдуу экем, эмнеге жазуучу болбойм дедим. Анан классикалык прозага өтөйүн десем, мага андай жарашпайт экен. Кайта чыдабай кетип, баягы Талип болуп эле жиндилигимден өтөрү жок окшойт деп, сөгүнө баштадым.

Бир күнү анан чоң режиссерлорубуздун бири «сценарий жаздым эле окуп бербейсизби» дегенинен карап чыксам, болбогон бирдеңкени былжыраптыр. Оозум кычышып, айтпаганды айтып, ашата сөксөм, «өзүң кыйын болсоң ушуга чейин эмнени кыйратыпсың, эмнени чыгардың?» дебеспи. Мына анан «опа-аа» дедим. Чынында башкаларга кыйын сынып жүрүп, өзүм эмнени кыйраттым? Алтымыштан ашып калсам да силерди шашпагыла дедим.

Ичим ошондон кийин чындап ачышты. Канча халтурщиктин сценарийлерин кайтадан жазып жүрөм, эмне өзүмдүн колуман бок келбейби? Болуптур, 5-6 кинолорум бар экен, бирок алардын режиссеру өзүм болбогондон кийин, кой дедим. Акыры чыгындым да, эч жакка чыга элек 2-3 сценарийимди повесть кылып жаза баштадым. Бүткөндөн кийин Светлана Суслова «келчи» деп жүргөнүнөн, бүткөн повесттеримди алпарып берсем, окуп чыгып, мактап эле жатып калды. Ошо менен «Литературный Кыргызстан» журналына четинен чыга баштады, бирок Кыргызстанда мени Суслова менен келинчегимден башка мактаган киши болбоду. Кыргыздар байкаган деле жок. Мен го жүрө бердим.

Бир күнү эле Суслова «чыгармаларыңды Москвага конкурска жиберсеңчи, сен сөзсүз сыйлыкка илинесиң. Азыр сендей кыйын жазуучулар дүйнөдө аз» деп бүйрүмдү кызытып салды. Үйдө болсо жеңең жанымды койбой «жөнөт» дейт. Бул да өтө билимдүү, маданияттуу адам да. Болуптур деп жибердим. Бир жыл өттү. Баягы Москвага жөнөткөн повесттеримди унутуп деле койгом. Бир күнү эле мени кармай албай жүрүшүп, Москвадан үйгө телефон чалышыптыр. Өзүм да бир жерде отурбайм. «Эларалык адабий сынакта сиздин чыгармалар эң бийик балл алгандыктан жеңүүчү болдуңуз» деп калышты, «а болуптур» дедим. Ошентип биринчи жылы эмес, экинчи жылы абройлуу сынактын жеңүүчүсү болуп калдым. Бирок жаш улгайып калгандыктанбы, анчалык деле кубанган жокмун. Тескерисинче, арман кылат экенсиң. Жаш кез болсо учуп-конуп жүрбөйт белем. Ошо жаш кезде эмнеге келжиреп жүрдүм экен, эми минтип жетимишке келгенде сыйлык алганыңдын эмнеси укмуш.

— Китеп 2000 нуска менен чыккан экен, кандай таркады?

— Китебим чыгары менен тез эле ошо Москванын өзүнөн таркап кетиптир. Аларда эми китепкөйлөр көп да. Ал эмес өзүмдүн колумда 2-3 эле китеп калды, башка жок.

— Маркес Нобель сыйлыгын алгандан кийин журналисттер анын апасына барып, уулуңуз дүйнөнүн эң абройлуу сыйлыгын алып отурат. Сиз эми уулуңуз жөнүндө айтып берсеңиз — десе, «…ошол кара жерге кирсин. Үйдө болгон шерменденин барын чыгарма кылып жазып салыптыр» деген экен. Анын сыңарындай повесттериңиздин ичинде өзүңүздүн турмушту жазган чыгармалар барбы же жалаң башкалардын турмушубу?

— Башкалардын турмушун жазгыдай көзү ачык эмесмин го. Ар бир каарман аялбы, эркекпи, бары өз жандүйнөм. Башкы каармандар — жаным менен бирге болгон адамдардын образы. Турмушта далай кишилерди угасың, көрөсүң, акыры ошолор мага өтүп, чыгармага айланып кетти.

— Чыгарма жазып отургандагы эргүүңүз кандай? Туталанып, ары-бери басып иштейсизби же жылбай отурасызбы?

— Үйдө акча-тыйын кенен болуп, санаа тынч кезде 10 күнчө чыкпай иштейм. Андан ашык иштебейм. Үйдө акча жок кезде, чыгарма жазуу эч бир ойго да келбейт. Мүмкүн бул жаман адат, бирок үйүңдөгүлөр акчасыз отурса, эң жаманы ошол го. Азыр эми шашпай отуруп иштегенге үйрөнүп атам.

— Жетимишке келгендеби?

— Чал болгон жакшы экен, акылың толуп, мүнөзүң токтолуп. Артты карасам, өмүрдүн далайы сая кетиптир. Жазчу нерсе көп экен. Демек, чал болгонгондо да үйрөнүшүм керек. Жаш кезде болсо, күнү-түнү отурсаң деле күч-кубат жетчү.

— Гамзатов кээ бир талант кеч, кээси эрте ачылат дептир. Сиз кайсынысына киресиз?

— Ачылганыма да, жазуучу болгонума да көзүм жетпейт. Бул деле турмуштун өзүнчө формасы.

— Демек иштейин десеңиз башка жазуучулардыкындай сиздин турмуш деле бардык жагынан шайма шай эмес экен да…

— «Үйбүлө бакпай эле чыгарма жазат элем» деп отуруп алгандан өткөн акмакчылык барбы?! Азыркы заманды көрүп атпайсыңарбы. Дагы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде мугалимдик кесип менен жакшы акча таап атканыма шүгүр. Болбосо, жакшылык-жамандыкка келгенде тууган-жааттан эбак кол жууп калмак экем. Мугалимдик кесиптин жакшы жери — билимиңди системалаштырып аласың, пайдасы студенттерге тийип атат.

— Дегеле жазуучулук озуйпа дегенди сиз кандай түшүнөсүз?

— Жазуучу деле токарь, слесарь, малчы, дыйкан сыяктуу адам. Жазуучу-акын дегенди өзгөчө бир кесиптин ээси деп түшүнбөш керек. Бул түшүнүк менин турмуштук моделим.

— Сиздин ориентир алган жазуучуларыңыз ким?

— Ориентир алган жазуучуларым дебейин, жакшы көргөн жазуучуларым бар. Мисалы: Бунин, Белов, Астафьев, Распутин, Носов сыяктуу орус жазуучуларын өзгөчө жакшы көрөм. Булардын кээсин он сыйра кайталасам да окугандан жадабайм.

— Чыгармаларыңызды кыргызчага котортуп, кыргыз окурмандарына жеткирейин деген оюңуз барбы?

— Ой эмне кылам? Кимге керек болсо которуп алсын, мага эмне кереги бар. Деге башынан эле кайсы бир редакциянын босогосун аттабаган кишимин. Киносценарийлеримди деле «тартасыңбы?» деп эч бир режиссерго көтөрүп барган эмесмин. Андайды сүйбөйм. Тескерисинче, чиренип жүргөндү жакшы көрөм. Андан көрө керекпи, менин аркаман чуркашсын. Мүмкүн учурунда Москвадан «Ибраимовдун чыгармалары кино болуп тартылсын» деген буйруктар келип турбаганда, кыргыздарың Ибраимов дегендин сценарийлерин тартат беле, жокпу — бир кудай өзү билет. Себеби, көбү мени ушуга чейин жек көрөт. Анткени дайыма алагушту атынан атаган кишимин. Келесоону келесоо дейм, анан ошол келесоо тырыңдачу болсо, тумшукка берип калмайым бар. Мени ошонүчүн кинофильмден кууп чыгарышкан. Менсиз эле жашооңор жеңил болуп кетсе макул деп, мен да аларга жолобой койдум.

— Демек, айрым маселени муштум менен чечкен учурларыңыз да болот экен да...

— О-уу, турмушта муштумсуз чечилбей турган маселелер канча. Кээсинин мээсине сөз эмес, муштум жеткенде, тез түшүнөт. Аларың сыйга да, логикага да түшүнбөйт. Анан эмне кыласың? Мынамуну түйөсүң.

— Өзүңүздүн шар жүрүштөрүңүздөн улам бармагыңызды тиштеген учурлар болобу?

— Эмнеге тиштейм? Болгонун болгондой, акты актай, караны карадай айтканымдын эмнеси жаман?

— Жалпы кыргыз адабияты боюнча оюңуз кандай?

— Адабиятчылардан К.Асаналиев, С.Жигитов, К.Даутовдун адабий сындары менен изилдөөлөрүн баалайм, бирок жалпы дүйнө адабиятынын планкасынан алганда алар кыргыз адабиятынын алкагындагы изилдөөлөр менен гана чектелип калгандыктан — тереңдик жок. А жазуучулардан албетте, Айтматов жеткен бийиктикке караандагандары жок, бир эле Т.Касымбековдун «Сынган кылычын» айтпаганда.

Мурза Гапаров, Кубатбек Жусубалиевдин чыгармаларычы?

— Гапаров эми кыргыз адабиятындагы прозанын лириги катары укмуш, Жусубалиев деле оригиналдуу сүрөткер дечи, бирок бул экөөнү дүйнө адабиятынын ченеми менен караганга болбойт да.

— Үчөөңүздөр тең кыргызкино тармагында иштеп келдиңер, жалпы мамилеңиздер кандай эле?

— Сый деңгээлде эле. Кубатбек менен сүйлөшүш кыйын. Себеби ал өзүн-өзү даанышман санайт эмеспи. Тээ илгери генийлердин «позасына» бир кирип алды да, ошондон чыкпаган боюнча калды. Мен муну өзүнүн бетине деле айттым, укпады го. Укпаса өзүнө… Бирок ал кандай болбосун өзгөчөлүгү бар мыкты жазуучу. Чынында кыргыздын элпек тилин өздөштүргөн жазуучуларыбыздын бири ошол болду да. Бир жаман жери — Кубатбектин акылынын бары сырттан келген акыл, сырттан келген билим. 60-жылдан кийинки дүйнө адабиятынын агымын ээрчип, ошолордун таасирине көбүрөк берилип кеткени болбосо, мыкты жазуучу.

— Ойду же сөздү басып жүрүп курчутасызбы же чиймелеп отуруппу?

— Көбүнчөсүн отуруп иштейм. Өзгөчө сөзгө көп маани берем. Сөздү улам-улам жышымайын канааттанбайм. Негизи текстти кагазга чиймелеп отурганда анын жандуулугун жакшы сезесиң. Текст бүткөндөн кийин машинкага басып атып да абыдан катуу редакциядан өткөрөм. Себеби, жазгандарың машинкага көчүрүлө баштаганда сөз дагы бир тепкичке жогорулайт.

— Автор үчүн чыгарма колтамга убагында башка, машинка же компьютерге терилгенде башка кубаныч жаратып, ал эми жарыкка чыккандан кийин андан да башка сезим жаратарын туйдуңуз беле?

— Чыгарма гезит-журналга жарыяланганга чейин көзүмө жакшы көрүнөт да, жарыяланып кеткенден кийин негедир көңүлүмдү чөгөргөн учурлары көп болду. Мисалга, Москвадан чыгып келген чыгармаларым жөнүндө орусиялык басылмалардан менин чыгармаларым жөнүндөгү жакшы пикирлерди окуп деле көңүлүм көтөрүлүп кеткен жок. Тескерисинче, «баландай жерин башкача жазсам болмок экен» деген ойлор көбүрөк жаралып, өзүмдүн жазгандарыма өзүмдүн ичим чыккан учур боло элек.

— Сизге идея, сөз, ой издегендин кайсынысы азап?

— Азапты колума берген эле сөз. Жазуучу үчүн сөз таппай убара болгондон өткөн азап жок болсо керек. Идея менен ой качан болсун келе берет, бирок ошол идеяны же ойду кагазга түшүргөнгө келгенде, сөз табылбайт. Сөз толуп атат, бирок ылайыктуусун кармай албайсың. Сөздү көбөйтпөш үчүн сөз издегенге туура келет. Өзүм көп жыл бою башкалардын чыгармаларын редакциялап жүрүп, өзүмө койгон талап да абыдан жогору болуп калганбы, билбейм… мен үчүн сөз менен иштегенден өткөн балээ жок. Биздин көпчүлүк жазуучунун шору эмнеде? Идея издейт элем деп мээлерин көп оорутканда. А дүйнөдө улуу идеялардын 3-4 эле түркүгү бар. Алар эмне болгон идея? Сүйүү, үйбүлө, эрди-катын мамилеси. Бул үчөө баардык идеянын механизми. Кеп, ушуларга кантип жетиште. Анан эле биздин жазуучунун баары идея ташып жүргөндөр…

Маектешкен Олжобай ШАКИР 

(Өздүк архивден)

0 Replies to “Жазуучу Талип ИБРАИМОВ: Аял менен арак көйгөйүн көп тарттым”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *