Украин жомогу

Бечара бир чал болуптур. Бир курдай ал айыл башкармалыгына баратса, алдынан чычайган чылым тиштеген мугалим жолугат. Чал күңкүлдөйт ага:

– Мурдуңду курт жегир десе!

– Сиз да чегип жүрбөңүз? – деп чалга да чылым берет. Чал минтет:

– Айтчы, баатыр, мугалим эмессиңби… Чылымдын мындай кымбатын кантип сатып аласың? А мен арзанын да сатып алалбайм.

– Себеби мен мектепте окугамын, – дейт мугалим.

Чал өзүнчө баратып ойлонот: «Эртең мен да мектепке барайын». Эртеси мектеп босогосун аттайт.

– Сиз эмнеге келдиңиз эле?

– Окусамбы дедим эле…

– Ой, сиз таптакыр кечикпедиңизби!

– Анда жакшы калгыла…

Чал эртеси таңатпай туруп, мектепке эрте келет.

– Сизге эмне болду?

– Бүгүн эртерек келдим. А кечээ таптакыр кеч келдиң дегениңерден…

Мугалим күлөт:

– Сиз мени туура эмес түшүнүптүрсүз. Сизди окутууга эми таптакыр мүмкүн эмес, картайдыңыз.

– Картайганым чын, – дейт.

Ошентип үйүнө кайтып баратып, жолдон баштык таап алат. Баштыктын ичин караса – акча толо. Чал-кемпирдин ал акчага телегейи тегиз жашап жүрүшүп, экөө бир күнү чатакташа кетет. Чал кемпирин кежигеге бир муштайт. Ызалуу кемпир абышкасы бирөөнүн баштыгын таап алганын элге жайып ийет.

Чалды полицейлер суракка алып кууратат. Жоголгон баштыктын ээси да табылат. Чалды сотко сүйрөп барышат. Сот сурайт андан:

– Эй, чал, акчаны таап алдың беле?

– Таап алгам.

– Качан таап алдың эле?

– Да, мектепке барып жүргөндө.

Сот чалды тиктеп таңгалат. Караса, жашы жетимиштен ашкан, а акчасын жоготкон доочуга караса, ал кечээки эле бала. Сот анан чечим чыгарат. Чечим мындай болуптур: «Жоголгон акча чалдыкы. Себеби ал тээ илгери мектепке барып жүргөндө таап алыптыр».

Ошону менен жоголгон акчанын ээси чал болуп калыптыр.

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *